Добавить статью
15:34 16 Апреля 2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы

Тарыхый маалыматтарда Суяб шаары карлуктардын, түрктөрдүн, түргөштөрдүн карахандардын кан ордосу деп жазылат.

Суяб шаарынын Х кылымда жок болуп кеткени жөнүндө СССРдин байыркы шаарлардын тарыхы боюнча жазылган тизмеде эмне болуп жок болуп кеткени белгисиз деп турат.

Тараз педагогика университетинин профессору ,тарых илимдеринин доктору С. Байтлен, Казакстандын окумуштуусу, тарыхчы археолог К.М. Байпаков түрк каганатынын ордосу, казах элинин ата бабаларынын ордосу Суяб шаары Х кылымга чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып андан кийин жок болгон кайда деп жазышат.

Ошол эле мезгилде Х кылымда кыргыз каганаты кыйраган эмне болуп кыйраганы белгисиз, 840 жылы түзүлгөн кыргыз каганаты белгисиз себептен 80 жылдан кийин 920-923 жылдарда жок болгон.

Ошол эле мезгилде орус чыгыш изилдөөчүлөрүнүн эмгектеринде Ысык –Көлдүн чөгүүсү 1000-1200 жыл мурун болгондугу , азыркы дээңгелинен 100-110 метр ылдыйлап кеткендиги аныкталган.

1995-жылы Манас эпосуна 1000 жыл деген салтанатты өткөрдүк. Көптөгөн тарыхта Манас 1100 жыл мурун жашап өткөн деп келишет.

Ошол мезгилде кара кытайдын кол салуусунан качып, Жакып хан Алтайга барып, Опшур менен жер айдап,малын багып ,заарлап жүрүп ал жерде Манас төрөлүп, эр жетип торолгондо, Ата мекениме ,ата бабамдын жерине, үзүлгөндү улаймын, чачылганды жыйнаймын деп эли менен келгенин, курама топтоп журт кылып, кулаалы таптап куш кылганын, жолуккан адамды өз элине кошуп алып, эл кылганын ынтымакка чакырганын билебиз.

Манас баатырдын үзүлгөндү улаймын, чачылганды жыйнаймын дегени ушул Ысык-Көл менен Кочкордогу аламааттан кийинки чачылган элди жыйноо максаты экени көрүнүп турат же болбосо эмнеге чачылат эле,эмнеге үзүлөт эле. Эгер биз Манасты ушул окуяларга кошсок жалпы тарыхыбыздагы айырмачылыкты азайтабызбы деген ой келип турат.

Кум-Дөбө айылындагы Суяб деп аныктаган шаардан тапкан артефактылардагы кыргыз элине мүнөздүү кыргыз оймолору, мүйүз оймо, умай эне оймолоруна караганда кыргыздар көчмөн эл болбой эле туруктуу жашаган эл болгон.

Кыргыз эли көчмөн болбой Х- кылымдагы аламаатка чейин туруктуу жашап элдин үчтөн эки бөлүгү жер иштетип, аштык айдап, кол өнөрчүлүк кылып, устачылык кылып, кылыч , найза, жаанын жебеси жана тиричилик буюмдарын жазаган соотун соккон адамдар болгонун Х кылымдагы аламааттан кийин көчмөн элге айланып, Чүй суусунун түштүк жагы батышка, түндүк жагы чыгышты көздөй тентигенин, үзүлүп чачылганын сезе алабызбы? Кыргыз элинин шаарларда жашап , өз мезгилиндеги маданияттын жана цивилизациянын жетишкендигин колдонуп, кол өнөрчүлүк, темир устачылык, бышкан кирпичтен салынган, суу түтүктөрү менен суу киргизилген үйлөрдө жашаган ж.б. тиричиликти баштарынан өткөргөн эл болгон десек болобу? Же курал жаракты жазоо , болгон тиричилигин көчмөндүүлүктө ат үстүндө өткөргөн дей беребизби.

Х кылымдагы Ысык-Көлдөгү аламаат жана Кочкордогу топон суунун жүрүшү бир мезгилде болгону байкалат. 2012-жылы 16-ноябрда болгон кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган жыйында Новосибирск академиясынын профессору, тарых илиминин доктору, археолог Ю.Худяков минтип айтты: Х кылымда кыргыз элинин адам саны өтө азайган же “Исчерпали человеческие ресурсы” деди. Бул цитатаны эмнеге келтирди. Эмне болуп адам саны азайды, согуштан кырылыштыбы, эпидемия тийдиби, бир жакка көчтүбү белгисиз. Балким ушул биз айткан аламаат , көлдүн ичинен табылган миңдеген адамдардын сөөктөрү ушул болуп жүрбөсүн.

XIX кылымдын экинчи жарымында келген орус изилдөөчүлөрү Чайковский, Колпаковский, Аристов, Фетисов, Ригель, Кузмина жана башка көптөгөн орус тарыхчыларынын Ысык-Көлдүн жээгинен жана ичинен көрүшкөн миңдеген адамдардын сөөктөрү кыргыз каганатынын ордо борбору болгон Суяб шаарынын, ошол шаар турган Кочкор өрөөнүндөгү башка турак жайлардан экенин билишкен эмес.. Айылдын аймагынан табылган адам сөөктөрү азыркы адамдардан бир жарым эсеге чоң экенин көргөнбүз, ал адамдарды отурган жеринен эле селдин топурагы басып калганын көргөндөр айтып жүрүшөт. Ушул аламааттан кийин кыргыз эли үзүлүп , чачылганы байкалат. Ушул алаамааттан кийин кыргыз эли көчмөн элге айланып, XIX кылымдын отузунчу жылдарына чейин көчмөн болгондугу маңдайына жазылганбы.

Адам баласы болгондон кийин аял алып, балалуу болуп, орун-очок алып, бир жерге байырлайт. Бак тигет, суу чыгарып, аштык айдап мал багып, шаар курат.

Н.А.Аристовдун эмгегинде “элдин бузулуп, тууган тууганга карабай, байлык бийлик үчүн ар түрдүү жамандыкка барышып, адамдар бир-бирине жакшылык кылгандан көрө байлык үчүн жан талашып, көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калганда, бузукулук көп кылышкандыгы үчүн кудай талаа жазалап суу каптаткан ” деген уламыш бар. Мына ушул уламыш Кочкор өрөөнүндөгү Суяб, Баласагын жана башка шаарларга дал келип жатат.

Кыргыз каганаты Борбордук Азиядагы түрктөрдүн күч кубатынын соңкусу болот.

Кыргыз каганатынын кыйрашы, анын мааниси азыр жакшылап изилдене элек. Керек болгон маалыматтардын жоктугунан аны изилдеп үйрөнүү да өтө кыйын.

847-жылдан кийинки кыргыз тарыхы боюнча деерлик маалыматтар жок.

Е.Кычанов Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар.К.Жусупов. Кыргыздар, 2-том. 232 жана 248-бет.

Көк асаба газетасынын 23-декабрь 2015-жыл санында, VIII кылымдагы Кыргыз ажосу Жетисан Бекбай Багачордун Кытайдан табылган айкели жөнүндөгү Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу жазган эмгекте 822-жылы Бойла Кутлук Жархан же Яглакар хаган деген кыргыздын баш кишилери болгонун жазат. Бул хаган кытай тарых маалыматтарында эң көп баяндалган, 847-жылы каза болгон. Мындан кийин 1207-жылы Орус инал (Орозду) деген кыргыздардын баш кишиси турганга чейинки ортодогу маалыматтар жоктугу байкалат же болбосо кытайлыктар тарап менен байланыш орточо эсеп менен 350 жыл үзүлгөндүгү билинет.

Уйгурлар жеңилип калгандан соң кыргыздын зор мамлекети бир жүз жылга жетпестен тозгон. Б.Солтоноев. Кыргыздар каганаты. 4-бет

АУЦАнын окутуучусу, профессор, тарыхчы Чолпон Турдалиева өзүнүн Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу методикалык китебинде Америкалык дипломат Юджин Скайлер жөнүндө анын “Туркестан” китебинен Кыргыздар 10-13 кылымда экиге бөлүнүп кетишкендигин, теңи Тян-шань жана Памир тоолорунда, теңи Энисей дарыясынын баш жагында жашап калышкандыгын жазат. Эмне үчүн экиге бөлүнүп кетишкен? Ушул маалымат кыргыздар эки бөлүнүп, үзүлүп, чачылганы болуп жүрбөсүн.

Мурунку макалаларда жазган:

Бири кетти Кангайга,

Бири кетти Алтайга,

Бири кетти Эренге,

Бири түштү Тереңге.

Ушул аламаат экени билинип турат.

Кочкор өрөөнү десе эле Ысык-Көлдөн бөлүп карабаш керек. Кочкорду Ысык-Көлдөн бир кичинекей бөксө тоо Семиз-Белдин Кара-Тоосу бөлүп турган менен аба-ырайы климаты, Тоң, Балыкчы менен бирдей. Абел-Ремюзенин, Клапорттун. Е.Кузминанын, Чайковскийдин, Абылгазынын санжырасын, Үсөйүн ажынын санжырасын жана жакында эле жазылган Чоро Тукембаевдин чыгармаларын окугандан кийин кыргыздардын мекени Кочкор өрөөнүндө экенине көзүбүз жетти.

Муз доору жүргөндө кыргыздар Ысык-Көлдүн айланасында Кыргыз Ала-Тоосунун тосуп калуусу менен аман калгандыгы айтылат. Ошондой эле тажиктер Фергана өрөөнүндө жашагандыктан муз доорунда аман калышкан. Кыргыз менен Тажик генетикалык жагынан жакын болуп чыккандыгы Манас атабыздын тажик кызы Санрабиганы (Каныкейди) алышы башка улуттан албай эле,бир тууган кандаш, тектеш адамдын кызын алганы билинип турат.

Ал эми А.Н.Бернштам жазган согдиликтердин колониализациялоосу болбой эле, кандаш жана тектеш адамдардын чогуу жашашканы билинип турат. Согдиликтер өз тилинде сүйлөгөнү, ал эми Кыргыздар түркчө сүйлөшкөнү, кыргыздар өз эне тилин унутуп башка тилде сүйлөп калганбы деп ойлоого болот. Тиричилик үчүн жерди казганда чачтары сары, башы кадалган чоң адамдардын сөөктөрүн көргөнбүз, сары уйсундардын чачы сары, көзү көк чоң адамдар болгон дешет. Чач чирип эле саргарып калбаса, өз көзүм менен көргөнмүн. Уйсундар же усундар кыргыз элинин ата –бабалары экенин тарыхта жазылып турат. Биздеги мүрзөлөрдөн сөөктөн ДНКга анализ кылынса эле бардык күмөндүүлүк өзүнөн өзү жок болот.

Ак-Бешимдин (Суяб) айланасында аккан суу жок, суу менен чептин корголушу бир болот. Чепти суу менен камсыз кылуу шаардын айланасын суу толтурулган аң –чуңкур куруу, суу агып келбей калса кудуктан суу алууну камсыз кылуу, Ошондой эле чептеги анын айланасындагы эл дайыма суу менен камсыз болушу керек. Л.Р. Кызласов Ак-Бешимде көрүстөндөрдү казган убакта кыргыз-түрк элинин адамдарынын мүрзөлөрү табылбагандыгын толук сүрөттөп жазган.

Ошондой эле, Бурананын тегерегинде Алмалуу суусунан бөлүнгөн кичинекей Бурана суусунан башка суунун изи жок.Ал суу шаарды шаарды камсыз кыла алабы, эгерде душман келип сууну башка жакка буруп кетсе эмне болот. Кара Кытайлар келип чепти курчап 16 күндөн кийин 47 000 адам (балким 4700 адамддыр) өлүшү ал жерге кантип батты. Ал эми Кочкордо өлүктү катар тизип көмгөн (братская могила) үстүн акиташ менен зыянсыздырган мүрзөлөр өтө көп. Бурананын тегерегинде андай мүрзөлөрдүн изи жок.

Ал эми Кочңар-Башы, Кочкор-Башы шаары хронология жана клиометрия илими менен эсептегенде Махмуд Кашгаринин эмгегинде 150-160 жылдан кийин жазылып жатат. Бул өзү Махмуд Кашгаринин убагында Кочкор өрөөнүндө жарым-жартылай топурак- кум баскан Баласагун шаары жана азыркы Теңдик айлынын баш жагында салынган он гектардай жерди ээлеген шаарды Кочкор- Башы десек туура болчудай. Улам тереңдеп тарыхты изилдеген сайын жаңы фактылар менен толукталып, мурунку макалалардагы кээ бир окуяларды, көз караштарды өзгөртүүгө туура келет окшойт.

«ЫЙЫК МУРАС» тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти, Кайырбек Коңурбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу

Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык

Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия

Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык

Ааламдын сырдуу дүйнөсү

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Нет аватара
Kainarbek9
08:51, 07 мая 2016
Цитата: Kainarbek9 08:49, 07.05.2016


Нет аватара
Kainarbek9
08:49, 07 мая 2016
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь