Добавить статью
10:54, 20 апреля 2011 19293

Жомоктор топтому

БООРУ БИРГЕ ТОЛГОНОТ

Байыркы бир заманда абышка-кемпир жашаптыр. Алардын удаалаш өскөн үч уулу, бир кызы бар экен. Балдары зээндүү, чыйрак. Биринин аты – Турдукул жанталаш, экинчисиники – Осмон мойлоп, үчүнчүсүнүкү– Ташыбек торпок ооз. Кызды – Мөлмөл кара көз дешиптир.

Булардын үйүчоң суунун боюнда болот. Балдар күндө ошол суунун жээгинде бири – кулжа, бири – аркар, бири – кызыл кийик, бири – теке болуп, «кийик» ойнун ойноп жүрүшөт. Чарчаса ыр ырдашат.

Бир күнүМөлмөл кара көз энесин туурап:

Алдей-алдей ак бала,

Ак бешикке жат бала.

Апаң айылдан келгенде,

Эмчек-эмчек сүт келет.

Атаң тойдон келгенде,

Куржун-куржун эт келет! –

деп, куурчагын сооротот. Ошентип жатканда ар жагынан бир аңыр көрүнө калат. Бала эмеспи, ага кызыгып нары басат. Басса, далдаадан бүткөн бою капкара килейген шайтан чыга түшөт. Мөлмөлдүшапа-шупа илип кетет.

Абышка-кемпирдин чый-пыйы чыкты. Чоң сууну жээктеп, өйдө-төмөн чуркашты. Издеп таба албады. өкүрүп-бакырып, ыйлап-сыктап кала беришти.

Арадан кыйла мезгил өтөт. Аңгыча балдардын кабыргасы катты. Омурткасы бекиди. Улан болуп жетилди.

Ошондо бир кыл адамдар: «Бу балдар үйдө эле доошун чыгарып жүрө беришеби? «Аркар баарда төлдөйт. Кызыл гүл баарда гүлдөйт» дегенден башканы билишпейби? Андан көрө Мөлмөл кара көз эжекесин таап алышпайбы?» – деп, сөз чыгарышат. «Оногу Мусабек саргар, Болотбек сардалча жокпу? Алар карындашын тааптыр. Кабыл мерген, Чотой ит жетпес бөлөсүн тааптыр!» деген айың сөздүкошумчалайт.

Бул кеп балдарга да жетет. Ошондо эң улуусу айтат:

– Муногу тоону ашамын. Айык жолукса күрөшөмүн. Мага мине болсо камдагыла. Эртең жүрүп кетем!..

Эртеси көп күндүк азык алып, олчойто чокмор таянып, үкөлөрүменен коштошот да, Турдукул жөнөп калат. Жол жүрө берет, жүрө берет. Ыраң-өңдөн кетип, бозорот.

Бир жерге келсе, көлөч-маасысын ушалап, бир жылкычы отурат. Байкаса ал:

– Бир тешиктен алма чыкты. Бир тешиктен чалма чыкты. Алып урсам, жаны чыкты – деп, чимкиригин ыргытып иет. Анан элейип калат. Аны көрүп, Турдукул үн чыгарат:

– Ассалоом алеким!

– Алеки салам.

– Ии, кайдан?

– Кайдан болсун, үйдөн, Мөлмөл кара көз деген эжемди жоготтум. Ичим күйдү. Алаам болдум. Ошо эжемди издеп жүрөм. Мындака кызды көрбөдүңүзбү?

– Жок. Шундука! Көрбөдүм. Андан көрө, үйгө кир. Конок бол. Козуга соём.

– Жо-ок, даам эле ооз тиейин. Коно албайм.

– Анда өзүң бил!

Турдукул жашталаш даамдан ооз тийди. Кош айтышып, жөнөп калды. Кете берди, кете берди.

Бир жерге келсе, уйчу жолугат.

– Мен жеримде Жээренче чечен бек эдем. Мунда келип байланып, жети бовлув кул болдум, – деп, ал чий кармалап отурган экен.

Саламдашып, эжесин сурайт:

– Адими эжем бар эле. Тасмалына колго алып, аңыр кууйт. Ошо бойдон жок. Сиз быякка өткөнүн көрбөдүңүзбү?

– Жок, көрбөдүм. Кой! Андан көрө үйгө кир. Конок бол. Бодо соём.

– Жок! Даам эле ооз тиейин.

– Анда өзүң бил!

Турдукул даам ооз тиет. Дагы жолго чыгат. «Эжем жер үстүндө болсо, таап келемин» деген неме кете берет, кете берет. Далай убак өтөт. Далай жол басат.

Эми койчуга жолугат.

– Тептим – тешик. Миндим – бешик. Алдым – кыяк. Аркам – шыбак, – деп, койчу аттын үзөңгү-ээрин, жалы менен куйругун кармалап туруптур.

Анда сурайт:

– Ой… ой, аба! Мөлмөл кара көз деген эжем бар эле. Колунда килит (ачкыч) жүрчү. Ошол эжемди жоготтум. Издеп жүрөм. Көрбөдүңүзбү?

– Жо-жок. Мобуякка чапта көтөргөн бирөө өттү. Колтугунда боткогу бар. Ал – бул эле жердин кызы. Биздин үйдөн чөөлүсурап кетти. Башка эч кимди көрбөдүм.

– А… а, анда эмесе кетейин.

– Ай, кой! үйгө кир. Көкмөк соём.

– Жок, кетейин. Жол алыс.

үйгө кирип, даам ооз тиет. Дагы узайт. Кыйла жүрөт.

Келе жатса ээн талаа, эч ким жок. Бир жерге келсе, килейген чоң ак сарай турат. Караса, эшиктери темир. Чокмор менен бир коёт. Заңң… даңң… дей түшөт. Эшик ачылып кетет. Кирип барса, эжеси отурат. Изнелик (төөнөгүч) менен көйнөктүн бир жерин төөнөп жатыптыр, – дейт. Инисин көрүп, чочуган бойдон ыргып турат:

– Ие, кокуй! Сен шайтанга жем болгону келгенсиң го?

– Шайтаныңа оңой менен жем болбойм. Жүрчү, эже, кетели?

– Оо кокуй! Кантип кетебиз? Кетебиз деген менен да ал азыр эле кармайт. Анан экөөбүздүтең гүбөлөдөй ийлейт. Зубаладай жанчат. Байтеше менен сөөгүбүздүсөпөт, устаканыбызды упат кылат. Андан көрө сен жашын.

– Жок, жашынбайм.

Бир оокумда шайтан келет. Турдукулду көрөт. Керкини алат да, тамга жөлөнөт. Бал жечүдөй жылмаңдайт:

– Ай, адам баласы? Бу сен кайдан келаткан немесиң? өзүң кимсиң? Мында эмне кылып жүрөсүң? Же теше менен бирди жеп, сар дубалдай саргарайын деп келдиңби?

– Мен эжемди издеп келгемин.

Аңгыча Мөлмөл кара көз да кепке аралашат:

– Ооба, ооба. Бул Турдукул жанталаш деген кайниң.

– Ушубу? Ха...а! Ой, аты… кызык экен. Жанталаш деп да ат коёбу? Ха! Ха.. а! Бул баягы өтүгүнөн суу өтүп, байтама-чулгоосу чубалып жүрчүТурдукул тура? Ха!.. Ха.. а!..

Шайтан күлкүсүн токтотуп, эми дейт:

– Болуптур, үч күнүконок кылам. үч күнүтең сойгон малдын этин бүт жейсиң. Бүт жесең бошойсуң. Бүт жебесең, жок болосуң.

Биринчи күнүөгүз сойду. Этти бүт салды. Бышкан кезде:

– Түгөт! – деди.

Түгөтмөк кайда? Турдукул түгөтө албай койду.

Эртеси уй сойду. Дагы баягы башталды. үчүнчүкүнүкой сойду. Мында да мурункудай болду.

Шайтан ачууланып кирди:

– Эмне? Менин тамагым сага жакпайбы?

Кол кашык менен Турдукулду көмөлөтө койду. Кулак сөйкө менен сайып алды. Мүшөккө солоду. Төбөдөн ары бир какты. Дымын чыгарбай таштады.

Эртеси суунун боюна көтөрүп барды. Барды да, Мөлмөл кара көзгө айтты:

– Мунуңду сууга ыргыт. Мен кеттим.

Кеттим деди да, ала баканды сүйрөп жөнөп калды.

Мөлмөл электен өткөн ундай үлбүрөп ыйлады. Ыйлап-ыйлап көр казды. Инисинин кийимин чечип алып, сөөгүн жашырды. Антпеске айласы жок. Айласыздан ушул ишти кылды.

үйдөгүлөр Турдукулду күтө берди, күтө берди. Жок да, жок. Ошондо Осмон мойлоп издеп чыкты. Бул да көп күндүк азык алды. Не бир шакапты аттап, аңгел-аңгектен өттү. Тоо-түздүаралады.

– Чык этти, чыгара албай эсим кетти, – деп, бир жерден кулпу чукулап отурган койчуну көрөт.

Саламдашты. Сурап калды:

– Оо, аке, шалбар кийген эжем бар эле, ошону жоготтум, издеп жүрөм. Көрдүңүзбү?

– Жерге салар ойгон кыз көрдүм. Бирок шалбар кийген кыз көрбөдүм.

– Кой, эмесе кетейин!

– Жо, конок бол. Аркарчак соём. Эт же.

– Жок, коно албайм. Суусун болсо ичейин.

Ага гүлдүүкерденге айран алып келип беришти. Кичине ооз тийди да, кете берди.

Кете берип, бир уйчуга жолугуп калды.

– Керегеде кесик гөш, кесим жесем түгөнбөйт, – деп, уйчу бүлбө менен челекти кармалап отуруптур, – дейт.

Аны менен саламдашат. Эжесин сурайт:

– Сүйлөсө майрек болсун, – деп сүйлөгөн эжем бар эле. Ошону жоготтум. Издеп жүрөм. Көрдүңүзбү?

– Ыскыт апараткан кыз көрдүм. Бирок ал сен айткандай кыз эмес.

– Кой, эмесе кетейин.

– Жок, кетпе. Конок бол. Кызыл кийик соём. Этине тоёсуң.

– Жо, кетем.

– Анда өзүң бил.

Осмон мойлоп жөнөй берди.

Бир жерге келип, жылкычыга жолукту.

– Тал-талдын башы тапкыдай жумгак. Акылдуу киши айткандай жумгак. Чечен киши чечкидей жумгак, – деп, жылкычы чачын сылап отуруптур.

