Добавить статью
16:05 21 Апреля 2015

Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны

(Тарыхтын темгил барактарынан)

Кыйла жылдар бою мамлекеттик иштерди аркалап келген, эмгек жолун жѳнѳкѳй жумушчудан баштап, мектеп мугалими, мектеп директору, Райондун билим берүү бѳлүмүнүн башчысы, Лейлек райондук акиминин орун басары, Лейлек жана Кулунду айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп иштеген Бектемиров Абдыжапар. Абдыжапар мырза кесиби боюнча дене тарбия жана тарых мугалими. Азыркы учурда ардактуу эс алууга чыкканына карабай, мектепте сабак берип келүүдѳ. Баткен облусунун Лейлек районундагы Каракыя айылынын тургуну. Абдыжапар мырзанын кылым карыткан тарыхтын темгил барактарынан даректүү курган маегинен.

- Абдыжапар мырза, сизди кѳпкѳ издеп, сураштырып жүрүп араң таптым. Тѳлѳгѳн Касымбековдун «Сынгыч кылычындагы» Абил бий жѳнүндѳ сѳз кылайын деп турам. Мени кызыктырган суроо ушул, Абил бий деген каармандын чыныгы аты Адыл бий экен. Деги Адыл бий ѳзү ким болгон, кандайча болуп китепте аты ѳзгѳрүлүп калган, теги кайсы урууга таандык, ушуга токтолсоңуз?

- Лейлектин Катыраң деген жеринде, абат уруусунун ичинде чоң атам Калык ѳмүр карытып, 1989-жылы, 96 жаш курагында дүйнѳ салды. Ал киши санжыраны абдан жакшы чечмелеп айткан, эс тутуму ѳтѳ жогору, кѳптү билген, сѳздүн сѳѳлѳтүн келтире сүйлѳгѳн, айылдын кѳзгѳ басар нарктуу санжырачысы боло турган: «Адыл бий атабыздын түпкү теги саруу уруусунун алакчын уругунан, Бердике хандын тукумунанбыз деп, айткандарын абдан кѳп угуп жүргѳндүктѳн кулагым биротоло бышып калган. Жалгыз мен эмес, биздин айылдагылар жана жамаатташ болуп жүргѳн «абат» уруусунун «тѳѳлѳр» тобу да танбайт. Саттаров Сабыт Рахматилла уулу, бул жѳнүндѳ «Абат тарыхы, санжырасы жана ичкилик кыргыздар» деген китебинин эки басылышында тең ошол Калык санжырачынын оозунан жазып алгандары орун алган.

- Токтой туруңуз. Мен, Бердике баатырдын, Ысык-Кѳлдүн Саруу айылында, Оштун Ноокат менен Араван райондорунан иликтеп, изилдеп жүрүп, андан тараган урпактарын бүтүндѳй жазганым бар. Эми болсо сиз Лейлектен жаңылык ачып жатасыз. Бердикенин урпактары Лейлек жергесине кандайча барып калганы жѳнүндѳ токтолуңузчу?

- Ушул Бердикенин баласы кантип ошол жакка барып калган деген суроо сизге жаңылык болуп атпайбы, бизге жаңылык деле эмес. Калык чоң атамдын айтуусунда: «Түпкү атабыз Бердике баатыр калмактардын баскынчылык доорунда, андан кийин бул түштүк жергесинде кыргыздарга кол башчылык кылып жүрүп, ѳмүрүн ушул Фергана тарапта кечирген. Чоң атабыз - Адыл бий ошол хан Бердикенин урпагы. Адыл бий ѳз атасы - хан атабызды тартып эр жүрѳк, тайманбас, кыраакы баатыр болуп ѳсүп, 18 жашында Кокон хандыгына кызмат кылуудан баштаган. Кокондо Мадалы хандын учурунда (1822-1842 жж.) ичкилик кыргыздар менен Кокон бийлигинин ичара келишпѳѳчүлүк жагдайы болгон. Бул убакта кыргыздар Бухарага да, Коконго да баш ийбеген. Кокон менен ичкилик кыргыздардын ортосунда жаңжал бат-бат чыгып тургандыктан, кесек, тейит уруулары Алай, Памир, Ооган тарапка сүрүлѳт. Ортодо абаттар ордо иштеринде кѳбүрѳѳк аралашкандыктан, Исфара вилаетинде Адыл бий (Абил), Абдырахмандар – ордо миң башчы болуп турушкан. Анын себеби да болгон, Мадали хандын бир аялы абат уруусунун ичиндеги ботонжанат уругунан Тагайбек дегендин кызы Толгонайды алган. Ошол эле учурда хандын вазиринин аялы Тагайбектин Чолпонай деген кызына үйлѳнѳт. «Толгонай кетти», «Чолпонай кетти» деген ырды ырдашып, күүлѳрдү азыркыга чейин чертилет.

