Добавить статью
11:37 8 Ноября 2016
Зарлык Сыдык уулунун санжырасы
Автор: Кайнарбек Бийлибаев

Таластын Кѳк-Кашат айылына бир тууганым Сардалбектин улуу кызынын себин алып барганыбызда, кудалардын ичинен жашы 66 га барып калган Зарлык мырзанын кызыктуу сѳздѳрүнѳ кулак тѳшѳп отурдук. Cаруу уруусунун ичиндеги колпочтордун кызыктуу санжырасын айтып бергени, жаңылык болду. Анын айтуусунда, XVIII-кылымдагы ойрот-жунгарлардын заманында баатыр аталарга, энелерге байланышкан окуялардан баян курганы кызыгууну жаратты.

Байыркы каар мезгилде, кыргыздардын байыртадан бери келе жаткан лакабынын тамыры терең экендиги жана жашап жүргѳндүгү жѳнүндѳ, «жер тамырынан эл тамыры кѳп» деген кеп бекер жерден айтылбаганынын далилдерин келтирди. Казак жеринде алты миллиондой кыргыз бар экени, ошондой эле Фергана чѳлкѳмүндѳгү ѳзбектешип, тажиктешип кеткен кыргыздардын саныда ушул сандарга чамалап барары. Ал эми кытайдагы Кызыл-Суулук кыргыздар, Тибеттеги кыргыздар, Украина, Россия ж.б. мамлекеттерде киринди болуп кетишкендери, айтор, айта берсе кѳп дейли.

image-07-11-16-11-34 Зарлык мырзанын ѳз оозунан укканым, Казак республикасынын бир эле аймактагы окуяны, ал тургай китеп бетине түшүп калган казакташып кеткен кыргыздардын тарыхый далил санжырасын айткандары кѳңүл бурдурат. Айтуунда, Аламатыдан 2008-жылы чыккан Галым Турганбаевдин «Акикат жолында» деген 30 басма табактан турган, 1000 даана китебиндеги «Мен киммин» деген эскерүү макаласынын 47-59- беттеринде, ѳзүнүн бала кезинде уккан сѳзүнүн чындыгына токтолот: «Бала кезибизде башыбыз кошулуп калганда, айыл аксакалдары кимдин кайдан чыкканын айтып, ар уруунун тарыхы козгойт эле. Эсимде бар, 10-12 жашар кезимде кырманда иштеп, кечкисин астыбызга калың саман тѳшѳп отурганыбызда – кашыбызга бригадир Бабалы келип отурчу. Анын добушу коңур, чоң киши боло турган. Ал киши бизге аңгемесин баштап, кулак салып отурган 5-6 баланын уруун айтып, мага келгенде «Галым сен кыргыз болосуң. Чоң аталарыңдын бири Кыргызбай деп айтылат» деди. Аталарымдын бирин Кыргызбай деп атаса, атаган чыгар, ага шайкеш «сен кыргыз болосуң» деген эмне деген сандырактык деп кѳп маани бермеген элем. Кийин мени Талды айылдык Кеңешинин катчысы, андан кийин тѳрагасы болгон кезде Кытайдан 1920-30-жылдары, элдин мал-мүлкүн тартып алып колхоз, совхоздорду ирилештирип жаткан кезде чек арадан ѳтүп Кытайга кеткен туушкандырыбыз топ-тобу менен келе баштады. Кайтып келген жарандардын үй-бүлѳлѳрү менен балдарына күбѳлүк берүү жагы айылдык Кеңешке тапшырылган. Мен жаш болсом да, ошол адамдардын ичинде элдин тарыхын жакшы билген аксакалдар менен аңгемелешчимин. Ошондой адамдардын бири – Кудайберди уруусунан Доуранбеков Акжаркын боло турган. Сакал-мурутун коё берген, узун бойлуу, сулуу адам эле. Ал аксакал менен кѳп сүйлѳшүп, талаш-пикирге да түшүп кеткен учурубуз да болду. Мени кайнисинтип азилдеше турган. Кайни дегеним, кемпири Мырзагелдинин кызы эле. Ал киши, Галым, сенин аталарыңдын бири кыргыз болгон. Сенин Тилеке деген атаң кыргыздын ѳзү сыяктуу оокатуу баатыр адам менен дос болуптур. Кыргыз досу Тилекени конокко чакырып, кайтарында «экѳѳбүз эми тууган бололук» деп ѳзүнүн 4-5 жашар баласын атаңдын астына ѳңѳртүп жибериптир. Ал кезде Тилекенин ѳзүнүн баласы болбоптур» деди. Ушундай аңгемени ошол Кытайдан келген, кѳп жылдары Жамбыл атындагы колхоздо чабан болуп иштеген, 90 жашында дүйнѳдѳн кайткан Жүнүсов Абдуали карыядан да укканым бар эле.

