Добавить статью
10:40, 19 февраля 2020 14114

Жанболот баатыр Тоймат уулу

XVIII кылымда жашап өткөн даңазалуу кыргыз баатырларынын дагы бири болгон Жанболот баатырдын өмүр жолу жөнүндө баяндалган тарыхый маалыматтар жок эместиги кубандырат. Чекир саяк деген кыргыз уруусунун чоро бөлүгүнүн башчысы болгон Тоймат бийдин Жанболот жана Чымынтай деген эки уулу 5-7 жаштарга келип калганда аялы көз жумгандыгы уламыштарда айтылат. Андан кийин Тоймат бий моңолдор уруусунан Коңур деген жесир аял алган. Коңур байбичеден Жанбала, Чайыш, Сарткозу аттуу уулдарды көргөн. Тун уулу Жанболот атасынын жылкысын кайтарып, чыйрак болуп чоңойгон. Тоймат бий уруубашчы болгондугуна карабастан, жумшак мүнөздүү киши болгон, муну болсо анын биринчи балдарынын өгөй энеси тарбынан кордукталганы тууралуу аңыздардан байкоого болот. Ошондон улам өспүрүм куракка келген Жанболот өгөй энесине кол көтөрүп, андан соң Суржорго деген аты менен түштүктөгү таятасы Кубатбекке качып кеткен. Качууда жүргөндө Жанболот өзүнө окшогон Токтоназар, Токтомуш атту бир нече жигиттерди ээрчитип, Алай тарапта каракчылык менен алектенгендиги эскерилет. Кийинчерээк гана өз журтуна кайтып келип, өгөй энесинен кечирим сурап, элине кошулган. Мусулманкуловдун колжазмасы боюнча болсо, Жанболот баатыр казактарга качкан, кийин кайтып келгенде атасы көчүп кеткен болот, Жанболот болсо ошол жерден жигит топтоп, өзүнүн айланасына эл жыя баштайт. Санжыраларда Жанболот чоролорго өзү менен кошо «жанболот сырга» деп аталып калган малдын кулагына салынчу жаңы эн белги ала келгендиги айтылып калган.

Өз журтуна келгенден кийин Жанболот өз жигиттери менен Арстанбаптан Курткага чейинки жерлерге ээлик кылып, чачылып жүргөн ар кайсы үй-бүлөлөрдү өз урук-журтуна кошуп эл кылып, баатыр атала баштайт. Ушуга байланыштуу бир уламыш боюнча, Жанболот баатыр Текес тараптан калмактардан калган үч баланы алып келген жана ал үчөө үч кыргыз уруусунда: бугу, солто жана саяк уруусунда (Жанболот баатырдын журтунда) олжо катары калган. Кийин ошолордун урпактарынан кыргыз баатырлары чыккан: биринен бугу Өмүр баатыр, экинчисинен солто Күрпүк баатыр, үчүнчүсүнөн саяк Боркок баатыр. Борбоктун урпактарынын бири атактуу Ак Мөөр болгон, ал эми Боркоктун уулу Бердибек бааттыр Жанболоттун небереси болгон Тайлак баатырдын мыкты жан-жөкөрлөрүнөн болгон. Абрамзон да саяктардагы теги башка майда топтордун көпчүлүгү Нарын дарыясынын жээгинде, чоро бөлүкчөсүнүн ичинде табылгандыгын белгилеп, Жанболот баатырдын өз урук-журтуна теги башка уруудан же улуттан болгон бир канча топторду кошкондугун айтат. Ушуга окшош эле, Жанболоттун замандаштары саруу Чот баатыр, сарыбагыш Атаке жана Сатыбалды баатырлар да калмак бала багып алгандыгы тууралуу уламыштар бар. Санжыраларда булардын урпактарына кыргыздардын ичиндеги калмак тукуму, уубашы тукуму, алач уулдары сыяктуу ж. б. майда топтор таандык кылынат.

Уламыштардагы Жанболоттун жана ал сыяктуу башка кыргыз баатырларынын багып алган калмак тектүү балдар жөнүндөгү аңыздар, чынында ойрот-калмактардан калып калган майда топтордун кыргыздардын курамына өзүнчө топ-топ болуп кошулуп калышын түшүндүрөт. Жогоруда айтылган аңыздар 1771-жылдагы торгоуттардын Орусиядан Кытайга качкандыгы жана орто жолдон казактар менен кыргыздар тарабынан тонолгондугу тууралуу окуя менен, б. а. «Чаңдуу жортуул» менен байланышы бардай. 1770-жылы күзүндө Убашинин жетекчилигинде Волгадан качып чыгышкан 70 миңдей торгоут казактардын жерине жеткенде, казак султандарынан, айрыкча кичи жүздүн ханы Углы Нуралыдан бир нече ирет сокку жешип, бир канчалаган малынан жана адамдарынан ажырашкан. Анан торгоуттар Балхашты айланып, Или өрөөнүнүн тоолуу жерлерине келүүгө аракеттенет, бирок мындан аларга кыргыздар кол салган, ошондон кийин, алар чыгышты карай бет алып качкан жана Тамга өзөнүнө жеткенде, 1771-жылы 50 миңге жакын адам болуп Цин империясынын букаралыгына өтүп жан сакташкан. Санжыралардагы кыргыз баатырларынын калмак балдарды алып келиши жөнүндөгү аңыздар алардын жогорудагы окуяга тиешеси болгон десек болот.

Жанболот баатыр үч аял алган жана, бизге жеткен маалыматтар боюнча, сегиз уулдуу болгон. Биринчи аялы саруу уруусунан болот жана ал Ырыскул, Байбагыш жана Кожоберди деген чыгаан уулдарды төрөп берген. Экинчи аялы жөнүндө көп маалымат жок, балким ал Мусулманкуловдун колжазмасында көрсөтүлгөн Бурул деген аялы болушу мүмкүн, андан болсо Ырысменде деген жалгыз уулу белгилүү. Жанболот баатырдын үчүнчү аялы Алтын байбиче Көк-Ойрок, Талгар деген жерлердеги казак улутунан болгон. Алтын байбиче болсо Дербишаалы, Эраалы жана Бегалы деген уулдарды төрөгөн. Ошондой эле, Жанболоттун төмөндө баяндалчу Берик аттуу уулу болгон, анын кайсы жубайынан экендиги белгисиз.

XVIII к. 80-жылдарынын ортолорунда Цин империясына жакын мусулман ээликтеринин арасында эң таасирлүү башкаруучу катары Кокондун башкаручусу Нарбото бий белгилүү боло баштаган. Ошондон улам, 1783-85-жж. Цин империясынын аймагынан Абайлы, Боркэ, Сейит, Янчи бий сыяктуу кызылсуулук кыргыз бийлеринин качып чыгып, Набото бийден башпаанек табышкан. 1785-жылы болсо Нарбото бий Бурханиддин кожонун уулу Сарымсак кожону өзүнө чакыртып, «атасынын кунун куушуна» жардам берерин билдиргенине байланыштуу империяда бул тууралуу тынчсыздынуу жаралган. Ушуга байланыштуу 80-жж. этектеринде Цин өкмөтү коңшулары болгон кыргыздарды, ошондой эле Ташкен менен Коконду багынтууга ниеттенишет. Империянын кол салуусун алдын алуу максатында 1789-91-жж. кыргыз уруубашчыларынан Атаке баатыр Орусиянын букарасы болгон Орто жүз казактарынан, Эсенгул болсо Кокондогу Нарбото бийден колдоо издегени белгилүү. Бул учурда айрымдары болсо, алардын катарында Жанболот баатыр Цин аскерлеринин каарына дуушар болуп, күч менен туткундалып кетишкен.

Жанболоттун Цин империясы тарабынан туткундалып кетиши тууралуу маалыматтарды фольклордук маалыматтар, айрыкча «Алп Тобок» тууралуу дастан да, кытай жазма булактары да берет. «Дай Цин Личао Шилу» эмгегинин 1356-бапында баяндалгандай, 1790-жылдын 1-айында, б.а. Цяньлундун башаруусунун 55-жылында, «чахарлардын (чороостордун) сияк (си-я-кэ) уруусунан (тагыраагы, саяктардын чоро уругунан – К.М.) акалакчы Жанболотко (Чжаныполатэ)» байланыштуу сот иши каралганы айтылат. Бул, албетте, кыргыз фольклорунда айтылып жүргөн саяк уруусундагы чоро уругунун башчысы Жанболот баатырдын Кытайга туткундалып кетиши жана анын Алп Тобоок тарабынан бошотулуп келиши тууралуу баяндар менен дал келүүдө. Аталган кытай булагы боюнча, ушундай шылтоо менен «Циньбобин Жанболотту жана анын уулу Боркэни, ошондой эле, буруттардын сарыбагыш уруусунан акалакчы Юматты (Юй-мо-тэ) камакка алып, ар бирине өзүнчө чара көрдү. Талаптагыдай жасалды. ...Минлян алардын камсыз жатканынан пайдаланып, жоокерлерди жиберип, Жанболотту кармап, камакка алды. Буга чындап кубаныш керек» – деп айтылат. Чынында эле, Жанболот баатырдын өз уулу менен кошо «камсыз жаткан» жеринен кармалышы Тоголок Молдо менен А. Чоробаевдин айтуусу боюнча, Тогузтородо Нарын дарыясынын боюндагы Жыртак үңкүр деген жерде болгон жана ал жер Жанболоттун кыштоосу болгон. Билингендей эле, ал учур кыш мезгилине (1790-ж. башына) туш келген. Жанболоттун баласынын ысмы болсо «Алп Тобоок» дастанынын А. Сыдыков айткан вариантында Бактыгул десе, ал эми А. Чоробаевдин вариантында ал он бир жашар Берик болгон делет, чынында, акыркысы менен кытай булагындагы Боркэ деген ысымдын бир экендиги көрүнүүдө. Жанболот кармалган учурда атасы Тоймат бий Арпа деген жерден кытай аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн деген имиштер да бар.

Императордун жарлыгында Жанболоттун туткундалыш себеби анын «Кашкарлык уйгурлар менен соода-сатык жүргүзүш үчүн келишкен Анжияндык уйгурлардын миңден ашуун жылкысын тартып алуусу» болгондугу айтылат. Кыргыз фольклорунда болсо, биринде анын жалган жалаа менен, экинчисинде анын кытай башкаруучуларынын биринин уулун өлтүргөндүгү үчүн кармалгандыгы айтылат. Бирок, чыныгы себеби Цин империясынын коңшу майда ээликтерди, анын ичинде кыргыз урууларынын ээликтери басып алуу аракетинен улам болгон. Бирок бул аракет чегарага жакын болгон Жанболоттун ээлигинен ары жыла алган жок. Анын үстүнө, циндер Нарбото бийди өздөрүнө жакындата алса да, мусулман ээликтеринин башчылары Нарботого каршы ынтымакташып алышкан эле. Ал эми Сарымсак кожо болсо бирде Каратегинде, бирде Ысыккөлдө болгондугунан улам, анын кыргыздардан колдоо күтө алатургандыгы жалпыга белгилүү болуп калган. Балким, Шинжаң бийлигинде Жанболот баатыр эркиндикте болсо сөзсүз Сарымсак кожого колдоо көрсөтөт деген кооптонуу болгондур. Бирок, Сырымсак кожо Нарбото бийдин бут тосуусунан улам Чыгыш Түркстанга жортуул жасай албады, ошондуктан кыргыздар да ага жардам бере албай калды. Кызыгы, мындай ишти 30-35 жылдан кийин Жанболоттун небереси Тайлак баатыр менен Сарымсактын уулу Жааңгир кожо ишке ашыргандыгы маалым. Мына ушундай себептер менен цин бийлиги Жанболотту колдон келишинче коё бербөөгө аракеттенген. Аталган эле булакта «Жанболоттун уулу Идиркул атасын кун төлөп куткарып алыш үчүн каракчыларды издеп табышка кайра-кайра көшөрүп уруксат сурап атат. Минлян Жанболоттун ишин бир жаңсыл кылбай, маалкатып турганы дурус. Жанболот тийиштүү көзөмөл астында болууга тийиш. Качан уулу кесептерди кармап жеткиргенде, кайтадан чара көрөбүз. Балким борборго алып барып жайгаштырабыз. Эгер керек болсо, талаптагыдай чечебиз. Мына ошентип, аларды тамыры менен жулабыз; ар бир бурут эмнеден коркушту билгендей болсун. Албетте, талап-тонош иши чанда бир учурайт...» деп баяндалат. Жанболотту бошотуп алуу боюнча бир канча аракеттер болгондугунан «Алп Тобоок» дастаны да кабар берет. Анда баяндалгандай, Жанболоттун туугандары Аксу, Турпанга чейин барышып, тартуу-белектер аркылуу бошотууга алты жолу аракет кылышкан, алтургай, Уулжан деген бир кызды да тартууга беришкен. Атасын куткарууга аракеттенген уулу «Идиркул», менимче, Жанболоттун уулу Ырыскул болушу мүмкүн. Ал дал ушул жылдары Атантай жана Тайлак деген эки уулдуу болуп калган эле.

Фольклордук маалыматтар боюнча, акыры, арадан жети жыл же башка варианты боюнча он жыл өткөндөн кийин (1797 же 1800-жылы) Жанболоттун урук-туугандары Алп Тобокко кайрылышып, аны Кытайды көздөй жөнөтүшкөндүгү белгилүү. Бул демилгенин жигердүү уюштуруучулары Жанболоттун аялы Алма менен Жанболоттун иниси Артык болушкан. Өзүнүн алп мүчөлүүлүгү жана баатырдык мүнөзү менен таанымал Алп Тобок болсо Тогузторону жердеген саяк уруусунун (бабакайнар уругунун), башка маалыматтарда кыпчак уруусунун өкүлү болгон. Аңчылык жана соода менен күн көрүп жашоосун өткөргөн адам катары таанытылган Тобок Турум уулу, ошондой эле, баатырдык эрдиктери жана коомдук эмгектери менен даңазаланып жүрөт. Мисалы, Кичи Кемин, Кочкор, Акталаа жана Тогузтородогу Тобоктун арыктарын, Тогузтородогу «Тобок терек», «Тобок үңкүр» деген жерлерди, Акталаадагы анын атындагы жайлоону мисал кылышат, ошондой эле ага байланыштуу ар кыл кызыктуу уламыштар белгилүү. Элдик оозеки чыгармачылык Алп Тобоктун Түп Бээжинге чейин барып, Жанболотту уулу менен бошотуп келгендигине бек ынандырат. Уламыштар боюнча, Алп Тобок Бээжинге чейин барып, «Ача Сан» деген ханына жолуккан жана анын талабына ылайык бир нече оор сынактарынан өткөндөн соң, Жанболотту жана уулун сурап алган. Ошондой эле, уламыштар боюнча, жолдон кайтып келе жатканда Жанболоттун уулу Берик, кытайлардын алдынала берилген уусунан улам, бул дүйнө менен кош айтышкан. Бирок Тобок анын этин шылып таштап, сөөгүн кыргыз жерине көтөрүп келген жана элдик кеңеш менен сөөк «Чеш-Дөбөгө», башка кабарлар боюнча Арстанбапка коюлган. Тобоктун Бээжинге барышы тууралуу уламыштар канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендигин так айтуу кыйын, бирок, ошентсе да жогоруда эскерилген кытай булагындагы «...(Жанболотту) Балким борборго алып барып жайгаштырабыз...» деген маалымат кызыгуу туудурууда.

(Кыргыйбек Молдожунусовдун дипломдук изилдөө ишинен үзүндү. - Бишкек: КТМУ, 2014.)

Маалымат булактары:

1. Аалы уулу Б. Тайлак баатыр // Жаңы Ала-Тоо – 2011. – №3 (23).

2. Абдылдаев А. Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006.

3. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/ Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. – Бишкек, 1999.

4. Алп Тобоок, Шабдан казалы, Жети эрдин өлүмү/ түз. А. Акматалиев ж.б. – Бишкек, 2002.

5. Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. – Бишкек, 2001.

6. Байдилдеев Ж. Тайлак баатыр баяны: Санжыра. – Бишкек, 2001.

7. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч. II к. – XVII к. Кытай булактарынан үзүндүлөр) / Түз. К. Жусаев, А. Мокеев, Д. Сапаралиев. – II т. – Бишкек, 2003.

8. Мусулманкулов М. Осмон баатыр. 1947 // Инв.№163 (376).

9. Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. – Бишкек, 1999.

10. Тоголок Молдо. Тарых, түпкү аталар // Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1994.

11. Төрөкан у. Э. Кыргыз кыскача санжырасы. 2-китеп. – Бишкек, 1995.

12. Чоробаев А. Тайлак баатыр: Казал. – Фрунзе, 1959.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-04-2023
Бейдаба ырчынын белгисиз баяны (Матыбрайым Султанбаев жөнүндө)
2283

07-04-2023
Айт майрамында кыз куумай жана улак тартуу оюну ойнолгон
4229

25-08-2021
Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар
8147

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
6904

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
6802

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
9155

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
8923

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
12802

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
32919

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
21623

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×