Добавить статью
4:47, 30 мая 2011 18135

Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?

Тарыхтарга караганда эл каратып, жер каратамын деген күчтүү элден качып, түркмогол элдери Орхон, Алтайдан Орто Азияга нечен мертебе сапырылып келгек. Ошол келген элдер сыяктуу Енисей дарыясынын өзөнүнүн Тянь Шанга мезгил-мезгили менен келип турганы тарых боюнча маалим болду. Маселен:

1. Биздин эрадан 200-жыл мурун гунлар менен согушуп жеңилип, Тянь Шанга келип, Ысык-Көлдү орда кылып турган усун кыргыздарын жогоруда көрдүк. Бул 120 миң үйлүү усундар келбестен мурун, бул жерде «сак» эли туруп, аларды усундар күн батышка сүрүп жиберген. Сактын калган саркындысы азыркы кыргыз арасындагы саяк уругу. Усундар кыргыздын эл бийлеген уругунан болуп, мамлекети Кыргыз мамлекети болуп аталган.

2. Котон тоолорунда «булу» деген кыргыздар туруп, кийин биздин эрадан III кылымында Аксуу, Турпан чөлкөмүнө келип юрношкон. Булардын келгенине караганда, Аксуу, Турпан өлкөсүндө мурунтан кыргыз бардыгы этимал, эгерде жок болсо усун кыргызынан четтеш турмак үчүн келсе керек.

3. VIII кылымда Чүй боюнда карлук түрктөрүнүн нчинде асык, күчүк деген эл турган. Азыр да кыргыз ичинде асык деген урук бар. Анын ичинде майда уруусу күчүк деген бар. Аз уругу кыргыз болбосо да кыргыз менен жакындашып бирлешип турганы  VIII кы­лымдын башындагы орхон түрктөрүнүн кыргызга ч буул кылганынан көрүндү. Карлук менен Энисей кыргызы өтө катыштуу болуп, хандары кыз алышы сөөктөшүп турган.

4. IX кылымдагы «Дивани түрктүн» автору Махмуд Кашкарынын айтуунда кыргыз Тянь-Шань чөлкөмүндө болгон.

5. Орхон, Алтайдан бүткүл түрк тукуму Орто Азияга X—XI кылымдарда келген. Радловдун кабарында ушулар менен кошо кыргыздар дагы келген. Буга бир далил; Энисейдеги кыргыздын улук мамлекет аныгы— кыргыз деген сөз. Чынгыз хандын заманына жете билинбей калат.

Кыргыздын улук мамлектинин доорунда күн батыш Кытайдын Үч-Турпаң, Аксуу өлкөлөрү кыргызга тийиштүү болгон. Демек, ал жерде кыргыздын барлыгы билинет.

6. XII кылымда Ферганага келген араб тарыхчысы Идристин жазуунда «Килкиз» бар деп жазган. Жана Ферганадагы кыпчак жана болгарлар бар деген. Мидендровдун айтуунда ал чакта кыргыздын турган жери Балкаш менен Арал көлдөрүнүн арасында турган дейт жана Өзгөн (Азаркент) менен Кашкар ортосундагы тоолордогу элдин баатырлыгын айтып, анда кыргыз бар деген.

7. Чынгыз хан заманында Энисей кыргызынын үч бөлүгү Тянь-Шаанга келип турган.

8. Кытай кабарыңда 1259-жылы күн батыш Тянь-Шанда (азыркы турган жеринде) кыргыз барлыгы билинет. Амир Темир заманында Тянь-Шанда, Ферганада жана Синцизианда кыргыз барлыгы билинбейт. Кебетеси, кыргыз ал кезде саясы жагынан өтө күчсүз болуп, башка элдин кол алдында турса керек. Амир Темир заманында жалгыз гана кыргыз эмес, жогоруда айтылган өлкөлөрдө «эл атагу» эч бир айтылбайт. Айтылгандан хан, бек, амир гана айтылат. Башка урук атагына эч сөз жок.

9. Эгерде ойроттун ханы Өзгөчү Кашын анык кыргыз болсо, ойроттор Орто Азияга чабуул жасаганда (1408-жыл) кыргыз кошо көчүп келмеги этимал. Бирок анчалык тарыхта көрүнбөйт. Бартольд 1506:жылындагы Ысык Көлдө турган Мухамбеткайдар баштык кыргызды гана айтып, Орто Азиядагы башка кыргыздан кабар бербейт. Маселен, 1505-жылында Ферганада Кожент менен Кокон айланасында кыргыз, кыпчак жана миң элдери көчүп жүргөн, Демек, Тянь Шанда кыргыз бир сапарда гана келбестен, биздин эрадан 200-жыл мурунтан башталып, этимал 1408-жылга чейин эки ортодо мезгил-мезгил менен келип турган. (1700-жылы калмактардын айдап келип таштаган кыргыздардан чачырап кошулгандыгы эсепке алынбайт).

Аныгы: тарыхтар боюнча кыргыздын Тянь-Шанга эң соңку келгени Чынгыз хан заманы (1207-жыл) деп айтууга мүмкүн.

Тянь шань кыргыздары саясы жагынан жалгыз XVI кылымдын башындагы Ысык Көлдөгү Мухамбеткайдар болбосо, эң кубатсыз болуп, башка элдин кол алдында турса керек. Андай болгон чакта букара болуп башкага карап турган элдин атагы тарых жүзүндө көп убакта жазылбай калат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
21000

05-07-2011
Жаңыл мырза
60052

20-06-2011
Энисей кыргыздары
15814

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
15560

15-06-2011
Тагай тарыхы
19405

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14668

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20078

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
21424

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
15162

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
14831

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×