Добавить статью
17:16 13 Мая 2015

Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал

Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алгандан бери бул өлкөдө илим-билим жаатында бир канча жаңылыктар болуп, жаңы илимий багыттар жандана баштады, анын ичинде психология илими да мындан куру калган жок. Бирок, кыргызстандык психологдордун айтымына караганда, бул өлкөдө психология илими жергиликтүү калктын өз маданиятына ылайык, өзүнүн өзгөчөлүгү менен коштолгон жаңы багытта өнүгүүсү зарыл, ал эми биз бул жагынан аксагыраакпыз. Муну ишке ашыруу үчүн, албетте, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, философиясын үйрөнүүгө туура келет.

Кыргызстандагы психологиянын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында буга тиешелүү тарых барактарын карап чыгып, кыргыз элинин тарыхында да психологдордун функциясын аткаруучу атайын адамдардын болгондугун байкай алдык. Алар тарыхта «сынчы» деп аталган. Санжыралардагы маалыматтарга караганда, беделдүү уруубашчылар өз балдарынын ичинен өзүнө орун-басар тандоодо, өзүнө же уулдарына аял тандоодо, ошондой эле душмандарынын психологиялык деңгээлин билүү үчүн, алтургай өзү үчүн мингич ат тандоодо да дайыма сынчыларга кайрылып турушкан. Тарыхта ошондой сынчылардын ичинен эң эле атактуусу ― санжырачылар даңктап келген Санчы-сынчы. Бул изилдөөдө XVII-XVIII кк. жашаган Санчы-сынчынын өз доорунун мыкты психологу болгондугун билдирүү үчүн аны менен байланышкан бир канчалаган окуялардын бирөөсүнө гана талдоо жүргүзүлмөкчү, ошондой эле, муну менен катар эле анын өз билимин социалдык кызмат үчүн пайдалангандыгы көрсөтүлөт.

XVI-XVIII кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймагында кыргыз уруулары конфедерацияга биригип жашап турушкан жана алардын үстүнөн болгон жалпы бийликти жыл сайын формалдуу түрдө шайлануучу «чоң-бий» жүргүзүп турган [1]. XVIII кылымдын ортолорунда чоң-бий болуп турган Мааматкул бийдин ийгиликтеринин көбү анын Санчы-сынчы менен замандаш болуп калгандыгына байланыштуу болгон сыяктанат, анткени бул доорго тиешелүү айтылган уламыштардын көбү Санчы-сынчы менен байланыштырылган. Мисалы, ал кездеги Болот баатыр, Түлкү баатыр, Алдаш баатыр сыяктуу ж.б. эл билермандары жеке маселелери боюнча Санчы-сынчыга кайрылып турушкандыгы маалым болгон. Ошондой уламыш кептердин биринде Мааматкул бийдин уулу болгон Болот баатырга Санчы-сынчынын аял тандап бериши жөнүндөгү кызыктуу окуя баяндалат, ушул окуядан эле Санчы-сынчы психолог болгондугун аныктаган канчалаган маалыматты билүүгө болот.

Болот баатыр өз уруусунун бир бөлүгүнөн турган чакан бир ээликтин башкаруучусу болгондуктан, аны «бий» деп да аташкан. Санжырачылардын айткандары боюнча, Болот бийдин байбичесинен (биринчи аялынан) төрөлгөн балдары эл тарабынан «баатыр» деп аталбай калган, ал заманда мунун өзү эле аны кайгыртуучу негизги маселелерден болгон. Илгерки баатырлардын адаты болгондой эле, Болот бий да ушул маселеси боюнча Санчы-сынчыга кайрылган. Санчы-сынчынын көрсөтмөсү менен Болот бий өз уруу журтун жашаган конушунан башка конушка көчүүгө буюруп, өздөрү болсо жол боюнда көчтү карап олтуруп, кыз тандамай болушат. Чубалып өткөн көчтүн арасынан бир дагы кыз Санчы-сынчынын сынынан өтпөй, эң акырында артта калып келе жаткан жесир аялды көрүп, дал ошол жесирге үйлөнүүсү керектигин айтып, Болот бийди көндүрөт. Санжырада ошол аял жөнүндө мындай маалымат берилет: «...саан уюуна жүгүн арткан, музоосун куйругуна байлаган, жетим чүрпөлөрүнүн бирине уйду жетелетип, бирине айдатып келе жаткан» - деп [2]. Санчырачылар мындагы баянга толук ишенишип, Санчы-сынчынын кишилерди сырттан карап эле, билинбес сапаттарын биле ала турган касиети бар болгондугун айтышат жана анын айткандарынын бардыгы дайыма туура чыгып тургандыгын белгилешет. Санжырачылардын санжыра багытында айткандарына кошулууга болот, бирок бул менен гана чектелбестен, бул окуядан алар байкабан дагы көптөгөн нерселерди да көрүүгө болорун айтуу керек, мисалы «социалдык иш» багытында.

Бул баянды талдай келгенде, Санчы-сынчынын «Болот бийге аял тандоо окуясын» атайын уюштургандыгын байкоого болот. Анткени, Санчы-сынчы бул жерде жардамга өтө муктаж болгон бир үй-бүлөнүн көйгөйүн чечип берип жатат, ошол эле учурда байкатпастан, Болот баатырдын өтүнүчүн да аткарды. Менимче, Санчы-сынчы алгач жанагы жесир аялды көрүп, ага жана анын балдарына жардам берүү максатында, аларды уруубашчынын үй-бүлөсү кылууга атайын аракет кылып, санжырада айтылгандай окуяны уюштурган. Анткени, аялдын «жесир» болгондугу анын күйөөсүнүн бул дүйнөдөн өтүп кетип, күйөөсүз калгандыгын түшүндүрөт. Ошондой эле аял жалгыз гана болбостон, анын бир нече «жетим чүрпөлөрү», б.а. 3-9 жаштар чамасындагы балдары болгондугу айтылып жатат. Санжырада ал үй-бүлөнүн экономикалык абалы жөнүндө да маалымат берилип, алардын бир саан ую жана бир музоосу гана болгондугу айтылды, ошондой эле бул жерде «саан уй» деп айтылганына караганда, алар ошол уйдун сүтү менен гана тамактанышып жашашкан. Алтургай, алардын көчүү үчүн жүк ташуучу мингич жаныбары да жок болгондуктан, алар өз жүктөрүн ошол «саан уюна» артып ташышкандыгы айтылып жатат. Бул жесир аялды көргөндө, Болот бий ага маани бербегендиги айтылат, бирок Санчы-сынчы ал аялдын абалын мурда эле билген болуп, ага боору ооруп, анын муктаждыгын чечип берүү үчүн болгон аракетин жумшагысы келген. Анын үстүнө, баарынан мурда жетим балдардын мындай абалда өсүп-чоңоюусу ал балдардын өздөрү үчүн да, кыргыз коому үчүн да, Болот бийдин бедели үчүн да зыян экендигин билген. Санчы-сынчы үчүн жетим балдардын тагдыры маанилүү болгон. Ошол үчүн ал кезеги жеткенде Болот бийге ошол жесирди алуусу керектигин айтат, бирок, ошондо Болот баатыр таң калып, Санчы-сынчынын чечимине каршы болуп, ачууланып, таарынганга чейин барган дешет. Кантсе да, урмат-сыйлуу Санчы-сынчы өз кадырын ортого салып, Болот бийге өз пикирин кабыл алдыра алган жана акыры аны бул чечимге көндүрө алган. Дагы бир айтылганга караганда, Болот бий Санчы-сынчыдан ынандыуучу далил талап кылган, ошондо Санчы-сынчы тигил жесир аялдын заара ушуткан жеринде жердин оюлуп калышы керектигин айтып, муну текшертип көрүшөт. Чындап эле сынчынын айтканы туура болуп чыгып, Болот баатыр чечимге макул болот. Бул жагынан Санчы-сынчынын психологиялык билимдерге бай болгондугун баамдоого болот, ал эми анын психологиянын кайсы тармактарына жакын болгондугун аныктоо болочок психологдордун иши.

Эң баарынан кызыгы, Болот бий менен ошол жесир аялдын үйлөнүүсүнөн кийин, санжырачылар айткандай, чындап эле алардан баатыр урпактар чыккан. Ошол жесир аял тарыхта «Таалаке байбиче», «Таалаке таркылдак» деген аты менен сакталып калды. Таалаке байбиче Болот баатырга Эсенгул баатырды төрөп берген, ал эми Эсенгул баатыр болсо өз кезегинде, т.а. XVIII кылымдын акыркы онжылдыгында кыргыз урууларынын бирикмесинин «чоң бий» болуп турган. Эсенгул баатырдан болсо Ниязбек бий чыккан, анын болсо «сегиз бек» деп даңкталган мыкты уулдары болуп, алардын бири XIX кылымдын 40-50-жж. «Кыргыз хандыгын» түптөөгө аракет жумшаган атактуу Ормон-хан болуп чыккан [3].

Колдонулган булактар:

1. Мокеев Анварбек. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек: КТУМ, 2010.

2. Мамырбаев Ш. Чоң тарыхтан бир үзүм // Кыргыз санжырасы. Башкы ред. К. Жусупов ж. б. – Бишкек, 1994. – 253-254-б.

3. Джамгерчинов Б. Очерки политической истории Киргизии XIX века (вторая половина). – Фрунзе, 1966. – с. 36.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Нет аватара
gikaska
14:37, 04 февраля 2016
кызык экен
Нет аватара
Tolkunay
14:43, 30 ноября 2015
Абдан кызыктуу макала болуптур.
аватар
kyrgyek
18:05, 14 мая 2015
Темадагы "анын" жана "боюнча" деген сөздөрдү алып таштайсыздарбы, сураныч
X
Для размещения комментария авторизуйтесь