Добавить статью
4:35, 18 августа 2011 21131

Кыргыздын зор мамлекети

Кыргыздын Моголияны каратып алгандыгы тарых жүзүндө кем-кем болуп саналат (Орто Азияда). Себеби, күн батыштан күн чыгышка карап, эл агартуу сейрек болуп, көбүнчө күн чыгыштан күн батышка карата толкун болуп турган. Кыргыздын ханы уйгурду жеңген соң анын Орхондогу борборуна турбастан Лоошан, жаки Думан деген тоону ашып келип, уйгурдун борбор шаарынан алыстыгы атка 15 күндүк жерге келип турган. Мындан соң кыргыздын согушу тууралуу кабар Кумдак Чөлдүн күн жагына 70 миң аскер менен келип, жоосун жеңип, көп уйгурду алып, ханы кайта өзү турган жерге кетиптир дейт.

Кыргыз падышасы уйгурду каратып алган соң, уйгур хандары сыяктуу жана мурунку Угуз заманындай болбостон, Кытайдын ал замандагы Таң насли менен болгон хандары менен жакындаша баштаган. Кыргыздар уйгурдун борбор шаарын каратып алганда андан Кытайдын падышасынын Тайхи деген баласын таагс алган да, аны кайтадан Кытайга сакчы менен жөнөткөн. Жолдо кетип бара жатканда уйгурдун Өгөө деген ханына кабылып калып, анын колунан 843-жылында бошонгон.

Кыргыздын ханы Кытайдын Лилин деген династиясынан саналып, өзүн ушул Кытай падышасынъш уругу Тан менен насилдеш деп билген. Демек, Тан насилинен Лилин таралган. Кытай падышалары биринчиден кыргыз менен жакындашып кетишке умтулса да, бирок 347—859-жылдарда император болуп турган Суан Тизун: Кыргыз өзү аз журт, булар Тан насли менен сөөктөшүүгө тең боло албайт дегенде, муну чоң төрөлөрдүн кеңеш коллегиясына тапшырган. Коллегия кеңешинде уйгурлардын кудуреттүү чагында аларга грамота белги кат берип турдук. Биздин бактыбызга алар эми жыгылды, эми кыргызды күч алдырыштын кереги жок деп, кеңешин кубулткан. Ошондой жароосуз бүтүм чыгарса да, кыргыздар Кытай менен катышып турган. И Таун императордун заманында (860—880-жылдар) кыргыздар үч мертем Кытайга элчи жиберген.

Уйгурду жеңген кыргыздын ханы өзү жеңген биринчи душманы Өгөө өлгөн жылы 847-жылында өлгөн. Таңшу тарыхында кыргыздын ошол өлгөн ханынан соң хан болгондугун жана анын мансабын айткан, бирок алардын кандайча болгондугунан кабар бербейт. Кыргыздын зор мамлекети жөнүндө Кытайдын берген кабары өтө аз. 1ХХ кылымдардагы Орто Азия кабарын мусулман тарыхчылары дагы жазган. Маселен, Ирандын XI кылымдагы Гардизи деген тарыхчысы Орто Азияны аралап, кыргызга кеткен жолдорду жазып көрсөткөн. Мусулман менен кыргыздын катышып турганын кытайлар дагы айтат. Анын айтуунда кыргыз мамлекети Дашу (Тажик), Араб, Карлык, Тибет менен жакшы байланышып турган. Араб жеринен кыргызга ар үч жылда 20 төөгө жүк, мал келип турган. Малдын баары алтындаган жибек, бул болгон. Кээ бир чакта 24 төөгө жүк келүүчү эле дейт. Таңшу тарыхында кербендин кайсы жол менен жүргөнү айтылбаса керек. Кыргызды араб, тибет, карлык элдери менен байланышып турган деген кабарга караганда, Орто Азиянын күн батыш четинде болгон согушка кыргыз катышпаса керек.

