Добавить статью
6:47, 2 апреля 2011 54663

Комузчу

1963-жылы май айында Нарын шаарына командировкалап барып калдым. Бул жерге келээрим менен Абдыракман Кыдырбай уулу деген чоң комузчуну издөөгө кириштим.

Издеп «Эмгекчил» колхозунан сурамжыласам, бир карыя:

– Нарынга кеткен. Нарынга барсаң табасың. өзүузун бойлуу киши. Андан чоң киши жок. Көзүкөк, өңүсары, – деп мүнөздөмө берди.

Нарынга келип, эл көп жүрө турган чоң көчөгө түшүп алып, узун бойлуу адам кетип бара жатканын көзүм чалды. Басыгымды ылдамдатып, бир аз озуп өтүп, кайра бурулуп алдынан чыгып карасам,баягы карыя мүнөздөгөн адам болуп чыкты.

– Ассалоомалейкум! – деп салам бердим.

– Алейкума салам! – деп саламымды кабыл алды.

– Абдыракман аке сиз болосузбу?

– Ооба, мен.

– «Эмгекчил» колхозунанбы, комузчусузбу?

– Дал өзү.

– Анда эмесе, мен сизди издеп жүргөн элем, ырас болбодубу, – дедим сүйүнүп.

– Бир жигит келип, комузчуларды издеп жүрөт дешти эле, ошол сен турбайсыңбы?

Ооба дегендей баш ийкедим.

– Анда эмесе, комузчу Жылчый апанын үйүнө баралы. Бул эле кинотеатрдын маңдайында, – дедим.

Сүйлөшүп олтуруп, Жылчый апанын үйүнө бат эле келип калдык. Жылчый апа үйүндө экен, апанын комузун алып, комузду сабап черте баштады. «Жайкама», «Сылама», «Сал­моюн шыңгырама», «Кайра чап», «Ажыбектин арманы», «Калматайдын карөзгөй», «Карыялардын кеңешме», «Көк­арт», «Асанаалынын кербези», «Айдама», «Каалгыма», «Кара чий» аттуу күүлөрдүчерткенден кийин:

– Мен кетейин, уулум, атымды да бир короого байлап койдум эле, күн кечтеп кетти. Карабек деген жерде турам, ал жакка автобус барбайт. Калганын эртең келип угузам, – деп кош айтышып, жөнөп кетти.

Эртеси мен Дөбөлүүдеген айылга кеткен элем. Кечинде Жылчый апаныкына келсем, Жылчый апа:

– Абдыракман комузчу атчан келип, баягы бала барбы деп сурады, сенин жоктугуңду угуп, кетип калды, – деп айтты.

1967-жылы апрель айында Абдыракман комузчу Бишкек шаарына келип калды. Комузчу Шекербек Шеркулов экөө эгиз козудай болуп бөлүнбөй, бир нече күн бирге жүрдү. Күүлөрүн радиого жаздырды. Журналисттер, жазуучулар менен жолугуп, күүчертип берди. Шекербек менен Абдыракмандын порт­реттерин сүрөтчүКубанычбек Аманкожоев тартып алды.

Бир күнүАбдыракман аке экөөбүз Дзержинский бульвары менен сейилдеп жүрүп, бош орундуктардын бирине барып отурдук.

– Сиздин атаңыз да чоң комузчу болгон экен, ошол туурасында айтып берсеңиз, – деп сурап калдым.

– Манаптардын кылбаганы жок. Менин атам дагы Токтогул сыяктуу кишен салынып айдалган. Атам кенчи, комузчу болгон. Ар кайсы жерден кен таап, бай-манаптардын аттарын алып келип жүктөтүп, ошончолук иштерди кылса, бай-манаптар кеңешип, Кыдырбай жан койбойт, айгыр-ат, атан-төөбүздүташ жүктөтүп жүрүп аягына чыгат экен, муну жоготолук деп, Чокмор деген абышка кийик уулап жүрүп, тоодон учуп өлсө, Кыдырбай өлтүрдүдеп, байлар-бийлер чагым кылып, Нарында Хохлов деген участковойго 3 жылга кестирип, бутуна кишен салдырып, жан булактык Орозбек деген кызыл чокко Караколго айдатты.

Жыйырма күндө кутулдум деп кайтып келди.

– Сени ким куткарды? – деп Хохлов, бай-манаптар сабап туруп, Майрык деген кызыл чокко кайта айдатты. Ошону менен бутуна кишен салып, Караколго жөө айдалып кетти. Биз барабыз деп, дөңгөлөк арабаны бир атка салып, энем, эжем Болдукан болуп арт жагынан барып, Чычкан деген жерде туруп, он-он беш күндө тамак берип турдук.

Түрмөгө үч жыл жатып келди.

Ошондон бутун кишен согуп, тарамыштарын жанчып, аксап, кабылдап ооруп баспай жүрүп, бир топ жыл өткөндөн кийин 1920-жылы 76 жашында өлдү. Атам өлгөндөн жети күндөн кийин, энем каза болду. Ушинтип атам бай менен манаптардын запкысынын зардалынан жарык дүйнө менен коштошкон.

– Комузду кантип үйрөндүңүз?

– Атам Осмонбек уулу Кыдырбай чоң комузчу эле. Жети жашыман үйрөнө баштадым. Ата-энем зордоп үйрөткөн. Атам колумду колуна байлап, астына алып олтуруп черттирет. Черт­пеген оюма да койбойт:

– А балам, мен да өлөмүн. өлгөндөн кийин атаныкы керээз-мурас болуп, балага калат. Мени көргөн эл бар, атаңдан бирдеме алып калган кесибиң барбы деп сурайт. Эптеп үйрөнүп ал. Көпчүлүк эл дагы атасыныкын үйрөнүп алыптыр, кайран киши өлбөй калыптыр деген сөз болот. Менин да өнөрүм жерде калбайт, – дегенден улам, ата кесибин тырышып үйрөнө баштадым.

Комузга бир аз колум көнүккөн соң, он жашымдан «Бек­арстан», «Калмак күү», «Сатыбалды жалгызымды» үйрөтө баштап:

– Күүлөрдүн арзаны ушулар болот. Буга колуң жатыгат. Жатыккандан кийин бардык чоң күүнүчертүүгө алың жетишип калат, – дечү.

Ошону менен он бирге чыкканда колум жатыгыбыраак болуп, бул күүлөргө кошуп, «Насыйкат», «Ботой», «Камбаркандардан» алып, он беш, он алты жашка келгенде, атактуу күүлөрдүн баарысын чертип калдым.

Атамда көп эле күүбар эле, үйрөнүшүмчө үйрөндүм.

Кийин аксакалдарга атамдын күүлөрүнөн чертип берсем:

– Ой бали, ырахмат! Кыдырбай өлбөй калган турбайбы! Атанын өнөрүн үйрөнүп калгандан кийин, мына тукум деген ушул! – деп кубатташчу.

өзүм болсо көп жылдар колхоздо иштедим. Азыр пенсиядамын, – деп сөзүн жыйынтыктады.

Жай басып үйгө кирдик. үйдө катылуу турган эки комузду алып келип, алдына койдум.

– Бул эки өрүк комуз тең мыкты комуздар экен, ким жасаган?

– Бирөөн Шекербек, бирөөн Чалагыз.

Комуздун бирөөн алып, күүлөй баштап:

– «Жайдарбек ботом» деген күү, – деп черте баштады.

«Жайдарбек ботом«. Илгери өткөн заманда кыздар тезек терип, ойноп жүрүшүп, талаадан көр чычканды кармап алышат. Сууга салып ойношсо, чычкан өлүп калат.

Бир кыз айтат:

– Биз эми бойго жеттик, күйөөгө тийип, анан балабыз өлүп калса эмне деп ыйлайбыз, – деп жалбыракты керме төшөк кылып, кыздар чычкандын атын Айдарбек коюшуп, кошок кошушат.

Б и р и н ч и к ы з:

Беш колумдун салаасы, ботом,

Беш кыздардын баласы, ботом.

Берметимди алдырдың, ботом.

Бетиме тырмак салдырдың, ботом.

Атаны кокуй Айдарбек ботом,

Айдарбек эмес, Жайдарбек ботом.

Э к и н ч и к ы з:

Көйкөлтүп көктүкийгиздиң, ботом,

Мени көктөйүмөн күйгүздүң, ботом.

Жайкалтып жашыл кийгиздиң, ботом,

Жар түбүндө улудум ботом.

– деп бул уламыштан улам, күүгө түшүп калган экен, – деп күүнүчертип бүттү.

Мындан соң комузун толгоп:

– «Салмоюн» деген күү. Бул күүнүКадыр уулу үмөтаалы деген киши чыгарыптыр. Башын көтөрбөй эле черте берчүэкен. Ошондон улам «үмөтаалынын салмоюн» болуп аталып калыптыр...

Ал эми бул «Элирме» деген күү. Көпкөн комузчу бар экен. Атка минсе деле чаап чертип, жөө жүрсө деле чуркап чертип, абышкалар элирип кетеби, «Элирме» деп коюптур, – деп көп күүнүн маани-жайын айтып берди.

Бул келишинде Абдыракман Кыдырбай уулу республикалык радиого жетимишке жакын күүжаздырып кеткен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-09-2018
«Мурас»:Аймактарды ѳнүктүрүү жылына жана Ноокаттын 90 жылдыгына карата
54115

02-04-2017
Бердике берендин урпагы Орунбай олуянын баяны (уландысы)
80023

01-10-2012
Улуттун баатыры Бердике берендин баласы  Кунан бий жөнүндө  баян.
30062

16-08-2012
Улуттун баатыры Бердике берендин урпагы Шүкүр бийдин баяны (уландысы)
44449

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×