Добавить статью
11:26, 22 июня 2011 33301

Кыргыз санжырасы: Адам ата жана Обо эне, жети уламыш, Түрктүн балдары

Даярдаган: Марат Чамашев

Мен санжырага кайрылып калуума Сапарбай аванын 1993-жылкы жарыкка чыккан чакан санжыра китепчеси түрткү болду. Бул санжыранын негизги өзөгүн Сапарбай Жаңыбай уулунун санжыра китеби түзөт. Менин негизги максатым кээ бир мен билген катачылыктарды оңдоо, толуктоо жана Сапарбай авабыздын санжырасынын электрондук вариантын элге жарыялоо эле. Кудай кааласа мен бул санжыранын компьютердик версиясын жарыя кылам. Ошону менен бирге атайын сайт түзүп, интернетке илип коюп, санжыраны билген ар бир кыргыз өзүнүн тегин тактап, толуктап, биз бүтүн экенибизди дайым жадыбызда сактап, муундан-муунга калтыруу. Бул санжырада көптөгөн мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Ал катачылыктарды ар ким окуп, пикирлерин калтырып, оңдоп- түзөөлөр али көп болот. Талаш- тартыштардын, толуктоолордун негизинде атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп, эң бир оптималдуу вариантын тандап алабыз деген ойдомун.

Бул санжыраны жазууда Сапарбай авага үлкөн жардам көрсөткөндүктөрү үчүн Алай районундагы Кызыл-Алай айылындагы Атыр, Куш-Кодон Зулпу, Күңэлектенден Жаркынбай, Кызыл-Суудан Шайлообек, Корулдан: Тайчабар, Бапы, Таабалды, Чакмактан Сасыбай, Жошолудан Капар, Жээнбек, Боз- Карагандан Абдымамат, Амат, Кабылан-Көлдөн Кожобек, Капар, Арпа-Тектирден маркум Салайдин, Мидин карыяларга чоң-чоң алкыш айтылган!

КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫ

Ассолому алейкум, азиз инсандар!

Аузу биллахи минаш-шайтанир ражийм.

Бисмиллахир-рахманир – рахим!

Санжыра- араб тилинде «шежере» деген соз. «Бир түп дарак» деген маанини түшүндүрөт. Адам баласы да дарак сымал өсүп-өнүп, бир атадан бир канча балага тарап, кылымдар өткөн сайын, алар өз аталарынын аттары менен урууларга ажырап, эл болуп калат. Мисалга Тагайдан же Адигинеден тараган балдарды алсак болот. Алардын балдары көбөйгөнүнө жараша чоң жана майда урууларга ажыратылат. Эми ошол санжырага киришели.

ОН СЕГИЗ МИҢ ААЛАМ

Алла Тааланын амири менен он сегиз миң аалам жаралып, жер каймактап, кыртышка айланып, тоолор, токойлор, төрт буттуу айбанаттар, боору менен сойлоочулар, канаттулар, өсүмдүктөр, ар түрдүү дарактар пайда болуп, осүп- өнүгөт жана көбөйөт. Арадан эсепсиз жылдар өтүп,канаттуулар бири- бирин жеп, өсүмдүктөр куурап, кыйроого учурайт. «Мындай абалды оңдоо төрт буттуулардын колунан келбейт» деп Алла –Таала Жабраил периштеге «эки буттуу, акыл- эстүү адамды топурактан ылай жууруп жаса » деп буюрат.

АДАМ АТА ЖАНА ОБО ЭНЕ

Жабраил периште Арафат тоосунун кыртыш- тозоңунан алып, ылай жууруп, Адам Атанын сол ныптасынан эки кабыргасын алып, Обо Энени жасап, экөөнү жанаша жаткырып, экөөнө жан киргизет. Жан экөөнүн ооз көңдөйүлөрүнө кирип, кайра чыгат. «Ичи караңгы экен, кирбейм» дейт жан. Анан Алла-Таала Адам Ата менен Обо Эненин денелерине нур жиберет. Алардын ооз көңдойлорүнө кирген жан экөөнүн денелериндеги муун- жүүндөрдү кыймылга келтирип, жүрөктөрүн тынымсыз соктурат, ал эми мурундун каңылжаарына келгенде экөө тең чүчкүрүп, «Раббил Алла!» деп жаткан жерлеринен өйдө турушат. Анан Жабраил периште экөөнү ээрчитип, бейишке киргизет…

ЖЕТИ УЛАМЫШ

1.Ошол доордо буудай коондой чоң болуп, дарактын бутагында өскөн экен. Анны Жабраил периште боорунан тилип, Обо Энеге жедирген буудай азыр биз жеп жатканы.

