Добавить статью
10:45, 30 мая 2011 28312

Кыргыздын чыныгы түпкү теги

Тарыхтарда жана тарых билген кишилердин айтуусуна караганда Сибириянын түштүк тарабын жердеген түрк элинин абыдан атактуусу кыргыз эли экендиги белгилүү. Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Угуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен, Кыргыз эли ошол Угуздун Кыргыз небересинин насилинен тараган деп айтылат. Азыркы кыргыз наамындагы элдин баарын эле ошол Угуздун небереси болгон Кыргыздын тукумдары деп ойлоого болбойт.

Кыргыздын жердеген жери мал багууга жайлуу болгондуктан, мал өстүрүү үчүн көчүп барып кошулгандар да болгон. Түрк тарыхындагы атактуу тарыхчынын бири болгон Абулгазынын эмгегинде кыргыз тууралуу төмөнкү сөздөр жазылган: «Угуз хандын Кыргыз небереси бар эле, кыргыз эли ошонун насилинен, укумтукумунан болот» дейт. Жазганга караганда ошол убакта кыргыз насилинен тараган кишилер аз болучу. Монгол, татар жана уйгур урууларынан оттуу, суулу жерлерди издеп барышып, кыргыз элинин арасында турушуп, кийин кыргыз атагын көтөрүп калышкан деп айтылат. Булар жалпысынан кыргыз жана кемчут деген эки жама эл болуп, көп жылдар бирибирине аймакташ болуп жашаган. Жеринин бир тарабын Селенги, экинчи тарабын Анкарамуран деген эки чоң агын суу ээлеген. Анкарамуранга кыргыз чегинен өткөндөн кийин көп туура суулар кошулуп барабара улуу сууга айланып, Ассы деңизине куят. Куйган жеринде, деңиз жакасында бир чоң шаар болуптур. Жердегендердин кендери жана аяктуу малдары абдан көп экен. Жылкысы зоот келип, алардын бир жаштагы тайы биздин эки жаштагы жылкыбызга барабар! Жылкылары чылгый ала болуп, башка түстүүсү болбоптур. Ушул шаардын аты Алакчын. Шаардын тегерегинде күмүш кенине бай жерлери көп болуп, ошондон ал элдин казаны аяк, табагы, кашык, зооту дээрлик күмүштөн жасалуучу экен. Бул элдерди кийин өзбектер макал кылып «ала жылкылуу, алтын очоктуу эл» деп аташкан. Кыргыз хижараттан 3400 жылдар илгери атагы дайын болгон Угуз хандын кыргыз деген небересинин насилинен экендиги, ошондон тарагандыгы, кадимки эзелки мамлекет экендиги кытай тарыхтарында көп замандан бери маалым.

Кыргыздар мындан 2100, 2200 жылдар илгери Хун мамлекетине багынууга ылаажысыз болуп, Хун мамлекетинин батыш тарабын ээлеген. Кыргыз эли Хун мамлекетинин кол алдында болгон заманда ЭнеСай губерниясынын түштүк жагында могол насилинен болгон элдер менен катышкан. Буларга аралашып кетүүнүн натыйжасында кемчут наамы калып, Хягыс атагы басымдуулук кыла баштаган. Бирок бул Хягыс деген атак кытайлар тарабынан айтылып, ал эми элдер өзүлөрүн дайыма эле кыргызбыз дешип жүрүшкөн.

Чинлилердин маалыматы боюнча ошол заманда кыргыздардын жазуулары, тилдери уйгурларга жакын келип, диндери шаман дининде болгон деп болжолдонот. VI кылымдын аягында кыргыздар абыдан кубаттуу мамлекет куруп, күй чыгышы Байкал көлүнө, күн батышы түштүк Туркестанга чейин жайылган.

Тарыхтарда кыргыздын атагы так белгилүү болгон кези мына ушул кылымдар болот. Кыргыздын ошол атагы чыккан мезгилин тактоонун дагы бир мисалы 569жылы ТуХю деген ат менен белгилүү болгон түрктөрдүн улуу ханы Дизавулга Император Юстин II тарабынан элчиликке жиберген Земарк дегенге тартуу кылып жөнөткөн бир кул кыргыз улутунан болгон. 758жылдарда кыргыз падышачылыгы уйгурлар тарабынан күчсүздөнө баштаган. Ошондон кийин кыргыз тууралуу маалымат тарыхтарда кемий баштаган.

836жана 841жылдарда уйгур мамлекети күчсүздөнөт. Ошол убактарда кыргыздар кайтадан кубаттанып өзүн өзү бийлей баштайт. 840жылда кыргыздар менен уйгурлар арасында согуш болот. Уйгурлар жеңилет, алардын бир бөлүгүн кыргыздар өзүнө каратат. Ошол кезде кыргыздын жердеген жери ЭнеСай жылгасынын жогорку тараптары болот. 873жылдардан баштап кыргыздар башкача айтканда «Хягас» жөнүндө кытай тарыхында маалыматтар түгөнө баштайт. Андан ары X кылымдарда кыргыз падышалыгы күчсүздөнүп, уйгурлар кыргыздын кол алдынан бошоп чыгышат.

Чыңгыздын доорунда (XIII кылым) кыргыз Чыңгыздын кол алдына кирет. Бул жөнүндө тарыхчы Абулгазы мындай дейт: «Чыңгыз хан Алтан менен Турамыш деген кишилерди элчи кылып кыргызга жиберет, мага багынсын деп. Ошол убакта кыргыздын падышасы Оросайнал деген киши экен. Ал «жакшы» кишилерди көп тартуулар менен жиберип, багынууга макулдугун билдирет. Тартуунун башы тумшугу, буту, көзү кызыл ак шумкар болуптур».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-07-2011
Эмне үчүн кыргызда өз атасынын аты фамилия катарында колдонулуп келген?
22962

31-05-2011
Уруу ичиндеги бөлүнүүлөр
43422

30-05-2011
Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
45041

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×