Добавить статью
9:55 9 Сентября 2015

Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор

Тарыхта Кокон хандыгы – 1709-1876-жылдарда, 167 жыл аралыгындагы түрдүү жагдайда – Орто Азиянын Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түштүк Казакстан, Синьцзянь – Уйгур облустарында 820 миң чарчы метр аянтты ээлеген, борбору Кокон шары болгону белгилүү. (https://ru.wikipedia.org/wiki/Кокандское - ханство.) Кокон хандыгындагы жогорку мамлекттик кызматтары – көчмөн өзбек, кыргыз, кыпчак элдеринин ортосунда бөлүнүп, мамлекет башкарылганы талашсыз окуя. Көбүнчө кыргыздар менен кыпчактар – аталык, миң башы, амир-ляшкар, наиб, ынак, эшик-ага ж.б кызматтарды ээлешкен. Мисалы, 1800-1810-жылдарда Нарбото бийдин уулу Алим хандын мезгилинде: Момунбек, Ырыскулбектер – Кокон аскеринин башкы башкаруучу – амир-ляшкарлары, Мадали –хандын мезгилинде (1822-1841-ж.) саруунун кырк уулунан – Нусуп миң башы, башында туруп, адигинеден – Алымбек, кесек уруусунан – Сеитбек, Төөлөстөн – Полот, аваттан – Сатыбалды, саруунун алакчынынан – Ажибек “датка” наамдарына ээ болушкан. Мындан тышкары, Нүсүп (1942-44) миң башы, аталыкка ээ болсо, Алымбек датка (1958-1862) хандын баш вазири, Касым (1853- 1856) – миңбашы, Алымкул (1863 -65 ) Кокондун аскеринин башкы башкаруучусу ( амир-ляшкар) Атабек – наиб (иран тилинде – орун басар, жардамчы), Шерали – ынак, атчандарынын башкаруучусу, Кадыр бий – эшик ага (хан сарай башчысы) ж.д.у.с. кызматтарды аткарышкан. Бул тууралуу орус изилдөөчүлөру менен тарыхчылары, Кокон хандыгындагы саясий абалды көңүл борборунда кармап, Орто Азиянын башкаруучу тереңине түшүнүү – кирүү жагдайында, «Кокон хандыгына кыргыздар бийлик үстөмдүгүн кылат» деп жазышкан.

Мындан тышкары, Кудаяр хан 30 жылдан ашуун башкаруусунда, кыргыздарга таянып бийлик жүргүзгөн. Адигиненин жору уруусунан чыккан Атабек наиб, Кудаярдын атасы Шералы менен ынак болгону, ошол мезгилден бери ордодон алыстабаганы, Кудаяр хан ордодо жок болгондо Атабек наиб ордо иштерине жетекчилик кылып тургандыгы жѳнүндѳ орус изилдөөчүсүнѳ М.Алибеков маалымат берет. Атабек наибдин кызынан таркаган урпактары – Өзгөн районунун Куршаб, Кызыл-Сеңир айылдарында жашап келишүүдө. Коомдук ишмер Мадымаров Азизбектин чоң тайтасы (http://www.welcome.kg/ru/history/ros/dfg/). Полотхан Асан уулу, Кокон хандыгынын ханы болгондугу да – жалпы кыргыздардын Кокон мамлекетинде ээлеген ордун түшүндүрөт. Полот хан - Искак Асан уулу, 1844-ж. Маргалан уезди, Охна кыштагы. 1876-ж. Жаңы- Маргалан шаарынын кыргыздарынын ичкилик уруусунун – бостон уругунан болгон.