2. Тоус куштун эки буту мерез, куйругу кооз болуп калат.

3.Жыландын кулагы дүлөй болуп калат.

4.Шайтан ушул мезгилге дейре адамды, айрыкча аялдарды тез азгырат.

5.Адам Ата менен Обо Энени каарына катуу алып, жаан жаадырып, бороон - чапкын болтуруп, туман түшүрөт. Туман өтө катуу болгондуктан экөө бири-бирин көп кылымдар бою көрүшпойт, бири-бирин таба алышпайт. Арадан көп убакыт өткөн соң Адам Ата менен Обо Эненин муңу ,ыйы Алла- Таалага жетип ,Көк карга кушту элчиликке жиберет. Ал салпактап учуп жүрүп экөөнү таап, бири-бирине жакындатып алып келет. Обо Эне Адам Атаны көрүп, Түндүк уюлду көздөй качат. Адам Ата аны артынан кууп жөнөйт. Ошентип баратышканда Көк карга куш Обо Эненин үстүнөн учуп жетип: « тырай, тырай, тыраай!» деп буйрук берет. Обо Эне музга тырайып жата калат, ошондо Адам Ата жетип келип Обо Эненин үстүно жыгылат.

6.Обо Эне Көк карга кушка ыраазылык билдирип, ага көк жибек сый тон жапкан экен.

7.Картайганда эркектин эки тизесинин, аялдын кочүгүнүн муздаганы Адам Ата менен Обо Энеден калган иш экен.

Адам Ата менен Обо Эненин мелдеши

…Арадан көптөгөн жылдар өтөт . Адам Ата менен Обо Эненин ортосунда көптөгөн талаш-тартыш чыгат. Адам Ата: « болочок адам баласы менин насилимен» деп айтса , Обо Эне « жок, менин насилимен» деп айтат. Анан экөө өздөрүнүн асылдарын өзүнчө-өзүнчө же бөлөк-бөлөк сакташат. Тогуз ай толгондо экөө өз асылын ортого коюшат. Адам Ата шиш идишке салган асылын караса, уул бала чыгат. Анын кулагына азан айтып, атын «Шиш» деп коет. Ал эми Обо Эне өзүнүн бака жалбыракка орогон асылын караса, макулуктар чыгат.

Ошентип, мелдеште Адам Ата женип чыгат. Экөө ынтымакта жашоону уланта беришет. Адам Атадан тараган эл көбөйүп, жерге батпай кетет. Бирок, Адам сапатын жоготкон абалга жетет. Ошол мезгилде Нух пайгамбарга чейин 500 пайгамбар өтөт. Ал эми Нух беш жөз биринчи пайгамбар болот. Нух пайгамбар адамдардын бузулганын көрүп, Алла-Таалага арызданат. Алла-Таала ага «чоң жана кеңири кеме жаса» деп айтат.

НУХ ПАЙГАМБАРДЫН КЕМЕ ЖАСАГАНЫ

Азирети Нух пайгамбар кеме жасоо үчүн арыктын жээгине чынар дарагынын чырпыктарын тигет. арадан жылдар өтүп, чырпыктар чынар болуп жетилгенде балдары менен кесип, такта тилип, кеме жасоого киришет. Бирок, дарактар кемеге жетпей калат. Кайырдиндер Нух пайгамбарды шылдыңдашып, анын кемесин ажатканага айландырып булгашат. «Нух келесоо» деп келекелешет. Азирети Нух пайгамбар кайрадан Алла -Таалага арызданат. Алла- Таала: «Эч кам санаба, капа болбо. Кемени кайрыдиндер өздөрү тазалашат. Сага жетпей калган эки дана чынарды Уж балбан алып келип берет. Анын курсагын тойгузсаң, макул болот» деп айтат.

