Добавить статью
2:42, 26 декабря 2014 36025

Токтогул менен Жеңижок. 8-макала

Токтогул төкмө акындардын пири Жеңижок (Өтө Көкө уулу – 1860-1918) менен антташкан дос, бир жагынан шакирти болуп, өмүр өткөнчө тыгыз катташып турушкан.

Өтө 14-15 жашында Таластын Аксы менен ашташ жайлоосунан тууганы Ташкара болуп өлтүртүп койордо жай мезгилинде бир тууганы Болотай экөө качып, аксылыктар конгон Өкүн жайлоосунда Айыке аттуу байбичеге туш келет экен. Өтөнүн энеси маркум Алтынай Аксынын Кара-Суу айылынан болгон, ошондуктанбы, айтор тага-журтун караан тутуп, ошол карасуулуктар жайлаган Өкүнгө келишсе керек. Айыке оозунда сөзү, сөзүндө касиети бар, элге кадырлуу байбиче болуптур. Анын жалгыз уулу Садыр саруунун ичиндеги жети уруу уругунун бийи, оокаттуу бай адам болот, бирок үч аялы болсо да, бала көрбөгөн. Мына ошон үчүнбү, Айыке Өтөнү, иниси Болотойду үйүнө киргизип, бала кылып алат. “Өтө Садыр уулу, Болотой Садыр уулу”, деп болуштун кеңсесинде эсеп дептерге катталышат.

Өтө эр жетип, Аксынын баш-аягына даңазалуу акын болгон учурда Токтогул менен жолугуп, жаштарында 4 гана жыл айырмасы бар эки акын акыреттик ага-дос, ини-дос болушкан. Акынды асырап алган таякеси Садыр бий Аксыда аты белгилүү инсан катары Нүзүп бийдин небереси Сулайманкул болуш, Бекмурат болуш, Осмонбек ажы, Субан бийлер менен үзөнгүлөш, замандаш жүрүшкөн. Аттуу-баштуу бийлердин ичинен айрыкча Сулайманкул болуш Жеңижокту жогору баалаган экен. Жеңижок аркылуу Токтогул менен таанышканда эки бирдей акынга өтө аяр мамиле кылып, дайыма колдоп келгендиги эл оозунда айтылып жүрөт.

Токтогул менен Жеңижоктун достук мамилеси, акындык эриш-аркак өнөрү тууралуу эл арасында, эл шайырларынын эскерүүлөрүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып келет. Залкар акындар тууралуу айта берсе сөз арбын. Бул жерде эки залкардын бири-бирине болгон мамилесин экөөнүн айрым бир ыр түрмөгүнөн гана берип коюу жетиштүү.

Токтогул акын Сибирден 1905-жылдары качып келгенде, артынан издөө салынып, жергиликтүү бай-манаптар айгак болуп, туулган мекени Кетмен-Төбөгө тура албай бекинип, качкын болуп жүрүүгө туура келген. Ошондой башына оор күн түшүп турганда Жеңижоктун Аксынын Кара-Суудагы үйүнө качып келет. Жеңижок жетине албай досунун алдынан тосуп чыгып минтип учурашып ырдаптыр: “Аргымак оозун кергенби, Аллам бир чындап бергенби? Айткан сөзү келишкен, Ар жыйынды эриткен, Асылым Током, келгенби? Аркага колун байлаткан, Алыска Шыбыр айдаткан, Токомо аңдышкан душман өлгөнбү?.. Каранын оозун кергенби, Кудайым чындап бергенби? Калк акынын көрөм деп, Калың журтум келгенби? Калкынан Шыбыр айдаткан, Кайрып колун байлаткан, Токомо кас санашкан өлгөнбү?!.. Жеңижок-Өтө досуңдун, Жетине албай жеринде, Жети-Уруу, Саруу элинде, Жолугушкан чагы ушу!.. ...Жаш күнүңдөн таанышып, Дос болгон досум, аманбы? Сары алтын Аксы жеримде, Сан урук Саруу элимде, Кара-Суунун жээгинде, Кашка таман, Балыкчы, Кайнап жаткан элинде. Көз болгон досум, аманбы?!..

Токтогул ага жооп берип: “Чымындай жанды калкалап, Бир өзүңдү аркалап, Качып келдим, жан досум. Азап менен тозокту, Тартып келдим жан досум. Эртерээк барып көрсөм деп, Элиме жетип өлсөм деп, Шашып келдим, жан досум!.. Ырдын кени оозуңдан, Агылган досум, аманбы? Бир көрүүгө зар болуп, Сагынган досум, аманбы?!”, деп учурашкан экен. Эртеси Жеңижок Токомду керилген Кез-Арт өрөөнүн кыдыртып, андан Ак-Ташка чыгып, Көк-Башат, Бел-Башат жайлоолорун көрсөтүп, Кыр-Жол менен атактуу Миң-Теке, Миң-Бугу, Айры-Бел, Өкүн жайлоолоруна чейин барып, кымыз ичип, элге тааныштырып, жайы менен алып жүрүп, күз болгондо бир сыйра кийим кечесин ырастап берип, астына ат мингизип, Кетмен-Төбөгө узаткан экен деген кеп эл ичинде ушул бүгүн да эскерилип жүрөт.

Жеңижок акын сабаттуу, араб ариби менен жаза билген акын болгондуктан, бир катар чыгармаларын өзү чогултуп, ошол мезгилдин талабына карата Казан шаарынан басмадан чыгартам деп, куржундун эки көзү толо кол жазмасын алып, 1816-жылы Ташкенден поезд менен Казанга жөнөмөк болуп турганда падышага каршы улуу көтөрүлүш башталып кетет. Тополоңдо 56 жаштагы Жеңижок карбаластап, качып жүрүп, кол жазмаларынын бир канчасын жоготуп, кайра Аксыга аман-эсен келген экен. Бирок, 1918-жылы катуу ооруудан каза тапкан.

Анын а дүйнө кетээр алдында ырдаган ырында төмөнкү саптар бар: “Арманга толгон муң калды, Аз кыргызым окуурга, Ак куржун толгон ыр калды. Көкүрөк толгон муң калды, Көп кыргызым окуурга, Көк куржун толгон ыр калды. Көйгөйүм айтсам жаманбы, Көп кыргызым, кат билбейт, Кантейин, көркоо кылган заманды?!. Толгонуп колу байланган, Топтон Шыбыр айдалган. Аркага колу байланган, Алыска Шыбыр айдалган. Түрмөдө жатып кутулган, Соолуда мойну жыртылган. Кыдырып барып, жер көргөн, Кайтып келип, эл көргөн, Жер тамда жатып ачынган, Көзүнөн жашы чачылган. О десем добуш козголгон, О дүйнөлүк дос болгон. Бир билсе: Токтогул билет сырымды, Көп болбосо азыраак, Током сен айтып жүр ырымды!...”

Бул сөздөрдө замандын капшабы, элдин караңгылыгы, досу Токтогулдун азап-тозогу керез-арман катары айтылып, алп акындын акындык өнөрү Токтогулдай досу аркылуу гана уланарына ишенген оптимизм орун алган..

Токтогул залкар, ак таңдай төкмө Жеңижок кайтыш болгондо, Жердин алыстыгынан укпай калып, кыркы өткөндөн кийин келип калат экен. "Жеңижоктун үйүнө Токтогул келди”- деп, эл андан-мындан топтолуп олтуруп тез эле чогулат. Ошондо “досу жөнүндө Током эмне дээр экен? -деп эл акынды күтүп калганда, керегеде илинип турган Жеңижоктун комузун алып, Током төмөнкү саптарды ырдаган экен: “Ак тулпар элең желеде, Ак шумкар элең чегеде. Армандуу өлүм айынан, Ак тулпар кетти желеден. Ак шумкар учту чегеден, Эми туулбайт сендей энеден. Көк тулпар элең желеде, Көк шумкар элең чегеде. Күйүттүү өлүм айынан, Көк тулпар кетти желеден. Көк шумкар учту чегеден, Эми туулбайт сендей пендеден. Бедеси белден кара жер, Медерим элең кайран эр. Тулаңы белден кара жер, Туйгунум элең кайран эр. Күмүштү жезге өткөрбөйт, Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт. Алтынды жезге өткөрбөйт, Айтпасам дартым бөксөрбөйт. Алтыным күйсө күйсөчү, Асылым Өтө жүрсөчү. Күмүшүм күйсө күйсөчү, Күкүгүм Өтө жүрсөчү”,-деп ыйлап ырдап жатканда келгендин баары Токомо кошулуп ыйлаптыр...

Токтогул менен Жеңижоктой залкарлардын өмүр-жолу менен достук мамилеси далай-далай муунга өрнөк, адамдык менен даанышмандыктын көөнөрбөс булагы болуп кала берери шексиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (аягы)

102042

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (уландысы)

129341

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары

134042

26-02-2015

Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

116467

05-01-2015
Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан
143302

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
67113

24-12-2014
Токтогул жары Айгерим. 6-макала
57697

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
71031

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
98358

19-12-2014
Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала
52775

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×