Добавить статью
7:39 7 Мая 2016

Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?

Азыр биз капиталисттик же социалисттик системада жашап жатканыбызды, ал гана эмес экономикалык базасибиз кай жолдо экенин толук аныктап ала электе, кээ бир гуманитардык багыттагы айрым илимий аныктоолорду талдабай туруп илимге кызмат кыла турган мекеме уюмдарын жоюп жибергенге шашылып, ал тургай жоюп да жибергенге үлгүргѳн учурларыбыз да жок эмес. Жоюп жиберген мекеме боюнча айтаардан мурда ѳткѳн тарыхка кайрылып кетели.

Тарыхта биринчи жолу «социализм» деген термин качан, кайсы жерде колдонулганы жѳнүндѳ айтыш кыйын. Ошондой болсо да, бул сѳздүн аталышы 1834-жылы француз жазуучусу Пьеро Леру жазуучусу тарабынан «Жекечилик жана социа-лизм жѳнүндѳ» деген китеби жарык кѳргѳндѳн тарта бул терминди пайдаланат. Анда Роберт Оуэн деген каармандын айтканына байланыштуу жазганы бар, анда социализм деген сѳз анча деле мазмунга ээ боло бербеген жѳн гана алабарман айтылган кеп катары коомдун акыйкат тартиби катары айтылып, ѳзүмчүлдүк жана ѳз максатын кѳздѳгѳн байыгандардын үстүнѳн акыйкатты орнотуу, теңсиздиктен кирген кирешени тең бѳлүштүрүү жѳнүндѳ баяндалат. Мына ушул жактан алып караганд,а социалисттик теориянын келип чыгышында «утописттик» түшүнүк пайда болгон.

Экинчи бир жагы, «утопия» деген сѳз Томас Мар тарабынан 16-к. биринчи жолу китебинде айтылып, ойлоп табуучу катары – бул сѳздүн түшүнүгүн грек тилинде: «мындайга орун жок» деген менен түшүндүргѳн. «Утопия» деген сѳздүн түшүнүк идеясы, «ишке ашыруу жагы мүмкүн эмес, болбосо аны ишке ашыруу ѳтѳ кыйындыкка турат» дейт [1, 53-б.].

Бул жагынан алганда, Франциялык агартуучулары XVIII к. орто ченинде Франциянын маданияты жогорку деңгээлге жеткенге зор салымдарын кошконго аракет кылышкан. Учурунда бүткүл Францияда маданий агартуу кыймылдары жүрүп, айрыкча чыгармачылык жагы жогорку деңгээлге жетип, борборлошулган мамлекет, монархиянын абсалюттук деңгээлге жеткенге мүмкүнчүлүктѳрдү түзүүүгѳ жетишкен. Француздардын ойчул-материалистеринин кѳз карашында, XVIII к. ар бир окумуштуу, жаратылыштын адам баласынын жашоосуна болгон таасири жана адам күчү канчалык болору жѳнүндѳ кеңири ой жүгүртүп, 35 томдон турган Энциклопедиялык талдоо сѳздүгүн, илим ѳнѳрчүлүк чыгармалардын адам баласынын акылы ар тараптуу жетишкендиги жѳнүндѳ (1751-1780 жж.) биргелишип эмгек жазышкандарын алар Энциклопедистер деп аташкан. XVIII к. Француздук утопистер: А.Сен-Симон (1760-1825 ж.), Ш.Фурье (1772-1837 ж.) ойчул ойлору ѳтѳ жогору болуп, франциянын келечеги жѳнүндѳ социалдык-философияга ой таштап, кийинки элдердин жашоо деңгээлин бийик кѳтѳрүүдѳ кандай болушу керек экендиги жѳнүндѳ айтышканы да бекер болбогон.

Кыргыз эли байртадан бери философиялык теория түзүп кагаз беттерине түшүрбѳсѳ дагы, терең ойчул улуу философиялык терең сѳздѳрдү сактап келген эл блгон.. Байыркы арабдар калькага жзып келсе, гректер чопого жазса, кыргыздар алмадай башка, андан барып ташка жазып келген. Биринчи алмадай баштын ичине, андан барып оозеки накыл кептер менен салттуу макал-лакаптарды оозмо-ооз, атадан-балага берип келгени тарыхый чындык. Совет бийлиги орногондон тарта Кыргыз Республикасы СССРдин курамында болуп, советтик интелегенциянын катарындагы мыкты адамдар: илим, билим, маданият, адабият жаатында мыкты адамдарыбыз ѳзүлѳрүнүн чыгармаларын жаратып, философиялык терең ойлорду камтыган ойло рун айтып да, жазып келген анык. Ошондойлордун бири Касым Тыныстанов ѳзүнүн «Акедемиялык кечелер» деген драмалык чыгармасында философиялык ойдо 2 суроо койгон: Биринчиси – Биз кимбиз?, экинчиси – Ким болдук? – дегенге жооп берип,бербей репрессиянын (1937 ж.) курмандыгы болду. Кийин бул К.Тыныстанов койгон 2 суроого, дүйнѳгѳ белгилүү атактуу жазуучубуз Ч.Айтматов «Ак кеме» деген чыгармасы менен жооп берди. Биринчи суроо – «Ким элек?» дегенине чыгарманын бир каарманына Момун деп ат берди, экинчи суроосу «Ким болдук?» деген суроосуна жооп катары ушул эле аты аталган чыгармасындагы каарманы Ороскул (Орус кул) деп ат берип, келечек турмушту, жашоону үмүт менен караган жашоонун ѳзү «Нур» деген улуу философиялык ой менен жаш каарман баланын атын Нургазы деп атады. Улуу жазуучунун улуу философиясы лениндик саясаттын тушунда кандайча ишке ашканы унутуп коюшка болбойт. СССРдин курамында Кыргызстанда эмне деген секириктер болгону, айрыкча маданият, адабият, илим, билим, медицина, айыл чарба, тоо-кен тармагында щркүрѳп ѳскѳнүн ким танат. Ошондойлордун бири илим тармагында тарыхтын башатында турган Кыргыз Энциклопедиясы кандай гана олуттуу иштерди жасабады.

Эң мурун, энциклопедия деген эмне жана Кыргыз энциклопедиясынын жаралуу тарыхына кыскача токтолуп кетейин. Энциклопедия бул илим, билимдин тармактары боюнча маанилүү маалыматтарды камтыган илимий – популярдык адабият болуп эсептелет. Илимдин бардык тармагын камтыган универсал энциклопедия, бир тармакты камтыса тармактуу, ал эми ѳзүнчѳ бир аймак жѳнүндѳ болсо аймактык энциклопедия деп аталат. Терминдер бат таап окууга ыңгайлуу болуш үчүн кѳбүнчѳ алфавит тартиби боюнча жайгаштырылат. Алгачкы кѳп томдуу энциклопедиялык сѳздүк 1751-80-жылдары Францияда Д.Дидро менен Ж. Д- Аламбердин редакциясында чыккан. Кийин Европанын ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрүндѳ, анын ичинде Россияда жарык кѳрѳ баштаган. Совет мезгилинде «Большая Советская Энциклопедия» баш болгон бир топ энцилопедиялар жаралып, орус тилинде чыгат. 1960-жылдары СССРдин азыркы Балтика боюндагы Союздук Республикалар - Латвия, Литва, Эстония: «Эмне үчүн биз ѳз тилибизде – Улуттук Энциклопедиябызды чыгарбайбыз» деп, КПСС БК менен СССР Министрлер Советине маселе коюшат. Ошондон кийин КПСС БК менен СССР Министрлер Совети «Союздук республикаларда ѳз эне тилиңерде Улуттук – универсал энциклопедия даярдап чыгаргыла» деп, токтому жарыяланат. Кыргызстанда «Кыргыз Совет Энциклопедиясы (КСЭ)» аттуу кѳп томдуу Улуттук – универсал энциклопедиясын даярдап чыгаруу үчүн 1968-жылдын 19 мартындагы Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитети менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин атайын токтому менен, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын алдында Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы уюштурулат. Энцилопедияга башкы редактор болуп Илимдер академиясынын президенти Курмангалы Каракеев, орун басарлыгына академик Жумагул Алышбаев бекитилет. Ошентип энциклопедияны кыргыз тилинде даярдоонун башталышында катуу талаш-тартыштар болот. Айрымдары техникалык илимдерди кыргызча жазууга болбойт, ошол себептен азырынча токтото туралы, чыгаруу мүмкүн эмес дегендер чыкты. Анткендин бир себептери да бар, ал кезде кыргыз улутундагы илимпоздорубуз азыраак эле, болгондору илимий иштерин орус тилинде жүргүзѳ турган. Мына ушундай кыйын шартта энцилопедиянын иши башталып, Ж. Алышпаевдин уюштуруучулук эмгеги зор болгон. Илимдер академиясынын ичинен адамдар тандалып алынып, редакциялык коллегия, илимдердин тармактары боюнча редакциялык кеңештер түзүлгѳн. Редакциялык кеңештин жардамы менен тез арада терминдердин тизмеси түзүлгѳн жана китепче болуп басылып чыгып, кѳпчүлүктүн талкуусуна коюлган. Мына ушундан кийин гана макалалар илимпоздор, адистер тарабынан жазылып баштаган. Билимдүү адистер энцтклопедияда эмгектенүүгѳ чакырылган. Алгачкы энциклопедиянын томдорду чыгарууда бир жыл аралыгында катуу киришип, жигердүү иштер жүрүп жаткан учурда Ж. Алышпаев каза болуп, башкы редактордун орун басары болуп, илимпоз тилчи Бейшегүл Үмѳталиева келет. Кийин 1973-жылы философия илимдеринин доктору Асанбек Табалдиевдин келүүсү менен, ага Башкы редактор орун берилип, орун басарлыкка адабиятчы, жазуучу Салижан Жигитов бекитилет. КСЭнин 1-тому даярдалып, Башкы редакция уюшулгандан 6-7 жыл ѳткѳндѳн кийин 1976-жылы жарык кѳрѳт. Андан бир жыл мурда 1975-жылдын аягында А. Табалдиев каза болуп, анын ордуна тилчи, академик Бүбүйна Орозбаева келди. Бул эженин жетекчилиги менен КСЭнин калган 5, 6 – тому 1980-жылы жана КСЭнин Кыргыз ССРине арналган атайы тому чыкты. Кыргызчасы 1982-жылы, орусчасы 1983-жылы жарык кѳрдү. Энциклопедия чыгаруу канчалык түйшүктүү жана татаал иш экендиги КСЭни даярдап, чыгарган 12 жылдан ашуун убакыт кеткени кѳрсѳтүп турат. Баса айта кетчү сѳз, Башкы редакцияда орто эсеп менен 10дон ашык тармактык редакциялар бар, аларда 150 дѳй илимий редактор эмгектенген. Ар бир томго 600-700 дѳн авторлор катышкан. Бул 6 томдон турган жыйнакта 30 миңден ашык терминди ичине алган илим-билимдин бардык тармагын камтыган жалпы макалалардан сырткары кыргыз элинин ѳткѳндѳгү тарыхы, экономикасы, маданияты, салт-санаасы кеңири чагылдырылган. Улуттук-универсал энциклопедиянын биринчи жолу кыргыз тилинде жарык кѳрүшү, кыргыз элинин маданий – турмушундагы зор тарыхый окуялардын бири катары жалпы окурмандар жылуу кабыл алынган. Комчулук жогору баалагандыктан «Кыргыз Совет Энциклопедиясы» 1984-жылы Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Ошо кезде алардын астында чоң маселе турган: Башкы редакцияны кантип сактап калуу керек? - деген. Иш-тажырыйбалары мол, Кыргызстандын ѳзүнүн энциклопедистери даяр болду. Универсалдуу Энциклопедиядан башка, тармактык, аймактык да болушу мүмкүн болгон. Ошондо колго алып, илимдин тармагы боюнча кеңири түшүнүк берүү үчүн же аймактардын чакан бир томдук энциклопедияларын даярдап чыгарууга киришкен. Натыйжада мектеп программаларына ылайыктап окуучуларга арналган Адабият, Математика, Физика, Кыргыз тарыхы, Ботаника, Зоология, чакан түшүндүрмѳ сѳздүктѳр андан башка Айыл чарбасы, Ден соолук сыяктуу чакан энциклопедия, аймактык энциклопедиялардан – Ысык-Кѳл областы, Чүй областы, Ош областы, Талас областы ж.б. маалыматтама китептер жарык кѳргѳн. З.Бейшеевдин эскерүүсүндѳ: «Манас энциклопедиясы» жѳнүндѳ, жамаат Энциклопедялардын бардык түрүн чыгарып, такшалып калган учур. Орусча «Лермантовдун», украина тилинде «Шевченконун» дагы башка оригиналдуу энциклопедиялар чыгып, Москвага барганда кѳрүп калдым. Ошондо, эмне үчүн «Манас» эпосунун чыгарууга болбойт, деген мага ой келди. Башкы редактор Б.Орозбаева эжеге айтсам, колдоду. Большая Советская Энциклопедиянын редактору менен сүйлѳшсѳк, «бул абдан керек», дешти. Бирок, Илимдер академиясынын кызматкерлери: «болбойт го, анткени кѳп маселелер тактала элек» деп, адегенде кѳңүлсүнбѳй коюшкан. Кийин бул жамаат, «болот» деп, Манас редакциясын уюштуруп, ишти чамдатып, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арнап чыгарып жибергенбиз» - дейт. «Манас» адабий фольклордук илимий маалыматтама китеп катары дүйнѳлүк тажырыйбада биринчи болуп кыргыз тилинде жарык кѳрдү. Эки томдон турган бул энциклопедия дүйнѳ эпосторунун ичинде теңдеши жок «Манас» эпосунун негизинде түзүлүп, эпос боюнча толук маалымат берет. Энциклопедияга 300 ашуун термин (макала) камтылып, 400 дѳй сүрѳт менен иллюстрацияланган. Энциклопедияны жаратууга 200 дѳй автор катышкан. Алардын ичинде: Москвадан, Түркиядан, Казакстандан болгон. Эң башкысы, бул энциклопедия 1998-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болот. 2008-жылы 21-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгып, анда Кыргыз тилинде 8, орус тилинде 4 томдон турган «Кыргызстан» Улуттук-универсал энциклопедиясы даярдалып, чыгарылсын» - деп кѳрсѳтмѳ берилген.

Айтып кете турган нерсе, Президенттин жарлыгына ылайык, кѳрсѳтүлгѳн орус тилинде чыгуучу 4 томдуктун ордуна, Кыргызстанга гана арналган атайын том кыргыз гана тилинде эки китеп болуп чыкканы жатканы белгилүү эле. Азыркы кезде, элге жеткирүү жана жарык кѳргѳн энциклопедиялардын кийинки абалында, универсалдуу терминдер, илимдин принциптерине ылайык: адам баласынын тарыхы, кѳрүнүктүү ѳкүлдѳр, аалам түзүлүшү, дүйнѳлүк болуп жаткан мамлекеттердеги процестер, жан-жаныбарлар, ѳсүмдүктѳрдүн түрлѳрү, илимий-техника, компьютердик терминдер колдон келишинче иштелип, киргизилди. Мурдагыга караганда кыргыздардын жергиликтүү материалдары 50 пайызга кѳбѳйгѳн. «Тармак энциклопедияларын» жаратууга канча деген аракеттер жумшалган. Алар басып ѳткѳн алгач күндѳр, КСЭнин даярдаганда энциклопедиялык терминдерди табалбай кыйналдыгы, кийин жылдарга караганда бир канча такшалып калган, энциклопедиялык сѳздүкдѳктѳрдү ѳз деңгээлине кѳтѳргѳнгѳ жетишткендиги анык экенинен кабарым бар эле. Ага далил, «Терминдердин түшүндүрмѳ сѳздүгү» кѳп нускада басылып, мектептерге чейин таратылганга жетишкен. «Тармак энциклопедияларынын» 19 түрү: Кыргыз географиясы, Кыргыз тарыхы, Кыргыз тили, Кыргыз адабияты, Саясат таануу, Физика, Химия ж.б. маалыматтамаларды чакан нускада басып чыгарып, электрондук версияларын республикалардын район, шаарларынын мектептерине, Жогорку окуу жайларына чейин жеткирилгени. Алфавиттик томдордун даярдоонун аяктоону толугу менен кыргыз Республикасына арналган атайын томду даярдоо үчүн авторлорго тапшырылып жаткан, мына ушуга кѳчмѳндѳрдүн тарыхынан баштап бүт материалдар кирмек.

Мына ушундай энциклопедияны жаратууга катышып, иштеп, Быйыл буюруса 7 – том - «У, Ф, С» тамгалары чыгат, 8 – том «Т» дан «Я» тамгаларына чейин даяр болуп калганы, 2015-жылдын аягында жарык кѳрѳт деп турган килтейген ишкана жабылып калды. Ѳкмѳттүн шылтоосу, акча каражаты кайноодо дегени. Оңго-солго кетип жаткан бейтарап «акча» кыргыз элине канча деген илимий эмгек кылып келген Кыргыз энциклопедиясына келгенде табылбай койгону, кызык суроону жаратпай койбойт. Балким Жаңы ѳкмѳт үзүрлүү эмгектенип келген Кыргыз энциклопедиясынын жамааты ушуга чейин иштеп, 5 тармактык редакция: География, геология жана экономика редакциясы; Так жана табигый илимдер редакциясы; Тил, адабият жана искусство редакциясы; Тарых, философия жана саясат таануу редакциясы; Адабий кѳзѳмѳл жана жыйнактоо редакциясы эмгектенип жаткан жамааттарын кѳп жылдык эмгектери жана келечегине ѳкмѳт тарабынан тереңирээк илимий мамиле жасашар. Улуттук энциклопедиянын даярдоого республикадагы белгилүү окумуштууларды жана коомдук ишмерлерди камтыган 30 кишиден турган редакциялык коллегия, илим тармактары боюнча 200 адисти камтыган 27 редакциялык кеңеш кѳмѳк кѳрсѳтүп жаткан учурда жоюлуп калууда.

Ал редакциялар макалаларды авторлордон алып, жазылгандардын бардыгын ѳзүлѳрүнчѳ редакциялап, текшерип, жер-желерге ылайыктап топтоп басмага бергенге чейин жогорку жоопкерчилдикте даярдашып, кѳзѳмѳлдѳн ѳткѳрүшкѳн чоң жамааттын иши бүгүнкү кѳңүл сыртында калып, жоюлуп, тарап отурат. Бул жагынан, Жаңы ѳкмѳт жана илимий чѳйрѳ дагы тереңирээк ойлонор деген коомчулукта ой жаралууда. 2008-жылы Кыргыз Энциклопедиясына ѳкмѳт тарабынан жакшы кѳңүл бурулса, арадан 8 жыл ѳтүп, ѳтпѳй быйыл, 20016-жылы бул ишкана уюмунун жоюлуп кетиши коомчулук жана илимий чѳйрѳдѳ ар кандай ойлорду жаратууда.

Каржы маселесине шылтоо кыла турган болсо, жоё турган кайталанма толгон токой ишкана, уюмдар четтен чыгат, ошолорду жою керек. Ал эми бүтүндѳй кыргыз элине, илимине кызмат кылып келген жана кыла бере турган Кыргыз Энциклопедиясы кайра калыбына келтирүү керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды

Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Нет аватара
KadyrovIsmail1951
17:02, 21 октября 2016
Кандай болбосун Кыргыз энциклопедиясын сактоо керек. Анткени ал кыргыз элинин жүзү, туу, герб сыяктуу эле атрибуттарынын бири. Энциклопедиясы жок эл, илим-билимден кем эл.
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь