Добавить статью
7:07, 8 февраля 2014 21677

Байыркы уруулардан азыркы ДНКга чейин (уландысы)

«Манас» эпосунда «жабуу», «жабагы» дегенди кыргыздар ураан катары жоого аттанганда «Жабуу-жабуу-жабуу!» деп, Жаалданган кыйын кеп!» («Манас» эпосу, М., 1988-ж.) деп ѳзүндѳ айтылат. «Жабагы-карлук» эки мааниде айтылып калган, бири - тотемдик белги катары – чаар кунан (ат) делсе, экинчиси – саясий мааниде – жабагы (ябгу) делип, алакчындарга түздѳн-түз тиешеси бар экени кѳрсѳтүлѳт. Ѳгүздѳрдүн биригүү саясатында, уруулардын жаңы кошуун уюмуна кирген уруу катары жабагы-карлук (ябагу-карлук), т.а. жабагы (ябагу) тоолук ѳлкѳнүн жашоочулары Алакчындар экенине (Т. Акеров «Каркыра хан - великий кыргызский каганат», Бишкек, 2012-ж., 26,27-б.) тарых булактарына таянат.

Ар кайсы кылымдардын изилдѳѳчү-окумуштуулары бул боюнча жалпы окшоштуктар бар экенине токтолушкан жагдайлары да жок эмес. X кылымдарда «ягмалар» менен «чигилдер» Талас аймагында бирге жашашса, Иледе – тухси, азамдар менен кошо жашашканын жазышкан. В.В.Бартольддун айтымында, ягма тогуз ѳгүздѳрдүн алдыңкы тобу болгон. Алар Жетисууга келишкенде Түргѳштѳрдүн каганынын (Т. II.I-бѳлүк. «Общие работы по истории Средней Азии». М., 1963-ж.) карамагында болушкан.

Г.Е.Грумм-Грижимайло ягмаларды «тогуз ѳгүзгѳ» таандык кылып, «X кылымда карлуктар бийлигинен тайып, кубаттуулугу мурдагыдай болбой атак-даңкын жоготуп калган кезде, ягмалар Жетисууда үстѳмдүгүн жүргүзүп турган» деген («Западная Монголия и Уранхайский край» [текст] Г.Е.Грумм-Грижимайло. Л. 1926-ж.) пикирин айтса, А.Н.Бернштам ягмалардын курамы карлуктар менен тохардык хайталдар (эфталиттер) аралашып кеткендигинин натыйжасынан улам пайда болгон (А.Н.Бернштам. М.Л. 1951-ж.) деген оюн айткан. Тарыхчы А.Мокеевдин эмгектеринен, «XI кылымдагы карлуктардын убагында жабагылар (ябагулар) күчѳгѳн доору, Ямардын жээгиндеги бийлиги түптѳлүп, Катунь жээктеринин аймагында үстѳмдүктѳрүн кылган. Жабагы уруусу, жакын турган алтайлык кыргыздар жана кыпчактар менен алака мамилелерин түзгѳн. Монгол доорунда, жабагы жана йемен урууларынын биригип турган кезинде күч-кубаттуу болгон. Мында, алтайлык ябак жана кыргыздардын ичинде саруу-жабагылардын бирге жашап турганы далил» дейт. (А.Мокеев. «Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане» Б. 2010-ж. «Этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии» (Б. 1996-ж.) деген эмгектерин караңыз). Ѳ.Караев, «Жабагы (ябагу) уруусу XI кылымда Тянь-Шаньга оогон» («Иследование о взаимоотношениях енисейских и тяньшаньских киргизов». Ф., 1989-ж.) дейт.

