Добавить статью
6:59, 13 сентября 2014 0

Тибеттин белгисиз сырлары (уландысы)

(башы 11-сентябрда жарыяланган...)

Шамбаланын Тибет менен байланыштырган себеби, Шамбаланын бир эшиги Кыргызстанда экен деген сѳз бар. Шамбала жѳнүндѳ байыркы замандарда эле, б.д.ч. II кылымда жазылып калган маалымат бар экенин кийинки кызыккан окумуштуулар айтып да, жазып келишкен, ал тургай «Шамбала» аталышындагы мамлекет тууралуу баяндалып, анын алгачкы падышасы Сучандар аттуу адам ѳзүнүн Аксарайында гүлбакчада Калачкра*, маналдасын* (калачкра*санскритте-убакыт айлампасы же ѳмүр ѳтѳлгѳсү, мандала* саскритте – айлампа же шакекче. Ошондой эле Веданын он бѳлүгү да мандала деп аталат). Ошондон бери эле аты аталган жер Калачкра илиминин башаты болуп калганы баяндалып калганы жашыруун сыр болгон. Шамбаланы тибеттиктер Калапа десе, Азиялыктар – ѳлбѳстүн ѳрѳѳнү, Россиялыктар – Ак Суу ѳрѳѳнү (Беловодье), жүүттѳр –Г рааль биримдиги (братство Грааля), индиялыктар Шаңгрилла деп аташат. Башкача айтканда, Шамбала бул биздин планетардык жашоонун ѳзѳгү жайгашкан жай. Ал жерде кудайдын эрки боюнча жер жүзүндѳ аткарылчу бардык иштер долбоорлонуп ишке ашырылат. Адамдардын, улут аралык тагдыры, башынан кечирчү азап-тозогу, кѳрѳр жыргалы менен куурашы, саясий кыймылдардын жаралышы менен ѳнүгүшү, коомдун илимий прогресстери менен артка чегинүүлѳрү, диний жактан агаруулары, айтор адам баласынын турмушуна байланышкан бардык нерселер ушул жерде чечилет деп билишкен адепттер* (адепт* - латын тилинде Adeptus «Жетишкен». Окульттук илимде – эзотерикалык философиянын туу чокусуна жетип Мастер атагына татыган адам).

А.Гитлер менен И,В,Сталиндин максаты Шамбаладагы сыйкырдуу сырларды ачып алса, алар ааламдын ээси болуп, бардык максаттарга жетебиз деген ойдон алыс эмес болгон . А.Гитлердин, Шамбаланын кыргыз тоолорунун арасында бир эмес, бир канча эшиги жайгашкандыгы жѳнүндѳ кабардар болгону. Анын кыргыздарга кызыккан себеби, Тибет, Гималай, Тянь-Шань ж.б. кыргыз тоолорун XIII к. бери изилдеген саякатчылар: Марко Поло (1254-1324), Карл Риттер (1779-1859), Александар фон Гумбольдт (1769-1859), Орус императору Александр III (1854-1894), Н.М. Прежевальский (1839-1888), Н.К.Рерих 1932-ж. тарткан сүрѳттѳрү чындыкты чагылдырган. Ошол себептен анын кабардар болушу бекер жерден болбогон.

Тибетке азыркы күнгѳ чейин ислам дини жетпесе да, исламдын куран китебинде «Ыклас» сүрѳсүндѳ «сомадхи» сѳзү «ас-сомад» - түбѳлүктүү деген мааниде кезигет. Анын маанисин так берүү мүмкүн эместигинен кабар берет. «Ас сомад» деген түшүнүк Куранда бир эле жолу кездешкени менен, аллага берилген сыпат катары колдонулганы – Аллага таандык экени, ал эч кимден жана эч нерседен муктаж эместиги, бардык жандууларды ал жаратып, түбѳлүк ислам аалымдары белгилешкен. Сагымбайдын Манас айтуусунда Курандын сүрѳѳсүнѳ карата мындайча айтылган: Бар! – деп билгин ката жок,

Туудурду дебе, ата жок,

Тууду дебе, эне жок,

Бир жараткан кудаага

Туш келишер неме жок,

Ѳзүнѳн бѳлѳк даана жок,

Ѳзү бар да, бала жок,

Ѳзгѳ тууган, урук жок,

Ѳзүнѳн бѳлѳк улук жок! (С.Орозбаков. Манас. Хан-Теңири басмасы, 2010, 107-б.).

«Сомад», «сомадхи» сѳздѳрдүн негизги маниси – «түбѳлүк» деген түшүнүктү билдирген менен, «сомад» - исламда бир Аллага таандык сыпат катары белгиленсе, «сомадхи» - тибет буддизиминде үңкүрлѳрдѳгү ант уйкуда жаткан – каткан адам калдыктарына берилип, булар кайрадан тирилип келип адамзатынын жашоо кѳчүн улантуучу касиеттүү, түбѳлүк ѳлбѳгѳн сыпаты бар адамдар жѳнүндѳ сѳз кылат. Темирбек Токтогозиев, сомадхи – ант уйкуга жооп издеп, ант уйку абалында адам кандайча болот деген суроого жооп катары Бурятиядагы буддисттердин кѳрүстѳнүнѳн сѳѳгѳ казылып алынып, экспонат катары музейге коюлган Пандито Хамбо-лама XII Даши-Доржо Итигеловдун мисалын атайт: «Будда динини ламасы 1927-жылдын 15 июнунда ѳзүнүн окуучуларына жаны учуп кеткенден кийин, окуучулары ѳзүнүн денесин кантип кѳмѳѳрүн аманат катары дайындап, 30, 50 жылы ѳткѳндѳн кийин ачып кароолорун ѳтүнүп, кайрадан кѳѳмп койгула деген. Д.Д.Итигелов 75 жыл ѳткѳндѳн кийин бул жашоого кайрадан тирилип келээрин айткан экен. Окуучулары аманатын аткарып, 1955-жылы Пандито Хамбо-лама XVII Лубсан-Нимо Дармаевдин катышуусу менен, экинчи жолу 1973-жылы Пандито Хамбо-лама XIX Жамбал-Доржо Гомоевдин жетекчилиги астында анын анын денесин Бурятиянын Иволгинский районундагы Хухе-Зуран кѳрүстѳнүнѳн, алып чыгышып, изилдѳѳлѳрдү жүргүзүшүп, кайрадан саркофагына салып кѳѳмп коюшкан. 2002-жылдын 10 сентябрында Пандито-Хамбо-лама XXIV Дамба Аюшев окумуштуулардын катышуусунда ламанын тулку сакталган саркофагды кѳрүстѳндѳн алып чыгышып аны сактоо үчүн атайын курулган «Хамбо-лама Итигеловдун жыргалдуу ак сарайы» деген жерге алып барып коюшат.

Таңкалыштуусу, Д.Д.Итигеловдун «сѳѳгүн» изилдеген окумуштуу Россия судмедэкспертизасынын инсанды таанып-тактоо бѳлүмүнүн башчысы Виктор Звягиндин айткандарына караганда, «ламанын» денеси чириген эмес, ѳлүктүн жыты байкалбайт, муздак болгону менен, билинер-билинбес жаны бардай туюлат, айрым учурда салмагы аны кѳрдѳн алып чыккандан бери, алгачкы бир-нече ѳскѳнүн айткан. Окумуштуу бул ант уйкудагы адамдын жылда 2 кг оорлонсо, акыркы 6 жылда 10 кг ѳскѳнүн айткан. Бүгүн анын салмагы 41 кг. (Комсомольская правда гезитинен 2012-жылдын 27-сентябрдагы санында А.Моисеенко менен А.Баратовдун «Загадка нетленного Ламы: 85 лет между жизнью и смертью» макаласынан алынган). Мен, Т.Токтогазиевдин бул китбин окуп чыгып ѳзүмчѳ бир тыянака келдим, ѳлбѳстүктүн айкалышкан чеги болгондуктан ал жай Кудайдын турагы катары эсептелери, аны изилдѳѳгѳ жетүү адам баласынын аң сезимин, акыл оюн мындан миңдеген жылдар бою иликтеп келинсе да, дагы деле болсо табышмактуу бойдон калары талашсыз нерсе. Адам баласы жогору жактан (ааламдан) уруксатсыз эч нерсе жасай албасын, бирнерсе жасоо үчүн жооптуу ишти мойнуна алып, ак жүрѳктѳн, чын дили менен жасаса жаратылыштын мыйзамы адам баласына ѳз кайтарымын берерин, ага жаратылыштын ал тургай тоо-таштагы ѳсүп жаткан мѳмѳ-жемши, тоо бетиндеги гүлдѳрү, жагымдуу жыпар-жыттуу ѳсүмдүктѳрү, агып жаткан шылдыр кашка сууларына чейин аяр мамиле кылганда гана ар кандай касиеттүү сапаттарга жетерине ишенүү керек деген ойду айткым келди...

Жолдошбек Султанов жѳнүндѳ «Кѳк Асабага» кѳп эле жолу жаздык, ошонун ичинде бир сѳзү эсиме келет: «Адам баласы ѳлүп жок болсо, анда жашоонун максаты эмнеде?» деген. Бул китепте да Ж.Султановдун илимдин артында жүрүп изилдеп алдына койгон максатына жетүү үчүн жер кесеп, санскрит тилин үйрѳнүүнү издеп жүргѳн Швециялык бир адамга жолугуп, аны менен кошо сапарга чыгып Индияда Бомбей андан ары Швецияда окуйт. Ѳзү менен чогу окуган немец кыздары менен Тибеттин борбору Лхасага барганын, тоо арасында жайгашкан Будда чиркѳѳлѳрүнѳ, тибеттин кыргыздарына жолугуп алар менен бир жылдай жашаганын, кѳргѳн, билгендери жѳнүндѳ баян кылат. «Тибеттиктер, ѳзүлѳрүнүн бакшыларынын айтымында байыркы заманда бѳлѳк планетадан келгенин жана ошол планета системалары менен байланышып турушаарын, алардын табигат таануусу, аалам таануусу абдан жогору экени, кыргыздар жѳнүндѳ кабарлары таптакыр жок экени таң калтырган. Жер бетинде ар кандай цивилизация болгону, анын ичинде Аруу цивилизациясы болгону, тибеттик кыргыздардын айтуусу боюнча, алар Аруудан чыккан чыккан элдин урпактары экен. Аруу цивилизациясы Кудайдын мыйзамдарына баш ийген, абдан жогору билимдүү адамдар болушкан. Бул цивилизация менен Ариянын ортосунда карама-каршылык пайда болгондо, Арияндар аны жок кылган. Омоной эненин айтуусунда караганда, Ариянын тукуму Алтай, Шибер (Сибирь), Чукотка жерлеринде жашашкан. Ал кезде бул жерлер бейишке окшогон керемет жерлер болгон. Азыркы Орто Азияда жашаган элдерди да Ария тукумдарынын калдыктары десек болот» - дейт. Дүйнѳдѳ эң чоң диндер: Будда, христиан, ислам дини болсо, дүйнѳ таанымын байыркы веда жазуулурынын негизинде болуп калганы, салыштырмалуу айтканда веда илими диндердин ортосунда айрымачылык деле жок, булар бир кудайга алып баруучу жол. Веда илимин терең билген Ражелег деген киши ѳзү 360 жашка чыккан, ѳзүнүн 200 жылын тунууга (медитацияга) арнаган. Ал бир ордунда медиацияда отуруп, дүйнѳ тааныган. Анын айтуусунда: «Азыркы мезгилде «шайтан доору» деп койгон. Азыркы цивилизацияланган коомдо технологиянын ѳнүккѳн доору, аалам медитациясына таасир берет. Анын далилдѳѳсүндѳ, ал Вириндаванда Ягна деген ыйык дарыянын жээгине келип, веда илимдерин изилдеп жүргѳн кезде1996-жылы мен ага жолуктум. Швециядан Индияга эки айга баргам. Ошол улуу адамдын айткандары эсимден кетпейт, медитацияга отурганда эки, үч метр бийик абада калкып калганын кѳргѳм, буту эч качан жерге тийбеген. Индиянын Аллахабад деген шаарында Ямуна, Данга, Сараспатий дарыяларынын кошулган жеринде Маха Хумхамерий деген чоң салтанат болот. Салтанатка 60 миллион адам чогулат, мындай салтанат 12 жылда бир болуп турат. Бул майрамга Индиянын ѳкмѳт башчысы 3 миллиард ашык акча сарп кылат, чогулган элдерге шарт түзүп берет. Ал жерге ар кандай диндин ѳкүлдѳрү чогулуп бардыгы бир кудайга сыйынышат. Ал жерден тарап кеткенден кийин, ар кимиси ѳз диндеринин кудайына сыйына, ѳз кудайларын макташа талаша беришет». Тибетте, Индиядадагы кыргыздардын карманган диндери ар башка, Индиядагы кыргыздар болсо мусулмандар , Тибеттик кыргыздардын жарымы жарымы буддачылар, жарымы теңирчиликке ишенимин кармашышат. Ал эми шаман маданиятындагылар динди кѳп кабыл албайт. Алардын кѳз карашында, динди адамдардын аң сезимин кѳтѳрүүчү илим деп түшүнүшѳт, шаманизим диндерден жогору турат дешип, аалам менен байланыштырып турган ишеним түшүнүктѳрү бар.

Китепти окуган адам, аруулукту, жашоонун жол-жобосу, жаратылышта адам баласынын биле элек сырлары бар экенинен башка дагы философиялык ой толгоолор менен жашоодогу кѳнүгүүлѳрдү аткарып тунуу (медитация) абалын үйрѳнүүдѳ адам баласы ѳмүрүн узартууга жол ачары жѳнүндѳ ыйык нерселерди байкай алат…

(аягы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
25457

08-11-2016
Зарлык Сыдык уулунун санжырасы
34285

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
50739

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
38336

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
19670

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
22244

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
31825

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
26227

03-03-2015

Комуз тарыхы

Комуз – ички дүйнө жарчысы

38765

07-01-2015
Чынгысхандын теги ким болгон?
24038

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×