Добавить статью
15:50, 22 апреля 2021 629

Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланды. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Мындан эки кылым мурда эле жер астынан табылган тыйындардагы жазуулар аркылуу караханий хандарын изилдөө иши башталган. Айтсак, 1832-жылы Х.М.Френ, 1841-жылы М.К.Казем-Бек, 1861-жылы П.С.Савельев, 1863-65-жылдары В.В.Григорьев, 1873-жылы К. Риттер жана Г. Вамбери, 1881-жылы Б.А.Дорн, 1888-жылы В.Тизенгаузен нумизматикалык жактан изилдешсе, В.В.Радлов, Г.Г.Ховорс, Стэнли Лэн-Пуль, Ф.Г.Скрайн жана Е.Д.Росс жазма тарыхый булактарды да кеңири пайдаланып изилдешкен. Булар 19-кылымдагылар. Ал эми 20-кылымдын 1-жарымында караханийлерди В.В.Бартольд. И.Маркварт, Е.Цамбаур, Е.А.Давидович, Р.Фасмер, А.Ю.Якубович, М.Е.Массон сыяктуу окумуштуулар изилдешсе, 1950-жылдан кийин А.Н.Бернштам, П.Н.Кожемяко, А.А.Валитова, О.Прицак, Ж.Г.Гамильтон, А.М.Щербак, А.А.Боровков, К.Э.Босворд, М.Н.Федеров, Б.Г.Гафуров, О.Караев сыяктуу ж.б. илимпоздор да караханийлер жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн [6].

Бул династиянын «Караханий» деген аталышы хандарынын «карахан», «карахакан» сыяктуу титулдарынан улам В.В.Григорьев деген орусиялык чыгыштаанучу тарабынан кийин эле жармаштырылган. Караханийлер түрк элдеринин ичинен кайсынысынан келип чыккандыгы боюнча маселеде болсо, тарыхчылар ар кандай пикирлерди айтышат. Айрымдары караханийлердин йагмалардан келип чыккандыгын айтса, экинчилери карлуктардан деп, үчүнчүлөрү уйгурлардан пайда болгон дешет. Кээ бирилер караханийлердин эч бир урууга таандык болбостон, эски көктүрк кагандарынын түз урпактары болгондугун белгилешет. В.В. Бартольд йагмалардан же чигилдерден караханийлер келип чыккандыгын болжолдосо, ал эми кыргыз тарыхчыларынан Б.Жамгырчинов, С.Табышалиев, Ө. Караев, З.Эралиев, Т.Чоротегин, Т. Акеров жана башкалар караханийлердин чигилдерден келип чыккандыгын бир катар изилдөөлөрүндө аныктай алышкан.

Бул мамлекеттин курамында кыргыздардын чакан тобу да болгондугу талашсыз. Енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү 10-кылымда уйгурлардын артынан келип, бул жакта туруп калышкандыгы божомолдонот. Бул тыянак ошол доордо жазылган «Худуд уль-аалам» эмгегине, Махмуд Кашкаринин сөздүгүнө жана башка тарыхый булактарга негизделет [10]. Кыргыздардан Сагымбай манасчы эпостогу Айкожону «Абунасир сааба» деп атап, алтургай Айкожо менен Манастын жолугушуусун да Абунаср менен Сатуктун жолугушуусуна окшоштурганы кызыгуу туудурат [7]. Демек, Сагымбай манасчы Сатук буурахан жөнүндөгү тарыхый булактардын бирин окуган же окугандардан таасир алып, анын бир үзүмүн «Манас» эпосуна кошкон десек болот. Балким, ал тарыхый булактардан Абдыкерим Сатук буурахан жөнүндөгү дастандан таасирленгендир. Бул дастан тарыхта «Тазкира-и Бугра хан», «Тазкира-и Увайсия», «Абдулкарим Сутук Бугра-хан» сыяктуу аталыштар менен да кол жазма түрүндө сакталганы белгилүү. Анда Сатук буграхандан кийинки анын орун басарлары тууралуу да маалыматтар берилет. Бул дастанды баяндаган 20 кол жазма бар жана алар жалпысынан фарсы жана түрк тилдериндеги 2 версияга бөлүнөт. Алар азыр Орусиянын Санкт-Петербург шаарында, Улуу Британиядагы Оксфорддо жана Парижде, Өзбекстандын Ташкент шаарында, Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында, Польшанын Вроцлав шаарында жана Кытайдагы Шинжаңдын Кашкар шаарында сакталуу. Оогандык чыгыштаанучу Мир Хусайн Шах булардан тышкары дагы бир жазманын Чехослованиянын Братислава шаарында бар экендигинен кабар берет. Англиядагы Бодлеан китепканасында сакталган фарсыча жазманы Казакстандын Улуттук китепканасы кийин өткөрүп алышкан, ошондой эле алар бир нече кол жазманын микрофильмдерин да жасап алышкан [9].

