Добавить статью
14:30 8 Июня 2016

Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги

Филология илимдеринин доктору, профессор Үсѳнбек Асаналиев жана Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Балбай Алагушев: «Муратаалы Күрѳңкеев сага жакын тууганың, саруу уруусунан» дешкенине, ичимден саруу болсо болгондур деп койгом. 2009-жылы Ысык-Кѳлгѳ Бердике баатырды иликтеп, изилдеп барганымда, Муратаалы Күрѳңкеев жѳнүндѳ Саруу айылынын тургуну – Кыргыз медицинасына эмгек сиңирген дарыгери, санжырачы Киров-Жээналы Султанов: «Бул жерде Бердике чоң атаңдын «хан» ордо конушунан башка, кадимки Муратаалынын атасы Күрѳңкѳй дегендин сазы бар, укканың барбы? Ал Бердикенин урпагынан болот» – деп, Киров-Жээналы ава Актеректеги Кыргоонун оозундагы кѳл жээкте Кошкулак, Биркулак деген жердеги Бердике баатырдын «хан» ордо конушун кѳргѳзгѳнү алып жѳнѳдү. Жолдо баратканда, «хан» ордонун бүтүндѳй тарых-таржымалын баяндап берип, «хан» ордо конушуна жеткенибизде – ал кишинин айткандарын бүтүндѳй кѳрмѳ тасмага жазып алып, Муратаалы Күрѳңкеев жѳнүндѳ дагы бир жолу келгенимде жазармын дегем. Анын себеби, бир нерсени иликтеп жүргѳндѳ экинчисин чаташтырбайын, убактым болсо кийинчирээк бир беткей тактап жазармын деп койгом. Кийин убакыт таппай жүрдүм.

Мындан эки жыл мурун, 2014-жылы Кѳлдүн Саруу айылына кайрылып келип, баягы калып кеткен ойлорду улантайын, Муратаалы Күрѳңкеевди иликтеп кѳрѳйүн, канчасы тѳгүн, канчасы чын болду экен дедим. Бул жолку келгенимде, Киров-Жээналы аванын каза болгонуна 4 жылга аяк басып калган. Айылдын тургандары: Орусбек Дуйшекеев, Жаштилек Шермалиев, Каныбек Капаловго жолугуп, Күрѳңкѳйдүн сазына чейин барып, алардын айткандарын билгендеринче жаздым.

Айтууларында: «Биз бала кезден эле Күрѳңкѳйдүн сазы деген сѳздү укканыбыз бар, бирок тарыхын даана-так айтып бере албасак да, болжолдуу айтабыз» дешти. Орусбек карыянын айтуусунда, «Бир кезде «хандын» уулу катары ал жерге ѳзүнѳн башка эч ким ээлик кылбаптыр. Отурган конушу, Күрѳңкѳйгѳ сазы деп аталат, убагында желе байлап, кымыз кылып, уй, койлорун жайып, жайлоого кеткенче отурчу, дегендерин бала кезде укчум. Эл жайлоого кеткен убакта, бул жерден жатакчылар кышкыга жетчү чѳп чабып алышчу, дешчи. Кайсы хандын баласы экенин биле албайт экем», деди.

«Биз билгенден бир гана Бердике-хан болгонун билебиз » деди Жаштилек, ал: «Хан» деп айтылганына караганда XVIII кылымдын орто ченинде, кыргыздар калмактан Кѳл кылаасын бошоткондо, кыргыздардан Бердике-хан гана жашаган бул аймакта. Күрѳңкѳйдүн сазы деген ошол убактан гана уламышты кулагым чалчу. Чынында бул жер, жазында, күзүндѳ малга ылайыктуу сонун жер, башкасын айта албайм» деди. Каныбек: «Илгери атактуу, колунда бар кишилердин балдары гана жерлерге такай отуруп жүргѳндүктѳн, ошолордун аттарынан аталып кала бергенде да. Менин укканым деле тигилер айткандай, бир билсе бизде жашы 80 ден ашып калган Күлүмкан деген эжебиз бар, ошодон да сураш керек экен» деди. Биз айылга жол тарттык, жолдо келатып Орусбек аксакалга: «Эсиңизге калган окуялардын эстеп кѳрѳңүзчү, балким дагы унутуп калган уламыштардан калып калбасын. Кийин бул жака келсем да, сиз менен бул боюнча башка сүйлѳшѳ албайм» дедим. Ал, «Билгеним ушул эле» деп, башка айталган жок.

Эртеси, Каныбек айткан эжеге биротоло жолуга кетейин деп, кайрылдым. Жолугуп таанышканыбызда: «Атым Күлүйпа, атамдын аты Ыса. Ѳзүм 1932-жылы туулгам, 1940-жылдары Бердикенин урпактары Таластан келгендери эсимде. Алардын сѳзүндѳ: «Бердике баатырдын урпактары Ысык-Кѳлдүн Саруу айылында жашап турат дегенинен, атайын Таластан келдик. Орун-очок алган жерибиз – Бешташтын оозу, силер макул болсоңор кѳчүрүп кетели, бир тууган болот экенбиз» дешкени эсимде. Сакалдары капакара, залкар кишилер экен, анда менин кичинекей бала кезим. Атамдын бир туугандары менен айыл аксакалдары келишти. «Меймандар келиптир» деп, атам бир куйруктуу чоң кара кой сойду. Үйдѳ аксакалдар чогулуп, ата-тегине байланышкан санжыралардан кеп салышып, таң атканча сүйлѳштү. Бир күндѳн кийин жолго чыгышты, үйдѳгүлѳр кучакташып узатыштканы эсимде калыптыр.