Аны менен саламдашат. Эжесин сурап калат:

– Кыйыктан куурчак жасап ойногон эжем бар эле. Ошону жоготтум. Издеп жүрөм. Көрдүңүзбү?

– Жыртыш алган аялдар менен чогуу бараткан кыздарды көрдүм. Алардын арасында куурчак көтөргөнүжок болчу.

Депкир менен башка бирди жегендей болуп, Осмон узамак болду.

Жылкычы айтат:

– Конуп кет. Кызыл кийиктин улагын союп берем.

Осмон мойлоп болбоду. Кете берди. Жүрүп-жүрүп отуруп, бу да баягы ак сарайга туш келет. Чокмору менен эшикти бир коюп кирип барат. Сарайды кыдырып жүрсө, эжеси:

Эмилдин башын жайлабай,

Экиден бие байлабай.

Жардын боюн жайлабай,

Жалгыздап бие байлабай.

Эсенкул бала эсилбей,

Эки боврум жесемби ай? –

деп чагек менен башын сайгылап отуруптур, – дейт.

Экөө учураша кетет.

– Жүр, эже кетели.

– Кеткенди коё тур. Азыр шайтан келет. Ал ажынасы кармап булкунган неме. Сен андан көрө жашын.

– Жок, жашынбайм.

Аңгыча бир оокум болот. Шайтан келет. Келип эле дейт:

– Ой, адамдын жыты жыттанат да? Бир жактан киши келдиби?

Шайтан Мөлмөлдүкарайт.

Мөлмөл кара көз токтоо гана жооп берет:

– Көп жашаган не билет? Көптүкөргөн шо билет, – дейт тура. Сен көптүда көргөн, көп да жашаган шайтансың. Эки тоонун ортосунда эбей-себей күн жаабай туруп, бул эмне дегениң? Мен киши эмесминби? Менде эмне, кишинин жыты жокпу? А кокус, менин бир тууганым келсе, кантесиң?

– Болуптур… Болуптур. Айтканың эп. Бир тууганың келсе, өгүнкүдөй меймандайбыз.

Биринчи күнүөгүз соёт. Осмон жей албайт. Экинчи күнүуй соёт. Жей албайт. үчүнчүкүнүкой соёт. Жей албайт.

Шайтандын жаралганда жармашкан шайтандыгы кармайт:

– Эмине, менин тамагым сага жакпай турабы?

Аңкоонун алды каткан, күжүрмөндүн күнүтууган дегендей болуп, шайтан тигини мүшөккө салат. Төбөдөн ары бир коёт.

– Эрге ишенгиче, эки босогого ишенген оң турбайбы? – деп, эжеси ыйлап кала берет.

Эртеси да сөөктүсуунун жээгине көтөрүп барат:

– Көргөн күнүң унутпа. Көң чарыгың курутпа. Ме, мобу сөөктүсууга ыргыт!

Ошентет да, өзүжөнөп кетет.

– Ооз деген дарбаза. Көңүл деген андаза. Бул шайтан көңүлдүкайдан билсин? Оозуна келгенди оттойт… Ой, Теңир ай… Бир боорго киши толгонот экен. Бир боор деп толгонуп келип, Турдукул өлдү. Эми Осмон өлдү. Мен деле бир боор деп толгонуп отурам. Бирок колумдан эчтеке келбей жатат, – деп, Мөлмөл өксүп-өксүп ыйлайт. өксүп ыйласа, көмөч казанга түшкөн балыктай чызылдайт. Айласы кетет. Айласы кетип, сөөлжандай чоюлат. Көр казат. Осмондун өлүгүн жашырат. Кийимин алып калат.

Дагы көп күн өтөт. Эми кенже иниси – Ташыбек торпок ооз издеп чыгат.

Ал издеп келатып:

– Карабай аттан жыгылды, калкы-журту жыйылды – деп, казан кармалап турган уйчуга жолугат.

Саламдашат, сурап калат:

– Күлмүк көтөрүп, ат аркандачу эжем бар эле. Ошол эжем жок. Издеп жүрөм. Көрүп калып жүрбөгүлө?

– Азыр эле жозунан жоолук салынган, таза маза кылган биздин айылдык кыз-келиндер өттү. Алардын арасында чоочун адам жок болчу.

– Кой, кетейин анда.

– Жок, конуп кет. Кулжа соём, этке той. Эртең кел-кел, кел келиш – деп, чүкө ойнойбуз, ордо атабыз.

– Жок, жөнөйүн.

Ташыбек торпок ооз да жөнөп калды. Жүрүп отуруп, баягы ак сарайга тушукту. Дарбазанын оозун каңң… эткизе бир койду. Шарт этип ачылып кетти.

Ак сарайды кыдырып жүрүп Мөлмөл кара көз эжесин таап алды. Бу сапар ал жыртыштан алган кыжымды кармалап:

– Атакем иргелтип ирик айдаткан, ириктин майын чайнаткан. Саналтып жылкы айдаткан, жылкынын майын чайнаткан деп, атасын кошуп отуруптур, – дейт.

Экөө көрүшө кетет.

– Эже, жүрүкетели.

– Оо, кокуй! Шайтан бизди кутултабы? Анын ажына жиндилиги бар. Андан көрө жашын.

– Жок, жашынбайм. Аш кескичең таш кес, – дейт. Мен аны менен көрүшө жатайын!

Бир боорлор эмне кылардын айласын таппай турганда, шайтан келип калат:

– Аа, бу сапар Ташыбек торпок ооз кайним келген тура! – деп өгүз соёт.

Анын этин жемек кайда! Түгөтө албайт. Эртеси уй союлат. Мында да жей албайт. үчүнчүкүнүкой союлат. Анын эти да желбейт.

Ошондо шайтандын ачуусу келет:

– Жамандан – жарты кашык. Соргоктон – сокур кашык. Менин тамагым эмне…е, саа жакпайбы?

Ташыбекти мүшөккө салат. Төбөдөн ары бир коёт.

Эртеси дагы баякыдай суунун жээгине көтөрүп барат да:

– Сууга салып жибер! – деп, өзүбасып кетет.

Эжесинин айласы кетет. Баягыдай кийимди чечет. Денесин жерге жашырат.

Арадан бир топ күн өтөт. Шайтан шайтандыгын кылат. Күндө эттин иткелине талкан көөлөп жеп, ойноп жүрө берет.

Мөлмөл кара көз күндөн күнгө кайгыга батат. Ата-энесин, бир туугандарын арманга кошуп чүнчүйт:

Кара кер минсе – жол жүргөн,

Атакем, балдары менен бир күлгөн.

Кер жорго минсе – жол жүргөн,

Атакем, кыздары менен бир күлгөн…

Бир күнүушинтип ыйлап отуруп, суунун жээгине келет. Бир боор, бир туугандарын сагынып, алардын көйнөктөрүн жыттап-жыттап, ого бетер куса болот. Көйнөктөгүжыт кара көздүн көкөрүгүн тээп балалык күндөрүн эске салат.

«Ишенген төөм сен болсоң, чебеленгениң курусун», – деп, атасынын карс-карс күлгөнү, тамашалаганы ойго келет. «Ишенгенибиз – турмуш, турмушту кудай урмуш!» – деп, энесинин безеленгени кыялга түшөт.

Ана… ана көйнөктөрдүагын сууга жууп кирет. Ошондо күйүткө чыдабаган Мөлмөлдүн көзүнөн бир тамчы кан тыпп… этип дайрага таамп кетет.

Ой тобо!.. Ошол тамган кан сууга жайылбай туруп, төмөн карай кылт-кылт… агып жөнөйт.

Бул учурда балдардын энеси ылдый жактан чакага суу алып жаткан экен. Баягы кан түз эле чакага келип сузулат.

Балдардын энеси: «Бул эмне болду экен?» – деп, чөмүч менен алиги канды жутуп коёт. Кийин эне эркек бала төрөйт. Ага Калыбек деген ат коюлат. Калыбекте баягы үч агасынын акылы, күчү, мүнөзү, кыялы болот экен. өзүаябай курч өсүптүр. Ошон үчүн аны Калыбек устара деп калышыптыр.

Калыбек устара күндөн күнгө күчкө тез кирет. Күчүн эмне кыларын билбейт: Айылдагы Турсун бөөрү, Мамасейит аңырай, Турсун сээр, Эргешбай туура мас деген балдарды уруп коёт.

Балдардын ата-энелери чуулдайт:

– Калыбек! Сен андай кыйын болсоң, эжең менен агаларыңды таап албайсыңбы? Бокчо көчүксүң. Көчтүмсүң, болбосо бир боорлоруңду таап ал…

Баланын шагы сынат. Такыр ыйлап көрбөгөн Калыбек ошол күнүбуркан-шаркан түшүп ыйлайт: И…и…и…и.

– Ой эмне болду?

– Эжем кайда! И…и…и…и. Агаларым кайда? И…и…и…и.

– Кой, ыйлаба! Ыйлаба, айланайын, эже-агаларыңдын жөнүн айталы.

Абышка-кемпир Калыбекке болгон иштин жайын түшүндүрүшөт.

– Мен аларды издеп табам!

– Каршылыгыбыз жок…

Калыбек жолго чыгат. Издеп жөнөйт. Келе жатып бир уйчуга жолугат.

– Алты кежим абайы. Жебилгеси жер чиет. Жекесаны баш жарат. Айтпай алач дүңгүрөп, аңды-дөңдүташ жарат, – деп, уйчу отурган экен. Андан эжесин сурайт. Билбедим дейт. Конок болуп кет, – дейт. Макул болот.

Уйчу уй соёт. Этин бүт салат.

Экөө табышмак айтышат:

– Киш эжем туруп кетти. Киш мончогу чачылып кетти. Бул эмне?

– Койдун корголу.

– Ал үйдө да шоро кал. Бул үйдө да шоро кал. Бул эмне?

– Бул – туз, туздук.

– Касса калак учунда – зар түйүнчөк. Бул эмне?

Адамдын жаны.

Аңгыча эт бышат. Калыбек бир уйдун этин бүт жеп коёт.

– Ии, эми жолуң болот! – деп, эртеси уйчу Калыбекти жолго салат.

Баратып-баратып койчуга жолугат. Койчу: Алда бай ай! Кудай бар ай! Азууң бычак, курсагың кучак, беш теңгең болсо, бер деп кычап. Бай-манап, малын санап… Бай, баарың малыңды ортого сал, малыңды ортого салууга акыбыз бар. Жетим-жесир баланы, жеткире көр санаага. Каалаганым Кызылсуу, сайга салып изин куу. Көбөйүшүп көрүшсөк, көпкөн байлардын көзүн чукусак деп жатыптыр, – дейт.

Калыбек салам берет. Эжесин сурайт. Көрбөдүм деген жооп алат.

– Конок бол, кой соём деген сөз угат. Макул болот. Конок болуп отуруп, дагы табышмак айтышат:

– Тийип койсо чочуган баатыр, жамынчысы тозуган баатыр. Бул эмне?

– Бул – капкан.

– өзүток, көлөкөсүжок. Бул эмне?

– От.

– үрпок-сүрпөк үч торпок. Баштан чыккан көк торпок. Бул эмне?

– Түтүн.

– Ай-талаага таруу чачтым. Бул эмне?

– Жылдыз.

Аңгыча койдун эти бышат. Калыбек бүт жеп алат.

– Ии, эми жолуң болот экен! – деп, эртеси узатып коёт. Дагы көп жол жүрөт. Жылкычыга кезигет. Жылкычы:

Мөвөсүбышса дарактын,

Шагы ийилип пас болот.

Дөөлөт келсе жаманга

Көтөрө албай мас болот.

Жамандарды жакшы деп,

Жакшылар менен кас болот.

Кар эрисе, сув болот.

Катын эрден айрылса,

Каровлонуп тул болот.

Атасын тилин албаган

Бейакыл бала шум болот.

Муз эрисе, суб болот,

Муңайса, сакал кув болот.

Энесин тилин албаган

Байакыл кыздар шум болот! –

деп, чыгарып отуруптур дейт. Мындан да баягындай суроо-жооп болот. Жылкычы Калыбекти кондурат. Жылкы соёт. Дагы табышмак айтышат.

– Ары шалп, бери шалп, кунан койдун куйругу шалп, бул эмне?

– Боз үйдүн эшиги.

– Каалгага камчы илдим. Бул эмне?

– Сөйкө.

– Кытыр… кытыр… кытырчак, ортосунда бакырчаак. Бул эмне?

– Бешик, бала.

– Он алты, отузга берди. Отуз жолборско берди. Жолборс жардан ары кулатты. Бул эмне?

– Бул он манча, ооздогу тиш, тил, кекиртек.

Аңгыча эт бышты. Бул жылкынын этин бүт жеп алды.

– Ии, эми жолуң болот экен! – деп, жылкычы Калыбекти узатып койду.

Калыбек жүрүп отуруп, ак сарайга келди. Дарбазаны чокмор менен бир коюп, сарайга кирди. Кыдырып-кыдырып жүрүп, бир жерге келсе орто жаштан өткөн аял отурат.

Босогодо тарамыш!

Болдум жаман кара кыз!

Керегеде тарамыш,

Кейидим жаман кара кыз!

үйдүн арты үйдөй таш,

Болдум жаман түйдөк чач! – деп, ыйлап отурган экен.

– Апа! Апа! Сизге кайрылсам болобу?

– Ии, эмне дейсиң?

– Эжем бар эле, билбейсизби?

– Ие, кокуй! Кайсы эжеңди?

– Эжем бар экен. Жоголуптур. Ошол эжемди бир боор деп, боору бирге толгонот деп, үч агам издеп кетиптир. Алар да жок. Ошолорду издем жүрөм.

– Агаларыңдын аты ким эле?

– Турдукул, Осмон, Ташыбек.

– Эжеңдикичи?

– Мөлмөл кара көз.

– Ие, кокуй! Эмне дейт? Ал мен эмесминби!

Аа…аал, ошол жерден экөө аябай көрүшөт. Мөлмөл кара көздүн өңүөрүк гүлдөй жайнап, чачтары түр гүлдөй кулпунуп чыгат. Жаз күнүндөй тазарып, үнүкудум булак үнүндөй ачылат.

– Азыр шайтан келет. Эми кантебиз? Жашын! – дейт Мөлмөл.

– Жашынбайм. Ошо шайтандан келгенди көрдүм! – дейт Калыбек.

Аңгыча шайтан келет. Биринчи күнүөгүз соёт. Анын этин Калыбек бүт жеп коёт. Экинчи күнүуй соёт. Аны да толук жеп коёт. үчүнчүкүнүкой соёт. Аны, койчу, буйдамга келтирбей түгөтөт.

Экөө кармаша кетет.

– Ит жүгүрүгүн түлкүсүйбөйт. Ич ооруган кулку сүйбөйт – деп, Калыбек шайтанды төбөгө бир коёт. Шайтан ошондо:

– Бөрүнүн баласы ит болбойт, бөдөнө сүт болбойт деген чын экен! – деп, шалк этип жыгылат. Ошол бойдон турбай өлөт.

Калыбек:

– Жүрү, эжеке, кеттик! – дейт.

Экөө эшикке чыкса, күн узатып, күн тоскон аппак сакал карыя пайда болот. Пайда болот да дейт:

– Ким өлдү? Кантип өлдү? Ким кимдерге кастык кылды? Анын баарын билем. Сен экөөң тең, тиги үч агаңар тең, бир боор деп, боору бирге толгонот деп, ушунча азапты көрдүңөр. Аны табият да сезет. Ме, мобу дарыны алгыла. Агаңардын сөөгүн ачып, аларга жыттаткыла. Тирилет. Анан аганы көрүп – ини, эжени көрүп – сиңди өсөөрүн унутпагыла. үйгө барганда, жанагы дарыдан ата-энеңерге жыттаткыла. Алар да кайра жашарат. Ошондон кийин эгин айдап, мал багып, узчулук менен күн көргүлө! – дейт да, өзүкөздөн кайым болот.

Дарынын күчүменен агалары тирилет. Ата-энелери жашарат. Анан: «Биринчи көч кайда барса, калган көч ошо жакка барат», – деп, эгин айдашат. Мал багышат. Килем токушат. Боору бирге толгонот деп, жыргап-куунап жашап калышат.


ЖИК-ЖИК

Илгери-илгери «уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген көзүсокур, кыялы чукул бир бай болуптур.

Ал: «Иштегениң мен үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн», – деп, көрүнгөндүкөп жумшайт экен. Эзет экен. Эзгенде да жөн эзбей, бороон-чапкындай тийип, катыра эзиптир. Ошого жараша жалгыз уулу дөдөй болуп калыптыр.

Дөдөйлүгүошо, оорулууга жылуу сөз айт десе: «Жо…жок, оорулууга жылуу сөз айтсаң – айыкканга тете болот, андай сөз айтпайм», – дейт экен. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт десе: «Жо…жок, кайра так ошо чайнап берген аш болот», – деп, дөөдүрөйт экен. Азаматтын жакшысы – азыраак сүйлөп, көп тыңшайт десе: «О…кокуй, силер билбейт турбайсыңарбы, жакшы азамат көп сүйлөйт, аз угат», – деп айтат имиш. Айтор, дөөдүрөйт экен да, тантыйт экен.

Ошентип жүргөн кезде, атасы менен энеси каза болот. «Уялбагандан өзүң уял. Ушулардын өлгөнүжакшы болду», – деп, аларды ээсине узатат. Ата-энесинин жыйган байлыгы тантыкка калат.

Дөдөйдүн мөлтүрөгөн айдай келинчеги болуптур. Келинчеги ай десе ай эмес, күн десе күн эмес, бир өзгөчө сулуу экен. Миң эсе акыл-эстүүэкен.

Ал: «Кыз жаманы – кыроо, уул жаманы – тумоо. Аганы көрүп – ини өсөт, эжени көрүп – сиңди өсөт. Энени көргөн – тон бычат, атаны көргөн – эшик ачат…» – деп, не бир акылдуу сөздөрдүайтат экен. Акылдуу иштерди иштейт экен.

Кудай аткан дөдөй дөдөйлүк кылат. Аялын кемсинтет, бирок өзүнүн колунан иш келбейт. Же оозунан акылдуу сөз чыкпайт. Бекер жатат. Бекер тамак ичет. Оокат кылуу оюна да келбейт. Оокат кылмак турсун, эшикке чыккандан эринет. Элге аралашканды билбейт. Жада калса, отун жарбайт. От үйлөгөнгө мойну жар бербейт. Эринчээктиги ушунча экен, курун да курчанбай жүрөт экен. Далдырайт эле далдырайт. Бар билгени даяр тамакты ичиш. Анан күшш… күшш… бышш… этип уктайт. Бир уктаса жоо чаап кетсе да турбайт имиш.

Аялы дөдөйдүн кылыгына эптеп чыдайт, жүрө берет.

Бир жолу айылга соодагер келет. Алар айылдын четине токтойт. «Жакшы башталган иш – жарым бүткөн иш» – деп, сооданы кызуу жүргүзүшөт. Ар ким – ар ким керектүүсүн алат. Керектүүсүн сатат. Бири: «Миң кеңештен бир тажрыйба өйдө» – деп, соодасын дүң кылса, бири: «Байлык мурат эмес, кедейлик уят эмес» – деп, чекене соода кылат. «Саргара жортуп – кызара бөртөйүн» дегендер да чыгат. «Жүрөктөн чыккан сөз – жүрөккө жетет» дегендер да болот.

Жаштагы жашыл бактын арасына жашынган дөдөй бул жерге да келбейт.

Ошондо түбөлүктүүнүэске алып, убактылууну унуткарган келинчек соодага өзүкетет. Элеп-желеп жүрөгүн чаап, өлүп-талып өпкөсүн чаап, өзүнө керектүүнүалат. үйгө жакындап калганда бир үлүктү(анысы каркыранын аппак үлүгүэкен) атайын унуткарып жерге таштап коёт.

үйгө келет. Келет да дейт.

– Отуз ай ойлонуп, тогуз толгоо толгонуп отурасыңбы? Сен да бир эшикке чыгып, оокаттын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп көрсөңчү?! Ошондо оорду колдон, жеңилди жерден алат элең. Ой, деги бир эшикке, талаага чыкчы. Кичине-кичине эмгек кылчы. Эмгек бар жерде оору жок го? Аз-аз эмгек кылсаң, балким, сен да бирдеме табаарсың. Күйөөнүн тапкан буюму, үй үчүн кут эмеспи. Минтип үйдөн чыкпай отурсаң – ата-эненин жыйганы түгөнгөндө, эмне кылабыз? Жел оойбузбу? Же чамынып бороон ышкырат, бороон боздоп бетке урат деп, тим олтура беребизби?

Кой! Мунуң болбойт. Эгизден төл өсөт. Эгизден эр өсөт. Андан көрө тышка чык. Тээтиги жолго түшүп: «Эмгегиме жараша – үзүр, үзүрүмө жараша – «үзүк» – деп, нары-бери басып кел.

Дөдөй уялдыбы, же тажадыбы, же үйдүн тиреги – эмгекчил кол деп туйдубу? Аны ким билсин, эшикке чыгат. Айткан жакка басат. «Эл үчүн эмгек эткен – эч качан чыкпайт эстен» – деп, аялы босогодо туруп калат.

Дөдөй басып баратып айкырып иет:

– О…ой, катын! О…ой, катын! Каркыранын канатын таптым. үлүк экен. Сонун экен… үүхх!.. үүхх!.. Бышш!.. Бышш!.. Энтигип үйгө жүгүрүп келет.

– Бол, катын! Эртең соода кылам. Унаа камда. Жүн даярда. Тери чогулт… Оо, укмуш бир соода кылайын, ээ? Оо, ошондо сени бир жыргатайын, ээ? Же азыр эле соодага жөнөп кетсемби?

Аялы дөдөйдүн дөдөйлүгүнө ичинен күлөт. Бирок минтип намыз козгогонго көңүлүа…аз а…аз да болсо жибий түшөт.

Эртеси дөдөй соодага аттанат. Келе берет, келе берет. Анда-санда кыңылдайт. Бирде:

…Оо, балаң болсо – баатыр

Ойноок кызды олжолоп,

Алып келе жатыр.

Жакшы көрүп бетиден,

Сүйүп келе жатыр.

Жан-жаныга жолотпой,

Кувуп келе жатыр.

Олжосуга халвадан,

Берип-берип жатыр!.. –

дейт. Бирде:

Ээй, айдаса – алыс ат кетет,

өтө кызыл бат кетет.

Токсону кирсе – тоң кетет,

Тоңуп жаткан муз кетет…

Ошентип жүрүп арсак-арсак тоонун арасына келет. Ал жер укмуш сүрдүүэкен. Аскасына булут, булагына ай түнөйт имиш. Учу-кыйырсыз сыры терең жер имиш. Каракчылар көп болот имиш. Ошо каракчылардан коркуп, жанагы дөдөй бир үңкүргө келет. үңкүрдүн өзүнө жатпай, анын жарака кеткен оюгу бар экен, ошо жерге жашынат. Жашынганда да жөн жатпай, оозу ооруганча азыгын жеп жатат. Көрүнгөндүжей берген неменин бир маалда ичи көөп тарсайып чыгат…

Аңгыча… Аңгыча, бул жерге топ кербенчилер келип калат. Алар эчтекени билбейт. Жүктөрүн түшүрөт, шашып-бүшүп каршы-терши, аяк-башы болуп жата кетишет.

Булардын бир добулбасы бар экен. Аны тигилер баягы жаракага коёт. Муну дөдөй байкабайт. Дөдөйдүтигилер байкабайт. Кербенчилер тез эле уйкуга кетет. Ар кай жерде эле коңурук, бышылдаган үн…

Аңгыча… Аңгыча, дөбөйдүн ичи тарсайып көбөт. Чыдабайт Чыдабаган неме бир маалда ба… аңң дедирте бир коё берет. Кудай атты… Катуу чыккан үн добулбаска тиет. Добулбас даң… даңң… этсе, өйдөдөн таштар кулайт. үңкүрдүн ичи калдыр-кулдур этет. Чаң эле чыгып калат.

Кербенчилер караңгыда:

– Каракчылар эле, каракчылар! – деп, баш-аяктарына карабай, ала-дүлөй түшүп качышат. Буюм-жүктөрүкалып калат.

Ошондо эртеси таң атат. Дөдөй эки жагын караса, жанында добулбас, үңкүрдүн оозунда жыйылган буюм, жүк. Бирок эч ким көрүнбөйт. Эч ким көрүнбөгөн соң, ал буюм-жүктөрдүартынат. Добулбасты колуна алып, үйүнө кайтат.

үйүнө жетип-жетпей, тыштан кыйкырат:

– Ой, катын! Тур! Бол! Жүктүал! Жарыкка жаралып келиш – бир бакыт тура. Андан да жаралганыңдан кийин сен өңдөнгөн колуктулардын көңүлүнө жакшы из калтырыш мындан да чоң бакыт тура! – деп, күрсө… күрсө жөтөлүп, карс-карс… каткырат.

Аны көргөндөр:

– Астаапырылда, бул ата болооруна сүйүнбөй, атак калаарына сүйүнгөн эр болуп чыкты белем? Ботом, мунуңар дөдөй өңдөнүп жүргөнүменен топу ал десе – келде алган эр неме тура. Жалгыз өзү: «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт» – деп, көп каракчыларды качырыптыр да! – дешип дуу-дуу түшөт.

Дөдөй ансайын:

– Зоону жеңүүгө билек керек, жоону жеңүүгө жүрөк керек! – деп, көтөрүлөт. Дердеет.

Келинчеги сыр сурайт:

– Ай! Мынча деле күчүң жок эле. Буларды кантип таптың?

Дөдөй күрс этет:

– Оо, атаңдын… Катындын тышкы оокат менен эмне жумушу бар? Оозуңду жап да, колуңдан келгенди иште. Жаман катындын жакшы эркекте иши болбойт…

Аял: Дөдөйгө теңелбейинчи, – деп, унчукпай калат. Бирок ушул сырды бир билсем экен деген ойго кетет.

Дөдөй эми желпине баштайт:

– Ой катын! Мен ууга аттанам. Керектүүнерселерди камда!

– Ай, бай болгур! Тим эле койсоңчу? Ээликпесеңчи? Бир балээге калып жүрбө?!

– Ай, катын! Көп былжырабай, камда дегенди камда! Ойлоп көрчү, мен деген ким? Мен деген – мен. Маа ким тең келет?.. Иии…ий, ушу сенин башың баш эмес эле, көңдөй кабыкпы дейм? Болбосо күйөөңдүн кандай экенин, ким экенин айттырбай билбейсиңби? Ай… атаңдын көрүай!..

– Болуптур. Камдайын. Качан жөнөйсүң?

– Эртең.

– Сак бол. Ай-талаада албын болот, – дейт. Желмогуз болот, – дейт. Дөө болот, – дейт. Кокус, ошолордун бирөө жолугуп, күзгүжалбырактай өңүңдүсаруулатпасын? Кайгыга чумутпасын? Шамалга кайыгып дилдирек чүпүрөктөй калтырап жүрбө?

– Ай, тантыбачы! Ушу баатырдыгым турганда, аларды чыпалагыма теңейминби?! Кайра алардын өзүн кийиз сымал эзем. Кумга чабалактаган балыктай кылам. Ээ… катын! Мени оңой ойлобо… оо!

Эртеси дөдөй эрте аттанат. Жөнөп кетет. Аялы анын баатырдыгын сынамак болот. Кордоп, ызалап, күн көрсөтпөгөн азаптын өчүн алгысы келет.

Алгысы келет да, анан…

Анан эркекче кийинет. Мыкты атка минет. Жарак-жабдыкты шайлайт. Чү… коёт да, тоонун башка жагынан айланып, эринин алдынан тосуп чыгат.

Күйөөсүн караса, шөлп-шөлп этип, араң бастырып келатат дейт. Беркинин аты болсо – туягы менен жер чапчып, аркы-берки силкинет дейт. Ооздугун чытырата чайнап элирет дейт. Аны көргөндө, каран күн аа…

Баягы дөдөй, эрдик кылса кана? Аны сезсе кана? Балээнин эрдиги болобу?

Алды-артын карабай селт эткен бойдон качып жөнөйт.

Берки үн катпай кууп алат. Жете берет да оодара тартат. Чалкадан түшүрүп көкүрөгүнө минет. Улам-улам желип коёт. Теминип коёт. Оозунан өбөк-өбөк кан кетет. Көчүгүнөн өтөт-өтөт жел атат. Анда ансайын желет.

Дөдөй жалынып кирет:

– Айланайын секет кетейин, баатыр! өлтүрө көрбө. Кыл дегениңди кылайын. Иште дегениңди иштейин. Атымды ал, куралымды ал. Керек десең…

Аял үнүн өзгөртүп:

– Ии, керек десем эмне кыласың?

– Атыңдын куйругун көтөрүп, көчүгүн өбөйүн.

Аңгыча ошол жерге бир байтал келип калат.

Анда тиги желип-желип коюп:

– Тээтиги байталдын көчүгүн өп! – дейт.

Келесоо дөдөй байталды кармап, көчүгүнөн өбөм, – дейт.

– А кокус, аялың ушул кылыгыңды билсе эмне болот?

– Ой! Ошо жаман эмнени билмек эле? Билген күндө да оозундагы отуз эки тишин бирден күбүбөймүнбү?

Аял атка минет. Тигинин саадагын алат. Атын жетелейт. Чүкоёт. үйгө келет. Мурунку кейпине түшөт. Эчтекени билмексен болуп оокатын жасай берет.

Эртеси албырап-салбырап, чекеден терин агызып, эптеп-септеп эри келип калат.

– Ой, катын тамак барбы?

– Бар.

– Алып кел.

Тамак ичип жатып:

– Ох!.. ох! – эле дей берет.

Анда аялы сурайт:

– Ии, бай болгур, эмне болу? Мынча охулап, атың кана?

– Ой, ата…а! Эмнени айтасың? Бүгүн бир дөө жолугуп, керээли кечке кармаштым. Тозоктун отун көргөзүп, сазайын бердим. Андан эптеп кутулсам, дагы бир албын жолукту. Анын да шоорун кайнатып, азиз жанын кор кылдым. Андан кутулсам, дагы бир баатыр жигит кезикти. Каза жеткенби, аны да жайладым. Бир сурданып кармашып кирдим эле дейсиң – атым көтөрө албай бели үзүлдү. Саадагым сынды. үңкүр-маңкирди көргөздүм да… Анан минтип жөө келдим. Ушу кудай аткан саа окшош экен. Бирок муруту калдайып чоң болчу.

– Ии… ошондо байталдын көчүгүн өөп, жик-жик экен дедиңби?

Аялы ошентип, бору эзилгенче каткырып күлөт.

Дөдөй күйөө ооз ача албай, кыпкызыл болуп отуруп калат.

Ошондон кийин «акылдуу аял акмак эрден атан төөдөй артык» деген сөз калыптыр дейт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-04-2011
Жомокчу
10396

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×