Анда Нух пайгамбар: «Кокуй анын курсагын бүтүндөй шаардын эли чункурга төккөн таштандылары менен арааң тойгузууга болот. Мен анны жалгыз тойгуза албайм» деп айтат. «Оболу сүйлөшкүн, макул болсо эле курсагы тоет. Сен дасторконго эки нан, бир кесе окат коюп, ага «бисмиллахир рахманир рахим» деп айтып жегин» деп айткын. Алла- Таала ушинтип айтат. анан Нух пайгамбар ошондой кылат. Уж балбан бир нан, бир кесе тамакка тоюп, Нух пайгамбарга эки даана чынарды алып келип берет. Нух пайгамбар балдары менен Кемени жасап бүтүп, анын ичине жандууларды эркек жана ургаачычы менен экиден , өсүмдүктөрү тамырлары менен жүктөп, Алла -Таалага кабар берет. Алла-Таала ага айтат: «Балдарың менен кемеге чык. Кырк күн бою нөшөр төгөт, асман бети көрүнбөйт, жерден булак чыгып, бүт дүйнөнү суу каптайт. Курук жер калбайт. Кемедегилер гана аман калат. Калган бары суу менен жуулуп жок болот. Суу алты айдан кийин тартылып, жер бети тазаланат» Нух пайгамбар өзү, анын үч уулу жана үч келини, айбанаттар аман калып, жер үстүндө кайрадан жашоо башталат. Азыркы жер шарындагы элдердин бары Нух пайгамбардын үч уулунан тарайт.

НУХ ПАЙГАМБАРДЫН ҮЧ БАЛАСЫ

ХАМ, САМ, ЯФАС

Хамдын балдары: негрлер.

Самдын балдары: мисирийлер, асирийлер, кеданийлер, ибрайилер, яхудийлер, арабдар, армяндар, грузиндер, асетиндер, ингуштар, чечендер.

Яфастын балдары экиге бөлүнөт:

1) Арийлер 2) Туранийлер

Арийлерге: хиндилер, иранийлер,сарттар,пуштулар, юандар, арнауаттар, латындар, франсуздар, англистер, немистер, орустар кирет.

Туранийлерге: кытайлар, жапандар, финдер, осмонийлер, татарлар, казактар, кыргыздар, таранчылар, дунгандар, уйгурлар, калмактар, кумыктар, каракалпактар, азербайжандар, түрктөр, түркмөндөр, карачайлар, башкырттар, чуваштар кирет.

ТҮРКТҮН БАЛДАРЫ

Түрктүн 28 уулу болгон. Алар Алтайдан Түркстанга чейинки аралыкты ээлеп турушкан. Түрк атанын сөөгү Көркүлгө (азыркы Ысык-Көлгө) коюлган. Түрктүн өзүнөн тартып хан болгон балдарынын ысымдары: Түрк, анын уулу Түтөк хан, анын уулу Элчи хан, анын уулу Бакуй хан, анын уулу Күйүк хан, анын уулу Аланча хан. Аланча хандан эки уул: Татар, Могол. Татарлар өзүнчө бөлүнүп, Казан, Казалы, Булгар, Кара-өткөөл, Кызыл- Жар, Семей деген жерлерди мекендешет.

Түрктүн сегизинчи муундагы тукуму Угуз атактуу хан болгон. Андан үч уул: Бурут, Бурат, Кыргыз. Буруттан эки уул: Ойгур, Байгур. Бураттан Мок, Моктон кара калмактар. Ойгурдан үч уул: Аңгария, Беңгирия, Чынтуу. Аңгирия Рум жакка кеткен.Беңгирия өзүнчө мамлекет.

КЫРГЫЗ - ХАН

Кыргыз хан бийликти адилетүү жүргүзүп, бүткүл түрк журтуна атагы чыгат. Ал түрк атадан тарагандардан тогузунчу хан болгон. «Тогузунчу хандыкты белгилеп, даңазалуу той берели» деп ал эллин жыйып, кеңешип, үлкөн той берет. Тойдо ар түрдүү оюн-зооктор болот: эңиш, күрөш, эр сайыш, ат чабыш, улак, жамбы атыш, алтын эңмей ж.б. Кыргыз- хан: «Меледште мөрөй алгандарга тогузунчу хандыкты белгилеп, тогуздан мал, тогуздан жамбы ар кнадай байгеге тогуздан берилсин» деп өкүм чыгарат. ушул жагдай боюнча төмөнкүдөй салттар биздин күнгө чейин сакталып калган. Бирок, бул салттар кийинки 70 жылдын ичинде же Кеңеш мамлекетинин тушунда унутулуп кетти.

1.Кыргыз-хан белгилеген тогуздан соорун берүү биздин доорго чейин жетти. Мисалы: кыз алганда калыңына тогуздан мал, жамбы, алтын берүү, тогуздан тон жабуу, тогуздан каз, тоодак, улар, кекилик, чил ж.б. белекке берүү сакталып калган.

2.Күнөлүү айып үчүн тогуздан мал төлөөгө кириптер болгон.

3.Байгеде соорунга да тогуздан мал, тогуздан жылкы, тогуздан жандык берилген.

БАЙТЫК-ХАН

Түрк балдары Алтайда 300 жыл хандык кылышат. Түрк тукуму абдан көбөйөт. Кыргыз-хандын көзү өткөндөн кийин анын ордун узун бойлуу терең ойлуу Байтык-хан ээлейт. Ал бүт түрк балдарын чакырып, чоң жыйын өткөрөт. Байтык жыйында: «Бардык түрк уругунун бектери, карыялары, жаштары, менин сөзүмдү уккула! Алтайды айланчыктап, кысылышып жашабай ар бир атанын балдары өзүң каалап тандаган жерди ээлеп, келечек балдарга конуш камдагыла! Менин сөзүмө макул болсоңор искиптер (скифтер-эски түрк) силер Рум, Кайсар, Истанбул тарапты ээлегиле. татарлар менен казактар Ыртышты бойлоп, Оролдун айланасын ээлешсин. Кыргыздар атактуу алты көлдүн аймагында кара калмактар менен аралаш байырлашсын» деп айтат. Анын сөзүнө бары макул болушат.

Алты көл кайсылар? Алтайдын баш жагындагы Соңор –Көл, Көкөндөр-Көл, Ит ичпечтин Ала- Күл, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл. Кыргыздар куш, бүркүт салып, тайган агытып, жыргал турмушта бейпилдикте жашашып, кара калмактарга бийликти бербей келишет. Арадан бир топ жыл өткөн соң Байтык- хан көз жумат. Анын ордуна Алпар-хан болот. Ошол убакта кара калмактардын башчысы Дорбун өз элин көтөрүлүшкө үндөп, Алпар-ханды өлтүрүшүп, Дорбун бийликке келет. Кыргыздыр Алтайдан сүрүлүп, Ала-Тоону жамынып, башы Жаркент, Челекте, аягы Исар, Гөлөптө жашап калат.

КАРА КАЛМАКТАР

Дорбун бийликти алгандан кийин кара калмактар кытайлар менен бирлик түзүшүп, 40миң үйлүү кытайдыды көчүрүп келишет. Алооке-хан Түркстанды ээлеп, Араван тоосунун айланасын ордо деп атайт. Алооке-хан бүткүл Түркстанды бийлеп, элден салык-салман алат. Баш ийбегендерди катуу жазалайт. Биздин Корул айылында Алооке дөбө деген дөңсө. бар. Мен жаш кезде ошол дөбөдө ар кандай турмуш- тиричилик каражаттарынын сыныктары болор эле. Менин оюмча ал дөбө Алоокенин журту болушу да мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-06-2011
Бакал уурусу
109844

22-06-2011
Кыргыздардын урууларга таралышы (ар бир уруу жөнүндө баян)
292871

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×