«Абдулкарим Сатук бугра хан» дастанын жазып калтырган автордун ким болгондугу боюнча азырынча тактала элек талаштар бар. Кээ бир колжазмаларда автор катары Ахмад ибни Саададдин аль-Узгани ан-Намангани, башкача айтканда Өзгөндүк жана Намангандык Ахмад деп көрсөтүлсө, башкаларда Кожо Мухаммад Шариф деп, ал эми үчүнчү вариант катары Мулла Хажи деп көрсөтүлөт. Бул эмгектин эң эски нускасы XV кылымдын аягына таандык деп, Julian Baldick божомолдосо, В.П.Юдин аны XVI кылымда жазылган деп эсептеген. Ал эми Devin DeWeese, А.М. Мугинов сыяктуу илимпоздор мунун XVIII жазылганын айтып, айрым көчүрмөлөрүнүн XIX, XX кылымдарда да жызалганын моюнга алышат. 1778-жылы англиялык Robert Shaw Barkley алгачкы болуп, өз эмгегинде Сатук буурахан жөнүндө эскерген. 1900-жылы франциялык M. F. Grenard жарыялап чыккандан кийин, бул дастан илим чөйрөсүнө кеңири тааныла баштаган. Батышта 1912-жылы J. Marquart, ал эми 1935-жылы Gustaf (Gösta) Rikard Raquette, 1980-жылы Gunnar Jarring өз эмгектеринде Сатук буурахан жөнүндө эскеришкен. 1939-жылы болсо, Түркияда Osman Turan тарабынан «Үлкү» журналында «Абдулкарим Сатук бугра хан» дастанынын котормосу жарыяланаган. Ал эми советтик окумуштуулардан бул тарыхый булакка В.В. Бартольд, Д.И. Тихонов, В.П. Юдин, А.М. Мугинов сыяктуу илимпоздор көңүл бурган [9]. Шинжаңда болсо, 1988-жылы бул дастандын уйгурча тексти «Бугра ханлар тезкиреси» деген аталыш менен жарыяланды [2].

13-14-кылымдарда жашаган тарыхчы Жамал Каршинин калтырган кабарларына таянсак, караханийлердин биринчи башкаруучусу Билге Күл кадырхан болгон. Ал 9-кылымдын ортосунда башкаруучу болуп, кийин бийлик анын эки уулуна: Базир менен Огулжакка мурасталган. Тарыхчылар Базир арсланхандын башкаруучу катары Баласагунда тургандыгын, ал эми Огулжак анын атынан алгач Тараз аймагын, ал эми 893-жылдагы согуштан кийин Кашкар аймагын башкаргандыгын болжолдошот. Ошону менен катар эле Базир арсланхан өлгөндөн кийин, анын Сатук деген 7 жашар уулу кийин Огулжак кадырхандын камкордугуна өткөндүгү айтылат. Тарыхчы Ө.Караевдин пикири боюнча, Сатук 9-кылымдын аяк ченинде же 10-кылымдын башталышында төрөлгөн [6]. 893-жылы жазында саманийлердин эмири Исмаил ибни Ахмад чыгышындагы түрк элдеринен Тараз аймагын тартып алгандагы согушта караханийлер көп жабыр тартышкандыгы маалым. Балким, Базир арсланхандын өлүмү да, караханийлердин Кашкарга сүрүлүшү да ушуга байланыштуу болуп, ушул убакта бийлик Огулжак кадырханга өткөндүр. Андай болсо, Базир уулу Сатуктун ушул убакта 7 жашка чыгып калгандыгын болжолдосок болот.

«Тазкира-и бугра хан» деген Сатук буурахан жөнүндөгү дастанда ал 12 жашка келгенде Абунаср Самани аттуу адамга жолугуп, андан ислам дини тууралуу үйрөнгөндүгү жана мусулман болууну чечкендиги кеңири баяндалат. Алтургай, Пайгамбар (САВ) миражда өзүнөн кийин 333 жылдан кийин Түркстанга Исламды жая турган Сатукту көргөн деп айтылып, кийин ал жөнүндөгү малыматтарды Абунаср Самани китептерден үйрөнүп, Сатукту издеп жөнөгөндүгү сыяктуу көркөмдөлгөн баян жазылган [3]. Ал эми Ш. Уалиханов жазып кеткен уламыштар боюнча, Абунасрдын түшүнө Мухаммед пайгамбар САВ эки жолу кирген жана эки түштүн ортосундагы аралык алты жылга созулган. Экинчисинде Сатук буураханды издөө үчүн Түркстанга барууга буйрук берилген [4].

Жамал Каршинин жазганына таянып, тарыхчылар Абунасрдын коңшу Саманий мамлекетинин качкын эмирзаадаларынан болгондугун айтып келишет. Эгерде башка өңүттөн карай турган болсок, Сатук менен саманий эмирзаадасынын жолугуусу саясий себептин чегинде гана, Сатук бийликке келгенде гана ишке ашуусу мүмкүн эле. Бирок, Сатуктун дин алмаштыруусуна себеп болгон адам – бул руханий насааттары менен таанылган, илим-билим тармагында ишмердүүлүк кылган башка Абунаср болгон болушу керек. Ал анын бала чагында жолуккан мугалимдеринен же башка насаатчыларынан болгондур. Тарыхтан издей турган болсок, атактуу Чыгыш окумуштуусу, философ, математик, музыка теоретиги жана Отрар китепканасынын негиздөөчүсү Абунаср ибн Мухаммед аль-Фараби караханийлерге жакын Фараб аймагында 870-жылдары төрөлүп, 10-кылымдын башында ал илим-билим издеп, Араб халифалыгынын шаарларына кетип калган. Ал Орто Азиядан кеткенге чейин, Самарканд, Бухара, Шаш сыяктуу шаарлардын катарында Баласагун, Кашкар шаарларына да келген болушу мүмкүн. Ошондой эле, 9-кылымдын аягында көп элдерди кыдырып жүрүп, түрк элдерине да кыска убакытта дин жайып кеткен Шейх Хусейн ибни Мансур аль-Халлаждын да бул жерде таасири болгон болушу мүмкүн. Түрк элдеринин айрым уруулары мусулман болгондон кийин, өз санжырасын Шейх Мансурга алып барып такашкандыгы маалым [8]. Балким, Сатуктун мусулманчылыкка өтүүсүнө жогоруда айтылган эки инсандан калган шакирттердин бири таасир эткендигин болжолдоо чындыкка жакын. Тарыхта булар түрк элдерин мусулманчылыкка кызыктырууда гана роль ойногондугу, ал эми түрк элдеринин туура шариятты өздөштүрүүсүнө Саманий мамлекетиндеги ханафий мазхабын тутунган факихтер себеп болушкандыгы маалым.

Тарыхый булактарда саманий эмирзаадаларынын бири Караханий мамлектине качкандыгын ырастаган маалыматтар да бар. 907-жылы өлгөн Исмаил Саманинин уулу Абунаср Ахмад Саманинин 914-жылы шейит кетишинен кийин, коңшу саманий тактысына 8 жашар уулу Наср олтуруп, бийликти вазир Абуабдуллах Жайхани көзөмөлдөй баштаган. Көп өтпөй эле, Насрдын чоң атасынын бир тууганы Исхак ибни Ахмад бийлик талашып, өзүнүн эки уулу менен бирге ийгиликсиз көтөрүлүш уюштурушан. Исхактын эки уулу: Абусалих Мансур менен Ильяс болгон. Көтөрүлүш бастырылган соң, Исхак колго түшүп, уулу Ильяс Ферганага качкан. Кийин Ильяс түрк элдеринен 30 миң атчан жоокер топтоп, 2 жолу ийгилкисиз көтөрүлүш жасап көргөн. Экинчи жеңилгенинде Кашкарга качып, ал жакта Туган-тегин деген дыйканга күйөө бала болуп, жашап калган. Арадан дагы убакыт өткөндөн кийин Ильяс Бухарга чакыртылып, II Наср Саманинин ырайымына татыган жана туугандар бири-бири менен жарашышкан. Бул окуялар 12-13-кылымдарда жашаган мусулман тарыхчысы Ибн аль-Асирдин эмгегинде жазылуу [5]. Демек, түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгында «Абунаср Самани» деген образдын калыптанышына дал ушул Ильяс ибни Исхак деген эмирзааданын да келип-кетиши таасир эткен. Ильяс Саманини кабыл алган Туган-тегин жөнүндө айта турган болсок, караханийлерде «тегин» деген сөз «ханзаада», «хан тукуму» дегенди титулду түшүндүрүп, ал эми «тоган» деген сөз титулдарга жалгануучу сөз катары каралган. Балким, Ильясдын мусулман экендигин эске алып, аны Сатук тегин кабыл алган болушу да мүмкүн. Артышта Караханийлердин алгачкы мечитинин курулушу да ушул мезгилде ишке ашса керек.

«II Наср» деген ат менен тарыхта калган ушул эле саманий эмири башкарган тушта, Табаристан аймагын Хасан ал-Утруш башында турган шиий зейдия сектасындагыларга тартып алышкан эле. 921-жылы алар Лайла ибни ан-Нуман ад-Дайламинин жетекчилигинде Хорасанды тартып алышканда, аларды саманийлерге кызмат кылган Симжур ад-Давати баштаган түрк жоокерлери жеңип алышкан. Ибн аль-Асирдин жазганына карасак, ошол беттешүүдө Бугра атту жоокер Лайланы туткундап, өлүм жазасына тарткан [5]. Бул Бугра – катардагы эле жоокердин ысмыбы же сөз Сатук буграхан жөнүндө болуп жатабы – азырынча белгисиз.

Жогоруда аталган дастанда да, Ибн Аль-Асир, Абдулгаффар Алмаи, Жамал Карши сыяктуу байыркы авторлордун эмгектеринде да караханий башкаруучуларынын ичинен Сатук буурахандын алгачкы мусулман падыша болгондугу кабарланат. Тарыхта Сатуктун хантактыга олтурушу да оңойго турган эмес. Ал бийликке каршы көтөрүлүш кылып, өгөй атасы менен куралдуу кагылышууга аргасыз болгондугу айтылат. Огулжак кадырхан айрым булактарда «Харун» же «Дарун буграхан» деп, айрымдарында Исен хан деп да эскерилгенин эске алсак, Сатук өзүнүн өгөй атасы менен эмес, андан кийинки бийликке келген башка хан менен күрөшкөндүгүн да болжолдосок болот. Абдыкерим Сатук буурахандын бийликке келишин айрым тарыхчылар 932-жылга, айрымдары болсо 942-жылга туура келтиришет. Ал жөнүндөгү дастанда баяндалгандай, Сатук 600дөй мусулман жоокерин топтоп, ал эми хансарайдан 400дөй жоокерди өзү менен кошо ээрчитип кеткен. Салгылаш ишке ашкан биринчи күнү эки тараптан тең көп жоготуулар болуп, жалпы 500дөй адам курман болду. Экинчи күнү Сатукту колдоо үчүн сырттан келген аскерлердин көбөйүп бара жаткандыгын көрүп, хансаайдагы айрым аскердик бөлүктөр да Сатук тараптка өтүп кете башташкан. Ошентип Сатуктун кошууну 6000ге, андан кийин 12 000ге көбөйүп кете берген. Ошентип, натыйжада, борбор калаа Сатуктун колуна өтүп, ал өзүн мамлекеттин башчысы катары «буграхан» деп жарыялаган. Анын кол астында 20 000дей аскери болгон [2].

Сатук буурахандын жеңишинен кийин перс элдери менен түрк элдеринин ислам дининин ичинде бир ынтымакка биригүүсү күчөй баштаган. Бири-бирин кемсинткен ушак айдыңдар жоюлуп, бири-бирин жакындата турган сөздөр, чыгармалар көбөйө баштаган. Сыягы, ошондо саманийлерге түшүнүктүү болушу үчүн караханийлердин түпкү теги легендарлуу Афрасиабга барып такала тургандыгы жөнүндө идеалогия пайда болгон. Анткени фарсы элдеринин мифологиясында алар өздөрүн – ирандыктар деп, ал эми түрк элдерин – турандыктар деп, турандыктардын Афрасиабдан тарагандыгы айтылып келген. Ал эми араб окумуштуулары санжыра китептеринде Нух пайгамбардын уулу Яфаттын бир уулу Түрк деп, андан түрк элдери тарай тургандыгын жаза башташкан.

Тарыхты карай турган болсок, бардык кыйынчылыктарга карабастан, Абдыкерим Сатук буурахан Орто Азиядагы түрк элдеринин алгачкы мусулман падышасы боло алганын көрсөк болот. Ал түрк элдерин теңирчиликтен мусулманчылыкка өткөрө алган жана Кыргызстандын аймагында Ислам дининин жайылуусуна башкы себепчи болгон. Тарыхта алгачкы мусулмандар менен түрк элдеринин ортосундагы мамилеси караханийлерге чейин кандай болгондугуна көз чаптырсак, Мухаммад пайгамбар (САВ) түрк элдери колдонгон чатырды кээ бир учурда өзү да колдонгондугу айтылат. Кайсы бир хадисте «түрктөр силерге тиймейинче, силер да аларга тийбегиле» деп, түрк элдери менен жылуу мамиледе болуу керектиги айтылган экен [1]. Балким, ошондондур, кийин Адилеттүү төрт халифтин доорунда араб элдери перс элдерин каратышкан соң, андан ары түрк элдерине олуттуу жортуул жасашкан эмес. Мисалы, Умар ибни Хаттаб түрк элдерине каршы мусулмандардын Амударыяны кечип өтүүсүнө жол бербей, Ахнаф ибни Кайсты токтотуп калган. Арабдар Амударыяны «Жейхун» деп атап, «дарыядан ары кеткен аймакты» «Ма вара ан-нахр» дешкен. Кийин 661-жылдан 750-жылга чейин Араб халифалыгын 89 жыл бою «умейялар» деп аталган династия башкара баштады. Айрымдары «эмевилер» же «омейядар» деп аташкан бул үй-бүлөдөн чыккан падышалардын ичинен тарыхта Умар ибни Абдулазиз – бешинчи адилеттүү халиф катары таанымал. Ал бийликке келгенге чейин эки жыл мурдараакта Кутайба ибни Муслим Орто Азиянын бир бөлүгүн мусулмандарга караткан эле. Умар ибни Абдулазиз жаңы каратылган орто азиялыктарга да, каратыла элек түрк элдерине да жакшы мамиле жасаган. Андан кийинки халифтердин тушунда Түргөш кагандыгы мусулмандарга каршы согуш ачып, натыйжада өздөрү алсыраган жана Тан империясынын күчтүү таасири астында калышrан. 751-жылдагы Атлах согушундагы Зияд ибни Салихтин жеңиши гана кытайларды Орто Азиядан миң жылга алыстата алган.

750-жылдан баштап мусулман дүйнөсүндөгү жогорку бийлик аббасийлер династиясынын колуна өткөн. Тарыхта бул үй-бүлөдөн чыккан Харун-ур Рашид өзүнүн мусулмандык сапаттары менен көбүрөөк эскерилет. Ал 786-809-жылдары 23 жыл өлкөнү башкарган. Анын үч улуттан үйлөнгөн: тагыраагы араб, перс жана түрк элдеринен алган үч аялынын ар биринен төрөлгөн үч уулу тең кийин халиф болушкан. Үчүнчү уулу Аль-Мутасим Биллах түрк элдеринин жээни болгондуктан, ал 9 жыл бою мамлекетти башкарган жылдарында көптөгөн түрк жоокерлерин аскердик кызматка чакырган. Халифалыктын кийинки бардык башкаруучулары да дал ошол Аль-Мутасим Биллахдын урпактары болушкан. Араб саякатчысы Ибн Фадландын жазгандарына караганда, 922-жылы түрк элдеринин ичинен алгачкы болуп, Эдилдеги булгарлардын элтебери Алмаз-хан өз мамлекетинде исламды расмий дин кылып жарыялаганы маалым. Бирок, аларда мусулманчалык караханийлердикинчелик өнүгүп кеткен эмес [1].

Абдыкерим Сатук буурахан он жылдын тегерегинде бийлик кылган учурунда бир канча аймактарга жортуул уюштурган. Буграхандын акыркы жортуулу Турпанга уюштурулуп, андан кайткан соң, оорудан улам көз жумган жана сөөгү Кашкарга жакын болгон Артышка коюлган. Ал 954 же 955-жылы дүйнөдөн өткөн. Анын акыркы керээзи анын жан жолдошу болгон Абулфаттах Буграмга айтылган, ал эми Абулфаттах – бул Абунаср Саманинин уулу болгон деп айтылат. Акыркы сөздөрүндө Сатук буурахан: «Менин балдарым кичине боюнча калышты, абдан тарбиялуу кылгыла. Эгер балдарым тарбиясыз калышса, жаман ишке барышса, анда кыямат күнү Кудайдын алдында силерди жакадан аламын. Эй, Абулфаттах. Аллахдан жардам сурагыла, кайраттуу болгула! Оо, Кудайым! Ашык-бечара Сатук бул жалган ааламдан Сенин ыраазылыгыңды кааалап кетти». – деп жан тапшырган. Анын жаназасында 200дөй аалым, 70 000дей диний жана мамлекеттик кызматкерлер, 22 000дей аскер турган деп айтылат [2].

Пайдаланылган адабияттар:

1. İlk Müslüman Türk Devletleri. Eskişehir, 2013.

2. İsa Özkan. Abdülkerim Satuk Buğra Han Destani. Ankara, Türkbilig Yayınları, 2013.

3. Robert Shaw. A Sketch of the Turki Language as Spoken in Eastern Turkistan (Kashghar and Tarkand). Calcutta, 1878

4. Валиханов Ч.Ч. Собрание соцчинений в пяти томах. Том 4. – Алма-Ата, 1985.

5. Ибн аль-Асир. Ал-Камил фи-т-таварих (Полный свод истории) / Перевод Б.Г. Булгакова. – Ташкент, 2006.

6. Караев Ө. История Караханидского каганата (X – начало XIII в.). – Фрунзе, 1983.

7. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 1-китеп. – Бишкек, 1995.

8. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010.

9. Молотова Э.М. «Тазкира-йи Богра-хан» как источник по истории народов Центральной Азии // Известия НАН РК. 2008, №2.

10. Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским ис-точникам IX—XIII вв. – Бишкек, 1995.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-08-2021
Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар
283

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
1218

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
3770

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
5063

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
8602

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
5913

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
21273

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
16913

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×