Манастын 40 жигити болгон. Кыргыздан башка улутта кырк жигит жыюу расим жок. Тарыхтарда 40 усун (кыргыздын түбү) кытайдан кырк кыз алып, андан таралган кыргыз деген. Кыргызда кырк жигит күтмөк, балким ошол кырк усундан башталар. Кыскасы, ошондон келе жаткан адет чыгар. Балким кырк жигит жыюу усундан гана башталбастан, андан ары жагынан башталган расим болор. Кырк усун жүрө-жүрө кыскартылып, кыркус (кытайлар бир заманда усунду «усе» деген) делип, андан кыйкис деп, тил низамы боюнча жумшак жагына оодарып, акырында кыргыз аталуу мүмкүн. Балким ошол кытайдан кырк кыз алгандар — кырк чоронун өзү, баштыгы Манас болор.
Орус оторчусуна карабастан, мурун кыргыздын баатырлары ата-бабабыздан келе жаткан адет деп кырк жигит жыйган. Кырк жигит жыюу, тогуздап эсеп кылуу расим кыргызда эн эски, байыртадан бери келе жаткан адеттен саналат.
Эски кытайлардын тилинде усун коосун аталган.
Бул терминге караганда кыргыз кырк коосундан кыскартылып, «кырк-кос», «кыркис» — кыргыз делип кетеги этимал. Тарыхта кырк гун деген термин бар.
Кара кытай тилинде хоосун :— бекем деген сөз.
Чоро деген терминди текшергенде 732-жылында кыргыз ханынын Иначу Тардуш Чор деген бир вазири түрк каганы Билге хандын өлүгүн азалап, кайгыда келген. Ушул «Чор» деген термин албетте «Чо деген сөздөн болуу керек. Манастын Семетей деген баласынын Канчоро.
Күлчоро деген эки баатыр чоролору болгон. Хото таймыр жазуунда — «Күлчуртардуш» деген сөз бар Бул кабарга караганда «Күлчоро» деген термин Эң эски замандан келе жаткан болот.
Илгертен кыргыздын манаптары, феодалдары баатырлары, байлары ашта-тойдо, жыйында болсун дайым Манас, Семетейди ырдатып, өбөлгөсүнө жанында жүргөн кембагал, кедей, жалгыз аттуу жолдошунун атын жыгып берип, ал кедейди ээрин көтөртүп, талаага жөө калтыруучу жана ал кан соргучтардын өзүнчө манасчы, семетейчи ырчылары болгон. Маселен, солто феодалы Түлөбердинин Норус деген ырчысы, Төрөгелдинин (сарбагыш кыргызы) Айтике деген ырчысы жана сарбагыш кыргызынын Ниязбек менен Ормон феодалдардын Музооке жана Келдибек деген ырчылары болгон. Ал феодалдар — менин ырчым жакшы ырдайт, анын ырчысы жаман ырдайт дешип, эрегиштирип ал ырчыларды айтыштырып, жеңгенине кедейден, букарадан тогуздап эриксиз малын алып берген. Ал ырчылар өз манаптарын, анын уругун, элин өткөрө мактап, жок жерден эрлик кылдырып, «кымынды үйдөй, кылды тоодой» көрсөтүп ырдаган. Маселен, 1820-жыл чамасында кайсы кыргыздан экени маалим эмес, бир ырчы сарбагыш кыргызынан, тынай уругунан болгон манап, феодал өз манабына кошомат кылып, Таштанбек жок жерде аны мындай деп кордоп ырдаганы:
Таштанбектин түндүгүн, Айбалталап бузганбыз. Төрдөн сүйрөп ак кызын, Ач билектен алганбыз.
Бир кезде Таштанбек жигиттери менен Чоң Кеминден келе жатканда, баякы ырчы бир жылкы коштоп, Кашка Жол деген ашуунун Чүй багытындагы беттен алды-нан чыккан. Муну Таштанбек залим көрүп, мойнунан чылбыр менен чийге байлаттырып коюп, мылтык менен өзү атып өлтүргөн.
Сарбагыш кыргызы эсенкул уругунан феодал, манаптар Музооке деген ырчыны талашып, акырында аны өлтүрмөкчү болгон, мунун тарыхы мындан сой төмөндө айтылат. Буга караганда ырчылар Манасты жалганынан өтө апыртып мактап айткан болор.