Добавить статью
10:57, 15 апреля 2019 14720

Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө

Дагы бир жолу Суяб, Баласагын шаарлары жөнүндө. Автор: Турдумамбет Кызалаков (материал өзгөртүүсүз жарыяланат).

Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын тургуну «Ыйык Мурас» коомунун төрагасы Кайырбек Коңурбаев менен маек:

- Кайырбек мырза, эл оозунда айтылып келе жаткан «Бузулган Суу» жөнүндөгү легенданын изи менен Сиз иш алып баргандыгыңыздын аркасында жер астында калган шаарларды тапкандыгыңыз кыргыз журтчулугуна белгилүү. Маегибиз ошол жөнүндө болсун.

- Ысык-Көлдүн түштүк чыгыш тарабы 100-120 метр чөгүп Кочкор өрөөнүндөгү Шиш Чокунун батыш тарабынан эбегейсиз көп суу чыгып, өрөөндү сел, 10-кылымдын башында каптаган. Бул сел Кочкордогу туз кени чыккан тоого чейин жетип, туз алган жерлерди жууп кайрадан Ысык-Көлгө куйган. Ошонун натыйжасында көлдө туздун мерчеми көбөйүп, Кочкор өрөөнү, Тоң районунун батыш тарабы. Балыкчы шаары,Торайгыр айлынын жайгашкан аймактары чөлгө айланган.

Кочкор өрөөнүндө кургакчылык болуп, чөлгө айланганын КРСУнун профессору, тарыхчы археолог В.Д. Горячева өзүнүн 1983-жылдагы жазган эмгегинде ХVII кылымдагы Махмуд-ибн-Валинин жазганына таянып, Баласагын шаарында жашаган эл, ХII кылымда белгисиз себептен таштап кеткенин, ал шаарды кум басып, кумдун арасынан шаардын курулуштары көрүнүп турганын жазат. Кургакчылык болуп, суу жок чөлгө айланган Кочкор өрөөнүндө эл жашашкан эмес.

Баласагын шаары кумдуу дөбөлөрдүн чыгыш жагында жердин астында, селдин топурагы менен кумуна көмүлүп калган. Кочкор өрөөнүндө XVI кылымдын башына чейин кургакчылыктан эл жашаган эмес. 1988-жылы Октябрдын 60 жылдыгы атындагы совхоздун директору Саринжиев Жолдошбек Көк-Таш аянтынын четинен сенажка эки чуңкур кастырганда 50 сантиметр тереңдиктен бышкан кыштан салынган дубал чыкты. Дубал 1995-жылга чейин бузулбай турган эле, кийин ал тегеректен үлүш жер алган адамдар бузуп кете башташты. Азыр ал жерде бийиктиги 8 метр, хан сарайдын бышкан кыштан салынган имаратынын талкаланган төбөсү көрүнүп турат.

Сел Талды-Булак, Боктуу-Коо деген жерлерде 40 тан ашык үйдөй болгон жана андан кичинрээк таштарды Сарала-Саз жайлоосунан агызып келген. Ал эми Туз шахта санаторийинин ичин карап көргөндө, туз катмарларынын ортосундагы топурак катмарларда боз үйдүн чийи, кереге уугу, ар кандай ала кийиздер жана топоздун, аюунун териси кыпчылып калган. Бул селдин топурак куму, туз алынган жерлерге кирип толтургандыгы аныкталды. Космостон тартылып алынган сүрөттөрдө сел каптап кеткен жерлер агарып билинип, топурактын астында калган шаарлардын курулуштарынын сөлөкөттөрү байкалат. Сел Кум-Дөбө, Ак-Жар, Көк-Жарды каптап, батыш жагындагы азыркы Ак-Учук, Ак- Талаа, Орток жана Комсомол (Тамчы) айылдары турган жерлерди да талкалаган. Анткени ал жерлердин топурагы туздуу, аянттар эшилме бош кум топурактан турат. Топурактын туздуу экенин 1875-жылы келип изилдеген орус геологу В.Н. Мушкетов Геологические и орографические описание Тянь-Шанья. Исследование 1875-год. 46-бет. деген эмгегинде жазган.

- Кочкор өрөөнү кышкысын кар түшпөй кара чыккандыктан сел жүргөнгө чейин эле малчылар малын кыштатып, данчылар эгинин айдап жашашса керек?

- Кочкор өрөөнүндө кыштоолор аябай көп. Байыртадан эле адамдар малын кышкысын кар жатпаган өрөөндөрдө кышташкан. Өрөөндүн күңгөй жак беттериндеги тоонун этектеринде көптөгөн кыштоолор болгон. Мына Шамшы айылынан баштайлы, Кашка-Суу, Уй-Булак, Көлтөр, Жалгаш, Үч-Көркол, Ичке, Коңорчок, Түндүк, Базылбек, Керкебес, Кургак, Ичке бул анча толук эмес тизме, муну дагы уланта берсе болот. Бул кыштоолордо адамдар малдарын кыштатышкан. Ал эми илгери Чүй өрөөнүндө кыштоолор жок, болгон да эмес. Жазында эл малдарын көктөтүп, жаздатышкан. Баласагын (Бурана) шаарынын тегерегине мал кыштатылган эмес. Азыркы окумуштуулардын В.В.Бартольддун жазганы боюнча Бурананын (Баласагын) жанында мал кыштаткан дешкени туура эмес. Көчмөн элде малга тоют камдоо болбогондуктан, кар жаткан өрөөндөрдө кышташпаган. Кочкор өрөөнүндөгү Баласагындын жанында Күз-Ордодо, Күз үлүштө ( Күзгү кыштак, кыштама) мал кыштатышкан.

Кыштоо дегенди билбеген, тарыхчы окумуштуулардын Баласагын шаары Чүйдө Бурана мунарасы деген аныктамасын беттерине кармап, илимий иштерди жаратышып, кыргыздын жериндеги өзгөчөлүктөрдү билбеген жана түшүнбөгөн батыштан келген орустун, еврейдин жана немецтердин окумуштууларынын жазган эмгектерине таянышып, өздөрү өз элинин менталитети, жашоо турмушундагы өзгөчөлүктөр менен эсептештестен, Батыштын тарыхчыларынын эмгектерин өркүндөтүп кайталап олтурушат. Чүй өрөөнүндөгү шаарлар Х кылымга чейинки шаарлар экенин Санкт-Петербургда Эрмитажда иштеген археолог тарыхчы А.И. Торгоев өзүнүн “Некоторые основания к датировке нижних слоев городищ Чуйской долины” деген эмгегинде, белгилүү тарыхчы окумуштуу Л.Гумилев Чүй өрөөнү Х кылымга чейин эле чөл болуп кургакчылык каптаганын жазышкан. Мындан башка П.Н.Кожемяко дагы XI-XII кылымдын маданий катмары бул изилдеген шаарларда жана турак жайларда жокко эсе экенине токтогон.

Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаарлар аралыгы 28-30 километрден болуп, же 5 фарсахтан болгонун 1 фарсах 6 километрден экенин, төөгө эртең менен жүк арткандан кийин жол тартып 30 километрге жеткенде жерге чөккөн. Төө чөккөн жерлерге кербен сарай, үйлөр курулуп олтуруп, Чүй өрөөнүндө 18 ден ашык шаар, турак жайлар пайда болгон.

Бирок бул шаар турактарды, батыштан келген окумуштуу тарыхчылар жасалма даталар менен кийинки XI-XII кылымдагы шаарлар деп,Чүй суусунун баш жагындагы жээгинде түндүк тарабында Суяб шаары болгон деген маалыматтарга карабай, суусу жок, чөлдөгү Чүй суусунан 18 километр алыстыктагы Ак-Бешим сепилинин калдыгын Суяб шаары деп көрсөтүштү. Археологиялык казууларда ал жерден эч кандай түрк тилдүү элдин жана кыргыз элине тийиштүү турмуштук буюмдар табылбагандыгын айтууга болот. Курулуштар жана мүрзөлөр да кыргыз, түрк, түргөш, карлук, караханийлерге тийиштүү эмес экенине карабастан бул Ак-Бешим сепилин Суяб дегенден тажашбады. Чыгыш жагында 6 километр жерде турган Бурана мунарасынын аймагын Баласагын деп аташты. Бул эки шаар калдыгын 15 километр жерде 10 дон ашык шаар болгон деген маалыматка таянууга аракет кылышкан. Бирок 15 километр аймакта Чүй өрөөнүндө шаарлар жок. 15 километр аралыкта ондогон шаарлар болгон деген маалыматка Кочкор өрөөнү туура келет. Балыкооздун санжырасында Кочкоркан менен Баласагын шаар курушканын Кочкорканга Ордо шаарды калтырып, Баласагын өзүнчө шаар куруп кеткенин, шаар бышкан кыштан салынганын жазат. Жакында белгилүү биздин бир тарыхчыбыз “Баласагын шаарын Кочкордо” деп жазышып кыргыздар талашып жатышат, “Мына менин казып изилдеп жаткан Сокулук суусу менен Кара-Балта суусунун ортосундагы Ак-Дөбө шаарчасы даана Баласагын экени талашсыз”, деп 96 жашка чыккан казактын тарыхчысы У.Шалекенов мактанып жатат деди. Бизде Кочкор өрөөнүндө Суяб жана Баласагын деген шаарлар болгон эмес. Ал жерде Махмуд Кашгари жазып жана картага түшүрүп кеткен Кочңар-Башы же Кочкор-Башы деген шаар болгон дейт.

-Сиз изилдеген, Суяб, Баласагун деген шаарларды XI кылымга таандык Кочнар-Башы же Кочкор-Башы деп жатышпайбы тарыхчылар?

- Х1 кылымда Кочнар-Башы же Кочкор-Башы шаары Кочкордо болсо болгондур, бирок биз ага чейинки Х кылымдын башында 150 жыл мурунку 920-923-жылдарда алаамат селден жок болуп кеткен кыргыз-түрк каганатынын борборлору Суяб жана Баласагын шаарлары жөнүндө жазып жатабыз.

Казактар аныктаган чөлдөгү Ак-Дөбө (Степное) шаарча калдыгы Баласагын жөнүндө жазылган тарыхый маалыматтарга туура келбейт. Биринчиден ал жерде кыштоолор болгон эмес. Экинчиден бышкан кирпичтен салынган курулуштар жок. Үчүнчүдөн Жибек жолунан 45 километр, алыс буйтка жерде жайгашкан, маалыматтар боюнча Суяб, Баласагын жамаатташ Чүй суусунун жээгинде курулган деп жазылган.

Канчалык Президент А.Атамбаевга кыргыз каганатынын борбору Суяб жөнүндө билдирели десек, бөлүм башчыларынын элегинен өткөндө, биздин жазган катыбыз экинчи сортко түшүп, башка кызматтарга кетип калат экен. Эгемендүүлүк алгандан бери Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага, Атамбаевге, губернаторлорго, акимдерге, министрлерге жазып келе жатабыз. Бул биз жазган кабарды бир болбогон келжирек апенди адам жазып жатат деп ойлошот ко. Андан көрөк акча алып Кыргыз каганатынын борборун Алтайдан, Кытайдан жана Монголиядан издейли деп чардап келгенге кеткен жакшы. Бир келген В.В. Бартольд байкаган, А.Н. Бернштам белгилеген, Н.А.Аристов айткан, Массон маани берген, Клауссон жана В.Д. Горячева көргөн деп алардын жазганын бекем тутуп турганга не жетсин.1889-жылдан 1907-жылга чейин Кашгарда консул болуп иштеген Петровский В.В.Бартольддун жазгандарына бекеринен каршы чыккан эместир.Бекеринен Л.Н.Гумилев “ай ушу Н.Н.Бернштамдын фактылар менен даталарды оюуна келгендей жазганы” деген жери бар. Семенов-Тянь-Шаньский бурмалап жазган тарыхты окуган жакшы эмеспи.

Эмгегибизди жазаардан мурда, биздин жасап жаткан ишибиз туурабы деп, кайра-кайра тактап изилдеп, болгон маалыматтарды бири-бирине салыштырып, чыгармаларды кайра-кайра окуп олтуруп, логикалык акыл калчоо, ой жүгүртүүнүн жыйынтыгы деген оюмду айткым келет.

- Маегиңизге рахмат. Ишиңизди ийгиликтер жылоолосун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-06-2017
Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы.
16638

19-08-2016
Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу
27080

09-06-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык
24366

16-04-2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы
29201

05-01-2016
Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия
45456

02-01-2016
Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык
14164

29-11-2015
Ааламдын сырдуу дүйнөсү
37438

29-11-2015
Кочкор ороонундогу аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши
31044

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×