Добавить статью
13:24 8 Января 2020

Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Моголстан мамлекети кулагандан кийин көз карандысыздык үчүн күрөш баштаган теңиртоолук көчмөн урууларды XVI кылымдын башында Мухаммед-Кыргыз бийлеп турган. Тилекке каршы, теңиртоолук көчмөндөрдүн ошол «Биринчи Кыргыз бирикмесин» баяндоочу тарыхый маалыматтар анчалык көп эмес. Тарыхчы Т. Асанов белгилегендей, XV кылымда кыргыздар «оң» жана «сол» канаттан турган этносаясий дуалдык түзүлүш менен жашашчу, алар XVI кылымдын башында жаңы уруулардын кошулушу менен демографиялык жактан бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болушкан. Балким, жаңы эле түзүлгөн «бирикме» ушул себептен улам көп жашабай кайра кулагандыр. Бирок биз мында аны эмес, кийин ошол «бирикменин» ордунда пайда болгон эки кыргыз конфедерациясы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Кыргыздардын өзүнө таандык мамлекеттик системалары болгондугу тууралуу маалыматтар, т.а. көчмөн кыргыз уруулары конфедеративдик биримдикке биригип жашап келишкендиги кытай жазма булактарында сакталып калган. Анда жазылгандай, кыргыз коомунда негизги ролду «уруулук бирикмелер» ойногон. Анткени, булардын башында «улук бийлер» турган жана алардын өзүнө тиешелүү «мөөрү», «кырк жигити» жана «урааны» боло турган. Улук бийлерге катардагы кичирээк уруктардын уруубашчылары болгон «акалакчы (агалакчын) бийлер» баш ийишкен. Бир катар окумуштуулар кыргыз урууларын жана уруулук бирикмелерин өзүнчө бир республикага же полиске окшотурушат, б.а. алардын өзүнчө бир мамлекеттик түзүлүш болгондугун айтышат. Анткени алар өздөрүн өзү башкарып, дээрлик көзкарандысыз болушкан. Ошентсе да, жалпы уруулардын формалдуу башкаруучулугу үчүн жыл сайын улук бийлердин бири «чоң бий» катары шайланып турган. "Чоң бий" деген сөздү кыргыздар кээде "хан" деген сөз менен да айтышкан. Бирок, чоң бий чындыгында улук бийлерге тиешелүү уруулардын ички иштерине кийлигише алган эмес, тек гана уруулар аралык жана тышкы саясат маселелеринде гана роль ойногон. Демек, муну автономдуу саясий бирдик катары таанып, анын «улуктук» (вождество, чифтом) болгондугун айта алабыз. Албетте, биз уруу деп эсептеп келген «уруулардын» чынында бир нече урууну бириктирген өз алдынча «улуктук», «бийлик» же «журттук» болгондугун изилдөө маселесине өзүнчө көңүл бурулууга тийиш. Бирок, негизгиси, көчмөн кыргыздардын мамлекеттүүлүгү «конфедерация» менен түшүндүрүлгөндүгүн моюнга алуубуз керек. Анткени, теңир-тоолук көчмөн кыргыз урууларынын федерацияга же унитардык мамлекетке бириккендигин аныктоочу булактар жок.

Кытай жазма булактарында XVIII кылымдарга чейин кыргыздар «чыгыш буруттарына» жана «батыш буруттарына» бөлүнүшкөндүгү катталган. Кыргыз санжырасы да кыргыздардын оң жана сол канатка бөлүнүшүнөн башталса да, санжырачылар Адыгине жана Тагай деген бир тууган бийлердин Кара-Дарыяны чек кылып, кыргыздарды экиге бөлүшкөндүгүн жашырышкан эмес. Санжырачылар айтып келген кабарлар боюнча, географиялык шартка ылайык эки аймакка бөлүнүп жашап калган кыргыздарды эки бөлөк жерде Адыгине менен Тагайдын урпактары башкарып келген. Батыш кыргыздары Фергананын тегерегиндеги тоолуу аймактарда жана Каратегинде жашашкан. Алар өз ичинде «отуз уул» жана «ичкилик» болуп экиге бөлүнүшөр эле. Ал эми Теңир-Тоону ээлеген чыгыш кыргыздарынын курмында оң да, сол да канаттан болгон уруулар менен катар эле могол урууларынын урпактары да бар болчу.

Тагай бийден кийин Чыгыш-кыргыз конфедерациясындагы бийлик мурасы Эштек бийге калгандыгы айтылат. Чыгыш кыргыздары башында бир канча жылдарга Казак хандыгы менен союздаш болгон же анын курамына убактылуу кирип турган десек болот. «Тарих-и Кашкардагы» кабар боюнча, XVI кылымдын ортолорунда казак ханы Хакназар менен бириккен кыргыздар Абдуррашид ханга (Эреше ханга) каршы согуштук мамиледе болушкан. XVII кылымдын башында болсо, кыргыздар менен казактар Ишим-хандын (Эр Эшимдин) жетекчилиги астында бухаралыктарга жана жуңгарларга каршы согушуп турушкан. Кыргыздын багыш уруусунан чыккан Көкүм бий кыргыздардын чоң бийи болгондугун жана ага арнап Ташкенде «Көкүмдүн көк күмбөзү» тургузулгандыгын Ш.Уалиханов эскерип кеткен. Кыргыз санжырасында болсо, саяк уруусунун же бирикмесинин бийи жана байы Түгөл бий өзүнүн атактуу Шарпкула деген тулпарын Эшим ханга тартуулагандыгы айтылат. Түгөл бийге замандаш болгон солто уруусунан чыккан Чаа бий да кыргыздардын, т.а. Чыгыш-кыргыз конфедерациясынын чоң бийи болгондугу маалым. Эшимден кийин анын уулу Жааңгирге кыргыздар баш ийген деген маалымат жок, бирок анын акыркы кайгылуу согушу кыргыз жеринде болуп өткөн. Жуңгарлар күчтөнүп, Батур-коңтайчынын тушунда уюштурулган 1652-жылкы калмактардын жүрүшүндө Жаңгир-султан 17 жашар калмак Галдамбанын колунан каза тапты да, чыгыш кыргыздары Жуңгар хандыгынын курамына кирди. Жуңгарлардын батыш чегарасы үчүн жооптуу болгон Галдамба кыргыз уламыштарында Калдама деп эскерилип, анын атынан Тогуз-Торо районунда жер аталышы да бар. Балким кыргыздардын көтөрүлүш аракетинен мисал болушу мүмкүн болгон бир уламышта кыргыздан чыккан аял баатыр Жаңыл-Мырза менен Калдаманын согушу баяндалат. Ошол сыяктуу эле, багыш уруусунан Тейиш хандын, кыпчак уруусунан Курманбек баатырдын, катаган уруусунан Эр Табылдынын да ушул заманда жуңгарларга каршы ийгиликтүү көтөрүлүш кылышкандыгын болжолдосок болот. Бирок жуңгарлар кыргыз урууларын бири-бирине каршы тукурууну да ийгиликтүү пайдаланышкан. Мисалы, Жаңыл-Мырзанын колунан кыргыз баатырлары Үчүкө менен Түлкү өлгөн эмеспи. Натыйжада, элдик уламыштар боюнча, кыргыз бийлеринин кеңешмесинин чечими менен кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан Шырдакбек баатыр Жаңыл-Мырзаны колго түшүргөн жана аны карабагыш уруусунун бийи Калматайга тапшырып беришкен. Мында Шырдакбек эки кыргыз конфедерациясын бириктирип, «эки тизгин, бир чылбырды» колго алгысы келип, кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн болушу мүмкүн. Анын «Шырдакбектин чеби» деген аталыштагы чептерин жер-жерлерден кезиктирүүгө болот.

Ал эми ошол эле туштарда Анжиян, Алай жана Каратегинди ээлеп турушкан батыш кыргыздарынын тарыхы да жанаша нукта жүргөн. XVI кылымдын 2-жарымында Батыш-кыргыз конфедерациясы Бухарага каршы козголоң кылган Ташкент беги Баба-султанга колдоо көрсөтүп турган. Ал кездеги батыш кыргыздарынын Хусейин деген бийи атактуу болгон. 1636-жылы чыгыштагы Жуңгария тараптан 12 миң түтүн кыргыз уруулары Каратегин аркылуу Гиссарга көчүп келип, Бухаранын букаралыгына өткөндүгү маалым. 1642-1643-жж. адыгине уруусунан чыккан Тилеке бий сыяктуу батыш кыргыз бийлери Анжияндын да, Могулиянын да тынчын алып турушкан. XVII кылымдын ортолорунда кыргыздар Могулия мамлекетинин аскерлери менен согушуп турушкан. Бир жолкусунда Ошко кол салып, кайтып бараткан Абдуллах-ханды кыргыз бийлери Беш-Мойнок деген жерден талкалашкан, экинчисинде Нарынга кол салган хандын жоокерлерин Аксайдан салгылашып жеңишкен. Ошондон кийин Кашкар хандары кыргыздарга болгон саясатын өзгөртүп, кыргыз жоокерлерин өздөрүнө аскердик кызматка ала башташкан. Натыйжада, чыгыштан да, батыштан да бир канча кыргыз уруулары Чыгыш Түркстанга көчүп барышкан – алар азыркы Шинжаңдын Кызыл-Суусундагы кытайлык кыргыздардын ата-бабалары.

Болжолу XVII кылымдын этегинде «казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөп киргенде» деген ылакапты эстеткен доор башталды. Тактап айтканда, Жуңгар хандыгына бай ийбей, чыгыштагы кыргыз урууларынын дээрлик бардыгы Кудаян-хандын башчылыгында батышка карай, Фергана өрөөнүнүн айланасына жана Гиссар тоолоруна көчүп кетишкен. 1727-жылы жүз миңдей кыргыз түтүнү Хисар-и Шадманга кирип барышкан. Бул болсо, чыгыштагы конфедерациянын кулашы болчу, ал эми Батыш-кыргыз конфедерациясы ошол тушта кандай абалда болгондугу белгисиз. Ошондо кыргыздар гана эмес, бүткүл ортоазиялык элдер жарым кылымдай убакытка узаган бытырандылыкта жашоого аргасыз болушкан. XVIII кылымдын ортолорунда гана жуңгарлардын алсыроосу менен мурунку конфедерацияларды өз ордунда кайра калыптандыруу аракети башталат. Бул учур кытай жазма булактарында кеңири баяндалып, чыгыш кыргыздарын Мааматкул бий, ал эми батыш кыргыздарын Ажы бий жетектегени айтылат. Алардан тышкары Кубат бий, Акым бий, Абыл бий сыяктуу кыргыз уруу башчылары баш болгон Чыгыш Түркстандын тоолорундагы кыргыздар өзүнчө жана Надирматтын башчылыгындагы каратегиндик кыргыздар да өз алдынча болушкан. Бирок эми, ошентип төрт аймакка бөлүнүп калган теңир-тоолук кыргыздардын кантип биригип, азыркы эгемендүү мамлекектине жеткенине чейинки тарыхын өзүнчө изилдөө менен баяндоо кажет.

Колдонулган адабияттар:

1. Коомдук илимдер журналы. №3. – Бишкек, 2002.

2. Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1994.

3. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. – Бишкек, 2003.

4. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. – Бишкек, 2002

5. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
278

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
13469

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×