Оюнчулардын саны 5—8 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда таяктар, омуртка сөөктөр колдонулат. уюлга даярдануу. Жетекчиси шайланат, андан кийин диаметри 4—5 метр келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна омуртка сөөк баткыдай кичинекей чуңкур (казан) жана тегерек сызыкка оюнчулардын санына карата, бирдей аралыкта ар бир оюнчу өздөрүнө чуңкур казышып таяктарын бир учун чунурдан чыгарбай кармашып турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны: Жетекчи 10—12 метрлик аралыктан таягы менен омуртка сөөкту жер менен жылдырып келип аны тегеректин ортосундагы «казанга» таягы менен түртүп киргизүүгө аракеттенет. Тегеректе турган оюнчулар таяктары менен омуртка сөөктү урушуп, «казанга» жакын келтирбөөгө аракеттенишет. Эгерде оюн жетекчисине омуртка сөктү «казанга» же оюнчулар коруп турган чуңкурлардын бирине таягы менен түртүп киргизсе, ал көзектеги оюнчу же болбосо чуңкур коруй албаган оюнчу менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу омуртка сөөктү «казанга» таягы менен түртүп киргизген оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрү. Уйчу. Бул оюнда омуртка сөөктүк ордуна, кертилген жыгач колдонулат.
Оюндун эрежеси. Таяк менен бир бирин урууга, омуртка сөөктү буту менен тээп, кол менен кармоого, өз чуңкурунан алыс кетпей туруп бошоп калган башка бир оюнчунун чуңкурун ээлөөгө болбойт.
Методикалык көрсөтмө. Колдонуучу таяктар бирдей, оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз болушу керек.
Педагогикалык мааниси. Күч, шамдагайлыкка тарбиялайт, көңүл коюуга үйрөтөт. Хоккей оюнуна даярдоочу көнүгүүлөрдүн бири катары эсептелинет.