Добавить статью
11:54, 7 апреля 2020 28815

Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары

Тарыхта кыргыздар узак кылымдар бою, жакынкы жүз жылдыкка дейре көчмөндөрдүн маданиятын алып келген эл болгондугу маалым. Ошондуктан кыргыздарда социалдык жардамдын салттуу формалары абдан жакшы өнүккөн. Аны азыркыга чейин сакталып келе жаткан айрым үрп-адаттардан, андагы азыркы социалдык кызматтын көптөгөн элементтеринин кезигишинен даана байкоого болот.

Кыргыздарда «жетимди асырап алуу» салты жетимдерди колдоо жана коргоо боюнча маселелерди чечүүнүн эң натыйжалуу жолу болгон. Асырап алуучулар өз ыктыяры менен баланын биологиялык ата-энеси аткара турган жоопкерчиликтерди толугу менен өздөрүнө кабыл алышкан. Асыранды баланы эмизүүдөн кеч калса да, анын өзү эмизген балдары менен тең экендигин билдирүү максатында асырандыланып жаткан баланы асыроочу эне эмизгендей түр көрсөтүп, ырым-жырым аткаруусу керек болгон. Баланын ата-энеси тирүү болсо, алардын макулдугу менен гана аны багып ала алган. Багып алган ата асыранды балдары үчүн өз балдарынын даражасындай эле өлчөмдө кун (штраф) төлөгөн жана ала алган. Өткөн убакта кеңири таркаган бул адаттын кеңири колдонулушунун негизги себептери: аялдын төрөбөстүгүнүн учурлары, көп балалуу үй-бүлөлөрдө турмуштун оордугу, үй-бүлөлүк-туушкандык байланыштардын бекемдигин чыңдоо ж.б. Кыргыздар көпчүлүк учурларда эң жакын туугандарынын уулдарын (бир тууганынын уулун, өзүнүн небересин, жээн небересин) асырап алышкан. Улгайган адамдар чарба иштерин кылуу колунан келбей калгандыктан же мураскери жок болгондуктан бала асырап алууга муктаж болушкан. Үй-бүлөгө жаңы кабыл алынган бала үй чарбасын жүргүзүүгө, жаңы ата-энесин урматоого милдеттүү болгон.

Атасы өлгөн жетимдерге анын жакын туугандарынан бири атасынын ордун толуктап, опекун катары чогуу көчүп-конуп жардам кылышчу. Эгер анын жакын тууганы опекун болууга жарабаса, анда урук-туугандын талабы менен бий же аксакал наристе баланы башка тууганынын колуна тапшырган. Бирөөнү камкорчу опекун (камкорчу) болуп берүүгө чакырууга аялдар да укуктуу болушкан, ошондой эле эгер эркек тууган чыкпай калса, аялдар да опекун катары санала берген. Тууганчылык жагы болбосо да, өлгөн адамдын укугун коргоп, ага болушкан адам да опекун катары дайындала алган.

Көчмөнчүлүк турмуштагы жамааттын мүчөсү болгон жетим балдардын укуктары жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар өзү таандык болгон уруу-уругунан каалаган убакта коргоо таба алган. Анын жосундуу жоруктары жана кылган кылмышы үчүн урук-туугандары жооп берген. Эгерде жетимдин атасынын уругу жок же алсыз болсо, анда жетим бала энесинин уругунун коргоосу менен пайдалана алган. Бирок, эгер ал бала киши өлтүрсө, кунду анын энесинин эмес, атасынын уругунан доолашкан. Ал эми атасыз төрөлгөн бала энеси таандык болгон уруу-уруктун курамында деп саналган.

Көчмөнчүлүк заманда жесирлерди (күйөөсүз, бага турган адамы жок аялдарды) колдоо жана коргоонун да анык бир жолдору болгон. Алар карыялар менен жетимдер сыяктуу эле уруктук жамаатта социалдык коргоого муктаж адам катары эсептелишкен. Кыргыздардын салттуу коомунда көпчүлүк учурда жесирлерди социалдык, финансылык жактан камсыздоо маселеси левират салты (аялдын өлгөн күйөөсүнүн бир тууганына турмушка чыгуу милдети) менен чечилип турган. Мында эгер күйөөсү өлүп калса, анда салт боюнча агасынын аялын иниси алар эле. Бул үрп-адат адамдар жесир калган аялды жетим балдары менен жалгыз калтырбоону жана өзүнүн тамырларын өз уруусунда сактап калууну каалашкандыктан улам келип чыккан. Мындай адаттын зарылчылыгы көчмөнчүлүктүн шартында жалгыз адамдын жалгыз жашап кетүүсү мүмкүн эмес экендиги менен да түшүндүрүлөт.

Көчмөн кыргыздарда урук-уруулук жамаат жардамга муктаж болгон үй-бүлөгө, тагыраак айтканда, жетим балдар менен жесир аялдарга тамак-аш азыктары жагынан ар дайым жардам берип турушкан. Эгер жесир аялдын балдары эр жетип чоңоюп, үй-бүлө куруп, өзүнчө бөлүнүүнү каалашса, аял эң кенже уулу менен жашап калган. Ал эми мал-мүлктү бөлүштүрүүдө, адат боюнча жесир аялдын канча уулу болсо, ошончо бөлүккө эне үчүн да бир үлүш кошулуп бөлүштүрүлгөн.

Тарыхта карыяларга кам көрүү милдети да ар бир көчмөндүн парзы катары саналган. Салт боюнча, улгайган ата-энесине кам көрүү милдети алардын балдарынын моюнунда болгон. Эгер бечара улгайган атанын же эненин эркек уулдары жок болсо, ал күйөө баласынын уруксаты менен өзүнүн кызынын үйүндө жашай алган. Айрым учурларда баласыз адамдар өзүнүн карылыгын камсыздоо максатында мурунтан бала асырап алып, тарбиялап өстүрүшкөн.

Кыргыз коомунда карыяларга кам көрүү иши чоң көйгөйгө айланта турган маселе болгон эмес. Анткени кыргыздардын маданиятында адамдын жаш өткөн сайын руханий жактан өсүп туруусуна жана ошол себептен улгайгандардын даанышмандыктын жогорку даражасына жеткендигине ишенишкен. «Кары келсе ашка, жаш келсе ишке», “Сен сыйласаң карыңды, Кудай сыйлайт баарыңды”, “Карысы бардын ырысы бар”, “Кары - үйдүн куту”, “Карысы бар үйдүн карааны бар”, “Кары бар жерде касиет бар” деп, карыяларды өтө урматтап сыйлашкан жана «карынын кебин капка сал» деп, улгайган адамдардын турмушта көргөн тажрыйбаларын угуп, сабак алууга кызыгышкан. Ушундай эле “Карыдан бата алса өмүрү узарат” деп ишенишкен.

Үйлөнүү тойлору, сөөк коюу сыяктуу тигил же бул расимдерде, же ажырашуу, мүлк бөлүштүрүү сыяктуу ж. б. маселелер келип чыкканда, адамдар карыялардын пикирине ылайык иш жүргүзүшкөн. Карыяларды «улуттук салтты тирүү алып жүрүүчүлөр» деп эсептешкен. Карыяларга «аксакал» деп, «апа» деп кайрылышып, сыйлап турушкан. Ошондуктан кыргыз карыялары канчалык карыса да, өздөрүн активдүү алып жүрүшкөн жана өз өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин сый-урматтын үстүндө жашашкан.

(К. Молдожунусовдун магистрдик диссертациясынан үзүндү. – Бишкек: БГУ, 2019)

Колдонулган адабияттар:

1. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/ Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. – Бишкек, 1999.

2. Н.И. Гродековъ. Киргизы и каракиргизы Сыръ-Дарьинской области. т. I. Юридическiй бытъ. – Ташкентъ, 1889.

3. Орозалиев Э.С. Философия социальной работы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-04-2023
Бейдаба ырчынын белгисиз баяны (Матыбрайым Султанбаев жөнүндө)
28336

07-04-2023
Айт майрамында кыз куумай жана улак тартуу оюну ойнолгон
31901

25-08-2021
Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар
47701

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
43554

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
31080

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
23823

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
52918

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
41425

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
77765

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
34564

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×