Добавить статью
14:06, 11 июня 2017 34957

Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы.

Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аттары

Кочкор өрөөнүндө жердин аттары кара деген сөз менен башталган бир топ жерлер бар. Алар: Кара Саз, Кара Күнгөй, Семиз Белдин Кара Тоосу, Кара Суу, Кара Гоо, Кара Кочкор, Кара Тоо, Кара Булак, Куубакы, Кара Мойнок, Көк Адыр. Кара Булуң, Орток ( Кара Тоо), Кара Кужур, Кара Кум, Көк Жар, Кара Таш, Көк Таш, Кум-Дөбө, Көк чолок, Кара Өгүз,Каракол.

Дайыма күн тийип, күндүн ысыгы куйкалап, күйгүзгөн жерлер кара болот турбайбы.

10-кылымдын 2 жарымынан баштап Кочкор, Тоң өрөөндөрүндө күн ысык тийип, тоолордун башында мөңгүлөр топтолбой, (голоценный регрессия) кургакчылык жүрөт. Бул өзү 10-кылымдын башында өрөөндө жүргөн селдин жана Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсүнөн, көлдүн суусундагы туздун мерчеми өтө көп болгондуктан, Кочкор, Тоң, Көк Мойнок жана Кемин өрөөндөрүндө көлдүн суусундагы туздун таасири менен ысып, ысык аба батышка Хан Теңирден соккон жел менен келип, бул чөлкөмдү кургак чөлгө айландырган.
Ошондой эле Ак деген сөз кошулган жерлер бир топ. Ак-Кыя, Ак Чап, Ак Учук, Ак Талаа, Орто Токойдун Топурак Бели, Күржү-Булуңдун Топурак бели, Ак Жар, Ак Булуң, Ак Бел, Семиз Бел, Ак булак, Ак Мазар, Ак Таш. Ал эми ак деген аталыш сел жүрүп каптап кеткен жерлерде калып калган чопо топурактан болгон.

Азыркы Кум-Дөбө айылынын аягында Жалгыз терек деген жерде түштүктөн түндүктү карай бир, бир жарым километр узундугу, туурасы 300-400 метр болгон чий баскан кумдуу дөбөлөр бар эле. 1960-1961- жылдары ошол дөбөнүн тегерегине жүгөрү айдалып, мектептин окуучуларынан эмгек эс алуу лагери түзүлүп, ошол жүгөрүнү оттоп, сугарып багып калдык. Эс алуу убагында колдо болгон тамагыбызды алып калың чийдин арасына кирип кетеер элек. Бир күнү балдар болуп бул Кум-Дөбөнү казып көрбөйбүзбү деп кетмен менен бир топ жерин оюп жибердик. Чындыгында кадимки чөлдөгү эшилген кумдай болгон дөбө экен. Азыр ал дөбөлөр жылдан-жылга азайып бир кичине бөлүгү калды. Өрөөндө бир мезгилде кургакчылык болуп, чөлгө айланганы КРСУнун профессору, тарыхчы археолог В.Д. Горячева өзүнүн 1983-жылдагы жазган эмгегинде
ХVII-кылымдагы Махмуд-ибн-Валинин жазган эмгегине таянып, Баласагын шаарында жашаган эл, ХII кылымда белгисиз себептен таштап кеткенин, ал шаарды кум басып турганын, кумдун арасынан шаардын курулуштары көрүнүп турганын жазат. Кургакчылык болуп, суу жок чөлгө айланган Кочкор өрөөнүн эл таштап кетишкен.

Баласагын шаарын кумдуу дөбөлөрдүн чыгыш жагында жердин астына, селдин топурагы кумуна көмүлүп калган. Кочкор өрөөнүндө 16 кылымдын башына чейин кургакчылыктан эл жашаган эмес. 1975-1990-жылдарда тоют цехинде иштеп жүргөндө жумушчуларга жер сугартып калдым, Түндүк коктусунан кирген сууларды ар кайсы аянттарга бөлүп салып, канал арыктарды сактап калаар элек.Улуу сугатчылар сууну Солтобай, Жантайма аянттарына бөлдүрүп салдыраар эле. Аянтка салгынган суу 6-7 саатка чейин аягына чыкпай калчу. Көрсө суу аянттын астындагы шаардын курулуштарынын бош жерлерине кирип кетчү турбайбы. Аянттар жер айдалып, арасына арык салдырганда ар кандай карапанын сыныктары, бышкан кыштын сыныктары чыгып калаар эле. 1980-жылы Ак-Жар насостук станциясынын басейинин чуңкурун (котлованын) казган убакта чыккан бышкан кыштарды, насосто иштеген азыр маркум Келдике Жүкөшов жана Темирбеков Аскарбектер алышты деп уккамын. 1988-жылы Октябрдын 60 жылдыгы атындагы совхоздун директору Саринжиев Жолдошбек Көк-Таш аянтынын четинен сенажка эки чуңкур кастырганда 50 сантиметр тереңдиктен бышкан кыштан салынган дубал чыкты. Ал дубал 1995-жылга чейин бузулбай турган эле, кийин ал тегеректен үлүш жер алган адамдар бузуп кете башташты. Азыр ал жерде бийиктиги 8 метр, хан сарайдын бышкан кыштан салынган имаратынын, жапан жүктөгүчү менен талкаланган төбөсү көрүнүп турат.

Күндүн ысыгынан тоолордогу таштар майдаланып, ал шагыл-таштарды коктулардагы кирген суулар өрөөндүн аянтарына агызып чыккан. Ал эми Орто Токойдун чыгыш жагындагы Топурак белдин (Жылаңач өрөөн) күндүн ысыгынан майдаланган шагыл кумуна тоо тоолордун коктуларынан агып келип белди түзүп калган. Кочкор өрөөнүндөгү тоолордун коктуларында чополуу катмарлар бар. Ал катмарлар сел жүргөндө кырларды ашып түшүп коктулардын ооз жагына толгон. Ал чополуу катмарлар кийин кирген суулар менен өрөөнгө агып чыккан. Сел Талды Булак Боктуу гоо деген жерлерде 40 тан ашык үйдөй болгон жана кичине кара таштарды Сарала Саз жайлоосунан тоонун башынан агызып келген. Ал эми Туз шахта санаторийинин ичин карап көргөндө, эки туз катмарынын ортосундагы топурак катмарлар боз үйдүн чийи, кереге уугу, ар кандай ала кийиздер жана топоздун, аюунун териси кыпчылып калган жерлер бар экен. Бул өзү селдин топурак куму туз алынган жерлерге кирип толтуруп кеткендиги аныкталды. Космостон тартылып алынган сүрөттөрдө сел каптап кеткен жерлер агарып билинип, топурактын астында калган шаарлардын курулуштарынын сөлөкөттөрү байкалат.

Өрөөндө жүргөн сел жеке эле Кум-Дөбө, Ак Жар, Көк Жарда жүрбөстөн өрөөндүн батыш жагында азыркы Ак учук, Ак Талаа, Орток жана Комсомол( Тамчы) айылдары турган жерлерди да талкаланган. Анткени ал жерлердин топурагы туздуу, аянттар эшилме бош кум топурактан турат. Топурактын туздуу экенин 1875-жылы келип изилдеген орус геологу В.Н. Мушкетов Геологические и орографические описание Тянь-Шаня. Исследование 1875-год. 46-стр. деген эмгегинде жазган.
Эмне үчүн Кочкор өрөөнүндө саздар көп. Анткени Х кылымдын башында сел жүрүп кеткенден кийин, майда көлмөлөр, көлдөр пайда болгон. Алар: Дөң Алыштын сазы, Молдо Кылычтын (Асабайакундун) сазы, Бугучунун сазы, Ак Талаанын сазы, Тармал саз, Туздун сазы, Чекилдектин сазы. Төрт Күлдүн сазы, Кум Дөбөнүн сазы, Ак Жардын сазы, Кочкордун сазы, Күржү Булуңдун сазы, Теңдиктин сазы, Семиз Белдин сазы, Арсынын сазы, Кара саз, Кара суунун сазы, Большевиктин сазы ж.башкалар. Саздар пайда болгон жерлерде сасык көл, сары көлдөр пайда болгон. Сел менен агып келген чополуу топурак чөгүндү болуп, көлмөнүн түбүнө тунгандан кийин, суунун ичине ар кандай өсүмдүктөр агындылар топтолуп сазды пайда кылган.

Эмне үчүн Чолпон айылынын тушунда Каракол, Сөөктүн суусу жер астына кирип, бир километрден кийин кайра Чолпондун аягынан чыгат, көрсө Ак Чий,Узун Булактын суусу илгерки мезгилде капталдан киргенде, жер астындагы чопо катмарды жууп кеткендиктен, суу батыштан агып келген шагыл катмарга сиңип кайра чыгат экен.

Кочкор өрөөнүндө кыштоолор аябай көп. Байыртадан эле адамдар малы менен кышкысын кар жатпаган өрөөндөрдө кышташкан. Өрөөндүн күңгөй жак беттериндеги тоонун этектеринде көптөгөн кыштоолор болгон. Мына Шамшы айылынан баштайлы. Кашка Суу, Уй булак, Көлтөр, Жалгаш, үч Көркол, Ичке, Коңорчок, Көч чыкчу, Сары гоо, Кара булак, Кара Байзак, Талды булак, Калпак, Керимбек, Ак булак, Кыргоо, Аңги, Түндүк, Базылбек, Керкебес, Кургак Ичке ж.б. бул анча толук эмес тизме, муну дагы уланта берсе болот. Бул кыштоолорду адам баласы мал багып жашагандан бери кышында пайдаланышкан.

Ал эми илгери Чүй өрөөнүндө кыштоолор жок, болгон да эмес. Жазында жаздатып барышкан эл гана жаздоого турушкан. Баласагын (Бурана) шаарынын тегерегине кыштаткан мал болгон эмес. Азыркы окумуштуулардын В.В.Бартольддун жазганы боюнча Бурананын (Баласагын) жанында мал кыштаткан дешкени туура эмес. Көчмөн элде кар жаткан өрөөндөрдө мал кыштаттуу тоют камдоо болбогондуктан кыштаган эмес. Кочкор өрөөнүндөгү Баласагындын жанында Күз-Ордодо, Күз үлүш ( Күзгү кыштак, кыштама) жерлерде мал кыштатышкан.
Совет мамлекети курулгандан кийин жасалма кыштоолорду сарайларды курушуп, кокту коктуларга мал кыштап, суу ташып, чөптү таңгактап жеткирип турушкан. Мал жалпы ортодо, коомдуку болгондуктан ага кеткен чыгымды эсептебестен заңгыраган сарайларды, үйлөрдү курушкан. Жолдорду куруп, кудуктарды казып суу чыгарышкан. Анын бири Казахстандын Кенес-Анархай кыштоосу. Бул кыштоого кышында Чүй өрөөнүнөн барган колхоз-совхоздордун малын багышкан. Ага чөп-жем, суу жана малга керектүү сарайларды жана мал баккан эл жашоосу үчүн курулуштарды курушуп, шарттарын түзүшкөн. СССР мамлекети тарап кеткени бул кыштоолор калып, миллиондогон каражат кеткен кыштоолор калып кетти. Себеби:Чүй өрөөнүндө ортодо мал калбай, тоют даярдоо токтоп, кыштоолорго баруу токтоду. 1970-жылдарга чейин Нарын, Жумгалдан келген малчылар Кочкорго кыштап кетип турушту. Тоют даярдоо колго алынгандан кийин ал малчылар келбей калды.
Кыштоо дегенди билбеген, тарыхчы окумуштуулар Баласагын шаары Чүйдө Бурана мунарасы деген аныктамасын беттерине кармап, илимий иштерди жаратышып, кыргыздын жериндеги өзгөчөлүктөрдү билбеген жана түшүнбөгөн батыштан келген орустун, еврейдин жана немецтердин жазган эмгектерине таянышып, өздөрү өз элинин менталитети жашоо турмушундагы өзгөчөлүктөр менен эсептештестен, Батыштын тарыхчыларынын эмгектерин өркүндөтүп кайталап олтурушат. Чүй өрөөнүндөгү шаарлар Х кылымга чейинки шаарлар экенин Санкт-Петербургда Эрмитажда иштеген археолог тарыхчы А.И. Торгоев.өзүнүн “Некоторые основания к датировке нижних слоев городищ Чуйской долины”. деген эмгегинде жазган, ошондой эле белгилүү тарыхчы окумуштуу Л.Гумилев Чүй өрөөнү Х кылымга чейин эле чөл болуп кургакчылык каптап турганын жазган. Мындан башка П.Н.Кожемяко дагы XI-XII кылымдын катмары бул изилдеген шаарчаларда жана турак жайларда жокко эсе экенин жазган.

Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаарлар аралыгы 28-30 километрден болуп, же 5 фарсахтан болгонун 1 фарсах 6 километрден экенин, төө эртең менен жүк арткандан кийин жол тартып 30 километрге жеткенде жерге жаткан. Төө жаткан жерлерге кербен сарай, үйлөр курулуп олтуруп, Чүй өрөөнүндө 18 ден ашык шаар, турак жайлар пайда болгон.

Бирок бул шаар турактарды, батыштан келген окумуштуу тарыхчылар жасалма даталар менен кийинки XI-XII кылымдагы шаарлар деп,ЧҮЙ СУУСУНУН БАШ ЖАГЫНДА ЖЭЭГИНДЕ ТҮНДҮК ЖАГЫНДА СУЯБ шаары болгон деген маалыматтарга карабай, суусу жок чөлдөгү Чүй суусунан 18 км алыстыктагы Ак Бешим сепилинин калдыгын Суяб шаары деп көрсөтүштү. Археологиялык казууларда ал жерден эч кандай түрк тилдүү элдин жана кыргыз элине тийиштүү турмуштук буюмдар табылбагандыгын айтууга болот. курулуштар жана мүрзөлөр да кыргыз түрк, түргөш, карлук, караханийлерге тийиштүү эмес экенине карабастан бул Ак Бешим сепилин СУЯБ дегенден тажашбады. Чыгыш жагында 6 км жерде турган Бурана мунара аймагын Баласагын деп аташты. Бул эки шаар калдыгын 15 километр жерде 10 дон ашык шаар болгон деген маалыматка таянууга аракет кылышкан. Бирок 15 километр аймакта Чүй өрөөнүндө шаарлар жок. 15 км аралыкта ондогон шаарлар болгон деген маалыматка Кочкор өрөөнү туура келет.
Балыкооздун санжырасында Кочкоркан менен Баласагын шаар курушканын Кочкорканга Ордо шаарды калтырып, Баласагын өзүнчө шаар куруп кеткенин, шаар бышкан кыштан салынганын жазат.
Жакында белгилүү биздин бир тарыхчыбыз “Баласагын шаарын Кочкордо” деп жазышып кыргыздар талашып жатышат, “мына менин казып изилдеп жаткан шаар даана Баласагын экени талашсыз”. деп 96 жашка чыккан казахтын тарыхчысы У.Шалекенов мактанып жатат деди. Бизде Кочкор өрөөнүндө Суяб жана Баласагын деген шаарлар болгон эмес. Ал жерде Махмуд Кашгари жазып жана картага түшүрүп кеткен Кочңар Башы же Кочкор Башы деген шаар болгон дейт.
Х1-кылымда Кочкор Башы шаары Кочкордо болсо болгондур, бирок биз ага чейинки Х кылымдын башында 920-923-жылдарда алаамат селден жок болуп кеткен кыргыз түрк каганатынын борборлору Суяб жана Баласагын шаарлары жөнүндө жазып жатабыз.

Казахтар аныктаган чөлдөгү Ак-Дөбө( Степное) шаар калдыгы Баласагын жөнүндө жазылган тарыхый маалыматтарга туура келбейт. Биринчиден ал жерде кыштоолор болгон эмес. Экинчиден бышкан кирпичтен салынган курулуштар жок. Үчүнчүдөн Жибек жолунан 45 км,алыс буйтка жерде жайгашкан, маалыматтар боюнча Суяб, Баласагын жамаатташ Чүй суусунун жээгинде курулган деп жазылган.
Канчалык президентке кыргыз каганатынын борбору Суяб жөнүндө билдирели десек, бөлүм башчыларынын элегинен өткөндө, биздин жазган катыбыз экинчи сортко түшүп, башка кызматтарга кетип калат экен. Эгемендүүлүк алгандан бери Акаевга Бакиевга, Отунбаевага, Атамбаевга, губернаторлорго, акимдерге, министрлерге жазып келе жатабыз. Бул биз жазган кабарды бир болбогон келжирек апенди адам жазып жатат деп ойлойт окшойт. Андан көрөк акча алып Кыргыз каганатынын борборун Алтайдан, Кытайдан жана Монголиядан издейли деп чардап келгенге кеткен жакшы. Бир келген В.В. Бартольд байкаган, А.Н. Бернштам белгилеген, Н.А.Аристов айткан, Массон маани берген, Клауссон жана В.Д. Горячева көргөн деп алардын жазганын бекем тутуп турганга не жетсин. Бекеринен 1889-жылдан 1907-жылга чейин Кашгарда консул болуп иштеген Петровский В.В.Бартольддун жазгандарына каршы чыккан эместир.Бекеринен Л.Н.Гумилев “ай ушу Н.Н.Бернштамдын фактылар менен даталарды ойуна келгендей жазганы” деген жери бар.
Биз бул жазган эмгегибизди жазааардан мурда, биздин кылып жаткан ишибиз туурабы деп, кайра-кайра тактап изилдеп, болгон маалыматтарды бири-бирине салыштырып, чыгармаларды кайра-кайра окуп олтуруп, логикалык акыл калчоо, ой жүгүртүүнүн жыйынтыгы.

“ЫЙЫК МУРАС” коомунун төрагасы: К.Коңурбаев.

Колдонулган адабияттар.

В.Д.Горячева. Городская культура тюркских каганатов на Тянь-шане( середина VI- началоXIII в.) Бишкек 1976 стр17.
В.Н. Мушкетов Геологические и орографические описание Тянь-Шаня. Исследование 1875-год. 46-стр
В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Фрунзе (Бурана, Узген, Сафид-Булан) 1983–г. стр 58.
Горячева В.Д. Городские центры и монументальная архитектура средневековой Киргизии/ Автореф…канд. дисс.- Фрунзе, 1976.- С. 9-12.

Автордук грамматика менен стилистика сакталды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2019
Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө
36566

19-08-2016
Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу
65997

09-06-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык
48615

16-04-2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы
55702

05-01-2016
Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия
54774

02-01-2016
Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык
23038

29-11-2015
Ааламдын сырдуу дүйнөсү
50081

29-11-2015
Кочкор ороонундогу аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши
82619

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×