Тагайбектин беш уулу хандыктын 5 шаарында бек болот: Аманкулбек Кожент вилаетинин кушбеги, Абдижапаркул Кокон ордосунда дуванбеги, Ажимат карбан Анжиан вилаетинде бек, Дос Бешарык шаарында бек, Кожоназар Маргалаң шаарында бек болушкан экен. Хан ордодо кызмат кылып жүрүп Адыл бий кол башчылыкка чейин жетип, 21 жашында Кожентке чеп курдуруптур. Ал жердеги чептин дубалдарына биз сыймыктанып барып, атабыз курдуткан чеп деп, барып кѳрүп жүрдүк. Союздун убагында Пролетарский айылы делчү, мурдагы тарыхый аты Саз экен.

Азыркыга чейин ошол курдурган чебинин дубалдары бар. Союздун убагында Ленинабад шаары болуп турду го, жанагы Саздагы чепти кийин уйканага пайдаланып турушту. Андан тышкары Исфарада да курдурган экен, ал жерде да Союздун убагында толугу менен уйкана болуп, ушу кезде да дубалдары турат.

Баткендин Зардалы деген жеринде да курдурган чеби бар. Ал жакка бараандуу болуп калганда, Кокон хандыгы жибериптир. Жибергенинин максаты, ошол жерге бийлик кыласың, анан Ташкенди алганга жардам бересиң деген тапшырма болуп, ошол тапшырманы аткарат. Анткени, ошол кезде Ташкен, Бухара эмирдигине баш ийип, ийбей турган кез экен. Хожент уездинде бий болуп барган кезде, ал жердин эли – кыргыздар, тажиктерге – Бухара хандыгына анча ынабай, моюн толгоп турган убак болгондуктан, Кокондуктарга мыкты, бекем, баатыр адам керек боло. Адыл барганда, «бий келди», «бий келди» дешип бир капчыгайда ээлик кылып жашаган – Катраңдын кыргыздарында ушундай салты бар экен, «бийди үйлѳнтүү» деген. Мына ушул Адылды Катраңда үйлѳнтүшүп, алып берген колуктуусу - абат уруусунун кызы болот. Ошону менен Адыл ал жерде 4 жыл бийлик кылгандан кийин, Коконго чакыртылат. Ордого келгенде, Кокон хандыгынын эң жогорку башкаруучулуктун кол башчысы кылып дайындап, калың кол берип, Ташкенге жѳнѳтүп, ал шаарды каратасың деп, буйруйт. Калың колго жетекчилик кылып, айыгышкан катуу согушта Ташкенди алып, элин каратат. Кокон хандыгынын ѳкүлдүгү деп, ѳкүлдүк ачып, Адыл бий ал жерге ѳз кишилеринен дайындап, башкарып турат. Адыл бийди кайрадан Коконго чакыртып, ордодо жооптуу кызматтын бирин ѳтѳѳнү тапшырат. Шералы хандын тушунда абат, кыпчак урууларына кысым кѳрсѳтѳ баштаганда, кыпчак - Мусулманкулдун кол башчылыгында абат, кыпчактар биригип Шералыны талкалайт да, ордону басып алат. Бирок Шералыны ѳлтүрүшкѳн эмес. Мусулманкул миңбашылык кылып, хандан кийинки даражалуу кызматты ээлеп калат. Кѳп ѳтпѳй абат бийлери Адыл (Абил) бий, Сатыбалды датка, Рахматилла датка, Аким сарбаз, Баймат сарбаз жана Алайлык кыргыздар менен бирге 1844-жылы ордого басып кирип, Шералы ханды ѳлтүрүшѳт.

Хожент уездинен келгенден 1,2 жыл ѳткѳндѳ кийин Кокон хандыгы Адыл бийди ѳзбек кызга үйлѳнтѳт. Күндѳр ѳтүп, ордодо Адыл бийдин мартабасы жогорулагандан жогорулап, ансыз ордодо аскердик маселе чечилбес болот. Аны кѳрѳ албастар кѳбѳйүп отурап, тымызын: «Бул хандын тукуму, баари-бир хандыкты талашат, мындан кутулуш керек» деп, кутум уюштуруучулар сѳз кылганын ошол жерде паранжы жамынып кызмат кылып жүргѳн ѳзбек аял угуп калат. Адыл бийге алиги сѳздѳрдү тѳкпѳй-чачпай, укканын-уккандай айтат. Ордодо даражалуу жогорку кызматта тургандыктан, кутумчулардан башка эч кимдин иши жок кезинде сыр алдырбай, тымызын ордодон качып чыгат.

Адыл бийди ѳлтүрѳ турган күнү, ал ордодо жок болуп чыгат. Эрте менен кутумчулар бир бүтүмгѳ келип, Адыл бийди тым-тым кылалы десе, ал жок. Ѳзүлѳрүнчѳ бушайманга түшѳт, «канакей, тапкыла эле, тапкыла» дешип, шашып калышат. Адыл бий Жалал - Абадга бет алат, ѳзүнүн айтуусунда, «ал жерге жетсем аман кутулуп кетем» дейт. Издеп калышып, таппагандыктан хан буйрук берет. Буйрукта: «Кайсыл жерден кармасаңар, эки кѳзүнѳ коргошун куюп, ошол жерге бий кылып шайлап келгиле» деп, хан мѳѳрүн басып, куугунчуларына мѳѳрү басылган буйруктуу кол катын карматып, жѳнѳтѳт. Куугунчулар сураштырып жүрүп отуруп акыры Ошко жакын жердеги, Кара- Суунун ортосундагы Кыдырша деген жерден кууп жетишет. Ал убакта хандын айтканын эч ким эки кылган эмес тура, кармагандан кийин эки кѳзүнѳ коргошун куюп, ошол жерге бий кылып дайындап кете беришиптир. Кыдырша деген сѳз, «Кыдыр колдоп, шах келди» деген сѳздѳн калган. Ал жердин эли баш ийишип калышат.

27 жашында кѳзүнѳ коргошун куюп салышкандан кийин, карама сокур болуп калса да, хандын буйругу боюнча, ошол Кыдыршада бий болуп турат. Хандын буйругун ал кезде кыпатсыз аткарышкан тура. Мына ошол жерде ѳзбек аялы менен калып, азиз болгонуна карабай бийлигин уланта берет. Кокон менен ичкилик кыргыздардын (1844-1876 жж.) аралыгында нааразычылык, ыйкы-тыйкылар күчѳп, ортодо так талашуулар болот. Бул жолкуда ата мурасына тиешеси жок, үч хан такка отурат. Алар Шахмурат хан – кыпчак, Султан Сейит хан – кыпчак, Полот хан (Ыскак) Асан уулу – бостон болгон. Бул үчѳѳнүн бийлик жүргүзүүсүнѳ – Бухара хандыгы менен орустардын падышалык – баскынчылык бийлиги тоскоолдук кылат. Кокондун хандыгынын акыркы жылдарында 5 вилаети: Анжиан, Наманган, Маргалаң, Ташкен, Кожен ж.б. Исфарага окшогон бир топ майда-барат вилаеттер, 15 бекчилик, 78 жүз башылыктар болгон. Ошонун ичинде абат бийлери ѳз алдынча бекчиликке ээ болууга күрѳшүп, Бухарага, Коконго элчилерин жиберип турушкан экен. Бирок бул иштерин иш жүзүнѳ ашыра алышкан эмес. Абат миң башылыгына Лейлек, Дара, Баул, Катыраң, Кара-Суу айылдары, Баткен жакта Рават, Актатыр, Үчдѳбѳ, Кѳѳсүбар, Кѳйистам, Самаркандек айылдары болуп турган. Мында миң башынын кол астында амин, казы, эшик ага башы (айыл башчылар), муфтийлер, найып – тособа (комендант) жана бир канча жан жоокерлери болгон. Булардын бардыгы миң башыга баш ийишкен. Кокон хандыгында эң башкы бийлик – хан бийлиги, андан кийин – парваначы, миң башы, хандан кийин экинчи бийлик ээлери болушкан да мамлекетти башкарууга аралашышкан. Кийинкилери: аким, бек, аталык, датка – булар болсо майда вилаеттерди башкарган. Бекчилер акимчилдиктерге, саркарчиликтерге бѳлүнүп, жергиликтүү башкаруучулар болгон. Акыркы бийлик – аксакалчылык – айыл, кыштак башчылары элдерден салык чогултушкан. Ошолордун үстүнѳн парваначы, миңбашы, кушбеги, аким жана бектер ѳз аймактарын ѳз алдынча башкарып, шаар, кыштактарга ишенген ѳз туугандарын дайындашып турушкан.

Аскер иштеринде: сарбаздар (жѳѳ аскерлер), сыпайлар (атчан жоокерлер), топчулар (аткычтар-артилерия), миңбашы (кѳп курамдан тургандар - дивизия), даста (полк), паңсат башы (полктун башчысы), жүз башы (взвод), он башы (отряд) дегендери болгон. Чоңураак айыл-кыштактарда хандын буйругу менен, мисалы, Алайда датка, эшик ага-эш ага, Катыраңда, чакан айылдарда же чеби бар жерлерде – Даурат-Коргондо, Ѳзгѳрүштѳ токсоба делет, токсобанын карамагында 10-20 жигити болгон» - дечү.

Мунун баары убагында жазылбай, унут калып кеткен чыгар. Чоң атам – санжырасында, ушундайларды укмуштуудай тарыхый окуя кылып - аскер чиндерине чейин ар бирин ѳзүнчѳ бѳлүп, кайсыл адам кайсыл кызматта аркалып жүргѳнүнүн бардыгын тизмектеп айтчы эле. Эки атам тең о дүйнѳгѳ ѳтүп кеткенден кийин, алардай айта албасам да эсимде калганын айтканга аракет кылдым. Бул тарыхый чындык окуялар билгендердин акыркысынан кийин жазып калбаса ошо бойдон токтоп, биротоло унут калып кетет эмеспи. Мурдагы айтуучулар канча болду дейсиз, кѳзү барда билбейбиз, кѳзү ѳткѳндѳ кейийбиз. Ошондуктан сизге айтып жатканымдын себеби да бекер эмес. «Орус баскынчылары, Кокон хандыгын (1876 ж.) кулатканга чейин, Түркстан Генерал губернаторлугун орнотууда канчалаган элдерди кырып, канчалаган кѳз карандысыздык үчүн күрѳшкѳн мыкты эрендердин баштары алынбады» – деп, чоң атам узун сабак кылып айтып отурчу.

-Сатаров Сабыр Рахматилла уулунун «Абат тарыхы, санжырасы жана ичкилик кыргыздар» деген китеби 2009-жылы, Бишкектен басылып чыккан экен. Ушул китебинин 150, 258 – беттеринде, Тѳѳлѳр тобу жана Белгилүү бийлер дегенден Адыл (Абил) бий жѳнүндѳ маалыматтарды кезиктирдим. Адыл бий (Абил бий) Кокон хандыгынын ордосунда түрдүү кызматтарда 40 жыл ѳтѳп, анын ичинен 9 уруу абат уруусуна бий болгон экен. Ошол мезгил (1845-1916 ж.) туура келет экен. Адыл (Абил бийдин) сѳѳгү Кокондо коюлгандыгы жѳнүндѳ айтылат. Ушуга токтолуңузчу?

- Адыл бийдин, Абил болуп жүргѳн жери, адам атын так билбегендиктен автордон кеткен күнѳѳ. Бул ѳзү так эмес маалымат. Тѳлѳгѳн Касымбеков «Сынган кылычында» Абил бий деп жазыптыр. Чоң атам Калык менен ѳз атам Абдырахмандын айтуулары боюнча: «Абил эмес, Адыл бий десе тагыраак болмок дешчү» - деп, «анан кѳп жерлеринде туура эмес тактыктар кетирилген» деп чоң атам абдан капа болуп жүрдү. Ушул боюнча, 1986-жылы, май айындаТѳлѳгѳн Касымбековго атайы жолугуп, экѳѳбүз кѳпкѳ баарлаштык, мен: Сиздин каарманыңыздын Абил бийдин анык аты Адыл бий болгон. Абил бий деп, жазганыңыздын кѳп жерлери так болбой, бурмаланган жерлери ѳтѳ арбын экен. Кокон хандыгында кызмат кылганы анык, бирок анын канчалаган жасаган эрдиктери китепке таптакыр кирбей, жазылбай калган. «Келтирилген окуяларыңыз, чындыкка таптакыр коошпой калган» - деп Кабыл чоң атамдын айткандарын бүтүндѳй айтып бердим. Ошол жолугуубузда, ал менин айткандарымды кѳпкѳ кунт коюп укту да, анан менден сурады: «Чоң атаң мындай окуяларды кай жактан чогултуптур, же тууганы болгонбу?» - деп. Сиздин китебиңиздеги Абил бий эмес, менин түпкү чоң атам Адыл бий болгон. Калык чоң атам, ѳз атам Абдырахман да ошонун урпактарынанбыз. Китебиңиз чыккандан тарта бүтүндѳй окуп чыгышып: «Туура эмес жерлери ѳтѳ кѳп экен, мындай таптакыр болбогон. Кѳптѳгѳн жасаган эрдиктеринин бардыгы калып кетип, болбогон бир Кокон хандыгынын тескери каарманы кылып салыптыр» дешип, ушу кезде да кейип жүрүшѳт. Сиз мага ишенбесеңиз, бардык жол кире жана башка чыгымдарыңызды мен кѳтѳрѳйүн, барып жолугуңуз. Накта Адыл бийдин тукум - уруусун, качан, каерде тѳрѳлүп, сѳѳгү коюлган жерин, канча жашка чыгып, кай жерде каза болгонунан бери тактап аласыз. Адыл бийдин (Абил) уруусун башка урууга таандык кылып койгонуңузга чейин кенен маалымат алып, билип кайтасыз. Мени жалган айтып жатат десеңиз, экѳѳнүн тең кѳзү тирүү. Лейлектин Каракыя айылында турушат. Барып, тактык үчүн сурасаңыз деле болот, барсаңыз нааразы болбой, ыраазы болуп, мейман болуп - сый кѳрүп келесиз, дедим.

Тѳлѳгѳн Касымбеков: «Баары туура экен, мен жазуучумун да, ошол убакта баарын териштирип отурганга, билген, окуяны даана, так айткан адамдарды кай жактан издемек элем. Кокон хандыгында сен Адыл бий деп жатасың, мен тактабастан Абил бий болгон деген окуяны болжолдоп, уккан уламыштан улам анын мезгилине, уруусуна карабай, жазуучулук дараметиме салып, кѳркѳмдѳп Аксыдагы уруулардын бирине таандык кылып жазып койгонум чын» деп, мойнуна алды. Мен, ал адамдын моюнсунган сѳзүнѳ ыраазы болгом.

Адыл бий чоң атабыз, 1916-жылы, 63 жашында каза болуп, сѳѳгү Коконго жакын жердеги бир кѳрстѳнгѳ коюлганын да тактап, дааналап айтып бергем. Менин айткандарымдын кѳбүн жазып алган. Мен чоң атам менен, ѳз атама Тѳлѳгѳн Касымбеков менен болгон жолугуумда кандай сѳз болгонун, эмне деп айткандарын айтып бергем. Экѳѳ тең «келип калар» дешип күтүп жүрүштү, бирок Тѳкѳм тараптан бир да жооп болгон жок. Кайран кишилер, «баягы жазуучуңдан жооп жокпу» дешип жүрүп, бул дүйнѳ менен кезеги келгенде кош айтышып, кете беришти.

- «Сынган кылычта» автор аны эки жүздүү, амалкѳй каарман кылып койгону бар, чындыгында кандай болгон экен?

- Ооба, таптакыр андай болбогон, романдагыдай эмес, тескерисинче эр жүрѳк, бет алганын бербеген, тайманбаган – кѳк жал адам болгон экен. Ордодогу бийликтегилердин Адыл бийден корккондору кѳп болуптур. Жанагыдай 18 жашында ордодо кызмат кылса, ордонун кол башчысы болсо, ѳкүмчүл бийликтин ѳктѳмдүү ѳкүмдѳрүн аткарып калган адамдын ким гана коркпойт. Анын түпкү теги ким болгонун Кокон бийлигиндегилер жакшы билишкен. Ал убакта «хан ордодо» ички саясат катуу жүрүп турган кези экен. Хандык тактыны талашуу күчѳп, бири-бирине ишенбей, мансап үчүн аталаш бир туугандар биринин башын - бири алып, тымызын уу бердирип, хан такты үчүн кѳздѳрү чырактай күйүп турган да. Кыргыздын мыкты чыкмасы - Адыл бийдин ордо ичинде орчундуу кызматта жүрүшү, ого бетер кооптуу болорун жакшы түшүнүшкѳн.

Ордодо да санжыраны сүрүштүргѳн, ата-тегин билген мыкты адамдар болбой койбогон да. Кокон бийлигинин түптѳлүшүнѳ кыргыз мыктыларынын эмгектери зор болгон тура. Шакуруктун тушунда, адигинеден Миңсейит, саруудан Акбото бий, кушчудан Качы бийлер болушса, кийинки Эрдене бийден тарта Нарбото бийге чейин кыргыздардын мыктылары: Ажы бий, Кубат бий, Бердике баатырлар Кокон бийлигинин курмандыктары болушканы тарыхый чындык. Ошондуктан, Кокондун башкаруучу ээсине жагыныш үчүн кошоматчы, эки жүздүүлѳр бир нерселерди шыбырап, айтып турушкан. Кошоматчылыкты кѳбүнчѳ диний чѳйрѳдѳгүлѳр жасашкан, антпесе алардын оокаттары ѳткѳн эмес. Билермандык, ушак айыңдарды андайлар адеттик – кесипке айлантып алат эмеспи: «Мунун кѳзүн тазала, Адыл бийди ѳзүңдѳн оолак карма, баари бир түбү сага жакшылык кылбайт», деш отурушуп 27 жаш курагында жарты жан кылышып жатышпайбы. Себеби бар, анын атасы Бердике баатыр болгон. Бердикенин кѳзүн Кокон ээлери тазалаганын жакшы билишкен. Ошодон улам, атасы Бердикеге кутум уюшкандар, ошо кезде Нарбото ханды ар амалга салып кѳндүргѳнү бекер жерден болбогон. Болбосо, хандын ордосунда 18 жашынан тарта кызмат кылып жүргѳн Адыл бийди эч себеби жок эле, ордодон оолактатып, буйрук чыгарып, мѳѳрүн басып, аркасынан куугунчу жибертип, кѳзүнѳ коргошунду эмнеге куйдуртат? Сырдын баары ошондо болуп жатпайбы.

Калык чоң атамдын айтуусунда, ѳз атам жана андан башка мурунку муундагылар айтып жүргѳн деп айтып калчу. Ал адамдарга ким айтып берген, ошол эле ордодогу жакшы кѳргѳн сырдаштары, уккан-билгендери, кѳргѳндѳр эртеби-кечпи – Адыл бийге сыр кылып айтылгандан болгон окуя да. Ошодон тарта болгон окуялар, болгондой эл оозунда жашап келген. Кокон хандыгында 40 жыл бою кызмат кылган Адыл бий, кийин карыганда сырдаштарына сыр кылып далай жолу айткандыктан, андан ары уланып жүрүп отуруп, ушу күнгѳ жетти. Болуп ѳткѳн окуя чындык болбосо, ушул убакка кантип жетмек. Чоң атамдын ѳз оозунан уккан адамдар, кечээки эле ѳткѳн XX кылымдын аяк ченинде кѳптѳрүнүн кѳзү тирүү болчу. Атам Абдырахман кѳзү ѳткѳнгѳ чейин эле айтып жүрдү, Адыл бийдин элине жасап кеткен эмгектерин азыркы убакта айылдын баары билишет, алардын айтымдарында: «Адыл бий атабыздын убалына ордодогу бузукулар калышкан», дешип. Себеби, эки жүздүү шумпайлар ханга күнүгѳ: «хандын баласы түбү сага жакшылык кылбайт, хандын баласы эртедир-кечтир тегине кетип, сенден хандыкты талашат» деп, күбүрѳп-шыбырай беришкендиктен, ден соолугуна жанагинтип залака кеткен. Ордодо бирѳѳ болмок беле, бир канчасы ханды кѳндүрүшкѳн» - деп, узун сѳз кылып, ѳткѳн тарыхый окуяны уккулуктуу кылып чоң атам айтчу. Сизге канчалык жеткире алдым, билбейм.

- Адыл бий 63 жашында каза болуптур, Лейлекте ал кишиден калган канча түтүн урпактары бар? Жанагы ѳзбек аялынан тараган балдары кай жерде турушат, издесек табалабызбы?

Сиз ата-тегиңизди санап отурганда, мен да манжаларымды бүгүп, санап отурдум. Менин оюмда, Бердикенин баласынан болобуз деп айтып жатканда кичине күмѳн санап, балким таралышынан жаңылыш кетирет го дедим эле, туура чыкты. Бердикенин ушу кезде 8-чи насилине туура келгени да так экен. Ары жагын уланта бериңиз?

- Чоң атамдын айтканынан улам, ии, деп коюп эле жүрдүк да. 1990-жылы, мен Таласка атайы келип кеткем. Ошо кездеги Киров району (Карабуура), Буденный (Чоң карабуура) айылына келип, сураштырдым. Ушундай, ушундай элек деп, атамдан укканымды Бердике баатырдын урпактарыбыз, саруу уруусунан болобуз деп, сураштырдым. Ошондо ошол айылда жашы 80 ден ашып калган

бир аксакал: «Кыргыздын санжырасында Бердике баатыр деген бар, саруудан чыккан мыкты, кыйын баатыры болгон», деп таржымалын кенен кылып айтып берген. Мен анда, ал жерде кайсыл уруу жашаарын деле териштирбестен, ошол кишинин айтканына ыраазы боло сүйүнүп, Таластан болорубуз чын тура, саруу болот турбайбызбы, деп кете бергем. Сѳздүн чындыгы керек, союздун убагында андайдын кимге кереги бар эле. Уруучулук бул жакта турсун - жердешчилик, тууганчылык дегенге таптакыр тыюу салып, жаздырчу да эмес. Биз дагы ошонун шапаты менен жүрѳ бериппиз. Кѳрсѳ, тууганчылык деген биздин аталардын каада-салтында, нарк-насилинде, үрп-адаты кылымдан-кылымга уланып жашай берерин эч ким бузалбайт тура. «Ат айланып, акыры казыгын табат» деген кеп бекеринен айтылбаптыр, эки атамдын тең айтып жүргѳндѳрү чын болуп, акыры минтип ѳз тууган, тегибизди таап отурабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги

Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды

Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор

Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор

Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)

Еще статьи

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь