Добавить статью
4:17, 5 декабря 2014 0

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (2-бөлүк)

Долон бийден тартып Тынымсейит уруусуна чейинки генеалогиялык таблица

141204_1

Уландысы, башталышы 1-бөлүктө

Кабелинин (Бешбала) тукумдарынын таралышы

Урматтуу окурман, Кабелинин тукумдарынын таралышын Найманбай уулу Мукаш аванын маалыматына таянып жыйынтыктайын деп жаткан убакта, Кабелинин урпагы Акматов Жангазынын “Бабалар Баяны, же урпакка кеткен татаал жол” деген жаңы китебин автордун өз Тынымсейит колунан алып окуп чыгууга кудай насип этти. Автор тарабынан Кабелинин урпактарын тактаганга бир топ орчундуу аракеттер жасалгандыгына күбө болдум. Ыссык – Көлдүн тегерегинде кайсы айылда, канча түтүн Кабелинин тукумдары жашаарын, ким аркылуу такталганын чийме - схема түрүндө чогултуп түзүп чыккан. Кытай Эл Республикасында болуп, Текесте жашашкан Кабелинин урпактарына жолугуп тереңирээк изилдеп тактоого аракеттер жазалган. Ошондой болсо дагы санжыранын шартына ылайык келбеген айрым бир мүчүлүштүктөргө жол берилген. Алып айтсак түпкү аталар менен кийинки муундардын ортосунда үч – төрт атага чейин ажырымга жол берилген, схемада көп чекит коюу мнен чектелип, тактоого мүмкүнчүлүктөр табылган жок, так эмес деп ачык көрсөткөн.

Мындан сырткары автор өзү жакшы билген айылдарда, кыз балдарын, алардан тараган жээндерден өйдө схемага түшүргөн. Анткен менен Кабелинин урпактарынын таралышын Жангазыдан артык чындыка жакындаштырып тактап изилдеп чыккан адам болбосо керек деген ойго келдим. Ошентип Жангазынын түзүп чыккан схемасынын негизинде Кабели атабыздан тараган тукумдарын, санжыранын шартына ылайыктап жазып калтырууга бел байладым. Жогоруда сөз кылгандай айрым бир ажырымдарга, үзгүлтүктөргө жол берилет, булар кийин тарыхчылар тарабынан такталып чыгат деген ойдомун, ошондой болсо дагы кетирилген кээ бир мүчүлүштүктөргө алдын ала туугандардан кечирим сурайм. Кыргыз элинде “Кулагыңа күмүш сырга” деген лакап бар, анын сыңарындай мен сиздерге мурда кулагыңар уга элек бир жаңылык угузайын деп турам.

Ушул жылдын 26-январында Тынымсейит атабыздын үч уулунун өкүлдөрү чогулуп туугандарча баарлашууга туура келди. Кабелинин урпактары буга чейин Ыссык – Көлдүн тегерегинде, негизинен Тоң районунда жашап келишкен деп жүрсөк, алыскы Лейлек районуна караштуу Разаков атындагы айылдан 65 жаштагы Абдраимов Анарбай авабыс келип нускалуу сөздөрүн айтып отурду. Разаков атындагы айылдын көпчүлүк жашоочулары Кабелинин (Бешбаланын) урпактары болорун, кыргыз элинин белгилүү инсаны Исхак Разаков менен бир көчөдө жакын кошуна катары жашашканын, ал киши дагы Кабелинин урпагы болоорун айтып бизди кубантып отурду. Ал эми Таластан келген Кабелинин дагы бир урпагы Сейитов Жолдубай эки жылдан бери Кабелинин түштүк тараптагы урпактарын изилдеп, тактап жүргөнүн, Баткенде, Лейлекте анын ичинде Разаков атындагы айылдарда болуп, толук тактап чыкканын, өздөрү кандайча болуп Таласка барып туруп калышкандыктары тууралу маалымат берип, орчундуу ойлорун ортого салып отурду.

Мындан ары дагы бул ишти калтырбай аягына чейин чыгарып, толуктап тактап чыгып Кабелинин урпактарынын таралышын өзүнчө китеп кылып чыгарууга даярдап жатканын айтып бизди кубандырды. Мына окурман Кабели атабыздын түндүк – түштүк тарапта жашашкан урпактары такталып, толукталып өзүнчө китеп болуп чыгаарына үмүт кылалы. Урматтуу окурман сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн, Кабелинин тукумдары кандайча болуп түштүк тарапка барып жашап калышкандыктары туралуу, тарыха карап кайрылып аз ноолак маалымат бере кетүүнү тура көрдүм. Тынымсейит атабыздын улуу уулу Кабели Токтомуш, Отор деген эки уулдуу болот. Отор Ооганстан тарапта “Сүмбө” деген калмак айылында калган дешет. Анткен себеби, Тынымсейит уруусунда Мейизкан (калмак кызы) деген келиндин күйөөсү өлүп, жыл маалы болгондо төркүндөрүнө барып, учурашып келсин деп, шарт боюнча жеңелери жеткирип келишет.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин сагынычы тарады, алып келгиле деп кишилерди жиберсе Мейизкан келбей койот. Эгерде мени алып кеткени Отор кайним кара аргымагын минип, алгыр кушун кондуруп келсе барамын деп айтырат. Отор айткандай кара аргымагын минип, кушун кондуруп, эки жигит, эки келин менен Мейизканды алып келүүгө барат. Аларды эки – үч күн коноктогондон кийин Мейизкан убадасына турбай: “ Мен Отор кайниме турмушка чыгамын, экөөбүз бул жакта калабыз. Силер болсо үйүңөргө кайткыла, бизди алып кетебиз деп экинчи убара болбогула. Эгер дагы келсеңиздер чоң чатак чыгат” – деп катуу эскертет. Ошол боюнча Оторго эч ким барбайт, аялы Мейизкан үчүн калмактарга, кайын журтуна барымтага кармалып калып, бала – чакалуу болуп укум – тукумдары калмактар менен аралашып жашап калышыптыр.

Ал эми Кабели атабыздын улуу уулу Токтомуштун үч аялы болгон экен, үчүнчү кенже аялы Буурчак энебиздин киндик каны тамган жери, төркүнү Лейлек экен. Токтомуш Нарындагы Тынымсейиттердин алдынкы байларынан, эл билген кадырман адамдарынан болуптур. Жайыты толо төртүлүгү жайнап, дүйнөсү дүркүрөп өсүп турган чакта кудайдын жазмышы экен, Токтомуштун ичкен суусу түгөнүп, көрөөр күнү бүтүп, түбөлүк жайына аттанат. Балдарына “ынтымактуу жашагыла” деген мурас сөзү, түмөндөгөн малы калат. Күндөр өтө берет, биртуугандар арасында аркандай пикир келишпестиктер пайда болуп, байбиченин балдары токолдун балдарына кодулоо көрсөтө баштайт. Улуу байбиче да калыстыктан тайып, балдарынын сөзүн жактап, күнүлөштүк күчөп, токолдун балдарын жектөө күндөн күнгө күчөй баштайт.

Балдар үчүн Нарын жакшы жай болбой турганын сезген Буурчак эне алты баласын ээрчитип, төркүнүнө Лейлеке көчүп кетет. Билинбей күндөр өтө берет, балдардын улуулары Мамат, Дүшөгулдар чоңоюп калышкандыктан инилерине баш – көз болуп, оокатка бүйрө чыгып, жаман иштерге барбай, ак ниет өсүшөт. Ошентип балдардын үзүлгөнү уланып, жыртылганы бүтөлүп, көңүлдөрү көтөрүлүп, тың оокат кыла башташат. Балдардын кенжеси Жалкамыш али жаш, өзү теңдүү балдар менен оюндан башы чыкпайт, ал эми калган беш биртууган тапшырылган жумуштун майын чыгара, жалтанбастан иштешип таякелеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болушат. Таякелери жээндерине ыраазы болушуп, чоң ишенич артырып төртүлүк малын толук беш биртуугандын багуусуна берет. Буурчак эне балдарынын тың жана чыйрак өсүшкөнүнө жетине албай, бөтөнчө өзүнүн туугандары жээндерине көргөн камкордуктарына, адамкерчиликтерине абдан ыраазы. Ошол күндөрдүн биринде Лейлектик белгилүү бир адамга аш берилет.

Ашка түп көтөрө кыргыздын бардык жети дубанынан эл билермандары, менменсиген байлары, өзүнүн күчүнө ишенген балбан билек жигиттери келишет. Адаттагыдай эле ашта чоң байгелер сайылып кыргыздын улуттук оюн – зооктору өтөрү жарыя кылынат. Эр сайышка кезек келгенде таякелер тараптан киши табылбай, бир топко күтүп калышат. Ошондо таякелеринин намысын коргоо үчүн жыйырма үчкө келип калган Дүйшөгул мен чыгам деп элден бата сурайт. Найзалашуу катуу болуп, бир топко алыша албайт. Үчүнчү жолку беттешүүдө Дүйшөгул эч жалтанбай, каршылашынын көзүн теше карап, тике маңдайынан качырды. Көзү оттой жанып, каршылашын жутуп жиберчүдөй сүр көрсөттү. Атаандашы жаш жигиттин мындай сүрүнөн айбыктыбы негедир көзүн ирмеп алды, ошондо оңтою келе түшүп, ачыла түшкөн акырекке уруп өтүп, аттан оодара сайды. Жардаган калың журт уу – дуу болушуп жаш болсо дагы эр-азамат экен намысыбызды колдон чыгарбай кармап калбадыбы дешип алкышын айтып кыйкырып жатышты. Жарчы Дүшөгулду коштой чалып, калың элдин алдына келип, тууну ким жыкты деп кайрылганда, алда кандай болот деп сарсанаа болуп, эми араң эсине келип, кубанычы койнуна батпай отурган Дүйшөгулдун таякеси “Беш бала” деп кыйкырганын сезбей да калат.

Жарчы өйдө – төмөн элди айланып бастырып, эр сайыштын мөрөйүн “Беш бала” жеңди деп жар салып чыгат. Калың эл дагы чурулдап “Беш бала” деп кыйкырышып ыраазычылыктарын билдиришет. Мына ушул күндөн баштап Токтомуштун балдарын эл дагы “Беш бала” деп сыймык менен аташкан дешет. Тынымсейит атабыздын беш бала уруусу ушунтип жаралып, Кабели атабыздын аты көп айтылбай урпактары беш баланын ураанын чакырып калган экен. Бул жерде алардын кадыр – баркы, мартабасы көтөрүлүп, эл оозуна алынып, абройлору өсөт. Ошонтип убактысы жетип, таякелеринин ыраазычылыгын алып, киндик кандары тамган Теңир – Тоого, мал киндиктүү Нарын жергесине көчүп келишет. Кийин болжол менен 1870-90- жылдардын арасында жер которушуп, илгертен ата – бабалары жашашкан Ыссык – Көл өрөөнүнө көчүп келишкен экен. Мына окурман анча – мынча болсо дагы сиздерге Кабели (Беш бала) уруусунун өнүгүү тарыхы түшүнүктүү болдуго деген үмүтөмүн, эми сөзүбүздү кыскартып бул уруунун тукумдарынын таралышына кезек берели.

Токтомуштун үч аялы болгон дебедик беле, алар: Дүрбүк, Үсөнай, Буурчак. Токтомуш биринчи аялы, байбичесинен төрт уулду болот алар: Койке, Чынкожо, Качы жана Качыке. Жогоруда белгилегендей бул төрт уул менен кийинки улай турган муундардын ортосунда ажырым бар канча ата өткөнү такталган эмес, мен убада боюнча чийме – схема боюнча улай берейин. Бир атадан Жакшылык, Турпанбай. Жакшылыктан – Таштан, Улан, Өмүралы андан Кубатбек. Турпанбайдан – Өмүралы, Тыналы андан Токталы, Эсентур. Токталыдан – Болот, Марат, Улан, Кубаныч. Болоттон – Табылды, Адилет, Кенжебек. Мараттан – Канат, Кубат, Кайрат, Эсенберди. Ал эми Эсентурдан – Бакыт андан Султан. Экинчи бир атадан Асан, Шүкүр. Асандан – Кеңеш. Шүкүрдөн – Койке, Калча андан Алатай, Жээнтай, Жамангул андан Акылбек андан Бахтияр, Адил. Андан кийинки дагы бир атадан Шапай, Кудайберген. Шапайдан – Касым андан Бейшеналы андан Жеңишбек, Союзбек, Бакай. Кудайбергенден – Жумагазы, Шаршенбай, Карыпбай. Жумагазыдан – Марат.

Шаршенбайдан – Болотбек, Нурланбек, Догдурбек, Кенжебек, Максымбек. Кийинки дагы бир атадан Чыныбай андан Боталы, Байгазы. Боталыдан – Мүдүн, Асанкары. Мүдүндөн – Абдыкадыр, Рысбек, Талайбек, Жыргалбек. Абдыкадырдан – Кубан, Айдар. Рысбектен – Айбек, Азамат. Талайбектен – Жаныбек, Атай. Жыргалбектен – Нурбек, Өмүрбек. Ал эми Чыныбайдын экинчи уулу Байгазыдан – Акен андан Бактыбек, Келечек, Эркинбек. Бактыбектен – Данияр, Бахтияр, Кеңешбек. Даниярдан – Анвар. Эркинбектен – Айтемир. Андан кийинки бир атадан Жакшылык андан Байсал андан Чынгожо андан Карыпбек, Муратбек. Карыпбектен – Нурлан, Мирлан, Темирлан, Кубаныч. Дагы бир атадан Өмүрзак андан Узак, Чыкы, Карыке. Узактан – Асанбай андан Ишенбай андан Улан, Урмат, Кайрат, Сыргак, Аскар. Чыкыдан – Чеки андан Ыдырыс, Укалый, Бегалы, Кенжебек, Осмон андан Шералы. Карыкеден – Бейше андан Кадырбай, Эсей, Султан. Кадырбайдан – Казакбай, Азамат.

Эсейден – Болот, Алмаз. Султандан – Мирлан. Кийинки бир атадан Сооронбай, Боронбай, Абак, Деркенбай, Абайылда. Сооронбайдан – Турдукожо, Мусакожо. Боронбайдан – Эркин, Абактан – Кыдырмыш андан Саламат. Деркенбайдан – Эркин, Жүкөш андан Осмонкан андан Талай, Акылбек. Талайдан – Кумар, Бекзат, Нурдин, Эрбол. Акылбектен – Дастан, Рустам. Бул эки атадан тараган Бешбаланын жети түтүн урпактары Ак – Суу районунун Чолпон айылында жашашат. Ушуну менен Токтомуш атанын Дүрбүк энеден көргөн тукумдарынын таралышын болушунча аяктайбыз, эмки кезекти Токтомуш атанын экинчи аялы Үсөнай энеден көргөн урпактарына берели. Токтомуш Үсөнайдан тогуз уулду болот алар: Сарала, Булан, Куланбай, Абийир, Шоңко, Кожош, Жамангул, Туумай, Тынаалы. Жогорудагыдай эле бул жерде дагы ажырым бар, кайсы атадан, канча атадан кийин экени белгисиз Балбак, Дуулат, Чекир, Чоңэшим деген аталардын аты аталат экен.

Булардын кайсынысынан тараары белгисиз мурдагыдай эле чийме – схема боюнча улай берейин. Бир атадан Кумар андан Ормотой, Сарымсак, Токтосун. Ормотойдон – Баймурат, Сабай, Мусабай. Баймураттан – Асанаалы андан Шарше, Абдыкадыр. Шаршеден – Бекташ, Бектурган, Бекмырза. Абдыкадырдан – Кубанычбек, Талайбек, Нурбек. Эми Сарымсактан – Борончу, Усуп. Борончудан – Алымкул андан Кадыркул. Усуптан – Имаш андан Ильяз, Заирбек, Мирлан. Ильяздан – Эрлан. Ал эми Кумардын үчүнчү уулу Токтосундан – Моке, Тыныбек. Мокеден – Абдырахман, Керимбай, Ыбрай, Бапа. Абдырахмандан – Урунакмат, Нуркалый, Казыбай, Кеңеш, Сабырбек. Казыбайдан – Төлөгөн, Элмир, Азамат, Бакир, Азат, Мамыр. Төлөгөндөн – Алманбет, Чубак. Элмирден – Амантур. Азаматтан – Руслан, Рустам. Бакирден – Элдияр, Эрнис. Азаттан – Талант, Актилек. Эми Токтосундун кинчи уулу Тыныбектен – Шаке, Дардаке, Эшен, Кудаш, Калпа. Эшенден – Жунушбек, Замирбек, Сабырбек, Малик, Алик.

Жунушбектен – Улан, Адилет. Сабырбектен – Элдияр, Данияр. Маликтен – Максат. Аликтен – Самат, Урмат. Калпадан – Темир, Закир, Жолдошбек, Ильич. Темирден – Мирлан андан Актилек. Закирден – Айбек, Нурбек. Дагы бир атадан Ыбрай андан Мамбет, Шаршеке андан Нурмат, Космолбек, Болот, Кубат, Кубаныч, Талантбек, Канатбек. Космолбектен – Тилек, Кошой, Байэл. Болтоттон – Мурат, Азат. Кубаттан – Руслан, Камчыбек. Кубанычтан – Марсель, Ахат. Талантбектен – Ынтымак, Кайрат. Канатбектен – Темирлан, Эрлан.

Кийинки дагы бир атадан Сарыбай, Алмакүчүк, Асанбай. Сарыбайдан – Узакман, Сасыгул андан Абыке андан Бейше, Турат, Бекелей. Алмакүчүктөн - Акмат андан Дүйшөбай андан Шаршенбай, Шакир, Бакир, Асан, Тыныбек, Келиш. Шаршенбайдан – Максат, Марат, Сталбек, Мирбек. Шакирден – Бейшенбек, Кубанычбек. Бакирден – Бакыт. Асандан – Бакыт, Кубан, Рысбек, Төлөн. Келиштен – Белек. Ал эми Асанбайдан – Данапбай, Кул, Дакен. Данапбайдан – Шадыман андан Айбаш андан Талайбек, Турарбек андан Каныбек, Бактыбек. Кулдан – Адыйакун, Шадыбек андан Бекташ, Орозбек. Дакенден – Ыманалы, Муса. Ыманалыдан – Акимкан, Ашырбай, Токтобай, Дүйшөбай. Акимкандан – Кенемте, Догдурбек. Кенемтеден – Шайлоо, Уланбек, Алмаз. Уланбектен – Жанарбек. Алмаздан – Чынгыз, Масалбек. Токтобайдан – Талайбек, Мырзабек, Ильичбек, Такабай. Эми Дакендин экинчи уулу Мусадан – Тынымсейит, Алсейит, Байсейит. Тынымсейиттен – Мирлан, Садырбек. Алсейиттен – Талай, Адилет. Байсейиттен – Дастан.

Кийинки дагы бир атадан Малдыбай, Койлубай, Бакы. Малдыбайдан – Салаакун андан Алым, Асан, Ургазы. Алымдан – Медербек, Нурбек, Мирбек. Медербектен – Улук, Уларбек. Нурбектен – Чынгыз, Темирлан. Мирбектен – Байэл. Эми Койлубайдан – Тыныбай, Өмүрбай, Жаналы. Тыныбайдан – Сагын андан Бактыгул, Рыскул. Өмүрбайдан – Ырысаалы андан Дүйшөке, Алтай, Жумадыл, Ишенбай. Алтайдан – Аралбай андан Туратбек андан Медет, Нурлан. Медеттен – Улукбек, Калык. Жумадылдан – Ашубек, Турусбек. Эми Койлубайдын кенже уулу Жаналыдан – Турдубек андан Улан, Алтынбек. Ал эми Бакыдан – Талант, Адил, Жумаш, Асан. Таланттан – Марат андан Жаныбек, Жоомарт. Жаныбектен – Ильич, Кылыч. Жоомарттан – Жалил, Эрнист. Адилден – Акылбек. Жумаштан – Нурлан, Мирлан.

Асандан – Жыргал, Нурбек, Бакыт. Жыргалдан – Улукбек. Дагы бир атадан Атыжок (чиймеде көрсөтүлгөн эмес), Кожош. Атыжоктон – Сарыбай андан Сагындык, Ысан. Сагындыктан – Асанкары андан Эррик, Нурланбек андан Улукбек, Айдар, Бакай. Ысандан – Орозбек, Догдурбек, Догдурбай, Төлөнбай. Орозбектен – Дайырбек, Алмаз, Турганбек, Эржан. Кожоштон – Сарала, Жамангул, Раймкул. Сараладан – Таажы, Дүйшө. Таажыдан – Расул, Сабыр. Расулдан – Кадырбек, Алмаз, Асылбек, Төлөн, Талайбек, Ильичбек. Кадырбектен – Медербек. Алмаздан – Улан. Асылбектен – Мирлан, Эрлан. Төлөндөн – Тойчу, Арслан. Талайбектен – Кайрат. Сабырдан – Садыр, Темиржан, Туратбек, Сарубек, Осмонкул, Батырбек, Кубатбек, Муратбек, Исабек, Болоткан, Рахат. Садырдан – Балгарт, Кубан, Кален, Шайлоо, Аскарбек.

Балгарттан – Мурат, Турат. Кубандан – Арстанбек. Календен – Айбек. Шайлоодон – Нооруз, Арсыланбек. Аскарбектен – Айдар. Темиржандан – Бактыбек, Нурбек, Ниязбек. Бактыбектен – Эсен. Туратбектен – Таалай. Сарубектен – Эрик, Чынгыз. Осмонкулдан – Жумаш, Рашид. Батырбектен – Куттубек, Жусуп. Кубатбектен – Рустам, Дастан. Болоткандан – Эмил. Рахаттан – Бекжан. Ушуну менен Сараланын тукумдарынын таралышын аяктап, Кожоштун экинчи уулу Жамангулдун урпактарына келели. Жамангудан – Сарала андан Кулакбай андан Булан андан Төрөгелди, Тынаалы, Туумат. Төрөгелдиден – Айтике, Качкын, Орозбек, Токтогул. Айтикеден – Алтынбек, Акылбек. Качкындан – Кенжебек, Жеңиш, Шайлоо, Нурбек, Төлөн. Жеңиштен – Алмаз, Бакыт. Шайлоодон – Мирбек, Айбек, Аман. Нурбектен – Азим. Төлөндөн – Ысман, Ырыс, Кадыр. Буландын экинчи уулу Тынаалыдан – Абдыкерим, Урманбет, Абылакун.

Абдыкеримден – Абыке, Жаркынбай. Абыкеден – Нурбек, Майрамбек, Бактыбек, Талайбек, Куттубек. Жаркынбайдан – Шайырбек, Дөөлөтбек, Жыргалбек. Урманбеттен – Өмүрбек, Эмилбек, Камчыбек, Жаныбек, Рысбек. Өмүрбектен – Алмаз, Ардак. Эмилбектен – Байзак. Камчыбектен – Абай, Чоро. Жаныбектен – Тууаранбек, Рамазан. Рысбектен – Азамат, Саламат. Ал эми Тынаалынын үчүнчү уулу Абылакундан – Азимбек, Жаңыбай, Жылкыбай, Чолпонбай, Догдурбай, Кубатбек. Жаңыбайдан – Эрлан, Нурлан. Эрландан – Али. Нурландан – Билал. Жылкыбайдан – Руслан, Дастан, Арыслан. Чолпонбайдан – Рустам. Догдурбайдан – Нурдин. Кубатбектен – Турар. Буландын үчүнчү уулу Тууматтан – Сыдык андан Курманбай, Садыбакас.

Курманбайдан – Сарыгул, Жолдошбек, Жайлообек, Шайлообек, Майрамбек. Жолдошбектен – Субан, Кылымбек, Алымбек. Жайлообектен – Өмүрбек. Кубан. Шайлообектен – Арген, Илимбек. Майрамбектен – Догдурбек, Эсенбек. Сыдыктын экинчи уулу Садыбакастан - Эсенбек, Догдурбек. Ошентип Буландын жалпы эле Жамангулдун тукумдарынын таралышын аяктайбыз, эмки кезекти Кожоштун кийинки уулу Раймкулдун урпактарына берели. Райымкулдан – Эралы андан Чайыш, Мамаке андан Абай андан Берик андан Зарыл андан Куштар, Бахтияр, Ыктыяр, Жаныбек, Элдияр, Эрмек. Куштардан – Азамат, Чынгыз. Бахтиярдан – Бактыбек. Ыктыярдан – Нурсултан. Элдиярдан – Эдил.

Үсөнай энеден тараган дагы бир атадан Рыспай, Токтобай. Рыспайдан – Амантур, Төлөн андан Алик, Бектур, Бекзат, Тилек, Мирбек. Токтобайдан – Талайбек, Мырзабек, Маичбек, Такабай. Ушуну менен Токтомуштун Үсөнай энеден көргөн тукумдарынын таралышын болушунча жыйнтыктайбыз, эмки кезекти Токтомуштун үчүнчү аялы Буурчактан тараган урпактарына берели.

Токтомуш Буурчак энеден алты уулду болот алар: Мамат, Дүйшөгул, Маркабай, Сатыке, Сарткозу, Жалгамыш. Маматтан – Аблабек, Майманка, Бакчы уул, Нурбай, Кончой, Куттубай, Этиркей. Аблабектен – Жантай. Майманкадан – Кары андан Эрикбай, Көлбай, Кийикбай, Дөкөнбай, Эсенгул, Кыштообай. Эсенгулдан – Сары андан Кубатбек, Жакшылык, Айтбек. Жакшылыктан – Жылдызбек, Улан. Айтбектен – Эрмек, Элдос, Кылымбек. Кыштообайдан – Жолдош, Канымет андан Рысбек, Болотбек, Кубаткул. Рысбектен – Дүйшөнбек. Болотбектен- Бахтияр, Элдияр. Кубаткулдан – Туратбек. Эми Маматтын үчүнчү уулу Бакчыуулдан – Содонбай, Сатылган, Ногойбай.

Содонбайдан – Азим, Отой, Абдыкалый. Азимден – Жумаш андан Майрамбек, Тойчу, Медер, Кылыч. Тойчудан – Рысбек, Акылбек, Маратбек. Медерден – Мырзабек, Таалайбек. Кылычтан – Нурбек. Бакчыуулдун экинчи уулу Сатылгандан – Кубан, Сары, Дөкү. Кубандан – Өмүркул, Эркинбек. Сарыдан – Бакынтай, Замир, Таалай. Дөкүдөн – Акылбек, Максат. Эми Бакчыуулдун үчүнчү уулу Ногойбайдан – Мукай, Тосоркул, Темиркул, Майрамбек, Аку, Мангу. Ал эми Маматтын төртүнчү уулу Нурбайдан – Алтыбут, Абдыкалый, Шүкүр. Абдыкалыйдан – Кубатбек, Акылбек, Жээнбек. Кубатбектен – Ынтымак, Ыйман. Акылбектен – Куттубек, Майрамбек. Шүкүрдөн – Муканбет, Турду андан Таалай, Талант.

Таалайдан – Данияр, Алмаз андан Азизбек, Рыскелди. Таланттан – Нурсултан. Эми Маматтын бешинчи уулу Кончойдон – Токтосун, Токсон. Токтосундан – Жумакай андан Жылкыбай, Кенжебай, Көчкүн, Өмүрбек. Жылкыбайдан – Кубан, Рысбек, Жумаалы, Аскер. Кубандан – Майрамбек. Жумаалыдан – Изатбек. Аскерден – Умар. Кенжебайдан – Бахтияр, Анвар. Көчкүндөн – Бердалы, Талас. Бердалыдан – Бекназар. Таластан – Нурсултан, Анвар, Наиль. Өмүрбектен – Бекмамат, Калмурат. Эми Кончойдун экинчи уулу Токсондон – Мусаалы, Уркалый андан Жумаалы, Сатыбалды, Барктабас. Сатыбалдыдан – Эдил, Эмил. Барктабастан – Улан. Ал эми Маматтын алтынчы уулу Куттубайдан – Сүйүнбай андан Курманаалы, Тазабек, Турусбек, Кирке. Курманаалыдан – Шарып андан Сатыбалды, Догдурбай.

Сатыбалдыдан – Бахтияр, Нурсултан. Догдурбайдан – Рысбек. Тазабектен – Исраил, Исмаил. Исраилден – Аскат, Азамат. Турусбектен – Кыдырмыш, Намаз. Киркеден – Бапаш. Маматтын жетинчи, кенже уулу Этиркейден – Кожобек, Камбарбек, Малабек. Кожобектен – Айдарбек андан Бекиш. Камбарбектен – Амантур, Садыр, Сабыр, Абдыкадыр. Амантурдан – Жумагул, Дүйшөн. Жумагулдан – Ринат, Мырзабек, Белек. Дүйшөндөн – Жанболот, Бекболот. Садырдан – Орозбай, Бактыбек. Орозбайдан – Тилек, Өмүрбек. Бактыбайдан – Кубат, Турат, Замир, Нурсултан. Этирекейдин кенже уулу Малабектен – Жолбун андан Орозбай, Байыш. Орозбайдан – Дамир андан Нуржигит. Байыштан – Улан, Урмат, Уран. Уландан – Рыскелди, Амангелди.

Урандан – Ратбек. Ушуну менен Токтомуштун улуу уулу Маматтын тукумдарынын таралышын болушунча аяктайбыз, эмки кезекти экинчи уулу Дүйшөгулдун урпактарына берели. Дүйшөгулдан – Байтүгөл, Айдарбек, Төлөн. Байтүгөлдөн – Алтыбай, Майна. Алтыбайдан – Токтомбай, Бостонбай. Токтомбайдан – Токтосун, Үсөн, Макен. Токтосундан – Бейше андан Ишенбек андан Жанболот, Болот, Нурбек. Жанболоттон – Эркинбек, Белек, Адилет, Актилек. Болоттон – Бектемир, Бекназар. Нурбектен – Азим, Төлөгөн. Үсөндөн - Усубакун, Асек, Орозакун. Асектен – Бакыт, Алтынбек, Азамат, Нурбек андан Нуржигит. Орозакундан – Марат андан Тимур, Эльнур. Эми Токтомбайдын кенже уулу Макенден – Акмат, Асанбай. Акматтан – Азамат, Бакыт, Марат. Азаматтан- Эльдияр, Санжар, Эржигит. Бакыттан – Эльхан. Ал эми Алтыбайдын экинчи уулу Бостонбайдан – Дыйканбай, Турганбай.

Дыйканбайдан – Жанузак, Асан. Жанузактан – Шакен, Окен. Шакенден – Марат, Темирбек, Каныбек. Темирбектен – Кайрат. Каныбектен – Алымбек, Алибек. Окенден – Келдибек, Кубан, Жаныбек, Бактыбек, Жумабек, Майрамбек. Келдибектен – Бердибек, Бердигул, Эдил, Талант, Акжолтой, Эмил. Таланттан – Алишер. Эмилден – Акжол. Кубандан – Канат. Жаныбектен – Фархат. Бактыбектен – Кумар, Анарбек, Камал. Майрамбектен – Максат, Адильхан, Калыгул, Ислам. Эми Дыйканбайдын экинчи уулу Асандан – Курманбек, Таалай, Дүйшөн, Мырзабек. Таалайдан – Урмат, Байрамалы. Дүйшөндөн – Эркинбек, Эрнис. Мырзабектен – Элчибек. Бостонбайдын экинчи уулу Турганбайдан тукум жок.

Ушуну менен Байтүгөлдүн улуу уулу Алымбайдын тукумдарынын таралышын аяктап, экинчи уулу Майнанын урпактарына кезек берели. Майнадан – Агыш, Кожош. Агыштан – Кыштообай, Иманбек, Арымбай, Түлөбай, Сарыбай. Кыштообайдан – Табылды, Итибай, Абдрасул. Табылдыдан – Карыбай, Карыпжан, Карпек. Карыбайдан – Даниэль, Эрмек. Карпектен – Самат, Нуразиз. Итибайдан – Тилекбай, Жолдош, Жеңишбек. Тилекбайдан – Айбек, Азиз. Абдрасулдан – Жүрсүнбек, Жолочу. Жүрсүнбектен – Руслан. Жолочудан – Нурлан, Руслан. Агыштын экинчи уулу Иманбектен – Канымет андан Бектурсун андан Чынгыз, Марат. Чынгыздан – Айбек. Агыштын үчүнчү уулу Арымбайдан – Бердалы, Асаналы андан Мады, Абдыкерим, Үсөн. Абдыкеримден – Бактыбек, Өмүрбек андан Элдан. Үсөндөн – Медер, Мирлан. Медерден – Нурадин, Бекдан. Агыштын төртүнчү уулу Түлөбайдын тукумдары жөнүндө маалымат жок, ал эми бешинчи, кенже уулу Сарыбайдан – Орозкул, Эсентур, Ишен. Эсентурдан – Нурлан андан Эрмек. Ишенден – Даниэль, Турар, Эгемберди. Даниэльден – Жанузак.

Эми Майнанын экинчи уулу Кожоштон – Өмүраалы андан Макен, Жамаке, Балбак, Төкөш. Макенден – Касен, Суран, Бактыбек, Кенжебек, Эсен. Сурандан – Ильяз, Дамир. Кенжебектен – Эмиль, Данияр. Эсенден – Эмил, Эрмек, Азамат. Жамакеден – Тилен, Бариэль, Каныбек, Орел, Кадыркул. Балбактан – Игорь, Сергей. Төкөштөн – Такен, Канат, Жусуп. Ушуну менен Дүйшөгулдун улуу уулу Байтүгөлдүн тукумдарынын таралышын жыйынтыктайбыз, эмки кезекти экинчи уулу Айдарбектин урпактарына берели. Айдарбектен – Канай, Шоңко, Качыке, Түлкүбай. Канайдан – Тынай андан Абдылда, Абдыш, Бейше. Абдылдадан – Сергей, Турсунаалы, Жумаалы. Сергейден – Үмөтаалы, Бакыт, Жылдызбек, Болот, Марат, Эрик.

Үмөтаалыдан – Тимур, Айтемир. Бакыттан – Нурдан. Жылдызбектен – Эржан. Болоттон – Алтынбек, Асылбек, Бекжан. Мараттан – Темирлан, Айдарбек. Эриктен – Кубан, Эрбол. Турсунаалыдан – Эрлан, Нурлан. Жумаалыдан – Адилет, Амангелди. Тынайдын экинчи уулу Абдыштан – Зарыл андан Төлөн, Таңсыкбек. Төлөндөн – Акжолтой, Адилет. Таңсыкбеттен – Кырманбек. Тынайдын үчүнчү уулу Бейшеден – Догдурбай, Кудайберген, Сыдык, Абакир. Догдурбайдан – Тойчубек, Элчибек, Эркинбек, Стал, Мирбек. Эркинбектен – Азамат, Аскат. Сталдан – Улан, Айдар. Мирбектен – Арслан, Руслан. Кудайбергенден – Ишенбек андан Таалай, Жаныбек. Таалайдан – Куттубек. Жаныбектен – Белек, Тилек. Сыдыктан – Туратбек, Муратбек, Муратаалы, Төлөсүн, Аязбек, Болот. Туратбектен – Нурлан, Мирлан, Эрлан. Нурландан – Кайрат. Муратбектен – Рысбек, Бакыт, Нурбек.

Муратаалыдан – Кубан, Таалайбек. Кубандан – Нур. Төлөсүндөн – Талантбек, Темиржан. Аязбектен – Канатбек, Жанатбек, Айтбек. Болоттон – Абдуло. Бейшенин кенже уулу Абакирден – Адилет, Бердибек андан Бактыбек, Шахтыбек, Мирлан, Эрлан. Ушуну менен Айдарбектин улуу уулу Канайдын тукумдарынын таралышын аяктап, экинчи уулу Шоңконун урпактарына кезек берели. Шоңконун эки аялы болгон экен, биринчи аялынан Калмурза, Баймурза, Бекмурза. Калмурзадан – Турдубек, Осмонаалы андан Токтобай андан Дүйшөн, Ишен, Таалай. Дүйшөндөн – Бакыт. Ишенден – Рыскелди. Баймурзадан – Мамбетаалы, Үсөнаалы андан Кеңеш, Усуп.

Бекмурзадан тукум жок. Шоңконун экинчи аялынан Дуулат, Найман, Жантай, Молтой. Дуулаттан тукум жок. Наймандан – Арстанбек, Истанбек. Арстанбектен – Сапар андан Жекшен, Шаршенбай андан Кубанычбек, Талант, Азамат, Руслан. Истанбектен – Шеримбек, Рысменде. Шеримбектен – Жүрсүнбек, Турусбек. Жүрсүнбектен – Тынчтык, Беку. Турусбектен – Канат. Рысмендеден – Абылгазы андан Закир, Бакир, Шакир, Бакыт. Закирден – Эрмек, Эрлан. Бакирден – Кайрат. Шакирден – Эржан, Мирлан. Бакыттан – Намыс, Калыс. Шоңконун үчүнчү уулу Жантайдан – Рыскелди андан Турганбай. Шоңконун кенже уулу Молтойдон тукум жок. Ошонтип Айдарбектин экинчи уулу Шоңконун тукумдарынын таралышын аяктадык, кезек үчүнчү уулу Качыкеге келди. Качыкеден – Азар андан Абдырахман, Абды, Шейшенбай, Адылда. Абдырахмандан – Ишебай андан Жапар, Сапар, Капар, Жусуп, Үсөн, Асан, Асанакун. Шейшенбайдан – Деркинбай андан Шарше андан Акыл, Мурат, Таалай.

Абдылдадан – Алдагандай, Асанкул. Алдагандайдан – Жусуп, Рысбек, Кубанычбек, Турусбек, Турсунбек, Замирбек, Алмаз, Канат. Рысбектен – Бакыт. Кубанычбектен – Таалай, Тилек. Турусбектен – Бектур, Алинур. Турсунбектен – Аман. Замирбектен – Айдос. Алмаздан – Эсен, Даян. Эми Асанкулдан – Туратбек, Муратбек, Болотбек. Муратбектен – Дастан, Кылыч. Болотбектен – Талант, Жолдошбек. Ошонтип Качыкенин тукумдарынын таралышын болушунча аяктайлы, эмки кезкети Айдарбектин төртүнчү, кенже уулу Түлкүбайга берели. Түлкүбайдан – Эмилбай, Атаке. Эмилбайдан – Сүйүнбай андан Турганбай андан Калмак андан Айбек, Улан. Айбектен – Теңирсейит. Уландан – Гүлжигит. Атакеден – Жалманбет андан Тилекмат андан Ыбрай андан Кудайберген, Бакай. Кудайбергенден – Рустам, Бакыт, Болот. Рустамдан – Мурат, Артек. Бакайдан – Канат, Каныбек, Камчыбек, Анарбек, Тойчубек, Кенжебек. Канаттан – Мурадил. Каныбектен – Автандил. Камчыбектен – Тариэль. Кенжебектен – Нурэл, Эмил. Ушуну менен Дөйшөгулдун экинчи уулу Айдарбектин тукумдарынын таралышын аятайбыз, эмки кезекти үчүнчү уулу Төлөндүн урпактарына берели.

Төлөндөн – Качкы, Жанбала, Балбак, Кудайменде. Качкыдан – Бердибек, Жүдөмүш. Бердибектен – Кулманбет андан Кадыр андан Бакас, Бакен. Бакастан – Максат, Бакыт. Бакенден – Чынгыз, Майрамбек. Жүдөмүштөн – Дүйшө андан Мукаш, Уркалый андан Тилек, Бектур, Эркин. Тилектен – айбек, Нурбек. Бектурдан – Аман, Даниэль. Эркинден – Нариман. Эми Төлөндүн экинчи уулу Жанбаладан – Алдаш, экинчи уулунун аты белгисиз, Дыйкан, Бакаш, Кыдык, Чыпак, Курман, Коңурбай. Алдаштан – Касым андан Канатбек, Туратбек. Канатбектен – Нурбек, Чынгыз. Туратбектен – Аскат. Жанбаланын экинчи уулунан Орозалы андан Сакен, Өмүрбек, Кеңешбек, Мукан, Кыйсабек. Сакенден – Абакир. Өмүрбектен – Совет, Талай. Мукандан – Мырзакерим, Бактыбек, Эркинбек, Максатбек. Кыйсабектен – Жолдошбек, Ниязбек, Мурат, Кенжебек, Кошой. Ниязбектен – Атай, Бакай. Мураттан – Урмат.

Кенжебектен – Медербек. Жанбаланын үчүнчү уулу Дыйкандан – Мамыт, Казыажы, Кийизбай. Мамыттан – Амантур, Асек, Жумагул. Казыажыдан – Жумаказы, Абдыкасым, Султангазы, Аршидин. Абдыкасымдан – Жапар, Капар андан Мыктыбек. Аршидинден – Үсөн, Айтбек, Сейитбек, Кенжебек. Жанбаланын кийинки уулу Кыдыктан – Эши, Шамыке. Эшиден – Канымет, Желдеңбай. Каныметтен – Таалай. Желдеңбайдан – Өмүрбек, Талантбек, Төлөнбек, Алтынбек. Шамыкеден – Сейитказы андан Жүдөмүш андан Марат. Жанбаланын алтынчы уулу Чыпактан – Берикбай, Алышбай. Берикбайдан – Асанкул, Мамбеткул, Букарбай. Асанкулдан – Шарше, Асек. Шаршеден – Тойчу андан Жаныбек. Асектен – Букара. Мамбеткулдан – Мукамбет, Калый, Жансыбай андан Рысбек, Кубанычбек. Букарбайдан – Зарылбек андан Эркинбек. Чыпактын экинчи уулу Алышбайдан – Жолдош, Козуайдар, Конокбай андан Курманаалы андан Бейше андан Жанат.

Ал эми Жанбаланын жетинчи уулу Курмандан – Урзакерим, Бактыбек, Эркинбек, Максатбек. Жанбаланын кенже уулу Коңурбайдан – Алыкул, Ажыгул. Алыкулдан – Асанкан, Өмүркан. Асанкандан – Эрнист, Кадырбек, Кеңешбек. Ажыгулдан – Эсенкан, Эсенбек, Кадыркул. Эсенкандан – Таалай, Канат. Эсенбектен – Улукбек. Кадыркулдан – Асылбек, Мырзабек, Үсөнбек, Темирбек, Болот. Асылбектен – Эрмек, Эркин. Мырзабектен – Эрлан. Үсөнбектен – Кубанычбек, Бекзат. Темирбектен – Улан, Эркин. Болоттон – Жоомарт, Шермат, Урмат, Ызат. Ушуну менен Төлөндүн экинчи уулу Жанбаланын тукумдарынын таралышын болушунча жыйынтыктайбыз, эмки кезкети Төлөндүн үчүнчү уулу Балбактын урпактарына беребиз. Балбактан – Шайбыр, Боогачы, Төрөгелди, Байсерке, Телтай.

Шайбырдан – Бектур андан Касым андан Суксурбек, Мухтар, Бейшенбек. Суксурбектен – Тойчу, Камчы андан Жолдошбек, Медербек андан Куткелди, Бекберди. Мухтардан – Бакыт, Таалай, Эрнист. Бейшенбектен – Урмат. Балбактын экинчи уулу Боогачыдан – Сарбан, Кожоберди, Осмонбек, Сулайман, Мухтарбек, Сыртбай. Сарбандан – Узак андан Султаналы андан Абыш, Карып, Бексултан андан Шаршенбай, Алыбай. Сыртбайдан – Чекир, Дуулат андан Шермакун, Кадыракун, Асанакун андан Ишенбай, Бейше. Эми Балбактын үчүнчү уулу Төрөгелдиден – Бектен, Алишер, Бектемир. Бектенден – Тентимиш андан Жумакадыр, Асанкадыр, Үсөнкадыр, Абдыкадыр. Алишерден – Үсөн, Кадыр. Үсөндөн – Качкынбай, Жаркынбай, Нарынбай, Аралбай, Нурланбай, Каттобай, Алтынбек. Кадырдан – Элдос, Жандос, Айди. Бектемирден – Асанбай, Эшеналы, Бакай. Асанбайдан – Кутчу, Атчы.

Кутчудан – Улан, Азамат, Жаныбек. Атчыдан – Нурлан, Мирлан, Белек, Руслан. Нурландан – Уржигит. Мирландан – Калыс. Русландан – Бакир. Эшеналыдан – Садыр, Сабыр, Насыр, Саткынбай. Бакайдан – Адырбек, Муратбек, Кубатбек, Мишка. Балбактын төртүнчү уулу Байсеркеден – Калык, Курман. Ал эми Балбактын эң кенже уулу Телтайдан – Стамбек андан Арабай, Жумабек андан Көчкүн, Койчубек, Ишенбек, Замирбек, Шамырбек, Садырбек, Мыктыбек. Ошонтип Балбактын тукумдарынын таралышын аяктайбыз, эмки кезекти Төлөндүн төртүнчү, кенже уулу Кудаймендеге берели.

Кудаймендеден – Орозакун, Турдумамбет андан Турдакун, Жакыпакун, Керимакун, Мукамбетакун, Усупакун андан Керимбек андан Нурбек андан Кудайберди. Ушуну менен Токтомуштун Буурчак энеден көргөн экинчи уулу Дүйшөгулдун тукумдарынын таралышын жыйынтыктайбыз, эмки кезекти Токтомуштун үчүнчү уулу Маркабайга берели. Маркабайдан – Кооман андан Малдыбай, Бактыбай. Малдыбайдан – Асан, Кошой, Жумабай, Бачагар, Нарынбай, Акынбек. Асандан – Байыш, Борбаш. Байыштан – Кенжаалы, Турсунаалы, Буудайчы, Токтаалы, Аттокур. Кенжаалыдан – Рыскелди, Турдугул, Турдубек, Анарбек, Азамат. Турсунаалыдан – Сүйүнбек, Базаркул, Догдурбай, Элчибай, Жаңыбай. Буудайчыдан – Төлөбек, Канат, Табылды, Эркинбек, Сейитбек, Медербек, Ырысбек. Токтаалыдан – Каирбек, Майрамбек.

Эми Асандын экинчи уулу Борбаштан – Жапар, Кудайберген, Карыпбай, Жолдошбек, Керезбек. Кудайбергенден – Азамат. Карыпбайдан – Улан, Нурлан, Улукбек. Жолдошбектен – Адилет, Каниет. Керезбектен – Урмат, Нурмат, Санжар. Ал эми Малдыбайдын экинчи уулу Кошойдон – Өмүр, Мамбет, Осмон, Бакир. Өмүрдөн – Жунуш андан Мурат, Азиат, Дуулат, Азат, Болот, Урмат, Барат. Мураттан – Мэлс. Азиаттан – Адил, Эмил. Дуулаттан – Дима, Нурлан, Руслан, Мыктыбек. Азаттан – Жанат, Тилек, Жеңиш, Эдил. Болоттон – Эркин, Мирлан. Урматтан – Эрнест. Бараттан – Канат, Тилек. Кошойдун экинчи уулу Мамбеттен, үчүнчү уулу Осмондон маалымат табылган жок, чоң үркүндө каза болушкан болуш керек. Кошойдун кенже уулу Бакирден – Дүйшеке, Байгазы, Сангара.

Дүйшеке ата мекендик согуштан кайтпай калган. Байгазыдан – Шайлообек, Сейитбек, Сүйүнбек, Сыдыкбек, Эсенбек, Бакытбек, Майрамбек. Шайлообектен – Эмилбек, Эркинбек, Тынчтыкбек, Нурдин, Бакыт. Эмилбектен – Оңолбек. Бакыттан – Нуреп. Сейитбектен – Анарбек. Сүйүнбектен – Аман, Аскар. Сыдыкбектен – Мирбек, Айбек. Майрамбектен – Элеман, Актан, Элдос, Кутман, Дастан, Курман. Бакирдин үчүнчү, кенже уулу Сангарадан – Сүйөр, Дайыр, Кадыр, Замир. Ошонтип Кошойдун тукумдарынын таралышын аяктадык, эмки кезекти Малдыбайдын үчүнчү уулу Жумабайдын урпактарына берсек. Жумабайдын эки аялы болгон Күмүш, Дилдеке деген, эки аялынан беш уулду болот алар – Акмат, Маамыт, Окен, Касымакун, Касымаалы. Акмат Токтокан, Ажар, Бачик деген үч аялынан тогуз уулду болот алар: Ыбрай, Муканбет, Исмаил, Урдөөлөт, Урсай, Мөкүш, Жапый, Раш, Бекболот.

Ыбрайдан – Жакшыбай, Турсун, Асый, Ишен. Жакшыбайдан – Таалай, Рысбек, Мирбек, Нурбек. Турсундан – Райкан, Урумкан, Үсөн, Каирбек. Асыйдан – Темирбек, Камчыбек, Нурбек, Асылбек, Эмилбек. Ишенден – Төлөн, Аскат, Ырыскул, Кайынбек, Канат. Акматтын кийинки уулу Исмаилдан – Сапар андан Болот, Азат. Болоттон – Аскар, Алмаз, Алтай. Акматтын төртүнчү уулу Урдөөлөттөн – Орузбай, Барыктабас, Бакир. Орузбайдан – Төлөгөн, Алик, Малик. Бакирден – Тынчыбек. Акматтын бешинчи уулу Урсайдан – Жакшылык, Жангазы, Жаныбек, Жанаалы. Жакшылыктан – Нурлан андан Эрнест. Жангазыдан – Улан, Улукбек. Уландан – Арсен.

Уландысы 3-бөлүктө

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (8-бөлүк)
41703

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (7-бөлүк)
76414

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (6-бөлүк)
68853

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (5-бөлүк)
58922

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (4-бөлүк)
77890

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (3-бөлүк)
65561

05-12-2014

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (1-бөлүк)

71529

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×