Добавить статью
11:47, 27 апреля 2023 3130

Бейдаба ырчынын белгисиз баяны (Матыбрайым Султанбаев жөнүндө)

Барпы акындын «»Мөлмөлүн», Жеңижоктун «Көк сулуусун» билчү элек, бирок, Бейдабанын «Бейдабасын» ким укту эле? Көрсө, мындан жүз жыл мурда Сузак тарапта Үрзия деген келишкен сулуу жашап өткөн экен. Ага ашык болуп, жетпей калган Матыбрайым деген жигиттин ошол кызга арналган «Бейдаба» деген ыры эл ичинде элдик болуп ырдалчу дешет. «Бейдаба» казалын ырчынын аткаруусунда уга элекмин, бирок, анын жаралышы тууралуу маалыматты тогуз-торолук жазуучу Р.Бобукеевдин китебинен гана жолуктурууга болот. Эмесе, анда эмнелер айтылгандыгын баяндап берейин.

1901-жылы болочок ырчы Матыбрайым Нарын аймагына караштуу Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылына жакын Караңгы-Токой деген жерде жарык дүйнөгө келет. Бирок, ал төрөлгөнгө чейин эле анын атасы Султанбай дүйнө салгандыктан, бала, ошентип, жетимдиктин тагдырына туш болот. Ал 4-5 жашка келип калганда, энеси Токтосун төркүндөрүнө кетүүнү чечип, уулун кошо алып, Өзгөнгө көчүп кетет экен. Ошондон кийин ал Өзгөн аймагындагы басыз уруусунун жээренче уругунан болушкан тага журтунда чоңойюп, эр жеткендиги ырында да мындайча эскерилет:

...Жээренче элге эр жетип, / Жерим Өзгөн-Ош болду.

Жексур турмуш үйрөттү, / Жеткизбей узап озгонду.

Тагаларда чоңоюп, «Тамырым» Өзгөн-Ош болду.

Тайгалак турмуш үйрөттү, / Таймаштан жиреп озгонду...

Кийин Матыбрайым келишкен бой-келбети, супсулуу өң-түсү менен кошо мукамдуу кооз үнү менен таанылган ышкыбоз ырчы болуп чыгат; эл арасында «Жийденин бүрү, жигиттин гүлү» атыгат. Өзүнүн ата теги ак-талаалык басыз уруусунун байсогур уругунан экенин да унутпай жүрөт. Ошентип, ал аш-тойлорго чакырылып, эл сүймөнчүгүнө ээ болуп жүрүп, бир күнү Сары болуш деген бийликте турган кишинин Үрзия деген кызына ашык болуп калат экен. Ал кантип сулуу кызга кезиккенин, кантип бир көрүп ашык болгонун ырында минтип баяндайт::

Жыланды башы Алкымдан / Көп чыкты көп жүк артынган.

Көрүнүп турдуң балбылдап, / Көп ичинде калкыңдан.

Жолуккан жерден карегиң / Жоодурап мага тартылган.

Жуураттай уюп кетипмин / Жооптуу мындай «тартууңдан»!.

Бирок, Матыбрайым өзү жетим болсо, сүйүп калган ашыгы болуштун кызы болсо, анан кантип ачык айта алмак эле, канткенде жетмек эле? Акыры, аргасы кеткенде, «жетүүгө дабаа жок, эч ылаажысыз» деген мааниде болуштун кызын «Бейдаба» деп тергеп, ашыгына арнап ыр чыгарат. Көп өтпөй анын ыры көпчүлүк тарабынан кабыл алынып, бара-бара «бейдабалаган» авторго да «Бейдаба» деген лакап ат тагылып калган экен.

Матыбрайым ырчы, башкача айтканда Бейдаба ырчы ар дайым ушундай саптарды кошо айтчу дешет:

Баяным айтсам тегимен: / Бай Ак-Талаа жеринен.

Бабаларым уругу: / Байсогурдун элинен.

Балапан кезден жетимдик / Басыптыр ныктап белимен.

Байбачага жалданып, / Байралдым Өзгөн өрүнөн.

Болуштун кызын ырдайм деп, / Мага «Бейдаба» наамы телинген.

Булардын барын айтайын / Бир башынан эми мен...

Дал ушул саптарды өз оозунан 1946-жылы 9-февралда шайлоо учурунда уккандыгын тогуз-торолук окумуштуу Т.Абдылдабеков эскерет. Т.Абдылдабеков Бейдабанын «ашыглык ырларынын» өзү менен кошо жок болуп кеткенине өкүнүп, кантсе да, сакталып калган саптарды чогултууну Рыскулбек Бобукеев агабызга сунуштаган экен. Натыйжада, мына азыр назарыңыздарда сөз болуп жаткан «Бейдаба» ыры – Р.Бобукеевдин ар кайсы ооздон чогултуп, кошумчалап, даярдаган варианты. Ырдын калдыктарын жыйноо ишинде А.Токтогулов, К.Чоңмурунов, Б.Түрсүев, Б.Чодуев, О.Бакаев, А.Жооров, Т.Кожалиев сыяктуу улуу муун өкүлдөрүнүн жана Бейдаба ырчынын өзүнүн Ак-Талаанын Кош-Дөбө деген айылында жашаган урпактарынын эскерүүлөрү пайдаланылган. Ушундай чоң мурас кыргыз адабиятынан өз ордун тапса, ушундай зор мээнет өз учурунда баркталса жана изилдөөсү улантылса го!...

Ырда даңазаланган Үрзия сулуу жана анын атасы Сары болуш жөнүндө да тарыхый иликтөө жүргүзүп көрүш керек экен. Тарыхчылардын жана карыялардын айткандарына карасак, Сары болуш Сузак аймагында 1910-15-жылдары болуштук кызматта иштеп, кайсы бир жылдары Өзбекстанга куугунтукталып барып келген, ажылык вазыйпасын да аткаргандыгы үчүн "Сары ажы" деп аталган тарыхый инсан болгон экен. Келечекте ал тууралуу, анын легендарлуу кызы тууралуу изилдөөлөр жүргүзүлөт деген ишеничтебиз. Төмөндөгү саптарга караганда, ырчы өмүрүндө төмөндөгү айтылган райондордун бардыгын кыдырып көргөн жана бул жактардан өзүнүн ашыгындай сулуу көрбөгөндөй туюулат:

...Жароокер сендей көрбөпмүн / Жыланды, Шоро, Жазыдан.

Жасатыңа зор бакыт / Жараткан берген башынан.

Айланып сендей көрбөпмүн / Акман, Ак-Тоок жаатынан.

Алла өзү аздек бакыттан / Арнаптыр сага башынан!

А бирок сүрдөп өзүңдөн / Айбыгам.., кантип ачылам?

Баамдап сендей көрбөпмүн / Базар-Коргон, Ачыдан...

...Кыз-оюнга келем деп, / Бейдаба кызды көрөм деп.

Кызыл тору ат минип, / Кылчайбастан бат жүрүп.

Кечүүгө келип карасам, / Калыптыр дайра нак кирип.

Ой-Талдын суусун кече албай, / Оолжуп турдум өталбай.

Көгарттын суусун кечалбай, / Көпкө турдум өтө албай....

Айтмакчы, «эгер Матыбрайым (Бейдаба) ырчы Ак-Талаада төрөлсө, Өзгөндө чоңойсо, анда эмнеге ал жөнүндө Тогуз-Тородо эскерилип калды?» деген суроо жаралбай койбостур. Көрсө, анын «бейдабалап» ырдап-чоордоп жүргөнүн уккан Үрзия сулуу ырдын максат-маңызында өзү экенин түшүнүп, жигит менен жолугууга да көңүлдөнөт экен. Бирок, кандайдыр бир белгисиз себептер менен бир күнү Матыбрайымдын тили буулуп, сүйлөй албай, дудук болуп калат. Ошондо ар кандай аракеттерден майнап чыкпаган соң, элдик медицинанын кеңеши боюнча, башка аймакка жер которууга аргасыз болот. Кызыгы, ашуу ашып, Кош-Дөбө айылына келе жатканда эле кадимкидей тил кирип, «Бейдаба» деген ырын ырдап жибериптир дешет. Ал кезде Кош-Дөбө айылы Тогуз-Торо районуна караштуу болуп тургандыктан, «Бейдаба» лакабы менен таанылган Матыбрайым Султанбаев кийин бул райондо бир топ жыл жетекчилик кызматтарда иштегендиги айтылат. Ал 1960-жылы 59 курагында дүйнөдөн кайткан.

«Бейдаба» казалын КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу», жарналист жана жазуучу Рыскулбек Бобукеевдин 2015-жылы чыккан «Тагдыр озуйпасы» деген китебинин 259-280-беттеринен окуй аласыздар. Ыр анын вариантында 21 беттен турат. Төмөндө ошол варианттан кыскартылып алынган айрым саптарды бере кетейин.

«БЕЙДАБА»

Ашыгы үчүн күймөк бар, / Айбыкпай чокко кирмек бар,

Ак сүйүүгө жете албай, / Азабын тартып жүрмөк бар.

Арзуусу толук ишке ашса, / Ашыглык доорун сүрмөк бар!

Сулуулар үчүн күймөк бар, / Сүрдүкпөй чокко кирмек бар,

Сулуунун сырын биле албай, / Супсуну сууп жүрмөк бар!

Самаганы ишке ашса, / Сайрандап доорон сүрмөк бар!

Ашыглыктын паашасы / Үрдү ырдайын Бейдаба.

Нурун чачкан барына / Күндү ырдайын Бейдаба.

Тандап карап канчадан / Миңди ылгайын Бейдаба.

Кадырыма жарашкан / Бирди ырдайын Бейдаба.

Кыздан чыккан өзүңдөй / Пирди ырдайын Бейдаба.

Бүт турпатың мүнөздөп, / Мүлдө ырдайын Бейдаба.

Ак сүйүүм сага шам болуп, / Алоолоп мендей ким жанар?

Ачкычын алып сендеги / Ашыглык отун ким жагар?

Арманда күйдүм түтүнсүз / Аргасын анын ким табар?

Сен анар, анан ким анар / Сен үчүн мендей ким жанар?

Сүйүүдөн күйгөн түтүнсүз / Себебимди ким табар?

Сыздоонун баркын түшүнөт, / Сүйрөлсө буга бир сапар

Суудай сулуу пакиза / Тазалыгын айтайын.

Чубурган ширин сөзүңдүн / Маззалыгын айтайын.

Сөөрүдөгү манаттай / Сөөлөтүңдү айтайын.

Сан эсеп менен өлчөнбөс / Дөөлөтүңдү айтайын.

Суйсала басып суктанткан / Сымбатыңды айтайын.

Сага жетүү дабаасыз / Кымбатыңды айтайын.

Керемет экен карасам, / Келептеп өргөн чачыңды.

Көңүлүм түшүп байланды / Көргөндө кара кашыңды.

Көп болгон менен сулуудан / Көрбөдүм сендей асылды!

Ажайып экен карасам, / Артыңа өргөн чачыңды.

Акылга салдым сүрөттөп, / Жаңырган айдай кашыңды.

Ар кандай сулуу көп жүрөт, /Асти, / таппадым сендей асылды!

Тал чыбыктай буралган / Белиңди айтсам жарашат.

Бүт дилимди эриткен / Кебиңди айтсам жарашат.

Бар кыздардан башкача / Зээниңди айтсам жарашат.

Телегейи тептегиз / Тегиңди айтсам жарашат.

Көөхардай жанган кулпуруп, / Көзүңдү айтсам жарашат.

Кушубак кылып эриткен / Сөзүңдү айтсам жарашат.

Ак булуттай көктөгү / Бууга окшойсуң Бейдаба!

Айдың-Көлдө ойногон / Кууга окшойсуң Бейдаба.

Дарысы Кара-Шородо / Сууга окшойсуң Бейдаба.

Кереметиң азанда / Таңга окшойсуң Бейдаба.

Апапак болуп албарып, / Айга окшойсуң Бейдаба.

Шаймердендей колдогон / Жанга окшойсуң Бейдаба.

Күндө бир маал өзүңдү / Көрсөм деймин, Бейдаба.

Көңүлүңдү өзүмө / Бөлсөң деймин, Бейдаба.

Көп чаргытпай сөзүмө / Көнсөң деймин, Бейдаба.

Барман берген жагыңа / Барсам деймин, Бейдаба.

Нике кыйып, буюрса, / Алсам деймин, Бейдаба.

Муратка жетип, армансыз / Калсам деймин, Бейдаба.

Карлыгачты ойноткон / Кайчыдай учкул канаты.

Кандай айтса жаршат / Кыз Бейдаба санаты.

Күн өткөн сайын ырбоодо / Күйүттүү жүрөк жараты.

Асел, шекер, набатым / Асмандап учар канатым.

Айгайлатып ырдаткан / Айжаркын сенин санатың.

Арбып күндө баратат / Арзуудан жүрөк жаратым.

Жаркының жанган ырдадым, / Жасатың даңктап сындадым!

Жаагымды жанып сен десем, / Жан тартып көөнүң бурбадың?

Жалынга күйсүн дедиңби / Же неге колуң булгадың?

Керемет мүчөң ырдадым, / Келбетиң даңктап сындадым.

Күн-түнү сен деп ырдасам, / Көөнүңдү мага бурбадың?!

Күйүткө чөксүн дедиңби, / Неге анда көзүң ымдадың?

Төрөнүн кызы Бейдаба / Төп кепке эч барбадың.

Төрвөлжүн болуп турсам да, / Төгүлүп көңүл салбадың.

Тагдырга ушул жазылса, / Тартпаска аны айла жок, / Теңиримдин барманын.

Кан кызындай Бейдаба / Кыйгай да көзүң салбадың.

Канчалык беттеп барсам да, / Кеп жешкенге барбадың.

Көтөрбөскө айла жок, / Кудайдын минтип салганын.

Абада торгой сайраган / Арман көп ичте кайнаган.

Ай чолпон сени угар деп, / Арзуумду ырдайм кайрадан!

Күнгөйдө торгой сайраган / Күйүт көп ичте кайнаган.

Бейдабам сени ойлосом, / Бейпага түшөм кайрадан!

Көздөшкөн кезди сен менен / Көпкөгө эстеп жыргагам!

Көркөмүңдү сыпаттап, / Ырдаганым – ырдаган! / Ырдай да берем кайрадан!...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-04-2023
Айт майрамында кыз куумай жана улак тартуу оюну ойнолгон
5364

25-08-2021
Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар
9257

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
7703

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
7644

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
9782

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
9621

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
14616

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
14295

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
33945

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
21995

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×