Добавить статью
6:49, 18 апреля 2011 11149

Жомоктор топтому

КӨӨДӨК

Илгери-илгери бир заманда эки бир тууган болуптур. Биринчи жолу алар сырдашканда, болгон акылдарын айтышып, эл катары тың жан сактоо кылып, жакшы жашоону эңсешет. Эмгегинен тапкандарын туура пайдаланып, иштери оңоло баштайт. Мал күтүп, акча топтоп, мезгил жетип, улуусунун үйлөнүүучуру келет. Кыз сынап, эл аралап, ар кандай кишилерге жолугат. Бир күнүжолдон кетип бара жаткан карыя кишиге жолугуп, болгон оюн айтып, карыядан акыл сурайт.

– Аке, мен жетим элем. Бир тууганым экөөбүз эмгектенип, мал күттүк. Бир аз акча топтодук. Эми мен үйлөнөйүн деп, кыз издеп жүрөм. Кандай кызга үйлөнсөм? – дейт.

– Балам, көөдөк болбосо болду, үйлөнө бер – деп көздөн кайым болот.

Бала түшүнбөйт. Жолдон жолуккан кызга сүйлөшүп:

– Атың ким? – деп сурайт.

– Атым Чыдамсыз, – дейт кыз.

Бала ойлонуп олтуруп: «Мунун аты Көөдөк эмес экен, ушуга үйлөнөйүн» – деп ойлойт.

– Чыдамсыз болсоңуз – мейли, атыңыз Көөдөк болбосо болду. Мен үйлөнөйүн деп кыз издеп жүрөм, мага турмушка чыгасыңбы? – дейт бала.

– Азыр чыгам, кеттик эмесе! – деп, шаштыра баштайт.

– Мынча эмнеге шашасың? Аты-жөнүңдүайтчы, шаштырбай? – деп, бала таң калат да, кызды карайт.

– Айтпадым беле, атым – Чыдамсыз. Алар болсоң эрте ал. Мындан көпкө чыдай албайм, – деп кыз шашат. «Кой, карынын сөзүн угуш керек, аты Көөдөк эмес экен» – деп, Чыдамсызга үйлөнөт.

Иниси үчөө жакшы жан сактап, турмуштары оңоло баштайт. Күндөрдүн биринде Чыдамсызды көндүрүүүчүн:

– Кандын уларын уурдап келдим, сен муну эч кимге айтпа, хан бизди доого жыгат – деп, эскертип уларды союп, бышырып жешет.

Бир күнүчыдайт, эки күнүчыдайт. үчүнчүкүнүкөөдөнүнө батпай, жарылып кете жаздайт. Бул коңшуга чуркап барат, оозу батпайт, тиги коңшуга чуркап барат, оозу батпайт. Акыры үчүнчүкоңшуга барат.

– А… ай, сен, биздин эмне кылып жүргөнүбүздүбилесиңби? Биз силерге окшоп эле эти жок олтурмак белек. Кишиге айтпайсыңбы? Мен айтып берейин – деп, бүлкүлдөп, өпкө-өпкөсүнө батпай, демиге баштайт.

– Айта бер, мен көөдөк эмесмин, айтпайм, – деди.

Болгон ишти болгондой айтып таштады. Эки бир тууган эгин айдап, талаада жүрдү. Бир жерге келгенде, сокону өгүздөр тарта албай калды. Ал жерди ала калтырбас үчүн кетмен менен казышты. Убакытты бошко кетирбестен, биринин колун бири бошотуп жерди казып, экинчиси сокону жүргүзө берди. Бир аз казгандан кийин чоң чаначтын чети чыкты.

– Байке, чанач! – деп, кыйкырды кичүүсү.

Агасы кошту токтотуп, чуркады. Акырын алышып, оозун ачты. Толтура алтын экен. Бороздун четинде олтурган Чыдамсыз күбүр-шыбырды угуп, чуркап келди. Эми аны жашыра албай калышты.

– Кишиге оозуңдан чагарба, эми биз бул алтынга мал алабыз, шаар салабыз, оюбуздагынын баарын кылабыз, – деди агасы.

Алтынды үйүнө алып барды. Бара жатканда баягы үйлөнөм дегенде жолуккан ак сакал карыя дагы жолукту.

– Ээ… эй, балам, сак бол, көөдөк аял алба дебедим беле. Сак болбосоң, бул алтын үчүн башыңдан ажырайсың – дейт да, көздөн кайым болот. Балдар эми түшүнөт, эртеси баягы сырдашкан аял менен Чыдамсыз уруша кетет.

– А, ай жигит, аялыңды кой дебейсиңби, мунуң бир көөдөк экен. Эгер кой дебесең, баягы күнүхандын уларын уурдап жегениңерди айтам. Хан силерди шыр айдап кетет – дегенде Чыдамсызды араң койдуруп, экөөнүжараштырып тынышат. Эми экөө ынак болуп калышат. Эки күндөн кийин айт болуп, айт намазга аял, эркек дебей бара жатканын көрүп:

– Булар кайда баратышат? – деп, сурайт Чыдамсыз.

– Сен билбейсиңби? Тээтиги молдонун, казынын үйүнө бара жатат. Ал экөөнүн тең аялы өлгөн, ошого бара жатат – деп түшүндүрөт.

Балдар көөдөктүн сөзсүз бул ишти ханга билдире турганына түшүнөт да, алтынды башка жакка катып коюшат. Акырындык менен өз керектерине жаратып, иштери оңоло баштайт. Көөдөк бир жума чыдайт. Экинчи жумада ичине батпай, ар кайсы үйгө кирип айткысы келет. Бул үйгө кирет, оозу батпайт, ал үйгө кирет, оозу батпайт. Баягы сырын айтып жүргөн коңшусуна барып:

– Ай, жеңе, сен билесиңби? Көптөн бери айтайын деп, оозум батпай жүрчүэле, эми айтайын, эч кимге айтпайсыңбы? – деп сурайт.

– Айт, мен көөдөк эмесмин, айтпайм айтсам баягыда эле хандын уларын айтпайт белем, – дейт.

Ага ого бетер ишенди. Көкүрөгүкөөп чыдай албай:

– Ай, жеңе, кош айдап жүрүп аңыздан бир капка барабар болгон чоң чанач алтын таап алдык. Эми бай болобуз, шаар курабыз. Азыр эле күнүнө эт жеп жыргап калдык. Эми бай болобуз, ошондо көрөсүң, жеңе – деп, каткырды эле, көөдөнүбошогонсуп калды. Дагы чыдаган жок. Экинчи, үчүнчү, төртүнчүүйгө кирип айткысы келди. Демигип чуркап жүрүп, үйүнө кеч барды.

– Сен эмне бүгүн желигип калгансың, кайда жүрөсүң? – деп, ачууланып сурады эри.

– Оой, кудайдын бергенинин эмнесин жашырат элек. Биз бирөөнүн алтынын уурдап алдык беле, бардык коңшуларга сүйүнчүлөп айтып чыктым, – деди.

Иштин эми жаман жагына айланганын билишкен жигиттер алтынды таза киши таба албас жерге бекитти. Күндөр өтүп, бул иш ханга жетти. Хан жигитти чакыртты.

– Алтынды алып келип, хандын казнасына төккүн, төкпөсөң башың алынат – деп, казыны, молдону чакырып кыйнай баштады. Жигит эч шек бербеди, сабаса да айтпады. Акыры аялды чакыртып, катуу суракка алды. үйүн тинттирди. Короо-сарайын бүт аңтартты.

– Каякка катты айт, бул эриңдин алып келгени чынбы? – деп, кысымга алып, сабады. Чыдамсыз чынын айтты, бирок алтын табылбады.

– Айланайын, ханым, молдоке, казы аке, менин аялымдын акыл-эси туура эмес, көөдөк, ар кайсыны айта берет, эң мурун кайсы күнүдеп сурасаңыз. Ошону туура айтса эле күнөөлүүболоюн – деп, жигит ыйлай берди.

– Кана, кайсы жерден таптыңар, качан үйгө алып келдиңер? – деп, суракка алды казы.

– Аңыздан кош айдап жүрүп тапканбыз. Чоң чаначта болчу. Баягы хандын уларын уурдап жегенден төрт күндөн кийин, баягы молдонун, казынын катыны өлгөн күнүүйдө болчу. Ананкысын билбейм, – деди Чыдамсыз.

Хан, молдо, казы, аны көөдөк, келесоо деп чечти. Анткени молдонун, казынын аялы өлгөн эмес. Хандын улары жоголгон эмес. Аңызга чаначка салган алтынды катыш мүмкүн эмес.

Ошентип, ага-инилүүжигиттер амалын таап кутулушту. Көөдөк болсо ошол казынын таягынан кийин ооз ачпас болду.

ДАРДАҢАЛЫ МЕНЕН ДЕРДЕҢАЛЫ

Илгери бир заманда биринин сөзүн бири укпаган Дардаңалы менен Дердеңалы деген эки бир тууган болуптур. Ата-энеси, ага туугандары:

– Ынтымактуу жүргүлө, антпесеңер турмушуңар оңолбойт десе, угушпайт. Дардаңалы төшүн бүчүлөнбөй, дардайып барып төшүнөн бир тийип, бардык ишке чыдамы жок, сабыр кыл десе, укпаган бала болот. Кылган ишинин баары чалды-куйду, башаламан бүтөт.

Дердеңалынын эки таноосу дердейип, таноолорунан буу чыгып, дердеңдеп жүрчү. Бир нерсени укса эле делдеңдеп чуркап барып, аны көргөндөн кийин: «Мен да ошондой болом» – деп, дердеңдейт.

Күндөрдүн биринде көкбөрүтартып жүрүп, бирөө атынын жүгөнүжок болсо да, камчы үстүнө камчы уруп, элден кутулуп, көкбөрүнүүйүн көздөй алып кетип, көрүнбөй калат. Муну көргөн балдар баш-аягына түшүнбөй туруп эле, атасын:

– Мага жеткирбеген тулпар таап бергин! – деп кыйнашат.

Аргасыздан атасы эки баласына эки тулпар таап берет.

– Жүгөнсүз чаппагыла, күүлөнгөндөн кийин тулпарлар белгисиз жакка алып кетет. Жүгөнүменен да ала качып кетсе, алыңар келбей калат – деп, атасы эскертет.

Балдары аны этибарга алышпайт. Тулпарларды минип көкбөрүгө чыгышат. Көкбөрүколго тиер замат аттардын жүгөнүн шыпырып ташташат. Эми камчы үстүнө камчы урушат. Тулпарлар камчыга ууккандан кийин учуп жөнөйт. Алар көкбөрүнүүйгө алып барабыз деп ойлошот. Бирок тулпарлар белгисиз багыт менен зымырап жок болот. Тулпарлар токтоно албай сууга түшүп кеткени, же ээн талаа, эрме чөлгө барып, зорукканда жыгылып, бардыгы ачкадан өлгөнүушу күнгө чейин белгисиз. Атасы балдарынын ыргыткан жүгөндөрүн үйүнө алып барат. «Балдарым келсе, турпарларына ушул жүгөндүкатып берем» – деп, сактап жүрөт экен.

ЧАКЧЫГАЙ МЕНЕН КАРАКАШ

ЧЫМЧЫК ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАЙЛООДО ЖАШАШАТ?

Илгери каракаш менен чакчыгай деле кара чыйырчык сыяктуу токойдо, коро-сарайларда уя салып, бардык чымчыктар менен атаандашып жан сактоо кылчу экен. Чакчыгай түркүн обон менен сайрап, уйду туурап – мөөрөп, койду туурап – маарап, кулунду туурап – кишенеп, кишини туурап – ышкырып, итти туурап – үрүп, булбулдан да мен өйдөмүн деп мактанат. Кашка чымчык болсо, бир гана чыйк-чыйк эткенден башка үнүжок – ызалуу.

Чакчыгай өтө куу болгондуктан, каракашты азгырып:

– Сага мен эң сонун обондорду, сайраганды үйрөтөр элем, убакытым жок, жанагы торгой, карлыгач, чыйырчык, сары айгыр, булбулдар мага сынтагышат. Ар кимди туурагандан башка таш-балакетти билбейсиң, өзүңчө чыгарган обонуң жок. Жайлай чакылдап, ар кайсы ташка бир конуп, балдарды алаксытып, бизге тең эмессиң дешет. Мен ушул ызага чыдабай өзүмө досторду көбөйтүп алайын деп жүрөмүн. Каракаш аке, азырынча сен экөөбүз дос бололу. Анан дагы дос издейли. Сага түркүн обон табышка дагы-дагы убакыт жетишер – деп, көңүлүн жубатты.

Каракаш чакчыгайдын бардык айтканына макул болду. Ынтымакта жакшы жашап жүрүштү. Чакең дос издеп таранчыга келди.

– Таке, силер көпсүңөр, бир эле түрдүүчыйпылдайсыңар, ошондо да көп үн чуулдап басымдуу угулат экен. Менин досум каракаш деле чыйпылдайт. Жалгыз болгондуктан үнүэтибарга алынбайт, эч ким ага назар салбайт. Макул десеңер биз силерге кошулуп бирге жашайлы. Ошондо тигилерге теңтуш болобуз – деп, көз жашын төгөт.

Таранчылар боору ооруп кабыл алат. Күз болгондо кыргый келип чымчыктарды кырып жей баштайт. Таранчылар бадалга кире качышат. Каракаш менен чакчыгайдын балапандары ачыкта калып, турумтай, жагалмай, кыргыйлар илип кетет. Эми таранчылар менен чакеңдин ортосунда чатак чыгат.

– Дос болгонубуз кайсы, өз балапаныңарды бадалга, түнткө ала качып кирип кеттиңер. Менин балапандарым артта калып, баарын жеп кетишти, – деп таарынат.

– Силердин балапандарыңар өтө жай учат. өзүңөр да жай учасыңар, жашынганды билбейсиңер, анын үстүнө күзүндө чээнге кирип, жазында чыгасыңар, ыйлаганыңардан боорубуз ооруду эле. Балдарыңардын жөндөп уча албаганын бизден көрөсүңөр. Мындан көрө мурдагыдай бөлөк-бөлөк жүрөлү– деп, таранчылар учуп кетишет.

Ошентип, каракаш менен чакчыгай орундарында отуруп калышат. Ошол жылы кыш эрте келип, каракаш менен чакчыгай чээнге кире албай калат. Эстери ооп, жансерек болгон чымчыктарды балдар таап келишет. Балдардын атасы аларды таанып, өлтүрбөс үчүн капас жасап, жылуу үйгө киргизип, ундун улпагын, талкандын кебегин берип, кыштан аман-эсен чыгышат.

Атасы балдарга:

– Эл жайлоого чыкканда ала чыгып, ошол жерге коё бергиле. Жайлоодо жагалмай, турумтай, кыргый болбойт. Алар чымчыктын көп жеринде болушуп, чымчыктардан илип алып жеп, жансактайт. Жайлоого кыш түшкөндө таштын коңулуна, суурдун ийинине кирип, чээнден чыгышат. Жайында балапандары менен ойноп, күзүндө таштап келесиңер – деп, кеңеш берет.

Балдар сүйүнүп макул болушат. Жайлоого барышат. Каракаш менен чакчыгайдын оозуна шилекей салышып, эркин коё беришет. Ошондон кийин балдар жайкысын балапандарын издеп таап багышат. Бирок барган эле жылы каракаш:

– Кайра кетем! – деп, чатак кылат.

Чакчыгай мындай деп кеңеш берет:

– Жакада болсо чымчык көп, кайсы обонду үйрөнөөрүңдүбилбей башың айланып калат. Бул жерде жалгыз мен түркүн обонго салам. Бир-экөөнүүйрөнүп калгың бардыр. Анын үстүнө экөөбүз бир эле суурдун эски ийинине тууп, балдарыбызды бирге чоңойтобуз. Эгер суусар көп болсо, чоңураак таштын коңулуна жанаша уя салабыз. Мен болсо, чээнден чыккандан кийин, не түркүн обонго салып сайраймын. Сен болсо, кулак салып угуп, балапандарга жем берип, жыргап жүрө бересиң. Кой, досум, мындай бизге душманы жок жер кайдан табылат, – деп азгырат.

Ага каракаш макул болот. өтө ыраазы болуп, чакчыгай сайрай берет. Ошентип, каракаш байкуш: «Чакчыгайдын сайраган обондорунун бирин болбосо бирин, быйыл болбосо эмдиги жылы үйрөнөрмүн» – деп, чакчыгайдын балапанына бетегенин бүрүн терип келип берип, ушул күнгө чейин бир обон үчүн кошомат кылат экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-04-2011
Жомокчу
7104

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×