Гардизинин XI кылымдагы тарыхынан башка, аты жазылбаган бир тарыхта иранча жазылып, «Аалам чеги» деген ат коюлуп, мусулманча 372-жылда, бизче 982—983-жылдарда жазылган. Бул тарыхты Туманский деген орус 1892»жылында Бухарадан таап алып бастырып чыгарган. Ушул себептен Туманскийдин кол жазуусу деп атак берген. Мунун кабарына караганда кыргыздар Тогуз Угуздун түн жагына гана четтеш болбостон, күн батыштан көрчүлөш болгон. Ушул тарыхта Пенчул шаары тууралу айткан. Бирок анын кайсы жерде болгондугу көрсөтүлбөгөн.

Кытай тарыхында Вень Су жерин текшере келсе, азыркы Үч Турпан болот. Бул шаар да Карлык областында болуп, андан мурун Тогуз Угузга карап туруп, эми айы кыргыз ээлеп турат деген.

Арабдар Тогуз Угуз менен Карлуктардын согушун басат. Мурун Тогуз Угуздар жеңип туруп, булар качан Маниний динине киргенде Карлыктар жеңген. Жана Туманскийдин кол жазуусуна караганда Тогуз Угуздун бир уругу Ягмадан Кашкар менен Жети Суунун жартысын тартып алса керек (Нарындын күн , жүрүшү).

Кашкар тууралу мындай дейт: Кашкар шаары Ягма облусу Кыргыз, Кытай жана Тибеттин чеги болгон.

Туманскнйдин кол жазуусунда кыргыз мамлекетинин чеги дурус белгиленбеген. Кыргыз тууралу айтылганы: кыргыздын күн жүрүшүндө Тогуз Угуздан башка Карлуктун жартысы болгон. Бирок Карлуктарды текшергенде анын чектеш элдеринин арасында кыргыз айтылбайт. Айтылбаса да кыргыз өзүнө чектеш эл Жети-Сууда турган (түн жак Кыргызыя), Токсуу менен Чигелейдин арасында болгон.

Чигелей Ысык Көлдүн түн жак жээгинде турган. Түргөч элинин уругунан саналган токсуулар Чүй боюнда турган. Азилер түргөктүн бир уругу болгон.

Ошондой кабарларга караганда кыргыздын зор мамлекети болуп турган чагында мамлекетин күн чыгыш, күн батышка чоюп кеңигени көрүнөт. Бирок. кандайча кеңигени жана кайсы жылдарда болгону эч кабарсыз. Туманскийдин кол жазмасындагы «эми» деген сөзгө караганда тарыхчынын берген кабары — кыргыз зор мамлекетинен ажырабастан дегени — көп мурунку кабардан алса керек. Кыскасы, кыргыздын башка эл менен кандайча байланышта болгондугу айтылбаган. Таншунун тарыхына караганда арабдан кыргызга барган бул жол Күча менен Бейтинден (Беш Балык) барып турган, Бул кабарга караганда кыргыз менен уйгурдун арасы келишпесе керек. Когоруда айтылган Гардизинин сөзүнө караганда Тогуз Угуздан кыргыз ханына бара турган жол — кыргыз ханы Көгмөн жаки Саян тоосунун түн жагында кыргызга бара турган жол жалгыз ушул. Арабдар Тогуз угуз менен Карлуктун түн жагында кыргыз болгон деп билген, дагы кыргызды түн жак күн чыгыштын эн четинде турат деп санаган. Арабдардын билүүнчө кыргыз мамлекетинин күн чыгышы Мухит деңизи болгон.

Ислам мамлекеттеринен эки жол жүрүп, биринчиси Сыр дайранын аягынан, бири Таластан (Олуя Ата). Бул эки жол Кымак облусуна карата жүргөн. Таластан Кымакка жете 81 күндүк жол болгон. Алардын борбору Эртиштин түн жагында болгон. Кымактар кыргыздын күн батышында болуп, буларды кытай тарыхчылары билген эмес. Ошол себептен булар мусулман тарыхтарында биринчи болуп учурайт. Кымактан кыргызга карай жол болгону жана кыргыз менен кымак арасы кандай болуп тургандыгы маалим эмес. Кымак тили кыргыз тилине окшоп, түркчө болгон. Туманскийдин бир жазуусунда кымактын расми кыргызча болгон. Кебетеси кымактар кыргыздын зор мамлекетинен мурун өздөрүнүн саясы бирлигинен ажырагандай көрүнөт. (Туманскийдин кол жазмасында араб, иран тарыхчылары Кымак каханы (падышасы) десе да, мурун кымактан бөлүнгөн кыпчактар Кымактын кол алдында саналган). XII кылымдагы Махмуд Кашкарынын сөзүнө караганда «Кымак» болбостон, анда Эртиште «Емек» деген эл турган. Бул емекти Гардизи кыпчактын арасында турган кыпчак сыяктуу эл деген. Кыпчактар кийин Түркстандын күн башында, Россиянын күн жүрүшүндө , саясы жагынан бирлеше албастан туруп, кийин могол доорунан соң Казакстан жери кыпчак аталып турган.

Туманскийдин кол жазмасынын кабары жана башка тарыхчы кабары:

Кыргыздан жүн, жыпар, кайың жыгач (кабыгы оолсо керек), мүйүз, куту бычакка сап кылмакка алып келип сатып турган, Кыргыздын ханы Кыргыз каханы аталган.

Туменскийдин Жазуусунда кыргыздын мүнөзү азуулу аң катарында болгон. Өздөрү орой, сакал мурутсуз, адилдиги жок. ырайымы аз болгон. Өздөр өтө эр болуп, чектеш эл менен дайым талаштартыны да болуп согушуп турган. Арабасы, кайыгы болуп, кайсы жерде чөп көп болсо дайым кой, уй, жылкы менен көчүп жүргөн. Башкы малы болбогон. Жана буларды ак уулаш кесип болгон. Отту ыйык көрүп, өлүгүн өрттөгөн. Боз үйдө турган. Кыргыздын кун чыгышын: да фури деген бир урук кыргыз болуп, башка кыргызга аралашпай турган. Булар киши жегич (мыкаачы) болуп, өтө аёосуз, ырайымсыз болгон. Булардын тилин башка кыргыз билбеген. Булар азуулу жапайы аң катарында болгон.

Кыргыздын каханы турган шаарды Кемижкет деген, Кыргыздын ичинде кесим деген бир уругу болгон. Тоодо боз үйлөрү болгон. Булар жыпар тыбыт, фту, жүн чыгарган. Кыргыз ичинде бир уругунун тили карлук тилинде болгон. Кийими кымактын кийиминдей болгон. Кыргыз каханы турган Кемижкет шаарынан башка бүткүл кыргызда мейли тоо, мейли талаа болсун, шаары болбостон баары да боз үйдө турган.

Туманскийдин кабары кыргызды эң жапайы көрсөткөн. Бирок кытай тарыхтарында ырас жеринен көрсөтүлсө керек. Иран тарыхында кыргызды каршылаш эл менен дайым согушуп турганын көрсөтөт. Кытайлар болсо кыргызды өтө тынч, жанжагындагы эл менен жакшы байланышта Өлгөн дейт. Жана да кыргыздар өлүгүн өрттөп жиберүүчү эле дейт. Күлүн бир жылдан кийин көмөт дейт. Башка түрк сыяктуу өлгөнүнө бетин тырмоочу эмес эле дейт, Кыргыздын ичиндеги бир уругу фурилер өлүгүн тоого алып барып, шалдырап чиригенче жыгачка асып койгон. Жогоруда кыргыздын жалгыз Кемижкет деген калаасы болот дедик эле. Бул шаарды Якинфдин кабарында Мидичи Кытайдын тарыхчысы Шутта мындай деген: Мидичжита деген — соңку жит деген муун, Персиянын өзгөргөнү болсо керек. Населен, Аксикет — Пенжикет дегендей. X кылымдагы тарыхчы Абу Дулеф кыргыз жөнүндө жакшы жазып кеткен. Бул киши саякат кылып жүрүп жазган үчүн анда кыялый сөздөр бар. Жер жагынан жаңылыштары көп болгон. Өзү кыргызды аралап көрбөстөн, көргөндөй кылып жазган. Албетте, мунун кабарында чыны дагы бар, маселен, кыргыз төөнүн этинен башка бүткүл этти.

Тарууну, күрүчтү жеген. Булардын сыйынуучу үйү жана өзүнчө каты болгон. Булар өтө кыраакы жана : кеменгер журт. Шамын өчүрбөстөн коёт.