Полот хандын – Кокон хандыгынын бийик даражасына пайда болушу, 1809-жылы Кокон ханы Алим-хандын өлтүрүлүшүнөн баштап, 19-кылымдын 1860-70-жылдар аралагына чейин созулган калктын жашоосунун оорлугу, жут менен ачарчылык, салык саясатынын туура эместигине, калктын нааразылыгы, баш аламандыкка алып келген. Карып калган Кудаярдын ордуна, хан тукумунан чыккан мураскерди издөө зарылчылыгынан улам пайда болгон. Ошондо, мындан алтымыш жыл мурда өлгөн Алим хандын небереси Пулатбек татыктуу деп эсептешет. Самаркандда жашап жүргөн Пулатбекке, кыргыз аксакалдары менен уруу башчылары жөнөтүлѳт. Бирок, атайын бул баруу ийгиликсиз аяктайт. Пулатбек, “Кокондун хан болгондорунун тагдырына окшошомбу” деген ой менен хандыктан баш тартат. Бул барган топ кайра кайтып келе жатып, Ташкенттен молдо Исхак Асан (Хасан) уулуна жоолугушуп, Пулатбекке абдан окшоштугун байкашат. Бул учурда, Исхак – зээндүү, билимдүү, салабаттуу, чечкиндүү, курч акылдуу болгонунан кабардар болгондор, сѳзгѳ алышат. Исхак Пулат хандын ордуна барууга макул болот. Ошентип, Искак 1873-жылы – Аксынын Сафед-Булан деген жеринде ак кийизге отургузулуп, Коконго бийлигине хан көтөрүлөт. Орус падышачылыгы Кокон хандыгынан кутула албай турган убагында, Полот хандын (Исхак) бийлигин 1875-жылы маалымат алгандан кийин, анын тегерегинде тез арада чара кѳрүү максатында Исхактын бийлиги “мыйзамсыз” деген ушак-айыңды эл арасына чагылгандай тез таратып, анын тегерегинде иш чараларды жүргүзѳ баштайт. 1873-1876-жылдагы Кокон хандыгына жана орус баскынчыларына каршы элдик көтөрүлүш, Ош, Араван, Өзгөн, Үч-Коргон , Анжыян, Булак-Башынын аймактарын камтыйт. Ушул көтөрүлүштөрдүн жүрүшүндө Полотхан (Исхак ) эки жолу колго түшкөн. Биринчи жолу, 24-июль 1875-жылы Чаткалдын Сары-Талап кыштагында болсо, экинчи жолкусу – 1876-жылдын февраль айында азыркы Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында колго түшкөн. Акыркы жолу колго түшкөнү, тарыхта белгисиз себептер менен тарыхчы, изилдөөчүлөр тарабынан башка варианта жазылып келүүдө. Полот хан Орус аскерлерине колго түшкөнү буга чейин жазылып жүргөндөй, Чоң Алай менен Кадамжайдын Чаувай үңкүрүндө эмес, азыркы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу аймагында колго түшкөнү анык.

Чындыгында, Полот хан Абдылда бек Алымбек датка уулу менен дос, пикирлеш болгону тарыхта белгилүү. Айрыкча орустардын оторчулук саясатында, түштүк кыргыздардын орустарга каршы күрөшү, 1875-1875-жылдарда байланыштуу болгон. Полот хандын Кокон хандыгына ээлик кылып турган мезгилинде түзүлгөн аскердик – саясий кырдаал экѳѳн бириктиргени да бекер эмес болгон. (Б.Абытов .- Взаиоотношения Полот хана и Абдылда бека Алымбек уулу во время восстания в 1875 – 1876 годах kghistory.akipress.org/unews/un_post:3765).

Полот ханды, түштүк Кыргызстандын көпчүлүк калкы колдоп, ал элди эркиндикке алып чыгат деп, ишенишкен . Ошол мезгилде, Ош вилаетинин карамагында жогоруда айтылган Кызыл-Суу өрөөнүндө жашашкан – адигиненин жору уруктары да киришкен. Абдылдабектин Кызыл-Суу өрөөнүндөгү орун басары – Тойчубек датканын уулу Султан наиб болгону белгилүү. Ушул кезде Султан наибдин тукумдары, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында, Ош шаарында жашашат. Азыр да Султан наиб менен Абдылдабектин элди башкарганы, жүргүзгөн иштери тууралу маалыматтар эл оозунда көп айтылат. Абдылдабек, Полот ханды акыркы жолу качкандагысын географиялык жайланышы боюнча: Гүлчө, Алай, Кашкар жолунан четирээк, анчалык байкалбаган Кызыл-Суунун Алдиер тоосунун, түштүк бөлүгүндөгү уландысы Сары-Ой чокусунун этегиндеги алыстан көзгө көрүнбөгөн, бирок Ош, Анжыян тарап толук көрүнүп турган Ак-Терек жайлоосундагы үңкүргө Абдылдабектин буйругу боюнча жашырышкан.

Полот ханды жашыруун сактоо, тамак-аш менен камсыз кылуу жагы жору уруусунун Элчибек уругунан Эшимбек палванга тапшырышкан. Ал убакта Эшимбек палван Абдылдабектин жан-жигити болгон. Андан: Каленедер, Мамыт аттуу уулдары болуп, бирок алардан бала калган эмес. Кыздары: Макмал, Селки, Улук дегендеринин урпактары Кызыл-Суу өрөөнүндө жашашат. Падышалык Россия, Полот хандын Кокондогу хандыгын тааныбай, 1876-жылдын башында аны жок кылууга буйруган мезгилде, жазалоочу отряддар Кызыл-Суу өрөөнүнун ортосунан агып өткөн Гүлчө, Куршаб дарыясынын түштүк тарабынындагы жээкти бойлоп Ак-Суу жерине келишет. Кызыл-Суу айыл аймагынын Кайтпас айылынын бир бөлүгү, азыр да Ак-Суу деп аталат. Ошол күндөрдүн биринде, орус чалгынчылары өздөрү өргүшкөн Ак-Суунун тушундагы дарыянын кечмелигинен өтүшүп, анын оро-парасындагы чоң үңкүрдө байлардын малдарын бордоп семиртип жүргөн Көңүл аттуу кишиге жоолугушуп, айлакердик менен: «Сиз Полот хан жөнүндө уктуңузбу, Кызыл- Сууда экен го?» деп сурашса, ал: “Мен кайдан билем, бир болсо муну Эшимбек палван билет. Полот хан Кызыл- Сууда деп, калк арасында сөз айтылып жүрѳт» деп коет. Көңүл аксакалдын тукумдары, Кызыл- Суунун Желе айылында жашашат. Бул жерде турган – Исманалиев Мамасыдык аксакал, жорунун Элчибек уругунан. Ошондон кийин жазалоочу отряд, Кызыл-Суулук эл башкаруучуларды , жашаган калкты чогултуп: «Полот хан ушул өрөөндө экен, силер жашырып жатасыңар. Эгерде эки, үч күндө кармап бербесеңер, биз силерди жазалайбыз, кандуу кыргынга учуратабыз!» деп коркутушат. Эл бийлери: «Караштыралы, сураштыралы» деп, Полотхан жөнүндө маалыматты айтышпай тарап кетишет. Ошол күнү кечинде Полот ханга болгон акыбалды айтышып: «Эми сизди арыраак, Алай тоолоруна жылдырып, жашыралы» - дешет. Бирок Полот хан: «Мен го жалгыз жанымды куткарып качып кетейин, мени жашырган жору, жолжакшы уруусунун кыйылган өмүрлөрүнө ким жооптуу болот? Мен акыретте кантип жооп берем? Мен анте албайм, колго өзүм түшүп берейин, силерге, жалпы калкка, досум Абдылдабекке ыраазымын!» дейт.

Ошол күнү эрте менен дааратын алып, намазын окуп, кызыл кымкап чепкенин кийип, ак боз атын минип, Ак-Теректеги Сарыжалпак деген жашынган үңкүрүнөн төмөн карай түшүп келет. Жалпы Кызыл-Суулук жору тукумдары Полот ханга эки катар сапка тизилишип, ортодон таазим кыла өткөрүшүп, ызатын көрсөтүшүп, дарыянын кечмелигине чейин келип, андан ары – карай узатышат. Полот хан, тизилген калкка башын ийип, ыраазылыгын билдирип, Ак-Суу токойчосунун кечмелигинен өтүп, орус куугунчуларына өз ыктыяры мене колго түшүп берет. Орус аскерлери Полотханды кармап, сарпоочтоп алып айдап кетишет. (К. Карасаев «Өздөштүрүлгөн сөздөр», Фрунзе – 1986, 240-б. ). (сарпооч – эски кыргыз сөзү, кыргыздарда жарадарды, колго түшкөн туткунду, же өлгөн кишини эки колтугуна, ээгине жыгач балдакты байлап, эки тарабынан эки киши жандап, бутун басмайылга кошуп байлап, керектүү жерге жеткирген).

Маргалан шаарына алып кетишип, 1876-жылдын 1-мартында дарга асып өлтүрүлгөнү тарыхта белгилүү. Кызыл- Суу аймагынын Сары-Ой тоосунун Ак-Терегиндеги (Оштон да көрүнүп турат) ошол үңкүр, негизинен азыр да сакталып калган. Полот хан үңкүрдүн үстүнөн кирип, жашынган жери, үңкүрдүн оозундагы сакчы отурган жери. Көңүл аксакалдын мал бакан үңкүрү жана Полот хандын өз ыктыяры менен колго түшүп берүүгө жергиликтүү калктын ызат – урмат менен узаткан жолдору кечмеликтери төмүндөгү сүрөттөрдө так тартылып, көрсѳтүлгѳн. Бул үңкүр, азыр дагы «Полот хандын үңкүрү» деп аталат. Кызыл-Суу элинде Полот хандын адилеттүүлүгү, өзүнүн кара жанын сактоо үчүн качпагандыгы, бийик деңгээлдеги адамгерчилигин – ушул күндөрдө дагы унутушпай, эскеришет. Жогорудагы келтирилген, эл оозунан жыйналган айныгыс чындыктар, жергиликтүү элдердин оозеки айтымдарынан, тарыхый маалыматтардан жана тастыктаган чындыктын негизинде билген, кѳргѳндѳрдүн айтуусунда тартылып алынган сүрѳт баяндамалар. Полот хандын тарыхына тактоо киргизүү катары, кийинки тарых изилдөөчүлөр бул маалыматтарды жеринен изилдеп, тарыхка тактык киргизет деген ойдомун. Бул маалыматтар: 60 жаштагы Капаров Сайпилла, 55 жаштагы Такыров Турарбек, 80 жаштагы Исманалиев Мамасадыктардын ѳз ооздорунан жазылып алынды. Булар, Кара-Суу районунун, Кызыл-Суу айылынын тургундары. Аталары: Маматов Капар, Көңүл уулу Исманали, Такыров Токтосундардан 20-кылымдын, 1980-жылдарында угушкандыгын жана тастыкталып айтылып келгени тарыхый чындык. Мындан тышкары, көптөгөн Кызыл-Суу айылдарынын тургундарынын маалыматтары арбын экени анык.

Полот хан баяны

Айтылган уламышты эл оозунда,

Кагазга түшүрөмүн азын- оолак.

Кеп козгоп Полот хандын үңкүрүнөн,

Өткөндөн кабар берем калем кармап.

Эрендер Полот хандай нечен өткөн,

Эрдигин эл унутпай көп эскерээр.

Тарыхты аныктоого болот күбө,

«Полот хандын үңкүрү» аталган жер.

Полот хан качып чыккан хан ордодон,

Чыдабай орустардын кысымынан.

Дайындап Абдылдабек Эшимбекке,

Үңкүргө Кызыл –Сууда жашырынган.

Шимшилеп тыёчылары орустардын,

Аскери Кызыл-Сууга чейин барды.

Бийлерин Кызыл –Суунун жыйнап алып,

«Искакты бергиле!» деп жарлык салды.

Көңүлдүн – «Эшимбек-мүмкүн билет,»

Деген сөзү Коконго дароо жетип.

Аскер тобун жөнөтүп, куралданган

«Чапкыла Кызыл-Суунун элин!» деди.

Эшимбек Полот ханга кеңеш айтат,

«Качыңыз жер оодарып башка жакка» .

«Качпайм» дейт, Искак «анда кимге убалы ?

Орустар эртең элди кырып салса?»

«Мен элге, досторума ыраазымын,

Элиң тынч калсын батыр Эшимбегим!

Эртеге өзүм барып колго түшөм,

Эл үчүн мен ушундай ойго келдим».

Кечмеликтен кызыл кымкап кийим менен,

Дайраны кечип өтүп, аттуу берен.

Колго түшүп, «бул элде айып жок» деп,

Куугунчулар сарпоочтоп алып кеткен.

«Полот хандын« үңкүрү» үңкүр аты,

Не үчүн, эмнеликтен бул атты алды?

Азыр да, кийин дагы айта бермек,

Унутпастан урпактар уламышты.

Эсимде балалыгым, узун түндө,

Чоң энем Макмал, Селки эжем экөө.

Үңкүрүн Полот хандын айтышчу эле,

Атасы Эшимбектей эр жөнүндө.

Капаров Байыш. Кызыл –Суу айылы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги

Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь