Добавить статью
4:20, 25 сентября 2012 22732

Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү

0d7a7cf28c4993ddaaa3afce66ad2338

2001-жылы 1-февралда «Лимон» гезитине «Ашкан сулуу аялга ашык болуу» деген документалдуу очерк жарыяланган. Ал гезиттин биринчи бетинде кыргыз балетинин таң чолпону айтылуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен ага ашык болгон «адашкан медик» Муртаза Асановдун сүрөттөрү менен кошо экөөнүн кыскача махабаты баяндалган.

Жазуучу Касымбек Тазабековдун «Канда айланган махабат» аттуу китебинде бул окуяга кошо аралашкан катары андан ары уланткан.

Анда эмесе кыргыздын белгилүү жылдызы Б.Бейшеналиева менен врач М.Асановдун адашкан махабаты тууралуу жазылган бул китептеги окуяны, К.Тазабековдун өзүнүн кыскача айтып берүүсү боюнча окурмандардын назарына салабыз.

1cd57af21a6421d637e9f760998e14d1

- Бул китептеги башкы каармандарыбыздын бири - өз заманынын жанып турган таң чолпону, көзүнүн тирүү кезинде эле легендага айланган кыргыз маданияты менен искусствосунун шам чырагы улуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева жана Ысык-Көлдүн кулуну, медик Муртаза Асанов. Бул китеп эки каармандын өзүнүн айтып берүүсү боюнча гана жазылган. Кудайакы бул окуя жөнүндө эч нерсе оюмдан чыгарып кошкон да, алган да жокмун. Болгонун болгондой колумдан келишинче калайык калкыма тартуулаганга аракет кылдым.

Тагдыр мени Муртаза менен үч жыл бою Москвада аспирантурада окуп жүргөндө жолуктурду. Анын жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, кулк-мүнөзү анан калса адам суктанаарлык кебете-кешпири, сулуулугу кимди болбосун өзүнө магниттей тартаар эле. Мына ошол мезгилде жаштык кезди элестетип баштан өткөн махабат баянын ортого салмай.

«Адашкан медик» катары Муртаза окуусун таштап, Бүбүсараны «жакындан көрүп» жүрүү үчүн бий искусствосунун бир жылдык стажировкасынан өтүп, сахнада Бүбүсаранын тегерегинде бийлеп да чыгат. Акыры ага сүйүүсүн билдирет.

Акылдуу сулуу ага же «жок» да дебей, же «бар» де дебей алоолонгон жаш жигиттин тунук сүйүүсүн акырындык менен жоошута баштайт. Тура жолго багыттайт.

Айтса-айтпаса төгүнбү деп Муртаза кайра окуусуна кирип, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин райондон иштеп да келет. Кийин илимин өркүндөтүү үчүн Москвада аспирантурада окуйт. Ошол мезгилде Бүбүсара ооруп калып, Муртаза окуп жаткан институтка туш келет. Мына ошентип экөө кайрадан жолугушат. Бүбүсарага операция да жасалат. Операция убагында ага Муртаза өзүнүн канын куйгузат, операцияга катышат. Операция ийгиликтүү аяктагандан кийин экөөнүн достук мамилеси улана берет.

Москва, 1962-жыл. Биз Кыргызстандан барган аспирант медиктер саналуу гана адамбыз. Ар кайсы институттардан, улуубуз, кичүүбүз бар дегендей. Табышып алганбыз. Жатаканабыз да ар кай жерде. Бизди чогултуп, баш коштуруп жүргөн Эсенкан Тентимишов менен анын жубайы Чынара Ахунбаева. Чынара кадимки эле академик, хирург Иса Коноевичтин кызы. Алтынчы күнү кечинде дайыма эмес, ыгы келе калганда анда-санда жолугабыз. Бир күнү академик Иса Ахунбаев кыргызстандык аспиранттарды чакырып, ресторанга коноктоп калды. Кудай жалгап, Москванын четиндеги Муртаза Асанов дагы кезигип калса болобу. Муртаза да келгени мага абдан жакты. Анткени, ал жигит менен өткөн бир кезигүүдө жакшы сырдаша албай калганбыз. Ал менден төрт-беш жаш улуу. Институтту бүткөндөн кийин райондо иштеп келген. Мен Муртаза менен Москвага келгенде эле таанышкам. Оор басырыктуу, жылдыздуу жигит. Эмнегедир экөөбүздүн мүнөзүбүз төп келишкен сыяктуу. Бирок эзилишип сыр чечише элекпиз. Кыязы көп нерсени билген, купуя бир сыр ичине сакталып жүргөн кебетеси бар.

Ресторанда баарыбыз чогуу чоң столдо отурдук, баары жакшы. Иса Коноевич абдан жакшы сыйлады. Муртаза ал жерден бийге түшүп шумдуктай бийледи. Таптаган күлүктөй болуп музыка менен аралаш бир бийлеп кетти дейсиң, чимирилгенин айтпа. Ресторандагы бардык элдер башка бийди карабай эле Муртазанын бийин караган өңдүү.

Анын мындай жакшы бийлегенин кубаттап жаалап жибердик. Ошондо ал, - мен силерге айта албай жүргөн сырдын четин чыгарайын. Бир аз жылдар мурун биздин опера-балет театрында бир жылдык көнүгүч болуп окуп, анан Б.Бейшеналиеванын айынан эки жыл бою сахнада массовкада көпчүлүк бийчилер катары бийлеп жүрбөдүмбү. Кеп бийде эмес жигиттер. Силер аны түшүнбөйсүңөр. Бул өзү узак сөз, андан көрө башкага өтөлү, деп калды.

Биз анын айткандарын угуп бир чети таң калып, экинчиден анын мындай дымагына баа бердик.

Мындай кызыктуу махабатты уккандан кийин көпкө чейин башыма бышырып, ичимде катып кантип тышка чыгара албай бук болуп жүргөн кезде Бүбүсараны Кудай мага өзү айдап келсе болобу. Ошол кездеги Бүбүсаранын элеси азыр да көз алдымдан кетпейт. Андан бери канча жыл өтүптүр. Анда, сөз башынан босун.

Мен Бүбүсара менен 1965-жылы күзүндө кокусунан жолугуп калдым. Москвадан аспирантураны бүтүп келгенден кийин өз кесибим врач болгон соң, кеч курун ооруканада күзөт өтүп аттым эле. Ал кезде талап катуу болчу. Кеч курун ооруканага бөлөк-бөтөн адамдарды киргизүү жок. Эшиктин кичинекей гана тешигинен берген тамак-ашын, аны-мунусун орулуу адамга жеткизип берип, жакын адамдары оорулуу менен кат аркылуу гана кабарлашып турган учуру. Аны да көрсөтүлгөн убакыт аралыгында.

Негедир бир иштер менен ошол тамак-аш алып жаткан эшиктин тешигинен ары өтүп баратсам, бир тааныш аялдын көзү жалжылдайт. Көзүмө көзүм жарк дей түшсө болобу. Мен ал кишиден иймендимби, эмне үчүн билбейм, тик карай албадым. Качандыр бир тааныш сыяктуу. Ал кишини кантип билбейин, Бүбүсара Бейшеналиева эмеспи. Тык токтодум.

Көрсө, анын Эрмек аттуу уулу бул ооруканага түшүп калыптыр. Ошого кире албай туруптур. Жанында кошо келген эч ким жок.

Эрмек ал кезде университеттин студенти, бир үйдө жалгыз бала, эрке өскөн көрүнөт, жанараак ооруканага түшкөн. Кызуу кандуулук кылып, бир эки кабыргасын кокустатып алыптыр жеңил эле. Ага толук жардам берип, бир аз күнгө оорусу басылганча деп ооруканага жаткызып койгонбуз.

Ооруканага Бүбүсара эжени киргизүү үчүн ак халат анан оозу-мурдун жаап алчу «маскамды» алып келдим. Капырай, ошол масканы байлап жатканда колдорум калтырайт. Бүбүсаранын тек гана артына өрүп койгон сеңселген анча коюу эмес чачтары бар экен.

Ошентип Эрмек жаткан бөлмөгө бара жатып, баарлашып калдык. Мен аты-жөнүмдү айттым.

– Ии нарындык турбайсыңбы. Менин да тегим ошол жактан. Кыскарып айтайын, Соң-Көлдүн кыздарынанмын. Мени тааныр чыгаарсың, деди.

Ооба, эжеке,сизди кимдер тааныбайт. Мен сизди жакшы билем, билмек турсун башыңыздан өткөргөн кичинекей бир окуяңызды да уккам. «Чолпон» балетин да канча жолу көргөм дедим.

– Оо, мына кызык тамаша сиз менен сүйлөшө турган экенбиз деп калды.

Аңгыча Эрмектин бөлмөсүнө жете келдик. Алар эне-балача сүйлөшүп калышты, мен кызматыма жөнөдүм. Бүбүсара уулунун абалын сурап чыккан соң аны үйүн көздөй узатууга чыкмак болдум. Жолдо бара жатып, ар кандай темада сөз болду. Ага сүйүүсүн арнагандардын арасында «адашкан медик» да болгонун айты, жанатан мен баштай албай жаткан теманы өз баштамак болуп.

- Ии, эми жанагы сөзүңдөн баштабайсыңбы? Айттың эле го жана мен жөнүндө айта албаган сырды билем деп. Ал кандай сыр болду экен, уксак болобу? деп калды Бүбүсара.

- Жана сиз адашкан медик дедиңиз го. Ошол «адашкан медикти» мен билип жүрбөйүн дейм да.

- Балким билсең билген чыгаарсың, ал жакында Москвадан аспирантураны бүтүп келди. Аты Муртаза, фамилиясы Асанов. Жакшы жигит, деп калды.

уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-09-2012
Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү (уландысы)
6674

26-09-2012
Бүбүсара Бейшеналиева менен «адашкан медиктин» сүйүүсү (уландысы)
7868

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×