Добавить статью
15:48, 22 апреля 2021 118040

Курманбек баатыр жана «Курманбек» эпосу

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланды.

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

АХМЕДОВ Орунбай, тарыхчы

КУРМАНБЕК БААТЫР жана «КУРМАНБЕК» ЭПОСУ

«Курманбек» — калктын калың катмарына кеңири тараган сүймөнчүктүү баатырдык эпос. Чыгарманын башатында, түзүлүш, калыптаныш тарыхында бир канча айтуучулар катышса да, көпчүлүгүнүн ысымы унутулуп, эл эсинен чыккан. Бизге XIX кылымдан берки Токтогул, Мусулманкул, Шамшы комузчу, Калык, Сарыкунан, М.Каландаров сыяктуу айтуучулардын гана ысымы белгилүү. «Курманбекти» Токтогулдун айткандыгын, өздөрүнүн андан үйрөнгөндүгүн Калык жана анын шакирти Сарыкунандын эскергендигине карабастан, чыгарма чоң акындын өз оозунан жазылып алынбаган. Ошондуктан, ал жөнүндө жыйынтыктуу ой айтуу кыйын.

«Курманбек» — Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору» аталып, эл эсинде, оозеки чыгармачылыгында катаал кезең катарында зор из калтырган XVI-XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип түзүлгөн чыгарма. Шарттуу түрдө эпостон орун алган тарыхый реалияларды көз алдыга тутсак, окуянын өткөн орду да реалдуу: Чыгыш Түркстан (Кашкар, Жаркент, Кара шаар-Камбыл), Ооганстан, Орто Азия аймагы (Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) ж.б.

Чыгарманын тарыхый негизин, Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, коңшу хандыктар менен түзгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарын белгилүү даражада аныктай турган фактылар тарыхый уламыштык, аңыз-аңгемелик материалдардан жана тарыхый булактардан да орун алат. Алсак, 1947-жылы Абдыкалык Чоробаев Жалал-Абад областы, азыркы Сузак району, Калмак-Кырчын сельсовети, Таран-Базар кыштагынын тургуну 71 жаштагы Шырдак карыядан «Калмак-Кырчын» уламышын жазып алган. Уламышта ил- герки заманда кыргыз-кыпчак уруусунан Курманбек аттуу баатыр чыгып, калмактар менен урушуп, алардын мизин кайтарып, баш ийдирип тургандыгы баяндалат. Курманбек жер кыдырып, Кашкарга барып, Кашкардын каны Аккан менен достошуп кайтат. Ал кезде баатырдын ордосу Кызыл-Суу деген жерде жайлашат. Арадан бир канча жыл өткөндө уулдуу болот. Курманбектин баласын жээнтектеп, Аккан токсон нарга пул жүктөп, досунун ордосуна аттанат. Күлдөмбес деген жерге жеткенде Корун аттуу калмактардан төрөсү согушуу максатында Курманбектин ордосун курчап алгандыгын угат. Уруш бир канча күнгө созулуп, Курман¬бек душманды жеңип, Кызыл-Суунун батыш жээгине калмактын колун боо түшүрүп кырат. Ошондон улам «калмак кырчындай кырылды» де¬ген сөз калып, согуш өткөн аймак «Калмак-Кырчын» аталып калат. Де¬мек, Курманбек жашаган мезгилде ушул аймакта калмак менен кыргыздардын ортосунда катуу согуштун болгондугу реалдуу окуя. Ошол уруш өткөн жердин «Калмак-Кырчын» аталып калышы да муну тастыктап турат.

Курманбектин «калмак доорунда» жашаган тарыхый инсан экендиги башка тарыхый булактарда да маалымдалат. Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Тарихи-Кашкариде Ишим (Эшим) кыргыз мырзалары Курбанбек (Курманбек) жана Малик Касим (Касым) менен жолугушкандыгы тууралуу маалымат орун алат. Сүйлөшүүгө Эшим Ташкенттен келет. Жолугушуу Курманбектин Ак-Суу (Ак-Калаа) коргонунда өтүп, калмактар менен урушуунун жон-жайы макулдашылат. Түрк авторунун эскерүүсүндө Ишим (Эшим) ханды Кур-банбек (Курманбек) ат үстүнөн каршы алат. Буга Ишим тырчый түшкөн дешет. Эшим кан демекчи, ал XVI-XVII кылымдын аралыгында жаша¬ган реалдуу тарыхый адам, казак ханы, бирок кыргыздар анын тегин кыргыз - кыпчактан чыгарат. Эшим кан жөнүндө кыргыз арасында ка- зактарга караганда уламыш, аңыз-аңгемелер көп сакталган. Тоголок Молдо уламыш, аңыз-аңгемени негиз кылып алып, «Эр Эшим» поэмасын жараткан. Санжырада да Эшим кан менен кан Турсундун окуясы күнү бүгүнкүдөй сакталып, «Катагандын кан Турсун, кан Турсунду ант урсун» делип, достуктун шертин бузган кан Турсундун кара ниет душманчылыгын ашкерелеген сөз али да калк оозунда. XVI-XVIII кылымдардын аралыгында могол, калмак кандарына каршы кыргыз, казактар биригип согушуп турган учурлары болот. Эшимкан да кыргыздар тарабынан колдоого алынат. Ал хандык кылган мезгилде кыргыз, казак калкынын жакшы мамиледе, ынтымакта жашагандыгын Ч. Валиханов да өз эмгектеринде белгилейт. Муну эки элдин союздаштыгынын күбөсү катарында Эшим кандын кыргыздардын уруу башчысы Көкүм өлгөндө Таш¬кентке «Көкүмдүн көк күмбөзүн тургузушунан» да көрүүгө болот.

Курманбектин тарыхый инсан экендигин аныктай турган дагы бир факты калмак кандарынын жортуулу учурунда болуп өткөн тарыхый окуялардын, же жашаган тарыхый инсандардын эпосто чагылышы. Алсак, чыгармада Курманбек менен Аккандын досчулугуна кеңири орун берилет. Сөз Аккан жөнүндө болгондо эки маселенин башын ачып алышыбыз зарыл. Биринчиси «калмак доорунда» Чыгыш Түркстан аймагы менен кыргыздардын карым-катнашы, тарыхый байланышы. Экинчиси - Аккандын тарыхта болгон адам экендигин маалымдаган даректердин тарыхый эмгектерде орун алышы. XVI кылымда Тянь-Шандан могол төбөлдөрүн сүрүп чыккандан кийин кыргыз уруулары Кашкар менен түздөн-түз байланышып турган. XVII кылымдын башында калмактардын кысымынын күчөшүнөн улам кыргыз урууларынын Кашкар, Тур¬пан, Ак-Суу ж. б. шаарларга көчүп келиши жана алардын бул аймакта жайгашуу процесси күч алат.

