Добавить статью
15:38, 3 декабря 2020 971

Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Узак кылымдар бою көчмөнчүлүктүн шартында көчүп-конуп жашап келген кыргыз элинин мамлекети көп учурда конфедеративдик түзүлүштө болуп тургандыктан, аларда маанилүү саясий, экономикалык, социалдык ж.б. көйгөйлөр уруулук-жамааттык уюшуунун негизде чечилип келген. Ошондой эле ар кандай коомдук мамилелерди жөнгө салган ченемдер катары үрп-адаттардын ролу бийик болгон. Ошонун катарында коомдо жаңыдан турмуш жолуна аттанган жаш үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча да белгилүү бир салттуу ченемдер боло турган.

Мурунку замандагы салт боюнча, жаңы үйлөнгөн жигитке эң биринчи каржы жагынан колдоо көрсөтүүсү керек болгон адам – анын атасы болгон. Тагыраак айтканда, аталарда ар бир уулунун калыңын даярдоо жана өзүнүн мүлк-байлыгынан энчи (үлүш) бөлүп берүү камы жаткан. Кайсы бир атанын бир нече уулу болсо, уулдарынын үйлөнүүсүн камсыздап, үйлөнткөндөн кийин аларды өзүнчө үйгө бөлүү каадасы улуулата жүргөн. Ал мезгилдерде эркек балдар эр жетти деп эсептелинип, көбүнчө 13-15 жаштарында бөлүнүшкөн. Демек, кыргыздарда көбүнесе каржы маселелери мурастоо системасы менен чечилип турган.

Атасы мурас бөлүштүрүүдө өзүнүн болгон мүлкүн кенже уулунан башка уулдарына бөлүштүрүп берип, өзүнө бир бөлүгүн калтырган жана энчи бөлүштүрүлбөгөн кенже уулга атасынын көзү өткөндө атанын мүлкү мурасталган. Эгер энчи тийбеген кенже уулга эч кандай мүлк калбаса, анда анын улуу агалары аны үйлөндүрүүгө милдеттендирилген. Ошентип, жаш үй-бүлөлөргө баштапкы колдоо көрсөтүүнү күйөөнүн атасы болбосо, күйөөнүн агалары да ишке ашырышкан.

Кыргыздар менен казактардын көчмөнчүлүк замандагы турмуш-тиричилигин изилдеп жазып кеткен окумуштуу Н. И. Гродеков минтип жазат: «Кыргыздар мүлктү бөлүштүрүүдө, эгер бир эле уул болсо, мүлктү үчкө бөлүп, эки бөлүгүн ата менен энеге калтырышат. Эски үй атада калат да, балага жаңысын жасап берет. Эгер атанын баласынан башка бойдок иниси да болсо, анда алгач инисин үйлөнтүп-жайлантып, анан гана уулун үйдөн бөлүшөт. Эгер эки уулу болуп, кичүүсү менен жакшы мамиледе болсо, жогорудагыдай кылышат; эгер андай болбосо, анда атасы эки уулуна тең үчтөн бир бөлүктөн кем эмес берет, б. а. ар бирине 1/6. Үч уулу болсо, ата-эне аларга жарымын берет, б. а. 1/6. Негизинен оокаттануу үчүн канча керек болсо, ошончо беришет».

Көчмөнчүлүк заманда кыргыздар менен казактарда жаңы баш кошкон эки жаштын жашап кетүүлөрү үчүн тийиштүү колдоо көрсөтүүгө күйөөнүн атасы гана эмес, келиндин атасы да милдеттүү болгон. Муну жөнгө салган «төркүндөө» (төркүндөмөк, төркүндөмөй) каадасы жаш келиндердин өз атасынан материалдык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануусуна шарт түзгөн. Салт боюнча, күйөөгө чыккан кызы атасынын үйүнө төркүндөп барса, атасы ага бир жылкы же төө белек кылууга милдеттүү болгон. Атасы өлгөн болсо, муну ата үйүнүн мураскери аткарган. Ошондой эле, кызынан төрөлгөн уулга да, б. а. жээн үчүн да «жээндик берүү» каадасы болгон.

Жаш үй-бүлөлөргө келиндин төркүндөрү жактан болуучу жардамдар көбүнчө наристелерге шылтоо кылуу менен ишке ашкан, анткени мындай жол менен күйөө тараптын ар-намысына, абройуна жана мартабасына доо келтирбегенге аракеттенишкен. Келиндин балдары анын туугандары үчүн «жээн» аталып, ал эми жээн үчүн алар «тага», «таяке» деп аталып, таяке-жээн мамилеси «ыйыктыгы» менен баса белгиленген. Көп учурда жаңы төрөлгөн баланын чачын алган, кыркын чыгарган күнү же бешик тою болгон күнү таякеси бала үчүн баштан-аяк кийилүүчү кийимди даярдап энчилеген. Мындан тышкары, «энчилөө» адатына ылайык, таякеси жээнине «энчи» (белек) катары тай белек кылган. Кийинчерээк тайдын ордуна башка деле мал-жандык, акча же чоң белек берип калышты. Ошентип, келиндин туугандары да жаш үй-бүлөгө материалдык жардам берип, колдоо көрсөтө алышкан.

Кыргыз элинде жаш үй-бүлөнү колдоого өзгөчө көңүл бурулгандыктан, жаңы үйлөнгөндөргө «өкүл ата-эне» дайындоо адаты өнүгүп келген. Бул салттын маңызы боюнча, жаш түгөйлөр өздөрүнүн ата-энелерине, бири-бири үчүн кайын-ата жана кайын-эне болгон адамдарга айрым маселелерди ачык айта алышпагандыктан, алар өздөрү үчүн атайын дайындалган же өздөрү шайлап алган өкүл-ата жана өкүл-апа менен сырдашып туруулары керек болгон. Ал эми өкүл-ата менен өкүл-апа жаш үй-бүлөнүн өз ата-энелери сыяктуу эле мамиле кылып, аларга кыйын учурларда жардам берүүгө, кеп-кеңешин айтып турууга милдеттендирилген. Демек, өкүл ата-эне көбүнчө каржылоо жагын эмес, психологиялык консультация берүү, алардын чөйрөгө көнүп кетүүсүнө көз салып, алыстан коштоп жүрүү сыяктуу жоопкерчиликтерди өздөрүнүн моюндарына алышкан.

(К. Молдожунусовдун магистрдик диссертациясынан үзүндү. – Бишкек: БГУ, 2019)

Колдонулган адабияттар:

1. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/ Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. – Бишкек, 1999.

2. Н.И. Гродековъ. Киргизы и каракиргизы Сыръ-Дарьинской области. т. I. Юридическiй бытъ. – Ташкентъ, 1889

3. Орозалиев Э.С. Философия социальной работы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
302

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
3262

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
4681

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
7859

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
5262

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
18384

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
16502

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×