Добавить статью
10:10, 7 апреля 2023 4680

Айт майрамында кыз куумай жана улак тартуу оюну ойнолгон

Айт майрамы илгертен бери эле кыргыз маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болгон. Жүз жыл мурда карыялардан жазылып калган кол жазмаларга карасак, кыргыз элинде жыл сайын майрамдала турган улуттук майрам деп айт күндөрүн гана эскеришкен экен. Атактуу Тыныбек манасчынын уулу Актан Тыныбековдун «Кыргыздардын улуттук оюндары» жөнүндө жазып кеткенинде жаңы жыл, жаз майрамы дегендер жок, бирок, аштардын түрлөрү, тойлордун түрлөрү, жоронун түрлөрү, шеринелердин түрлөрү жана айт майрамы айтылат. Ар биринде ойноло турган улуттук оюндар абдан кеңири баяндалган. Кызыгы, ал: «Кыз куумай деген оюн кудалашып жүргөн гана эки кишинин урук-туугандарынын жана жамаат элдеринин айт күндөрүндө боло турган оюну болот» - деп айтыптыр (Кыргыздар / Түз. К.Жусупов. 1-том. – Бишкек, 1993. - 555-557-б.). Ошондой эле, улак тартуу оюну да айт майрамда жана башка учурлардагы той-аштарда ойнолгону жазылган.

Маданиятыбыздагы айттоо салты азыр жоголуп бараткансыйт. Айылдарда кечээки жылдарга чейин унутулбай, коңшу-колоң бири-бириникине «Айт маарек болсун!» деп, кирип барып калышчу эле. Союзга чейинки ата-бабаларыбыз бул күнү бир айылдан экинчи айылга айттап барып, ал-акыбал сурашып, майрамдашкан. Эртең мененки айт намазынан кийин түшкү бешим намазына чейин бири-бириникине айттап болуп, андан кийин майрамдык иш-чараларга көңүл бурушчу тура. Бул тууралуу А.Тыныбеков минтип жазат: «Айбашы болгон күнү ар бир өзөн, ар бир өндүрлөрдөн түтүн чыгып, май жыттанып, балдар кирип барган үйлөр боорсоктон салып берип, ар кайсы үй бирден кой союлуп жатканын көрөсүң. Айт-намазын окуй турган жерди көздөй айыл-айылдан, туш-туштан топ-топ болуп убап-чубап келе жаткан элди көрөсүң. ...Эл чогулуп, айт намазын окуп тарагандан кийин түрлүү тамашалар болуп, жигиттер, боз балдар талаа-түздөрдө болот. Аксакалдар жаш балдарын ээрчитип алып, айыл-айылга түшүп, аттарды казандата байлап салып, айттын этин жеп, аттанып жатканын көрөсүз. Кыз-келиндер күмүш топчу аркалыктарын, күмүш чолпу, шуру кыргактарын жаркылдатып, кызыл-тазыл, көк-жашыл көйнөк, бешманттар менен гүлкайырдай көрүнүп, ар бир айылдарга шарактап айттап барып жатышат. ...Бул айтташуу менен күн бешимден өтө берер маалда туш-туштагы элдин баары аял, эркек дебей, айылдан обочороок талаага чогулат».

Ал эми айт майрамы менен кыз куумай оюнунун кандай байланышы болушу мүмкүн? Илгери кээ бир кыргыздар балдары чоңойо электе эле жакшы адамдар менен эрте кудалашып алып, карым-катнашта болуп турууну жакшы көрүшкөн. Алар айт майрамда бири-бирин куттуктап, белек катары уулдун атасы жыл сайын мал берип турса, кыздын атасы болсо, «ичик, кымкап баштаган нооту, бейкасам аралаштырып топтуу чапан кийгизип жүргөн» дешет. Уул эр жетип, кыз бой жетип калганда, айт майрам күнү уулдун өзүн эле болочок кайын-журтуна учурашууга жиберип, кыз менен көрүшүүгө кыз куумай оюну аркылуу шарт түзүп беришчү экен. Ал заманда азыркыдай кыз-жигит болуп жүрмөй, ээн баштык менен ээрчишип кетмей эч болчу эмес. Анткени, кыргыз кызы эч качан жалгыз баспай, ар дайым айылдаш кыздар топ-топ болуп алышып, бири-биринин ишин бирге бүтүрүп жүрүшкөн. Алар үстүртөн жеңелер тарабынан көзөмөлдөнүп, эгерде кыздардын укугу тебеленсе, жеңелерди апалар айыптап турушкан. Бирок, кудалашылган кыз менен жигиттин бир жылда бир келчү жолугушусун эл көзүнчө уюштурууга нормалдуу көрүнүштөй мамиле кылышкан.

Майрам күнү майрамдап, болочок күйөө бала келеби деп атайын күтүшүп, келсе 5-10 күн коноктоого алдын ала камынышкан. «Ошол учурларда айт, арапа күндөрү болот деген элдин кубанычтуу майрамдарын тосуп турган кезде «күйөө келип калат го» деп кыздын ата-энеси жана айыл апасы эңсеп турат» - деп жазат А.Тыныбеков. Күйөө бала да болочок кайын-журтунун сыйын көрүүгө шашылып, алдыда боло турган оюн үчүн күлүк ат, жорго жетелей барат. Арапа күнү келген болочок күйөө бала жана анын жолдоштору атайын уюштурулган (табышмак, жаңылмач, акыйнек ж.б.) оюндарда интеллектуалдык жактан сыналышат. Эртеси айттоодон кийинки майрамдык иш-чаралар башталганда, салт боюнча, жигиттин жана аны колдоого келгендердин эң жакшы он чакты күлүктөрү, жорголору ээр-токуму менен кошо тартылып алынат. Ал аттарды тың жеңелер минип алып, кызды алып келүүгө кайра айылга барып-келишкенче оюн талаасында чогулган эл күтүп турушат. Аңгыча, «эки тараптын эң жарамдуу атын кызга токуп берип, үкү таккан кундуз жекей бөркүн кыйшайтараак кийгизип, күмүш кемерди сыртынан курчап салып, күмүштөгөн булгары тердикти жаркылдатып, күмүш жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, үзөңгү токуган атты сөөлөткө чөмүлткөнсүп топтуу кыз-келиндер тегеректей бастырып, жакын жеңеси чукул коштоп алып, айыл жактан чыгып, бери карай жөнөйт» экен.

Оюн башталганда, кызды жеңеси коштоп, ал эми күйөө баланы жолдошу коштоп, бири-биринен 15-20 саржан (30-40 м) алысыраак аралыкка тургузулат. Коштоп келгендер бири-бирин алдашып, аралыкты жылдырууга аракеттенип көрүшөт. Аңгыча күйөө жолдош капысынан оюнду баштап, жигитти коё бергенде, кыздын жеңеси да дароо кызды качырып ийгенге жетишүүсү керек. Ошентип, кыз куумай оюнунун кызыгы башталып, күйөө бала менен кыздын жөндөмдөрү сыналат. Советтик жазуучулар бул оюнда жигит кызга жетсе, бетинен өөп кете тургандыгы жөнүндө көркөмдөп жазышчу. Бирок, Тыныбек манасчынын уулу андай маалымат берген эмес. Балким, союзга чейинки салтта күйөө бала кызды кууп жетсе гана болду – жеңүүчү аталгандыр. Анткени, бул уяттуу жана намыстуу көрүнүш болмок. Бул оюнга кудалашылган кыз-күйөөлөр гана катышууга укуктуу болушкандыгы анык, тиешеси жок башка жаштарга уруксат берилген эмес. Кээде элдин көңүлүн ачуу максатында ыктыярдуу жаш үй-бүлөлөр оюнду улантып, аялы менен күйөөсү бирин-бири кууп ойношкон. Балким, ошолордон күйөөсү аялын өөп, ал эми аялы күйөөсүн камчылап, тамаша көрсөтүшкөндүр. Андан ары эл улак тартуу оюнуна көңүл бурушкан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-04-2023
Бейдаба ырчынын белгисиз баяны (Матыбрайым Султанбаев жөнүндө)
2610

25-08-2021
Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар
8554

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
7147

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
7234

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
9321

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
9188

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
14307

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
13419

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
33375

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
21762

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×