Бирок, мындан 3-4 кылым мурда, бүгүнкүдѳй автокѳлүк жок, миңдеген чакырым аралыктан ат менен келип жүргѳн кыргыздар, бул жакта эмне кылган болду экен деп жообун таппай жүрдүм эле. 2001-жылы Жаркент жерине Кыргызстандан эки адам келип, «аталарыбыз аманат иретинде Казак элиндеги Мырзагелдинин уулу Тилекеге Муратжан атуу балабызды берди элек, ошонун анык чынын билүүбүз керек деп, бизге тапшырып кетишти эле. Ошол үчүн атайы келип отурбуз» дешип, Лесновка айылында турган Керимбаев Мырзахметке жана Сармолдоев Замзанханга жолугуп, кыргыздын айыр калпагын кийгизип, бир канча күн конок болуп кетишет. Кыргыз элинен бул карып калган адамдардын кандай максат менен келгенин, эки аксакалыбыз эч кимге жарыя кылбайт.

Керимбаев Мырзахмет 2007-жылы 84 жашында дүйнѳдѳн ѳттү. Фин жана Гермпн согушуна катышып бир нече орден, медалдар менен сыйланган эле. Сталин атындагы, кийин Жамбыл атындагы колхоздун жетекчилеринин бир болгон. Менин бала кезимден тарта кандай күндѳрдү кѳрүп ѳскѳнүмдү жакшы билчү. Сармолдоев Замзанхан 2005-жылы 81 жашында дүйнѳ салды. 1961-жылы Кытайдан кѳчүп келген. Бул кишинин акеси Сармолдо менин атам Тургамбай менен бирге турган. «Муратжанынан ким калды, анын ичинде эл башкарып, аты чыккан адамдары барбы?» десе, мени айтыптыр. Ал кезде мен айылда болбой, чет ѳлкѳгѳ кеткен элем.

2005-жылы улуу кызым Гүлнара айылга бара калып, эл арасында кыргыздан келген адамдар жѳнүндѳ шыбыш кептерди угуп, аныктоо үчүн эки атасына барып, бардыгын аныктап, кагаз бетине түшүрүп үйгѳ келип, «папа, биз казак эмес, кыргыз экенбизго?!» деди. «Кызым, муну кайдан чыгарып отурсуң?» десем, ал эки аксакалдан айткандарын айтып берди. Уккандан кийин дароо айылга барып Мырзахмет агага жолуктум. Ошондо ал киши дароо эле сырды ачып берди. «Бул жакка кыргыздар кандайча келип калган, ал жѳнүндѳ эмне билесиз?» дедим. «Мындан үч кылым мурда казак жерине чабуул жасаган калмактарга каршы казак баатырларына кѳмѳк кѳрсѳткѳн кыргыз, ѳзбек, каракалпак жана башка түрүк тектеш улуттардын баатырлары катышкан. Калмактар менен уруш Белжайлоодо, Үчкүйгѳн суунун маңдайында болгондуктан – Орбулактын жакасы деп аталып кеткен. Мындан 12 жыл мурда Орбулак жакасынын 350 жылдыгы аталганына майрам ѳтүп, андагы байгеде сенин атың биринчи келбеди беле? Ал Белжайлоо Кичи Ѳзѳктүн башы, Койташ биздин аталарыбыздын, сенин накта аталарыңдын жери.

Ошол чабышта казак баатырлары, кыргыз, ѳзбек, түрктѳрдѳн башка жерлерден келген жоокерлер калмактарга катуу сокку уруп, чыгышка карай кубалап, Шежин ѳзѳнүнѳн ары ѳткѳрүп жиберишет. Калмактарды жеңип кайтканда, Тилеке атабыз жанын аябай жоого бирге чыгып, чабышка түшкѳн Райымбек деген кыргыз баатырын жоокерлери менен бир айдай конок болосуңар деп, аябай сый кѳрсѳтүп, күтѳт. Тилеке атабыз ѳзү оокат-аштуу, бай болгон экен. Кыргыз коногу жайлоону аралап жүргѳнүндѳ, Тилекенин кѳп жылкылысыны ичиндеги бир айгырга кѳзү түшѳт. Райымбек отурган жеринде айгырга тамшанып айта бериптир. Ошонун менен бирге Тилекенин баласы жок экенин сезет. Тилеке атабыз Райымбектин кайтарында буюм-тайым сурабай «эми биз дос, тамыр болуп жүрѳлүк» деп коногунун кѳзү түшкѳн айгырын үйүрү менен алдына салып, айдатып жиберет.

Райымбек, Тилекени келерки жылы Кыргыз жерине конокко кел, деп чакырып кетет. «Биз Талас тоонун мекендейбиз, силер барарыңарда аттарыңардын жанына кургак жыгач, болбосо боолоп камышты байлап, Иле ѳзѳнүнѳн ѳткѳндѳн кийин Иле Алатоону жандап батышты карай жүргѳнүңѳрдѳ, оң жактагы түштүгүрѳѳк тоодон ашканыңардан кийин Талас Алатоосунун четине жакындайсыңар. Ошол жердеги элден Райымбек баатырдын конушун сурасаңар бардыгы айтып, жол кѳрсѳтүп берет. Келериңде менин муногу камчымды ала келерсиң» деп, камчысын Тилеке атабыздын үйүнүн керегесине илип кетиптир.

Бир жылдан ѳткѳндѳн кийин, Тилеке жанына бир топ адамдарды алып кыргыз жерине аттанып кетет. Талас тоону чейин 20 күн жол жүрүп, Райымбек досун таап, бир топ убакытка чейин конок болуп, Райымбектин камчысын ѳзүнѳ тапшырат. Ушул учурда Тилеке кыргыз досунун үйүндѳ ойноп жүргѳн балдарын байкайт. Кичүүсү 4-5 жашар бала Тилекенин жанынан кетпей, тизесине отура калып бир канча күн боор тартып калат. Атын сураса, Муратжан экен. Кенже баласы, ардактуу коногуна боор тартып, жакын болуп калганын Райымбек байкайт. Райымбек жоокерчиликте Бердике баатыр менен бир жүрүп, калмактарга каршы чабышып, жакын болуп калган жери бар экен. Оюна келет, жылкынын ордуна малымдан бергеним болбос, андан кѳрѳ балдарымдын бирин берейин дейт. 5-6 жашар балдарынын ичинен бирѳѳсү Тилекенин тизесине күндѳ отуруп жакын болуп калгандыктан коногун аздектеп жѳнѳѳр күнү, «Тилеке, биз эми мындан ары тууган бололук. Мыногу Муратжанымды ѳзүңѳ бердим. Колуңа алгандан кийин сенден жакшы тарбия алар чыгар!» деп, алдына ѳңѳртүп, узатат. Казак жерине келгенден кийин кичинекей Муратжан ысымы Кыргызбай болуп, ѳзү акылдуу, зирек касиеттери менен Тилекенин жакшы кѳргѳн уулу болот, дүйнѳдѳн кайтарында бардык мал-мүлкүн Кыргызбайга калтырып, мына жалгыз иниң Кабанбайга камкор жасап, колуңдагы дүнүйѳңдү бѳлүшүп тур, деп тапшырыптыр. Ал эми Галым сенин аталарың: Чоң атаң Мырзагелдиден жети бала калды. Байбичеси – Карлыгачтан 4 бала – Үмбет, Мамбет, Кожеке, Тилеке. Экинчи аялынан бир бала – Туматай, кичүү токолунан эки бала – Олдоксан, Элдибай. Тилекеден – Кыргызбай (Муратжан), экинчи аялынан – Кабанбай. Кыргызбай (Муратжанынан) беш бала: Кулжабай, Таңат, Балтабай, Берик, Байкадам. Кужабайдан эки уул – Куанычбай, Саттабай. Кубанычбайдан үч уул – Тургамбай, Сармолдо, Нурмуха. Турганбайдын уулдары – Мукидан, Ахметжан, Мукаш, кыздары – Нурипа, Рахима, Күлсим.

Ахметжандын биринчи аялы Жамалдан – сен Галым, кыздары – Алтын, Күлеш. 1941-жылы Ахметжан Кытайдагы эки энесине, туугандарына ѳтүп кетип жесир калган жеңеси, Мукидандын аялы Шемшиге үйлѳнүп, андан кыздары – Күлиша, Калима, уулу – Камал дегенди тѳрѳйт. Ал Мукидандын уулдары – Даулеткелди, Беттали, Маттали, кызы – Дакен калат. Ушулар сенин тикелей ѳз аталарың: Мырзагелди, Тилеке, Кыргызбай (Муратжан), Кулжабай, Кубанычбай (Эмгекчи айылынын баш жагына жерлеген (коюлган), күмбѳздѳрү бар). Турганбай – (Кытай жергесинде сѳѳгү коюлуп), Ахметжан – Алтыүйдѳ коюлду.

Мына Галым, эстеп отурсаң, биздин бешинчи атабыз кыргыз. Бирок ушуну элге жайып бабыроонун кажети барбы, жабылуу казан жабылуу бойдон калбайбы?» деп Мырзахмет ага ѳз сѳзүн таржымалдады. Бир аз ойлонуп, аксакал кишини иренжитип албайын деп, «Мырзахмет ага, арадан үч кылым ашык убакыт ѳтүптүр. Биз казак, кыргыз кайдан тарадык? Тереңге карай үңүлсѳк – гундар, сактар, кыпчактардын доору тарых эмеспи, ага кыянат жасоо болбойт да. Эмнеси болсо да чындыкты, акыйкатты айтышыбыз керек. Үч кылым мурда аталарыбыз казак-кыргыз бир тууган деп, биригип жоодон ѳз жерлерибизди ынтымак менен коргоп, калмактардан алып калганбыз. Салттарыбыз, кесибибиз, динибиз бир деп бири-бирине зор адамкерчилигибизди, ынтымагыбызды билдирип, бирине-малын, баласын берип дос, тамыр, тууган болуп жатса, биз ушундай аталарыбыздын улуу иштерин жашырып калсак, ал кишилердин арбактарынын астында арыбыз таза болобу?

Кыргызбай – Муратжан атабыз болбосо, кыргыз жеринен келбесе, сиздер менин аталарым Кулжабай, Куанычбай, Турганбай, акем Ахметжан, мага окшогон адамдар болор беле? Ал эми наадан адамдардын «сен казак эмессиң» дегендеринен коркуп акыйкатка кыянат жасообуз керекпи? Мени «казак эмессиң» дегендерге «казак болсоң менедей – ак казак бол» дээр элем». Ушудан кийин Мырзахмет ага бир күрсүнүп, «Галым, айтканың дурус, ошондуктан ѳзүң менен кездешип, акылдашып, эми эмне кылабыз деп Ораздан ѳзүңѳ келип, жолуксун дегеним ушу» деди.

Мен «Кыргыз жеринен келген аксакалдардын аты-жѳндѳрү ким? Кайда турушат экен, телефондорун калтырып кетиштиби? - деп сурадым. «Ораздар жазып алып жаткан, сурасаң таап берер» деди. Оразды жолуктуруп сураганымда, ал: «Бир жерге жазып алып калдым эле, таап коём» деп, эки жыл ѳткѳн кийин 2007-жылы, 12-желтоксондо айтып берди. Абдиев Канатбек жана Турганбаев Аманкул Талас калаасында тургундары болуп чыкты. Жашаган жайларын, телефондорун Алматыга барып күйѳ балам Мерекеге бердим, телефон аркылуу кабарлаш деп. 3 күн чалып ала албагандан кийин, телефондору алмашып кеткен чыгар деп, эки дарекке телеграмма салыптыр. Эки телеграмманын бирѳѳсү Абдиев Канатбектин баласы Соотбекке тийет. Ал, Алматыга, Мерекеге чалып, ѳздѳрүнүн кай жерде тургандыгы тууралуу, телефондорун тактап берет.

Силер менен байланышкандан 3 күн ѳткѳндѳн кийин, Соотбек, «Карыялардын бардыгына кабарладым, сиздерди күтүп жатышат, качан келесиздер?» деп айткандан кийин дайындалып, 2008-жылы, каңтардын 21 де жаныма Кусайынов Оразды, күйѳ балам Мереке, аялым Софаны, улуу кызым Гүлнараны, уулум Даниярды алып кыргыз элине аттанып кеттик. Кыргыз жерине барганыбызда, туугандарыбыздын арасында болуп, санжыра айткан улуу аксакалдар менен кездешип, ошондогу айткан аксакалдардын айткандарына талдоо жасап, XVII-кылымда казак менен калмак арасындагы кагылыштарды иликтеп жүргѳн тарыхчылардын жазгандарын окуп аныктадым. 1643-жылы жазда, султан Салкам Жангир Белжайлоонун батышында, Үчкүйгѳн жеринде ор казып 6000 кол менен казак жерине басып кирген калмак коңтайжысынын 50 миңден турган аскерине тойтарыш берип, жоо жасагынын 10 миңдей жасагынын кѳзүн жоёт. Ошол чабыш, менин аталарым мекендеген Орбулак деп аталган кош тооду кошуп турган жеринде ѳткѳн. Бул айгышкан чабышта казак калкынын баатырлары ааламда теңдеши жок эрдик кѳрсѳтүп, жоосуна кыйраткы сокку урат. Орбулак чабышында, казак жеринин ар жеринен жыйналган ошол кездеги абдан тандалган баатырлары, чапырашты уруусунан – Карасай, аргындан – Агынтай, наймандан – Кѳксерек, каңгыдан – Сарыбука, дулаттан – Жаксыгул, тѳрткара уруусунан – Жиембет, суандан – Элтынды, алчын уруусунан – Жалаңтѳш, кыргыз баатырларынан – Кѳтѳн, Тобой (Тубай – Б.К.) дагы башка мыктылар катышат. Чабыштын кызуу убагында Самаркандан алчын элин баштап келген Жалаңтѳш баатыр баштап жардамга 20 миң жеткен колунун ичинде – ѳзбек, каракалпак, кыргыз, түркмѳн, башкыр, татар, дагы башка улуттардын ѳкүлдѳрү болгон экен.

Мына, ушу Орбулак чабышында аталарыбыз Токтук менен Муратжан акеси Райымбек катышып эрдик кѳрсѳтүп, Тилеке атабыз менен кездешип дос, тууган болуп кетишет. Кыргыздар бул жакка ошол кезде 1000 чакырым жерден аттары менен кандайча келди деген суроого, жооп табылды. Жоого бирге чыгып, тескейибизде малыбыз, тѳшѳктѳ башыбыз кошулуп, тууган болуп кеткен кыргыз, казак бир эмеспи деп, аталарыбыз мындан башканы айтчу эмес.

Казаксатандын кѳзкарандысыздыгынын туусу желбирегени алгач 1993-жылы, 7 маусымдагы № 46 жарнагы менен республикалык деңгээлде «Орбулак чабышына – 350 жыл» делип, зор маареке-той Панфилов ооданы Бел жайлоо аталып, ошол жерде ѳттү. Ушул тойго ошол кездеги Ѳкмѳт башчысы С.А.Терещенко тик учак менен келип катышты. Салмагы 20 тонна келген гранит таштан «Орбулак чабышынын» баатырларынын аты жазылган белги таш коюлду.

Артынан чоң байге-жарыш уюштурулду. Байгеге Кыргызстандан, Чымкент, Тараз, Алматы обласы, Костонай жактан аттар келди. Ошол аатардын ичинен аламан-байгеде менин атым биринчи келип, баш сыйлыкка коюлган автокѳлүктү утуп алдым. Аны элдин баары билет. Жерде кашка атым биринчи кегенине ишенбей, таңкалып, жогорку абройго жеткенимдин сырын эми билдим, ата-бабаларымдын арбагы колдогон экен, деп.

Ошодон кийин кыргыз туугандыбызды кѳздѳй аттандык. Тараз калаасына барып түштүк чыгышка карай 100 чакырым жүргѳндѳн кийин Талас калаасына жеттик. Таласка барганыбызда, Токтук атабыздын тѳрт уулунан тараган балдары бир жылкы союп, тѳрт үйгѳ бѳлүп алып, 4 күн бизди конок кылды. Токтук атабыздан тараган 360 түтүн бар экен. Ошолордун 80 пайызы Талас калаасында, Кѳккашатта (Кызыл тууда) турашат. «Казак жеринен туугандар келди» дешип, Бишкектен 300 чм. жер басып карыялар да кошо келишип, үч күн той болду. Аксакалдар четинен санжыраны, элдин тарыхын жакшы билгендери айтып отурушту, алар – Ысакжан, Байыш, Кадырбек, Курманбек, Акын аксакалдар элдин, жердин тарыхын жакшы билгендерин байкадым. 2000-жыл бизге, «Муратжандын урпактары бар бекен» деп издеп келген карыялар: Абдиев Канатбек 2001-жылы, Тургунбаев Аманкул 2005-жылы кайтыш болгон экен. Жарык дүйнѳ менен кошотошордон мурда, айылдагы аксакалдарга, балдарына, «Муратжандын урпактарын издегиле, алар менен байланышыңарды үзбѳгүлѳ» деп, табыштап кеткен экен. Менин барып Кыргызбай (Муратжан) атамдын туугандары менен кездешкеним, Канатбек, Аманкул карыялардын үмүтүн актагандай болдум.

Талас тоолорунун табийгатынын сулуулугуна, абасы, сусу тазалагына, кыргыздын уулу Манастын күмбѳзүн, Атай Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган китеп жыйнагын кѳрүп, кол тамгамды калтырып, зор кубанычта болуп кайткам» дептир.

Экинчиси, Зарлык мырзанын айткандарына ой чаптыралы. Менин суроом ушундай болду - "Тилекеге Райымбек чоң атаңыз кандайча баласын бергендиги, ал жакта урпактарынан кабардар болгонуңузга токтолуңузчу?" дегениме:

- Эми сизге ойрот-жунгар баскынчылыгынын убагында Токтук чоң атабыздын балдары жѳнүндѳ кеп кылып берейин. Токтук атабыздын Чомок деген аялы болот. Ал энебиздин уругу келдей экен. Чоң атабыз ѳзү аябагандай чоң мергенчи болгондуктан, бир айыл элди бакчу делет, кош аты – Акай мерген. Бир күнү Акай мерген мергенчиликке кетсе, калмактар кыргыздын айылын чаап, колуктуусун олжолоп алып кетет. Артынан кубалап барып, калмактардын кай жакка кеткени белгисиз болуп, колуктуусунан ажырап калат.

Жылдар ѳтѳт. Бир күнү Токтук (Акай) чоң атабыз аңчылыктан келатса, хандын жигиттери аңчылыкка чыгып, астынан чыккан каман качырып киргенде тигилер мергенди кѳздѳй качат. Аны кѳргѳн мерген, тиги жакта байланып турган хандын атын мине коюп, камандын артынан кууп жетип, атып, атына бѳктѳрүп келет. Аны кѳргѳн ичи тар кѳпкѳн жигиттери, биздин кылыгыбызды ханга айтып коёт дешип Акай мергенди ханга жамандап барышат. «Хан чакырып жатат» дегенди уккан Акай мерген, каманды сардектеп куйкалап ханга алып жѳнѳйт. Хан андан, тулпарын эмнеге мингени жѳнүндѳ сураганда, «Ханым, сиздин ууга жиберген жигиттериңиз астынан чыккан семиз каманды атып, сизге алып келгендин ордуна, камандан качып мени кѳздѳй келатканда, каман токойго кирип, кутулуп кетпесин деп, сиздин тулпарыңызды мине коюп кубалап жетип, атып, сиздин астыңызга минтип саркелдек кылып куйкалап алып келдим!» дейт. Ошондо хан жан жигитинен, «мергенчинин сураганы эмне экен?» дейт. Хан чакырганда кележатып, ѳзүнүн издеп жүргѳн аялын кѳрѳ калганын эстеп, «эгер хан менин айткатканымды аткарса, айтам» дейт. Хан макул болот. «Анда, менин колуктуум адашып калып, ушул жерде жүргѳн экен. Уруксат берсе, алып кетейин» дейт. Хандын уруксаты менен аялын үйүнѳ алып келет, ошондо боюнда бар аялы келгенден кѳп ѳтпѳй эркек бала тѳрѳйт. Токтук тѳрѳлгѳн баласына Жамансарт деп ат коюп, асырап алат.

Санжырада бул боюнча үч айры айтылып калганы жерлери бар. Бир айтымын жогоруда айттым. Экинчисинде, жоокерчилик заманда Токтук атабыз баатыр болгон экен, баатырлар менен калмактардын арасына барып калат. Ал убакта деле калмактар басып алды деген аты болгону менен, бѳлѳк элдер менен аралашып эле жашай беришкен тура. Ошо жерден, калмактар олжолоп алып кеткен аялын таанып – алып кетейин десе аялы намыстанып, «барбайм» дептир. Токтук, «сени сагындым, тилиңден бир ѳптүрүп койчу» деп, аялы тилин чыгарганда, тилинен кармап, коё бербей чыгарып кеткен делет. Үчүнчү айтымында, «барбайм» деген аялынын чатырына кирип барып, чыпалагын бүктѳй кармаганда, корккон аялы унчукпастан кол кармашып ээрчишип чыккан сыяктуу, келе берген делет.

Ошол Чомок энебиздин боюнда бала келип, тѳрѳгѳндѳн кийин Токтук атабыз баласынын атын Жамансарт деп койгон экен. Бул менин сѳзүм эмес, Токтуктан тараганадардын санжырасында айтылат. Зарлык мырзанын айтуусунда, колпочтон тарагандар: Токо, Быры, Чунгу, Куулек (Кубулек), Алаш (Адаш), Бабалар. Алаштан – Абыла, Баяш. Абыладан – Козубек. Козубектен – Олот, Болот делет. Олоттон – Рйымбек, Чочой. Райымбектен – Токтук, Мурат. Муратжан казак элине кичинесинде кетип, анын урук-тукуму Жаркенде туруп калышкан. Токтуктун Таластагы урпактарынан Жамансарттан тарагандар: Аблаке, Ормоке, Шералы, Эрназар, Калча, Мамаке, Бѳкѳнбай. Бѳкѳнбайдан - Асыл, Атантай, Байсубан (Байсубек), Дайыр, Эшим делип биз эсептелебиз.

Дагы бир айтымда, Талканбай деген аваларыбыз түрмѳдѳн бошоп келатып, кыргыз жерин адашпай кантип таап барарын билбей сураганында. Билгендер, «асмандагы алтын казыкты он ийине тууралып келе бер, ошондо туура таап барасың» дешет. Келатып жолдо казактагы кыргыздарга – туугандарына жолугат. Ѳзүнүн түрмѳдѳн качып келатканын жашырып, алар менен санжыргалай кеп салып калышып, тууган чыгат. Казактагы кыргыздардын ичинен бир мыктысы, «канча атасыңар?» дегенге, так билбегендиктен 4 атанын одуна, «3 атадан балдар бар», деп коёт. Кийин, Талканбайдын айтканы боюнча алар 3 атага кийит ала келип, кийгизгенде, 1 атага – Бѳкѳнбайга кийит жетпей, казактар уят болот. Ошондо, «силерде күнѳѳ жок» деп, Бѳкѳнбай Талканбайга катуу сѳз айтып койгон экен. Ошо кезде алар Түлкүдѳбѳгѳ казак жактан бир үй-бүлѳ кѳчүп келип, кандайдыр бир себептер болуп, балким ал жердин эли кабыл албай койгонбу, айтор кайра кѳчѳп кетет. Эки тарап сүйлѳшкѳндѳй Түлкүдѳбѳгѳ биз жактан бир үй-бүлѳ бармак, бирок тигилер кѳчүп кеткендиктен бул жактан баралбай калышып, байланыш ошо бойдон үзүлүп кѳпкѳ чейин белгисиз бойдон калып калат. Алар келген кезде, 100 дѳн ашык түтүн болуп калганы эл оозунда калып калат. Мезгил ѳтүп, мындан 10 жыл мурда бизден эки адам издешип барып, табышып келишкен. Жоокерчилик заманда, калмактар чаап кетип баратып Тилекенин айылына калмактар 2-3 кун ѳргүп калат экен, кетээринднде ыраазы болгон калмактар, бул казактын сураганы эмне экен, дейт. Ошондо казак Тилеке кѳзү түшкѳн тайды сураганда, калмактар, жок болбойт, бул эгиз тай деп, сураганынын ордуна алдагы кара тоголок баланы таштап кет, деп Муратжанды калтырып кеткен экен дейт.

Казактагы кыргыздардын айтымында тигиндей болуп, биздин айтымдарда ушундайча айтылат дейт...

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь