Добавить статью
10:20, 28 февраля 2018 50827

Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (3-макала).

Автор: КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Кененсариев Ташманбет (E-mail: t.kenensariev@gmail.com)

НҮСҮП МИҢБАШЫ: МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР ЖАНА ТАРЫХЫЙ ИНСАН

3-макала (1-макаланын шилтемеси, 2-макаланын шилтемеси)

Нүсүптүн Ташкент менен Оро-Төбөнү кайрадан Коконго кайтаруусу

Эмир Коконду басып алган мезгилде хандыктын эң ири шаарларынын бири болгон Ташкенге өзүнүн өкүлүн — Мухаммад-Шарифти дайындаган эле. Шаарды тынчтык жол менен кайтарып алууну көздөгөн Шералы хан ага элчи аркылуу кайрадан баш ийип берүүнү талап кылган кат жөнөтөт [Бейсембиев Т.К. Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —Алма-Ата: Наука, 1987.-113-б.]. Бирок, Ташкенди тынчтык жол менен каратып алуу мүмкүн болгон жок. 1843-жылы Шералы хан өзүнүн ортончу баласы Малабекти лашкер башчылыкка дайындоо менен Нүсүп миң башыны Ташкенге аттантат. Иш жүзүндө кошуун башчысы Нүсүп болуп, Малабек болсо, аскер ишин үйрөнүүнү гана максат кылып койгон эле. Кокон кошууну Кендир-Даван аркылуу өтүп, Бука чебин алып, Пискент жана Той-Тепе аймактарын ээлейт. Нүсүп миңбашы Ташкент шаарынын билермандарынын, шаар аксакалдарынын оюн билүүгө атайын адам жиберет. Шаардын белгилүү аксакал билермандары: Бек-Мухаммед, Дамула Салих бек Ахун, Захур тажик жана башкалар Нүсүпкө баш ийгендигин билдирген жооп беришет. Шаардын беги Мухаммад Шарип аталык колго түшүп берет. Шаарды ээлешкен Нүсүптүн аскерлери аксакалдар менен кеңешип, Ташкендин акимдигине Шералы хандын тун уулу Сарымсактын дайындалгандыгын жарыя кылат.

Зиябидин Магзунинин китебинде Ташкенди каратууда Нүсүптүн жетекчилиги астында Жумабай, Назарбек, Рахманча, Мамадияр өңдүү аскер башчылары катышып, Ташкен тараптан келген Кедейбайдын аскерлери менен согуш талаасында кармашканы эскерилет. Он миң аскери менен согушка кирген Нүсүптүн жекеме-жеке сайышта көрсөткөн эрдигине баа берген Кедейбай: “Мындай баатырды өмүрү көргөн эмесмин”, - деп таң калган экен.[Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007, –140– б.].

Ташкен шаарын каратуу менен Кокон мамлекетинин чек ара аймактары тынчып калган эмес. Бухара эмири кайрадан коркунуч туудура баштайт. Шералы хандын өтүнүчү менен тажрыйбалуу Нүсүп миңбашы Оро-Төбө, Каратегин аймактарына жөнөтүлөт. Бир топ кагылышуулардан соң, чек ара аймактарындагы согуштук аракеттер токтотулат. Хандыктын чек ара маселелерин бекемдөөдө чоң тажрыйбага ээ болгон Нүсүп миңбашы бийликти чыңдоого аракеттене баштайт. Кокондук бир бийлик адамы Ибайдулланын Нүсүп миңбашыга кайрылып: “эң чоң коркунуч Орусия тарапта, таксыр. Алар ушул учурда Дешти Кыпчактын чоң бөлүгүн ээлешиптир. Бири-бири менен өз ара келише албаган казак хандары жерин тарттырып жатыптыр. Орустардан баш-баанек издеп, алардын колтугуна кире качкан казак хандарын көп уктум”,- дегендиги ошол мезгилдеги Орусия империясынын геосаясаттык аракеттерин Нүсүп бий да таасын түшүнө баштагандыгын белгилегени маанилүү.[Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин / Кол жазма].

1843-жылы Оро-Төбө аймагынын акими Бабамурат дагы сепараттык козголоң баштап, Нүсүп миңбашынын аскерлери айыгышкан катуу салгылашуудан кийин оротөбөлүктөрдү баш ийдирүүгө жетишип, Нүсүп Оро-Төбөнүн акимдигине убактылуу Салыкбек датканы дайындап, Коконго жеңиш менен кайтат.

Натыйжада, 1842-1843-жылдары көчмөндөрдүн хандыкты кайрадан калыбына келтирүү арекетинин натыйжасында Кокон хандыгынын Түштүк Казакстанды камтыган мурунку абалы кайрадан калыбына келтирилет. Кокон хандыгында кыргыздар саясий аренага кайрадан чыгышып, хандыкты башкарууга активдүү катыша башташат. Ал жөнүндө изилдөөчүлөр мындай деп эскеришкен: “Көчмөндөр ордодо үстөмдүк кылышып, алардын лидерлери мурдагы сарттар ээлешкен жогорку бийлик бутактарына талапкер болушуп, хандыкты башкарууга өтүштү”[Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886.–155-б.; Бейсембиев Т.К. Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —Алма-Ата: Наука, 1987.-22-б.].

Нүсүп ордо оюндарынын капшабында

Жаңы кырдаалда Нүсүп миңбашы ордодогу башкы саясий фигуралардын бири болуп калган. Мамлекеттик башкаруудан тажрыйбасы жок Шералынын Нүсүпсүз иш аткаруусун элестетүү кыйын эле. Шералыга акыл айтып, кеңеш берип, тажрыйбасын бөлүшүп, хандыктын ички, сырткы саясатын түшүндүргөн жалгыз Нүсүп болгон. Ушул таризден алып караганда хандан кичүү болгонуна карабай Нүсүп Шералы үчүн “аталык” да милдетти аткарган.

Нүсүп миңбашынын ордодогу орду ички оппозициялык топтун нааразычылыгын күчөтө баштайт. Т.К.Бейсембиев хандыкта атаандашкан үч топ болгондугун, биринин башында – Маргалаңдын акими Шады бий турган отурукташкан феодалдар тобу, экинчиси–Мусулманкул башында турган кыпчактардын тобу жана Нүсүп миңбашы жетектеген көчмөн кыргыздар менен хандын жакын туугандарынын тобу экендигин белгилеп кеткен [Бейсембиев Т. Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —Алма-Ата: Наука, 1987.-22-б.].

Нүсүптүн атаандаштары: Мусулманкул, Шады

Нүсүптүн эң негизги каршылашы кыпчак Мусулманкул болгон. Ал күчтүү жоокер гана болбостон, амалкөй, өзүмчүл, таш боор адам эле. Нүсүп сыяктуу эле Мусулманкул өзүнүн аскердик ишин Омор хандын доорунда баштаган. Бирок бийликке жетүү үчүн бирден-бир жол – Нүсүптү жок кылуу деп санаган.

Бул максатка жетүү үчүн ал алгач өзүнө ишенимдүү аскер токптойт. Алар: “Биз Шералыны хан көтөрүүгө катыштык, Бухара согушунда жардам бердик, бирок. Шералы хан биздин кызматыбызды баалаган жок. Кыпчактын өкүлдөрүнө ордодон ылайыктуу орун бербеди. Ошондуктан, нааразычылык билдирүү иретинде чогулуп жатабыз».[Нияз Мухаммед Хуканди молдо. Тарихи-и Шахрухи./ Кол жазма.],- деп жарыялашат.

Ошондуктан, Мусулманкулду Шералы Анжиян вилайетинин аскер башчысы кылып дайындаган. Муну күрөштүн алгачкы ийгилиги катары кабылдаган Мусулманкул Анжиянга келери менен дээрлик бардык кызматтарга өз адамдарын дайындап, сугат жерлерди, малга ыңгайлуу жайыттарды кыпчак уруусунун өкүлдөрүнө бере баштайт.

Ошол эле учурда тажик улутундагы, отурукташкан сартиййа жамаатынын ири өкүлү, Маргалаңдын акими Шады менен тымызын алакага кирет. Нияз Мухаммед Хуканди экөөнүн диалогун мындайча сүрөттөгөн: “Нүсүп ордодо турганда ханга таасир көрсөтө албайбыз, Шадым! Бир айласын таап, аны ордодон четтетиш керек!” “Туура айтасыз, урматтуу Мусулманкулум! -деп жооп кайтарат Шады. Мусулманкул: “Азырынча өлтүрүүгө болбойт. Өлтүрсөк, Шералы хан бизден өч алат. Аны эптеп ордодон алыстатыш керек”. “Калганын экөөбүз келишип алгандан кийин айтамын. Мен го кыпчактын түлкүсүмүн, ал эми сизди эмне деп айтышты билбей турам!”-дейт. Анда Шады Мусулманкулга карап: Анын эмнесин ойлонуп отурасыз, мени тажиктин түлкүсү деп койсоңуз болот ” [Нияз Мухаммед Хуканди молдо. Тарихи-и Шахрухи./ Кол жазма.]. Сүйлөшүүдө бири миңбашылыкты, экинчиси амир лашкер (аскер башчылык) кызматтарын ээлөөнү каалашат.

Эки саясий күчтүн ортосундагы келишимден соң, аны ишке ашыруу үчүн 1843-жылдын жазында Мусулманкул кол топтоп, Анжияндан Коконду карай аттанат. Ошондо Нүсүп миңбашы алардын алдынан чыгып, кан төгүүнү каалабагандыгын билдирип, Шады менен Мусулманкулдун дооматтарын угат. “Кыпчактар кызматына жараша сый көрүп, мал-мүлк, жер, жок дегенде, түзүгүрөөк кызматтык орундарга да ээ болбоду,- деп даттанат Мусулманкул. [Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин / Кол жазма].

Бул саясий тирешүүнүн жөн жайын уккан Шералы: “Кыпчактардын татыктуу өкүлдөрүн ордого алалык!” – деген чечимин айтат. Мусулманкул ханды кубаттап: “ордодо негизинен үч топтун өкүлдөрү бар: кыргыздар, миңдер жана кыпчактар. Хан менен миңбашы кыргыздардын өкүлдөрүнөн. Бийлик орундар тең салмактуу болуш үчүн, Нүсүп миңбашынын ордуна бул топторго кирбеген калыс адам Шадыны койсок, ордодо тажик өкүлү аз”.[Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин/ Кол жазма],- деп өзүнүн түпкү оюн билдирет.

Нүсүптүн ордодон четтетилиши жана Шералынын чечкинсиздиги

Курчуп бара жаткан каршылашууну чечүү үчүн атаандаштар менен Шералы хан чогуу 1843-жылы Шахриханда чукул кеңешме өткөрүшкөн. Жогоруда айтылган саясий келишимге Шералы макул болгон. Маселе Мусулманкул менен Шады датканын пайдасына чечилип, бул жерде Шералы чечкинсиздигин көрсөткөн. Натыйжада, Нүсүп менен Шады өз орундарын алмаштырышып, Шады датка миң башылык кызматка отурат, ал эми Нүсүп болсо миңбашылык наамын сактоо менен Маргаланга аким болуп дайындалат. Мусулманкул Анжияндын акими жана вилаеттин амир лашкери, жалпы кыпчактардын башкы бийи болуп кала берет.

Бул жерде Нүсүптүн калыстыгын жана адилеттигин көрсөткөн бир эпизод бар. Шады, Мусулманкул, Шералы төртөөсү калганда, Нүсүп Мусулманкулга: “Эгерде мен миңбашылыктан кетсем эле, эл ичинде бейкутчулук болуп, тартип өкүм сүрөбү?”- деген суроо узатат. Мусулманкулдан “Мен ошондой ойлойм!”- деген жооп алат. Нүсүп: “Анда мен ыраазымын! Элдин биримдиги үчүн баарына макулмун”, -деп чечкиндүү жооп берет”. Кандай айла кылаарын билбеген хан: “ушундай болуп калды,- деп Нүсүпкө карай үшкүрүнөт» [Мирза Алим Рахим Ташкенди молдо Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакин/ Кол жазма].

Шералынын Нүсүптү коргоп кала албай, өзүнүн бошоңдугун көрсөткөн чечимин айыптаган адам ордодо акылдуулугу, билгилиги менен «Хаким айым», «Малика-и Шахубан» аталып келе жаткан Шералынын аялы Жаркын болгон. Жаркындын: «Сизди өлүмдөн алып качып, сары тонунун ичине катып, Таласка алып барып, жашырган ким эле? Ушул Эсенбай атам эмес беле! Сизди Таласта жылкы багып жүргөн жериңизден, ханзада тукуму деп, бул тактыга алып келген ушул Нүсүп эмес беле! Ак тилек менен хан көтөрүп, кол курап, Коконду алган ким? Ал да Нүсүп! Ишенген адамыңыздан айрылып, эки түлкүнүн сөзүн эп көрүп, ушундай болуп калды дегениңиз кудайга жагабы, ыя! Эми Нүсүп ордодон кетип, жакын адамыбыздан айрылганыбыз, Сиздин да бийлигиңиздин бүткөнү. Көрөр күнүбүз эмне болот, ыя!» – деген сөздөрүн жергиликтүү булактар таасын келтирген. [Алим Махмуд молдо Тарихи и Туркестан / Кол жазма]

Нүсүп Маргалаңдын акими

Нүсүп миңбашы Маргалаңдын акими кызматына кирип, чарбалык иштерге батыл аралашкан. Маргалаң вилаетине Кува, Риштан, Язаван, Хайдаркан, Кадамжай, Шахимардан ж. б. Бир топ шаарлар, кыштактар кирген. Акимдин так сарайы Маргалан шаарына жакын жердеги гүлдүү бакка оролгон Ярмазар кыштагында жайгашкан.

Нүсүп Маргалаңга көчүп келгенден кийин аксакалдарды чакырып, кеңешме өткөрүп, шаардын ал-акыбалы менен таанышат. Бир катар эл туруучу жайларды кыдырып, соода, дыйканчылык тармактарын да өнүктүрүүгө көңүл бура баштаган. Мындай мамилени шаар тургундары колдойт. Шаардын көчөлөрүн кеңейтип, жаңы мечит, мазарларды курууга буйрук берет. 30-40 жыл мурун Омор хан Маргаланга аким болуп, көптөгөн курулуш иштерин баштап, аягына чыкпай калган болчу. Нүсүп ошол иштерди кайрадан колго алып, жандандыра баштайт. Маргаландагы Кожо-Моёз мазарынын айланасына жаңы дубал курдурууга буйрук берет. Аялы Толгонай болсо, жетим-жесир балдарга камкордук кыла баштайт. «Искендер падыша» - деген мазарды оңдотуп, 30-40 бала батчу жай салдырат. Мындан сырткары, Толгонай Ярмазардан жетимдер үчүн 30 танап жер үлүшүн, бир тегирмен жана 2 дүкөн сатып берет. Жетим балдардын кат сабатын ачуу максатында атайын 2 молдону акимдин буйругу менен дайындайт. Жогорудагы иштери үчүн калк арасында Толгонай «кыргыз аким айым» деген атка конууга үлгүргөн. [Гариб Маргилани молдо Тасниф-и Гариб. /Кол жазма.].

Шералы хан Нүсүптү аким кылып дайындоо менен андан кол үзгөн эмес. Ордого тез-тез чакырып, мамлекеттин маанилүү иштери боюнча андан кеңеш сурап турган. Ал эми кай бир учурларда хан өзү да Маргалаңга келип, Нүсүп менен акылдашып кетип турган.

Нүсүпкө каршы жалаалар

1844-жылдын башында Шералы хан Маргалаңга келип, Нүсүп менен мамлекеттин ички-тышкы абалы туурасында кеңешет. Орус падышалыгы казактарды каратып, Бухара, Хива хандыктарынын ээликтерине карай илгерилей баштагандыгынан улам хан өзүнүн тынчсыздангандыгын билдирет. Экөөнүн сүйлөшүүсүндө Бухара эмирлиги менен жакындашып, келечекте биргелешип падышачылыкка каршы туруу керек деген ойлор ортого салынат.

Арадан көп өтпөй Бухара эмирлиги менен мамиле түзүү үчүн Нүсүп, бир аз жигиттин коштоосунда, медреседе окуган уулунан кабар алам деген шылтоо менен Бухараны карай жол тарткан[Алим Махдум-и ажы. Тарихи и Туркестан./Кол жазма].

Нүсүп Бухарага келип, медреседе окуп жаткан баласына жолугуп, эмирдин өкүлдөрүнөн, анын кабыл алуусун өтүнөт. Төртүнчү күн дегенде Бухара эмиринин кушбеги Имомназар кабыл алып, Нүсүп эки хандыктын чатагына айланып келген Оро-Төбө жөнүндө айтып жатып, аны «эгер эки хан келишсе, Оро-Төбөнү өз алдынча бектикке айландыруу керек деген сунушун билдирет [Гариб Маргилани молдо. Тасниф-и Гариб. /Кол жазма.]. Бул жолугушуудан эки күн өтпөй, Нүсүп Бухара эмири Насрулланын кабылдоосунда болот. Эмир аны жылуу кабыл алат. Нүсүптүн орус империясына каршы биргелешип күрөшүү керек деген оюн кубаттайт. Ал эми Оро-Төбө маселеси боюнча Кокон хандыгы макул болсо биз даярбыз деген пикирин айтат.

Нүсүп Бухарадан келери менен эле ордону карай жөнөйт. Ханга жолугуп, өзүнүн сапары туурасында кең-кесири сөз кылат. Шералыга Бухара эмиринин ой-максаттарын айтып берип, Оро-Төбөнү көз карандысыз эки хандыкка тең тиешелүү эркин бектикке айландыруу үчүн, ал жерден Кокон армиясын алып чыгып кетүү зарыл экендигин түшүндүрөт.

Нүсүптүн Шералы менен кол үзбөй кеңешип турушу, өз алдынча тышкы саясатта чечкиндүүлүк кылышы, Шады миңбашыга жаккан эмес. Нүсүптүн Бухарага барышын негизги шылтоо кылып, ыңгайын таба албай жүргөн Шады миңбашы бирөөлөргө Нүсүптү каралаган жалган кат даярдатып ханга алып кирет. Анда: «... Нүсүп миңбашы Бухарадан уулун көрүп келем деген шылтоо менен Сиздин душманыңыз болгон Насрулла экөө келишип алып, Сизге каршы Маргаланда чоң жашыруун жыйын өттү. Миңбашылыктан бошогонун ушинтип өч алуу анын негизги максаты. Аттарыбызды коркуп жазбадык, кандай чара көрсөңүз ал Сиздин амириңиздеги иш”, -деп жазылган экен. [Гариб Маргилани молдо. Тасниф-и Гариб./Кол жазма.] Шералы ага ишенген эмес, бирок түкшүмөл ойдо калган.

Шады менен Мусулманкул кайрадан тымызын жолуп, Мусулманкул Шадыны “келишим түзүүгө миңбашы катары сен барышың керек эле», -деп тукурат. [Гариб Маргилани молдо Тасниф-и Гариб. /Кол жазма].

1844-жылдын жазында Шады каратегиндик мөөр жасоочу Сапар төрө деген устаны өзүнө чакыртат да “бир даражалуу адамдын мөөрүн жасоо керек”, -деп бир жумага тапшырма берет. Сапар төрө жасалган мөөрдү Шады миңбашынын колуна тапшырат. Ал мөөрдө мындай деген жазуу бар эле: «Кокон хандыгы, Маргалаң вилайетинин акими Нүсүп бий, миңбашы Эсенбай датка уулу. Санаа 1258-жыл”. Ошону менен бирге Шады Нүсүп миң башынын мөөрү басылган төмөнкүдөй эки кат даярдатат.

Биринчи катта Алайдагы баргы уруусунун бийи Алымбек даткага “бардык кыргыз бийлери жана баатырлары катары сизге ушул катты жөнөтүп отурам. Сапар айынын бешинчи күнү Сафед-Буланда кыргыз урууларынын бийлеринин кеңеши болот. Кеңешме өткөрүүнүн маани-маңызы хан тактыдагы кыргыздардын абалы. Сизге белгилүү болгондой, биз кыргыздар, Шералы ханды бийликке алып келүүдө чоң кызмат көрсөттүк. Аны дайыма колдоп-кубаттадык. Бухара жана башка мамлекеттер менен болгон уруштарда башкы күч катары катыштык, намысын алып бердик. Эми тажиктер менен кыпчактардын тилине кирип, бизди хан ордодон алыстатып, кадыр-баркыбызды түшүрдү. Шералыны бийликтен алып, анын ордун Алим хандын уулу Муратканга же Шералынын тун уулу Сарымсакка беришибиз керек. Бухара амири да бул жагдайда жардам кылам деп убадасын берди. Өзүңүздү жигиттериңиз менен кеңешмеге катышууңузду суранам. Кат ишенимдүү болуш үчүн мөөрүмдү бастым. Нүсүп миңбашы» делген.

Экинчи кат Бухара эмири Насруллага багышталып, «Сиз менен макулдашууга ылайык, биз бүткүл кыргыз бийлери жана Кокон хандыгынан кемсинтилгендер урматтуу, кадыр-барктуу адамдар, лашкер башчылар, паңсаттар менен сүйлөшүп, алардын макулдугун алдым. Алар да Шералы ханды тактыдан кетирип, ордуна уулу Сарымсакты коюуга ыраазылык беришти. Сапар айынын беши күнү биз кеңешме өткөрөбүз, жогорудагы ойду ишке ашырмакчыбыз. Ушул күндү болжолдоп сизден Кокон чегине кошуун жиберишиңизди суранам. Кыргыз бийлеринин атынан Нүсүп миңбашы» деген сөздөр жазылган.

Каттарды Шералыга берүү үчүн Охналык паңсат Камчыбектин атынан атайын даярдалган бир жигит жиберилет. Анда: «Алай тарапка кетип бара жаткан бир жигитти токто десем качып жүрүп берди. Кууп жете албагандан кийин атсак жарадар болуп жыгылды. Куржунунун ичинде бир топ каттар бар экен. Жигитти сурак кылганыбызда анын максаты Алайга Алымбек даткага жолугуп, андан Бухарага өтүп кетмек экен. Сурак кылып жатканыбызда ал жигит жан таслим болду». Охна калаасынын башчысы Камчыбек», -деп ханга багышталып жазылган үчүнчү кат бар эле.

Каттар аты белгисиз чабарман менен Шералыга жетет. Хан таң калганы менен Нүсүптүн мөөрүнө ишенбей коюуга да айласы жок эле. Шералы мындай жалаанын далилин билүү үчүн «Нүсүп менен бетме бет жолугушуп, сүйлөшүүм керек,-деп Охнага чабарман жиберет. Ал чабарман паңсатка жолугуп, Камчыбектен эч кандай кат жөнөтүлбөгөндүгүн кабарлайт. Көп өтпөй кат алып келген аты белгисиз жигиттин киши колдуу өлтүрүлгөндүгү туурасында ханга кабар келет. [Гариб Маргилани молдо. Тасниф-и Гариб. / Кол жазма].

Ошентип, Мусулманкул менен Шадынын кутумдугу бул сапар да ордунан чыккан жок. Кайрадан Нүсүптү өлтүрүүнүн жаңы жолдорун табуу үчүн эки кутум Нарын менен Кара-Дарыянын кесилишинде жолугушат. Бул кездешүүдө Нүсүптү нак өлтүрүүнүн ыкмасы болжолдонот.

Нүсүп саясий кутумдуктун курманы

Арадан көп узабай, Маргалаңда жүргөн Нүсүпкө хандын атынан жазылган чакыруу каты тапшырылат. Катта: «Нүсүп миңбашыга! Сиздин аманчылыгыңызды тилейм. Сизди кайрадан хан ордосуна атайын буйрук менен миңбашылыкка дайындадым. Ал жерди бир ишеничтүү адамга тапшырып, аскериңизди Асакеге жибериңиз да, өзүңүз тез арада Алты-Арыкка жетип келип, амир лашкер катары кошуунду кабыл алыңыз. Калган сөздү мына ошол жерден сүйлөшөбүз. Сайид Шер Мухаммед Али хан». Каттагы Шералы хандын мөөрүнөн Нүсүп шек санаган жок. Бирок, ал да жасалма мөөр болучу.

Шашылыш чакырууну алган Нүсүп өзүнө караштуу 12 жигити менен таң атпай жолго чыгып, жолдо Ярмазарга кире кетели деп, ал жакка бурушканда буктурмада Мусулманкулдун жигиттери күтүп жаткан болот. Караңгыда күтүүсүздөн эки топтун ортосунда чабыш башталат. Нүсүп да ат үстүндө кылыч сууруп, чабышууга киришет. Көптүк кылган Мусулманкулдун жигиттери 12 жигитти өлтүрүшүп, көпчүлүк болуп Нүсүпкө кол салышат. Көптөп миң башыны аттан оодарып жыгышып, колун таңып, оозуна чүпүрөк тыгышат. Туткундалган миң башыны Мусулманкулдун жигиттери Ярмазардагы Шахид мазарына алып барып өлтүрүшөт. [Гариб Маргилани молдо Тасниф-и Гариб. / Кол жазма].

Окуя 1844-жылдын күз мезгилинде болгон. Окуя туурасында В.Наливкин: «Нүсүп Маргалаңга 1844-жылы жиберилген Маткерим-Ясаул деген адам тарабынан өлтүрүлгөн», - деп ырастаган. [Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886, 158-б.]. Ал эми Зиябидин Магзунинин эмгегинде Нүсүп Саид Алибек аттуу адам тарабынан өлтүрүлгөн деген маалымат бар. [Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. –Б., 2007, 174-75-бб.]

Нүсүптү өлтүрүшкөндөн кийин Мусулманкул ордого келип ханга Нүсүп миңбашы жигиттери менен Букараны карай качып бара жаткан жеринен алдынан чыгып, бир топ кармаштан кийин Нүсүпкө кылыч тийип, кайтыш болду, - деп кабарлайт. “Сиздин адилет сурагыңызга алып келбей, Нүсүп миңбашынын жан таслим кылгандыгы үчүн, үч кишинин башын алып таштадым”, - деп кошумчалап да койот Мусулманкул. [Гариб Маргилани молдо. Тасниф-и Гариб. / Кол жазма]. Суук кабарды уккан хан, адатынча кантип жооп кайтарышын билбей шалдырап олтуруп калган делет булактарда.

Нүсүптүн сөөгүнүн жерге берилиши

Нүсүп миңбашынын бул капыстан өлүмү тууралуу кабар Кокон хандыгына тез таркайт. Быягы Талас, Чаткал, Аксы, Авлетим, Анжиян, Наманган тараптарга чабарман жиберилип, Маргалаңда 40 өргөө тигилет. Кокон хандыгына тиешелүү бардык вилайеттерде, бектиктерде, шаарларда 2 күнгө той-тамашалар токтотулат. Улуу инсанга аза күтүү башталат.

Ошентип, 1844-жылдын күз айында Кокон мамлекетинин биримдигин сактоо үчүн күрөшкөн, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири - Нүсүп миңбашы Маргалаң шаарындагы пайгамбарлардын сөөгү жаткан Ярмазар көрүстөнүнүн Сопу Наби хан эшендин жанына коюлат.

«Нүсүптүн өлүмүнө беш күн бою баш көтөрбөй ордонун ичинде тигилген он канат үйдө кайгыргандардын бири Жаркынайым болду,» - деп белгилейт Гариб Маргилани молдо. Ал: «Нүсүптүн киши колдуу болгону туурасында эл арасында күбүр-шыбыр сөз болсо да, чечкиндүүлүк кылып, эч ким айта алган жок. Айта турган Кедейбай датка (Жаркын айымдын агасы) ал мезгилде хандын буйругу менен 300 серкер кошуундун башында Дароот-Коргондон Кашкарга чейинки чек ара тартибин чыңдоого жиберилген эле»,-деп жазып калтырган.[Гариб Маргилани молдо. Тасниф-и Гариб. / Кол жазма].

Нүсүп миңбашынын сөөгү коюлуп жатканда, Кокондун хан багында Сапар төрө асылып өлүптүр деген кабар угулат. Калың журт баягы байкуш төрө турмуштан кыйналып өлсө керек деген гана ойдо калышат. Чындыгында анын өлгөнүнүн чыныгы себебин эки гана адам билчү.

Нүсүптүн өлүмү менен аяктаган бул окуя ордодогу саясий кландардын бийлик талашуусунун каардуу бир көрүнүшү катары гана каралышы абзел. Ал күрөш «илатиййа» тобунун эки кланынын ортосунда болгонунун жана анда «сартиййанын» өкүлүнүн кайсыл тарапка тартканы ошол тарапка жеңишти камсыздагандыгынын бир мисалы эле.

Ордо кутумдуктары мындан кийин да токтогон жок

Бийлик талашуу Нүсүптүн өлүмүнөн кийин эми башка нукка өтүп, жеңген топ, ич ара ыдырай баштаган. Шады миңбашы Мусулманкулду өлтүрүүгө хандан буйрук даярдатып, Анжиянга адам жиберген аракети оңунан чыккан эмес. Аңгыча Мусулманкул Эки-Суу арасында кыпчактарды топтоп, Төрө-Коргон, Касан аймактарын өз таасирине тарткан. Шералы хан, аскердик кеңеш чакырып, жардамга Ташкенден улуу уулу Сарымсакты алдырып, 1845-жылы кыпчактардын толкунун басууга Шады миңбашы менен уулу Кудаярды аттантат. Төрө-Коргон менен Чусттун ортосунда кыпчактар менен хандын аскерлеринин ортосунда катуу кагылышуу болуп өтөт. Таймаш учурунда Шады каза табат.[Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886, 158-б.].

Жеңишке жеткен кыпчактар Кудаярды туткундап, Коконду карай жүрүшөт да, Мусулманкул ордого чабуул коюуга буйрук берет. Ордодогу төрөлөр өлтүрүлүп, шаар кыпчактар тарабынан тоноого кабылат. Сарымсак Бухара эмирлигине качып кетет. Шералы азырынча өз ордунда калтырылып, Мусулманкул миңбашылык даражасын ээлейт. Хан кайрадан “Чынгызхандан калган салтка” ылайык хан көтөрүлөт.[Бабаджанов Б. Кокандская ханство: власть, политика, религия. –Токио–Ташкент, 2010, 208-б.]. Шералынын экинчи ирет хан көтөрүлүшү Мусулманкул өзүнүн регенттик статусун легитимдештирүүгө жетишкен аракети катары кароого болот.[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүзүп миңбашы.-Б.,2015,177-б.].

Амалкөй, шум, ошол эле учурда каардуу Мусулманкулдун алдында Шералы өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп, бийликти колдон кетирип, бийлиги жок ханга айланып калган. А. Кун: “Шералы бирде кыпчактардын, бирде сарттардын кол баласына айланып, эки тараптын кимиси жеңерин күтүп калды”, - деп жазат.[Кун А. Некоторые сведение о Ферганской долине // Военный сборник. – 1876. – №4. –438-б.]. Мусулманкул кыпчак өкүлдөрүн бийлик орундарына дайындап, куралдуу күчтөрдү жалаң кыпчактардан түзө баштаган [Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886,160-б.].

1845-жылы Ошто Мусулманкулдун саясатына каршы кыргыздардын көтөрүлүшү болуп өткөн. 14 жаштагы Кудаярды ээрчитип Мусулманкул көтөрүлүштү басууга Ош тарапка аттанат. Ордодо Мусулманкулдун жоктугунан пайдаланган Исфаранын акими Сатыбалды датка, миңдердин өкүлү Рахматулла, башка кыргыз бийлери менен ич ара келишим түзүшөт да [Бабаджанов Б. Кокандская ханство: власть, политика, религия. –Токио–Ташкент, 2010, 211-б.], Оро-Төбөдө жашап турган Алимхандын уулу Муратты чакыртып, исфаралык атчандар ордону ээлеп, Шералы ханды туткундашат. Мурат такка отургузулуп, арадан үч күн өткөн соң Шералы жаңы хандын буйругу менен мууздалып ташталат.[Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань,1886,161-б.].

Оштон шашылыш кайткан Мусулманкул Муратка каршы тез аранын ичинде чара колдонот. Наманганда турган Кудаярды алдыртып, 1845-жылы Кокондон алыс эмес Йүлгүн деген жерде хан көтөрөт. Мусулманкул баштаган кыпчактар тез арада Коконду ээлеп, анын буйругу менен 11 күн такка отурууга үлгүргөн Мурат каза табат, анын жакындары өлтүрүлөт. Мусулманкул өзүнүн аталык бийлигин туугандык жактан бекемдөө максатында, өз кызын Кудаярга берип, хандын жаштыгынан пайдаланып, өлкөнү башкарууну толук өз колуна алган.

Ошентип, Мусулманкулдун ордодон орун алышы менен катар 10 жыл бою хандыктын саясий турмушунда кыпчактардын үстөмдүгү орногон мезгил башталган.

Соңку сөз

Нүсүп миңбашынын ишмердүүлүгүн окумуштуу Ж.Алымбаев үч чоң мезгилге бөлүп карагандыгы туура.

I мезгил: 1816–1822–жж. Омор хан бийлик жүргүзгөн мезгил. Нүсүптүн аскердик ишинин башталышы.

II мезгил: 1822–1840-жж. Мадали хан башкарган мезгил. Нүсүп бийдин аскердик-саясий ишмердүүлүгүнүн өнүккөн мезгили.

III мезгил: 1842–1844-жж. Шералы хандын мезгили. Нүсүп бийдин саясий жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнүн “эң жогорку чеги” жана Кокон хандыгындагы саясий кутумдуктун курмандыгы.

Жыйынтыктап айтканда Нүсүп миң башынын саясий ишмердигинин акыркы мезгили XIX кылымдын 40-жылдарындагы Кокон хандыгынын “саясий кризистик” дооруна туура келген. Ордодо адаттагыдай так талашуу күчөп, Кокон хандыгы көз карандысыздыгын жоготуп, мамлекетти аман сактап калуу маселеси жаралган. Саясий гана эмес, социалдык-экономикалык кризисти башынан кечирип жаткан хандыкты калыбына келтирип, бийликти колго алып, мамлекетти бекемдөө Нүсүптүн тагдырына туш болгон. Ордо кызматында такшалып, саясий көрөгөчтүк сапатка эгедер башчы, бийликти колго алып, хандыктын биримдигин сактап калуу идеясын көтөрүп, Коконду каратып, Шералыны хан тактысына олтургузууда чоң роль ойногон. Бул анын улуу инсандарга тиешелүү касиеттердин бири экендиги талашсыз көрүнүш.

Демек, Нүсүп Эсенбай уулун XIX кылымдагы кыргыз элинин чыгаан уулу, таланттуу аскер башчысы, чебер дипломат, эл үчүн күйгөн журт башчы, мамлекеттик көрүнүктүү ишмер катары кароого тарых барактары күбө болуп отурат.

Бишкек шаары, 2018-жылдын февраль айы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-02-2018
Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (2-макала)
64612

28-02-2018
Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (1-макала)
81277

03-11-2016
Тайлак баатырдын тарыхый бейнесине айрым сүртүмдөр
81500

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×