XVII кылымдын 30-жылдарында кыргыздар Могол мамлекетинин баш- каруучуларынын көрсөткөн каршылыктарын жеңип, Кашкардын айланасы жана андан түштүккө карай жаңы Гиссарга чейинки аймактарга жайланышып, реалдуу саясий күчкө айланат да, мамлекеттин ички иштерине кийлигишип, өз таасирин тийгизип турат. Могол хандары да алар менен эсептешпей кое албайт. Шах Махмуд Чоростун маалыматына ка¬раганда XVII кылымда Тянь-Шань жана Чыгыш Түркстанга Тилек-бий, Байбото Кара, Сокур-бий, Кошойбек, Кебек-бек, Шырдакбек ж.б. мырзалар кадыр-баркка ээ болуп, Кашкар жана Жаркент хандыктарында мансаптын бийик: бакавул, эмир, эсавул, шигавул сыяктуу кызматтык орундарды ээлеп турган. Айрым бир чеп-шаарларга «аким» болуп дайындалган учурлары да болгон. Калмактар менен согушууда Кашкар жана Жар¬кент хандыктары кыргыз жана казак урууларынын аскердик бөлүктөрүн душманга каршы колдонгон учурлары көп болгон. Казак ханы Эшим тарабынан Кашкар, Жаркент хандыктары менен калмактарга каршы келишим түзүлгөн.

Эпосто Аккан Курманбектин досу катарында мүнөздөлүшү да бекеринен эмес. Тарыхый-турмуштук негизи бар. Анткени «калмак доорунда» Кашкар менен кыргыздар тыгыз саясий, маданий жана экономикалык байланышта болгон. Айрыкча, XVII кылымда Кашкар жана Жаркент хандыктарынын аймагында кушчу, чоң багыш, кыпчак, нойгут, тейит, чапкылдык, булгачы, найман, отуз уул ж.б. кыргыз урууларынын мамлекеттин саясий турмушуна активдүү аралашып, тарыхый окуяларга өз таасирин тийгизип тургандыгы санжыралык маалыматтардан башка Шах Махмуд Чоростун хроникасынан, Мир Халь ад-диндин «Хидайат-намесинен» ж.б. эмгектердеги маалыматтардан көрүнүп турат.

Чыгыш Түркстандын тарыхында Аппак-хан же Аппак-кожо деген эки тарыхый инсан кездешет. Аппак-хан (өз аты Абд ал-Латиф, эл арасында Аппак хан аталган, ошондон улам кыргыздарда да ушул наам менен белгилүү болсо керек) 1602-жылы төрөлүп, отуз жашында Кашкардын ханы бо¬лот. Махмуд бен Вали (Бахр-ал-асрар) боюнча да ал XVII кылымда өмүр сүрөт. Аппак-хан (Аккан) менен Курманбектин ортосунда жакшы мамиле түзүлүп, бири-биринин жерине каттап турушат. Анын Ак-Сууга келип кеткендиги, Ак-Суу чебин курууга жардамдашкандыгы, учурунда Абд-ал-Латифтин Кашкарга хан болушуна кыргыздардын өзгөчө салымы бардыгын же чоң көмөк көрсөткөндүгү жөнүндө кабар берет. Экинчиси - Аппак кожо (өз аты Хидаятолла) 1681-1694- жылдардын аралыгында Кашкардын башкаруучусу - акими болуп турган.

Тарыхый маалыматтарга, калк арасында айтылган аңыз-аңгеме, ула- мыштарга жана эпостун окуясына караганда «Курманбекке» кандайдыр бир деңгээлде Абд-ал-Латиф хандын өмүр жолунун бир үзүмү чагылышкан өңдүү. Шах Махмуд боюнча ал мезгил-мезгили менен 1619-1627- 1630-жылдардын аралыгында хандык бийлик жүргүзөт. Санжырачы, кытай тарыхчысы Үсөйүн-ажы Курманбек менен Акканды тарыхый бол¬гон адамдар катарында баяндайт. Аппак хандын оор басырыктуу, өз элине кадырлуу болуп, Курманбек экөө достошуп, эки эл биригип, мунгул зулумдарына каршы күрөшүп тургандыгын маалымдайт. Үсөйүн-ажы боюнча Аккан мунгулдар менен болгон урушта каза табат. Жогорку фактылар «Курманбек» эпосунун башкы каарманы Курманбектин Кашкар¬дын ханы Абд ал-Латифтин (Аппак хандын), казак каны Эшимдин доорунда өмүр сүрүп, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшкөн тарыхый инсан экендигин ачык айкындап турат. Ал эми Курманбек менен Аппак хан¬дын ортосунда дипломатиялык же достук мамиленин түзүлүшүнө, эки элдин жакындашуусуна XVII кылымдагы Кашкар хандыгынын ички, сырткы карама-каршылыктары, ойрот-калмак хандарынын баскынчылык саясатынын күч алышы, жогоркудай эле тарыхый кырдаалды кыр-гыздардын да өз баштарынан өткөрүп турушу себеп болуп, калк башына түшкөн жалпы оорчулук жана тагдырлаштык менен коштолгон. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып, чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга каршы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот. Бирок, белгилей кете турган нерсе көркөм чыгарманын жаралышынын өз жолу бар. Бул же тигил чыгарма тарыхый реалдуулукка негизделип түзүлсө да, тарыхый окуя, же тарыхый инсандын өмүр баяны көркөм чыгарманын жанрдык өзгөчөлүгүнө ылайык чагылышып, өсүп-өнүгүү жолун басып өтөт. Натыйжада, эпосто калмак хандары Корун, Дөлөндүн согушуна каршы Курманбектин баатырдык менен жүргүзгөн күрөшү сырткы гана эмес, ички карама-каршылыктардын курчушунда, үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдырынын баяндалышында эпостун деңгээлине көтөрүлүп, ошол доордун реалдуу картинасын, духун, трагедиясын, калк тагдырын көркөм сөздүн күчү менен элге жеткирип, угармандардын моокумун кандырып, делебесин козгоп турат. Эпос ушунусу менен баалуу.

Ошондой эле аңыз-аңгеме, уламыштарда ж.б. эпикалык чыгармаларда айтылган кыргыздардын карым-катнашы бар коңшу хандыктардын (Могол, Казак, Жунгар, Кашкар) ортосунда түзүлгөн мамиленин реал¬дуу чагылдырып турушу эпостун тарыхыйлуулугун көрсөткөн фактыдан болуп саналат.

«Курманбек» эпосун алгач араб алфавитинде 1923-жылы Каим Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алат (инв. № 73), кийин азыркы алфавитке которулган. Бул вариант боюнча Мадалкан - Молотия шаарынын ханы. Бир перзентке зар болуп жүргөндө байбичеси кайберен эмизип жаткан баланы ажыратып алып, үйүнө алып келип, атын Курманбек коюп, асырап чоңойтот. Курманбек эр жеткенде Каухарнегим деген шаардан перинин кызы Канышай издеп учуп келип, турмушка чыгат. Бул нусканын башталышында Курманбектин калмакка каршы согушунун мотиви ачык баяндалбай, күүгүмдөп калган. Ошондуктан, анын калмак жерине коргон куруп, кандык бийлик жүргүзүшү Курманбектин кыймыл-аракетине баскынчылык мүнөз бергендей туюлат. 1926-жылы Жума Жамгырчиев Каракол округу, Тоң болушунун тургуну Шамшы комузчудан жазып алган нускада да Курманбек «Атам Жанчаркан ме¬нен талашып бир шаарды башкарып отурат белем» - деп, калмактар турган аймакка коргон куруп, өз алдынча кандыкты түзөт. Чыгармадан жогоркудай мотивдин орун алышы да тарыхый-турмуштук негизи бар сыяктуу. Анткени ойрот - калмактар Чыгыш Түркстан, Орто Азия, Жети-Суу аймагына XV кылымда Чыгыштан малга жайлуу жайыт издеп келе баш- тайт. Чагатай улусунун кыйрашы менен (1321-ж.) Могол мамлекети не- гизделет. 1347-жылы Могол ханы Тоглук-Тимур Чыгыш Тянь-Шандын этегиндеги Беш-Балык шаарын өзүнүн ордосу кылып алат. XIII кылым¬да эле Чыгыш Түркстандын көпчүлүк бөлүгү Чагатай державасынын составына кошулуп турган. Алардын XV-XVI кылымдардагы тагдыры Могол мамлекетинин жаралуусу жана жок болушу менен тыгыз байланышат. Калмактар Жунгария чөлкөмүнө келип токтоп, Могол төбөлдөрүнүн бийлик талашып, өз ара араздашып жаткандыгынан пай- даланып, бул аймакты тартып ала баштайт. Алар 1408-жылы Могол ханын Беш-Балыктан сүрүп чыгып, бул шаарга өз ордосун жайланыштырат. Могол хандыгынын ханзаадаларынын бийлик талашып, ынтымагынын кетиши, өлкөнүн ич ара ыдырашы ойротторго Ысык-Көл, Сыр-Дарыяга чейин кол салышына ыңгайлуу шарт түзөт. Казак, кыргыздардын катуу каршылыгынан улам Могол хандары Жети-Суу, Батыш Тянь- Шандан сүрүлүп, кыргыз менен казактар бул аймактарга ээлик кыла баштайт. Белгилүү өлчөмдө Түркстан аймагындагы Кашкар, Жаркент хандыктарынын колдоосу жана казак, кыргыздардын калмактарга кар¬ты биргелешип жүргүзгөн күрөштөрүнөн, кийинчерээк Цин (Кытай) өкмөтүнүн кысымынан алсыраган калмактар басып алган аймактан сүрүлө баштайт. Мыйзамдуу түрдө бул жерлерде кыргыздар да өз хандыгын негиздеп, отурукташуу процесси жүргөн көрүнөт. М. Мусулман- кулов, Шамшы комузчунун вариантында кыргыз элинин тарыхындагы жогоркудай реалдуу тарыхый-турмуштук жагдай чагылдырылган өңдүү. Эки нускада тең Курманбектин коргону калмак жеринен орун алып, алардын Курманбекке салык төлөп тургандыгы айтылат. Ал турсун, Курман¬бек калмактарга бийлик жүргүзөт. Өз учурунда бул варианттын төмөн бааланып жүрүшүнүн бирден-бир себеби да ушул болгон. Ал эми тарыхый маалыматтарды кылдат талдай турган болсок, тарыхтын түпкүрүндө бул аймакта калмактардын ата-теги ээлик кылган эмес. Ойроттор бул аймакка XV кылымдын башынан баштап, жайлуу жайыт издеп, баскынчылык жортуулдар менен келе баштагандыгын жогоруда белгилеген элек. Кытайдагы кыргыз тарыхчысы Үсөйүн-ажы болсо Курманбектин коргонунун Чыгыш Түркстан жергесинен орун алгандыгын маалымдайт. Ал «Курманбек мунгулдардан коргонуу үчүн Үч-Турпанга сепил соктурган. Өзүнүн Телтору атын байлап, сактай турган орун жасаткан» - деп жазат.

Мусулманкуловдун вариантынын окуясы К. Акиев, Сарыкунан Дый- канбаев айткан нускаларга салыштырганда чакан. Курманбектин жаралышы, чоңоюшу, үйлөнүшү апыртмалуу баяндалып, өз өзгөчөлүгүнө ээ. Болочок баатыр кайберендин тукуму, энеси - касиеттүү кайберен, аялы - айдар жүздүү перинин кызы. Натыйжада Курманбектин жаралышында байыркы тотемдик түшүнүк, көз караш чагылышкан. Салыштырып караганда бардык варианттардын (М. Мусулманкулов, К.Акиев, Сарыкунан, Шамшы комузчунун айтуусунда) негизинен чыгарманын мазмундук линиясы, идеясы, каарман - персонаждары, ички, сырткы душмандары окшош. Бирок, окуянын өнүгүшү, чечилиши, оң, терс образдардын сүрөттөлүш деңгээли, көркөмдүгү ар башка, деталдык айырмачылыктар арбын. Кээде окуянын өтүш орду алмашылган, айрым эпизоддор бирөөндө толук сүрөттөлсө, экинчисинде үстүртөн үзүндү, схе¬ма түрүндө баяндалат. Баарында тең баатырдык тема алдыңкы катарга чыгып, оң каармандын баатырдык күрөшүндө, кайрат менен сансыз душманга жалгыз аттанып, эл эркиндигин, өз ар-намысын душмандан коргоп калуу үчүн башын өлүмгө байлашында эпостун негизги идеясы, эл идеалы жүзөгө ашат. Ал эми үй-бүлөлүк тема баатырдык мотивди толуктап, оң каармандын образынын ар тараптуу терең ачылышына көмөкчү. Курманбектин алдына минген атынын жараксыздыгынан жарат алып, как талаада жалгыз калып, зар какшашы, досунун баласын жентектеп алтын, күмүш, зер, асыл буюмдарды алып келе жаткан Ак- кандын өлүм алдында жаткан Курманбектин үстүнөн чыгышы, бала- сына жоодо дасыккан Телторуну бербей коюп, кыянатчылык кылган кара ниет Тейитбектин (аттары жагынан айырмалуу) Аккан тарабынан өлтүрүлүшү бардык нускаларга таандык жалпы окуядан экендигине карабастан, баяндалыш деңгээли өйдө-төмөн. Ал жөнүндө да кененирээк сөз козголот. Алсак, Мусулманкулов боюнча Курманбек Телтору¬ну суратып, атасы Мадалканга кырк жигитин жибергенде анын баласына атты бербей коюшу жүйөлүү себептен чыккандай ой калтырат. Мадалкан атты бербей, кырк жигитти кайра кайтарат. «Атыңды бер» деген кемпирин баштан ары бир салып, өтүнүчүн четке кагат. Шамшыда Телтору атты мингенде «алтымышта чал» «алты жашар баладай» алкынып, «жетимиште чал» «жети жашар баладай» желпинип, жанына дем, күч бергендигин айтып, атын баласына бербей коет.

Сарыкунандын айтуусундагы вариантта, жогорку эки вариантка ка¬раганда Тейитбектин Курманбекке ат бербей коюшунун мотиви бир топ башкача. Мындай караганда атанын баласына койгон дооматтары бир топ жүйөөлүүдөй сезилет. Тейитбектин сөзү боюнча Курманбек «айда урушуп койбойт, алым алып тойбойт», «атанын насаат кебине» кулак төшөп койбойт, «кан төгүштү эрмек кылып», «калкка тынчтык бербейт», «кайран кыпчак айдоосунда кор болот». «Кара шаар Камбылды какшатып», «арабалап алтындан салык алып», «олжосу ак сарайга сыйбайт». Ал эми ошол доордогу тарыхый-турмуштук кырдаалга көз жүгүртүп, реалдуу талдоого алсак, Курманбектин жогоркудай кыймыл-аракети тескери бааланбайт. Калмак сыяктуу күчтүү душман босогоңдо турганда бейкапар жатып алуу эр жигиттин иши эмес. Согуштун иши - согуш. Кырчылдашкан кармашууда адам өмүрү кылыч мизинде турат. Кан төгүүлөрдүн, чабылып-чачылуунун болушу мыйзамдуу көрүнүш. Ал эми жеңилген тараптан алым алуу, салык жыйноо өз доорунда демейдегидей эле иштерден болуп эсептелген.

Чын-чынына келгенде ата-баланын бузулушу, Тейитбектин келишпес кыянатчыл душманга айланышынын түпкү тамыры башкада. Курман¬бектин атанын өзүмчүлдүккө негизделген эркинен чыгып, өз алдынча жашоого, өзүнчө бийлик жүргүзүүгө умтулушу. Атасы кудалап койгон кызды албай, алыстан жар издеп, каалаганына үйлөнүшү. Сарыкунандын айтуусунда ата, баланын ортосунда конфликтинин курчушуна Курманбектин энеси өлүп, Тейитбектин жаш аял алышы, эрке токолдун «эртели-кеч эбиреп», ортого бузукулук салышы да себепчи болгон.

Тейитбектин Курманбекке ат бербей коюшу ата-баланын ортосундагы майда-барат турмуштук таарыныч эмес, социалдык тепкичке көтөрүлгөн орчундуу карама-каршылык. Ал Сарыкунандын вариантынын башатында эле ачык мүнөздөмөгө ээ болот. Мында окуя Курманбектин атамдын Телторусун сурап келгиле – деп, кырк жигитин жибериши менен башталат. Тейитбек кырк жигитке өз баласына ичи кара, дили катуу душманчылыгын ачык билдирет.

Курманбектен кутулсам, кубангандан той кылып, табасы кана тургандыгын жашырбай айтып, жигиттердин үрөйүн учурат. Тейитбек бала¬сы гана эмес, анын үй-бүлөсүнөн да өч алууну эңсейт. Курманбек өлсө, «Канышайдай бейбакты кара кулга никелеп», баласын күч-карууга жеткирбей, «күн көрсөтпөй желкелей» тургандыгын айтып, өз сөзүнөн каниет алат. Чалдын сөзүн угуп, азат бою тик туруп, кыжыры кайнаган жигиттер атты тартып алып кетсекпи деген ойго келишет. Бирок ата-баланын ортосуна кийлигишүүдөн ыйбаа кылып, аттанып кетишет. Мусулманкуловдо, Шамшыда Курманбектин энеси «атты тартып алып мингиле» деген кеңеш берет. Курманбек бара жатып, «атанын кусуруна калбайын» - деп аттын башын бурат. К. Акиевдин вариантында бул эпизодго чейин бир нече окуялардын тизмеги баяндалат. Курманбек кыргыз, кыпчак элинен кырк жигит, курал-жарак камдап, «кор болгон кыргыз, кыпчактын калмактардан өткөн өчүн, кеткен кегин алуу үчүн сапарга аттаналы» - деп, кырк жигитине кеп-кеңеш курушунда чыгарма башта¬лат. Калыкта элдик баатырдын калмактар менен урушушунун мотиви ачык мүнөздөлгөндүктөн, анын күрөшү эл кызыкчылыгынан, алардын мүдөөсүн коргоодон келип чыккандыгы күдүк туудурбайт.

Кыскасы, Курманбектин сапарга аттанышына «көмөлөнүп жыгылып» шейит болуп «көмүлбөй калган» кыргыз сөөгү, калктын өткөн өчү, кет¬кен кеги, ар жыл сайын тынчытпай олжолоп турган калмак төбөлдөрү Экез менен Дөлөндүн ыза, кордугу себепчи болот. Анын оюн кырк жигит колдоого алып, жортуулга даяр экендигин билгизишет. Ал эми элдик баа¬тырдын калктын өткөн өчүн, кеткен кегин кубалап жортуулга чыгышы эпостун табиятында эрен-төрөнү жок салттуу көрүнүш.

Эпосто эскерилген жер, суу аттары эпикалык гана жүктү көтөрүп турбайт, тарыхый-турмуштук негизи да бар. Эпос боюнча кыргыз, кыпчак¬тын ханы Тейитбектин хандыгы Анжиян багытында болуп, ордосу Жазыда жайгашкан. Бул аталыш Кыргызстан, Өзбекстандын аймагынан азыр да кездешет. Алсак, Өзгөн районунун аймагындагы дарыя, мурунку совхоз, Өзгөн менен Ат-Башынын ортосундагы ашуу, Өзбекстандын Анжыян, Фергана областарынын ортосунда жайгашкан чоң аймакты ээлеген чөл, Фергана областынын району ж.б. Языван чөлү Анжыян менен Кокондун ортосунда жайланышкандыгын көңүлгө тутсак, ага эпостогу:”Анжыяндын астында, Кең Кокондун башында, Тейитбектин ордосу Тегиз талаа Жазыда” -деген маалымат шайкеш келип турат.

Ал эми, бул чөлкөмдү илгертеден эле ичкилик кыргыздар мекендеп келгендиги, азыр да Языван районунда жана ага чектеш аймактарда кыргыздын жоокесек, чапкылдык, бостон, найман, каңды, тейит ж.б. урууларынын өкүлдөрү жашап тургандыгы кызыктуу факт. Ошондой эле, азыркы Казакстандын аймагында жайгашкан Түркстан шаарынын орто кылымдардагы аталышы да Жазы (Яссы) болгондугу белгилүү.

Эпостогу маалыматка Караганда Курманбектин заманындагы Жазы шаары азыркы Өзбекстандагы Языван чөлүнүн аймагынан орун алган болот. Бул жерден илгери улуу Жибек жолунун тармагы өтүп, Орто Азия мамлекеттери менен Чыгыш Түркстанды бириктирип, тогуз жолдун тоомуна жайгашкан чөлкөм болгон. Кашкар шаары, Кашкар кандыгы, же жалпы кашкарлыктар менен кыргыздар улуу Жибек жолу аркылуу соода-сатык, экономикалык жагынан байланышып, алардын согуштук, саясий жөрөлгөлөрү менен илгертеден эле тааныш болгон. Айрым учурда кашкарлыктар кыргыз, казактарды колдоого алып, могол, калмак төбөлдөрүнө биргелешип согушуп тургандыктарын жогоруда белгилеген элек. Натыйжада Курманбектин төрөлүшү, чоңоюшу, жортуулга аттаныш башаты негизинен ушул чөлкөмдө өткөн өңдүү. Эпос боюнча ошол мезгилде калмактар Кара шаар Камбылды (Комул) ээлеп турган болот. Кара шаар - Камбыл калмактардын ата-бабасы мекендеген эзелки жери эмес, «калмактын жаңы жери». Бул К. Акиевдин вариантында ачык эле белгиленип, тарыхый маалыматтарга шайкеш келип турат. Курманбек Ала Жууку, Алайды ашып, Кашкар аркылуу өтүп, калмактардын Жаңы жери Камбылга жортуул жасайт. Камбыл - бул Комул же Хами - Чы¬гыш Түркстандагы шаарлардын бири. Мурда өз алдынча өлкө болуп тур¬ган. XV кылымда (1421-жыл) моголдордун державасына кошулгандан кийин да өзүнүн саясий өз алдынчалыгын, тарыхый-маданий турпатын сактап кала берген. Кичинекей Комул бектиги 100 жылдан ашуун мез¬гилде Ойрот, Могол жана Кытай хандыгы үчүн талаш-тартыштын, чырдын башы болуп келген. Алар өз алдынчалыгын сактап калуу максатында ойроттор менен жалпы тил тапкан өңдүү. Ойроттор да өз кызыкчылыгы үчүн аларды пайдаланып, бул жерге отурукташып, өз позициясын чыңдоого аракеттенген көрүнөт. К. Акиевдин вариантында белгилүү даражада жогоркудай тарыхый окуянын изи жатат, Курманбектин бул жолку жортуулу жемиштүү аяктайт. «Корун хандын барында» «кыргыз менен кыпчакты эки кабат чаап алып», олжого тунган Экез баатыр Дөлөндүн кур намысынын курманы болуп, 80 жашта экендигине карабай, сексейип Курманбек менен жекеме-жекеге чыгып, каза табат. Дөлөн кабыргадан кылыч жеп, калмактарды аралап качып берет. Ушундай жагдайда калмак каны аргасыз болуп, Элбек чеченди элчиликке жиберип, 60 нарга алтын, күмүш зер жүктөп, 60 ак боз ат айдап келип, алдына түшүп, жыл сайын алым төлөмөккө макул болуп, Курманбек менен жарашып, аны элине узатат.

К. Акиевдин вариантында Курманбектин калмактардан келе жатып, кабарын угуп жолун тосуп жаткан Кашкардын каны Аккан менен достошушу «Калмак-кырчын» тарыхый уламышы менен тикеден-тике үндөшүп, анын эпостон эл кыялынын туундусу, же эпикалык ой жүгүртүү, кыялдануу катарында гана орун албастан, тарыхый-турмуштук негизи бар реалдуу окуядан болуп саналат. Ал эми эки хандын достошушу эки адамдын бири-бирине ыклас койгон жылуу мамилесинин чегинде гана түзүлбөстөн, эки элдин, эки мамлекеттин ички, сырткы коопсуздугун сактоодон, калк кызыкчылыгын коргоодон келип чыгат. Кашкар хандыгы тогуз жолдун тоомунда жайланышып, туш-туш жактан көз артып, тынчы кеткен аймактан болот.

Курманбектин Тейитбектен «кыргыз, кыпчактан тандап кыз алсын» дегенине болбой, жанына Зайырбекти баш кылып, кырк жигитин алып, Үргөнчтүн суусун кечип өтүп, өз мезгилинде беттешип астынан киши чыкпаган Оогандын ханы Бакбурканды аттан түшүрө сайып, кербенчиден кабарын угуп, ашык болуп калган Канышайга үйлөнүшү - ата-баланын ортосунда карама-каршылыктын курчушуна себеп болот. Баласынын «өзүм кыргыз, кыпчактын ханы болсом, Кашкардын ханы Аккан досум болсо, Оогандын канынын кызын алсам, калмактан жылда алым алып турсам, атамдын жанынан чыкпай жатканча, калмакка жакын Ак¬кан менен канатташ коргон салдырайын» - деп өзүнчө коргон курдурушу Тейитбектин аталык мээримден таза ажырап, чыныгы душманга айланышына түрткү болот. Курманбектин калмакка жакын жерден (Мусулманкуловдо калмак ээлеп турган аймактан) өзүнө коргон курдурушу бардык варианттардан орун алгандыгына караганда, жогоруда белгилегендей, чыгарманын мазмундук өзөгүндө тарыхый-турмуштук негизи бар алгачкы окуядан болуу керек. Эгерде башка варианттарда окуя Курманбектин атасынан ат суратып 40 жигитин жиберишинен гана башталса (унутулуп, же кыскартылып айтылышы ыктымал), К.Акиевде болсо ага чейин окуянын даярдалып барышы он, каармандын бул же тигил кыймыл-аракетинин адилеттүүлүгүнөн күмөн туудурбайт. Курманбек Кашкар жерин аралап, Кара шаар Камбылга жортуулга бара жатканда кырк жигити ээн баштык кылып, тынч жаткан элди бүлдүрбөөгө чакырат. Калмактарга ууруларча капыстан басып кирбестен, аларды көрүп качып жөнөгөн кароолчусун токтотуп, өзүнүн ким экендигин жана келген себебин ачык түшүндүрөт. Өзүнүн өткөндө «өлгөн элдин канын кууп», «тирүүлөрдүн түгөнбөс кайгы-зарын кууп» келгендигин, өчү «коломолуу кол жыйнап, кыргызды чаап олжо алган» Экез менен Дөлөндө экендигин айта келип, «арманы жок камынсын» деп, 12 күнгө мөөнөт берет. Согуш талаасында да салттуу баатырлык жөрөлгөнү сактап, калмак төбөлдөрүн жекеме-жекеде жеңип, алар¬ды өзүнө баш ийдирет. Анын калмактан 60 нарга жүктөлгөн алтын-күмүш зер, 60 ак боз ат алып, жыл сайын алым төлөп турууга милдеттендирип кайтышы чекилик эмес, өз мезгилиндеги жоокерчилик замандын жол- жобосуна, мыйзамына шайкеш келип турат. К.Акиевде да Курманбектин калмакка барар мөөнөтүнөн үч ай өтүп, Телтору атты, ак олпокту суратып, атасына 40 жигитин жиберет. Бул вариантта Тейитбектин өз баласына ниети чындап карарып, душманчылыкка өтүшү өтө бир ишенимдүү жана таасын баяндалат. Бекеринен эл арасында каардуу, кара ниет аталарга «Тейитбектей», «Тейитбекче» деген ылакап сөз айтылып калбаса керек. Ал өз баласына башка адам да ыраа көрбөгөн жамандыкты каалайт. «Алтын ооз дарбазасы талкаланып», өзү калмак колунан каза таап, душмандын үстөмдүк жүргүзүшүн ниет кылат. Бул Тейитбектин 40 жигитке айткан сөздөрү менен бекемделет.

Калмактардын Курманбектин коргонун курчап алышы, түнүндө оң каармандын түш көрүп, бир мүшкүлдүн башына түшөөрлүгү жөнүндө аян бериши, элдик баатырдын башына кыйынчылык түшүп, ордосу курчоодо калганында бир туугандай бапестеп алып жүргөн 40 жигиттин оюна бузук түшүп, майданга кошо аттануудан баш тартышы, жоолашууда ишенимдүү Телторусу астында жок, жөлөк кылар жолдошу жанында жок, жараткандан жалгыз болуп калганына арман кылып, ичине кайгы-капа толуп, ошентсе да өзүнө-өзү кайрат берип, уй түгүндөй көп калмакка кар¬ты бет алышы, согушта душманды алдына салып кууп, канчалык баатырлыкты көрсөтсө да, минген атынын жараксыздыгынан Дөлөндөн (же Корундан) найза жеп жарадар болуп, канга боелуп, как талаада кансырап жаткан жеринде Аккандын үстүнөн чыгышы, негизинен бардык варианттардан орун алган алгачкы окуядан экендигине карабастан, анын чечилиши ар башка.

Вариант демекчи, азыр эпостун толук 3 нускасы бар: Мусулманкуловдуку, К.Акиевдики жана анын шакирти - Сарыкунандыкы. 1958-жылы Тажик Республикасынын Жерге-Тал районунда жашаган М.Каландаровдон Кыргыз Мамлекеттик Университети тарабынан уюшулган фольклордук экспедициянын катышуучулары «Курманбек» эпосунун үзүндүсүн (360 саптан турат) жазып алышкан. Өз учурунда бул нуска менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, иликтөө ишине пайдаланылган. Негизинен бардык варианттардын мазмундук нугу, чагылдырылган доору, окуясы, каарман-персонаждары окшош. Негизги окуя Курманбектин калмактар менен согушунун айланасында жүрүп, калгандары ошонун тегерегине топтолуп, негизги баатырдык теманын жүзөгө ашышына көмөкчүлүк милдетти аткарат. Ал эми бардык варианттардын салмагы, көтөргөн жүгү бирдей эмес, көркөмдүгү да өйдө-төмөн. Ал айтуучунун жеке эрудициясына, өнөрканалык өзгөчөлүгүнө, талант өлчөмүнө карата чечиле турган маселе. Ар биринин өзүнүн орду, өзгөчөлүгү бар. Шамшы комузчунун варианты Мусулманкуловдукуна көбүрөөк жакын. Жогорку эки нускада жана Сарыкунанда Курманбек жаратынан айыгып (Шамшыда Ун шаарынан келген эки дарыгердин, Сарыкунанда Мерген, Дербен табыптардын, Молдобасанда капыстан пайда болгон эки кыз, эки жигиттин), Аккан досун ээрчитип кубаныч менен элине кайтат. К. Акиевде Курман¬бек жаратынан каза табат.

Сарыкунандын Борбордун коруна тапшырган варианты бир топ көлөмдүү, негизинен көркөмдүү да, көзгө толорлук. Айырмалуу окуялары да арбын. Баяндоо ыкмасы да ар түрдүү. Окуялары жагынан Молдобасан менен Шамшынын вариантына үндөшүп кеткен жерлери да бар. Негизинен К. Акиев айткан вариантка көбүрөөк жакын. Мындан Сары¬кунандын бир эле эпизоду (Курманбек жарат алгандан кийинки окуя) эки башка баяндалышынын себеби эмнеде деген суроо туулат. Бизге азыр Токтогулдун кандай мазмунда айткандыгы белгисиз. Калган колдогу үч варианттын окуясына караганда Курманбек душман колдуу болуп өлбөстөн, тирүү калат. Ал эми элдик баатырдын өлбөй тирүү калышы калктын ой-тилеги, мүдөөсү, башкача айтканда, элдин учкул кыялында өлбөс-өчпөс түбөлүктүү каарманды жаратышы менен шартталат. Чыгарманын жаралыш башатында ушул эле мазмунда айтылып жүргөн көрүнөт. Тилекке каршы, калк Курманбекти тарыхый инсан катарында карап, айрым жерлерди, дөбөчө, кокту-колотту жана эстелик жайын ага байланыштырып айтып жүргөндүгүнө карабастан, анын өлүмү жөнүндө (балким өз ажалынан эле өлүшү да ыктымал) тарыхый маалымат орун албайт. Ошондуктан, Курманбектин өмүр жолу тууралуу эпоско чагылышкан бул окуяны эпикалык кыялдануу катарында гана кабыл алуу орундуу болот.

Албетте, калктын түшүнүгү, ой-сезими, көз карашы же эпоско чагылышкан салттуу мотивдердин өзгөрүшү, жаңыланышы мыйзамдуу көрүнүш. Калыкты эпостордун ийине жеткире айткан таланттуу айтуучу гана эмес, жаратуучу катарында да бааласак, өзүнүн туура баасын алган болот. Ал «Курманбекти» айрыкча чегине жеткире айтып, эпостун классикалык формасын түзгөн. Мында бүдөмүк ой калтырып, өз ордун таппай калган бир да эпизод, бир да окуя, бир да мотив, ашыра айтсак, өз ордунда болбой калган сөз да жок. Уйкаштык бир кылка жазгы кара жамгырдай төгүлүп, бири-бирине кыналышып, талант күчү, көркөм сөздүн кумарлуу сыйкыры тамшандырып, таң калтырып турат. Ой жагынан терең, композициялык структурасы тыкан, өтө майдалап, окуяны созо берген тажатма баяндоолор орун албайт. Ал эми калктын патриоттук духун, өз эркиндигин коргоодогу баатырдык көрүнүш, ички ыдыроодон, сырткы душмандын баскынчылык жортуулдарынан элдин көтөргөн оор жүгүн, азап-тозогун жалпылаштырып өз башына топтоп турган элдик баатырдын образын түзүүдө Калыктын чеберчилиги артыкча десек ашыра чапкандык эмес.

Бул варианттын дагы бир өзгөчөлүгү - өз доорундагы коомдук-соци- алдык мааниси бар проблеманы көтөрүп чыгышында турат. Натыйжада, Курманбектин жашоо жолунун трагедия менен аякташы жөн-жай кокустан кирген эпизод эмес, өз аймагына бир канча орчундуу маселелердин башын бириктирип турат. Сырт жагынан алганда элдик баатырдын душ¬ман колунан ажал табышына астында жарактуу атынын жоктугу себепчи болгондой сезилет. Кылдат көз жүгүртсөк, Курманбектин согуш майданындагы ажал тапкан трагедиялуу тагдыры жөн-жай эпикалык окуя эмес, өз доорунун тарыхый шартында калктын ой-сезимин ээлеп, үмүт- тилегин, учурдун проблемасын өз аймагына батырып турган реалдуу маселе. Анткени, Калыктын вариантында ата баланы, кошуну өз баатырын колдобой, ич ара бытырап, ыдыраган калкты ынтымакташып биригүүгө, элдик каармандын тегерегине топтолуп, калк эгемендүүлүгүн, өз алдынчалыгын коргоого чакыруу идеясы ачык көтөрүлөт. Курманбек канчалык баатыр болсо да, ич ара ынтымактын жоктугунан уй түгүндөй көп калмак каптап киргенде катуу жарат алып, согуш талаасында жалгыз калып, каза табат. Бул бир гана Курманбектин трагедиясы эмес, калк¬тын жалпы трагедиясы. Ушул маселени бөтөнчө курч койгондугу менен Калыктын варианты башкалардан айырмаланып турат. Элдик баатыр¬дын каза табышы башка нускалардан орун албагандыгына караганда, К. Акиевдин айтуучулук жаңычылдыгынын, жаратуучулугунун жемиши болушу да ыктымал. Анткени, эл азаттыгы үчүн башын өлүмгө сайган баатырдын өмүр жолунун кайгылуу аякташы чыгарманы бир топ жогор¬ку тепкичке көтөргөн. Биринчиден, калмак төбөлдөрүнүн жортуулдары кыргыздарга оор жоготуу, кайгы-зар, чабылып-чачылуу алып келгендигинин реалдуу картинасы түзүлгөн, жомоктук ыкма артка сүрүлгөн. Экинчиден, Курманбектин өлүп бара жатып Акканга айткан керээзи, артында жетим калар алты жашар баласынын, алган жары Канышайдын, башчысыз калган калкынын тагдырын, келечегин ойлоп тынчсызданышы, бир уядан жалгыздыгына арман кылган муңдуу монологу, кайгыга толгон ой толгоолору, дегеле элдик баатырдын жарадар болушу, шейит өлүм табышы айтуучу тарабынан өтө бир көркөм, элестүү, чоң чеберчилик талант менен тартылып, угуучулардын сезимине жеткире баяндалган эпи- зоддон болуп, чын көңүлдөн өз баласына кыянаттык кылган таш боор атага жана элдик баатырдын башына кыйынчылык түшүп, жоо босогодо турганда өз баштарын калкалап, Тейитбектин этегине тыгылган кырк жигиттин чыккынчылыгына наалат айтасың да, биригүү, ынтымакташуу зарыл экендигин туйгандай болосуң.

Кыскасы, калктын жүгүн көтөрүп жүргөн оң каармандын кайгылуу жагдайда ажал табышынын эпостон орун алышы бытыраган элдин ынтымакка, бир түндүк көтөрүп, баш кошууга чакырган доордун үнү азыр да өзүнүн актуалдуулугун жоготпогон ошол мезгилдин талабы. Калыктын варианты өз заманынын коомдук-социалдык проблемасын көркөм сөздүн күчү менен калкка жеткириши менен баалуу да, күчтүү да.

Эпостон баатырдык тема менен катар үй-бүлөлүк тема да орун алып, чыгармада көтөрүлгөн идеяны жүзөгө ашырууда бири-бирине эриш-аркак, Курманбектин үйлөнүп (Молдобасанда перини кызына, Шамшыда Ун деген шаардан качып келген аялга, Калыкта Оогандын каны Бакбуркандын кызына), эркек балалуу болушу бардык варианттарга таандык жалпы окуя. Жалпысынан алганда Канышай баатырга тете жар. Молдобасан, Шамшыда да Курманбек жаман түш көрүп, кооптонуп турганда жакшылыкка жоруп, алдын ала көөдөнүнө дүрбөлөң түшүрбөй, көңүлүн көтөрөт. Уй түгүндөй көп калмак ордосун курчап алып, алган жарынын өлүмгө тике бараткандыгын туюп турса да, атын жетелеп келип аттан- дырып, эрдикке шыктандырат.

Ал эми жети жашар уулунун атасынын башына кыйынчылык түшкөндүгүн, абалдын оордугун, өлүмгө башын сайып бара жаткандыгын толук баамдап: «Мени кошо ала кет, канжыгаңа чала кет, кылычташкан кыргында жаныңа өбөк болоюн, азабым болсо көрөйүн, ажалым жетсе өлөйүн» - деп зар какшап суранып турушу, каргадай баланын өтө бир оор ишти аткарууга моюн сунушу Ата-Журт милдети, Ата карызы чоңбу, кичинеби, ар бир адамга жүктөлгөн ыйык парз экенди¬гин көтөргөн азыркы мезгилдин үнү менен айкалышып турган орчундуу идеядан.

Канышайдын образы жоокерчилик доордо түзүлгөн аял-каармандардан өзүнүн реалдуулугу, коомдун кийинки баскычтарындагы түшүнүк, көз караштарды чагылыштыра түзүлүшү менен айырмаланат. Анын керт башында баатырдык сапат жок. Бирок аялдын жеке кызыкчылыгы, кайгы-капасы Курманбектин баатырдык күрөшү менен терең айкалышат. Жарынын демине-дем, күчүнө-күч кошуп, бардык жан дили, чын ниети менен колдоого алат. Канышайдын акылмандуулугу, кайраттуу токтоолугу калмактардын басып киришинде ачык көрүнөт. Каргадай баласы менен оор күндө каларын, жарынан ажырарын алдын ала туюп турса да, жеке керт башынын камын жеп, жолун тоспой:

Кылкылдаган калмактан

Кыраан элең шашпагын -

деп Курманбекти күрөшкө шыктандырып, жеңишке үндөйт.

Эпосто Канышай ажарлуу, сезгич, акылдуу, өз жарына берилген туруктуу жар, мээримдүү эне катарында сүрөттөлөт. Дегеле эпостогу салттуулукту түбөлүк бузулбай турган эреже катарында кароого болот. Эл оозеки чыгармачылыгынын мазмуну да, формасы да өзгөргүч келет. Натыйжада, эпикалык чыгарманын өсүү жолунда салттуу окуя, мотивдер гана эмес, поэтикалык ыкма, каражаттары да өзгөрбөй бир ордунда токтоп калбайт. Алардын жаңыланышы, өсүп-өнүгүшү мыйзамдуу көрүнүш. Мунун мисалы катары жогорку эле окуяны алсак болот. Кыргыз эли жоокерчилик доорду башынан өткөрүп турган мезгилде баатырдын артынан жарынын жанын кыйып, кошо өлүшү кубатталган эмес. Турмушта деле, дин окуусунда деле өзүн-өзү өлтүрүү терс көрүнүш катарында бааланып келген. Муну кыргыз фольклорунан учураган фактылар менен бекемдөөгө болот. «Манас», «Семетей», «Кожожаш» эпосторунда өлгөндөн калган туякты сактап калып, тууруна кондуруу, ба¬ланы атасынын жолуна салуу, ошого карата тарбиялоо баатырдын жары¬нын мойнуна жүктөлөт. Каныкей да, Айчүрөк, Зулайка да баатырдан кал¬ган туякты канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, алпештеп чоңойтуп, баралына келгенде эли-жерин таанытат, атанын аягына жеткире албай кеткен баатырдык күрөшүн аягына жеткирүүгө, душмандан өч алууга, из салып кеткен жолун улантууга шарт түзүшөт. Ал эми чыгыш, коңшу элдердин адабий, оозеки чыгармачылык традициясынын оозеки түрүндө жана китеп аркылуу кыргыз элине акырындык менен тарай башташы Калыктын чыгармачылык өнөрканасына да өз таасирин тийгизген өңдүү.

Албетте, эреже катарында кылымдар бою калыптанган салттуулукту бузуу акынга оңойго турбаган өңдүү. Муну ырдын текстинде бири-бири¬не карама-каршы ойлордун орун алгандыгы менен аныктоого болот. Анткени, элдик баатыр калмактарга каршы аттанарда өзүн ээрчиген баласын жооткотуп, Канышайдын мойнуна өтө жооптуу милдетти тагат. Кокустан мерт болсо, айнектей бетине так салып өзүн кыйноого салбоону суранат, бүткүл калктын камын көрүп, калааны башкарып туруусун керээз кылып калтырат. Ал эми көзү өткөн маркумдун акыркы сөзүн аткаруу тирүү үчүн парз эмеспи.

Тексттин ушул эле жериндеги: «Курманбек өлдү» дегенде, Канышай өлөр мен үчүн – деген, Курманбектин сөзү анын мурунку оюна карама-каршы келип турат. Ырдын текстине жогоркудай бири-бирине кайчы ойлордун орун алышы жогоруда белгилегендей, кыргыз оозеки чыгармачылыгында калыптанып калган туруктуу салттуулукту бузуу кыйынчылыгынан келип чыккан кемчиликтен. Бирок, кантсе да кыргыз поэзиясына чыгыш адабиятынын салттарынын кире башташы кыргыз поэзиясы үчүн жаңычылдык көрүнүш экендигин жокко чыгарууга болбойт.

Курманбек менен Аккандын досчулугу эки жээкти бириктирип турган көпүрө сымал эки калктын жакындашуусуна өбөлгө түзүп, данакерлик милдетти аткарып турат. Мусулманкул, Сарыкунан, Шамшынын варианттары боюнча ал жөнүндө чыгарманын башында эскерилбейт. Жарадар болуп ай талаада жаткан Курманбектин үстүнөн Аккандын чыгышында гана белгилүү болот. Бирок, эки достун сүйлөшүүлөрүндө алардын мурунку байланыштары тууралуу маалымат орун алат. К. Акиевде достук темасы башатынан баштап, окуянын аягына чейин уланат. Деге¬ле кайсы нускада болсо да Аккандын кара кочкул канга боёлуп, таанылгыс болуп жаткан Курманбекке жасаган мамилеси, далбастап жүгүрүп, дарыгерге бүткүл дүр-дүнүйөсүн, астындагы тулпарын, ээлик кылган шаарын, такты, таажысын да тартуулап, досун айыктырып алыш үчүн жан-алакетке түшүшү, ички ой толгоолор, кайгы-капа менен айтылган сөздөрү, Курманбек ажал тапса, өзүнө канжар уруп, досунун артынан кетүүгө даяр турушу чыныгы досчулуктун үлгүсүн түзүп, угуучулардын ички сезимин козгоп, күчтүү тартылган эпизоддон. Бардык вариантта тең кыянатчыл таш боор ата - Тейитбек (Мадалкан) киши колдуу болуп каза табат.

К. Акиевде элдик баатырдын жаратынан сакая албай өлүшүнөн улам окуянын аякташы да айырмалуу. Дегеле, эл кыялында оң каармандын Ата-Журт азаттыгы, көз каранды эместиги үчүн жүргүзгөн адилеттүү күрөшү түбөлүктүү өлбөс-өчпөс. Бул эл оозеки чыгармачылыгында кеңири тармак жайган салттуу мотивден болуп, «Курманбек» эпосунан да орун алат. Калык Акиевде Курманбек калмактар менен салгылашууда шейит өлүм болсо да, элдик баатырдын күрөшүн улантып, Ата мурасын, ордун баса турган туяк калат. Мында баланы чоңойтуп, тууруна кондуруу, баатырдык ишке жолдомо берүү Курманбектин досу Аккандын мойнуна жүктөлөт. Аккан: «Жетилтип туруп, калмактан досумдун кунун кууймун» деп, Сейитбекти өзү менен кошо алып кетишинде окуя аяктайт.

Тейитбек эпосто терс каарманга мүнөздүү бардык жаман сапаттарды өз аймагына камтып, ички душмандын жүгүн толук көтөрүп турат. Өз баласына таш боор, кара ниет, өз элине күйүмү жок өзүмчүл адам катарында мүнөздөлөт. Бардык нускалардан орун алып, бирдей эле мүнөздөмөгө ээ болгондугуна караганда эпостун мазмундук өзөгүндө алгачкы каармандардан болуп, толук түзүлгөн деп эсептөөгө негиз бар. Ал эми калмак төбөлдөрүнүн жалпылаштырылган прототибин берген Корун, Экез, Дөлөндөр бардык турпаты, кыймыл-аракети, кылган иштери менен сырткы душмандын жүгүн аркалап турат. Калмак хандарын толук эпикалык каарман катарында гана баалоого да болбос. Белгилүү деңгээлде эпоско тарыхый, реалдуу калмак төбөлдөрүнүн өмүр баянындагы айрым окуялардын чагылышы да ыктымал. Бирок, Курманбек тарыхтагы кайсы калмак ханы менен урушкандыгын айтуу кыйын. Негизинен калмак хандарынын образы кыргыз фольклорунда «калмак доору» аталып, эл эсинде чоң из калтырган мезгилдеги баскынчылардын кулк- мүнөзүнө, кылык-жоругуна ылайык эпикалык чыгарманын алкагында эле түзүлгөн.

Жыйынтыктаганда «Курманбек» эпосу - бул XVI-XVII кылымдардын аралыгында жашап, анын калмак төбөлдөрү менен болгон согушу эл эсинде, тарыхый маалыматтарга өз изин калтырган Курманбек аттуу тарыхый инсандын тегерегинде айтылган аңыз-аңгемеден, тарыхый уламыштан ири эпикалык чыгарманын деңгээлине көтөрүлгөн баатырдык- тарыхый эпостун классикалык үлгүсү. Чыгармадагы элдик баатыр Курманбектин Ата Журт, Ата Мекен эгемендүүлүгү, азаттыгы үчүн аң-сезимдүүлүк менен өлүмгө жалтанбай барган эрдиги бизге да, бизден кийинки муундарга да үлгү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-03-2021
Мурас: Баткендин материалдык маданий мурастары
29899

16-02-2021
Жусуп Баласагын жана Абулкасим Фердауси
47998

16-02-2021
Даңазасы таш жарган окумуштуу Жусуп Баласагындын теги ким?
43278

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×