Буларда ашыкпай* камыкпай, толкубай. жай акыл мекен сүйлөп өн таза сөзү болуп, андай сөздү табынганда сүйлөгөн.

Буларда жыпар бар. Бир жылда үч майрамы болот. Туусу жашыл, табынганда күн жүрүштү карайт. Жылдыздардан Сатурн менен Чолпон жылдызды кадырлайт. Марсты жамандык таан .деп кадырлабайт. Булардын жапайы аңдары көп, түндө жаркырап тура турган ташы болот. Ошол үчүн жарык кылууга зарыл эмес. Бул таштан нерсе чыгаруу кыргызда гана болот. Булардын ханы элинин камын ойлойт. Ошол себептен эли ханына ийилиштүү болот дейт. Мунун тарыхында кыргыздың жазуусу тууралуу кызык сүйлөгөн. Ал жөнүндө Таңшу дагы айткан.

Мунун тарыхында айтканы кыргыздын жазуусу кана тили уйгурдукуна окшойт деген; бул жазуу (тамга) уйгур арасына жайылып, кийин моголго тараган. Алипбе жөнүндө эмес, эң байыркы эски жазуу жөнүндө. Бул жазууну Орхон ариби табылганда окуп чыгаруу жолу табылды. Ушул арибдин кыргызга маалим экендиги Энисейдин башынан табылган бир далай жазуулардан билинди. Муну балким Орхон жазуусунан мурун билген. Бирок Орхон жазуу табылган соң маанисине түшүндү. Бул Орхон жазуу билимге биринчи материал болду. Ушул аркалуу мааниси билбеген, сөзүн туюнбаган жазууларды чечүү мүмкүн болду. Энисей жазууну таржымал кылмакка Радлов далбаса кылды. Ал жазуунун баары да бейит ташына жазылган эле. Аңда тарыхый сөздөр болуп, кыргыз учурабайт. Бирок Энисейде кыргыз турат деп айткан. Ушул себептен ал жазуулар кыргызга тийиштүү деп ойлогон. Анын кызык жери — жазууда мезгил белгиси жок, тим болбосо, кыргыздын он эки (Дикл) жылынын бири айтылбаган. Таңшунун айтууда кыргыздын он эки түрдүү айбанаттан болгон эки жылы бар деген. Ошону далил кылып, 1820Ылында Абул Ремуз айбанаттын жылга киришин кыргыз баштап чыгарган деген. Энисейдеги ариб Орхон арибине караганда эң эски замандагы болуп көрүнөт. Ушул себептен Радлов аны VII кылымдын аяккы заманында болгон деп ойлогон. Бир жазууда маркум жети жашында Кытай элчиликке кирген деген. Родловдун пикиринде бул барыш 648-жылдан мурун эмес дейт, Таңшу тарыхынын айтууна караганда кыргыздын Кытайга барган биринчи элчиси 648-жылында болгон. Жана да 28-февралда 1921-жылында Бакуда болгон түрктү билүү съездинде болгон С. Е. Маловдун докладына караганда бул аны тай көрүнөт, Маловдун докладында Энисей жазуу Орхон, Силенге жазуусунан 23-жүз жыл мурун бошогон дейт.

Энисейдеги бейитке жазган жазууга караганда, да дин тууралу дагы бар. Аган караганда кыргыздын дини анык шаманизм болгон. Анын үстүнө Абду кыргыздын намазы жана ошого ылайык терең саа барлыгын жазат. Кыргызда болсун, мейли башы түрктөрдө болсун шаманизм, кам деген сөз бар. Энисей, Орхон жазууларында андай сөз жок. Бул Таңшукун кыргыз тууралу жазуунда айткан. Баарыдан ушул сонун: кыргыз будду дининдеги Тиба жана мусулман менен соодасы аралашып турга болсо да, алардын дини кыргызга тарабаган.

Мусулман мамлекеттеринде кыргыздан келга малдан эң биринчи барктуусу жыпар болгон. Деңи жолу ачылгандыктан кыргыздын бул соодасы кургак жол менен келгендиктен кемчилдик болгон. Бир кезекте жыпар Кытайдын гавандары аркалуу, көбүнчө Шанхай басып жүрөт. X кылымда болгон жаографиячы Бан Хаукалдин сөзүндө эн жакшы баасы жана сапаты артык жыпар Тибет менен Кыргыздан алет деген. Сыягы кургак жол менен жүрсө керек. Бирок мындан көп мурун 891-жылындагы жаография Якубинин сөзүндө эң баарынан жакшысы Тиб жыпары деп жазган (анда кыргыз жыпары айтылбайт). Мындан соң Согдуда (Зарефшан) үчүнчү орунду алган Кытайдын жыпары деген. Кытайдан жакшы жыпар Ханфу Нконтон деген гавандан келет деген. Кытайдан Аденге (күн жүрүш Арабат жарым аралынын деңиз жээгинде) барган булдарасында жыпар дагы айтылат.

Сырткы соодадан башка кыргыздын өз ичинде иштеген темир жана ушул сыяктуу нерселерде буюмдары болгон. Балким бул металл ишин иштешти Энисей доорунда, алигиче кандай урук эл, кайс заманда болгондугу маалим болбогон, бир башы элден алган чыгар. Таңшунун айтуунда кыргызда темирден королдук жабдыктар жасап берген. Ошондой Жабдык Менен Мурун түрктөр алым төлөгөн. Темирди кыргыздар Кийса деген Шоттуу бул сөздү самуелдин күөс, весе, ейсе сөзүнө окшоштурат жана алтайлыктын яс — «жез» сөзү, куманлыктын (Потовед) яс (сары жез) деген сөзүнө окшоштурат. (Мезилүүмчө —киаса — жез деген сөз эмес, «кес» рон-резать сөзүнөн).

Радлов ошол жердеги элдин мурундан келе жаткан сөзүнө караганда Абакан менен Энисейдеги мололорду кыргыздыкы деп билет, ал мололордон эң соңку темир доорундагы нерселер табылган. Кыргыздын маданияты күн чыгыш жана түн жагындагы элге караганда жогору болгон. Биз мындай кабарды кытай менен мусулман набарынан көрдүк. Жого Туманскийдин кабарынан, кыргыздын күн чыгышында фури элдин барлыгын билдик эле. Анын айтүунда, фурини адам этин жейт деп айттык эле. Гардизинин сөзүнө караганда, кыргыз менен фуринин арасындагы байланыштарын көрөбүз жана Гардизинин кабары боюнча, кыргыздын каны турган жерден Фуриге жете үч айчылык жол болгон. Фурини сазда туруучу жапайы эл деген. Эгерде аларды саздан чыгарсаң, мисалы суудан чыгарган балык сыяктуу болот деген. Эгерде алардан бирөө кыргыздын колуна түшсө, тамак ичип-жебестен, иши кылып эптеп качып кетиш камында болот деген. Башка кээ бир тарыхчылардын кабарында кыргыздын күн чыгышында кун жана кай деген эЛ болгон. Кун ордуна кээ чактарда кури деп окулуп кетет, балким ушул кури фури чыгар. Себеп, арабда «к» ариби алмашыла берет. Кытай тарыхына салыштыра келгенде кури деп окууга ылайык келет. Таңшунун Орхон жазуусу тууралу айткан жазуунда, Байкалда туруучу курихан деген эл учурайт. Кытайдын эң эски тарыхында (могол тарыхы Юан ши) Ангара жанында күл деген эл болгон. XIV кылымдагы Иран тарыхчысы Рашиттин айтуунча, Байкалда кури деген эл болгон. ХШ кылымдагы Ауфи деген тарых жазуучунун башкы кабарында кури жаки күн деген элди күн чыгыштан өзүнүн чектеш эли кайи каптаганда, булар күн батышка ооп келгенде, андагы эл аларды кыса баштаган. Ал кыскан элдин ичинен кыргыз айтылбайт. Ауфинин сөзүнө Марварт зор этибар берип, анын оюнча ушул элдин козголушунда жогорунда Көрсөтүлгөн кымактардын дагы тараганы болгон дейт. Бул кабар башка тарыхтарда жок. Ауфинин сөзүндө бир кыргыздын кайык минип суунун куйган жерине барайын деп Энисей менен жүргөнүн чындай кылып айтат. Ауфининин айтканы кыргыздын жеринен төрт суу биригип бир сууга куюп, андан өткөндө тоо үңкүр караңгылык менен жүрөт. Бул киши кайык минип, суунун агымы менен жүрүп, үч күн ай, күн, жылдыз жарык көрбөгөн, акыры бир жайыкка чыгып жашынып олтурган. Бир кезде бойлору бийик үч киши ээрчиткен иттеринин чоңдугу уйдай болуп жетип келген. Булар кыргызды көргөн соң аяп, жыгачтан түшүрүп алып, кокустан ит талап, жеп кетет деп учкаштырып, турган жерине алып келип тамакка тойгузуп, кыргызда боюнун кичинелигине таң калышып, мындай киши көрбөгөнбүз деп акырында бул жол менен жүрсө үйүңө барасың деп жолуна салган. Бул элдин кет экендигин кыргыз билбеген. Бул сөздү текшерген Энисейдин суусу Минусунге жете тоо менен агып, жана Ачынын чегинен Кызыл Жарга жете дагы тоо менен агат.

Уйгур жеңилип калгандан соң кыргыздын зор мамлекети бир жүз жылга жетпестен тозгон. X кылымдын башында Орто Азиянын күн чыгыш жат бийлиги могол уругунан болгон, мурунтан нече жүз жылдап саясый дооруктарга аралашып келе жатка кытайларга өттү. Булар VI кылымда нечен мамлекет менен бирлешип (коалиция), баарынын зор душман угуз түрктөрүнүн тургузган кахандыгына каршы айын күн чыгышына кол салмакчы болгон. Бул кытайлардын баштыгы (кытай жазуусунда А Бас Чис жаки болбосо Па Уки болгон) Кытайдын түн жагын ээлеген. Булар 917-жылында Кытай императоруну титулун колдонуп, жаңыдан Ляо династиясы деп ата берген. Ал кытайлардын орто мамлекетин эч убакты ээлебестен, жалгыз гана түн жагын бийлеп турган. Жана да мунун наамы ар кайсы элде моголдон баштап, Индистанга жете, андан күн батыш Жавропага чейин ар башка аталып турган. Алардан алыс күн Чыгыш мамлекетинин эзелден бери келе жаткан маданиятына карап, ушул үчүн орустар аны «Кыта атаган.

Ляо насилин негиздеп, мамлекет кураган кытайлар Кытайдын маданияттуу жерлерин каратып алгандын үстүнө 924-жылы моголго кол тартып бары Орхондогу уйгурдун эски борборунун чалдыбары андагы таштагы жазууларды текшерип, өзү жаңыда күмбөз жасаткан. Балким ошондон мурун кыргызды жеңип алгандай сыяктанат. Ал жөнүндө тарыхтарда кабар болбосо да, Моголияга кыргыздан мурунку тартипти кайта курамын деген аракети төмөндө жазылгандан көрүнүп турат. Тянь Чжоу шаарындагы уйгурлардын улугуна кайтадан Моголияга кайтыңыздар деп айтканда, уйгурду бийлеген улугу «биз Моголиядан (Орхон) келгенибизге онунчу муун тукумубузга жетти» деген. Бул айтканы өтө арбытылган сөз болуп» ал кезде уйгурдун кыргыздан жеңилгенине 80-жыл болгон чак эле. Андай болсо, үч атасы өткөн болсо керек эле. Ушул 80-жылдын ичинде албетте, уйгурлар дыйканчылыкка көнүп, жерсинип калгандыктан кайтадан Моголияга кетишти каалабаган.

Радловдун тарыхында кыргыздын ханы өзүнүн мурунку Энисейдеги борборуна Моголиядан 970-жылында кайткан деген. Бул кабарды Радлов Рихтерден алган, Рихтер Клапроттон алган. Клапроттун жазганында зор калет бар. Жаки калет басылганбы? 670 деп жазылган тарыхчы Шотт өз тарыхында бул талаш мезгилди көрсөтпөгөн. Ушул себептен Клапроттун кайдан алгандыгы билинбейт. Кытайдын Орхонго 924-жылында барганына караганда кыргыз Моголияда 970-жылына жете турбаса да, ошого жакынырак турду деп ойлоого мүмкүн.

Моголияда журт сурап, доор сүрүп турган түрк журтунун эң соңкусу кыргыз болгон. Кыргыз жеңилип тарагандан соң Моголистанда ошол кезде ким турса, ошол болгон. Кытайдын уйгурларды кайта жерине кел дегенине караганда, Кытайдын пейли — түрктүн жерин туугандары моголго алып берүүдө болбосо керек. Моголго уйгурдан башка жакын түрктөр калбагандыктан, түрк жерин могол ээлеп калды. Могол деп кыргыздын күн чыгышындагы коншусу фури, жаки курини айтууга болот. Буга бир далил: Туманскийдин кол жазмасындагы кыргыздын күн чыгышындагы эл фуринин тилин кыргыз биле албайт дегени, түрк тили менен сүйлөшпөгөн элдин кабарын Махмуд Кашкары дагы айткан, бирок анын күн чыгышка барганы маалим болбогондуктан, анын берген кабары аз. Махмуд Кашкары кыргыздын тили түркчө деп билип туруп жазган. Жана кыргызды түн жак күн чыгыштын эң четинде деген. Мунун сөзүндө кыргыздын күн батышында түрк эмес журттан кай менен татар турган. Татарды Өтөгөн деген жерде турат деген, Бул узата созулган тоо болуп, Орхон жазуларында көп айтылган (тарых жазгандын пикиринде ошол жер тура турган очогу, олут-журту болгон).

Буга караганда Ханкайга туура келет. XI кылымда бул жерде татарлар Чынгыз заманында, андан кийин болсо да ал жерди азыркы могол жери деген. Орхон жазуунан баштап, элдин которулушканын ачык далилин көрсөтөт. Элди айрып көрсөтүүгө 12-кылымдын аягы, 13-кылымдын башындагы Чынгыздын заманы болот. Бул заманда Энисей башында кыргыздын күн жагында могол уругунан ойрот турган. Булардын тили, диалектилик жагынан чынгыш моголунан аз ажыраган.

Кытайлардын кабарында Оюрдан Кэргиске жете (болжолу эл ортосун эсептесе керек) беш күндүк жол болгон дейт, түрк менен могол аралашып кеткендигин, анын тилин текшерип, Рашидаддин мындай дейт: Энисей башы Сегиз Мүрөн аталган. Мүрөн монголчо суу деген сез болуп, сегиз дегени түркчө болгон. Бул жакта айтылган жер могол таасирйне көбүрөөк түшкөн менен анда түрк турат. Ушул замандагы картаны караганда, кээ бир суулар моголчо аталган, маселен: Ебеучу, муну Рашидаддин көрсөткөн.

Кыргыздын зор мамлекети аз убакыт жашап турса да. кыргыз жөнүндө кабар могол арасында алигиче сакталып калган, бул заманга жете сакталбаган себеби. могол — Моголияны ээлебестен, мурун ал жерди кыргыз бийлеп тургандыктан, кыргыздыкы деп күн батыш моголдон баштап, Орхонго жете эки ортодогу керилген талаадагы моло бейиттер аталат. Ал мололордун арасында кыргызга тийиштүү эмес, башка элдики да бар. Алар кыргыздан мурун турган уйгур жана башка элге тийиштүү. Силенге менен Орхон ортосундагы мололорду кыргыздыкы деп Рамстдет айткан, күмбөзгө жакын бир жазууда VIII кылымда уйгурдун бир каханы падышалык кылганы айтылган. Кыргыздын зор мамлекетинен баштап, Чынгыздын заманына чейин эки ортодо кыргыз тууралуу кабар жок, болсо да чекене. Ушул себептен кыргыздын азыркы турган жеринен Кыргызстан тарыхынан бир аз маалымат беремин.

Жыл тартибине караганда араб тарыхы Билге менен Күлтегинден мурун жазылуу керек эле. Тарыхтын ирети ошондой болгондуктан жазылды. Эми дин Кыргызстан жерине Арабдан баштап, Адигине, Тагайдын заманына (711—1470) чейинки эки ортодо болгон доорлор, кандай эл келип кеткендигин жазамын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-07-2011
Жаңыл мырза
60310

20-06-2011
Энисей кыргыздары
15959

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
15705

15-06-2011
Тагай тарыхы
19572

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14837

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20278

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
21564

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
15344

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
15006

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
18289

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×