1918-жылы Москва районуна караштуу Акбашат айылында туулган. Атасы тамырчы болуп, оорунун түрлөрүн даана түшүнүп, кайсы оору менен ооруганын, кайсы дарыдан айыгарын аныктап, оорулууларга дары болуучу чөптүн жүздөн ашык түрүн билчүэкен.
Атасы динчил болгондуктан, алты жашынан эле арабча молдого берип, төрт жыл окуйт. 1934-жылы Капталарыктан 7-классты аяктап, 1937-жылы финансы техникумун окуп бүтүрөт.
1942-жылдын январынан тартып, Крым согушунда болуп, 1946-жылга чейин аскерде жүрөт. 1957-жылдан 1978-жылга чейин ветеринар болуп иштеп, пенсияга чыккан.
Ал Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүнө жүзгө жакын жомок тапшырган.
Сагын аксакал бизге көп келип, макал-ылакаптардан, учкул сөздөрдөн айтып берчү.