Добавить статью
7:38, 24 декабря 2014 170073

Токтогул жары Айгерим. 6-макала

Токтогул ырчы 1910-жылдын жайында Кетмен-Төбөнүн Сасык-Жийдесинен экинчи жолу кармалып, 4 ай Наманган түрмөсүндө жатып, аны Аксылык дос-жарлары болгон Сулайманкул болуш, Жеңижок, Калык, Ниязаалы, Кайназарлардын аракети, туугандарынан, жалпы эле элден чогултулган каражаттын күчү менен бошотуп алышкандыгы маалым. Ошондо Токтогулду Аксыдан тосуп алышкан элдин алдында Жеңижок элден акча чогултуп бошотуп алдык деп айтпастан Токтогулдун бошонгонун куттуктап ырдап, Жеңижоктун жары Көксулуу бир сыйра кийим кийгизип сыйлаган экен. Рыскулбектин балдарынын зыяны дагы тийбесин деген ойдо Жеңижоктун сунушу менен Токтогулду эки жыл чамалуу Аксыда алып калышат. Кармалган кезде Сасык-Жийдеде калган жары Сейдимкан Аксыга келген эмес.

Замандашы жана досу, бир жагынан Токтогулдан 4 жаш улуу Женижок акын жардам кылып, Аксынын Кара-Суусундагы “Өтөнүн раваты” деп азыркыга чейин аталып калган жерге өзүнө коңшу кылып, 2 бөлмөлүү үй салдырып берген.

Ошол кезде Көксулуунун аракети менен Токтогул ырчы Аксынын Кара-Суу, Аркыт, Сыны чөлкөмдөрүнөн Айгерим аттуу сулууга үйлөнөт. Тилекке каршы Токтогул Айгеримден перзент көрбөптүр. Айгеримдин кай жерлик жана кимдин кызы экендигинен маалымат азыркы мезгилге чейин табыла электиги өкүнүчтүү. Болгону, Айгеримдин бир тууган эжеси таластык Эшкожо уулу Түлөкабылга баш кошуп, анын байбичеси болгондугу, ал эми Түлөкабыл менен Токтогулдун атасы Сатылгандын түбөлүктүү дос болуп жүргөндүгү, ошондой эле заманыбыздын ири меценаты аталган Керексизов Ташкулдун чоң атасы да Түлөкабыл менен көңүлү жакын болуп өткөндүгү эл оозунда айтылат.

Токтогул 1913-жылдары Таласта ошол кезде жигиттик куракка келген жаш ырчы Алымкул (1894-1963) экөө Түлөкабылдын Таштанбек деген уулунун үйүндө олтурса, Аксыда Айгерим катуу оорудан каза болду деген кабар келет. Катуу кайгыланган Токтогул Таластан Алымкул ырчы экөөсү шашылыш түрдө ашуу ашып келген экен. Токтогул Сатылганов Кара-Сууда Айгеримдин зыйнатын кылып, ошондо өзүнүн чертип жүргөн «Ак боор» деген комузун өмүрлүк жарынын ысмына арнап Айгерим деп атап алгандыгы, ал комуздун ушул мезгилге чейин сакталып келгендиги тууралуу маалымат Кыргыз туусу гезитинин 2004–жылдын 16-18-марттагы санында журналист Нуржан Касымбековдун “Токтогулдун Айгерим” деген макаласында айтылат. Айгерим сулуу жөнүндө Токтогулдун: «Кошулган жарым Айгерим, Аксыдан чыккан ай келин. Кадырым билген асылым, Башкадан барбы кем жерим. Перзентүү болбой какшанып, Зарлап ыйлап келгемин»,-деп ырдагандыгы аксылык белгилүү акын-журналист Абдымомун Калбаевдин изилдөөлөрүндө жакшы берилген.

Айгерим өлгөндөн соң абал тынчыды го деген жыйынтык чыгарган Токтогул ырчы кайра Кетмен-Төбөгө кайтып, Сасык-Жийдедеги аялы Сейдимкан жана бала-чакасы менен туруктуу жашоого өткөн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (аягы)

363808

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (уландысы)

387232

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары

481638

26-02-2015

Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

354647

05-01-2015
Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан
441879

26-12-2014
Токтогул менен Жеңижок. 8-макала
104148

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
220802

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
219710

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
338181

19-12-2014
Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала
149560

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×