Добавить статью
7:29, 27 сентября 2012 3460

Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү (уландысы)

Ал ортодон Муртаза Бүбүсаранын артынан жактырып чуркагандарды, сүйүүсүн арнаган адамдардын бир нечесин көрүп, кызганып да жүрдү. Бүбүсаранын ага каршы жообуна Муртаза моюн сунбады. Аны көрүп акылынан адашып, бир жыл бою медицинада окумуш болуп жүрүп жалгыз максат ага жетиш үчүн, ага жакындаш үчүн окуу жайды таштаган да. Муртаза мындай сырларын Бүбүсарадан жашырган жок, анын макулдугун алыш үчүн баарын айтты. Жалгыз анын жанында жүрүү үчүн балетти таштаганын билдирди.

Бирок баары бир Муртазанын бул айткандары Бүбүсараны ынандырган жок, себеби ал Муртазаны аяйт, татыктуу үй-бүлө куруп, балалуу болуусун каалайт. Ошентип, акыр аягы мамилелери үзүлүүгө туура келди.

Арадан бир топ күн өттү. Муртаза театрды таштады. Өзүнүн сүйгөн кесибин улантып кайра мединститутка кирди да аны ийгиликтүү аяктады. Муртаза билимин андан ары улантуу максатында Москванын алдындагы Яуза суунун жээгинде өпкө оорусун дарылоо институтуна кирди. Бул жакта окуп жаткан күндөрдүн биринде Бүбүсара Бейшеналиева сол өпкөсүнөн жабыркап аталган институтка туш келет. Бүбүсара менен Муртаза аянычтуу мына ушундай күндөрдө ушул институтта жолугушуп калгандыгы өкүнүчтүү болду.

Бүбүсара ага ооруп келгендигин жана операцияга даярданып жаткандыгын айтат. Кийин Бүбүсарага операция жасачу доктур Муртазбектин жетекчиси Валентин Иванов деген профессор болуп чыкса болобу. Баарынан да операция жасалчу күнү Бүбүсарага кан жетишпей турганы аныкталып, Муртаза өзү кан берүүнү чечет. Ал буга чейин эле экөөнүн каны, группасы дал келээрин билип, даярдап да койгон. Ошентип, Муртаза Бүбүсарага канын куйгузуп, операцияга ассистент катары катышты. Жыйынтыгында Бүбүсара аман-эсен айыгып чыгып, Муртазага өз ыраазычылыгын билдирет.

Бул убакта Муртаза эчаак үйлөнүп, эки баланын атасы болуп калган эле. Ошол учурда балдары, жубайы да Москвада Муртаза менен чогуу болчу. Бүбүсаранын ооруп калып, операция бул институтта жасалганын уккан Мурзананын жубайы Алтынай оорукага анын абалын сураганы келип, Бүбүсара менен жолугушуп кайтат. Бүбүсара да Муртазанын мындай үй-бүлөсү, сүйкүмдүү балдары бар экенине кубанып калды.

Ошентип Бүбүсара ооруканадан чыгаарга аз күн калганда Муртазаны жай олтуруп сүйлөшүүгө чакырды.

- Муртаза сенин эмгегиңден кантип кутулам. Сен мен үчүн атан төөдөй жүк көтөрдүң. Өзүң операция жасаттың, дарыладың. Сенин мага куюлган каныңчы, кыскасы сен мага кайра жан салдың, деп Бүбүсара Муртазанын маңдайынан сылап, эмне кылаарын билбей жатты.

Муртаза болсо Бүбүсарага турмуштун туура жолго салганына ыраазы болуп, - өзүң айткан, өзүң каалаган перзенттүү болдум. Мага мындан ашкан тагдырдын, сен каалагандан артык белеги болбос. Ал эми операцияга катышып, даарылаганым - кесиптик парзым, дейт Муртаза.

Мына ошентип эки ашык больницада ажырашышат.

Муртазанын Бүбүсарага болгон чыныгы сүйүүсү кийин деле унутулган жок. Муртаза Бишкекке келген сайын мага кайрылып, «жүрү» деп Бүбүсаранын эстелигине гүл коюп, куран окуп зыярат кылып кетчү, деп сөзүн аяктады Касымбек Тазабеков.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-09-2012
Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү (уландысы)
5074

25-09-2012
Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү
13489

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×