Добавить статью
6:14 7 Июня 2011

Оң-сол тарыхы

Сатыкеден эки эркек бала туулду. Улуусун Агул, кичүүсүн Куул койду.

1. Энеси: Агул ичте оң жагымда жаткан, ушул себептен анын тукуму «оң» аталсын, Куул сол жагымда жаткан, ошол себептен анын тукуму «сол» аталсын деди.

2. Агул он эмчегими эмген, «он» аталсын, Куул сол эмчегим эмген, «сол» аталсын деген.

3. Бир согушта Агул ок саптагы колду баштаган үчүн «оң» аталды. Куул сол жак колду баштаган үчүн «сол» аталды.

4. Арка (түн жак) менен ичкерлик (күн жак) кыргыздардын арасы ортодогу Ала Тоолорду чек кылышып, оң жагындагы элди «оң» атады, (күн жүрүш) сол жагындагы элди «сол» атады дейт.

Менин билүүмчө, кыргыз азыркы Кыргызияга эки жактан келип куралган эл болот. Тарыхка караганда, биринчиси дайым Энисейден Кыргызияга (Тянь Шанга) келип турганын көрөбүз. Бул келгендер түн жагына орношуп, ошол себептен түн жагындагы Кыргызия күн батышты караганда оң жактан келип жана оң жакта тургандыктан, «оң» аталуу мүмкүн. Себеп, азырында {Таластагы сарууну эсепке албаганда) баарысы бирдей «оң» кыргызы. Булардын ичинде Какшаалдагы Кытайга караган чер«к кыргыздары дагы кирет. Экинчиси — Котондон, Кашкардан эң эски заманда келген булу кыргыздары Кашкар, Алай Фергана жактарына орношуп, күн батышка бет алганда, Кыргызиянын сол жагы болуп жана сол жактан келгендиктей «сол» аталмагы мүмкүн. Сол кыргызынын бүткүлү дээрлик Адигине тукумунан башкасы азыр да Кыргызиянын сол жагы — Фергана, Кашкар, Котондо турат.

Дагы бир пикир — кыргыз шаманий дининде турганда түн жакты карап, кулчулук кылып табынган. Ошондо оң жагын «оң», сол жагын «сол» атамагы мүмкүн. Адигине, Тагай эки бөлүнүп кеткенде саруу уругунан бийлик Катаганга өткөн. Карыялардан Адигине, Тагайдын баштары жөнүндө тарыхтагы бүткүл дээрлик жазылды. Эми Адигине, Тагай заманындагы куралган элдин урууларын көрсөтөмүн.

КОҢУРАТ

Адигине, Тагай атадан жаш калып, Наалы эженин тарбиясында өскөн. Эр жеткенде экөө тең баатыр болуп, согушка чыккандары көп болуп, баатырлык кылышкан. Бир чоң согушта Адигине, Тагай — Наалы эжени алган Дайырдын коңур кула түстүү атын минип барган. (Жанындагы жигиттерине коштошо кеткен). Согуш Кашкар менен Ташкендин биринде бо­луп, жоо менен беттешип, согушуп турганда коштоодогу коңур кула ат жигиттин колунан мойноп чыгып кетип, жоого түшүп кеткен. Жоону жеңип, олжого киши, мал түшүрүп алган. Кайта Ферганага бет алганда, эл олжолорун бөлүшүп алганда, Адигине, Тагай коңур кула аттын төлөөсү деп бир баланы алышкан. Аны эжеси Наалы эжеге бергенде ал баланын атын коңур кула аттын төлөөсү деп Коңурат койгон. Азыркы кыргыз ичиндеги коңурат ошонун тукуму. Коңураттын уюткусу Казакстанда. Тарых жүзүндө мындай: Чынгыз хан заманында коңурат деген могол уругунан эл болуп, булардан Тогочор Чынгыз хандын атактуу ноёндорунан болуп, Чынгыз хандын күйөөсү болгон. Жана Тогочордун жакын тууганынан саналган, Карачар ноён атактуу кан ичер Амир Темирдин бешинчи атасы жана Чынгыз хан канкордун аскер баштыктарынан болгон. Чынгыз хан өлгөн соң коңураттар Кыргызияга ооп келип туруп калган. Чынгыз хан менен Адигине, Тагайдын заманынын эки ортосу 300-жыл чамасыңда болот.

ЧЕРИК

Кашкар, Какшаал жагына барып, Адигине менен Тагай нойгутту жоолаган. Нойгуттар үркүп кетип, журтунда чердегей бир жетим бала калып, аны алып келип Тагай асырап алган. Бир кабарда Наалы эже асырап алган. Чердейген жетим бала болгондуктан Черик койгон. Кээ бир кабарда Тагайдын ордо кыздан туулган баласы Карачоро ээрчитип келген.

Менин пикирим: биздин эрадан жүз жылдар мурун Котон тоолорунда кыргыз (булу аталган эл) Кытай падышалары менен катышып туруп, кийин биздин эранынТ111У кылымдарында Турпан өлкөсүнө келип турган. Ошолордун калган тукуму — черик болуу керек. Не себептен черик аталганы 1526-жылында Рашит хан Кочкор менен Жумгалдан кыргызды чаап алып, бир жүз миң коюн алып кеткенде «кой чериги» аталганын жогоруда көрдүк эле. Мына ушул Адигине, Тагайдын чабуулунда калган жетим баланы таап алганы ушул сапар «кой чериги» дегендей, баланын атын Черик койгонунун себеби ушул.

Черик эр жеткен соң эр болду. Дайырдын (Наалы эженин эри) Актаман деген кыраан тайганына карышкыр, түлкү, бугу, марал, эчки, теке алдырып жүрчү. Бир ат чабышта Черик чапкан атын Актаман деп сүрөдү. Себеп: аттын түсү, мүчөсү ошол тайгандай болгон. Жана тайган сыяктуу тоодонташтан тайгаданбаган. Черик мекен Нойгут бир тууган болуп, эзелден Турпан, Какшаал чегинде болгон. Башка кеп которулбаган. Эгерде Кытай жагынан кыстакса чериктер Кыргызияга, Атбашыга жете келип, бу жактан кооптуу болсо Какшаалга кетип турган. Нойгут кыргызы болсо, ал тууралуу көп кабар жок, Манастагы Акбалтанын уулу эр Чубак нойгут болгон. 1670—80-жылдарда болгон Жаңыл Мырза нойгуттун кызы болгон. Азырында нойгуттардын калганы күн батыш Синцизианда болуп, баары да уйгурлашып, отурукка өткөн. Азыркы Тарым дарыясы мурун Ойгут дарыясы аталган. Бай өлкөсүндөгү уйгурлар бүткүл өздөрүн кыргыздан деп билет. Булардын айтуунда Тарым дарыясынын күн жагындагы элди кыргызга жакын дейт. Кыргызия менен Кытайда болжолу 8 мин үйлүү черик бар.

МОҢОЛДОР

Наалы эже 20-жашка келгенче эрге тийбестен, инилери Адигине, Тагайды тарбиялап, багып өстүрдү. Кашкар жагынан Опол тоодон монгол деген элдер эр өлтүрүп качып, Көкө, Дайыр деген эки жигит Адигине, Тагайга туруп калган. Көкөнүн үнү жоон, балбан жана баатыр болгон. Адигине, Тагай эр жетип атанган чагында арага киши салып, бизди мынчалык тарбиялап, ата болуп асырап, эне болуп сактады. Сүйгөн жерине берели дегенде Наалы эже: — Мен кайдан алыстан бай издеп жүрөйүн, Дайырга берсин, — дегенде Адигине, Тагай, Көкө болуп Дайырдан жети атасын сураганда айтып беришкен. Жети атасын сурап, кыз бермек ал кезекте расим болгон. Ошону менен Наалы эжени Дайырга берген. Дайырдын тукуму азыркы кыргыз ичиндеги моңолдор деген эл. Көкөну жоон баатыр болгону үчүн Көк Бука деп койгон. Бир урушка олжого таарынып, Адигине, Тагайдан бөлүнүп, коңурат казагына ооп кеткен. Дайырдан бир эркек бала туулуп, уруубуз моңол эле. наамыбыз өчпөсүн деп атын Моңол койгон. Ошол себептен анын моңолдор аталып калган.

Тарыхта моңолдор. Моңол уругу XIII кылымдын башында Чынгыз хан заманында жер жүзүн алган.

Булардан сурак кеткенде турган жериндеги элге синип кетип, алардын расим, динине өтүп, өз тили, расмисинен ажыраган. Моңолдордун азырында түп уюткусу азыркы Монголия республикасы, чачырандысы СССРде, Афганстанда, Кыргызияда бир ыр бар моңолдор тууралу айтылган. Кайсы заманда айтылганын көп таптыштадым. Бирок заманын белгилей албадым.

Көкүрөгүн кишке бөлөгөн, Көчүгүн тамга жөлөгөн. Моңолдордун Самансур» Кунун аргамжы менен төлөгөн.

Ар түтүндөн бир аргамжы чыгарып, бир кишинин кунунан кутулган, демек кыргыз ичиндеги моңолдор башта чачырап жүрүп, 1882—1885-жылдарда чогулган. Демек, биздин Кыргызиядагы моңолдор эмес, башка жаки мурунку .эски моңолдор жөнүндө айтылса керек. Кыргызияда моңолдор төрт миң түтүн.

АСЫК

Тагай Эреше ханга ак үйлүү болуп турганда карабагыш кыргызынан хан ордосунда турган ордо кыздан бир кыз алып берген. Эреше хандан уруксат алып, Тагай кыргызга кеткенде катын кашкарда калып, бир эркек бала тууган. Баланы чоңойгон чакта теңтуш балдары: — Сен кыргыз Тагайдын баласы болосуң, — дегенде энесинен аныгын билип, Тагайдын аманат берип кеткен кездигин алып, атасы Тагайды издеп келе жатса, жолдон бир киши кезигип, мен азып жүргөн кыргызмын, Тагайга бара жатамын дегенде, азыгын ал кишиге көтөртүп, ээрчитип алган. Жолдон дагы бир киши кезигип, кайда барасың? — дегенде: — Мен жүргөн селсаяк кишимин, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөмүн,

— дегенде аны дагы ээрчитип алып, дагы бир бала жигит ээрчитип, төртөө бирге жүрүп, Атбашы, Нарын, Кочкордун биринде Тагайдын айылына келген.

Чамасы 80-жашка жакындап калган атасы Тагайга учурашып олтурганда, Тагай балдардын жайын сураганда: — Мен Ордо кыздан туулган балаңызмын,

— дегенде, Тагай: — Мен ар жерден катынды көп алдым. Эгерде менин балам болсоң колунда эмне белгин бар? — деп сураганда баягы кездик бычакты алдына таштаганда, Тагай анык менин балам экен деп, аты Ороз экен, Жанкороз койгон. Жанындагы жигит баласынын өңү кара экен, ушул себептен атын Карачоро койгон. Бул ким деп Асыкты сураганда: бул азып жүргөн Асык экен деп жана азык көтөртүп, аксакал кылып, алдыбызга салып, жол баштатып келдик дегенде, эмесе мунун аты Асык болсун деген. Жана аксакал болуп силерге жол баштап келген экен, ошол себептен Тагайдын тукуму Асыкты ошол замандан баштап, бул заманга жете олжо агасы кылган. Демек, жоого чыкканда жортуулга барса, башка да бир себептен олжо табылса, Асыкка олжону артыкча чыгарып берген.

Көп карыялардын сөзү: Асыктын насил теги кыпчак-кыргыз, Алтай, Канкайдан келгенде бирге келген дейт.

Тарых кабары. Биздин эранын VIII кылымында Энисей дайрасынын башында «аз» деген эл болгон. Жавропа тарыхчылары ошол «азды» азыркы кыргыз ичиндеги Асык уругунун түпкү теги дешет. УПУШ кылымдарда Чүй боюнда, Токмоктун тегерегинде арабдар менен алты ай согушкан Сулуу хандын эли — дуулат менен каратүргөчтөрдүн ичинде асык, күчүк деген уруктар болгон. Азыркы асыктын ичинде күчүк деген бир уруу бар. Бир кабарда Асыктын атасы Күртүк деген кыпчак болгон. Азыр да асык уругу Кыргызияда 3 миң түтүн чамалуу.

САЯК

Саяк, Асык, Карачоро, Жанкороз төртөөнүн кандайча болуп келген тарыхын жогоруда көрдүк эле. Саяк уругу азыр да Кыргызияда жыйырма миң түтүн чамалуу болуп, Карачоро, Курманкожо, Кулжыгач, Ыман, Түнкатар делип алты чоң урууга бөлүнөт. Саяк эр жеткенден баштап, Адигине, Тагайдын тукумунан конушун бөлүп, кээ заманда аларды бийлей келген... Азырында саяк уруусун тарых жүзүндө текшерип көрөлү.

Жанкороз Тагайдын ордо кыздан туулган баласы, энесинин төркүнү көбүрөөк кабарда карабагыш. Чалачапырт кабарда казак кызы. (Саякка кезиккен жерде: — Сиз кимсиз? — дегенде: — Уругум саяк, элимди табалбай, селсаяк болуп жүрөмүн,— деген).

Эми саяк уругу тарыхта болгонбу?

Тарыхтарга караганда Иран, Туран деп тарыхка жазылган. Туранда орустар скив, грек менен түрк скиви, кытай «се» жана «сак» деп атаган. Айтылган эл биздин эрадан мурун эн эски заманда күн чыгыш Алтайдан күн батыш Дунан дарыясына жете жайылып, Азия, Жавропанын көбүн каратып, Иран, Кавказ, Шам, Египетке (Мисир) жете алган. Биздин эрадан 490-жылы мурун Кара дарыянын түн жагында Иран шаасы Дара (Ардашар) скивдердин Сармак деген бир уругун (70 миң), аскерин катуу жеңген.

Сармактын бир уругу Масайыттын катын падышасы Томрис, Иран падышасы Кикасироцдун аскерин Амудария, Сырдариянын арасында жеңип, падыша Кирдин башын кесип алып, канын чаначка куюп, башын канга салып, «тирүү кезинде канга тойгон жок элең, өлгөндө дагы кан ичип жат», деп башка тээп жиберген. Ошол Масайыттын бир уругу саяк аталган. Кытайлар «р» тамгасын жазбайт. Ошол себептен сайрак ордуна саяк жазылган.

Бир кабарда саяктардын усунга аралашып кеткени саяк аталды дейт. Скивдердин ичинде «исин» деген эл болгон. Исин балким усун чыгар. Монголдор табыпты сайрак дейт.

Атактуу Искендер падыша күң батыш (Грециядан чыгып келип) Иран мамлекетин талкалап, каратып биздин эрадан чамасы 300330-жыл мурун Самаркант (Маракан) калаасын алган . Самаркант эли (бактырыйлар) капилеттен Искендердин 2 миң жөө аскерин кырып таштаганда, Искендер каарданып, аттанып келип, Сырдариянын күн чыгышында сактар менен согушуп жеңген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
1532

05-07-2011
Жаңыл мырза
9840

20-06-2011
Энисей кыргыздары
1475

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
1406

15-06-2011
Тагай тарыхы
2077

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
925

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
3448

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
1448

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
1152

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
1221

Еще статьи

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×