«К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношения с ойротами» (К.И.Петров. Ф.1961-ж.) деген эмгегинде, …«урууларга Баркужин Токумга баргуттар (баргы), кури (алакчын), тѳѳлѳс, туматтарды баргуттар деп атап, булгачылар менен кэрэмчиндерди» таандык кылат. В.В.Бартольддун айткандарында: «Кыргыздар менен түрктѳрдүн ортосундагы согуш кѳпкѳ созулган болсо, кыргыздар менен алакчындардын (бо-ма) согушу экинчи жагынан болгон. Дагы бир жагынан Батыш монголдордун Байкал жээктериндеги үстѳмдүгү Чыгыш урууларынын Батышка түргѳш каганатына барып кошулушуна түрткү болгон. Байкал жээгиндеги уруу «бома» же йолочжи (э-лочжи) «ге-лочжи» же «бо-ма» - «ала-атчан») кѳп болгону менен кыргыздардан үч эсе аздык кылган. Барсбектин доорун мүнѳздѳгѳнү боюнча «…кыргыздардын ээлик кылып турган аймагы бүтүндѳй Байкалга чейин жетип, түрк-ѳгүздѳрү (В.В. Бартольд. Т.I., Т.-II. I-б. М. 1963-ж.) менен атаандашуунун күчтүү доору болгон…»

Л.Н.Гумилевдун М.1993-ж. «Барсбектин кагандын доорунда VIII кылымдагы кыргыз жерлери Түштүк Батыштагы Гелолуга тарта, Чыгыштагы Гулиганга чейин кеңейген. Ошо кезде бо-ма эли Түндүк жана Түштүктѳ жашагандар болуп экиге бѳлүнѳт. Биринчиси, Саян-Алтайдын түндүгүрѳѳк жагында болсо, экинчиси «ди»нин бир бутагын түзүп, Кытайдын түндүк жагындагы Ганьсу чѳлкѳмүндѳ жашап турган деп (Н.И.Шаниязов, «К этнической истории узбекского народа» [текст], Ташкент, 1974-ж. 31-б.) айткандарын келтирет.

Н.А. Аристов «Усуни и кыргызы или кара кыргызы» деген эмгегинде, «Тан династиясын, Аньсинин батыш жагында чыгыш Тянь-Шандын дарыя жээктерин Бо-ма ээлик кылды» деп, «бо-ма» – «ала – ат», «ак – ат» деген түшүндүрмѳлѳрдү берет», (Н.А.Аристов, Бишкек, 2003 г.) дейт. Чыгыш философ акыны М.Кашгари, ѳгүздѳрдүн урук-тукумдарын иреттеп жазганында (Махмуд Кашгари. Тошкент, 1960 г.Т.I.34-б.) «алайунтлу» – «ала-юнт» – «ала – атчандар» деп жазып, ошол мезгилде кыргыздардын арасында аралашып сиңип кеткен уруу топтору кѳп болгон. Алтайдын түндүк жагында жашап турган алакчындар менен кыргыздар чабышып, чыгышыраак жагындагы Байкал жээктериндеги кыргыздар ээлик кылып турган жагында булгаачындардын жана керемчиндердин жаңы улусу түптѳлѳт» дейт.

Алакчындар менен кыргыздардын этникалык байланышы түптѳлгѳндѳн тарта, бири-бирине аралашып жашап кеткендигинен, урук-тукумдары уланып «ала» - «купе» дегендер оош-кыйыш катары кѳчүп-конуп жашап турушканы жѳнүндѳ тастыктайт. Орто кылымдарда «ала» уруусунун чоң аталары кан тукумунан болгондугу, ошолордон тарагандар Бухаранын жанында жашаган алакчындардын теги тажиктерде «лакайлар» делип, кыргыздарды «алакѳй» (Т.И.Султанов «Кочевые племена Приаралье в XV-XVIII веков». М., 1982 г.) дешкен». «Лакай» этноними ѳзүнүн чечмесинде «накай» деген уруунун айтылышында «кушчу» деген сѳздѳр да жок эмес. Ал эми алакчындардын түпкү таралыш теги так сакталып, кыргыз уруусунда саяк (беш бакачы) делип, саруу (алакчын) Саян-Алтай аймагында (Ѳ.Ж.Осмонов. «С древнейших времен до наших дней» [текст], История Кыргызстана, 113-б. Бишкек., 2008-ж.) сакталып калган» дейт.

