Добавить статью
3:51 3 Марта 2015

Комуз тарыхы

Комуз – ички дүйнө жарчысы

Пайда болушу

Дүйнөнүн чыгыш элдеринде ар кандай музыкалык аспаптар бар, алардын пайда болуш тарыхы өтє терең. Адам баласы алгач чогуу жашоо (общиналык) коомунун шартында улам барган сайын акыл, аң-сезими өркүндөп, өсүп отуруп, өзүнүн жашоо шартына, тиричилигине ылайыктап, ар кандай өсүмдүк жыгачтарынан, малдардын башынан, мүйүздөрүнөн үн коштоочу аспаптарды ойлоп таап, аларды бири-бирин чакырууга, айбанаттарга аңчылык кылууга, үркүтүүгө, үн аркылуу үйрөтүүгө пайдаланып келишкени тарыхта белгилүү.

Коом өнүгүп адам акылы биринчи орунга чыгып, ойлоо сезими өзгөрүп, ар кандай мүйүз, жыгачтардын ордуна темир аспаптар пайда болуп, керней, сурнай, үйлөмө чоорлор эл катмарына барган сайын сиңип, өз жаңылануусун арттырып келди. Ошонун натыйжасында жез аспаптар керней, сурнайларда жасалды. Жыгач аспаптардан ооз комуз, темир ооз комуз жаралып, кыл кыяк капкактары териден таарылып, алардын сапат жагы артып, аспап катары кылымдап жыл карытып, элге жагып, ушу күнгө чейин ойнолуп келүүдө. Кыргызда комуздан мурда кыл кыякты ойлоп таап, аны аттын келбетине окшоштуруп жасап, куйругунан кыл тартып, үн коштоочу кыл таягын камчыга ылайыктап, аны сүрө тартып, укмуштуудай музыкалык аспапты жасап, ушу күнгө жеткирип койгондугу - адам акылынын тереўдиги. Айрым изилдөөчүлөр кыл кыяктын пайда болушун белгилүү дарыгер Абу-Али-Ибн-Сина 10-кылымда ойлоп тапкан деген айың сөздөрдү айтып-жазып келишкен. Ал эми комузга токтоло турган болсок, коңшулаш казактарда домбра (кобуз) аспабын Коркут деген адамга таандык деген маалыматтарды айтып келишет.

Чынында кыргыздарда комуз качан пайда болгон? Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда, Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда, белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган” деген жери бар. Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын. Андан мурдагы тарыхый булактарга сереп салып көрсөк. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аты эмне?” деп сураган. “Бул кобус деген музыка болот” деп жооп берет. Ван-Хавчуктун айтуусу менен эле “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек” деп болжолдоп койгон, так маалымат жок. ( А. Кайбылда уулу. “ Күү баяны “ Б. 2000 - ж. 15-бет).

Ушуга эле удаалаш маалымат: “Жапандык музыка адиси Аясы-Канту (Ли-Чан-Сан) деген адамдын,“Чыгыш музыкаларын изилдөө” аттуу эмгегинде кыргыз комузу жунгонун (кытайдын) Таң империясынын тушунда Ханзу (кытай) музыкалары менен бирге Жапанияга барып калган. Жапандыктар бул музыкага өтө көңүл буруп, кыргыз комузунун негизинде “Кьото” деген музыканы ойлоп табышкан. “Кьото” – кылдуу музыка дегенди билдирет”- деп жазат. (Анвар Байтур кытай тарыхчысы “ Кыргыз тарыхынын лекциялары”. Б. “Учкун“, 1992-ж. 1-2 том, 115-бет).

Азыр бизге эки нерсе белгилүү болду, казактардын эки кылдуу аспабы – “кобуз” жана жапандыктардын эки кылдуу аспабы – “кьото”. Тарыхка сереп салсак, кытай тарыхчысы Анвар Байтур жаңы эранын 33-жылында “кобус” деген аспапты атап, анын 1-чи кылымдарга таандык экенин далилдейт. Кээ бир булактарда казактын Каркут деген ырчысын мисал келтирип, кобуз ага таандык деп жазышат. Орустун окумуштуусу Алексей Левшиндин эмгектеринин биринде “Кыргыз-Кайсактар (Кыргыз-Казактар) тууралуу тарыхый маалыматтар” деген макаласынын 1-чи бабында мындай деп жазгандары бар: “Кайсак деген сөз - Казак дегендин бурмаланган түрү, айрым чыгыш жазуучуларынын ырастаганына карасак, бул сөз Христин төрөлүшүнөн да мурда пайда болгон. Бул пикирдин туура же туура эместигин иликтеп отурбастан, орто кылымдардагы орус урууларынын турмушунун көптөгөн тармактарына таралып кеткен Казак деген аталыш башынан бери эле Кыргыз-Кайсак ордолоруна таандык экенин жана азыр да алар өздөрүн Казак деп гана атарын белгилегибиз келет. Персиялыктарга, бухаралыктарга, хивалыктарга, жана Азиянын башка элдерине алар мына ушул ат менен белгилүү. Кытайлыктар “К” тыбышын жумшартып Харсак деп айтышат. Россияда 18-кылымга чейин Кыргыз-Кайсактарды билишпеген, бирок аларды Казактар, Казак ордосу деп аташкан”. ( Кыргыздар, 2-т. Бишкек. Кыргызстан,1993-ж. 252-бет.)

