Добавить статью
5:23, 10 февраля 2015 44345

Кочкор өрөөнүндөгү аламат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши

(2 бөлүк)

Мусулман тарыхый булактарында Суяб шаары сооданын борбору болуп, «Суйе (Чүй) дарыясынын жээгинде жана Каштек (Кашат, Шамчы, Занби, Шамшы) ашуусунун түштүгүнөн орун алган. VII кылымда эле бул шаарда ар түрдүү өлкөлөрдөн соодагерлер жашаган» (В.В. Бартольд. Бишкек. Сорос-Кыргызстан, «Шам», 1996-год, с.103). Тилекке каршы, Каштек ашуусунун Кемин жагындагы Чүй суусунун жээгинде орун алган шаар жок болуп жатпайбы.

Сюань Цзан Ысык-Көлдү жээктеп чыгышынан түндүк-батышка 500 ли (250 чакырым) жол басып, Суйе дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим, шаар айланасы менен 6-7 ли экен, бул жерде ар кайсы мамлекеттердин соодагерлери жолугуп, соодасын жүргүзөт. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм өсөт экен. Жапайы чыккан токойлор жокко эсе. Аба ырайы суук жана аркыраган шамал жүрүп тургандыктан жашоочулар кийизден тигилген кийим кийет экен (Аристов. Бишкек. 1997 г., с. 230.).

Кочкор өрөөнүндө токойлор жок. Азыркы шаардын сепили айланасы Кум-Дөбө айылынын орду менен алты-жети ли болот. Башка өрөөндөрдөй болуп карагай ж.б. өспөйт, катуу шамал басымдуулук кылат. Ал эми таруу, арпа, буудай жана жүзүмдүн өскөнү өрөөндүн түндүк тарабы. Кайнарда таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүм өсөт. Ак-Бешимде же Чүй өрөөнүндө аркыраган катуу шамал болбойт. 250 чакырымдын 178 чакырымы көлдүн узундугу, көлдөн Кум-Дөбөгө чейин 64 чакырым болот.

Ал эми В.Д.Горячева, К.Байпаков жана В.М.Массондор жана башка кыргыз тарыхчылары Ак–Бешим даана Суяб шаары дегенден кайтпай жазып келишет. Кыргыз тарыхчылары орус чыгыш таануучуларынын жана изилдөөчүлөрүнүн жазганын үлгү кармап, бул версияны бекем тутуп олтурушат.

Семенов–Тян-Шаньский Суяб шаарын Талас дарыясынын жээгине алып барат, ал эми Миң-Булак өрөөнүн Түркстандын жанына жайгаштырган (Миң-Булак Кочкор өрөөнүндөгү Сарала–Саз жайлоосу болгон.). Бузулган суунун сели жүргөндөн кийин суу ылдыйлап Сарала–Саздын коктуларынан булактар чыкпай калган. Жайкы убактарда хандар, байлар жана султандар ысыктан качып, Кочкор өрөөнүндөгү салкын жерге келип, эс алышкан, ал эми тарыхты карасаңыздар, жайында ысыкта Түркестандын тегерегиндеги жерлерге эч ким чыдай албайт, ысыгы 40 градустан ашып турат жана Казахстандын тааласынан соккон ысык желге эч ким токтобойт. Семенов–Тян-Шаньский кербендер Боом капчыгайы аркылуу өткөн деп жазган, бул жерде өзүнүн башынан өткөн окуялардан байкаса болмок, капчыгай аркылуу кербен өткөн эмес, Капчыгайдын ичи менен, тоо-зоокалардын кыры менен кой жол деген жалгыз аяк жол бир адам өткөнгө гана жарайт. Негизги ашуулар Шамшы (Шамчы) ашуусу жана Калмак-Ашуу (Чоң–Кемин) болгон. Терс суусу Кочкор суусу же Чүй суусунун башталышы, анткени Кочкор суусу Орто Азияда жападан жалгыз чыгышка аккан тетири суу, ошондуктан Терс (тескери) деп аталган. Ал эми Түркстанда чыгышты көздөй аккан суу жок экен. Түркстанга атайын барып изилдедик, ал жерде Талас суусунан бөлүнүп чыккан Терсы суусу бар экен, ал суу батышты көздөй агат экен. Миң-булак деп айтылган жер Кара-Таунун түштүк жагында Түркстан шаарынын батышында экен, булак деген жок экен, жөн эле катуу жаан жааса, коктулардан салаалап аккан сууну аташса керек. Бирок жаан деле жаабаса керек. Ал жердин түштүк жагы анча алыс эмес, кадимки Кызыл-Кум чөлү экен. Ошол кездеги картага түшүрүлгөн жер аттарына таянышып П. П. Семенов-Тяншанский жана Н. А. Аристов жазышса керек.

Семенов-Тяньшанский Боом капчыгайын Буам жана Бом деп атаган. Боом атайын кербен жолу болгон эмес. Буум, Бугам жана Туюк деген түшүнүккө жакын.

Мындан башка, Гумбольдт Берлинде Түндүк Тян-Шанда жанар тоо атылган, мага ошонун чордонунан үлгү ала кел деп Семенов-Тяншанскийге тапшырат. Семенов-Тяншанский жанар тоо атылган жерди тапкан эмес, кейпи, Шамшы ашуусунун батышынан суу атылып агып, бир топ убакытка чейин атылып турганын кимдир бирөөлөр ал жөнүндө кабар жеткирсе керек.

Боом капчыгайы болсо бул чөлкөмдөгү эң коркунучтуу кербен жолу болгондугу байкалып турат (Бернштам А. Н. Чуйская долина. Труды Семиреченской археологической экспедиции // МИА. 1950. № 14. с. 26.).

Кастек (Кашат) ашуусу өткөн тоо түрктөрдө, алардын ишеними боюнча, ыйык тоо болуп эсептелет жана Теңирден болуп кеткендиги айтылат (В. В. Бартольд. Бишкек, Сорос-Кыргызстан, 1997-год, «Шам.», с. 110.).

Бул бел Кашат, Шамчы ашуусу (азыр Шамшы ашуусу) деп аталат, тарыхта бул ашуу Теңирдин, Кудайдын ыйык жери болгон дегени бар.

Тянь-Шанга жана Нарын Ат-Башыга барчу жол Шамшы-Кочкор ашуусу аркылуу өтүп турган (А.Н. Бернштам. Бишкек, Сорос-Кыргызстан «Шам», 1997-год, с. 417).

Кашат (Шамчы, Шамшы) ашуусу орто кылымда, Кашкар, Ат-Башы, Кочңар-Башы жана Суяб шаарларын Чүй өрөөнү менен байланыштырган бирден бир ашуу болгон.

Ашуунун түбүндө кербендер Теңирге, Кудайга сыйынып, шам жагып, ушул белден аман-эсен өтүп кетели деп зыярат жазагандыгы жана бара-бара Кашат ашуусу Шамчы Занби, Шамси, Шамшы болуп өзгөрүлүп кеткендиги байкалат жана эл ичинде айтылып жүрөт. Бул жөнүндө Шамшы айылынын тургуну 87 жаштагы Жумагазыдан уктум.

Ашууларга жакын жерлерден табылган артефактыларга караганда, Шамшы жана Кемин тараптагы ашуулар көп пайдаланылганы, ал эми Боом кийин эле 19–кылымдын экинчи жарымынан баштап орустардын келиши менен ачылганы маалыматтарда бар.

Азыркы Кыргыз тарых музейинде турган Шамшы айылынан табылган 27 коло буюмдар катылган жерге барып караганда, бул буюмдар кийин сел алып кеткен шаарлардан табылганы билинди. Себеби сел жүрүп кеткен жердин үстүнө көмүлүптүр.

Чүй өрөөнүнөн Синьцзянга кеткен жол Боом капчыгайы аркылуу эмес, Чоң-Кемин, Көк-Ойрок ашуусу аркылуу Ысык-Көлдүн түндүк жагына Чолпон-Атанын тушунан чыккан (А. Н. Бернштам. Бишкек, Сорос-Кыргызстан, «Шам», 1997- г., с. 416.).

Ак-Бешим шаары Чүй суусунан алыс, түштүк жагында, кийин Шамшы ашуусу жагынан жана Боом жагынан келген сел кордойлоп жеген саздактуу Кең-Булуңду түзгөн ойдундун түштүгүнөн орун алган, ал жерди казышканда буддизм, несториан жана христиандарга таандык курулуштар табылган. Түрк элдеринин мусулмандарына таандык болгон артефактылар аз табылган. Бул шаар Суяб сыңары жок болуп кеткен эмес. Боом (Буум, Бугам) капчыгайы туюк болгон. Чүй (Кочкор) суусу Ысык-Көлдөн агып чыккан эмес, бирок Ысык-Көлгө куйган жана\же 2 миң жыл мурун Көк-Мойнок, Орто-Токой-Кочкор өрөөнүнүн чыгыш жагы өзүнчө көлдөр болгон.

Кочкордун борбору 1803 метр же азыркы Кум-Дөбөдөн (Кочкор-Башы-Суябдан) 115 метр ылдый, ал эми Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1610 метрде турат жана 1200–жыл мурун азыркы деңгээлинен 100 метр ылдый деп жазылган маалыматтарда. Демек, Чүйдүн (Кочкордун) суусу көлгө дайыма куюп турган.

Байыркы жазма булактарда баяндалгандай, Ысык-Көл биздин доорго чейинки 7-кылымда сыртка агып чыккан эмес (Плоских В. М. История и проблемы: исследование затонувщих памятников Иссык-Куля. Часть 7. Баракелде .ру. 30. 07. 2012.).

Сюань Цзань үч көл бар экен деп жазат. Ошол кезде даана эле үч көл болгон: Ысык-Көл, Көк-Мойнок көлү жана Орто-Токой көлү. Чүй суусу Орто-Токойго кошулуп, андан ашканы Ак-Өлөң жагы менен Ысык-Көлгө куюп турган. Ушул жерден айта кете турган сөз: Сюань Цзань Боом капчыгайы менен эмес, Шамшы ашуусу менен Чүй тарапка кеткени, ортодон Суяб шаарын тапканы, ал азыркы Кум-Дөбө айылындагы Кырк-Чоро, Төрт-Күлдүн чалдыбары экени анык.

Автордун божомолу боюнча, Чүй дарыясы 1200 жыл мурун өзүнүн суусун толук көлгө берип турган. 1000-1500 жыл илгери Ысык-Көлдүн деңгээли азыркыдан ылдый болгон. Кургакчылыктан көл азайып 100 метрге ылдыйлап кеткен. Кургакчылыктан эмес, көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү менен көл төмөндөп кеткен, төмөндөгөн көлдү толтуруп, азыркы абалына келүүсү үчүн 5-6 кылым убакыт кеткен.

2 миң жыл илгери Ысык-Көлдүн бийиктиги 1640 метрге барган. Чүй суусу Ак-Өлөң өрөөнү тарабынан көлгө куйган. 13-19-кылымдарда аба ырайынын нымдуулугу көбөйгөн сайын көл 1815,5 метрге чейин көтөрүлгөн (А. О. Конурбаев. Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: Проблема не решена.).

Көлдүн чыгыш жагы чөгүп кеткенден кийин көл деңиз деңгээлинен 1610 метр эмес, 1500 метрдин тегерегинде болгону маалыматтарда бар. Эгерде 1818,5 метр бийиктикке көл келсе, анда азыркы Кочкор, Кара-Тоо. Арсы жана Семиз-Бел, Ак-Жар айылдарына чейин көл болуп турган десек болот. Ал эми Ысык-Көлдүн акваториясындагы бардык шаарлар, турак жайларды көл каптап кеткен болот. Бардык тарыхый маалыматтарда кургакчылык (регрессия) 11-кылымдан башталып, бир нече кылымдан ашык созулганын жазышат. Анда Сизиң-Көл, Сөң-Көл эмес эле, азыркы Орто-Токойдон батышты көздөй Кочкор өрөөнүнүн жарымына чейин созулган узун көл болгон.

Чүй суусунун башындагы, түндүк жагындагы Кочкор-Башы-Суяб шаары караханиддердин ордо кенти (азыркы Кум-Дөбө айылы жайгашкан жердеги шаардын чалдыбары) деп айтууга толук негиз бар.

Караханиддердин ордосу экендиги 2012 жылы жайында айдоодон табылган үч жез (фелс) тыйындан байкалды. Анда 444-449-жылдарга (1052-1057ж.) таандык экендигин тарыхчылар аныкташты. Карахандардын бийлигинин убагында 435/ 454ж.ж. (1043-1044-ж.). Шереф-ад-Дин (Арслан–хан Сулейман) мамлекетти экиге бөлүп, өзүнө Кашгар менен Баласагунду калтырып, калган жерди туугандарына бөлүп берген. (В. В. Бартольд. Бишкек, Сорос-Кыргызстан, 1996-год, «Шам.», с. 403.). Муну жазып жаткан себебим: биз тапкан тыйындардын бирөөндө бир жак бетинде “Ла илаха илалах, мухаммадан расулулах”, экинчи бетинде Шараф-ад-дин деп титулу (унван) жазылганы окулду, калганы өчүп калган. Бул жерде байланыш бар экендиги байкалып турат.

Бул жерде сепилдин ичинде тегирмен, кирпич, карапа идиш бышырган устаканалар, айнек эриткен устакана, темир устаканалары, мечит-медреселер жана ханакалар болгондугун, кан сарай, аскерлердин жайлары болгон деп маалыматтарда жазылган. Миң жылдан бери бул жер далай жолу казылып, кыргыздар, уйгурлар, монголдор, калмактар байлык издешкен. Орустардын келиши менен Кочкор өрөөнүндөгү Темир Болот жана Борукчу болуштугунда кыргыздар мүрзө казыптыр деп, ар түрдүү буюмдарды таап алышкандарын жана эл арасына атайын кыргыздардан баканооз адамды коюшуп, табылган буюмдарды жана артефактыларды Ташкенге алып кетип турушкан. Негизи кыргыздар мүрзөдөн башка сел менен агып, өрөөндүн талааларында жана тоонун этектеринде топуракка көмүлүп калган буюмдарды жана артефактыларды таап алышып, сарттарга жана уйгурларга сатып турушкан. Орустардын келиши менен сатууга катуу тыюу салынган. Бул жөнүндө ошол кезде Ташкенден чыгып турган «Туркестанские ведомости» деген гезиттин 1897-1910-жылдардагы сандарына жарыяланып турган. Сыртка чыгып турган бышкан кирпичтерди алып, башка курулушка пайдаланышкан. Мисалы, Бектен деген бай адамдын күмбөзүн сепилдин кирпичтери менен курушкан. Совет мезгилинде кемегеге бузуп кетишкен.

Көпчүлүк курулуштар көмүлүп калгандан кийин асты көңдөй боштуктар пайда болгон. Бул боштуктардан ар түрдүү буюмдарды алып чыгышкандар жөнүндө фактылар бар. Бир нече күндөр бою суу толбогон боштуктар бар. Бул боштуктарга кирип да көргөнбүз. Жер астындагы боштуктагы курулуштарды 1958-жылдан кийин булдозер менен топурак–таш менен толтуруп, айдоого айландырышкан.

(уландысы бар)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-06-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык
50247

09-02-2015
Кочкор өрөөнүндөгү аламат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши

47174

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×