Добавить статью
6:15, 18 декабря 2014 20305

Токтогулдун «Сары барпысы». 2-макала

Элибизден чыккан жана жашап өткөн комузчулардын дээрлик баары «Сарыбарпы» деген күүнү чертишкен. Алардын аты бир болгону менен ар башка мааниде баяндалып аткарылган. Алсак Ныязаалынын, Токтогулдун, Кара-Молдонун, Эркесарынын жана элдик «Сарыбарпынын ар бири, ар түрдүү мазмунда.

Ал эми Токтогул Сатылгановдун «Сарыбарпы» күүсүн чыгарышына төмөнкүдөй окуя себепкер болгондугун Коргол ырчы айтып берген. Токтогул ырчы Сибирден келгенде туугандары, эл-журт кучак жайып тосуп алышкан экен да “...тозоктун торунан аман эсен өскөн жериңе, өнгөн элиңе келдиң. Сага эми эч ким кол салбайт, айдата да албайт. Биз барбыз. Бирөө бирдеме десе, сен үчүн өлүп беребиз. Баарыбыз жабыла кол көтөрөбүз. Эчтекени ойлонбой жакшылап эс алгын, тыңыгын —дешип, боз үй тигишип, бээ байлап беришкен дешет.

Токтогул жайдын толук кезинде, күн ысыкта өргөдөн анчалык алыс эмес жердеги дүпүйгөн чоң тал­дын көлөкөсүнө күнүгө барып эс алып, комуз чертип, эс алат экен. Жайдын ысыгында бош убактысынын ошол талдын түбүндө өткөрүп тыныгып жатат. Токтогул тал түбүнө келгенден баштап, Сары барпы деген чымчык да талга такай келүүчү болот. Ал күндөн күнгө ырчыга байыр алып, караан тутуп, талдын башына уя салат экен. Кызыгып, Токтогул бир күнү караса, чымчык үч жумуртка тууптур. Эми алар эмне болор экен деп Током ар күнү байкап жүрөт. Сары барпы Токтогулга үйүр алып, комуздун үнүн уккандай, кулагын салгандай бутакта тынч олтуруп калат. Токтогул комузун токтоткондо жооп кылгандай, бутактарга учуп конуп, канаттарын таранып, ар жак, бер жакты койколоктоп карап, не бир мукам үн менен тил безеп сайрайт экен. Токтогул да аны угуп, асылданат экен. Ошентип, Токтогул ырчы менен Сары барпы бири бирине өтө ынак болгондой, Токо аны көрбөсө, үнүн укпаса, күү тыңдабаса коңултуктай түшүп адатка айлана баштайт.

Сары барпы жумурткаларын басып, мезгил жеткенде балапандарын чыгарат. Балапандар күндөн күнгө жетилип, ар түрдүү үн менен чыйпылдашчу болушат. Бир күнү Токо үргүлөп жатса Сары барпы чый-пыйы чыга, канаттарын эбелектетип, чебеленип калат экен. “Бул эмне болду?”, деп Токтогул чоочуп тура калып, уяны караса үч балапан тең жок. Аңгыча бактан шыпырылып бирдеме түшкөнсүптүр, көрсө чоң кара чаар уулуу жылаан экен. Аны көрөр замат Токтогул куйругун басып, башын жанчып өлтүрүп, дароо жаагын айрып жибериптир. Жылан тең бөлүнүп, балапандардын бирөө ооз жагында, бирөө белинде, үчүнчүсү куйругунун учуна барып калыптыр. Куйругунун учуна барганы эбак өлүп, оозундагы менен орто жериндеги балапандар бир топко чейин ооздорун ачышып, диртилдеп жатып, жан беришет экен. Энеси Сары барпы айланчыктап учуп-конуп, безелене муңдуу сайрап, уясын таштай албай жан алакетке түшүп жатат. Аны көрүп «канаттууга да бала керек турбайбы? Балакет басып эмнеге көзүм илинип кетти экен? — деп, Токтогул өзүн-өзү жемелеп, жаны ачып жашып да кетиптир. Уулу Топчубайдын өлгөнү, аялынын эрге тийип кеткени, карган энесинин кайгы тартканы, акыйкатсыз тар замандын көргөзгөн кордуктары эске түшүп, улуу Токтогул да “мен ушул чымчыктай кор болдум” деп, зээни кейип, төмөнкү саптарды төгүп жибериптир: “Басынып элден адаштым, Бутумда кишен шалдырап. Мусапыр болуп жөө бастым, Кор кылдың залим кантемин, Кошогумдан адаштым, Капаска түртүп ийгидей, Залимдер кайсыныңды талаштым”, - деп, арманын зар какшап, балапандарынан айрылган кичине чымчык Сары барпынын муңуна кошуп, Токтогул “Сары барпы” күүсүн чыгарыптыр. Ушул кичинекей окуя, адам тагдырынын табият менен бирге экендигин, жакшылык-жамандык, өмүр-өлүм, кубаныч-кайгы, барчылык-жокчулук эриш-аркак турмуш экенин терең чагылдырган жараян экендиги күү аркылуу чагылдырылганын мисалы...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (аягы)

51150

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (уландысы)

61861

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары

66642

26-02-2015

Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

58161

05-01-2015
Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан
69819

26-12-2014
Токтогул менен Жеңижок. 8-макала
22823

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
36793

24-12-2014
Токтогул жары Айгерим. 6-макала
32718

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
41664

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
52217

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×