VI-VIII кылымдарда жана андан кийин Борбордук Азия менен Батыш Монголияда кѳптѳгѳн уруулар ѳз ара ич келишпѳѳчүлүктѳн, катуу чабыштар жүрүп, ар кимисинин максаты, бийлик ѳктѳмдүгүн жүргүзүү болгондуктан, кыргыздар менен алакчындар (алаты – ала - атчандар), экинчи жагынан түрк ѳгүздѳр аралык чабыштар болуп турган. Абул Газинин айтымында, караттардын (кераиттер) ата-бабалары жети бир тууган болуп, алардын ѳңдѳрү кара болгондуктан, ошондон улам караттар (кераит) деп аталып калганын («Родословное древо тюрков». Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана. Б., 2007-ж. Т.2. 100,1001 - б.) айтат. Алакчындардын этникалык атынын келип чыгышы, алакчындын кара юнлук (кара атчандар) (Л.Н.Гумилев Древние тюрки [текст] М., 1993 г.) улама атка айланып кеткени, «кара юнт» же «кераит» деген, «кара атчандар» делген түшүнүктүн ѳзгѳрүлмѳлѳрү, деп жазган. Кара атчандар, кер атчандар (кераиттер) уруусу негизинен «ала» делип, алардын аралашып жашап кеткендигинен улам айтылып калганы бар. Рашид – ад Дин, кара аттар (кераиттер) уруусун сахыят, дубаут, каркын, албат, тонгоюттардан турат дейт. Сахыяны түргештердин «согэ» деген уруусунан жолуктурабыз, кераиттер да «кара-согу» жана энесайлык кыргыздарда соххылардан жолуктурууга болот. Ошондуктан кара аттар (кераиттер) миң суу (минисуйск) уруулары «тубо» «Соххы» жана «сагай» деп аталган. Орто кылымдагы «курыкан» уруусунун этноними ѳгүздѳрдүн (огуздар) арасында кеңири тарап, каркын аты менен белгилүү болгону Байкал жээгинде алакчындар «кори» делип кеткен (Р.Генч. «Түрк дүйнѳсүнүн кыскача тарыхы», Б. 2002-ж.34-б.).

Батыш монголияда күчтүү, кубаттуу болуп турган алакчындар кыргыздарга баш ийип турган. Тарых булактарында VI-VIII кылымдарда ала – аттар, алаты же бо-ма, алакчын эли түндүк аймактары болгон ордос, иньшаня түндүк жактан жылып, Алтайдын түндүгүрѳѳк жагынан орун алышат (Д.Г.Савинов. «Основные этапы истории алатов», вып.III. Л. 1985-ж. 30-б.). Тарыхый маалымат булактарында, алакчындардын ѳлкѳсү Ангара дарыясынан ылдый деңизге жакын жерлери - Алафхин, Адутан, Мангу жана Балаурнан аймактары болгон. Бул ѳлкѳнүн минген аттарынын бардыгы зор болуп, ѳңдѳрү «ала» болуп, курал-жабдыктары, идиш-аяктары күмүштѳн болгонун (Ю.А.Плотниковдун эмгектеринин жыйнагында. Б. 1991-ж. 92- б.) жазган.

Н.А. Екеевдин «Народы Алтая-Саян и кыргызы» («К проблеме этнических и культурных взаимодействий» жана «Материалы международной археолого–этнологической экспедиции, посвященной 2200-летию кыргызкой государственности». Бишкек, 2003 г.) деген эмегинде: «Кыргыздар алакчындар менен этногенетика жана тарыхый-маданий жактан тыгыз байланышта болгонун жана калмактардын тарых-булактарында, Контайжы Бошоктунун доорунда Енисей (Энесай) кыргыздарын «алат – кыргыздары» деп, алардын акыркы бир тууганы «алакай – кыргыз» дейт. Алакчындардын урпактарына тажиктердин лакайлары тийиштүү кылып, кыргыздар «алакай» дешкен. Батыш монголиядагы кѳчмѳн уруулар: керейлер, наймандар, оңгуттар, маңгыттар, катаркындар, коңураттар, меркиттер, татарлар, монголдорго чейин эле кыргыз, алакчын, түрктѳр, огуз элдеринин тарыхый орундары болгону белгилүү болгон. Ага далил катары, кыргыздардын түпкү байланыш урук тарамында «алакчын» деген этноним, «алакчын-катаган», «коңурат» («коңур кула ат» - «темно – бурая, буланая лощадь») деген аталыштары сакталып калган. Бул жерде белгилей кете турган нерсе, кыргыздардын наймандар менен болгон байланышы, ѳгүздѳрдүн сегиз урпагы, кыргыздардын каганатынын катарына IX-X кылымдарында болгон.

VII к. аягында – VIII к. башында, кыргыз мамлекетинин саясий-тарыхый ѳнүгүү жолу түптѳнүп, күчѳй баштайт. Бул жагдайда, кыргыз мамлекети менен чоң жана майда элдердин бийликтери ар кандай сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, макулдашып турган. Кыргыздардын бийлик даражасында турган Барсбек кагандын бийлик доорунда кыргыздар бир топ гүлдѳп, кубаттуу мамлекетке айланып, ѳзүлѳрүнүн жазма иштери ѳрчүп, ѳсүп, мамлекет аралык алака-мамилелерди, сүйлѳшүүлѳрдү кагаз жүзүндѳ ѳткѳргѳн. Кыргыздар, тегерегиндеги мамлекеттердин тѳбѳлдѳрүнүн кѳз жаздымында калбаган. Барсбектин мыкты саясий жетекчи катары, тегерегиндеги майда элдер менен гана эмес, коңшулаш «табгач» (кытай), тюргештер менен тынчтык мамиледе болгонун, күчтѳнүп бара жатканын жактырбаган түрк мамлекетинин кѳрѳ албастыгы күчѳгѳн. Барсбек, Түрк каганынын саясий амалын алдын-ала түшүнүп, табгачтардын Таң империясына, Тюргеш мамлекетине жана Тибет бийлигине 710-жылдын кеч күзүндѳ элчи Эрен-Улугду жиберет. Белгисиз себептер менен Эрен-Улуг жолдон каза болуп, тибеттиктерге жетпей калат. Амалдуу түрктѳрдүн аскер башы Тон-Йокук, кыш айларынын биринде Саян тоолорун ашып Миң суу (Минисуйский) аймагы аркылуу келип кыргыздарды чабып (Ѳ.Ж.Осмонов. «История Кыргызстана» кот. Б.-2012-ж., 110,111- б.), катуу кармашта Барсбек каган каза болот.

«Түргѳш кагандыгынын урандыларында Түрк урууларынын бирикмеси - карлуктардын мамлекети пайда болгон. «Карлук бодун» (карлук эли) же «үч карлук» (карлуктардын үч уруусу) деген атты Монгол Алтайынан Балхаш кѳлүнѳ чейинки, Тарбагатай кырка тоолорунан Түштүккѳ жана Түндүккѳ карай аймакты ээлеп жаткан кѳчмѳн уруулардын күчтүү союзуна таркатышкан. Карлук бирикмесинин курамына булак, чигил (же себек) жана ташлык деген үч ири уруу кирген болучу. Уруулардын карлук союзунун тарыхынын баштапкы мезгилинде эле алардын территориялык жана саясий бытырандыгы белгиленген. Карлуктардын бир бѳлүгү VI к. экинчи жарымында же VII к. башталышында Тохарстандын аймагынын бир бѳлүгүн ээлеген. Алардын башчысы «жабгу» наамын кабыл алып, батыш түрк, андан кийин түргѳш кагандарына кѳз каранды болгон. Тохарстандык карлуктар араб баскынчылары менен күрѳштѳ кѳрүнүктүү ролду ойношкон. Карлуктардын башка бир бѳлүгү алыскы чыгыштагы монгол талааларында калышкан. Тарбагатайлык карлуктардын күчтүү армиясы болгон. Чыгыш жана Батыш Түрк кагандыктарынын чек арасындагы аймакты ээлеп, кээде бирине, кээде экинчисине баш ийип турган. Алар ѳтѳ тынчы жок жана козголоңчу букарлар болушкан. Маселен, VIII к. биринчи чейрегинде алар үч жолу Чыгыш Түрк кагандыгына каршы кѳтѳрүлүшкѳ чыгышкан.

Карлуктар экинчи Түрк жана Түргѳш кагандыктарынын кулашына алып келген саясий ири окуяларда башкы ролдордун бирин ойношкон. 744-ж. басмыл, уйгур жана карлук урууларынын бириккен күчтѳрү экинчи Түрк кагандыгын кыйратышат. Талаадагы жаңы дѳѳлѳттүн каганы уйгурлардын кол башчысы болуп калат. Ал Элетмиш Билге каган (744-759-жж.) деген титулду алат. Мамлекет уйгур кагандыгы (744-840-жж.) деген атка конот. «Уйгур» деген аталыш байыркы түрк тилинде «уюшкан», «уюткулуу», «уюткан» дегенди түшүндүрѳт. Бул этностук бирикмеге 19 уруу баш кошушкан. Булардын башында Яглахар уруусу турган. Уйгурлар тогуз ѳгүз урууларынын күчтүү бирикмесине киришкен чыгыш түрктѳрүн жеңип чыккандан кийин, алар ѳздѳрүнүн бийлигин Алтайдан Манчжурияга чейинки аймакка таркатышты. Карлуктардын башчысы «жабгу» наамын алгандыктан ѳзүнүн баштагы союздаштарына кѳз каранды болуп калат. Мунун ѳзү бир катар кагылышууларга алып келет. Уйгурлар кысымга алышкан карлуктар 746-ж. Жетисууга кѳчүп кетишет. Мында саясий кырдаал абдан татаал болучу. Түргѳш кагандыгындагы токтолбогон кармашуудан улам андагы бийлик жүргүзүлбѳй калат. Муну Чыгыш Түркстандын Таң наместниктери ѳз таламдары үчүн пайдаланышкан. 748-жылы Кытай армиясы Чүй ѳрѳѳнүнѳ басып кирип, Суяб шаарын ээлеп, аны кыйратат. Кийинки жылы кытайлар Чач (Ташкен) акимин туткунга түшүрүп, аны асып ташташат. Кытайларга карлуктар жардам берген. Жагдайды байкап турган арабдар Таң империясынын Орто Азиянын иштерине мынчалык одоно кийлигишүүсүнѳ жол беришкен эмес. Зияд ибн Салих башчылык кылган аскерлер кытайларга каршы бет алышат. Бул кабарды уккандан кийин кытай кол башчысы Гао Саньчжи жүз миң аскери менен арабдардын жолун тосуп Суябдан чыгат. Эки армия 751-ж. июлда Талас ѳрѳѳнүндѳгү Атлах шаарында (азыркы Манас районунун Покровка айылынын түндүгүрѳѳк жагындагы урандылар) беттешишкен. Бет келишкен эки армия тең дарыядан ѳтүүгѳ батынбай, туура тѳрт күн тирешип турушту. Бешинчи күн дегенде карлуктардын атчандары кытай армиясынын арт жагынан сокку урат. Ошондо арабдар алардын бет маңдайынан чабуулга ѳтѳт. Эки жактан тең кысымга алынган кытай аскерлери туруштук бере албай, Талас дарыясынын тар капчыгайын кѳздѳй баш калкалап качышат. Орто кылымдагы тарыхчы Ибн-ал-Асирдин малыматтарына караганда, Атлахтагы салгылашууда кытайлыктар набыт болгон 50 миң жана туткунга түшкѳн 20 миңдей адамдарынан айрылышкан. Түрктѳр үчүн бул жеңиштин мааниси чоң болгон. Анткени, ушул жеңилүүдѳн кийин Кытай аскерлери болжол менен миң жылча Орто Азиянын чек араларына жологон эмес. Мунун ѳзү региондо мусулман маданиятынын ѳнүгүшүн камсыз кылган.

Ошентип, карлуктар кытай аскерлерин кыйратууда маанилүү роль ойношуп, Жетиcууда ѳзүлѳрүнүн абалын бекемдешти. Бирок, карлук тѳбѳлдѳрүнѳ саясий үстѳмдүк кылуу үчүн дагы узак убакытка күрѳш жүргүзүүгѳ туура келген. Карлук жабгулары талааларга ээлик кылуу үчүн Уйгур кагандыгы менен күрѳшүүнү ѳзүлѳрүнүн башкы милдети катары эсептешкен. 751-ж. алар уйгурларга каршы коалицияны түзѳ алышкан, ага карлуктардан тышкары, түрктѳр, кыргыздар жана чик уруулары киришкен. Союздаштар макулдашып, чечкиндүү аракет кылышкан эмес. Качып ѳткѳндѳр коалициянын душмандык ниеттери жѳнүндѳ уйгурларга билдиришкенде, Элетмиш Билге каган чыгаан колбашчынын сапатын кѳрсѳтүп, союздаштарды жалгыздатып талкалаган. Карлуктар 40 жыл илгери түргѳштѳрдѳй эле Иртыш дарыясынын сол жээгиндеги Болучу деген жерде жеңилишкен. Бир жылдан кийин карлуктар түргѳштѳр жана басмылдар менен союзда болуп, талаалардын түпкүрүнѳ жортуул жасашып, Уйгурлар басмылдарды, карлуктар менен түргѳштѳрдүн бириккен отрядын талкалашат. Ѳжѳр карлуктар мындан кийин да уйгурларга бир нече жолу кол салышып, бирок дайыма жоготууга учурап чегинип турушкан. Ошол эле убакта карлук жабгулары Жетиcууда саясий үстѳмдүк үчүн күрѳш жүргүзүшкѳн. Мында алардын башкы атаандаштары «он ок элинин» конфедерациясына киришкен огуздар болушкан. Огуз каган жѳнүндѳ легендаларда жана уламыштарда Ысык-Кѳлдүн жана Талас ѳрѳѳнүнүн аймагы огуз элинин түпкү мекени катары айтылат. Күрѳш айгышкан мүнѳздѳ ѳтүп, арасында тыным алуулар болуп, жыйырма жылга созулган. Согуш карлуктардын жеңиши менен аяктап, алар 766-ж. Суяб жана Тараз шаарларын ээлешкен. Огуздардын бир кыйла бѳлүгү Жетиcууну ташташып, Арал боюнча кѳчүп барышып, анда ѳз мамлекетин негиздешкен. Жетисууга жана Теңир-Тоого бекем орношуп алган соң карлуктар тибеттиктер менен шериктеш болушуп, Чыгыш Түркстанда жана Жунгарияда уйгурлар менен күрѳштү улантышкан. Адегенде алар ийгиликке ээ болушат, бирок 791-ж., андан кийин 812-ж. уйгурлар союздаштарды оор жеңилүүгѳ учуратышкан. Уйгурлар жабгуну уйгур каганын танууга мажбурлашкан. Карлуктардын башына түшкѳн кырсыктан пайдаланып, ошол эле 812-ж. арабдар аларга каршы аттанышат. Отрардын алдында, жабгунун үй-бүлѳсү туткунга алынат, ал эми жабгунун ѳзү Иртыштагы кимактардын ѳлкѳсүнѳ качып кетет. IX к. орто ченинде Орто жана Борбордук Азияда маанилүү саясий окуялар болуп ѳтүп, карлуктардын мамлекетинин тагдырына таасирин тийгизген. Жүз жылдын ичинде Теңир-Тоонун, Жетисуунун жана Чыгыш Түркстандын карлук урууларынын арасында кубаттуу Караханийлер династиясынын айланасында баш кошуп, самониддерди кулатып, Орто Азияны жеңип алган күчтѳр жетилип отурган. Окумуштуулардын эмгектеринде кыргыздардын Саруу уруусу генеологиялык жактан карлуктардан чыккан деген гипотеза бар». (Ѳ.Ж. Осмонов, Кыргызстан тарыхы. «Байыркы доордон азыркыга чейин». Бишкек - 2001. 35-38 беттер.)

IX-X кылымдарда Саян-Алтай аймагындагы уруулар бир пикирлеш болуп, анын ичинде кыргыздардын таасири жогору болгондуктан, кыргыздарга жакын – кумактардын, кыпчактардын да аброю жогору болгон. XI кылымдын экинчи жарымында, кыргыздар үчилтик ынтымак уюмун түзгѳнгѳ жетишет. Ал уюмга – кыргыз, кыпчак жана жабагылар (ябагу) кирип, ошол кездеги сырткы душмандарга каршы турууну кѳздѳгѳн ѳтѳ таасирлүү күч болгон. Тянь-Шань жана андан ары Саян-Алтай аймагындагыларга Кыргыз каганатынын Туусу астында, аларга кошулган кумактар (ямактар), кытайлар жакын турган шаарлардын чек араларын коргоого алышкан.

уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
25302

08-11-2016
Зарлык Сыдык уулунун санжырасы
34158

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
50367

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
38196

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
19563

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
22137

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
31735

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
26096

03-03-2015

Комуз тарыхы

Комуз – ички дүйнө жарчысы

38588

07-01-2015
Чынгысхандын теги ким болгон?
23967

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×