Кийинки жылы согуш башталып кетти, ал кишилер согушка кетип жок болгон чыгар. Башка ал сѳздү улап, айткандар деле болгон жок. Аларды кѳргѳндѳрдѳн эч кимиси деле калбады, мен ушунча жашка келгенче бул жѳнүндѳ ушул убакка чейин сенден башка бир жан сураган жок» деди.

Күлүйпа эженин айткан сѳздѳрүн бүтүндѳй жазып да, тартып да алдым. Күрѳңкѳйдү сазы жѳнүндѳ сураганымда, «Кудайга күнѳѳкѳр болбоюн, балким уккандырмын, бирок эсимде жок» деди. Каныбек экѳѳбүз эжега ыраазычылыгыбызды билдирип, кошотоштук. Ал күнү Бишкекти кѳздѳй жол тарттым.

Менин эсимде калганы: «Хандын тукуму болгондуктан Күрѳңкѳйдүн сазына башка ээлик кылгандар болгон эмес, кийин заман ѳзгѳргѳнү менен бул саздын аталышы ушу кезге чейин айтылып келатат» дегендери, ойумду уйгу-туйгу кылып жүрдү. Кызыкканым, Муратаалы Күрѳңкеевди аягына чыга иликтѳѳм керек экен деп, 2016-жылдын 11-апрелинде Эл аралык «Ч. Айтматов» атындагы сыйлыктын, «Ольга Мануйлува» атындагы дипломдун, «Жумабай Үмѳтов» атындашы сыйлыктардын ээси, «Маданияттын мыкты кызматкери» – скульптор Жолдошбек Бусурманкулов экѳѳбүз Чоң Кеминге жѳнѳп калдык.

Чоң Кеминдеги Каралдѳбѳ айылынын тургуну Саткынбек Тентимишевге жолуктук. Саткынбек мырза, менин Муратаалы Күрѳңкеевге кызыгып жүргѳнүмдү жакшы билчү, барганыбызда: «Иликтѳѳбүздү ѳзүнчѳ кагаз бетине түшүрүп жүргѳн Айткулов Муктар аксакалдан баштайлы» деди. Макул болдук. Муктар аксакалга жолукканыбызда, 1930-жылдары аталары «кулак» делип украинага айдалып, 1936-жылы ошол жакта туулуп, чоңоюп, кыргыз жергесине кийин келгендигин, чоң атасы Байтума Шабдан баатырдын курдашы болуп, 1903-жылы Меккеге ажылыка, андан ары Туркияга кошо барганын, Байтума Чоң Кеминдеги Аксай жайлоосу, кыштоолорду ээлеп турганынан кеп салып, Муратаалы Күрѳңкеев Кѳлдүн Сарыкамыш айылында туулуп, Чоң Кеминге кийинчирээк кѳчүп келгендиги жѳнүндѳ кабардар кылды.

Кошотошуп чыгарыбызда, «Ошол Кайыңды айылына Муратаалы Күрѳңкеевге бир кезде Искак Раззаков үй салдырып берген, барып үйүн кѳрсѳңѳр да болот» деди. М.Күрѳңкеевдин үйүн кѳрүүгѳ бардык, ал үйдү сүрѳткѳ тартып, жалгыз уулу Кайназардын малчылык кесип менен аракеттенген Мундузбек деген баласына жолугуп, аларды да сүрѳткѳ тартып алып, андан ары сапарыбызды уладык. Каралдѳбѳнүн тургуну Канат Абдылдаев аксакалдыкына барып, ал адамдын билгенинче айтырып, жазып алдым.

Кайыңды айылынын тоо беттеги М.Күрѳңкеевдин күмбѳзүн кѳздѳй жѳнѳдүк. Жеткенде, ал жерде түбѳлүк жаткан арбактарга алакан жайып куран багыштадык. Чынында, күмбѳз каралбай калган, шыбактары урап, жазуулары араң окулат, тосулган темирлер ѳз ордунан ажырап калган.

Катуу жааган жаандан чѳптүн үстү шүүдүрүм болуп калгандыктан, баткак аралашкан кара топуракка тайгаланып, ылдый түштүк. Саткынбек мырза: «Бул жерде саруу туугандырыңыз жашайт» деп калды. Мен: «Ошолорго жолуктур, мынча келгенден кийин тааныбасам да учураша кетейин» дедим.

Саткынбек бизди Батырбек Жумагул уулунуку алып барды. Анын үй-бүлѳсү менен таанышып, чай ичип, бир аз баарлашкандан кийин ал жерден чыгып Нурдин Ысмайыл уулунукуна жѳнѳдүк. Нѳшѳрлѳгѳн жаздын катуу жааны кѳз ачырбай кѳнѳктѳйт. Нурдиндин үйүнѳ келгенче жолдун кара баткагынан машина жүрѳ албай, бирде жолдун ары жагына, бирде бери жагына чыга тайгаланат. Кудай жалгап биз барганыбызда Нурдин мырза үйүндѳ экен, атайын келгенден кийин алгылыктуу, дайындуу бир нерсе жазып алсам болот эле деп бушайманмын. Нурдин менен биз кѳпкѳ баарлаштык, Нурдиндин чоң атасы Токомбай убагында санжырачы, билимдүү киши болгон экен. Кол жазмаларын топтогон атасы, китеп кылып чыгарам деп жүрүп, кайран киши тилегине жетпей бул дүйнѳ менен кош айтышкан экен.

Атасынын кол жазма эмгектерин бүтүндѳй топтоп, «Кѳк Ойроктой кѳркѳм жер барбы» деп, Каралдѳбѳ, Кайыңды айылынын санжырасын 2006-жылы, кѳлѳмү 9,5 басма табак кылып 100 нускада китеп кылып «Учкун» басмасынан чыгарыптыр. Китепти кѳрүп, Нурдин мырзадан: «Атаңыздын кол жазмаларын кѳрсѳм болобу?» дедим. Сары майдай сандыкта сакталган ар кайсы папкадагы кол жазмаларын алып чыгып, кѳргѳздү. Ысмайыл Токомбай уулунун Каралдѳбѳ айылындагы Дайырбектин балдары: Ынжы, Ыбыке, Жакам, Мадыган, Сеңкилтайдын тукумдары түзѳрүн, калган: Кыйык, Акушак, Эшим, Манделердин уруктарын да жазган кол жазмалары менен тааныштым. Ысмайыл Токомбай уулу – Белек Солтоноев, Насирдин Бѳѳмбай уулунун санжыларынан чогулткадарына шилтеме келтиргендерине кѳзүм урунду. Ысмайыл учурунда топтоп жазып жүргѳн кол жазмаларында мындай деген жери бар экен: «ошо кездеги улгайып калган – 70-79 жашка келген аксакалдар, 2-3 атадан ары билбейт» деп, улуттук санжыранын жоголуп бараткандыгына кейиптир. Андан ары улай окудум, андагы бир кезде ата-бабаларыбыз, бир нече кылым мурда Үрүмчү шаарынын жанындагы Борохоро тоосунун Эренкабыр деген жерге калмактарга колго түшүп барышканын жана кантип келишкендиги жѳнүндѳ баяндап, эмне себептен «беш калмакы» аталгындары жѳнүндѳ жазгандарына тааныш болдум.

Кѳңүл бурганым, Муратаалы Күрѳңкеев жѳнүндѳ жазылган кол жазмалар болду. Мен, «Алакчын – Бердике берен санжырасы» деген 2013-жылы «Гүлчынар» басмаканасынан чыккан китебимдин 56-58 -беттериндеги Таластын Атай айылынын тургуну, санжырачы Турарбек Чучуевдин санжырасы менен Ысмайыл Токомбай уулунун санжырасында эгиз козудай окшоштуктар бар экенине жана Муратаалынын Күрѳңкеевдин түпкү теги Бердике баатырдын урпагынан экенине нак кѳзүм жетти. Кыргыз санжыларында, ата-бабалардын дайыны, уругу, уруусу – мурдагы жана кийинки жерлерге кандайча ооп келгени, анын тарых-таралышы жѳнүнѳ баяндарында бир аз айрыма болгону менен түпкүлүгү окшош.

Ысмайыл Токомбай уулу санжырасында, Бердике баатырдын Жаныбек деген уулунун урпактары кандайча Чоң Кемин жерине келип туруп калышы жѳнүндѳ баяндайт. Анда: Таласта Жаныбек, Жаныбек болуп турган убакта, башка бир уруудан чыккан мыктынын кайындап койгон жеринен колуктусун тартып алат. Арадан бир топ жыл өтсө да, тиги уруунун мыктыларында ичинде кек калат. Жаныбек каза болгондон кийин, аялынын боюнда калып, ал эркек бала төрөп – атын Белек коёт. Кектүү уруу Жаныбектин аялына кек кѳрсѳткѳндѳн улам таарынып, акыры кудасы сарбагыш Ормон-хандын айылына кѳчүп кетишет. Ормондун убагында, Белек ѳнѳрлүү болуп чоңоюп – керней, сурнайчы болуп жакшы турат. Белектен Күрөңкөй туулат. Күрөңкөй ѳнѳрлүү чыгып, Сарыкамыштагы тастар уруусундагы Жабагы дегендин жылкычысы болот. Күрѳңкѳй басса-турса колунан комузун түшүрбѳй, комузчу болуп үй-бүлѳсүн баккан. Ал узун бойлуу, сары киши экен. Анын «Санаты сан чымчык, анын ичинде сары таман, сары барпынын отузу кошулуп сайрашкандагы күүлѳрү» деп, кол ойнотуп черткен. Чоң атасы Жаныбек баатыр аңчылыкты жакшы кѳргѳн комузчу болгон экен. Күрѳңкѳй Сарыкамышта турганда Муратаалы туулат. Муратаалы 10 жашка чыкканда комузга шыктуулугу байкалат. Атасы Күрѳңкѳй: «Күү чертип, эл бийлесем мен бийлейт элем. Комузду кой, ташта, мечиттен оку!» дегенине Муратаалы кѳнбѳй, атасынын жолун улап жылкы багат. Ош кезде айылында бир кедейдин Сабыркүл деген кызына Гүлайым деп ат коюп алып, ырдап жүрѳт:

«Жылкыда жүрүп какшадым,

Жылдызын санап асмандын.

Жылып барып сүйлѳшсѳ,

Жыргалы жакшы жаш жандын.

Адырга чыккан Гүлкайыр,

Айдаса шамал жел жүрүп,

Агылат гүлү ансайын.

Азаптуу малдын жогунан,

Арман кылам күн сайын.

Бириң жарды, бириң бай,

Жараткандын кылганын.

Ѳзүнүн сүйгѳн теңине,

Кошулган жакшы Гүлайым.

Теңирим сүйүп баш кошсок,

Арманым жок Гүлайым, деп ырдап жүрчү экен.

Күндѳрдүн биринде Сабыркүлдү башка айылдан бир бай куда түшүп, баласына алып бермек болот. Алиги бай Муратаалынын ырын угуп, боору ооруп, калымга деген малын кайтартып, Сабыркүлдү Муратаалыга алып берет. Муратаалыны багы ачылганы менен, Сабыркүлдүн тѳрѳгѳн балдары токтобойт. Ошондо Сабыркүл: «Мукеме кудай баланы берип атат, кайра койбой алып атат. Асылым, мен деп жүрүп туяксыз ѳтүп кетесиң го, аял алып берейин» дейт. Кийин аялы Айканыш кош аты Токтобай дегенге сүйлѳшѳт. Токтобай Желаргыда турган абыла – Бошкой жиндинин кызы экен. Кыз ѳңдүү, түстүү, сындуу болот. Бир тойдо Муратаалы тамаша чегип, 300 жандык байланат. Ошол малдарды Бошкойго калың катары ѳткѳрѳт. Бирок, Бошкой салык сала берип кызын бербейт, ошондо Муратаалы бир күнү күйѳѳ жолдошун ээрчитип келип, колуктуусуна сүйлѳшүп, макулдугун алып, ала качып жѳнѳйт.

Боом капчыгайында Кѳлкамыш деген жерге келип, аттарын откоруп жатканда, Бошкойдун кыйкырып келе жатканын кѳрүп, Муратаалы колуктуусун жетелеп тоого чыга качат. Бошкой жинди, күйѳѳ баласын «энеңди...» деп боктоп, үч атты жетелеп жолуна түшѳт. Алардан кутулган үчѳѳ ойго түшүп турганда, жаш колукту Муратаалыга жулунуп, урушат: «Баяле кете берели десе болбой, сенин эле кылганың!» дейт Муратаалы колуктуусуна: «Оргу-баргы экениңди билгенмин» дейт. Бекетке барышып араба алып жѳнѳѳѳрдѳ, Муратаалы:

«Алган жарым Айканыш,

Алдырган жерим Кѳлкамыш.

Атым жок, жѳѳ кете албай,

Айылыма калды бир намыс» деп ырдайт. Биринчи аялы Сабыркүл кийин каза болот. Алган аялы Токтобай анчейин болбой, тѳрѳгѳн балдарыда мааниси жок болуп калат. Бирок Муратаалы ѳзү залкар комузчу болуп чыга келет. Ага тең келген комузчу болбогон, ал 750 дѳн ашык күүнү черткен, ырдагандарынан: «Эр Табылды», «Заркум», «Зал-зал» «Алпамыш», «Муңлук – Зарлык» жана дагы кѳптѳгѳндѳрдү жатка айткан. Черткен күүлѳрүнѳн: «Манас», «Айчүрѳк», «Алтын кыз», «Кѳкүл», «Анар» операларына пайдаланылган. 1939-жылы Москвада «Кер ѳзѳндү» кыл кыякка салып ойногондо, кѳргѳндѳр таңданган.

М. Күрѳңкеевдин ѳнѳрүнүн башталышы: Чоң атасы Белек кернейчи болсо, атасы Күрөңкөй залкар комузчу болот, Жаныбек чоң атасы да комуз черткен киши болгон экен. Муратаалынын комузга болгон ышкысы эрте башталып, 15-16 жашка чыкканда бир ашта Чынгышбай деген комузчу менен күү чертишип, комузчу катары таанылат. Кыл кыякта ойногонду Байчын, Олжобай деген кыл кыякчылардан үйрѳнүп, 18 жашынан тарта кыл кыякта ойноо менен катар, чоор тартканды ѳздѳштүрѳт.

Бугунун арык тукумунан Кыдыр аке той берип, тойду Чүрүмдүн Карачысы башкарат. Тойдо – бугу, саяк болуп экиге бѳлүнүп, тамаша башталып, саяктар комузга Күрѳңкѳйдү, бугулар Чыңгыз комузчуну алып чыгып, чертиштирет. «Күрѳңкѳй жеңилди» деп, эл этектен тарта берип, Күрѳңкѳйдүн тону айрылып, четке чыгып калат. Саяктан, Кангелди, Максүт деген мыкты жигиттер: «Атаң жеңилип калды, сен жетилип калдың, жүр!» дешип, Муратаалыны алып келишет. Муратаалы: «Атамды жеңген сенсиң го!» деп, Чыңгыз - сокурдун тизесин баса отурат. Чыңгыз: «Ары отур кан кускур!» дейт. Карач келип: «Күү чертиш!» дейт. Муратаалы Карачка карап: «Чертишейин десем, мобу сокур киши тилдеп атат!» дейт. Чыңгыз: «Тигини, бир айылды жеке бийлеген неме кѳрүнѳт. Бир күү чертип берейин, үйүн же Чүйүн таппай калсын» дейт. Чыңгыз «Ботойду» чертип комузду сунат. Муратаалы бир кѳзүн жуумуп, Чыңгызды туурап чертет, эл күлѳт, Чыңгыз ыза болот. Муратаалы «Ботойду» чертип бүтүп, аягына «Күрѳңкѳйдүн ботойунун» кайруусун кошуп чертип киргенде, Чыңгыз: «Күрѳңкѳйдүн ботойунун» кайруусун кошуп кетти!» деп кыйкырат. Карач: «Тогузуң тогуз ботойду кошуп черткениңерди бирѳѳ кой дедиби!!!» деп, Чыңгызды айдап чыгат. Муратаалыга биринчи жолу башына бак конуп, олжолу кайтат.

1907-жылы атасы Күрѳңкѳй каза болот. 1916-жылы кѳп кыргыз Кытайга ооганда, Муратаалы да Кытайга кошо барат. Кайтып келгенде, Тоңдо кыдык уруусунан чыккан бугу Ызагалынын айылында туруп калат. Ошол убакта Кѳлдү Чыныбай бийлеп, топко чакырганда, Ызагылы менен келип Чекир деген байдыкына түштѳнүшѳт. Эл Муратаалыга «Кѳлкамышты» айтырышат. Тыштан келаткандар, «Бул ырдаган ким?» дешет. Чекир дегендин келини, ѳңдүү болгону менен дѳгѳрсүгѳн неме экен, кѳп сѳздү дѳгүрсүѳнүнѳн, Муратаалы «качкын абышка» дегенин угуп калып, ырына кошуп:

«Тукабанын түрүндѳй,

Жашылданган кайран кѳл.

Түйшѳлсѳм эстен кетпеген,

Киндик кесип, кир жууган,

Туулуп ѳскѳн кайран жер.

Түрмѳктѳлүп күпүлдѳп,

Четине келип шарп этсе,

Майда чабак үйүлгѳн.

Айры куйрук кулаалы,

Жем чыкты деп сүйүнгѳн.

Шамал болуп басылса,

Жайдын күнкү чилдедей,

Мелмилдеген кайран кѳл.

Ѳрдѳк менен ак куусу,

Кѳл үстүндѳ үйүлгѳн.

Берекеси бетинде,

Айланайын алтын кѳл.

Ошол жерди тѳрдѳгѳн,

Калың саяк, тастар эл.

Какам ич деп чыгат го,

Кадырлаш ѳскѳн теңтушту.

Кайрылып барып бир кѳрсѳм,

Ар жагы анын Чоң Кемин.

Башы Челек, Кѳк ойрок,

Тѳрт тарабы тең келген.

Жер соорусу жарыктык,

Калмаакы, жантай калың эл.

Катар чыкты жайлашып,

Ар кимис бир желе,

Каратып бээ байлашкан,

Кары менен жаштары.

Кыдырата отуруп,

Кызылдан кылган чаначка,

Кымыздарын чайкашып.

Кыз-келиндер чогулуп,

Кѳнѳктѳп сүтүн ташышып.

Кѳркѳмдѳп кылган сабага,

Ак үйдүн капшыты турчу солк этип.

Кары-жашы бѳлүнүп,

Тайдан союп шерине жеп,

Жатышчу эле жыргашып.

Ошондо калк эрмеги Муракең,

Кайрылып келип кетсе деп,

Кат жибертип чакыртып.

Ааламдын иши болбосо,

Ызагалы ой мырза,

Калкыңа келбейт элем жамынып.

Мынабу кара түйрүк канчыкты,

Каалайт окшойт тѳрт жигит.

Ошолорго эсирип турбайбы,

Мени качкын деп.

Сай сѳѳгүм какшатып!» деп ырдайт.

Ошондо Муратаалынын таарынчына, Ызагалы Чекирден тартуу алып берет.

«Алдына табак эт койсоң,

Кесип жейт да туурап жейт.

Аягында бир алып,

Этти бузган бирѳѳ бар.

Жаза сүйлѳп айта албай,

Кепти бузган бирѳѳ бар.

Жаштык кылып жүрѳ албай,

Жакшылап ойноп күлѳ албай,

Баягыны бузган бирѳѳ бар.

Арамдык менен байым деп,

Ач бѳрүдѳй жулкунат.

Аңы качкан уурулар,

Адам акысын кѳп жеген,

Алдым, жуттум зулум бар.

Ак караны текшерчи,

Алла-таала кудай бар» деп, ырдайт.

Анын себеби, бугудан чыккан Байказы бирѳѳнүн алам деген кызын тартып алат. Кызга кайындагандар түптүү эл экен, Байказыны чаап, дагы 100 жылкы айып салат. 100 жылкыдан куткарар бекен деп, Байказы Шабданга келет. Ошондо Муратаалы Шабдандыкында экен, Шабдан Муратаалыга: «Күү черт» дейт. Муратаалы салмактуу бир күүнү чертет. Шабдан: «Алдагы сынган бугунун күүсү эмеспи?» дейт. Муратаалы Шабдандын суроосуна: «Байказынын Камбарканы – «Сынган бугу» деген күү» деп жооп берет.

Муратаалы ѳзүнүн ырларынын биринде, алган аялы Айканышка (Токтобай) карата арнаган ырында:

«Узунга кыска жетпеди,

Үлгүсүз нуска бүтпѳйдү.

Адептүү болсо алганың,

Алдыңдан кыйып ѳтпѳйдү.

Аягы менен табагын,

Жаман катын сүртпѳйдү.

Ѳзүнѳн тууган баланы,

Ѳзѳккѳ тепсең кетпейди.

Кандуу калпак кессе да,

Түбү бирге түтпѳйдү.

Киндиги башка баланы,

Муңайсаң да бурулуп,

Башыңды сылап күтпѳйдү.

Жакшы катын белгиси,

Жарык болот маңдайы.

Кичи пейил уяттуу,

Жаш баладай сыягы.

Жаман катын белгиси,

Кайраты бар кѳзүндѳ.

Ызааты жок сѳзүндѳ.

Не болсо да тартынбайт,

Кыла турган кезинде.

Жакшы болсо катының,

Табылат күндѳ акылың.

Айткан сѳзүң ширелүү,

Алыста болсо жакының.

Жаман болсо катының,

Чачылат күндѳ акылың.

Чакырсаң да келбейт жакының,

Үйүңѳ сенин жакының.

* * *

Узун куйрук сагызган,

Кыска куйрук тогошкон.

Кандуу калпак кессе да,

Кыйышпады туушкан,

Душман менен туушкан» деп, 20-30 чыныны дабышын чыгарбай жайына алып койгон келин да бар. Аягын алам деп, тулгасына чалынып жыгылып, сынган идишти тилдеген келин да болот. Бир салган чайды, бир самоор сууга жеткирген аял да болот. Кызылын жеткирбей кожоюну кызыл чай сураса, «алган чайыңды мен ичип алдымбы» деп, алкылдаган аялда болот, деп Муратаалы сѳзгѳ уста, акылман, ойчул болгонуна таң бербешке болбойт...

Муратаалы черткен күүлѳр: Нукура көркөм өнөрдүн устаты катары, кыргыз күүлѳрүнүн атасы болгон Муратаалы, колуна кармап ойнобогон аспаптары болбогон, ал тургай – уста катары: комуз, кыл кыяк, чоор, сурнай, кернейлерди жасай билген улуу комузчу болгону жѳнүндѳ кол жазмадан башка дагы кошумча тактоо жүргүзгѳнүмдѳ, 20-кылымдын башынан тарта орто ченине чейин – орустун музыка изилдөөчүсү, профессор А.Затаевич, 1928-жылы Муратаалынын: «Төтөп шыңгырама”, “Айдананын ботою”, “Мендирман”, “Сары үңкүр”, “Күрөңкөйдүн терс кагыш”, “Биздин үндү уккула”, “Коңурата”, “Ураан” жана башка 50дөн ашык күүлѳрүн нотага түшүрүп, ага “Кыргыз музыкасынын эң көрүнүктүү өкүлү, таланттын, билимдин булагы жана кыргыз музыкалык маданиятынын казынасы” деп баа бериптир. Черткен күүлѳрү: “Камбаркан”, “Муратаалынын кыз кербези”, “Муратаалынын ботою”, “Кыз кербез”, “Кичинекей шыңгырама”, “Табылдынын күүсү”, “Тулпардын күүсү”, Кыл кыякта: “Кер өзөн”, “Кош кайруу”, “Байге”, “Ат кетти”, “Ак токту”, “Түнкү күзөт”, “Кечки жайлоодо”, “Олжо”, “Сатыке” аттуу ж.б. күүлөрүн укмуштуудай чертип, казактын күүлѳрүнѳн: “Кенендин обону”, “Сүйүнбайдын обону”, “Майкөттүн кара күүсү”, “Майрык Кожонун обону” деген обон, күүлөрдү черткен.

Кайрадан кол жазмага кайрылайын. «Камбаркан», «Тѳтѳп» шыңгырама, «Караѳзгѳй», «Кѳкѳй кести», «Сынган бугу», «Күрѳңкѳйдүн кѳк сандал» жѳнүндѳ Муратаалынын ѳзүнүн айтуунда жазып алышкан кол жазмадан:

Камбар деген кан ууга чыгып, бир түп карагайдын түбүнѳ уктап кетип, ойгонсо, кулагына бир добуш угулат. Ордунан туруп, алыстаса угулбайт, кайра жакындап ордуна келсе алиги добуш даана угулат. Таң калат. Таң атканда караса, карагайдын башы сынып, ийилип, арчага илинген болот. Бир маймыл секирип ѳтѳм деп, карды жарылып, ичегиси чубалып кургаган экен. Керилген ичеги жел менен дирилдеп, үн чыгып жаткан болот. Ошол сынган карагайдын башын үйүнѳ алдырып келип, бир кыл кийин үч кыл болуп, комузга тагылып, кыргыздын элдик аспабына айланат.

«Тѳтѳп» шыңгырама: Илгери бир кедей бала бир кызды жактырып калып, сүйлѳшүп жүрѳт. Тѳлѳйүн десе малы жок, башка бир бай куда түшүп уулуна колуктуукка алып бермей болот. Бала, досунун кунаажынына кызды мингизип, кѳлдѳн качып Челекти ашып, Иленин жээгине келип токтойт. Үңкүрдѳн үй жасап жашап, мергенчилик кылып соодогерлерден керектүү буюм алып, кѳп жыл жашап үч кыздуу болушат. Үч кыздын апасынын аты Тѳтѳп экен. Кыздар ооз комуз какканды апасынан үйрѳнѳт, бир күнү кыздардын энеси кабыргасынан кагынган оорудан айыга албай каза болот. Үч кызы ыйлап энеси Тѳтѳпкѳ ооз комузга кошуп күү чыгарышкан экен.

«Караѳзгѳй» деген күүнү Сейилкан черткен экен. Атасы Ормон ѳлгѳндѳ, «атам караѳзгѳй киши экен» деп, күү чыгарат, «Караѳзгѳйдү» Күрѳңкѳй үйрѳнүп алат. Күрѳңкѳй Сейилкандыкында жүргѳн кезинде, Сейилкан бугу Ѳмүрзактын кызын алган. Сейилкан аялына: «Атама арнаган күүмѳ сен эмне кошосуң?» десе, аялы: «Атаңыз бир табак олпоң алган экен, башка атаңдын эчтекеси жок, эмнесин айтам» дейт. Сейилкан аялын комузу менен чаап жибере жаздап, «Ак койду алса алсын, мейли ак үйдү алса алсын, күүм эле болбойбу» деп кесир сүйлѳчү экен. Кийин кудай сурап жүрүп ѳлгѳндѳ, сѳѳгүн Шабдан койдурган дейт. Сейилкандын 8 аялынан 32 уулу болгон экен.

«Кѳкѳй кести». Кѳл жээгинде кедей Капал деген жигит болуптур. Ѳзүнѳ окшогон бир кедейдин кызына ашык болуп калат. Кыз ѳтѳ сулуу болгондуктан, сулуулугуна кызыгып кызды бирѳѳ алмак болот. Капалды жалган жалаа менен бай, болуштар кытайлык казактарга айдатып жиберет. Капал ыза болуп «Кѳкѳй кести» деген чыгарат.

«Сынган бугу». Муратаалыдан күүнүн тарыхын сураганда: «Кѳл тарапта бир кишинин үч кызынын, кичүүсү Шааркан – бугу тебетей, кундуз тебетей, ак калпак, сайма сайган, шырдак ойгон атагы чыккан жез оймок болот. Шаарканга Жетиѳгүздүк бирѳѳ куда түшѳт. Балбай баатырдын бир иниси Матайдын уулу Байказы комузчу сүйлѳшүп жүргѳн болот. Шааркандын тою болуп, күйѳѳгѳ бергени жатканда, Шааркан Байказы менен качып кетет. Бул окуя чоң чатака айланып, Байказыны тууган-уруктары айыпка жыгылып, кыздын калыңын тѳлѳп беришет. Байказы менен Шааркан эркек балалуу болушуп, баланын атын Сейит коюшат. Шааркан ѳпкѳсүнѳн кагынып, каза болот. Ошондо Байказы: «Кайындуу кызды салты бузуп ала качып алып, кѳп калың айып тарттым, кѳп узабай жубайым каза болуп чоң сындым деп, күү чыгарып, атын «Сындым» деп атап чертип жүргѳнѳн Муратаалы үйрѳнүп алып, ийинине чыгара чертип «Сынган бугунун күүсү эмеспи», деп элге жайылта «Сынган бугу» атантат

Муратаалы Күрѳңкеев Кѳлдүк бугу Алдаярдын Стамбек дегендин кызы Бурулчанын үйүнѳ келип конуп калат. Бурулча Нурдѳѳлѳт дегенге күйѳѳгѳ чыккан экен. Ошондо, бир кара бала келип отко жылынып, кайра чыгып кетет. Бурулча: «Муке, биздин таптап жүргѳн кунаныбыз, черткен күүлѳрүн угуп, сындап бериңиз!» дейт. Аңгыча эл чогулуп, алиги кара бала комуз черте баштайт. Муратаалы, «Күүңдүн аты эмне?» дейт, «Казак Камбарканы» дейт кара бала. Муратаалы баланын күүсүн биринчи эле укканда дал ѳзүндѳй чертип: «Аягында суусун тергенин таштап кеттиң, дурус чертип калыпсың. Бул солто «Сокбилектин Камбарканы» эле, акем чертчү. Эски күү деп карабай калдым эле» дейт. Ошол кара бала Кара Молдо болот. Бурулча: «Мукеме айла жок, шыңгырамасы эле тогуз, ээрчип жүрүп күүлѳрүн алып кал» дейт. Ошодон кийин, Кара Молдо Муратаалыны ээрчип жүрүп далай күүлѳрүн үйрѳнүп, кийин элге жайылтат.

Бурулча жѳнүндѳ бир эки ооз сѳз, Бурулча селкинчек салып, кыз-келиндерди топтоп оюн-тамаша уюштуруп жүргѳнүн кѳргѳн айылдыктар, Бурулчанын болуш болуп жүргѳн Чолпонбай деген баласына: «Бул энеңди кой дебейсиңби? Кайсы аял киши шарактап жаштар менен селкинчек салып алып тепсин!» дегенде, баласы энесине келип: «Апа, селкинчек тепкенди койбойсузбу, уятко» дегенде, энеси: «Балам, сенин атаң жоош киши болучу, сени мен тѳрѳдүм, мен болбосом сен кайдан тѳрѳлүп, бирѳѳлѳрдүн сѳзүнѳ кирип, мага бул сѳздү айтмак эмессиң!» дегенде, баласы айткан сѳзүнѳ уялып, башка үн каткан эмес экен. «Бурулчанын селкинчек, андай теппей мындай теп» деген сѳз, элде селкинчек тепкенден лакап катары айтылып калганы ошондон.

Ѳзүнүн айтуусунда күүлѳрүнүнѳн «Күрѳңкѳйдүн кѳк сандал». Кѳк сандал деген күлүгүмдү байлар тартып кеткенде, ошого арман кылып, «Кѳк сандал» деген күүнү чыгаргам».

«Кыл кыякка салып тарткан күүлѳрүм: Байтиктин ашына катышып, Байтиктин тирүү кезинде минип жүргѳн Кер кашка аты «аш байгеден» чыгып келет. Аштан барып, кыл кыякка салып «Ат кетти» деп күү чыгардым».

«Кер ѳзѳн» 1917-жылы Кыргыз эли Кытайдан келгенде, ѳзгѳчѳ Чүйдѳ кѳп эл кудай сурап, ачкадан кырылат. Кер Ѳзүн Чүй ушундай күндү кѳрмѳк белең деп, кѳк жонго отуруп алып, Чүйдү карап зарлап, «Кер ѳзѳн» деген күүсүн кыл кыякка салгам».

«Ак токту» күүнү, бир кедейдин жалгыз ак токтосун карышкыр жеп кетип: «Атаны кокуй ак тоту, ак токтуну жеп кетти» деп, кыякта тарткам» айткандарын баарын Ысмайыл Токтобай уулу кагаз бетине түшүрүп койгон экен.

М.Күрѳңкеевдин туулган жери тууралуу эки ача айтылган ойлор да жок эмес. Биринде, 1860-жылы Чоң Кеминде жарык дүйнѳгѳ келген десе, Айткулов Муктардын айтканында: «Туулган жери Ысык-Кѳлдүн Сарыкамышында Күрѳңкѳй жашап турганда тѳрѳлгѳн» дейт. Ысык-Кѳлдѳ тѳрѳлгѳн дегени чындык, Чоң Кеминде дегени, Совет доорунда ылайыктап документ үчүн жазып койгону байкалып турат.

Атасы Күрөңкөй чоң комузчу, кыл кыякчы катары, комузда чебер ойноп, комузчулардын атаандаша чертишкен көп мелдештеринде, астына эч бир комузчуну чыгарбаган. Баласы Муратаалы 16 жашар кезинде, бир чоң ашта сырттан келген кайсыл бир чоң комузчу менен чертише кетип, утуп алып, ошол окуядан кийин аты чыгып, элге белгилүү боло баштайт. Үркүндө (1916 ж.) эл менен бирге Кытай жергесие да барып келет.

1917-жылы, Октябрь революциясынан кийин филормонияга артистикке кирип, ал жерде пенсияга чыкканча иштеп, ѳзүнүн 80 ден ашык чыгармаларын жаратат. Пенсияда жүргөн кезинде, Искак Разаков айылга үй салдырып берейин десе: «Элден бөлүнүп ак сарайда жашамак белем, андан көрө Кайыңды менен Тегирментинин ортосундагы чоң сууга көпүрө салдырып берсин. Кышында эптеп муз үстүнѳн жѳѳсү жѳѳ, атчаны атчан ѳтүп жүрүшѳт.Бала чака ѳтүп баратса, кокус муз жарылса эмне болот, элестет. Ал эми суу киргендеги суу сүрүн ойлогула, ойнок балдар кѳпүрѳдѳн кантип ѳтѳ? Мага ѳкмѳт үй кургандан кѳрѳ эл, журтка жаңы кѳпүрѳ куруп берсин! Ушул ѳтѳнүчүмдү Искак Разаковго айта баргыла!» деп, келгендерге салам жолдойт. Ошондо Искак Разаков уккан сѳзүнѳ ишенбей: «Аттиң! Эгерде бу улуу музыканттай ѳз кѳмѳчүбүзгѳ күл тартпай, эл-журттун, балдардын келечегин о йлосок, эбак турмушубуз оңолмок. Неге арабызда мындай асыл адамдар аз!» деп, Муратаалы Күрѳңкеевдин ѳтүнүчүн аткарып көпүрө салдыртат, ошол кѳпүрѳ «Муратаалынын кѳпүрѳсү» делип ушу күнгѳ чейин айтылат. Кийин, М.Күрѳңкеевге "Кыргыз ССРинин эл артисти" наамын алганда, ѳкмѳт башчылары мамлекет астында анын кѳп жылдык талыкпаган эмгегин эске алып, Кайыңды айылына атайын М. Күрѳңкеевге чоң там салдырып берет.

Айткул уулу Муктар аксакалдын айтып бергенинен кийрип коюну туура кѳрдүм, «Муратаалынын Кайназар деген жалгыз эркеги бала кезинен ѳзүн тартып жакыш комузчу болгон кезде, ѳз баласына – ѳзүнүн кѳзү тийип, баласы Кайназар оорукчан болуп калган» дейт.

Кол жазмага кайра кайрылалы: Муратаалы Күрѳңкеевдин санжыра тегине келгенде, түп атасы: Бердике баатыр, андан – Жаныбек баатыр, андан – Белек, Белектен – Күрөңкөй, Күрөңкөйдөн – Муратаалы, Осмонаалы. Муратаалыдан – Кайназар, Кайназардан – Мундузбек азыр бар. Муратаалыдан багып алган жээндери: Толтой, Медет. Толтойдон – Асанкан, Эсенкан. Медеттен – Рашид, Шамил. Рашидден – Иманбек, Улукбек. Шамилден – Кайырбек, Кубанычбек. Осмонаалыдан – Таштанбек. Баясбектен – Төлөмүш. Төлөмүштөн – Асанбек. Асанбектен – Тилек. Толтой Мураталиев да таятасын тартып «Кыргыз эл артисти» наамына жеткен ѳнѳрлүү адамдардын бири болот.

М.Күрѳңкеев эл оозунда калган ырларды тандап ырдаган ырларынын биринде:

«Атам бар деп кубанба,

Адам саны жок болсо.

Балам бар деп кубанба,

Карыганга жүк болсо.

Тууганым бар деп кубанба,

Сыйлашарга жок болс.

Жакшыны жатым дебе,

Жаманды ѳзүм дебе», дейт. Анткени, Муратаалы ырчы, комузчу, кыл кыякчы бардык элге бирдей, эл камын ойлогон, ѳз доорунда жашап – «жакшыны жатым дебе» дегендей адам экени, анын ырдаган ырларынан элдик киши экени байкалып турат.

М.Күрѳңкеевдин тегин изилдѳѳмдѳ бекер жерден убакытым текке кетпегени жана ага байланышкан тарыхый нускалуу ѳмүр баяны, эмгектери менен жыйынтыктагым келди: Залкар комузчу, мыкты кыл кыякчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор М.Күрѳңкеев жѳнүндѳ кандай сын айтып, мактасак жарашат. Ал, 1936-жылы П. Шубиндин жетекчилиги менен Кыргыз филармониясында «Эл аспаптар оркестри» уюштурулуп, ал оркестерде М. Күрѳңкеев 1945-жылга чейин кыл кыякта ойнойт. В.Фере Муратаалынын күүлөрүнүн негизинде "Муратаалыга" аттуу көлөмдүү сюитасын жазат. Муратаалы ѳткѳн кылымдагы, «байыркы күүлөрдүн жандуу энциклопедиясы» деп таанылат. Эли, жери жана кыргыз маданиятына жасаган эмгеги жогору бааланып, «Эмгек Кызыл Туу», «Ленин» ордендери менен сыйланып, «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген ардактуу наамдын ээси болот. Борбор шаарда, М.Күреңкеев атындагы музыкалык хореографиялык окуу жайына ысымы берилип, эстелиги орнотулуп, бир кѳчѳго анын ысмы берилет. Муратаалы 89 жашында, 1949-жылы 2-январда дүйнөдөн ѳтүп, сѳѳгү ѳзү жашаган айылы Кайыңдыга коюлат. Кыргызда бекер жерден сѳз калбаган, «аккан арыктан агат, чыккан жерден чыгат» деп, улуунун кѳчүн улагандан дагы деле улана берери – тарыхый чындык экенине ынандым..

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды

Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь