Добавить статью
6:19 3 Ноября 2016

Тайлак баатырдын тарыхый бейнесине айрым сүртүмдөр

Инсантаануу багытында изилдөөлөр кыргыз тарыхнаамасындагы эң жемиштүү багыттардын бири экендиги баарына маалым болуп калды. Советтик мезгилде инсандардын өмүрү жана ишмердиги, анын тарыхый орду боюнча изилдөөлөр үзүл-кезил гана болучу. Анткени, тарыхый инсандардын басымдуу көпчүлүгү хандардын, бектери менен бийлердин, эң куру дегенде кайсыл бир уруунун башчысынын тукуму болуп чыга келгендиктен, “эзилген гана таптын тарыхын” даңазалоону идеологиялык көрсөткүч катары караган пролетардык тарыхнаама буга жол берген эмес.

Т.Кененсариев

1980-жылдардан баштап “кайра куруунун” жел аргысы менен арыш алган өз тарыхыбызга жаңыча көз кароонун башталышы менен инсантаануу кыргыз тарыхына бир кыйла жаңы нук киргизди. Ириде Курманжан датка, Шабдан баатыр, Боромбай, Ормон сыяктуу тарыхый инсандарыбыздын ишмердигин коомдук назарга коюп, тарыхчылар менен башка коомдук ишмерлер жакшы саамалыкты улантышты. Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш дебей кыргыз инсандарынын тарыхый ордун тактоого белсенип кирдик. Албетте, “андайы болбой аягы чыкпайт” демекчи, айрым колоттун “баатырлары” деле, алардын азыркы тукуму оокаттуу же мамлекеттик бийликтин бир жагын чойо кармаган жетекчи болсо, бабасын “кеменгер инсан”, “кыргыздын багына жаралган баатыр”, “көсөм мамлекеттик ишмер” деген эпитеттер менен коштоп, Кыргызстандын борбору түгүл региондоруна олчойгон эстеликтерин тургуза баштадык.

Бул бир жагынан элибиздин тарыхка кызыгуусун арттырганы менен, экинчи жагынан тарыхый мыйзам-ченемге каршы көрүнгөн “аша-чапма”, “апыртма” же болбосо илимде “жомоктомо тарых”, “божомол тарых” (орусчасы фолк-история, псевдоистория, параистория, антиистория, лжеистория) жагына кирип кетүүдөбүз.Тарых илиминде 40 жылдай эмгектенген адис катары кыргыз тарыхнаамасындагы ушундай көрүнүш меен күрөшө турган убак келди го дейм. Пост-советтик өлкөлөрдүн баарында эле “жаап койгон кумуранын ичиндеги жинди чыгарып жиберген” сымал гуманитардык илимде кыялыбыздагыны болгондой жазып, маселен, кыргыз эли “улуу эл, арий эл, дүйнөнүн көп элдери кыргыздардан тараган”, атүгүл тээ “Жунан заманында (антикалык Греция) кыргыздын жаштары аспирантурада окуп турушкан”, кокуй “Чыңгыз-хан чыныгы кыргыз”, “Аттила менин чоң атам, анын бир тууганы Мундзук, ошондуктан мундуз уруусу гунндар болуп саналат” леген сыяктуу мифтешкен тарыхты килейген китеп кылып чыгарып жатабыз.

Айтайын дегеним, инсан таануу тарых илими да ушул багытка сүңгүп кирип кетпесин деген эле ой.

Азыркы кезде тарыхты “гумандаштыруу тенденциясы” кетип жатат[9]. Бул тенденциянын өзөгү тарых “таптардын карама-каршылыгы менен өзү эле жарала бербейт, аны жалпыланган “эл” деген түшүнүк гана жаратпайт, тарыхый процессти ар бир индивид, ар бир адам өзүнүн тигил же бул аракети менен жаратат, адамдардын арасындагы топту, жамаатты, урууну, элди көсөм жол башчылар, акылмандар, ишмерлер, баатырлар ээрчитет, демек так ошол инсандар – тарых жаратуучулар болуп эсептелишет” деген идеяда жатат.Кыргыз тарыхында тээ Барс-бектен баштап, Искак Раззаковго чейинки тарыхый инсандарыбыз көп. Так ошолордун таасири менен элибиз “элдигин жоготпой, түтүн булатып” келе жатабыз. Ошондой тарыхый инсандарыбыздын бири кыргыздын саяк уруусунун чоро уругунан чыккан атактуу Тайлак баатыр Рыскул бий уулу (1796-1838)

Тарыхый инсандарды үч топко бөлүп караса болот: Биринчи топ: мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, кыргыз мамлекеттигин түптөөгө, аны сактоого, керек болсо ошол максат үчүн жанын берген мекенчилдер; экинчи топтогулар элдин азаттыгы, эркиндиги үчүн күрөшүп, ошол идеяга башын сайгандар, кыйын кезең, кан майданда кол баштаган баатырлар; үчүнчүлөрү элдин тынчтыгын, бейпилдигин самап, кеменгер, акылгөй насаатчылар, элдин интеллектуалдык көрөңгөсүн өстүрүп, руханий жаатта шедеврлерди жараткандар.

Менимче, так ушул үч критерийге карап кыргыздын тарыхый инсандарынын таржымалын иликтөө аркылуу кийинки муунга мекенчилдиктин жана гумандуулуктун үрөнүн сепсек кыргыз тарых илиминин, анын инсантаануу багытынын миссиясын аткара алабыз. Андай тенденция азыркы эгемен кыргыз тарых илиминин кесипкөй өкүлдөрүндө бар жана “элүү жылда эл жаңы” болсо, жыйырма беш жылдык бир муунда тарыхчылардын да мууну жаңырып, заманбап илим ордуна келет деген ишенимдемин.

Баяндамамдын негизги чордонуна келейин. Тайлак баатырды жогорку айткан кыргыз тарыхый инсандарынын экинчи тобундагы тарыхый инсанга кошуу туура. Албетте, кай бир адамдар аны өрөөндүн гана баатыры деп да санашы мүмкүн. Бирок, анын ишмердиги өрөөндөн алда канча кең, бүтүндөй Теңир-Тоонун, атүгүл түндүк-түштүк кыргыздарынын да тагдырына таасир эткен. Себеби, ал ошол кездеги геосаясаттык маселелерге аралашкан, ал процесске белгилүү деңгээлде кооректировка киргизүүгө жетше алган. Ошондуктан ал кыргыз элинин чыгаан тарыхый инсаны жана баатыр жол башчысы.

Быйылкы белгиленип жаткан Тайлак баатырдын 250 жылдыгына карата http://sputnik.kg интернет-сайтына “Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм” аттуу макала жарыяланган[18]. Анда: 1) Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн; 2) Жыйырма жылга чукул кол башчы; 3) Кокон хандыгына жай бербеген Тайлак (1832); 4)Жети миң кытай аскеринин "желин" чыгарган Тайлак; 5)Жүрөктү өрттөгөн өлүм (1838); 6) Тайлак баатырга быйыл 220 жыл; 7) Баатырдын изин изилдегендер.

Аталган жети фактынын 5,6,7-син алып таштаганда калган төртөө анын тарыхый инсандык таржымалын көрсөтө алат. Бирок, алар Тайлактын тарыхый бейнесин, анын эмне үчүн мындай жолду тандап, тагдырын так ушул окуяларга бургандыгын толук чагылдыра албайт. Ошондуктан биз Тайлак баатырдын тегине, өмүрүнө, жасаган эрдиктерине, ошол мезгилдеги геосаясаттык кырдаллдагы көз карашына, азаттык күрөшүндөгү карманган идеяларына, Кокон хандыгына кылган мамилесине жана Тайлактын тарыхый ордун баалоодогу айрым белгилерге токтолуп өтүүнү чечтик.

Алгач Тайлак баатырдын тегине кайрылалы. Тайлак баатыр чекир саяк уруусунун чоро уругунан чыккан делет. Анын ата- бабалары өздөрүнө караштуу жамаатты бийлеп келишкен инсандардан болушкан. Кыргыздардын Фергана өрөөнүндөгү эзелки ата конуштары болгон Асаке, Анжыяндын жанындагы Мундуз кыштагы, Ботокара, Атакара, Избаскен жана башка жерлер кыргыздардын кыштоолорунун Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүндө болгондугун билгизген көптөгөн топонимдер бар. Санжыра боюнча саяктын Байболотунун экинчи уулу Асаке Өйдөчекти болжол менен ХV—ХVI кылымдарда Анжыяндын чыгыш жагында туруктап жүрүп өлгөн. Анын кыштоосу кийин отурукташкан чоң кыштакка айланып, ага Асаке деген ат берилген. Асакенин абаларынын бири Сарыдан Атакара жана Ботокара. Атакара азыркы Избаскенди жердеп, ал эми Ботокара Анжыяндын түндүк-чыгыш тарабын туруктаган. Аялдары өзбек болгондуктан кийинчерээк алардын урпактары өзбектерге аралашып кеткен. Бирок, бул эзелки кыргыз кыштоолору акырындап чоң кыштактарга айланча да, аттары ушул мезгилге чейин сакталып калган[12, 22-б.; 15].

Негизинен Ферганадан Ички Теңир-Тоого болжолдуу XVIII кылымдын 60-80-жылдарында жайлашкан саяктардын чекир саяк уруусу санжыралык маалыматтарда Үч куртка жана Түгөл деген эки топко ажырайт. Үч куртка Кудайберди, Ак кабак, Ыман деген үч атага бөлүнөт. Кудайбердиден Кулжыгач жана Чоро уруктары чыгат. Чородон Марка, Барчык. Барчыктан Тоймат. Тойматтын бир уулу Жанболот өз мезгилинде саяктын акалакчы (кичине) бийлеринен болгондугун кытай жазмалары кабарлайт. Ал 1780- жыл-дардын экинчи жарымында сары багыштын дагы бир Тоймат аттуу кичи бийи менен Кашгардан Анжиянга бараткан кербенди Чатыр-Көлдүн жанында миң жылкынын кунундай байлыкты карактап алышат. Ошол себептен кытай бийлиги Жанболотту Борке деген уулу менен кошо камакка алган[6, 193-б.]. Жанболоттун уулу Ырыскул атасынын ордуна саяктардын бийи болуп калган. Анын балдары Атантай, Тайлак[10]. Ырыскул бий өлгөндө, саяк бийлеринин эң акыркысы болуп анын сөөгү Арстанбапка коюлганы, саяк элинин эзелтен Фергана өрөөнүндө жашап келгендигин тастыктап турат.

Тайлак баатырдын теги тууралуу дагы бир маалымат кийинчерээк пайда болду. 2015-жылы чыккан Бишкек баатыр тууралуу бир изилдөөдө Бишкек баатырдын үч жолу үйлөнгөндүгү, бир аялы аксылык саруу уруусунун кытай уругунан, экинчиси чүйлүк солто уруусунан, ал эми улуу аялы жумгалдык саяктардан болгондугу жазылган. Андагы материалда Тайлак баатыр – саруу уруусунан чыккан Эркөбөк уулу Бишкектин кызы Бишкек баатырдын жээн небереси катары берилген маалымат кызыктуу[8].

Окумуштуу-тарыхчы А.Беделбаев Тайлак баатыр жаштайынан өткүр, ары акылдуу жана кеменгер, адилеттүү жана көсөм, атка тың, баатыр болуп өсүп, айланасына жигит курап, ат үстүндө көчмөндөрдүн салттуу оюндарын ойногонду жакшы көрчү экен деп айтат[3].

Эмки Тайлак баатырдын доору жөнүндө баян эте кетели.

Тайлак баатырды эл «чегингенди билген, жеңилгенди билбеген» Теңиртоо арстаны, улуттук улуу баатыр Эр Тайлак[21] дешип аташканы кыргыз тарыхынын кооптуу, татаал тарыхый дооруна туура келген. Ал мезгилде кыргыз жергесине карай Казахстан аркылуу Орусия империясы өзүнүн отор саясатын ишке ашыруу үчүн келе жаткан. Ал эми түштүктө Индияны ээлеп жаткан Улуу Британия Ооганстан аркылуу Теңир-Тоо көз артып турган. Эки улуу державадан кем калбаган Кытай империясы болсо Теңир-Тоонун чыгышын биротоло ээлөөгө умтулуп, ыңгайы келсе кыргыз жергесине да басып кирүүнү дайыма оюнда сактап келген. Бул үч империянын атаандаштыгы, Евразия тарыхында айтылып келе жаткан “Чоң Оюндун” чныгы көрүнүшү эле. Төртүнчү “кичине оюнчу” Кокон хандыгы эле. Ал кезде кыргыз урууларынын биримдиги жок болуп, бирок, XVIII кылымдын башынан эле Кокон хандыгын “өз мамлекети” катары санаган ферганалык (анжияндык) кыргыздар, түндүктүк (аркалык) туугандарынын бул хандыктын курамына кирүүсүнө каршы болгон эмес. Демек, XIX кылымдын 20-жылдарынан 30-жылдарына чейин Кокон хандарынын мамлекеттин аймагын кеңейтүү экспансиясы түндүк кыргыздарынын мамлекет түптөөгө болгон олку-солкулугунан оңой эле ишке ашкан.

Санжыраларда “Илеге жүрүш” же “Канайдын качуусу” деп аталган окуя бар. Кокондуктардын алгачкы жортуулдарында, анын сарбаздарынан жеңилип калган солтолордун бийи Канай баштаган солто, саруу урууларынан турган чоң көч 1824-25-жылдар чамасында Балхаш көлүнүн чыгыш тарабына, Иле боюна көчүп барышкан. Көчүүгө сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлактардын катышкандыгы санжыралыларда маалымдалат. Иледе казактардын жаныш, чапырашты уруулары менен ымаласы келбеген солтолор менен саруулар көп өтпөй эле өз жерине кайтып келишкен.

Тайлак агасы Атантай экөө Иледе жүргөндө, алардын жоктугунан пайдаланган саяктардын каба уругунун манабы Кетирекейдин уулу Алыбек Куртка чебине чабуул коюп, кокондуктардын жазалоочу отряды келгенде Кочкорго качып кеткен. Иледен жаңы эле келишкен Атантай, Тайлак кокон амирлиги тарабынан туткундалган. Кай бир изилдөөлөрдө Атантай, Тайлакты Кокон миңбашысы Хаккули колго түшүргөн деген маалымат бар. Чындыгында андай болгон эмес. Анткени, Кокон жортуулдарынын алгачкысы 1817-ж. Кокон хандыгы Көк-Арт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Нарын менен Атбашыга уюштурулган. Бул жортуулда кокон бийлигинин аскер башчысы кыргыз Асан баатыр туруп, ага жардамчы Калдаң менен Жалилге окшогон атактуу кол башчылар болгон. Кокон колу Келте-Тумшук деген жерден алгачкы жолу Тартак-Мамбет, Зор-Калча, Карачунак-Атамбек жана Ажыбек баатыр башында турган кыргыздардан жеңилип калган[16, 73-б.]. Ошондон кийин, кокондуктар көп жылдар ичи Ички Теңир-Тоого баш багышкан эмес. Хаккули миңбашы Ички Теңир-Тоого 1831-жылы гана келген.

Демек, тарыхый маалыматтарды салыштырып көргөндө Атантай, Тайлак болжол менен 1825-жылы Иледен кайтып келген ченде, ал Чүйдө орун-очок алып, Бишкек, Токмок чептерин куруп калган кокон бийликтери тарабынан кармалган жана Коконго жиберилген. Анткени, 1825-жылдары Кокон бийлигинин таасири Ички Теңир-Тоого тарамак турсун, али Куртка, Тогуз-Торо чептери курула элек болучу. Бирок, Атантай менен Тайлакты кыргыздардын саяк, солто, сарыбагыш, бугу, басыз, саруу урууларынын атынан Мадалы ханга арачы болуп ал мезгилде Жумгалды жердеген Медет датка чыгыш элдеринин салты менен белектерди берип туткундан бошотуп алган[7, 50-б.]. Бошотуунун себебинин негизгиси, 1825-жылы Цинь империясына каршы Жааңгер кожонун кыймылы башталып, анын жардам сураган элчилери Кыргызстанга, Кокон, Бухара бийликтерине жиберилип жаткан. Ушуга байланыштуу Мадалы хан Жааңгер Кожого активдүү жардам берүүчү күч катары Тайлак баатырдын зоболосунан жана анын нарындык кыргыздардагы таасиринен улам бошотуп жиберген.

Ал мезгилде түндүк кыргыз урууларынын Кокон хандыгына карата мамилеси ар түрдүү болучу. Мисалы, “Канай качуу” окуясында таластык, ысык-көлдүк кыргыздар, нарындык кыргыздардын бир бөлүгү солтолорду колдогон эмес. Ал эми 1830-жылдары алгач Тайлак жана Борбордук Тянь-Шанда жашаган саяк, басыз, черик, моңолдор уруулары Кокон аскерлеринин басып киришине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн эмес, тескерисинче айрымдары Жумгал, Куртка чептерин курууга кокондуктарга көмөктөшкөн.

Эмки сөз Тайлак баатырдын азаттык үчүн күрөшкөн ишмердигинен болсун.

Тайлак баатырдын биринчи эрдиги Кытай баскынчылыгын майтарууга байланыштуу. XIX кылымдын 20-жылдарында Кашкар, Турфан, Яркент, Артыш шаарларынын аймактарында эзелтен туруктап келген кыргыздар, уйгурлар, казактар Цин империясына каршы боштондук күрөш жүргүзгөндө Тайлак баатыр аларга көмөк көрсөткөн. Ал мезгилде Теңир-Тоонун, Алайдын кыргыздары менен Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары дайыма алакада турушкан[18].

1820-ж. Кашкарда турган Жангир кожо менен чоңбагыш урусунун бийи Суранчынын цин бийликтерине каршы күрөшү ийгиликсиз бүткөн. Бул көтөрүлүшкө нарын дайрасынын боюндагы курткада деген жерде турган чоросаяк Тайлак дагы жигиттери менен катышкан. Көтөрүлүш Кытай бийлигинин аёсуз кыргыны менен аяктап, бул бийликке берилген Исаак-ван деген адам чыккынчылык кылып Жангирди кытайлыктарга карматканга жардам берген, кийин кожону цин бийлиги козголоңчу катары кыйнап өлтүрүшкөндүгү баяндалат. Ушул эле 1820-ж. Ат-Башыдагы Чеч-Дөбө менен Кошой-Коргондун ортосундагы Буурахандын-Сазында Ажыбек, Тайлак баатыр башында турган кыргыздар циндик аскерлерин жеңип бул жеңиш «Кашкар-Жаңырыгы»-деп аталган. Нарындан-Кашкарга чейинки аймакты ээлеп турган черик Шадыбек баатырдан чочулаган цин бийлигинин аскер башчысы Чан Лин ага күмүштөн мамлекеттик сыйлык берүү боюнча өз сунушун Пекинге билдирген[4. 217-б.].

Тарыхчылар С.Аттокуров менен Д.Сапаралиевдин маалыматтарында Тайлактын атын алыска кетирип, анык баатыр наамга кондурган окуя - азыркы Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы кытай аскерлери менен болгон салгылашы эсептелет. Бул окуя XIX кылымдын башындагы кытай баскынчылары менен кыргыз жоокерлеринин бирден-бир жана чечүүчү салгылашы болгон десек туура[11].

Кытайлар «Кичи Бухараны» (Кашкарды) басып алып, анын башчысы Аппак кожонун Айкожо, Күнкожо деген эки уулун кыйнап өлтүргөн. Күнкожонун Сарымсак деген уулунун үч баласы Ооганстандын Кабул шаарында окуп жүргөндүгүнө байланыштуу аман калышкан. Сарымсактын улуу Жангир кожо Бадахшан акиминин кызына үйлөнгөн. Теңир-Тоолук кыргыз төбөлдөрү менен байланышып, аларды Кашкарды кытайлардан бошотуу үчүн жортуулга биргелешип чыгууга чакырат. Жангирдин максаты Чыгыш Түркстанда ислам мамлекетин түзүп, ата-баба мурасын калыбына келтирүү болгон. Кожонун максатын колдогон Тайлак баатырдын да өзүнчө ой максаты бар болучу. Себеби, Кытай тарабынан «чек араны текшерүү» деп аталган аскер-дик жортуулдар бат-бат кайталанып, чек арада жашаган кыргыздарды дайым талоонго алып, тынчын кетирип турушкан. Булар элдин кыжырын келтирген. Тайлак баатыр ошон үчүн Жангир кожо менен Кашкарды каратып алууга катышат. Чыгыш Түркстандын му-сулман калкы да Жангирди колдоп көтөрүлөт. Жангирдин мындай ийгиликтери Пекин-дегилерди аябай чочутат да аны кармап жок кылууга Синьцзян төбөлдөрүнө атайын буйрук жиберилет. А чынында, Кытай богдыханы үчүн бул жагдай кыргыз жеринин эсе-бинен өз чегин кеңейтүүгө жортуулга чыгууга өтө ыңгайлуу шылтоо болгон. Ошон үчүн «Жангирди кармоо» деген шылтоо менен кыргыз чегин бузуп, капыстан кол салат.

Бир даректе кытайлар 700 аскер менен, башка бир даректе эки миңден ашуун кол менен кытай генералы Баян-Бату келген. Жортуулдун максаты Жангир кожо менен Тайлакты колго түшүрүү, аларды кармап, Бежинде эл алдында жазалоо болгон. Ошону менен бирге ири аскер бөлүктөрүн тоомдуу жерлерге жайгарып, кытай таасирин орнотуу эле. Ошентип, Тайлак баатырга каршы аттанган кытай аскерлери Теңир Тоонун аймагына терең кирип барган. Түз эле Тайлактын айылын чаап, бала бакыра, кемпир чалына чейин кырып, дүйнө мүлкүн жыйып, андан ары мыкаачылыгын улантмакчы болуп жатканда Тайлактын кошууну душманга карай келатканын угат.

Абалдын кооптуулугун байкап, бирок укурук, союлунан башка согуш куралдары жок, согушуу ыктарын билбеген жапан кыргыздарга мыкты куралданган аскери менен катуу сокку урмакчы болот. Бирок андай болгон жок. Тайлактын эр жүрөк жигиттери кытайларды капчыгайга шыкап, замбирек мылтыктарды пайдалануу мүмкүндүгүн азайтат да душмандын аскерин бүт жок кылат. Б.Солтоноевдин жазганы боюнча бул окуя төмөндөгүдөй баяндалат. 1825-жылдарда жайлоо кезинде бир кабарда 600, бир кабарда 1000 кытай (соңкусун апыртып айтса керек) келип, Нарын өзөнүнөн саяк кыргызы чоро уругунан Тайлактын айылын түн ичинде капылетте жатканда тегеректеп калган. Тайлактын Бөбөтай, бир кабарда Ноорузбай деген жигити үйүнө киргизип койгон Тайлактын Буурул ат деген күлүк атын жетелеп чыгып минип, жөө калган Тайлакты аттын куйругун карматып, сүзө качып, калың кытайды жара качып кутулган (Тайлактын катыны жаш баласын аркасына сала чуркап келе жатканда жигит катындын колунан кытайлар жабышып, баланы жулуп калган деген кабар бар.) Түн боюнча туш-туштагы саяктын күлүк аттуу баатыр жигиттери жаа тарткан мергендерин жыйып, кара журттуу айылга калтырбай, абышка, жаш баланы койбостон чогултуп, алардын караанын көрсөтүп, көрүнөө Жерге коюп, андан жасоосун ылгап, айырып чыгып, кытайга көрүнбөй качырып чыгар жерден бугуп, таңдын атышын күтүп турган. Таң аппак атканда калың кытайдын капкара болуп котолоп айылды басып жатканын көрүп, катын-бала, калган эл-журтту кырып таштаган экен деп, Тайлактап ураан чакырып, бүткүл эр-азаматы урган таштай болуп качырып чыкканда, кытайдын көбү аттарына мине албай, далайын саяктар өлтүрүп жиберген. Ошол мезгилде Нарындын боюнда Куртка Коргондо кытай келет деп кооптонуп жаткан өзүбектин аскерине кабар жетип калып, алар да согушка киргенде кытайлар чыдай албай качкан. Кыргыздар үч күн согуш кылып, кытайларды Арпа менен Нарындын ортосундагы Кароо деген капчыгайга камап алган. Ошончолук жүздөгөн кытайдан сарала атчан бир кытай гана качып кутулган[22].

Бул окуя тууралуу элдин оозунда: “Туткуй толгон эл деген —Туйгун Тайлак эр деген. Майстан толгон эл деген — Баатыр Тайлак эр деген. Тайлак минди буурулду —Тамандары туурулду. Таталаган кытайлар Баары бүткүл кырылды” айтылып калган[22]. Ал эми Шүкүрбек Бейшеналиевдин ыр саптарында: “Тайлак минди буурулду, Таманы ташка туурулду, Кылыч кындан суурулду, Кылкылдаган көп кытай, Заманасы куурулду. Ак талга туусун аштады, Аскерин Тайлак баштады, Кожоберди, Байбагыш Кошунду булар баштады”, деп ырдалат[11].

Бул жеңиш Тайлакка зор атак алып келет, ошону менен бирге кыргыз жерин тартып алууга көз арткан кытай төбөлдөрүн сестендирет, кыргыз жеринин бүтүндүгү сакталып калган[21]. Бул чынында, Теңир-Тоого көз арткан Улуу Британиянын үмүтүн үзгөн, кийин Орусия баскынчылыгына ыңгайлуу шарт алып келген зор геосаясий жеңиш болгон

Экинчи эрдик нарын кыргыздарынын Кокондун эзүүсүнѳ каршы күрөшүнө байланыштуу болгон. Тарыхта Теңир-Тоо аймагына кокон аскерлери 1831-жылы келип, Куртка чеби курулгандыгы жазылып жүрөт. Бирок ага чейин эле Чүй тараптан келген кокондуктар 1830-жылы эле Жумгал чебин курган болучу. 1831-жылы Теңир-Тоого келген кокон аскерине каршы алгач Ажыбек баатыр башында турган кыргыздар Ат-Башы өрөөнүндөгү Чекендинин талаасында катуу сокку урушкан. Бирок, аны азырынча Тайлак колдогон эмес. Атүгүл, кокондуктардын 1832-ж. Качыке баатыр менен Тайлактын жардамы аркылуу Нарын дайрасынын боюндагы Айгыржал деген дөбөнүн үстү жагындагы Куртка деген жерге 1000ден ашык сарбаздарды кармап туруу үчүн чеп курууга макулдашкандыгы жөнүндө маалымат бар. Кокондуктардын түз эле чеп куруп жибергенге биринчиден шарты жок болгон, экинчиден ал аймакта атагы алыска угулган саяктардын Тайлак менен чериктердин Ажыбек башында турган баатырларынын таасири чоң эле. Ошондуктан чепти курууга Тайлак башында турган чоросаяктар Сарыиймек менен Кенжештин токоюунан карагай даярдап беришкен[4, 267-б.].

Бирок, кокондуктардын илгерилөөсүнө Ажыбек баатыр караманча каршы болгон. Ал Нарын дайрасын кечип Дөрбөлжүн, Атбашы менен Нарынга чеп куруучу кокондук сарбаздарга кечүү бербей жол тосуп турган. Ошондуктан досу Ажыбек баатыр менен сүйлөшкөн Тайлак, 1831-жылы Терекке көчүп барып, 1838-ж. каза болгонго чейин басыз, моңолдор, черик уруулары менен бирге жашап тургандыгы маалым.

Кокон бийлигинин алгачкы жылы эле алык-салык салып, жергиликтүү кыргыздарга зордук-зомбулук көрсөтө баштагандыгына Тайлак нааразы боло баштайт. 1832-жылы Куртка чебинин коменданты Ташмат Нарындан, Ат-Башыдан, Ак-Талаадан жана Тогуз-Тородон сулуу кыздарды чогултууга буйрук берет. Себеби, оюн-зоокту жанындай көргөн жеңил ойлуу Мадали хандын гаремине сулуу кыз-келиндер улам талап кылынып жаткан эле. Андай буйрук бүтүндөй Кокон хандыгына берилип, ал буйрук Ички Теңир-Тоо кыргыздарына да барган болучу. Так ушул окуя Тайлактын чыдамын кетирген. Демек, Тайлак баатыр Кокон хандыгына эмес, Кокон ханы Мадалинин саясатына каршы күрөшкө чыккан.

Ошол кезде Куртка чебинин биринчи башчысы Ташмат Тайлактын агасы Атантайды кайсы бир себеп менен чепке камап таштайт. Жини келген Тайлак коошун жыйып, курладанат. Кара-Менди өрөөнүнөн чыккан Тайлактын коошуну Алабука, андан кийин Нарын дарыясын кечип өтүп, Куртка чебин камайт. Кокондук сепил башчы Ташмат 200 сарбазы менен качып жөнөйт. Тайлак сепилди алып, Атантайды, сепилде камалып, Коконго жөнөтүүгө даярдалып жаткан кыздарды, уландарды, чогулган мал-мүлктү бошотуп, мындан ары Кокон ханы Мадалынын саясатына каршы турууну чечет. Коконго жеткен Ташматтын башын кескен Мадалы эми атагы алыска кеткен Арап баатырдын кол башчылыгында чоң коошун даярдап, Ички Теңир-Тоого жөнөтөт[17].

Тайлак баатыр да колдон келишинче салгылашууга даярданган болучу. Эки черүү Бычандын белинен беттешет. Жеңилерине көзү жеткен Арап баатыр аңгыча артын карабай качып жөнөйт. «Качкан жоону катын алат» дегендей, Тайлак баатыр аны узатпай кууп жетип, белден аша берерде аттан ыргыта саят. Арап баатырдын каны тамган жер ошондон улам «Араптын бели» деп аталып калган[14].

Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберүүдѳн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Баарысын теӊ ойлогон, калыс Тайлак баатыр атаандашы ашкан баатыр болгондугуна ынанып, сөөгу талаада калбасын деп, тогуз ат сойдуруп, куран окутуп, экөө беттешкен жерге көмдургөн экен. Ошол кундөн ушул кунгө чейин Арап баатырдын сөөгу коюлган өрөөн “Арап өлгөн” деп аталып келет[13].

Үчүнчү эрдик төмөнкү окуяга байланыштуу. Мадали хан Түркстан тараптагы казактын Эдиге тѳрѳсү менен келишип, аны көп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттандырган. Эдиге Таласты чаап, Ѳтмѳктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Эдиге баатыр сайыштан өлүп, жер жайнаган колу быт-чыты чыгып талкаланып, калгандары бет алды качып жоголот. Ошентип, бул согушта да Тайлак баатыр жеңип чыккан[20].

Тайлак баатыр эми Кокон бийлигине каршы күрөш баштап, 1832-жылдан 1838-жылдарга чейин хандыкка көз каранды эмес болуп тургандыгын акыркы изилдөөлөр далилдеди. 1832-жылдан кийин Тайлак баатыр жалан эле сырткы душмандан элин коргоп, колунан куралын түшүрбөй ат үстүндө жүрбөстөн, элди дыйканчылыкка, малды багып өстүрүүгө, эмгекке жана ар түрдүү ишке тарта билип, элдин тынч, бейпил турмушта жашоосун көздөгөн. Кала берсе, арык каздырып, арык салдырган[13]. Бийик тоолуу Арпа менен Аксайга эгин эктирип, айдоо жерге айландыра баштаган.

1833-ж. Ажыбек, Калча, Турдуке, Карымшактар Кашкардан кожо молдо, набайчыларды акы төлөп, Нарын аймагына алдырып келип калктын катмарын сабаттуулукка, соода-сатык иштерге үндөгөн. Кашкардан келген кожо-молдо, сарттарды азыркы Ат-Башы айылы жайгашып турган түзөңгө отрукташтырып Эшкулу-Олуянын жетекчилигинде Сарт-Кечүүгө бир нече боз үйлөрдү тиктирип, жергиликтүү кыргыздарга билим берүү үчүн мусулман медересесин уюштурган, кийин ал жер, Сарт-Кечүү деп аталып калган[5, 16-б.]. Бул иштерде Тайлак менен Атантай сырт калышкан эмес.

Тайлак баатырдын тарыхый ролун тастыктоочу төртүнчү фактор анын мамлекетти түптөөгө болгон мүдөөсүнө байланыштуу. Санжыралык маалыматтарда болжолу 1837-жылы кыргыз төбөлдөрүнүн бир тобу катышкан жыйын болот. Ага Анжиян, Аркадан, ары Ичкиликтерден да чакырылып, Тайлактын баатырдыгына баа берип, кыргыздын «эки тизгин, бир чыбырын», башкача айтканда жалпы кыргыз элин тескөөнү Тайлакка ыйгарышат. Бирок, бул аракет аткарылган эмес. Анткени, бир жылдан кийин, 1838-жылдын март-апрель айларында Тайлак баатыр ооруп калып, айыл арасында табыпчылык кылып жүргөн Көр Аким деген адам дарыламакчы болуп, ууланып өлөт. Көрсө ал Кокондон атайын келген тыңчы-табып экен[21]. Өлгөндө Ак-талаа районунун тескей тарабында болгондуктан, Чыбылдай-Коо деген жердеги басыстардын мүрзөсүнүн жанына коюлат. Тайлак баатырдын ызгаарын көрүп калган басыстардын билгичтери кенеш кууруп “ Тайлактын сөөгүн алып кетсин сяктар, өлүгү да тынч жатпай, биздин өлүктөрдүн тынчын алды”- деп, саяктардын билермандарына айттыра беришет. Кыш өтүп жаз келгенде саяктар намыс кылып келип, Тайлактын мүрзөсүнө кара жандык мууздап көөмп коюп, Тайлактын сөөгүн Нарын суусунун өйүзүндөгү Куртка суусунун боюна алып барып коюшат[13]. Ал жерге кийин күмбөз тургузулган.

Баатырдын тарыхтагы орду тууралуу тарых илимдеринин доктору Жаныбек Жакыпбеков мындай дейт: “Кыргыз элинин ичинен чыккан Тайлак баатыр, өзгөчө кыргыз эли үчүн баатырлар доорунун акыркы могикандарынан болуп эсептелет”. Ушул эле ойду улап, тарыхчы Арслан Койчиев: “Тайлак баатыр Теңир тоонун ичин жердеген, мекендеген кыргыз урууларынын башчысы. Тайлак баатырдын өмүрү буга чейин Кыргызстандын түштүгү Фергана, Талас жана башка аймактарды коңшу элдерди өзүнүн курамына киргизүүгө умтулган Кокон хандыгына туура келип калды деп жазат[2].

Жогорку жазылган тарыхый фактылардын негизинде Тайлак баатыр элдин азаттыгы, эркиндиги үчүн күрөшүп, ошол идеяга башын сайгандар, кыйын кезең, кан майданда кол баштаган баатырлар деген тарыхый инсандардын тобунун үлгүлүү жана ирилеринен экендигин баса белгилөө тарых чындыгына туура келет. Тайлактай эл мүдөөсүн актап, азаттык, адилеттик үчүн күрөшкөн элдик баатырлар кыргыз элинин эсинде дайым сактала бермекчи...

Кененсариев Т.

КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,

тарых илимдеринин доктору, профессор

t.kenensariev@gmail.com

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь