Добавить статью
16:13, 25 мая 2015 57898

Байыркы түрк жазма эстеликтеринин кыргыздар үчүн мааниси

Байыркы түрк жазма эстеликтеринин кыргыздар үчүн мааниси

Киришүү

Кыргыздардын тарыхый ата мекени тууралуу

Көптөгөн тарыхый окуяларда таасирдүү роль ойногон кыргыздар тарыхта өчпөс издерди калтырышкан. Байыркы түрк урууларынын арасынан негизинен көчмөн жашоо шарты, согушчул мүнөзү жана тендешсиз элдик чыгармасы - “Манас” эпосу менен белгилүү [1].

Кыргыздарга байланыштуу изилдөөлөр да негизинен кыргыздардын жашоо шарты, ишеничтери, адабий чыгармалары багытында жүргүзүлгөн.

Кыргыздардын түпкү теги, улуттук идентификациясы, кимдерге жакын экендиги, байыркы учурдан бери кайсы жер(лер)де качан жашагандыгы, азыркы жашаган аймактарына каяктан качан келгени... тууралуу изилдөөлөр, тилекке каршы, жетиштүү эмес.

Ар кандай доорлордогу тарыхый процесстерге таасир этип турган кыргыздар жыл мезгилине жана учурдун талабына жараша кээде көчүп-конуп, кээде отурукташып, жайлоо жана кыштоолордо жашашкан. Тарыхый жана жаңы булактарда кыргыздардын мындай жашоо ыңгайы жана согушчул мүнөзү өзгөчө белгиленет. Ошол эле учурда, алардан петроглифтер, эн тамагалар, аска сүрөттөрү, жазма эстеликтер, кургандар, айкелдер, мүрзө жана көрүстөндөр, кооздук жана тиричилик буюмдары калган.

Илимде аларга таандык маданий жана өркөнияттык (цивилизациялык) мурастар жөнүндө кеп болгон эмес же бул эстеликтер кээ бир доор аттары (Афанасъев маданияты, Окунев маданияты, Андронов маданияты, Карасук маданияты, Тагар маданияты, Таштык маданияты...) менен аталган же башкаларга ыйгарылып калган [2].

Түрктөрдүн, кытайлардын жана башка элдердин, өлкөлөдүн Борбордук Азия жөнүндөгү тарыхый булактары, жазуулары, табылга жана документтери, маданият, искусство, архитектура жана өркөнияттык эстеликтери кыргыздарга тиешелүү бири экинчисинен өткөн баалуу маалыматтарды камтып турат. Аталган булактарда “Кыргыздар биздин заманга чейин эл болуп калыптанып, биздин замандын башында алгач хун, кийин түрк бирикмелери ичинде болушканы; азыркы жашаган аймактарына кийин келишкени; бул жерлерде мурда батыш түргөштөр, он октор жашаганы; ал эми кыргыздардын Ата журту болсо, Сибирдеги Көгмөн тоо кыркаларынан түндүктү карай аккан Енисей (Кем) дайрыясынын, түрк тилинде “Улуг-Кем” деп аталган, түштүк-чыгыш алабында жана Кем дарясына батыштан аккан Абакан дарыясынын жээгинде болгондугу” белгиленет (Савинов, 1984; Salman, 1998; Олжобаев ж.б., 1998; Өмүрбай уулу – Тургунбай уулу, 2004; Alyılmaz, 2006; Чоротегин-Молдокасымов, 2000; Сыдыкова, 2003; Kıldıroğlu, 2006; Сыдыкова, 2003; Бутанаев – Бутанаева, 2007; Худяков, 2013; Кожобеков, 2013)

Кыргыздар бүгүнкү Сибирь аймагындагы Көгмөн/Саян тоолорунун этектеринде, Енисей/Кем жана Абакан дарыяларынын жээктериндеги берекелүү жана коопсуз жерлерде жашашкандыгы тууралуу ишеничтүү далил - II (Көк)түрк каган жана аскер башчылары тарабынан орнотулган Орхон жазуулары. Чынында эле, түрк кагандары жана аскер башчыларына таандык Орхон жазууларында (Көк)түрктөрдүн кыргыздарга жортулдары баяндалып жатып алар жашаган аймак тууралуу баалуу мааалыматтар берилет:

Кыргыздар жашаган аймактарга көңүл бура турган болсок, бул аймактарда табылган эстеликтердин анык ээлеринин бейнелери ачыкка чыгат. Тактап айтканда, Сибирдеги археологиялык мурастардын, тарыхый урандылардын, курулуштардын, эскерткичтердин жана жазма эстеликтердин басымдуу бөлүгү кыргыздарга жана Кыргыз конфедерациясынын курамындагы түрк уруулары жана уруулук бирикмелерине таандык. Кыргыз конфедерациясында кыпчак группасына көбүрөөк жакындык кылган түрк уруу жана уруулук бирикмелери - кыргыздар/хакастар, аздар, чиктер, шорлор, телеуттар, татарлар... болгондугун белгилеп кетүү зарыл. Булардын бир бөлүгү бүгүнкү күндө да ошол аймакта жашайт.

Орхон жазууларында көпчүлүк учурда кыргыз аталышы “аз бодун” сөз айкашы менен чогуу келет. Аздар менен кыргыздардын бир уруунун өкүлдөрү экендигин жана “кыргыз” сөзүнүн этимологиясын (эгер кырк сөзүнө көптүктү билдирген /+з/ мүчөсүнүн жалганышы менен түзүлбөгөн болсо) аздар менен байланыштырып чечмелөөгө болорун билдиргим келет. “Кыргыз” аталышынын этимологиясына байланыштуу кырк+кыз, кырг+огуз, кырк+гуз... деген сунуштар бар экендигин эске салуу кажет. Бул темага байланыштуу деталдуу маалымат үчүн караңыз: Kalkan, 2006: 35-49.

Батыш (Көк)түрктөрдүн негизги курамына кирген огуз, түргөш, он-ок, карлук сыяктуу түрк уруу жана уруу бирикмелери (Көк)түрк кагандыгынын борбордук бийлиги менен катар кыргыздар менен да социалдык, маданий, аскердик жана экономикалык кызматташтыкта болуп, биримдик түзүшкөн[3]. Алар кыргыздар жашаган аймактарда да отурукташып турушкандыгы маалым.

Байыркы (көк)түрк жазма эстеликтеринин кыргыздар үчүн мааниси

Байыркы (көк)түрк жазма эстеликтеринин өтө баалуу булак деп эсептелишин бул жазуулардын кыргыздар жөнүндө бай маалыматтарды камтып, кыргыздардын өткөнүн жакшыраак билүүгө жардам бериши менен түшүндүрүүгө болот.

(Көк)түрк байыркы жазууларынын кыргыздар үчүн маанисин төмөнкү темаларга бөлүп карамакчыбыз:

1.1. Сибирдеги (Енисей, Алтай ж.б.) жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

1.2. Монголиядагы жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

1.3. Кыргызстандагы (Талас, Кочкор) жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

1.4. Кытай Эл Республикасындагы жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

1.1. Сибирдеги (Енисей, Алтай ж.б.) жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

(Көк)түрк байыркы жазууларынын басымдуу бөлүгү Енисей дарыясынын жээктеринде табылгандыктан адистер аларды “Енисей жазуулары” деп аташат.

Бир учурда жазылып, окшош тематикада болгондугуна байланыштуу, Тоолуу Алтайдагы, Хакасиядагы, Якутиядагы (Саха эли), Монголиядагы... айрым жазуулар да Енисей жазууларына кирет. Енисей жазуулары (негизгилери кыргыз/хакас, аз, шор, чик жана алтайлыктар болгон) ар кайсы түрк уруулары (көбүрөөк азыркы учурда кыпчак группасына кирген түрк уруу жана уруу бирикмелери) тарабынан жазылган. Азыркы тапта алардын саны 400гө жакындады. Бул жазма эстеликтердин бир бөлүгү (Көк)түрктөргө чейин, бир бөлүгү (Көк)түрктөр учурунда, бир бөлүгү болсо, (Көк)түрктөрдөн кийин жазылган.

Көпчүлүк жазуулар тоолордогу аска бетине чегилген. Мындай көрүнүштү түрк элдери тоолорду кудайга жакын жайлар деп эсептегендиги менен түшүндүрүүгө болот. Ошондой эле, аталган жазуулардын бир бөлүгү петроглифтердин арасында жайгашып, тоону зыярат кылып келгендердин сезимдерин, ой-толгоолорун (шүгүр, дуба, жалбаруу) камтыйт. Енисей жазууларынын көпчүлүгүнө тексттен тышкаркы эн тамгалар жана аска сүрөттөрү (элик, кийик, ат...) түшүрүлгөн. Аталган эн тамгалар жана аска сүрөттөрү ал жазууларды орноткондор менен (кыргыз, аз, татар, шор, чик, тува ж.б.) сахалардын, хундардын, (көк)түрктөрдүн, уйгурлардын өз ара байланышын тастыктап турат.

Азыркы кыргыздар Енисей жазууларынын арасынан Барсбекке арналган Алтын- Көл (Е 28) жазуусуна өзгөчө маани беришет. Барсбек Кутлук Илтериш кагандын күйөө баласы, Күлтегин менен Билге кагандын карындашынын күйөөсү. Билге каган менен Күлтегин кыргыздар менен мамилесин оңдоо жана чыңдөө үчүн өз карындаштарын Барсбекке берип, ага Кыргыз каганатынын бийлигин тапшырышкан. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин Барсбек менен (Көк)түрк бийлик башчылары ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болот. Башында Барсбек турган кыргыздар (Көк)түрктөргө каршы күрөш жүргүзүп жаткан кытай жана сепаратисттик турумдагы түрк уруу жана уруу бирикмелери менен кызматташтыкка киришет. Мындан кабардар болгон (Көк)түрктөр кыш мезгилинин катаал шарттарында кар баскан тоолорду ашып, кыйын жолдорду басып, уйкуда жаткан кыргыздарга кол салышат. Кармашта Барсбекти өлтүрүшөт. Барсбек өлтүрүлүп, эли чоң кайгыга баткан бул окуя кыргыздардын эс-тутумунда өчпөс из калытырат. Ушул себептен, “Күчтүү Кыргыз Каганы” баатыр, кыраан “Атдачы Опа Барстын” урматына коюлган Алтын-Көл жазуусунун (Е 28) кыргыздар үчүн мааниси чоң[4].

1.2. Монголиядагы жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

Орхон жазма эстеликтери жана кыргыздар

Азыркы тапта Монголиянын аймагындагы байыркы түрк ээликтеринде 120 жазма эстелик бар. Бул жазуулардын арасынан II (Көк)түрк каганаты учуруна таандык Күлтегин (732), Билге каган (735), Тонюкук жазма эстеликтери (725 (?), 733 (?), 734 (?)) “Орхон жазуулары” деген ат менен белгилүү.

Орхон жазуулары түрк уруу жана уруу бирикмелеринин тарыхы, тилдери, адабияты, жашоо шарты, ишеничтери, өз ара жана башка элдер менен түзгөн социалдык, маданий, экономикалык, саясий жана аскердик алака-катыштары тууралуу баалуу маалыматтарды камтыйт.

Орхон жазууларында табгачтар (кытайлар), төпүттөр (тибеттиктер), согд(ак)дор, кытайлар, татабылар ж.б. өзгө элдер катары, ал эми огуздар, түргөштөр, он-октор, аздар, кыргыздар, чиктер, тангуттар, татарлар, курыкандар, карлуктар, төлистер, тардуштар, изгилдер, эдиздер, уйгурлар, басмылдар, байыркулар... (ортолорунда жүргөн күрөш жана согуштарга карабай) тууган уруу жана уруу бирикмелер катары эскерилет.

Бул жазма эстеликтерден белгилүү болгондой, (көк)түрктөр мейли бөлөк улут жана мамлекеттер менен болсун, мейли башка түрк элдери менен болсун өз ара кызыкчылыктарга жараша кээде дос, кээде душман болуп турушкан. (Көк)түрк-кыргыз мамилесине да ушул өңүттөн баа берүүгө болот. Анткени жазма эстеликте мамилелер жакшы болуп турган учурда (Көк)түрк каганынын өз карындашын кыргыз каганына (Барбекке) бергендиги; мамилелер бузулганда (көк)түрктөр кыш чилдеде, ар кандай тоскоолдуктарга карабай Кыргыз өлкөсүнө жортуул кылгандыгы айтылат [5].

Орхон жазма эстеликтериндеги саптардан: кыргыздар (Көк)түрк мамлекетинин курамында болушканын; кыргыздар менен (Көк)түрктөрдүн ортосундагы жакын мамилени; кыргыз каганын (Көк)түрк каганы дайындаганын; (Көк)түрк каган жана аскер башчылары кыргыздар менен мамилесин жакшыртып, туруктуу кылуу максатында кыздарын же карындаштарын кыргыз кагандары менен үйлөндүрүп турушканын; буга карабастан кыргыздар кээде башка элдердердин, уруулардын тукуругу менен (Көк)түрктөргө каршы чыгып турушканын; мындайда каганынын көзү тазаланып, элинин кайгыга баткандыгын билип отурабыз.

Тактап айта турган болсок, Билге каган Көгмөн тоолорун ашып, Кем дарыясын кечип келип Суңга токоюнда кылган салгылашта өлтүргөн кырк(ы)з: күчл(ү)г к(а)г(a)ны (Кыргыздардын күчтүү каганы) Орхон жазма эстеликтеринде эскерилген жана өлүмүнөн кийин Енисей аймагында (жазма) эстелиги тургузулган (I Алтын-Көл/ Е 28 жазуусу), Билге каган менен Күлтегиндин күйөө баласы (карындашынын күйөөсү) - айтылуу Барсбек. Башкача айтканда, Билге каган менен Күлтегин каган бийликти кармоо, түрк биримдигин сактоо жана түбөлүк кылуу үчүн жээндеринин атасы – Барсбекти өлтүрүүгө мажбур болушкан.

Монголиядагы башка байыркы (көк)түрк жазма эстеликтери

Монголиянын Баян-Өлгей областында (Алтай тоолору жана анын айланасында) жүргүзүлгөн акыркы изилдөөлөрдө айрымдары Хун дооруна, айрымдары (Көк)түрк кагандыгынын дооруна таандык болушу мүмкүн болгон жаңы жазма эстеликтер табылды (Battulga, 2011: 295-300). Бул жазуулар эпиграфиялык жана палеографиялык жактан “Талас таякчасына”, Кочкор өрөөнүндөгү айрым жазууларга, Эсик курганында табылган күмүш чөйчөктөгү жазууларга абдан окшош.

Монголияда (Көк)түрк жана Уйгур доорлордунда жазылган бир катар жазма эстеликтер менен Енисей жана Тоолу Алтайдагы жазуулардын ортосунда да мазмунуна, палеографиялык өзгөчөлүгүнө жана түшүрүлгөн эн тамагаларына карап параллелдерди жүргүзүүгө болот. Бул жазма эстеликтер аталган “түбөлүк таштарды” орноктондордун ортосундагы мамилелерди да айгинелейт. Алсак, Монголиянын Баянхонгор автоном аймагынын Байн-Цааган-Сум ооданында табылган II Гурванмандал жазма эстелигинин (Адаг Мандал жазуусу) лексикасы менен Алтай жазуусу – Ябогандын лексикасында окшоштуктар бар[6]. Айрыкча, анда (II Гурванмандал) “кыргыз (kırġ(ı)z)[7]”сөзүнүн жана кыргыздарга таандык эн тамгалардын бар болушу бул пикирди бышыктап турат.

Монголиядагы дагы бир жазма эстелик - Өтүкен Уйгур Кагандыгынын мезгилинде орнотулган Сужи жазуусу (тилекке каршы азыр дайыны белгисиз). Мында байыркы түрк тамагалары чегилген 11 саптык текст орун алган. Бул жазма эстеликтин кыргыздар үчүн чоң мааниси бар. Себеби, ал, теги кыргыз, даңазалуу, даңктуу жана чыгаан Уйгур аскер башчысы, Бойла Кутлуг Ярганга арналып коюлган. Бойла Кутлуг Ярган жазуунун кириш бөлүгүндө ата-теги тууралуу айтып жатып, өзүнүн кыргыз (кырк(ы)з) экендигин баса белгилеши кыйла маанилүү.

Сужи жазуусунун маанилүүлүгү - Енисей жазуулары менен бирдей формада жана мазмунда жазылып, кыргыздар менен Енисей жазууларынын тарыхый бүтүндүк экендигин бышыктап турушу болуп эсептелет.

1.3. Кыргызстандагы (Талас, Кочкор) жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

Кыргыз Республикасынын аймагында (көпчүлүгү Талас жана Кочкор аймактарында) 50гө жакын байыркы (көк)түрк жазма эстелиги бар. Булардын басымдуу бөлүгү IX кылымга чейин бул аймакта жашаган түргөштөр, карлуктар, он-октор жана башка огуз уруулары тарабынан жазылган болсо, айрымдары бул жерлерде өз алдынча жашаган кыргыздар жана башка түрк уруулары тарабынан жазылган.

Талас жана Кочкор жазуулары эң оболу Кыргызстандын аймагында жайгашкадыгы менен кыргыздар үчүн маалилүү. Кыргыздарга тиешелүү деп эсептелген Енисей жазма эстеликтери сыяктуу булардын да бирдей максатта, (Көк)түрк тамгалары менен байыркы түрк тилинде жазылып, орнотулушу кыргыздар менен түргөш, он-ок, огуз урууларынын ортосундагы этникалык, социалдык жана маданий байланыштардын болгондугун көсөтүп турат.

Кыргыздар Сибирден Теңир-Тоого келгенден кийин жазган (Чийин-Таш ж.б.) жазуулардын да Енисей жана Алтай (Ябоган ж.б.) жазуулары менен бирдей палеографиялык жана эпиграфиялык өзгөчөлүктөргө ээ болушу (Конкобаев – Усеев, 2011: 301-308) Енисей жазма эстеликтеринин ээлери тууралуу пикирибизди бышыктап турат.

1.4. Кытай Эл Республикасындагы жазма эстеликтердин кыргыздар үчүн мааниси

Акыркы жылдарда Ататүрк жана Пекин университеттери биргеликте ишке ашырган “Кытай Эл Республикасындагы (негизинен Уйгур автоном областындагы), Борбор Азиядагы түрк тилдүү республикалардагы жана Орусия Федерациясындагы жазууларды эпиграфиялык жана фотограмметриялык жактан изилдөө” аттуу долбоор алкагында Кытай Эл Республикасынын бир катар аймактарынан (негизинен Уйгур автоном областынан) 35 байыркы түрк жазуусу табылган.

Азыр Кытай Эл Республикасынын чегинде калган байыркы түрк жериндеги аталган жазуулардын көпчүлүгү зыяратчы жазуулары же мүрзө эскерткичтери болуп эсептелет.

Турпандагы тарыхый сыйынуу эскерткичинин бетиндеги Шарипутри, Кутлуг Кунчуй жазуулары, Ярголдогу үңкүрдүн бетиндеги Йилиг Чор, Тудун, Сакямуни жазуулары, Ички Монголия автоном областындагы Йорчи жазуусу көпчүлүгү кыргыздарга таандык деп эсептелген Енисей жазма эстеликтери менен палеографиялык, эпиграфиялык өзгөчөлүктөрү жана мазмуну жагынан окшоштуктарга ээ.

Кытай Эл Республикасындагы байыркы (көк)түрк жазма эстеликтери бири-биринен алыс аймактарда жашаган элдер тарабынан жазылса да, түрк уруу жана уруу бирикмелеринин ортолорунда тарыхый, этникалык, социалдык жана маданий алака-катыштардын болгондугун далилдеп турат. Чындыгында эле, Енисей жазма эстеликтеринде Сибирде жашаган түрк урууларынын Беш-Балык, Турпан жана башка чет аймактар менен алака-катышта болуп, соода жүргүзүшкөндүгү, бул жерлерге элчи катары барып келишкендиктери баяндалат.

Жыйынтык жана сунуштар

• Сибирдеги (көк)түрк байыркы жазууларынын көпчүлүгү (Көк)түрк Каганаты, Уйгур Каганаты жана Кыргыз Каганатынын доорунда кыргыздар (кыргыздардын курамындагы түрк уруу жана уруу бирикмелери) тарабынан жазылган.

• Кыргыздарга тиешелүү Сибирдеги маданий жана өркөнияттык мурастар, археологиялык табылга жана урандылар биздин заманга чейинки доорлорго таандык.

• (Көк)түрк байыркы жазууларынын айрымдарында (Монголия Республикасынын аймагындагы (Көк)түрк жана Өтүкен Уйгур Каганттарынын дооруна таандык каган жана аскер башчыларынын жазма эстеликтеринде) “кыргыз” аталышы бар жана аларда кыргыздар жашаган аймактар тууралуу баалуу мааалыматтар берилет.

• Монголияда, Кыргызстанда, Казакстанда жана Кытай Эл Республикасында табылган бир топ байыркы (көк)түрк жазма эстеликтери мейли музмуну, мейли палеографиялык сыпаты, мейли кошо чегилген эн тамгалары менен болсун (көпчүлүгү) кыргыздардыкы деп эсептелген Енисей жана Тоолу Алтай аймагындагы жазма эстеликтер менен окшош. Бул жазма эстеликтер аталган “түбөлүк таштарды” орноткондордун ортолорундагы байланышты көрсөтүп турат.

• Байыркы (көк)түрк жазма эстеликтеринин арасында өзгөчө орду жана мааниси бар Талас жана Кочкор жазмалары Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Бул аймакта (көк)түрк тамгалары, алар менен жазылган жазуулар менен катар (жалпы) түрк маданиятына жана өркөниятына таандык археологиялык табылгалар жана урандылар бар. Мындай абал байыркы түрк тилине, тарыхына, маданият жана өркөниятына кызыгып, аларды изилдегендер үчүн Кыргыз Республикасын “өзгөчө изилдөө аянтына жана жагымдуу борборуна” айлантты.

Жогоруда келтирилген жүйөлөрдөн кийин:

• Кыргыз Республикасынын тиешелүү бийлик органдары, илимпоздор, маданият жана искусство ишмерлери байыркы (көк)түрк жазма эстеликтерине көңүл бурушу керек.

• Байыркы (көк)түрк жазма эстеликтеринин кыргыздар менен байланышын изилдөөчү топтор түзүлүп, илимий жана академиялык долбоорлор даярдалышы керек.

• Кыргыздарга байланышы бар байыркы түрк жазма эстеликтеринин жана Кыргызстандагы жазма эстеликтердин инвентардык аныктоосу жасалып, каталогдору, альбомдору даярдалышы зарыл. Аталган жазма эстеликтер тилдик, стилдик жана мазмундук жактан терең изилденип, башка тилдерге да которулуп жарыяланышы керек.

• Жазма эстеликтерден тышкары кыргыздардын дүйнөлүк маданий мурастарга кошкон салымы болуп эсептелген башка эстеликтерди (петроглифтер, эн тамга жана сүрөттөр түшүрүлгөн таштар, эстеликтер, коргондор, мүрзөлөр, көрүстөндөр, айкелдер, кооздук жана тиричилик буюмдары, маданият, искусство жана архитектуралык эстеликтер ж.б.) кеңири изилдей турган окумуштуулар тобу түзүлүшү керек. Бул эстеликтер да инвентарлаштырылып, каталогдору, альбомдору даярдалып чет тилдерде жарыкка чыгарылышы керек.

[1] Проф. док. Женгиз Алйылмаз Ататүрк университетинин “Түркият” изилдөөлөрү институтунун деректору, Эрзурум, Түркия. Макаланын түрк тилиндеги негизги аталышы “(Kök)Türk Harfli Eski Türk Yazıtlarının Kırgızlar Açısından Önemi” (Байыркы түрк жазма эстеликтеринин кыргыздар үчүн мааниси) эл аралык TEKE журналынын 2013 жылкы №3 санында жарыяланган, 1-26-беттер. Кыргыз тилине которгон: Тилек Шаршенбек уулу.

[2] Алгачкы доордогу түрк искусствосунун мезгилдери тууралуу деталдуу мааалымат үчүн караңыз: Çoruhlu, 2007, 18-69

[3] Тарыхта “Гөктүрк”/ “Көктүрк” аты менен таанылган мамлекет – бул “Түрк” мамлекети. Макаланын автору (Көк)түрк мамлекети термини менен түрк мамлекетин, “(көк)түрк жазуусу”, “(көк)түрк алфавити” термини менен түрк жазуусун, түрк алфавитин атап жатат. Ушул себептен “көк” туюнтмасы каша ичинде берилди.

[4] 2011-жылдын июль айында проф.док. К. Конкобаев мага Алтын-Көл жазуусунун копиясын Бишкекке коюу мүдөөсүн билдирди. Мен шериктерим доц.милдетин аткаруучу, док. М. Якар жана доц.милдетин аткаруучу, док. О. Мерттер менен бирге Тоолуу Алтай, Хакасия, Тыва аймактарындагы жазуулардын акыркы мезгилдеги абалын аныктоо жана Алтын-Көл жазуусунун эпиграфиялык каттоосун алып, копиясын жасоо үчүн Сибирге бардым. Аталган жазуунун эпиграфиялык каттоосун алып, эстампажын проф.док. К. Конкобаев менен кенже илимий кызматкер Н. Шабданалиевдин өкүлчүлүгүндөгү Кыргыз Республикасына белек кылдым. Бул иш-аракет жазма эстелик орнотулгандан миң жыл өткөндөн кийин кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы достук, бир туугандыктын уланып жаткандыгын көргөзүп турат жана ак ниеттүүлүктүн жалпынын назарына коюлушу катары мааанилүү.

[5] Тексттер үчүн караңыз Alyılmaz, 2005: Tekin, 1998

[6] II Гурванмандал/ Адаг Мандал жазуусунун 1-сабындагы (a)k (a)t (a)ltun (e)d(e)rl(i)g (ак ат алтун эдерлиг) сүйлөмү Тоолу Алтай аймагындагы Ябоган жазуусунун 3-сабында ушул боюнча кайталанат (Усеев, 2011; Tıbıkova-Nevskaya-Erdal, 2012: 140-141; Şirin-User, 2013: 457-464). Сенек формадагы бул сүйлөм кыргыз аталышы жана эн тамгалар менен бирге жазуунун ээсинин кыргыздар менен байланышын көрсөтүп турат. Бул жазуу тууралуу маалыматты, чечмелөө жана комментарийлерди камтыган макалабыз эл аралык ТЕКЕ журналынын келерки сандарынын биринде жарыяланат. Бул кырдаал “илим менен кабинеттеринде алпурушкан ураматтуу кесиптештерибиздин ” жазма эстеликти бизден мурда жарыялашына албетте эч кандай тоскоолдук кылбайт.

[7] II Гурванмандал/ Адаг Мандал жазуусунун эпиграфиялык анализи/каттоосу менин жетекчилигимдеги долбоор алкагында курамында М. Якар, О. Мерт жана Ц. Баттулга турган топ тарабынан 2007-жылдын 20-июлунда кылынган. Мында жазуунун, жазуу түшүрүлгөн асканын бетиндеги жана айланасындагы эн тамгалардын, аска сүрөттөрүнүн 15 түрлүү метод менен эпиграфиялык каттоосу кылынган. Жазуунун алгачкы каттоолорунда, /кыргыз аталышынын бар экендигин аныктадым. Жазууга байланыштуу даярдаган мааалымдамамда бул өзгөчө белгиленген. Ц. Баттулга 2005-жылы жарык көргөн “Mongolin Runi Biçgiyn Baga Dursgaluud Tergüün Devter” аттуу китебинде II Гурванмандал/ Адаг Мандал жазуусуна да кайрылган. Ал жазуунун окулушуна жана чечмеленишине тиешелүү өз сунушун келтирген. Алсак, Ц. Баттулга / кыргыз сөзүн Karagaz деп окуп, топоним деп эсептейт (Battulga, age. 136-140). Ц. Баттулганын талаа экспедицияларындагы табылгаларына таянып, анын жетекчилиги астында иш алып барган Б. Аззая да “Mongol Nutag Dah’ Uygurın Üed Holbogdoh Runi Biçgiyn Dursgaluudın Toym” аттуу макаласында илимий жетекчиси Ц. Баттулганын артынан бул сөздү Karagaz деп окуп, топоним катары көрсөткөн (Azzaya, 2008: 127-149).

Колдонулган жана сунушталган адабияттар

ALYILMAZ, C. (2002). Gobi Çölünde ve Altay Dağları’nda Kaya Üstü Tasvirler. Yeni Türkiye Dergisi, S. 46 (Türkoloji ve Türk Tarihi Araştırmaları Özel Sayısı IV), Ankara, 613-615.

ALYILMAZ, C. (2004). Petroglifler (Kaya ÜstüTasvirler). Journal of Turkic Civilization Studies, C. 1, S. 1, Bişkek, 157-163

ALYILMAZ, C. (2005). OrhunYazıtlarınınBugünküDurumu. Ankara.

ALYILMAZ, C. (2006). Kırgızistandaki (Kök)türkHarfliYazıtlarınBugünküDurumu. Journal of Turkic Civilization Studies, C. 1, S.2, Bişkek, 17-27.

ALYILMAZ, C. (2007). KöktürkHarfliYazıtlarınİzinde. Ankara.

ALYILMAZ, C. (2008). “Anı” / “Ani” YerAdıÜzerine. Prof. Dr. AhmetBican ERCİLASUN Armağanı, Ankara, 352-365.

ALYILMAZ, C. (2012). İslamiyetÖncesiTürkEserleri.TürkDünyasıMimarlıkveŞehircilikAbideleri.Ankara, 6-105, (ed. İ. DEMİRCİ - İ.TERZİOĞLU). 23 Cengiz ALYILMAZ

ALYILMAZ, C. (2013). Karı ÇorTiginYazıtı. Uluslararası TEKE (TürkçeEdebiyatKültürEğitim) Dergisi International Journal of Turkish Literature Culture Education, http://www.tekedergisi.com/, Volume 2/2, 1-61.

ALYILMAZ, C. (2013). YorçıYazıtı. Uluslararası TEKE (TürkçeEdebiyatKültürEğitim) Dergisi’ International Journal of Turkish Literature Culture Education, http://www.tekedergisi.com/,Volume 2/3, 29-46.

AYDIN, E. (2011). YeniseyYazıtlarındaGeçenTürk Boy AdlarıÜzerineNotlar. Turkish Studies International Periodical For the Languages, Literature and History of Turkish or Turkic, Volume 6/1, 395-402.

AZZAYA B. (2008). Mongol Nutag Dah’ UygurınÜedHolbogdohRuniBiçgiynDursgaluudınToym.Mongolian Journal of Anthropology, Archaeology and Ethnology. Volume: 4, No: 1/312, Ulaanbaatar, 127-149.

BATTULGA, Ts. (2005). MongolınRuniBiçgiynBagaDursgaluudTergüünDevter. Ulaanbaatar.

BATTULGA, Ts. (2011). Moğol Altay DağlarındanBulunanBirRunik (Göktürk) YazıtÜzerine.Ötüken’denİstanbul’aTürkçenin 1290 Yılı (720-2010) From Ötüken to İstanbul, 1290 Years of Turkish Bildiriler / Papers, İstanbul, 295-300.

BAYÇAROV, S. Y. (1996). Avrupa’nınEskiTürkRunikAbideleri. Ankara, (çev. M. DURANLI).

BAZILHAN, N. (2013). OrtaAsya’dakiEskiTürkBitikYazıtlarınınTarihîKaynakveEtnoarkeolojikAraştırması.BengüBelȁkAhmetBicanErcilasunArmağanı, Ankara, 139-152, (ed. B. GÜL).

BUTANAYEV, V. - BUTANAYEV, İ. (2007).YeniseyKırgızlarıFolklorveEdebiyat.İstanbul. (akt. Y. GÜMÜŞ).

CHAVANNES, E. (1903). Documents sur Les Tou-kiue (Turcs) Occidentaux, St.Petersburg.

ÇORUHLU, Y. (2007). ErkenDevirTürkSanatı. İstanbul.

ERCİLASUN, A. B. (2004). BaşlangıçtanYirminciYüzyılaTürkDiliTarihi. Ankara.

ERCİLASUN, A. B. (2007). KırgızlarKimlerinTorunu, MakalelerDil-Destan-Tarih-Edebiyat, Ankara, 602-606, (yay. hzl. E. ARIKOĞLU).

ESİN, E. (1978). İslamiyettenÖncekiTürkKültürTârîhiveİslâmaGiriş.İstanbul.

ESİN, E. (2006). TürklerdeMaddiKültürünOluşumu. İstanbul.

GIRAUD, R. (1999). GökTürkİmparatorluğuİlteriş, KapganveBilge’ninHükümdarlıkları (680-734).İstanbul, (çev.İ. MANGALTEPE).

GÖMEÇ, S. (2009).Kırgız TürkleriTarihi. Ankara.

HEIKEL, N. J. (1918). Altertümerausdem Tale des Talas in Turkestan. Helsinki.

KALKAN, M. (2006).KırgızlarveKazaklar.İstanbul.

KILDIROĞLU, M. (2006).IX-XVI.AsırlardaYenisey-İrtiş BölgesindeKırgız-Kıpçak İlişkileri.Atatürk ÜniversitesiTürkiyatAraştırmalarıEnstitüsüDergisi, S. 30, Erzurum, 133-166.

KLYAŞTORNIY, S. G. (2001). TanrıDağları’ndaYeniBulunanEskiRunikTürkYazıtları.ManasÜniversitesiSosyalBilimlerDergisi, S. 2, Bişkek, 192-196 (çev. M. KALKAN).

KONKOBAEV, K. - USEEV, N. (2011). Son Keşifler Işığında Kırgızistan’da Eski Türk Yazıtları Araştırmalarının Perspektifleri ve Köktürk Harfli Bir Ötüken’den İstanbul’a Türkçenin 1290 Yılı (720-2010) From Ötüken to İstanbul, 1290 Years of Turkish Bildiriler / Papers, İstanbul, 301-308.

LASZLO, F. (1950).DokuzOğuzlarveGökTürkler.TTK Belleten, C. XIV, S. 53, Ankara, 37-43, (çev. H. EREN).

MERT, O. (2009), Ötüken Uygur DönemiYazıtlarındanTes – Tariat – Şine Us. Ankara.

NEMETH, J. (1926). Die köktürkischenGrabinschriftenausdem Tale des Talas in Turkestan, KorösiCsoma-Archivum, S. II/1-2, Budapest, 134-143.

ÖGEL, B. (1984). İslamiyettenÖnceTürkKültürTarihi. Ankara.

POLAT, K. (2005). BeşiktenMezara Kırgız TürklerindeGelenekveİnanışlar.İstanbul.

SALMAN H. (1998). Türgişler, Ankara.

SARAY, M. (1993). Kırgız TürkleriTarihi, İstanbul.

SERTKAYA, O. F. (2001), Suuci

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×