Добавить статью
4:32, 26 сентября 2012 5075

Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү (уландысы)

0d7a7cf28c4993ddaaa3afce66ad2338  Муртаза Асановдун Бүбүсара менен өткөргөн күндөрү, ал экөөнүн сүйүүсү мындайча баяндалат.

1949-жылдардын аягы, айрыкча 1950-жыл опера балет театры үчүн өтө ийгиликтүү жыл болду. Бүбүсара эки жыл бою Ленинграддын атактуу бий окутуучусу А.Я.Ваганованын курсун бүтүп келгенден кийин табына келип калганбы бир жылдын ичинде мынчалык көп ролдорду кыргыз элине опера балет театры аркылуу тартуулады. Ошол жылдары кыргыз балет искусствосуна таң чолпондой жаркырап, Бүбүсара чыга келди. Анын бийин көрүш үчүн тек гана студент жаштар эмес, бүт кыргыз интеллигенциясы ашык болчу болду.

Анын бий чеберчилиги, ааламда жок ашкан сулуулугу Бүбүсараны табигат бий үчүн жараткандай элди магнит сыяктуу өзүнө тарта берди. Мындан Муртаза да куру калбады. Ал Бүбүсара ойнойт дегенде дайыма келчү болду. Ага иши кылып Бүбүсараны көрүш керек. Бүбүсара сахнада ойногон сайын Муртаза гүл тапшырат. Бүбүсара байкасын, билсин дегениби, ал дайыма алдыңкы катарга отурат. Муртаза гүлдөн чоң нерсе белек кылгысы келет. Студент эмеспи. Алган стипендиясы өзүнө өп-чап жетет.

Ошентин бат эле студенттик бир жыл өттү. Мурдагыдай тырышып сабак окуу да калды. Эптеп эле көрүнөт. А бирок гимнастиканы таштаган жок. Машыгуусун уланта берди. Акырында окуусун таштап, ушул театрдын алдындагы бир жылдык бийдин окуусуна өтүп окуп баштайт. - Бүбүсара менен бийлеп жүргөн Уран Сарбагышевден кем калбасмын. Андай болбосо деле массовкада жүрө берем, иши кылып Бүбүсарага жакын аралашып жүрө берсем болду. Ушинтип Муртазанын ою быт-чыт.

Ошентип күндөр өтө берди. Машыгуу күч алды. Муртаза Бүбүсаранын жанында коштоп жүргөн адамдардан, гастролдоп келгенде аэропорттон тосуп алчу күйөрмандарынан кызганчу болду.

Муртазанын негизги максаты – Бүбүсарага тең келе бийлей албаса да, ага жетиш үчүн болгон аракетин жумшоо. Анын көзүнө чалдыгып калсам, анан бир айла болоор деген үмүт аны астыга жетелейт.

Мына ошентип Муртаза театрга артист балерон болуп калды. Бүбүсарага жетсем гана балетте калам, эгер ал жок моюн толгосо балетинде да мага орун жок, кетем. Балетиңди уруп да койбойм, деп ойго батат. Чынында Муртаза театрга жалгыз Бүбүсара үчүн эле келген да. Ал эч качан улуу балерон болом деп эңсеген эмес. Анын келечеги, бактысы, турмуш жолу эми жалгыз Бүбүсара менен байланышта болуш керек.

Ошентип Муртаза Бүбүсаранын артында жүрүп, эптеп ыңгайын таап, сүйүүсүн арнады. Бүбүсара да ойлонуп калат.

– Эмне, бул жигитке макулдугумду берсемби. Канчанга чейин жалгыздык азабын тартам. Мөлтүрөгөн жаш жигит менен ачыкка чыгып жандатым алсамбы. Эгер макул десем, анан баш кошкондон кийин мен айлап, жылдап дегендей гастролго кетем, анан бул шордуу бул жерде калат же бийлей албайт. Анан канча кылса деле мени эркек катары кызганат, ич тардык кылат деп ойлонуп калат.

Бүбүсара Муртазага - келчи, экөөбүз ийри отуруп, түз кеңешели. Чынын жашырбайм, сен жакшы жигитсиң, мен да сени жактырам. Мен сени аяйм. Сенде жаштыктын тунук сүйүүсү бар. Мен төрөттөн калгам, сага бала керек да. Менин Эрмек аттуу уулум бар, ошого өмүр берсин. Менин жашоом жалгыз гана театр. Сен билип кой эгер мен өлсөм сөөгүм театрдан чыгат деп, Бүбүсара Муртазанын сунушун четке кагып, анын сүйүүсүн кабыл албагансыды.

уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-09-2012
Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү (уландысы)
3460

25-09-2012
Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү
13490

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×