Кыргыз элинин эзелтеден колдонуп келген музыкалык аспаптарынын тарыхы да эң эле байыркы тереңдикке кетет. Буга Каракалпактын Кой кырылган калаа жана топурак калаасынан табылган б.з.ч. 1-жана 3- кылымдарга таандык музыкалык аспаптардын дареги күбө боло алат деп келип, үйлөмө, урма аспаптардын катары келтирилип, комуз жөнүндө айтылбайт.

Ал эми ушундай ойду түрк элдеринин орто кылымдагы ойчул-философ музыканты - Абу-Насыр Фараби (850-950) “Китаб ал мусики-ал кабар” аттуу эмгегинде кээ бир аспаптарды тизмектеп келип “тамбур” өңдүү кылдуу аспаптын кабарын айтат да, кыпчакка таандык кылат, ал эми кобуз (комуз) жөнүндө такыр айтылбайт. Кобуз 8-9- кылымдарга таандык музыкалык аспап катары элдик эпос “Китаби Деде Каркатта” айтылат.

Аталыш тарыхы

“Кобуз” музыкалык аспабы көптөгөн аспаптардын ичинен 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдєєгє эмгектерин арнап келишкен жерлери бар. Дагы бир орустун окумуштуусу С. Дмитриев: “Түрктөрдүн руникалык жазууларынан 8-кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон” - деп жазган.

Эгерде биз сөздүн уңгусун алып, сөздүктөргө көз чаптырып аңдоо салсак, анда ар кандай үндүк тыбыштардын ар кайсы өзгөрүүлөрүн көрөбүз. Мисалы, кобыз, кабаза - деген сөздөр арабдарга таандык. “Гияс-ул-лугат” деген сөздүктө кобза - колго алуучу моюн, калем сап делип которулат экен. Калем сап деген түшүнүк бул жазууга пайдаланган буюм (ручка) деле турган болсо, колго алуучу моюн - бул бир мойнунан кармай турган буюмдун түшүнүгү. Демек, бул жерде музыкага тиешеси жоктой ойду бергени менен, Украинанын музыкалык аспабына С. Дмитриев эскергендей “Гияс-ул-лугат” сөздүгїндө “кобза” менен “кобзо” сөздөрү дал келет.

Ошондуктан, айтылган аттар “кобуз”, “кобыз”, “кобус”, “кабаза” деген аталыштар бир эле убактарда өзгөрүлүп айтылып келгендери да жок эмес. Бизге жеткени – “кобыз”, “копуз”, “кумус”, “хобус”, “хомыз”, “хомус”, “комус” деген өзгєрүлмө аттар. Кыргыздын эзелки сөздөрүндө “с” тамгасы “з” тамгасына караганда көп пайдаланылып, этнонимге да таандык болгону анык. “К” тамгасы эл аралык сөз терминде, айрыкча коңшулаш кытай элинде “Х” же “Г” тамгалары көп пайдаланылгандыктан, фонетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында биздин сөздөрүбүздө кийинчирээк комуз деп айтылып калышы талашсыз.

Жапанияга жеткен “кобус” аспабы кыргыздарга таандык экенин Аясы Кенту (Ли- Чан - Сан) “Чыгыш музыкасын изилдөөдө” Тан империясынын тушунда кыргыз “комузу” Ханзу музыкалары менен бирге Жапанияга тарап, Жапандыктар кыргыз “комузунун” негизинде “Кьото” деген музыкалык аспапты жасашканын жазып, “Кьото“ деген сөз “кылдуу музыка “ дегенди түшүндүрөрүн айтат. Музыка деген сөздүн өзү кайдан чыкканына кайрылып көрөйүн деп, атайын музыкалык сөздүктү алып изилдеп көрдүм, Т.Крунтяева, Н. Молокованын “ Словарь иностранных музыкальных терминов (Ленинград “Музыка”, 1988 г. 7-е издание) сөздүгүндө “музыка” деген сөз чыгыш элдерине таандык экенин музыкалык аспап “Музыка” деген сөздүн өзү жаңы эранын 30-жылында пайда болсо да, европалык музыкалык терминдердин сөздүктөрүндө Чыгыш элине таандык делген жерин кезиктире албадым. Мисалы: “мьюзик” (англ.), музыка-мусика (латынча), музика-музыка (италияча) деген гана түшүнүктөр бар.

Сабырбек Абдырамен эрдин он жылдык чыгармачылык изилдєєсїндє “кыргыз” деген ат, этимология боюнча кыр-уу-уз деген аталыш жашоо-шарты тоо арасында өткөндүктөн келип чыккан деп түшүндүрүлөт. “Кыр” – тоолук, “куу” (ху) жана “уз” дейт. Ошол эле учурда эки мааниге ээ экенин кєчмєн эл ата-тегинин санжырасын “оў”, “сол” деп бєлїп, “куу уул”, “ууз уул” деп калганы кытай кол жазмаларында “куу” (ху) жана “ууз” деп эскерет. (Вечерний Бишкек”, 31.07.09. ж. “Стряхивая пыль веков”, Бермет Маликова)

”Куу – күү”, “ууз – уз” деген сєздєр “күү-уз” – “кооздолгон” (уз), “күүчү – уз” деп өзгөрүп, этимология боюнча “күүчү-уз”, “коо-уз”, андан барып “коо-муз” “комузга” өтүп кетиши мүмкүн.

Демек, комуз деген сөз кыргызда фонетикалык термин катары “кол-музыкасы“, “кумус”, “кү-мүс” деген сєз кыргыздын “ү” тамгасы, же болбосо “Күн” - “Хун” деп айтылып кеткен сыяктуу эле, “Күү”-музыкасы, “кыл-музыкасы” деген түшүнүктү берерине ынандым. Кыргыз менен Жапандыктардын музыка түшүнүгүндө бир маанидеги музыкалык түшүнүктү айтып турган жалпылык бар, “кылдуу музыка“ менен “кыл-музыкасы” эгиз козудай окшош. Жыйынтыгы - “кол - күүлөрү”, “кыл – күүлөрү”, “кылдуу-күүлөр” комуз күүлөрүнүн жаралыш тарыхына келип такалууда.

Эгерде жогорудагы Коркут деген улуу инсан кезегинде 18 миң ааламга кулак төшөп, 28 үн тыбышты бөлүп ажыратып, “кобуз” менен музыкалык үндї кошуп, угармандарына жеткире алган болсо, Камбар деген кыргыздын улуу инсаны ичегиден кылды ойлоп таап, комуз аспабынын көркөмүн өзгөртүп, добуш чыкчу жерлерин тереңирээк кеңейтип, үндүн ыргактарын кулака жагымдуу кылып уккулуктуу кылып добуш берип, жаңыча жаңылык кийрип, комуздун тагдырын ушу күнгө жеткидей кылганына, кыргыз эли сыймыктануу менен тарыхын айтып, чертип жүргөнү бекер эмес дээр элем.

Кыргыздын комузуна өзгөртүүнү кийин эле үч кылдын ордуна, төрт кылды тагып черткен айтылуу залкар комузчу Атай Огомбаев чоң жаңылык киргизгени - комуздун тагдырынын өзгөрүш тарыхы. Комуз аспабы азыркы убакта бөлөк элдердин аспаптарынан айырмаланып, анын моюн жагын манжалар басып, күү, обонго келтирген жеринде атайын бөлүнгөн пернелери (ладдары) жок. Кыргыз комузчулары бєлєк элдердин аспапчыларынан айырмаланып, кол ойнотоор касиетке өтө чебер жана маштап черткен жагынан эч бирине теңдешсиз. Комуз аспабы азыркы кезде дүйнө элдерине абдан таанымал аспап дешке толук укук бар.

Кыргыз комузу, бул жөн эле музыкалык аспап эмес, бул - адамдын ички дүйнөсүнүн тарыхый абалын айтып турган музыкалык баяндамачы демекчимин...

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

Зарлык Сыдык уулунун санжырасы

Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги

Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды

Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)

Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны

Чынгысхандын теги ким болгон?

Тибеттин белгисиз сырлары (уландысы)

Еще статьи

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь