Добавить статью
9:10, 26 мая 2011 10660

Эт бышыруу

Эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Этти казанга бышырсак даамдуу болот. Бышкан эттин даамы койдун тукумуна, жеген жем-чөптүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болоору белгилүү.

Кыргыз элинде этти туура бышырууга чоң көңүл бөлүнүп келген. Айыл-кыштактарда, жайлоолордо ат очокко орнотулган казанда бышырылат. Казанга этти коноктун санына жараша, же жарым койдун этин, же бир койдун этин дээрлик салынган учурлары кеп кездешет. Адегенде казанга муздак суу куюп, сууга эт салынат. Суунун деңгээли (2-3 см) эттен жогору болушу керек, андан кийин гана очокко от жагылат. Эгерде эт ысып калган сууга салынса, бышкандан кийин кызарып, көзгө комсоо көрүнүп калат. Этти бышырууда отту да туура жагуу талап кылынат. Эгерде отту алоолонтуп чоң жагып алсак, анда биринчиден, кайнаган суу ташып, сорпо коромжу болуп калышы мүмкүн, экинчиден, шарактап катуу кайнаганда эт катуу бышып калат. Ошондуктан суу бир кайнагандан кийин отту басаңдатуу керек. Казандагы суу жай кайнаганда эт эзилбей, мыкты бышат. Казан кайнагандан кийин этке туз салынат. Казан кайнаганда пайда болгон көбүк (чий көбүк) башка идишке кашык же депкир менен алынып салынат же сорпону улам-улам сапырып чий көбүктү таратат. Чий көбүк алынып бүткөндөн кийин кайнаган сорпону тез-тез сапырып туруу керек. Чий көбүк сууга эрип кетүүчү белок жана май пайдалуу заттары, суу кайнаганда эттин белок заттарынын алгачкы молекулярдык түзүлүшү өзгөрүп сорпого өтүп, чий көбүк пайда болот. Ошондуктан чий көбүктү алып салуу, өңгөчө жаңы союлган этти бышыруу, илимий жактан туура эмес, сорпонун түсүн жакшыртуу үчүн гана иш жүзүндө колдонулуп жүрөт. Андыктан сорпону даяр болгондо майда тордон өткөрүп алсак, анын түсү жакшырып калат. Казандан чий көбүктү алуу, көбүнчө биздин республикабыздын тундук аймактарында колдонулуп келе жатат. Чоң койдун эти казан кайнагандан кийин 2-2,5 сааттан кийин, ал эми козунуку 1-1,5 саатта бышат. Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казандын түбүнө биринчи моюнду, боконону жана колдун этин салышат. Казан бир саатча кайнагандан кийин этти оодарып коюшубуз керек.

Этти оодаруунун негизи себеби, эт эзилбей, устукан ажырабай жана текши бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда, сорпонун үстүнкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ эле ыңгайлуулуктарды түзөт. Эттин бышканын сорпонун даамы аркылуу билсек болот.

Шаарда, коммуналдык квартиранын шартында, этти чоң мискейлерге салып, газга бышырат. Газдын жакшы жери – оттун табын өзгөртүп турууга ыңгайлуулугу, бирок мискейде эт текши бышпайт, ошондуктан этти убагы менен оодарып туруу зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-05-2011
Кой этин устукандоо жана табак тартуу
7176

26-05-2011
Кой этин жиликтеп-мүчөлөө
15973

24-05-2011
Койду муздоо жана терисин сыйруу
10807

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×