Добавить статью
22:32 9 Июня 2016

Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык

Сагынбүбү Сабырбекова 1949-жылы Кочкор районунун Кызыл дөбө айылында туулган. Орто мектепти 1966-жылы окуп бүтүрүп, Кыргыз улуттук университетин филология факультетине кирип, аны 1972-жылы бүтүргөндөн кийин Кочкордо жана Комсомолдо мектептерде мугалим болуп кыргыз тил адабиятынан сабак берип келген. Мектепте иштеп жүргөн мезгилде 1989-жылдан баштап аалам менен байланыш түзүлүп, бул адамга өзгөчө касиет берилип, аян келип, сен элди дарылайсың, ишиңди тышта десе болбой иштеп жүрдү. Бир топ жылдар кыйналуудан кийин ооруулуларды көрүүгө аргасыз болду. Пенсияга чыккандан бери оорулуларды көрүп тамырын кармап,биоток менен дарылоо жана дем салуу менен айыктыра баштады.

2000-жылы илхам келип Сейтектин уулдары Алымсарык Кулансарыкты жазып , аны 2010 –жылы жазып бүтүрдү. Бул жерде Жусуп Мамайдын вариантынан айырмаланып Сейтектен Кенен болсо, бул варианта түз эле Сейтектин балдары болуп жазылган.

Алымсарык менен Кулансарык.

Бисмиллахир рахманир ирахим.

2000 жыл, 4-декабрь саат 2:00 – 3:00дө жазылды.

Биз Сейтектен төрөлгөн эки эгиз Алымсарык менен Кулансарык элек. Энебиздин аты Айганыш, насили кыргыз, атабыздын үчүнчү аялы болчу. Ал киши акылдуу аял эле. Ага тууган, эл-журт айтканын эки кылбай сыйлаша турган. Кара торунун сулуусу,ургаачынын узу болчу. Чоң энебиз Каныкейден кийинки уздун бири десек жаңылыш айтпайбыз. Атабыз Сейтек баатыр жана эл менен жуурулушкан кедей-кембагалдарга кайрымдуу, ырайымдуу, акылы жетик, айкөл адам болгон. Кадыр баркы кыргыз элине гана эмес, тектеш казак, өзүбек, тажик, түркмөн элдерине белгилүү эле. Албетте, кытайлар менен карама-каршы алакасы жок оолак болор эле. Аларды сөөк өчтү душмандар качандыр бир убакта өч алууга умтулушат деп сак боло турган.

Биздин бала чагыбыз ордодо өттү. Чүкө ойноп, ат чаап, эр эңиш, улак тартыш жана да башка кыргыз элинин баатырдык оюндары күрөш, чабышуу, ат салышуу сыяктуу оюндарды ойноп, бей капар турмушта өстүк. Тогуз жашка келдик. Экөөбүз бири-бирибизден бөлүнбөй, бирге жатып, бир туруп, бирге ойноп, ар дайым бирге болоор элек. Алымсарык мага караганда бойлуураак, өтө зирек, баамдагыч, көзү ойноктоп өткүр эле. Эгерде ачуусу келсе, көзүнөн ажыдаардын сүрү, шердин үнү чыгаар эле. Мени ар дайым эркелетип, ар кандай оюндарда аяп коёр эле. Бирок мен чапчаң, илбирстей илгич, жолборстой сүрдүү, карышкырдай катаал элем. Алышканды апчып, тирешкенди чапчып түшөөр элем. Ошентип экөөбүз эр жетип, оозко кире баштадык. Сейтектин балдары канык тартты, эстүү десең эси бар, баатыр, эч кимге эрк бербеген, бабасы Манастай канкор болот дешип оозго алына баштадык. Тегерегибизде тууган-туушкандын балдары ар дайым кошамат айтып, көзүбүздү карап турушчу.

Ата наркындай кырк жигит курадык. Аларды жоо келсе каршы аттанууга машыктырып, далай күндөрдү өткөрдүк. Машыккан учурубузда атабыз Сейтек жоро-жолдоштору менен келип, карап турушаар эле. Эки жатка бөлүнүп, кадимки уруш оюнун ойночубуз. Алымсарык бир жактын башчы баатыры, мен экинчи жактын башчы баатыры болуп салгылашчубуз. Эки жак көбүнчө тең чыгып, бири-бирибизди жеңише албай калчубуз. Ой, бул Сейтектин эки эрени биринен бири өткөн, жоого алдырбас баатыр болушат. Мейли, өсө беришсин. Жоо келсе эл жерди коргойт, бизди душманга туткун кылбай, жерибизди душманга, жатка тебелетпей сактайт, деп карыялар ыраазы болушуп, алкап, баталарын берип, тарап кетишчү.

Кырк жигиттин арасында биздин тууганыбыз Мадаминдин, Эштектин, Козугунанын балдары да бар. Алар да бизден кем калбаган баатыр балдардан эле. Кармашта көздөрү өрттөй жанып салгылашчу. Булар Абыке, Көбөш, Алты арам деп айтылып келген Манастын уулу Семетей чоң атабызга каршы чыккан кадимки Көбөштүн тукуму. Арадан нечен жылдар өтүп, ал учурдагы карама каршылык унутулуп, ынтымакта турчубуз. Жалпысынан, Жакып хандын тукуму деп аталчубуз.

Күндөрдүн биринде Сейтек атабыздын жетинчи аялы сулуу, бирок эси жок Эсенбүбү, Көбөштүн тукуму Эштектин экинчи аялы Алмакан менен уруша кетип, силерден бизге жакшылык жок, Манастын уулу Семетейге жакшылык кылбаган Бакдөөлөттүн жатынынан чыккан алты арамдын сийдигисиңер деп, эзелкини козгогон экен.

Алмакан муну эрине айтат, Атаң көрүү, биз канчалык ынтымакта туралык десек да, өзөгү өрттөӊгүрлөрдүн ичи арам тура, болбосо тиги Эсенбүбү бул сөздү өзү чыгара койгон жок деп, Мадамин менен Козугунага айтып, ызаланып, ызырынып, кына ойнойт.

2000 жыл. 5-декабрь. 14:00

Мына ушул окуядан кийин тууган ичинде ынтымак ыдырай баштады. Манастын тукуму Көбөштүн балдары деп бөлүнүшө баштадык. Мадамин деген чоң аталарыбыз өзгөчө ачууланып, каны ичине тартып, көзүнөн чаары чыгып, жутуп ийчүдөй карачу болду. Ал киши алп, касташканын кое бербеген аксым, өчүн алмайынча тыным бербеген наадан эле. Биздин кырк жигитибиздин арасынан да ырк кетип, Көбөштүн тукумдары Көбөштөп, ураан чакырып, бөлүнө башташты. Бул жорук акырындык менен катуу чырга айланды. Мадамин өзүнүн уругун жыйнап, ар дайым биздин Көбөштү Семетей өлтүргөн, агасын агалабаган акмак болчу, аларды кечирип унуткаралы десек, жаман сетерлеринен бери бизге өйдөсүнөт деген сөздөрдү мөндүрдөй жаадырып, көкүтүп жатты.

Сейтек атам бизди чогултуп алып, өткөн кеткенди айтып, ал окуяга кайрылган. Тууган ичинде нааразылык туудуруп, ырбаткан эси жок энебиз Эсенбүбүнүн чачын кыркып, эшекке тетири мингизип, төркүнүнө жеткиртип салды.

Баары бир бул чыр ырбай берди. Ордого келишпей, мурдагыдай оюн-тамаша көрүшпөй, карыялар ичтен сызып тымпыйышат. Балдардын арасында жиктешүү (кырк жигиттин) Көбөштүн тукуму – Манастын тукуму деп чакырышып мазакташа башташты. Алымсарык экөөбүз эмне кылып ынтымакка келерибизди билбей, ден дароо болуп, өзүбүзчө ичибизден тымпыябыз. Күндөрдүн биринде Манастын тукумун курут кылабыз дешип, жыйын куруп, өздөрүнчө даярданып жаткандарын койчулар айтып келишти. Муну атабызга айтып ортого ынтымак курууну өтүндүк. Карыялар чогулуп, акылдашып, тигилерди чакырып, эси жок аялдын сөзүнө терикпегиле, анын энчисин бердик, өткөн кеткен ылайыгы жок сөздөрдү унуталы, деп жарашууга аксакалдарды чакырышты. Бирок, чакырыкка келбей жол ашабыз, эч аянбайбыз, хан майданда кимдин ким экенин көрүшөбүз дешти. Оюнубу, чыныбы, кантип эле кан төгүшөлү? Ачуулары дагы тараар, кеп сөзгө келеер деп чечишти. Кантип эле хан Жакыптын тукуму эки жаат болсун? Болбогон ызаланган сөздөр өтүп кетет. Сабыр кылалы деди атам. Арадан көп убакыт өтүп, басылып калгандай болду. Бир түнү тарсылдаган добуш ач кыйкырык куу сүрөөн чабышуу Көбөштөгөн ураан чыкты. Биз уйкулуу көзүбүз менен турганда бир топ жигит Алымсарык экөөбүздүн буту колубузду байлап жиберишти. Оюну чыны экенине түшүнбөй, эс акылыбызга келе албай жаттык. Иии, Манастын мыкчегер тукумдары, колго түштүңөрбү? Төшүңөрдү тилип, туз себебиз деп ызырынды. Кечээ эле кошамат айтып чуркап жүргөн жигиттер. Уктап жаткан атабызды ордунан эле жайлап салышкан экен. Бизди кошоктоп алып жөнөштү. Эч аёсуз уруп, тепкилеп жатышты. Мадамин атабыздын алдына алып барды. Ал түнөргөн, ачуусу келген абалда бизди оо жексурлар, мына силерди опоңой эле курут кылабыз. Кылчылбыр менен чырмагыла деп буйрук берди. Кылчылбыр менен аёсуз чырмап таңып, тегерете кароол койдурду. Мадаминден эч кандай кечирим сурабадык, жалынбадык. Өлсөк бир көрдө болоорбуз, тирилсек бир жерде болоорбуз, деп ойлонуп жаттык. Арадан бир нече күн өттү, бизге эч ким келбейт, сөз сүйлөбөйт, анда санда кобур, жыйын болгондой үндөр чыгып калат - укпайбыз, чалап берип кетет, өлбөстүн күнүн көрө баштадык, чылбырлар денеге өтүп, күн-түн кыйналуудабыз. Эл журт эмне болуп жатканын билбейбиз.

Жылаӊайлак жер басып,

Түгөнбөгөн чөл басып,

Жер кезип келе жатабыз.

Дал ушундай болсун деп,

Чечим чыгарган экен

Мадамин чоң атабыз.

Колубуз артка байлануу,

Келе жатабыз жер кесип,

Жылаӊайлак бутубуз,

Качты биздин кутубуз.

Кишен бутта шалдырайт,

Айдоочубуз артыбызда,

Бат баскын деп калжырайт.

Күн батышка жөнөдүк,

Айласыздан бул зордукка биз көндүк.

Ачкалыктан алсырап,

Келе жатабыз кансырап,

Таман ташка тилинди,

Өткөнүн билбейм канча убак.

Эсим ооптур эндиреп,

Көзүмдү ачсам бир убак,

Кайда экеним биле албайм,

Жатыптырмын дендиреп.

Оозум кургайт чапталып,

Тилим тамагыма капталып,

Жаш жаным мынча кыйналды,

Кыйноосун такыр тыйбады.

Тууганым кылып зордукту,

Көрдүкко минтип кордукту.

Эки жагымды карасам,

Эч нерсе мага көрүнбөйт,

Жаткан жерим чөл экен,

Астым кумдак жер экен,

Оодарылсам оң жакка,

Колумда кишен жок экен.

Сыздап денем ооруду,

Кырсык минтип тооруду.

Турууга чамам келбеди,

Табышта жок угулган,

Талыкшыйт денем сунулган.

Турмушун ушул турбайбы,

Кечеки көргөн бүгүн жок,

Алдамчыдай кубулган.

Денем ысып от болду,

Жанымда киши жок болду.

Бирде калам жөөлүп,

Бирде калам дөөрүп.

Эс учумдан мен тандым,

Эч нерсе сезбей мен калдым.

Арадан өттү канча чубак,

Көзүмдү ачсам кылдырап,

Оозума суу тамызып,

Жанымда адам отурат.

Оо бечера, сен кимсиң?

Томуктай бала экенсин,

Мынча кыйноо тарткыдай,

Жазыгын эмне садага?

Жашырбастан айтып бер,

Жамандык кылбайм мен сага.

Караан керек мага да,

Деп мага суроо салганы,

Чоочун экен бул адам,

Каякка кетти калганы?

Мен келе жаткам алыстан,

Көп караан өттү бул жактан,

Ээн талаа эрме чөлдө,

Адамдар минтип жүргөнүн

Кезиктирген эмесмин.

Жетейин деп сабалап,

Мен да жүрдүм талаалап,

Чарчап калып мингеним,

Жете албастан мен калдым,

Бул кимдер деп таңгалдым,

Ал аңгыча болбоду,

Бир жерге келип токтошуп,

Таштап кетти бир жанды.

Артынан келип карасам,

Томуктай бала экенсиң.

Эч нерсени сезбестен,

Денең ысып, от болуп,

Басууга дарман жок болуп,

Кыйноодон чарчап алсырап,

Жатыптырсың кансырап,

Эмне болоор экен деп,

Карап турдум канча убак.

Денең калды диртилдеп,

Суу тамызсам оозуна,

Ачылды кирпиктерин бириндеп.

Болотко адам бул дедим,

Таңгалып анан ким дедим,

2000-жыл. 13-декабрь.

Алып кетип үйүнө,

Кырк күн бакты аянбай,

Бул күндөрдүн ичинде,

Тирилип адам болупмун.

Өңүмө келип акырын,

Баштагыдан толупмун.

Өз сыныма келипмин,

Баатырдык сыным чыгыптыр,

Аман эсен айыгып,

А бирок, бир тууганым ойлонуп,

Күндө уктабай кайгырып,

Эстегенде миң аракеттен өтөмүн,

Жүрөгүм сыздап чыдабай,

Эмне кылаарым биле албай,

Кандай күнгө туш болдук,

Айтканын элдин тил албай.

Элимди эстеп сагындым,

Көйкөлүп жаткан көк шибер,

Жеримди эстеп сагындым,

Шыңкылдап күлүп ойногон,

Оюнга такыр тойбогон,

Керилген кашы кермекаш,

Келинди эстеп сагындым.

Дүмпүлдөк ойноп дүпүлдөп,

Жүгүргөн күндү сагындым.

Тулпар минип жарышып,

Ат аябай салышып,

Кумардан чыкпай кызыгып,

Эки жаат болуп сайышып,

Кылычтар калып майышып,

Ал ан сайын эрэркеп,

Чокмор менен чабышып,

Оюнга канып аябай,

Каткырып күлүп калышып,

Саамал кымыз кана ичип

Жүргөн күндү сагындым.

Ата-энем түшүп оюма,

Каңырыгым түтөдү,

Эмне болду алар деп,

Күйүтүм минтип күчөдү.

Айыктырган атакем,

Баласы анын жок экен.

Отурсам турсам каралайт,

Жалынып жанын аябайт.

Кудай берген балам деп,

Мен байкушка сабалайт.

Эстүү киши эмеспи,

Эл жеримди сагынып,

Жүргөнүмдү ал сезди.

Алаксысын дедиби,

Атын токуп мингизип,

Көрүнүп турган көл деди,

Арал деген аты бар,

Аралап көрүп кел деди.

Көп убакыт жол жүрүп,

Көлгө жеттим акыры.

Көл экен көркү келишкен,

Көз кумарын кандырып,

Мен укмушмун дегизген,

Кем эмес экен деңизден.

Ак куу жүрөт, чил жүрөт,

Мурунтугун чапкылап,

Аябай зор пил жүрөт.

Тотугушу сайраган,

Булбулу андан калбаган,

Тоо куш чуркап жүгүрсө,

Кенгуру жүрөт салпактап,

Баласы чөнтөгүндө жан сактап.

Укмуштар мында көп экен.

Арстан, жолборс, илбирси,

Көк жал жана түлкүсү.

Көзү көрбөй күндүзү,

Түндөсү көрүп салпактап,

Учуп жүрөт үкүсү.

Бири бирин кубалап,

Жеп жүрөт аны күчтүүсү.

2000-жыл. 14-декабрь.

Жеримди эстеп, бук болдум,

Оо, жараткан кудайым,

Кандай бир күнгө туш болдум?

Ата-энемден кабар жок,

Бир тууганым Алымсарык дагы жок,

Ушундай болдум багы жок.

Олтурсам эстеп нес болуп,

Калыптыр күн кеч болуп.

Баргым жок үйгө, кантейин?

Айласыздан илкип жөнөдүм,

Багып тиккен атама,

Түн кирди, эрте жетейин,

Эгерде болсо бир жардам,

Эл-журтума кетейин.

Астымда тулпар атым жок,

Чокмор кылыч сыр бараң,

Касиеттуу куралдар

Калдыго тээ алыста.

Уялашым кайда деп,

Кантип табам айла деп,

Эси көөнүм башкада.

Жарак жабдык болбосо,

Кайда барам качканда?

Сарсанага батамын,

Таң атканча уктабай,

Түйшөлүп коюп жатамын.

Акыл береер киши жок,

Ойлонуп, күйүп ичим чок.

Эртең менен мен туруп,

Денизди көздөй жөнөймүн.

Кечке жүрүп ал жактан,

Түн ичинде келемин.

Башка менен ишим жок,

Акыл айтаар киши жок.

Тентиреп жүрөм карачы,

Кечеги көргөн бүгүн жок.

Арадан нечен күн өттү,

Күн эмес далай жыл өттү.

Он үчкө жашым жетиптир,

Тартайып боюм өсүптүр.

Томуктай болгон бечера,

Карачы эр жетиптир.

Маектеп барам аралга,

Эл журтум көрүп келгенсип,

Чечилип сүйлөп каламда.

Козголуп кетет көп убак,

Жүрөгүмдөгү жарам да,

Ал учурда жатамын,

Дартымды кимге айтамын?

Бир убакта мен туруп,

Баягы үйгө кайтамын.

Жардам берем атама,

Ит агытып куш салып,

Арадан түлкү алдырам,

Жасап алган жааны

Чер жазганча аткылап,

Моокумумду кандырам.

2002-жыл. 27-январь.

Далай жыл өтүп арадан,

Бир тууган кетип санаамдан,

Эстесем жүрөк бир туйлайт.

Элеси кетпей жанымдан.

Бир атадан жаралган,

Уялашым жоголуп,

Майышат минтип кабыргам.

Деңиз бир толкуйт күрүлдөп,

Бороон болсо батыштан,

Толкундар уруп жээкке,

Балыктар калат жээкте.

Бир күнү, түнү кетпестен,

Деңизди тиктеп отурсам,

Аралдан күйгөн от көрдүм,

Жакшылап дагы карасам,

От күйүп турду бир топко.

Ал жакта адам жок эле.

Бул кайдан чыккан от дедим,

Далайды ойлоп отуруп,

Барсамбы дедим аралга.

Баары бир башта бир өлүм,

Эмне болгонун көрөйүн,

Ажалым жетсе өлөйүн.

2003-жыл. 25-декабрь.

Аралды көздөп жөнөдүм,

Ажалым жетсе өлөөрмүн.

Турмушта минтип жүргөнчө,

Туруштук берип көрөйүн.

Жалгыз аяк жол менен,

Жабыркап жүрөк өрттөнүп,

Жалгыздык түшүп башыма,

Жалооруп эстеп өткөндү,

Жай баракат шалбырап,

Арманым түтөп күйүгүп,

Отту көрүп ийрилип,

Жөнөдүм мен ийилип.

Эээ жаратканым эмне дейин?

Башка түштү көрөйүн,

Мусаапыр болдум жашыман,

Муңканып ыйлап башынан,

Түгөйүмдү жоготуп,

Күн-түнү ыйлап жашыгам.

Кетти экен кайда түгөйүм,

Кантип издейм билбеймин,

Эл-жеримден ажырап,

Талаада калдым каңгырап.

От чыккан жакты тиктеймин,

Аралда кимдер жүрдү экен?

Адамдар барбы ал жакта?

Жашоосу кандай болду экен?

Жабыркап жүргөн мага окшоп,

Ал дагы мендей жан бекен?

Жоо жарагын камдаган,

Тайгандарын агытып,

Кумардан чыгып чардаган,

Ээлигип эркин кутурган,

Эл бийлеген хан бекен?

Жүрөктөй болгон аралдан,

Түтүн чыгат жүлүндөй,

Көрүнүп кээде көрүнбөй,

Көрүнбөй калса ал түтүн,

Өчө түшөт үмүтүм.

Созолонсо асмандап,

Үмүтүм күйөт жалындап,

Албырып жүзүм алоолоп,

Көзүмдөн отум чачырап,

Жөнөймүн чуркап тызылдап.

Мен бир муӊдуу жан болдум,

Муңканып жүрүп дал болдум.

Кошо жүргөн түгөйүм,

Дайыны чыгып билинбей,

Карааны көзгө илинбей,

Караан туткан бир боорум,

Каякка житип жоголду?

Сени бир издеп таба албай,

Кантип ишим оңолду?

Ээн талаа эрме чөл,

Кыйын болсоң издеп көр,

Астында атың болбосо,

Кийерге тонуң болбосо,

Жоо жарагың жок болсо,

Шилтеген кылыч болбосо,

Чапканга чокмор болбосо,

Атканга очогор мылтык кой чагыр,

Жанымда жок, кантейин?

Жаштайымда болгон мусапыр,

Кай тилекке жетейин.

Көздөгөнүм аралга,

Көз ирмебей баратам,

Аралга кантип барам деп,

Ой келет ар тараптан.

Сал жасадым жыгачтан,

Өлсөм өлүп калаармын,

Жай албайт жаным барбасам.

Эмне болсо да көрөйүн,

Ушинтип талаа кезгиче,

Бир жаңсыл болуп кетейин.

25-декабрь.

Бисмиллах.

Алыста калган Таласым,

Эл журтум эсен бар бекен?

Киндик кан тамган, туулган жер,

Көркүңдү сенин сагындым.

Аппак кар жаткан талаам,

Демиңди сенин сагындым.

Эр жигит кылып өстүргөн,

Элимди менин сагындым.

Шыңкылдап күлгөн капасыз,

Кыз-келинди сагындым.

Ат чабышып ойногон,

Теңимди менин сагындым.

Эмчек сүтүн эмизген,

Энемди менин сагындым.

Ак сакалын жайкалткан.

Адилет сүйлөп, ак айткан.

Көкала сакал жайкалткан,

Көп ичинде так айткан,

Карыларды сагындым.

Ордо атышып ойногон,

Оюнга такыр тойбогон,

Чалыкпаган чабандес,

Теңимди менин сагындым.

Көк кашка болуп, суу аккан,

Мөлтүр булак кошулуп,

Жеримди менин сагындым.

Ит агытып, куш салган,

Төрүмдү дагы сагындым.

Ушинтип жүрөм ай дүйнө.

Шорго бир минтип кабылдым.

Ажибек деген аксакал,

Элимде менин бар эле,

Адилет сүйлөп, ак жүргөн,

Элге алынган жан эле.

О, балдарым, уксам да,

Көбөштүн чыккан бир боорум.

Ак санабас дээр эле,

Кандай сүйлөйт бул киши.

Орунсуз сөздү көп айтып,

Карыганда, дээр элем,

Чаламалдын чак түштө,

Эки колум байланды.

Бирге жүргөн тууганым,

Душманыма айланды.

Тукум курут кылам деп

Кырылып өлгөн кылам деп,

Ээн эрме чөлгө таштады.

Кыйналып жатып өлсүн деп,

Азабын минтип көрсүн деп.

Бийликти өзүм алам деп,

Эл журтту өзүм билем деп,

Манасыңдын тукумун

Минтип кырып салам деп.

Өз сөзүнө бекем турду,

Бир боорумду минтип кудай урду.

Алыста калдым алсыз болуп,

Эрме чөлдө жансыз болуп.

Керегим тийбей эч кимге,

Келе албай бир чечимге.

Не кылаарым биле албай,

Аралды көздөй жөнөдүм.

Не болот бара көрөөрмүн.

27-декабрь.

Шарпылдап толкун агымы,

Жээкке келип урунат,

Ичине катып көп сырды,

Жаткансып деңиз туюлат,

Көк ирим болуп көгөрүп,

Көп сырды ичке чөгөрүп.

Көл толкуну шарпылдап,

Жээкке урунуп тартылат,

Кооздугун көрүп таң калдым.

Жашоого сунуш артылат.

Асманга тиреп тоолору,

Шаңкайып турат зоолору.

Бүркүттүн үнү шаңкылдап,

Канатын кагып талпынат,

Буйгадан качып түлкүсү,

Бултактап барып жок болот.

Буларды көрүп адамдын,

Бир паска мууну токтолот.

Аралды карап ойлонуп,

Кыялым миңдеп толгонуп,

Адам барбы бул жерде?

Эгерде болсо ал киши,

Не кылып жүрөт болду экен?

Жашабас адам бул чөлдө,

Алыстан бүлбүл көрүнөт,

Көңүлүм санга бөлүнөт,

Тобокел кылып жөнөдүм,

Ал жерди барып көрөйүн.

Жүрөктөй болгон аралга,

Барууга кыйын адамга,

Токойдон жыгач тандадым

Бир кишилик баткандай.

Өзүмө сал жасадым,

Агымы менен суунун,

Эркин коюп акырын,

Калакча менен башкарып,

Толкун менен арбашып,

Жөнөп калдым жармашып.

Суу менен жүрүү кыйын иш,

Кетет экен далай күч,

Агымы ылдый жөнөдүм,

Аралчаны көздөдүм.

Ээликкен жаным тынчыбай,

Суу ичинде каламбы?

Же болбосо көрүнгөн

Аралчага барамбы?

Тилекти берсе кудайым,

Бактымды кайра табамбы?

Алыстан катуу жол жүрдүм,

Ат аябай мол жүрдүм,

Туугандын тартып азабын,

Туурума көнбөй кыйналдым.

Жоо жарак жок колумда,

Туулган жер дайым оюмда.

2010-жыл. 15-май.

Отурам жалгыз жалдырап,

Тагдырым менин табышмак,

Алыстан бүлбүл көрүнөт,

Байкалдын көлү ташкындап,

Ал ортодо байкасам,

Көрүнгөн кырдын башынан,

Жүлүндай болгон от чыгат.

Бул кандайча болду деп,

Көз ирмебей караймын,

Ошол тумшук четинен,

Эрбендеген караан көрүнөт.

Карап бир аны отуруп,

Көңүлүм сыздап бөлүнөт,

Бул эмне болгон жандык деп,

Көрүнгөнү чынбы деп,

Көзүмдү кайра ушалап,

Дааналап аны көрүүгө

Аракет кылдым бир топко,

Ал жака басып барууга

Денемде ал күч жокко.

Ушундай экен тагдырым

Урушуп кирбей чет жоого,

Душман менен кармашпай,

Тууган менен арбашып,

Талаада калдым алсырап.

Биле албаймын тактыгын,

Арадан өттү канча убак.

Баарын кылган Мадамин,

Чоң атабыз эмеспи.

Тукумун өзү жериген,

Чоң катасы эмеспи?

Элимден бизди айрыган,

Жазыксыз кордоп балдарын,

Кең Байкалды жай кылган.

Кулансарык кайда деп,

Уктабай чыгам ойлонуп,

Бир карында жатканбыз,

Эмчегин ээмп эненин,

Жетелешип басканбыз.

Кең кол Талас жеринде,

Ала-тоо кыргыз элимде.

Жеримди эстеп сагынам,

Эмчек сүтүн эмизген,

Тай кунан менен жарышып,

Урушуп, кайра табышып,

Күрөшүп, буттан чалышып,

Кайрадан кучак жайышып,

Ордодо чүкө атышып,

Чийинди жаза басышып,

Жарпыңды минтип жазышып,

Теңимди эстеп сагындым.

Ала-Тоо кыргыз жер кайда,

Бээ байлап, кымыз ичишип

Чатырап жаткан эл кайда?

Кулуну элем кыргыздын,

Сенделип калдым мен кайда,

Талаада калып эл журтсуз,

Аллам бир малдың бейпайга.

Аскасы көк тиреген

Ала-Тоо кыргыз элденмин.

Чабышып жоого аттанбай,

Кырчылдашып салышпай,

Жан аябай калышпай,

Найза менен сайышпай,

Ак келте менен атышпай,

Көрө албаган туугандын

Азабынан келгенмин.

Жазымышты көрөйүн,

Ажал жетсе өлөйүн,

Көрүнгөн тиги тумшуктан,

Эрбендеген караанга

Басып барып көрөйүн.

Баласы болсо адамдын,

Жан жолдош кылып алайын.

Болбосо эгер азамат

Арманым айтып калайын.

Көгөрүп мелмилдеген көл үстүндө,

Ак-куулар сүзөт айкашып.

Жан-жаныбар келе жатса алыстан,

Чарк-чарк этип уча качат байкашып.

Койкойгон мойнун узартып

Балырга кирет жем издеп,

Айлана тып-тынч мемиреп,

Күн жашынып тоолорго,

Күүгүм тартып бара жатат

Акырындап күн кечтеп.

Күндүн илеби кайтып, акырындап,

Желип жорто шамал келип салкындап,

көлдүн үстү кара көк тартып шуулдап,

Күндүзгү жылуулук кетип закымдап,

Түнкү салкын келди жер муздап.

О, жараткан, эми кайда барамын,

Күйүп, өчүп алоолонуп жанамын.

Бара жатам бир кылчайбай артыма,

Тиги жерде бирөө тосуп тургансып,

Аралап камыштарды,талбай барам,

Отурат карасам от жанында жалгыз караан.

О, шумдугун кур,

Бул эмнеси?

Адамбы же көрүнүп жатабы элеси?

Жок андай эмес даана экен,

Отурат далысын салып ары карап,

Бул ким деги ээн талаа эрме чөлдө?

Адамзат неге жалгыз ойлуу турат.

Сырдуу арал жээгинде сырдуу киши,

Жанында эки дөбөт жатат комдонуп,

Анда санда ырылдап оңдонуп.

Эттен кесип ыргытат дөбөттөргө,ойлуу тиктеп

Олтурат тиги неме,

Лап эттире илип алып тамакты.

Жыт алышып мени көздөй карашты.

Арсылдап үрүп эки дөбөт,

Мени көздөй атырылып келет,

Катуу чочуп далбастаган ал киши,

Бул эмне болду экен дегенсип,

Бери көздөй кадам таштап басып келет.

Таңгалып бир топко дел болуп,

Туруп калдым ар нерсени ойлонуп.

Өңүмбү же түшүмбү?

Өзгөчө болуп көрүндү,

Самтырап кийими жыртылган,

Санаага баткан бул адам,

Алп мүчөлүү денеси,

Келишкен бою келбети,

Алсырап турат ал неси.

Карасам сырдуу кишини,

өңүмбү же түшүмбү.

Окшошуп кетти нур жүзү,

Карагаттай көздөрү,

Бой сымбаты келбети,

Кэчээги өзүм жоготкон

Уялаш бир тууганым,

Кулансарык эмеспи?

Бакырып басып жыгылдым,

Эсимен танып турупмун,

Ал дагы мени кучактап,

Жаш баладай ыйлап турат бышактап,

О, жараткан, күнөөбүз бар кандайча?

Ажырадык не себептен эл журттан?

Кандайча сен келип калдыӊ бул жакка?

Бул аралга кимдер келип таштады?

Айтып берчи окуяны баштагы,

Мен эсимди жоготконмун эч билбей,

Сенин кайда кеткенинди мен көрбөй,

Эс учумду жыйганымда

Көрүнбөдү жан адам.

Шилтей албайм алды жакка бир кадам.

Кулансарык кебин минтип баштады.

Ошол иттер! Сүйрөп мени жөнөдү.

Бирикпесин экөө келип кайрадан.

Кала берсин, тирүү калбайт мунусу,

А тигини таштайлы барып аралга.

А да өлөт, ит өлүмүн көрүп талаада.

Аябастан мени кыйнап сабашты,

Тукуму болсоң Манастын,

Жаткының ара талаада,

Таштабасак бул жерге,

Калабыз биз да балаага.

Бир тайган тууган экен эки күчүк.

Кимдир бирөө күчүктөрдү таштады.

Кичинекей куржунуна батпады.

Кала бердим мына ошонтип аралда,

Эс учумду жоготупмун, билбеймин,

Катуу жааган жаанда турдум шөмтүрөп.

Бүткөн боюмду басып калтырак,

Чыйрыгып турдум катуу алсырап.

Жаан жаады, сел жүрдү

Толкуп ташып деңиз шуулдап,

Ооруп жаттым катуу кыйналып,

Этим ысып денем дуулдап,

Кош айтчыдай жашоо менен бир күнү,

Ажал менен кармашып,

Алпырышып жаттым күн-түнү.

Ачкалыктан денем алсырайт,

Бирде жыйып эсимди,

Жан далбастап кыйналам.

Эс учумду жоготуп,

Жатып калам тырпырап.

Кантип калдым билбеймин,

Ошол оор абалдан.

Арадан канча күн өттү,

Убакытты билбедим.

Кээде жаным кашайып,

Туугандарды тилдедим,

Ушул алга алып келген,

Кайсы айбан жин дедим.

Таштап кеткен күчүктөр,

Тайган болуп чонойду.

Кармап келип суур, каш кулак

Мени бага башташты.

Шишкебек кылып этти жеп,

Ошону менен ирдендим.

Ал-акыбал оңолуп,

Өткөн күндү эстедим,

Жарышып жүргөн балачак,

Курагымды эстедим.

Керилип жаткан кең Талас,

Турагымды эстедим.

Ак чөлмөк ойноп дуулдаган,

Келин кыздар кайым айтып ырдаган,

Селкинчек тээп чардаган,

Кыз-куумай ойноп куушкан,

Ат жалында ойногон,

Оюнга такыр тойбогон,

бактылуу кезди сагындым.

О, биле албаймын, жараткан,

Кандай бир күнгө кабылдым.

Экөөбүз айтып муң-кайгы

Тыйылбады жашыбыз.

Жомоктой өткөн бала чак,

Кайрылып кайра келбеди.

Күз ирмем өтүп билинбей,

Жүрөгүм сыздап дегдеди.

Өткөндү мындай таштайлы.

Экөөбүздүн мындан аркы

Жашообузду баштайлы.

Муңдуу көз жаш тыйылып.

Шүгүр дедик буга да.

Кудай кошту экөөбүздү,

Үмүт оту жалт этти,

Учкун болуп алыстан.

21-май.

Бир нече күн биз ал жерде тыныктык

Эми жашоо кандай болот ким билет?

Ар ойлонуп, бери ойлонуп акыры,

Аракет кылууну чечтик.

Кантип элге жетебиз, кандайча кылып кетебиз?

Биз ойлодук, тыныгууну азыраак,

Жолго кам көрүү керектигин,

Тамак аш жыйнап алууну,

Күн жылып жаз келгенде

Чыгалы деп чечим чыгардык.

Айлар өттү арадан, каардуу кыш алыстап

Жаз да кирип келди,

Камдаган күл азыкты көтөрүп,

Жолго чыктык кудай деп,

Ажал жетсе өлөөрбүз,

Азап болсо көрөөрбүз.

Ашуу ашып таш бастык,

Жан адамга көрүнбөй,

Жашыруун кетип бараттык.

Айбан да болсо тайгандар,

Жаныбызга эш болду.

Күн батып, күүгүм кирип кеч болду.

Отту жагып, жылтылдатып,

Эт бышырып, жеп жаттык.

Күн, түн жүрүп чарчагандан,

Катуу уйкуга кирипбиз.

Бака-шака добуштан,

Чочуп кетип ойгондук.

Чубашып төөлөр келатат.

Эң астында Ак-Буура,

Өркөчтөрү бүлкүлдөп,

Чуудалары силкилдеп,

Оозунан ак көбүк атып,

Ээ жаа бербей келатат качып.

Артынан ээрчип бууранын

Төөлөр келет чубашып.

Байкап жакшы карасак,

Кербенчилер көрүнөт.

Кыжылдашып сүйлөшүп,

Бастырышат жай гана,

Алдыраак төөдө отурган

Аппак сакал абышка.

Уйкусу келип, үргүлөп,

Тебетейи сеңселип,

Кементайды жамынып,

Адам окшойт сөөлөттүү.

Качпайлы дедик ушундан,

Жалгыз жарым жүргөнчө,

Кошулалы сүйлөшүп,

Булар менен бир далай жерди басабыз.

Андан ары жакын калса,

Акырын жылып качабыз.

Ассалом алейким Азиз төрө атабыз,

Салам бердик тосуп чыгып алдынан,

Үргүлөгөн ал адам,

Умачтай көзү ачылып,

Карап калды биз тарапты,

Алдыртан карап абдан

Кыраакы көзүн салды эми.

Баарлашууга келди сөздүн ыңгайы,

Оо балдарым, экөөңдү карап отурсам,

Жөнөкөй жигит эмессиң.

Бүркүттөй шаңшып учкан,

Ылаачындай илгир,

Сын сыпатың төрө тукуму,

Балбан билек жайык төш,

Көздөрүн курч тике караган,

Башкача экен турпатыңар,

Кайсы жер, кайсы элден болосуңар,

Уругуңар ким болот?

Ата-бабаң эр экени,

Теңдешсиз шер экени,

Айтылып турат дапдайын,

Жашырбай айткын балдарым.

Силерге жоо тийдиби?

Курал жабдык атыңардан ажырап,

Калдыңарбы талаада?

Жоодон качып чыктыңарбы?

Арга калбай башкача.

Баатыр болсоң кел бери,

Сурашалы, сүйлөшөлү өткөндү,

Деп аксакал кепке келди.

Бул суроого кандайча жооп беребиз?

Айталыбы чындыкты, же жалганды?

Көрөгөч акылдуу жан экен,

Калпыбыз билинсе уятко,

Чындыкты жашырбай айталы,

Туура сөздөн баштайлы,

Айталы ата чындыкты,

Биздин бабабыз шер Манас,

Чоң атабыз Семетей,

Сейтектин уулубуз,

Ала-Тоо кыргыз элибиз,

Кең Талас болот жерибиз.

Абыке, Көбөш алты арам,

Бир тууганы Манастын,

Башынан каршы болушкан,

Манасты көрө албаган,

Айкөл Манас бабабыз,

Чегине аны жашырган.

Жоону жеңип, эл багып,

Сазайын алган катылган,

Көз өткөндө Манастын,

Жоготууга тукумун

Аябай жатып киришкен.

Семетейди өлүмдөн

Сактап энебиз, Карахан көздөй тентиген.

Ошол жакта чоңоюп,

Чоң атабыз Семетей жетилген.

Элине ал кайтканда,

Чоң атасы Жакыпбай,

Тазалайын көзүн деп,

Семетейге уу берген.

Бакайга шербет суу берген.

Ууну берип дөбөткө,

Арамдыгы ачылган.

Семетейди эл каалап,

Кубаныч менен тосушкан.

Элин коргоп душмандан,

Бейпил жашап турушкан,

Көбөш менен Жакыпбай,

Жок болгон Семетейдин колунан,

Буга окшогон чоң ата,

Болбогондур он сегиз миң ааламда.

Жек көрүп эл Жакыпты,

Чыгарышты эсинен.

Арадан өтүп көп жылдар,

Семетейдин баласы,

Сейтек төрөлдү,

Душманынын колунда.

Чоң энебиз Айчүрөк,

Канатына калкалап,

Эр кылды, эр уулу менен тең кылды.

Өчүн алып Кыяздан,

Күлчорону сакайтып,

Өчкөн отту тамызып,

Келишти кең Таласка.

Арбактарга сыйынып.

Куран окутуп бабабыз Манаска.

Биз төрөлүп Сейтектен,

Эгиз бала болчубуз,

Атыбызды коюптур,

Капылет келген думана.

Аллам бала берди эгиз,

Болсун балдардын телегейи тегиз.

Элдин алды болсун,

Балдарга бакыт кушу консун.

Эли жерин коргогон,

Тайманбаган эч кимден,

Колдогону эл болсун.

Бабасындай шер болсун.

Оомин, деп бата кылып,

Көздөн кайым болгон экен.

Атыбыз болду Алымсарык, Кулансарык,

Тай-кулундай тебишип,

Кош эмчекти эмишип,

Каз-каз туруп, тез басып,

Канат кактык талпынып,

Чыбык минип, ат кылып.

Аралап Кеӊ кол Таласты,

Ат ойнотуп жарыштык,

Колго алып куралды,

Оюн куруп чабыштык.

Түпөктүү найза сунушуп,

Эки жаат болуп урушуп.

Кээде жеӊип, же жеӊилип,

Балалык менен алыштык.

Бабабыз биздин шер Манас,

Түпкүлү кыргыз элибиз,

Атышкан жоодон тайманбай,

Баатыр келет элибиз.

Качырганын куткарбас,

Накыл келет элибиз.

Акылдуусу башында,

Калайыгы кашында,

Күн-түн айткан тажабай,

Акын келет элибиз.

Караӊгыда көз тапкан,

Капылеттен сөз тапкан,

Айтылуу Бакай бабабыз,

Көтөрүп чапкан Жолойду,

Балбаны Кошой бабабыз.

Чөлкөмдө жок кырк чоро,

Эрдиги болгон башкача,

Ынтымакка келишкен,

Ырыскыны бирге теришкен.

Азизкандын Алманбет

Баласы нурдан деп айтат.

Кыргыз эл нурдан жаралган,

Нур чачып Алла ааламдан.

Анда эмесе Алманбет,

Түпкүлүгү кыргыз деп,

Айткандыгы данаа кеп.

Ажыдаар тилин жат билип,

Сабаттуу болуп кат билип.

Баатырдыгы ашынган,

Андан да өтүп кетиптир

Акылы тетик жагынан.

Оӊ жагында кабылан,

Сол жагында ажыдаар,

Колдоп турат экөөлөп,

Алдында жалаӊ периште,

Баштап алган Алманды,

Канаты бар наристе.

Мунун баары түгөнбөйт,

Айта берсеӊ көбөйөт,

Түгөнгөн сайын түтөгөн,

Түмөндүү кыргыз элибиз,

Жазган сайын түгөнбөйт,

Санжыргалуу сөзүбүз.

Чоӊ энебиз Каныкей,

Темиркандын кызы экен.

Өзүнүн аты Сан Рабийга,

Шер Манаска туш болгон,

Никеси хандын деп жүрүп,

Каныкей болуп өзгөргөн.

Кыз алат экен кыргыз эл,

Улуту башка өзгө элден.

Шер Манасты кудайым,

Кыргызга берген болчу,

Тентип кеткен кыргызды,

Бирден терген болчу.

Башын сайып эл үчүн.

Кытай менен чабышып,

Куткарып чыгып өз элин,

Айтылуу Кеӊ кол Таласка,

Көчүрүп келген болучу.

Коӊурбай менен кармашып,

Ажыдаар менен арбашып,

Бакай, Кошой, Алманбет,

Сыргак, Чубак, кырк чоро

Өлүмдөн кайра тартпастан,

Бээжинди жеӊген эл ошо.

Кайсы бирин айтайын,

Эмне үчүн тентип калганым,

Башка бир балаа салганым,

Тууганым болуп каршылаш,

Киндик кан тамган жеримден,

Кутмандуу кыргыз элимден,

Мусаапыр болуп сандалып,

Калганымды айтайын.

Жакыптын экинчи аялы,

Бакдөөлөт болгон энебиз.

Ал төрөптүр алтыны,

Чоӊ энебиз Чыйырды,

Ааламга чыккан атагы,

Алышып жоо жеӊбеген,

Атышып мылтык өтпөгөн,

Кабылан чоӊ атабыз шер Манасты төрөгөн.

Атабыз теӊдеши жок эр болуп,

Кабылан баатыр шер болуп,

Өз билгенин бербеген,

Айкөл экен шер Манас.

Жоодон түшкөн олжону,

Тең бөлүшкөн эр Манас.

Дүнүйөкор Жакыпты, көп жактыра бербеген,

Алака кылып эл менен.

Ошон үчүн Жакыпбай

Абыке, Көбөш,алты арам,

Көрө албай ичинен,

Акылга кошпой койду деп,

Ар качандан бир качан,

Өөйдөсүнөт өзү деп,

Жактырышпай Манасты,

Бийлик талаш кылчу экен.

Алы жетпей баатырга,

Унчуга албай калчу экен.

Абыке, Көбөш, алты арам,

Ичинен тынып жүрчү экен.

Кезеги келсе өч алып,

Бийликке келип турууга,

Эл башкарып, корчоңдоп,

Кыргызга башчы болууга,

Чоң казатта жарадар болуп,

Эр Манас акыры каза болуптур.

Эри өлгөн аялдын,

Төркүнү жакын болот деп,

Жакшылык кылбайт бул алтоо,

Темиркан көздөй качып кет,

Деп керээзин айткан экен

Энебиз Каныкейге.

Канкорлор элди эзишкен,

Салык салып чокчоӊдоп,

Төлөбөсө кээлери,

Уруп кирген корчоӊдоп.

Ошондуктан калайык,

Алты арам деп аташкан.

Көрүнгөндө төбөсү,

Жашырынып качышкан.

Жоо болуп элге тирешкен,

Баш көтөргөн киши жок.

Билгендерин кылышкан.

Сүйлөсө бирөө туура кеп,

Артынан түшүп кырышкан,

Бийликтен эл тажады,

Калыстык болсо бизге деп,

Кембагалдар зарлашты.

Мындайды укпай көөдөктөр,

Билишинче чардашты.

Семетей келип жерине,

Элине кайтып кошулду.

Тосуп алды калайык,

Семетейдей баатырды,

Эмне кылаарын билишпей,

Канкорлор качып жашынды.

Тазалап баарын теп-тегиз,

Бийликке келип отурду,

Чачырап кеткен кайран эл,

Кубаныч менен кошулду,

Душманды тосуп кайрыды,

Атасынын кунун кууп,

Жоону жеӊди Семетей,

Бейкут жашап жатканда,

Канчоронун кастыгы башталды.

Жедигердин Кыязын,

Макулдатып достошуп,

Алдап келип жоо менен,

Оӊой жерден кармашып,

Күлчоронун кечирин оюп кул кылып,

Каршылашып, тул кылып,

Ордону алып тактыга,

Отуруп калды Канчоро.

Айчүрөк кетип туткунга,

Сейтек калып боюнда,

Амалкөй катын Айчурок,

Чоӊойтуп бала эр кылды,

Эр уулу менен теӊ кылды.

Күлчоронун далысынын кечирин

Аяш ата Момунжанды чакырып,

Айыктырды.

Чачылганды чогултуп,

Кыязды жеӊип акыры,

Көчүп барып Таласка,

Канчорону Күлчоро жара тартып олтурду.

Ошентип менин атам келди бийликке. Дагы эле көрө албастын айынан атабызды өлтүрүп, туткундап алып, бизди ара-талаа, какыраган чөлдө, арам өлүп, Манастын тукуму жок болсун дешти.

Буларды айтып сайрадым,

Булбулдай болгон үн менен,

Кубарып бирде кумсарып,

Ачууланган түр менен,

Карыя укту кунт коюп,

Какшап бир айткан кебимди,

Баардыгы чындык кеп,

Манастын тукуму экеним тегинби.

Оо бир топко ойлонуп,

Күӊгүрөнүп толгонуп,

Карыя кебин баштады,

Оо балдарым угуп тур,

Мен дагы бир кездерде

Баатыр элем, шер элем,

Колдочу эле мени да,

Жараткан мени бир эгем.

Эл жеримди коргодум жат душман каракчылардан, эл башында турдум туу болуп, бирок менен арманым мага перзент бербеди жараткан. Балалуу болом деген ой менен аял алдым бир нече, андан шыбаа болбоду, оюм ордунан чыкпады. Карыганда моминтип, артымда жок туяк деп, зарлап ыйлап келатам. Ичимен сыздап кан өтөт, тышта жүрүп алаксып, күн артынан күн өтөт. Мен айтайын балдарым, тууганга кайра барсанар, ачыгып турган арамдар, силерди тытып жеп коет. Киши ордуна көрбөстөн, жигиӊерди билгизбей, өлгөнүӊдү тиргизбейт, өчкөн отун тамызбайт, Таласына баргызбайт. Колуӊда күчүн болбосо, аргымак атыӊ жабдыгын жана дагы жан тартып сага болушаар дос-тууганыӊ жок болсо, экөөӊдү ким тоотот? Баарылап туруп тигилер жаш өмүрүӊ кыйышат, жоготтук деп душманды, бири бирин тыйышат.

Анда эмесе балдарым,

Акылга чогулуп келели,

Мага бала болгула,

Аттан тондон кийгиле,

Мени менен жүргүлө,

Шер Манастын тукумун

Мен да колдоп берейин.

Калганын кийин көрөйүн,

Деген кепке келишти.

Бул сөзүнө көнүшүп,

Ээрчип жүрүп беришти.

Кадырлуу экен ал киши,

Байлыгында чеги жок,

Акылында кеми жок,

Багып алдым эгиз бала деп,

Элге журтка таанытып,

Астыбызга ат берип,

Үстүбүзгө тон берип,

Колубузга куш берип,

Ойноп күлүп чер жазып,

Унуткун деди өткөндү.

Биз күттүк кайра көктөмдү.

Оюн куруп ойнодук,

Ит агытып куш салдык,

Жааны керип атыштык,

Кызыктарга батыштык.

Ал жерден жигит чогултуп,

Дос-тамыр күтө баштадык.

Туура сөз сүйлөп так жүрүп,

Алынып калдык элге биз,

Жоо жаракты камдадык,

Билгизбестен тымызын,

Жүрсөк да шатман ал жерде,

Күйүтүбүз толтура,

Үшкүрүнүп калабыз,

Эл жерди эстеп олтуруп.

Арадан бир топ жыл өттү,

Карыянын көзү өттү,

Керээзин айтып кетти эле,

Бул эл сага эл болбойт,

Бул жер сага жер болбойт,

Максатыма жете албадым аяктап,

Билинбестен акырын камданып,

Жаныӊарга макул болгон досту алып,

Тымызын жүрүп кеткиле.

Эл жерине бараарсыӊар,

Өчүӊөрдү алаарсынар.

Ошентсе да балдарым,

Ынтымак болуп кенешип,

Ар нерсени акылга салып чечкиле.

Атанын сөзүн эскерип,

Куран окуп, аш берип,

Эч бир жанга билгизбей,

Курал-жабдык камдадык.

Тандадык тулпар аттарды,

Арасы канча күнчөлүк,

Божомолдоп сүйлөштүк,

Азык түлүк мол алып,

Сырдашып жүргөн эки дос,

Жүрмөй болду биз менен.

Алар да бештен дос кошуп,

Чыгып кеттик түн менен.

Акылдашып, кеңештик,

Таласка шар барбайлы,

Беш – алты күн аңдыйлы,

Жиберели думана кылып,

Арабыздан бирөөнү.

Барып, билип, сыр тартсын,

Кимдин ким экенин.

Эл журт кандай абалда.

Кимге баш иерин.

Сейтектин тукуму жөнүндө сөз кылып,

Билдирбей тартып тамырын,

Аябай аӊдап ой кырын,

Баарын чактап билели,

Ылайыгын таап анан,

Кирген суудай кирели.

Жашынып кокту колотко,

Ылайыктуу жер таптык.

Аттарды да жашырып,

Кароолдо туруп бирөөбүз,

Ар нерсени шай кылып,

Өтө сактык керек деп,

Алдырып койсок бул жолу,

Өрт өчкөндөй болорбуз.

Тамырыбыз кыркылып

Калаарыбыз аныкко,

Тал чыбыктай кыркылып,

Куурарыбыз аныкко.

Арабызда Эликбай деген бар эле,

Куйкум сөздүү, жатык тил,

Санжырага бай эле.

Колуна алып комузду,

Жамактатып ыр ырдап,

Черибизди жазуучу.

Ошону биз эп көрдүк.

Думана кылып окшотуп,

Комуз берип колуна,

Куржун салып ийнине,

Кудайым өзүӊ колдо деп,

Жөнөтүп ийдик Таласка.

Дүрбүнү алып колума,

Көз жиберип карасам,

Кен кол жатат керилип,

Кайра имерип карасам,

Кароол дөбө көрүнөт.

Анын этек жагында,

Күмбөзү турат Манастын.

Бабамдын көрүп күмбөзүн,

Көргөндөй болуп мен өзүн,

Катып калган муӊ чыгып,

Манастап ураан чакырып,

Ыйлап ийдим бакырып.

Түн ичинде жашынып,

Күмбөзгө барып сыйындым.

Өксүп- өксүп ыйладым,

Көзүмдүн жашын тыйбадым,

Жериӊен тентип кеткенмин

Тууганыӊ кылып кыянат.

Мумканып турган өзүмдү,

Катыгүн кимдер тыя алат?

Таӊга жакын калгында,

Күӊгүрөнгөн үн чакты.

Көрүнүп көзгө, көрүнбөй,

Бир жылт этти элеси,

Белги берип жатканы,

Колдогону эмеспи?

Куран окуп, бата кылып,

Досторума жөнөдүм,

Эликбайдын кеткенине

Беш-алты күн болуптур.

Ай жаӊырып, толукшуп,

Он бешине толуптур.

Эмне кабар алып келет,

Сүйүнтөбү ал бизди?

Же тигилер шекшип калып,

Бир балага калдыбы,

Кобурашып отурсак,

Тайганы бар ээрчиткен,

Куш агытып аӊ уулаган.

Мергенчи экен карасак,

Капилеттен чыга алды,

Теке маӊдай алдыдан.

Салам берип сыр билгизбей,

Алды-жайды сураштык.

Жолоочубуз, келе жаткан алыстан,

Жүрбөй калып атыбыз,

Бир-эки күн тыныктык.

Кайра сапар тартабыз.

Мен Таластан, Кен-кол болот айылыбыз,

Бейпил турмуш. Көр тирчилик кылабыз.

Элибизди бийлеген Мадамин,

Манастын тукумун кырып жок кылды.

Дагы эле бийликти талашып,

Эки жаат элибиз,

Карчылдашып, жайлоо талашып,

Эки жаат болуп сабашып,

Бирине бири баш ийбей.

Бөлүнүшүп турушат.

Бир жылда эки-үч жолу урушат,

Арадан өтүп бир топ күн,

Жанына коштоп бир адам,

Эликбай келип калганы,

Ал жүрүптүр айылда,

Тыӊчы болуп тымызын,

Ар кимдин кирип үйүнө,

Кайыр сурап самтырап,

Ачкалыктан алсырап,

Элдин жайын билиптир.

Эки жаат экенин кээ бирөөлөр айтыптыр,

Мадамин жексур адам деп.

Өз тукумун кырган деп,

Тындырып тыйпыл кылган деп,

Арбагы урат Манастын,

Эртедир, кечтир, бир күнү.

Кайыр сурап думана,

Далайды угуп билиптир.

Кээ бирөө менен сүйлөшүп,

Ич койнуна кириптир,

Эгерде тирүү болсо Алымсарык, Кулансарык,

Эмне кылат элеӊер?

Сөзүн сүйлөп алардын,

Жардам кыласыӊарбы,

Же болбосо жогол деп,

Таш менен урасыӊарбы?

Деген кезде думана,

Э, сен кайдагы кепти айтасын,

Эми эле келе тургансып,

Алардын жигин билгизбей,

Жок кылган аны кап-качан.

Азыр башыӊ алынат,

Атын атап кеп кылсаӊ,

Мадамин какбаш чал кылды,

Тукумун курут кылып Манастын,

Эки жаат болуп урушат,

Кырылышып турушат,

Алы жетпей Мадаминге,

Болгондо тирүү балдары,

Бизден эл минтпейт болчу,

Каалаган жайлоо конушка,

Элибиз барып конуучу.

Сөз айта албай, октолоп,

Кошоматын бек айтып,

Акыл, насаат, кеп айтып,

Отурушчу карылар.

Эскеришип кеп кылышат,

Колдорунан эч нерсе келбейт,

А бирок кекенишип турушат.

Сен айткандай тирүү болсо балдары,

Эл-журт араӊ турушат,

Көпчүлүгү колдойт Манас тукумун,

Араӊ турган немелер,

Мадаминди кууп чыгышат.

Калыстык кылбай элине,

Эки жаат кылып тукурат.

Кып-кызыл болуп көздөрү,

Карышкырдай кутурат.

Сейтектин учурун айткандын,

Оозун каӊдап жап кылат.

Зөөкүр чалыш жигиттер,

Чаӊ салышып кутурат.

А бирок бар арабызда,

Жоо жарагын шайлаган,

Жини келип бычактарын кайраган.

Баштап чыккан баатыр болсо,

Алсак дешет бийликти кайрадан.

Эликбай сырдуу жылмайды,

Өӊүнөн өчүп муӊкайгы,

Эмесе угуп тур деди,

Тамаша оюн кур деди,

Сейтектин балдары

Алымсарык, Кулансарык

Тирүү кутулуп чыкты зындандан,

Мадамин салган азаптан.

Колдосоӊор аларды,

Чоӊ казатты салалы.

Алар даяр турушат,

Жарак-жабдык ат менен.

Ачык оозго билгизбей,

Жыйгыныӊ эр жигитти.

Кошулушсун жоо жарагын камданып,

Калышпасын Мадаминге алданып,

Билгизбей элди курады,

Келди десе баатырлар,

Көпчүлүк эл кубанып,

Тосууга даяр турушту,

Чогулушуп атка минерлер,

Өзүнчө жыйын курушту.

Эзелкини эстешти,

Мадаминди кектешти.

Көрүнбөй кокту колотко,

Жашырынып жатышты.

Алып келгин думана,

Баатырларды батыраак.

Эсендешип алалы,

Өткөндү эске салалы,

Акылдашып алалы,

Анан жоого баралы.

Деп ошентип Эликбайга кошуп бериптир жанындагы жигитти. Ассалом Алейким баатырлар, туугандын тартып азабын, туурунан кетип калгандар. Шумкарларды таптай албай жаӊылып, алданып Мадаминге, арманда калдык биз. Ач, жылаӊач жүрүп, кордук көрүп, келиптирсиз акыры. Атаӊыз Сейтекти кумжан кылышты, айткан сөздөн кайтпады, арачы бербеди Мадамин. Баарыбызды капилеттен басты, кимдин эмне болуп жатканын аӊдабай калышты.

Күтүп жаткан элди көздөй жөнөдүк, кошулуп элге, ал-жайды сурашып, бейкапар жаткан Мадамин чалга баралы. Колго түшүрүп алалы. Башкалар каршы чыкпаса, бөөдө кыргын болбой калалы деп чечтик.

Ордону көздөй жөнөдүк. Аппак боз үйлөр тигилип, келин кыздар бээ саап, бейкапар айыл жатыптыр. Чүкө ойношуп жаш балдар, кымыз ичип, ангеме сөздөн салышып, кептин кызыгына батышып, отурган экен карылар. Кырдан чыга бергенде, Манастап ураан чакырып, кирип барды калыӊ кол, айылды курчап калдык. Эмне болгонун билбей элейип, тургандар катып калды селейип. Арабыздан чыгып бирөө жар салды: «Э, Мадамин чал, чыккыныӊ! Манастын тукуму тирилип келди. Кандай кеп сөзүӊ бар, айтып кал» - деди. Мадаминди сүйрөп чыгышты. Өз тукумун курут кылган чал кимге жакшылык кылат. Элди бузуп жарып, жакшы жашоо берген жок, чабыштырып бири-бири менен мына келди элдин ээси, Алымсарык, Кулансарык. Отурсун тактысына калыс башкарып. Бул чалды тирүү койсок бузукулугун кылат дагы эле деп, башын алып салышты. Ошентип атабыздын конуш жайытын алып, элдин башы болуп, жоодон элди сактоого керек болсо кан жанды аябай кызмат кылууга ант бердик. Чектерди кыдырып көрүп, итерке салдык. Жаш балдардан жигиттерди курап, аларды коргонууга, чабуулга өткөнгө жана башка жоокердик оюндарды ойнотуп машыктырдык. Айлар, жылдар билинбей өтуп жатты. Ал ортодо элге алындык, жашоо шартын жакшырттык. Бейпил турмушта жашап жатты.

Отурсак, кароол карап, удургуган чаӊ чыгат, анны көргөн адамдын жаны чыгат. Жоо келе жатат күнчүлүк жерде. Элге берип кабар, өтө чукул арада аскер жыйнадык. Кирип келди калмактар, жоо тумандай басып артка чегинип аӊдып жаттык. Тушма туш келгенде, качырып кирдик. Найза менен сайышып, чокмор менен чабышып, кылычташып эки жак, кырылып жатты. Кан суудай акты. Биз тарап тоо таяна качты. Тигилер кууп жөнөдү. Мына ушул жерден кыргын салдык. Көп жоокерден айрылган душман, артка чегинип, кача баштады. Артынан кууп салгылаштык. Чек арадан кууп алардын жерин бастык. Үйүр-үйүр жылкыларды айдап, көптөгөн душмандын чаӊ тополоӊу чыкты. Өзү катылган жоо жеӊилип, багынышты. Калмактын ханы кылып Алымсарыкты көтөрдүк. Ал ошол жерди жердеп калды. Таласка келип той бердик. Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү уладык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы

Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу

Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы

Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия

Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь