Добавить статью
15:58, 5 января 2016 45456

Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия

"Ысык-Көл Тянь-Шандын Күнгөй АлаТоосу жана Тескей Ала-Тоосунун ортосунда деңиз дээңгелинен 1609 метр бийиктигинде жайгашкан. Суунун көлөмү 1738 куб.км, Ысык-Көл тектоникалык чункурду ээлейт, суусу туздуу. Ысык-Көлдүн жалпы аянты 22 080 кв.км. мунун ичинен көлгө 6236 кв.км, көлдүн узундугу 179 км, туурасы 60 км. Жээгинин узундугу-662 км, эң терең жери 702 метр түштүк жээкте Кажы-Сайдын аймагында.Орточо тереңдиги-280 м.

1000-1200 жыл мурун голоцендик регрессияда көлдүн тереңдиги азыркы деңгээлинен 100 метрге ылдыйлап кеткен. Ысык-Көлдүн тарыхында окумуштуулар аныктагандай бул чөгүү эң чоң кургакчылыкты (регрессияны) алып келген. Көлдүн 100 метр чөгүүсүнөн аянты 6236кв.кмдан 3,8-3,9 миң кв.кмге кичирейген. Голоцендик регрессияда (кургакчылыкта) көлдүн тегерегинде көптөгөн майда суулар кургап, батыш жагы 35-40 кмге, түндүк жагы 3-5 кмге, түштүгү 0,5-2-кмге кургап, кичирейип кыскарган. Көлдүн азыркы 1609 метр деңгээлине келиш үчүн 500-600 жыл убакыт кеткен”. “Көлдүн ичинен табылгандардын негизинде ХIII кылымдын аягында азыркы деңгээлден 6 метр, ХV кылымда 4 метр, XVI кылымда 1,5 метр төмөн болгон”.1.

“Элдик уламыштарда көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат”. 2

Көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү менен Ысык-Көлгө экинчи көл Туз-Көл( Шор-Көл) кошулган.

“Орто кылымда бул көлдөн Карлуктар туз алып турушкан” 3.

«Ысык-Көлдүн чөгүүсү чын, ар түрдүү буюмдар, адамдардын сөөктөрү, бышкан кирпичтер, карапанын сыныктары көлдүн ичинде, жээгинде жатышы менен аныкталат. Белгилей кетүү керек көлдүн чөгүүсү чыгыш жагында даана байкалат жана өрөөндө дагы бир көл болгонду билинип турат» деп жазат Г.А.Чайковский «Туркестанские ведомости» деген газетанын 1875-жылы чыккан №39-санында» 4.

“Уламыштарда Ысык-Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүктөн же түндүк-батыштан бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат”.5

Бул Кочкордун Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш чокунун түбүнөн чыккан суу, өрөөндү каптап, шаарларды, турак жайларды талкалап,элди мал мүлкү менен агызып келип, көлгө куйгандыгын далилдейт. Бул Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана Кочкордогу сел бир мезгилде болгондугун далилдейт.

“Ысык-Көлдүн ар кайсы жээктеринде абдан көп адам сөөктөрү жаткандыгы таң калтырат. Бул сөөктөр усундар калтырган сөөктөр эмес экендигин, сөөктөр менен карапа идиштердин, бышкан кирпичтердин сыныктары аралашып жаткандыгы, бул адамдар өз убагында кирпич бышырып, карапа кумараларды жазаган адамдардан экендин, усундар эмес экендиги көрүнүп турат.Эгер көчмөн эл болсо аларга кирпич жана карапа идиштер эмне кереги бар эле”. 6.

«Миңдеген адамдардын сөөктөрүнүн чачылып жатышын себебин менин байкоомдоо аламааттын күтүүсүздөн болгондугу, бирок кандайча болгондугун айтуу мүмкүн эмес. Эгерде ойдуңга суу акырындан толсо адамдар качып чыга бермеги түшүнүктүү.

Ысык-Көлдүн суусунун ылдыйлашы көлдүн ичиндеги ар түрдүү буюмдар, бышкан кирпичтер, адам сөөктөрү жана карапанын сыныктары эмне үчүн ушунчалык көп аралашып жаткандыгынын сырын табуу мүмкүн эмес. Адамдардын сөөктөрү менен кошо бышкан кирпичтин сыныктары, карапа буюмдарынын сыныктарынын чогуу болушу, Кочкор суусунун агымы Ысык-Көлгө бурулушу менен, жер астындагы суунун агымынын кеңейишинен көлдүн суусунун көтөрүлүшү же азайюусунан деп ар кандай болжолдоо менен да түшүндүрүгө мүмкүн эмес».7.

«Миңдеген адамдардын сөөгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепети же алааматтан кийинки деп түшүнүшүүгө аракет кылдык. Кандуу кагылыштын жана алааматтын кандай деңгелде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз көп адамдардын сөөгү менен кошо көптөгөн бышкан кирпичтин жана карапанын сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын.8.

«Тору-Айгырда кызыл кирпичтен башка, көк сыр менен сырдалган бышкан кирпичтин көптүгүнөн ошол жердеги почтанын полуна тизүүгө мүмкүн болду. Жүздөгөн адамдын сөөгү, кызыл жезден жазалган буюмдар толкун менен ыргытылып жээкте чачылып жатышы, бул сөөктөр жана буюмдар жергиликтүү элдикиби же согушта өлгөн адамдардыкыбы белгисиз».

Г.Фетисов 1877-жылы көлдүн түштүк-батыш жээгин доктор Регел менен кыдырганда Көтмалды менен Барбулактын ортосунда жээкте көптөгөн бышкан кирпичтин, карапанын сыныктарын жана адамдардын сөөктөрү жатканын көрүшкөн.9.

Акыркы А.К.Трофимовдун 1991-жылкы сейсмоакустикалык текшерүүсүндө көлдүн катастрофалык чөгүүсү орто голоценеде (2-3 миң жыл мурун)( 1100-1200 жыл.К.К) суб кеңдикте тегерек чөккөн эбегейсиз чоң чуңкур пайда болгонун көрсөткөн. Изилдөөчүлөр көлдүн чөгүүсүн 7000 жылдан 800 жылга чейинки аралыкта болгондугун болжолдошот. Бирок акыркы (регрессияны) кургакчылыкты Х кылымдын башында Кыргыз каганатынын жок болушу менен байланыштырсак, 1100-1200 жылдын тегерегинде эбегейсиз чоң аламаат болгонун байкоого болот.

“1870-жылы Жети-Суу губерниясынын согуш губернатору Г.А.Колпаковский «Россиянын географиялык коомунун жаңылыктары» газетасына “Койсарынын аймагында миңдеген адамдын сөөктөрү, бышкан кирпичтердин, карапа идиштердин сыныктары көлдүн жээгинде жана ичинде 40-45 метрге аралыкта 1,50 метр тереңдикте атайын чачып койгонсуп жаткан түрдүү сөөктөрдү бышкан кирпичтин, карапа идиштин сыныктары көрүүгө болот” деп жазган.10.

«1877-жылы Койсарыда болгон Чайковскийдин айтуусу боюнча миңдеген адам сөөктөрү, убакыт өткөн сайын күнгө какталып, бозоргон баштар өзүнчө катмар болуп жээкти каптап жатат. Жээктен кытайдын ортосу төрт бурч тешилген тыйыны, тешиги жок жазуулары окулбай калган, жез тыйындарды табууга болот, чоподон жазалып, ичи-сырты кызыл сырдалган карапа идиштердин сыныктарын табууга болот».11.

Профессор Сорокин өзүнүн «Тяньшанских горах и долинах»12 деген макаласында «Чынында эле Койсарыга жакын жээкти көл толкуну адамдын сөөгү, сынган идиштер, бышкан кирпичтер менен үйүп салган» деп жазат. Идиш жазалышы жана чопо-топурагы ошол жердеги чопо-топурагына окшошпойт, бекемдиги менен айырмаланат.

Ысык-Көлгө агып барган адамдардын сөөктөрү, ар түрдүү буюмдар, көлдүн батыш жагында

35-40 км аймакта топурак астында жата берген. Көлдүн суусу 5-6 кылымдан кийин кайра калыбына келип көтөрүлгөн сайын чопо топурак эзилип, арасындагы сөөк жана башка буюмдарды толкун жээкке чыгара баштаган. 18-19 кылымдарда Ысык-Көлдүн жээги күнгө күйгөн бозоргон сөөктөргө, ар түрдүү артефактыларга толуп чыккан. Кыргыздар көл ыйык деп, көлдөн суу алуудан коркуп, балык да кармашкан эмес. Карапанын, бышкан кирпичтин сыныктары, адам сөөктөрү Кочкор өрөөнүнөн агып барганын эч ким билген эмес.Кээ бир окумуштуулар адамдардын сөөгү агышы мүмкүн, бирок бышкан кирпич менен карапа кантип агып барсын, агып баргыча талкаланып калбайбы деши ыктымал. Бышкан кирпич менен карапанын составында чопого кальций, стронций жана коргошун составында бар минерал кошулса бекем болуп, сүрүлүүгө бир топ каршылык берген. Таш болсо 10 чакырымдан кийин кумга айланып калат.

“Ысык-Көлдүн батыш жээги Балыкчы менен Ак-Өлөңдүн ортосун саздуу ойдуң ээлейт. Балыкчы шаарынын кеңдигинде Көтмалды агымынын нугу сакталып калган, бул агым менен ар кандай убакта Чүй суусу артка көлгө агып турган. Ошондой эле Ысык-Көлдүн батышка, Көк-Мойнок ойдуңуна,андан ары Боомго агып турганы 19-кылымдын башталышында байкалган.

Ысык-Көлдүн ичинде Ак-Өлөң тарабында дарыянын нугу билинип турат, ал нук сел жүрүп, көлдүн чыгышы чөккөндөн кийин, Чүй суусу кичирейген көлгө 35-40 километрге чейинки аралыкка агып кирип турган.

Азыркы убакта Балыкчы шаарынын түндүк тарабындагы тоолордон келчү суулардын азайышы, Тору–Айгыр жана Чырпыкты коктуларындагы суулардын жоголушу да көлдүн ысык абасынын таасири экенин байкоого болот. Деги эле Чолпон–Атадан батышты көздөй кургакчылык болушу кышында бубак турбай, жайында шүдүрүмдүн жоктугу көлдүн ысык абасынын натыйжасы. Ысык-Көл туздуу болгондуктан суусу тоңбойт. Ар кандай божомолдоолорго мындан башка жооп жок. Ысык- Көлдүн туздуу болушу Каспий, Арал деңиздеринин туздуу болушунан, чыгыш тарабындагы кумдуу чөлдөрдүн пайда болушунан байкоого болот. Тузу жок Байкал көлүнүн тегерегинде чөл жок.

Батыштан келген муздак нымдуу аба Кыргыз Ала Тоосунун кырларында көлдөн чыккан ысык абага кезигишкенде шамалды пайда кылат, мындан Кызарт жана Уландын шамалы пайда болот. Ысык-Көлдүн ысык абасынын таасиринен тоолордо токой өсүүгө нымдулук болбогондуктан Кочкор, Көк Мойнок жана Тоң өрөөндөрүндө карагай өспөгөн жылаңач тоолор пайда болгон. Ысык-Көл өрөөнүндө Чолпон-Ата шаарынан батышты көздөй кургакчылык болуп, тоонун таштары ысыктыктан төбөлөрү сыйрылып, капталдары жарылган. Өрнөк айылынын түндүк батышындагы петроглиф таштарына тийген таасири зор. Күндүн ысыктыгы 40 градустан ашып жер бетиндеги баардык нерселерге өзүнүн тагын салган. Өрөөндөрдө күндүн ысыгынан тоонун таштары майдаланып, жааган жамгырдын, жогору жактан келген суулар менен ойдуңдарга агып чыккан.

Күндүн ысыгынан петроглиф тартылган таштардын чокулары сыйрылып түшкөн. Өрнөк айылы.

19-кылымдын аягында, 20 -кылымдын башында орус чыгыш таануучуларын, тарыхчыларын таң калтырган Ысык-Көлдүн жээгинен табылган миңдеген адам сөөктөрү,бышкан кирпичтин, карапанын сыныктары, ар түрдүү артефактылар, көлдөгү шаарлардын чөгүшү менен, Кочкор өрөөнүндөгү шаарлардын жана турак жайлардан селдин ( топон суунун ) жүрүшү менен агып барган адамдардын сөөктөрүн, буюмдарын бирдиктүү изилдөө керек.

Адамдардын сөөгүн Кочкордон жана Ысык Көлдөн, Томскидеги музейден алып генетикалык анализ ДНКга жана гаплотибин аныктоо керек. Адамдардын сөөгү жото жилиги 60-65 см жана баштары азыркы баштардан 1,5 эсе чоң экенин көргөнбүз.

Эгерде көлдөгү шаарлар чөгүп кетсе турмуш тиричилик куралдары, курулуштары бир жерде чогуу болмок, көлдүн ичине чачырап кетмек эмес. Ал эми көлдүн суусунун ичине жайыла чачылган артефактылар агып барып, көлдүн ичине таралганы Кочкордогу жүргөн селдин натыйжасы экенин даана байкоого болот. Көлдүн табылган буюмдар байыркы жана античный эмес эле, орто кылымдагы Кочкор өрөөнүндөгү Кыргыз(түрк) каганатынын ордосунан,турак жайларынан экенин аныктаса болот.

Тору Айгырда «Улан» пансионатында Россиядан келген туристтер көлдөн табылган адам сөөктөрүн комнатасына илип алганын укканыбыз бар. Көлдөн табылган сөөктөр жөнүндө Одессадан келген врач Филатовдун жазган ырынан которбостон үзүндү келтирдик.

Белеют кости здесь и там.

Безглазый череп из под шлема

Улыбку тяжкую хранит,

На мертвых пленницах гарема

Запястий золото блестит.

“1959-жылы археолог Д.В.Винник Ысык-Көлдүн суу астындагы эстеликтерин изилдөөгө киришкен.Изилдөө Тору-Айгырдын түштүк жагынан 5 км алыс булуңдан башталып, жээк жана суунун ичи изилденип, Х-ХII кылымга тийиштүү карапанын көптөгөн сыныктарын табышкан. Өрнөк жана Чоң-Сары-Ой айылынын тушунан, Тору-Айгырдан табылганга окшош, эң көп карапа идиштердин сыныктарын табышкан. Белгилүү археолог П.Н. Кожемяко көк сыр (глазурь) менен сырдалган кирпичтин сыныгын тапкан. Корумду, Темировка, Ананьево жана Каменка айылдарынын көл жээгинде көптөгөн чопо идиштердин, казандардын сыныктары жана көл жээгинен 100 метр алыс 3 метр тереңдикте кездешкен. Ананьево жана Каменканын тушунда карапалардын үстүнкү жана каптал туткалары,капталдары, түптөрү жайнап жаткан”. 13.

Кочкор өрөөнүнөн агып барган туздан башка Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Туз көлдүн (Шор Көлдүн) тузу да кошулган.

Бул көлдүн суусунда туздун концентрациясын көбөйтүү менен өрөөндө аба ырайын өзгөрүүгө алып келген. Көлдүн суусунда туздун кристаллдары күнгө күзгү сымал чагылуусу менен үстүнкү аба катмарында ысык абаны пайда кылып, Хан Теңгриден, чыгыштан соккон жел, ысык абаны батышка Тоң, Кочкор , Кемин жана Көк Мойнок өрөөндөрүн көздөй айдаган.

Натыйжада бул өрөөндөрдө кургакчылык болуп, өсүмдүктөрдүн өсүүсү азайып, тоолордо мөңгүлөр топтолбой өрөөндөр чөлгө айланган. Кочкор, Тоң жана Көк Мойнок өрөөндөрүндө жылаңач чөп өспөгөн какыраган таштуу кум дөбөлөр пайда болгон. Кочкор өрөөнүндө жашоого мүмкүн болбой, адамдар жашаган жерлерин таштап кетишкен.

Бул өзү РЕГРЕССИЯнын (кургакчылыктын) башталышы болгон. Тарыхта жазылган “КУРГАКЧЫЛЫК” ушул мезгилден башталган.

Ак–Өлөңдүн аймагы кыртыштуу топурактуу болушу дагы селдин жүрүшүнөн пайда болгон. Бул жөнүндө 1875-жылы орус окумуштуусу геолог И.В.Мушкетов Ысык- көлдүн бул бөлүгүндө жаңы жер катмарынын пайда болушу кийинки миң жылдыкта болгонун аныктаган. Көлдүн түштүк батышы тоолордун этегине чейин экенин, бирок кийин селдин жүрүшү менен көлдүн баш жагы топуракка кумга толуп ичкерип калганын байкаган.14.

Кочкор (Чүй) суусу Орто-Токойдон чыга бериште Бос бармак бөксө тоосунун капталын кордойлоп оюп олтуруп, Ак-Өлөңдү көздөй акпастан, Көк мойнокту көздөй түндүккө агымын буруусу менен, Ысык-Көлгө агып кирүүсүн токтоткон.

Акырындап 5-6 кылым өткөндөн кийин көлгө куйган таза тузсуз суунун көбөйүшүнөн, көлдүн суусунда туздун концентрациясы азайып, ысык абанын азайышы, көлдүн батышындагы өрөөндөрдүн климаттары жумшарып өзгөрүп, тоолордо мөңгүлөр пайда болуп, өзөн суулар көбөйүп, тоолордо, таалаларда өсүмдүктөр чий, майда бадалдар, караган алтыганалар өссө баштаган.

Өрөөндүн таманындагы суулар көбөйүп, суулар кирип,жээктерин жеп кум шагылды агызып, тиричилик кылууга тескери таасирин тийгизген. Орустардын келиши менен 1862-жылдан баштап Боом капчыгайынын ичинде жол куруу,көпүрө салуу иштери жүрө баштаган. 1864-жылы Верныйдан( Алма-атадан ) эки сапердук рота келип, капчыгайдын ичинде жардырууларды жүргүзгөн. Жол курууга жыл сайын Чүй, Ысык-Көл, Кочкор жана Жумгал элинен миңдеген адамдар күч менен барып турган. Жүздөгөн адамдар ошол жерден кайтпай калган. Боом капчыгайында кышында суу үйөрлөп тоңуп, жазында кирген суулар көп болгондуктан курулган жолдорду, көпүрөлөрдү суу алып кетип турган. Кээ бир жылдарда капчыгайга батпаган суу артка кетип, көлгө куйган. Орто Токой суу сактагычын куруу планы 1870-жылы түзүлүп, акыры 1957-жылы ишке ашкан.

Кыргыз эл жомокторунда көлдүн ичине шаардын чөгүп кетиши, бирөө кетти Эренге, бирөө түшүп кетти Тереңге, бирөө кетти Кангайга, бирөө кетти Алтайга деген саптар ушул алааматтан кийин чыгышы ыктымал. Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган. Кырлар жоктур кыргыз сөөгү жатпаган деген каңырык түтөткөн сөздөр дал ушул алааматка карата айтылса керек. Жыланач өрөөндө (Ак-Өлөндүн түштүк –батыш жагы) Чүй суусунун, Ысык-Көлдүн жээгинде чачылган сөөктөрдү көргөндө айтылгандыр. Жок жерден жомок имиштер жаралбайт.

Кыскасы, фольклордо диний мазмундагы тексттер менен бирге эле тарыхый мезгилден мурда болуп өткөн окуялардын кереметтүүлүктүн элементин камтыган түрү легенда жанрына тиешелүү.

“Буга Ысык-Көлдүн ордунда бир кезде шаар болуп, кудайдын каргышы менен суу каптап кетип көлдү пайда кылганы тууралуу топонимдик легенданы мисалга алсак болот. “Тарыхый аспекттен алганда бул жөнүндө эч кандай илимий гипотеза жок анын качан пайда болгондугун эч ким далилдей элек”. «По мере того как событие удаляется все дальше и дальше во времени и начинает тускнеть, предание обрастает многими дополнительными мотивами, в нем начинает довлеть вымысел, который в результате целенаправленного использования превращается в легенду».15.

“Чындыгында эле, биздин күндөрдө Ысык -Көлүбүздүн тарыхын иликтеген россиялык ихтеолог- илимпоз окумуштуулар көл түбүнө сүңгүп, ал жактан турмуш-тиричилик буюмдарын казан-тулга, чопо менен жыгачтан жасалган идиш-аяк, ар кандай эмгек шаймандарын, жоо-жарактарын, курулуштардын калдыктарын, чегилген тыйындарды ж.б. көп нерселерди таап жүрүшөт.

Алар да -»Ойдуңда жашаган калаа элин кырсык чалган. Антпесе, өздөрүнө керектүү буюмдарын эмнеге таштап кетишмек эле?» -деп болжошот. Физика илиминин мыйзамы боюнча «Жоктон – бар, бар нерседен-жок болбогондой» эле, ар бир санжыранын, уламыштын түпкүлүгүндө чыныгы тарых бар экенине кийинки урпактар көңүл буруп, маани беришибиз зарыл окшобойбу?”.

«ЫЙЫК МУРАС» тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти Кайырбек Коңурбаев.

Колдонулган адабияттар.

1. Морской картограф В.М.Букин. “Озеро Иссик-Куль”.

2 Н.А.Аристов.Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. электронный вариант. 2001-год. 47 стр

3 В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Введение к изданию Худуд ал-Алам . 589 стр.

4 Н.А.Аристов. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. электронный вариант. 2001-год. 66стр.

5 Н.А.Аристов. 75 стр.

6. Н.А.Аристов. 60 бет.

7. Н.А.Аристов. 64стр.

8. Н.А.Аристов. 66 стр

9.. Н.А.Аристов. 67 стр.

10. Н.А.Аристов.. 48 стр

11. Н.А.Аристов .60 стр.

12 Профессор Сорокин. «Тянь-Шанских горах и долинах»(«Исторический вестник»1886-год,

13 В.М. Плоских. История и проблемы исследовании затонувших памятников Иссик-Куля 05.10.2012 № 10. Акипресс.

14. И.В.Мушкетов. Геологические и орографические описание Тянь-Шаня. Исследование 1875-год. 46-стр.

15. Нарынбаева. Н.О. Миф.оозеки кара сөздүн унгулары. 2011-год.82-стр.

16.Сапарбаева Айканыш Керим кызы, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2011-ж.

17. П.П. Семенов-Тян-Шанский. Путешествие в Тян-Шань в 1856-1857 годах. год 1908.

18. Плоских В.Исследования древних цивилизаций Иссык-Куля.Exploration of ancient civilizations of I-Kul

19.А.О. Конурбаев . Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: проблема не решена.

20. Е.Кычанов.Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар. 13-15 кылым. Кыргыздар К.Жусупов. 248 бет.

21. Иссык-Куль - затонувшие города, клады: факты и легенды. siar@mail.kg

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2019
Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө
14719

11-06-2017
Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы.
16637

19-08-2016
Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу
27080

09-06-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык
24365

16-04-2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы
29201

02-01-2016
Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык
14164

29-11-2015
Ааламдын сырдуу дүйнөсү
37438

29-11-2015
Кочкор ороонундогу аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши
31044

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×