Добавить статью
10:38, 4 мая 2020 3901

«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол

Манас баатырдын жана анын уулу менен небересинин өмүр баяны менен байланыштуу тарыхты чагылдырып жаткандай сезилген «Манас» эпосунда «миң жылдык» тарых камтылгандыгын тарыхчылар айтып келишет. Ошентсе да, канчалаган тарыхый окуялардын кайсы бири кандайча жол менен, кантип «Манаска» ыйгарылып калгандыгын кылдат иликтеп, ынанымдуу түшүндүрмөйүнчө, эпосту тарыхтай кабыл алган же кабыл алгысы келген жарандардын убалына тарыхчылар кала бермекчиби? Маселен, «Манастын Бээжинди караткандыгы» жөнүндө сөз болгондо, «Бээжин» деп, Кытайдын борбор калаасын түшүнүү керекпи же башка бир жактыбы?

Биз да бул боюнча ой жүгүртүп, кыргыздар өз тилинде «Бээжин» деп Юань империясын (Юань-Йуан-Жуан-Бейжуан-Бээжин) айтышкандыгын ырастаган божомолду жана Юань империясы жоюлгандан кийинки айрым тарыхый инсандардын эпостогу каармандарга прототип болушу мүмкүндүгү боюнча да божомолдорду төмөндө сунуштоону чечтик.

Айтмакчы, Чыңгыз хандын небереси Хубилай тарабанынан курулган Юань империясынын доорунда кыргыздар Ариг-Бугага жардамчы болушкандыгы үчүн ар кайсы жакка чачыратылган. 1368-жылы империя жоюлгандан кийин Монголияда Түндүк Юань мамлекети, ал эми Кытайда Мин династиясы пайда болгон. Түндүк Юандын батыш бөлүгүн ээлеген Төрт-Ойрот (Дөрвөн Ойрад) биримдигине кыргыздар (моңгол жазма булагында: кэргуд) да кирген.

1. 1399-жылы Угечи-кашка баштаган кыргыздар менен Батула-чинсанг баштаган ойроттордун бириккен күчү өздөрү баш ийип турган Түндүк Юань мамлекетинин башкаруучусу болгон Элбег-ханды өлтүрүшүп, Монголия аймагындагы бийликти моңголдордун колунан тартып алышкан жана ошол мамлекеттин борбор калаасы Орхон дарыясына жакын турган Каракорум шаары болгон [9.; 2. 258-б.]. / Балким дал ушул окуя «Манас» эпосунун «Чоң Казат» бөлүмүндө кеңири чагылдырылгандыр, анткени эпосто Манас менен Алмамбет баштаган кошуун Уркун дайраны кечип өткөндүгү эскерилет [4. 54-б.].

2. «Мин ши» эмгегинде XV к. башында Монкэ-тэмур деген адам өлгөндөн кийин ойротторду башкарып калган үч башчынын эң күчтүүсү Махаму деген адам болгондугу эскерилет жана тарыхчылар ал жогоруда эскерилген ойрот Батула-чинсангдын өзү болгондугун бир ооздон белгилешет [8. 32-36-б.]. / Кызыгы, эпостогу мусулманчылыкты кабыл алып, кыргыздарга качып келип кошулган Алмамбет аттуу каарман В.В. Радлов жазып алган вариантта ойроттордон чыккандыгы айтылат [6. 6-б.].

3. Монголиянын батышында ойроттордон Махаму (Батула), ал эми чыгышында моңголдордон Аругтай (А-лу-тай) бири-бирине каршы болуп, тактыга өздөрү каалаган ханзаадаларды отургузууга аракеттенип турушкан жана алардын мамилесине Кытайдагы Мин династиясынын башкаруучусу Юн-ло да таасир эткен. 1409-жылы миндиктердин колдоосу менен Махаму моңголдорду жеңсе, 1412-жылы миндиктер Аругтай менен достошуп кетишкен, ошондон кийин 1414-жылы Махаму менен Юн-Лонун аскерлери беттешип, ойроттор жеңилген [8. 35-38-б.]. / Манасчы Саякбай Каралаев Бээжинди «Чет-Бээжин» жана «Түп-Бээжин» деп экиге ажыратып айтат жана Чет-Бээжинди башкарган Эсенканды жана Коңурбайды Алмамбет кууп салганда, алар Түп-Бээжинди башкарган Карыканга качып барышкандыгы айтылат [5. 109-б.].

4. Батула (Махаму) өлгөндөн кийин анын уулу Тогон туткундалып, Аругтай-тайшаныкында малчы кылынган, ошентсе да, кийин Тогон-тайши ойроттордун үстүндөгү бийликке келип, Аругтайды жеңип өлтүргөн [9.; 2. 260-б.; 8. 49-б.]. / «Манас» эпосунда Алмамбеттин уулу Күлчоро жетим калып, бадачынын айылында пааналап чоңойгондугу жана айрым варианттарда Коңурбайды Күлчоро өлтүргөндүгү айтылат [4. 225, 240-б.].

5. Түндүк Юаньдын башкаруучусу Элбег-хан Улдзейту-гоа деген сулуу келинин Харгацугдан бүткөн 3 айлык боюндагы баласы менен кошо тартып алгандан кийин өзү өлтүрүлүп, Улдзейту-гоаны кыргыз Угечи-кашка алган жана андан төрөлөгөн баланы Ачай (жээн) деген ысым менен багып алган. Кыргыздарга өгөй бала болуп чоңойгон Ачайдын кийин Дайсун, Акбарчи, Мандугул деген уулдары болуп, алар хан тактыга олтурушканда, кыргыздар менен ойротторго каршы согуш кылышкан [1. 11-13-б.; 7. 35-36-б..; 9.]. / Эпосто Манастын уулу Семетейдин эмчектеш бир тууганы болгон Канчоро чыккынчылыгы менен терс каармандардын катарын толуктайт эмеспи [3. 267-б.].

(«Тарых жана «Манас» (XIV-XV кк.)» китебинен үзүндү. – Бишкек, 2015.)

Колдонулган адабияттар:

1. Бейшеналиев Т.О. Китайские и монгольские исторические сочинения о потомках Ачай-тайчжи // Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас". – Бишкек, 1995.

2. Лубсан Данзан. Алтан тобчи («Золотое сказание») / отв. ред. Г.М. Румянцев. – Москва, 1973.

3. Манас: Энциклопедия. I том. – Бишкек, 1995.

4. Манас: Энциклопедия. II том. – Бишкек, 1995.

5. Манас: Эпос / Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. II китеп. – Фрунзе, 1986.

6. Образцы народной литературы северных тюркских племен / собраны В.В. Радловым. Часть V. – Санктпетербург, 1885.

7. Петров К.И. Очерки феодальных отношений у киргизов в XV – XVIII вв. – Фрунзе, 1961.

8. Покотилова Д. История восточных монголов в период династии Мин. 1368-1434 (по китайским источникам). – Санктпетербург, 1893.

9. Шара-туджи. Монгольская летопись XVII века. – Москва, 1957.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-08-2021
Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар
411

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
739

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
1275

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
5158

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
8732

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
6065

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
21488

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
17019

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×