Добавить статью
8:27, 6 июня 2011 15376

Чынгыз хан заманындагы кыргыз

«Адам жана жер», («Человек и земля») деген орус тарыхында Чынгыз хан64 өзү түрк болгон дейт. Мусулман тарыхында65 айтылганы: мурунку угуз түрк хандары насилинен кыят аталып, биздин эранын 794-жылында Кытай жери Шамадо тиричилик кылып жүргөн бир түрк уруусу монголдордун арасына келип, аларды бийлеп келген. Бул тукумдан келе жаткандар ар түрлүү элди бөлүп алып сурап келген. Чынгыздын бабасы Бартан баатыр менен бир тууган Хотоло хан заманында, XII кылымдын ортосунда "(11506061-жылдарда) бул монголдор Кытай императорун коркутуп турган. Чынгыздын атасы Есугей баатыр заманында бул кубаты кемиген. Мунун колунда бир нече уруу ээ гана калган. Булардын көчүп жүргөн жери Онон суусунун бою болгон. 1162-жылында (жылкы жылында) ушул Онон суусунун боюнда Дилгун Булдак деген жерде Есугейдин катыны Олан бир эркек бала тууп, атын Темучин койгон. Бул бала 13-жашында атадан жетим калып, өгөй атасы Миңлик менен дин баштыгы Көкчөнүн тарбиясында чоңоюп, жардылыктан энеси жана үч-төрт жаш инилери менен балык жеп оокат кылып жүргөн. Эр жеткен чагында мунун кайраттуу экенин билип, Кытай каханы колго түшүрүп кетип, анда 10-жыл чамалуу туруп калып, акыры качып кутулган. Келген соң түрк-татар, могол элдери менен согушуп баарын жеңип, 1206-жылы (барс жылы) өз кол алдына 46 уруу элден курултай чакырып (мында кыргыз болбосо керек), Жеңгис хан (истинный Непобедимый, жаки Чын Угуз) атак алган Чынгыз канкор 1207-жылында (коён жылы) мага карасын деп, кыргызга элчи жиберген66. Кыргыз ал кезде Энисейдин башында болгон. Кыргызды кахан эмес, улугунун титулу «инал» болгон. Не да болсо инал титулу кагандан төмөн, кебетеси ал чакта кыргызда эки инал болуу керек. Бири — Еди инал, экинчиси Урус инал, Чынгыз канкор бул эки иналга элчи жибергенде алар макул алып, Чынгыз ханга карамакчы болуп элчилерине кошуп эл

жиберген. Бир кабарда кыргыздын элчилери эки киши, бир кабарда үч киши болгон. Тартуусунун баштыгы көзү ак, ак шумкар болгон. Ю. Аншенин тарга хинде кыргыздын  жеринде ак жана кара шумкар.

64:  Человек и земля, 1907. Элюзе Реклю.

65:  Истор. Түрктатар, 1915, стр. 32.

66:  Абулгазы хан. Тарых, шежире түрк. 1891, стр. 56.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
21156

05-07-2011
Жаңыл мырза
60354

20-06-2011
Энисей кыргыздары
15980

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
15728

15-06-2011
Тагай тарыхы
19596

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14862

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20316

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
21578

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
15024

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
18312

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×