Добавить статью
15:15, 25 августа 2021 412

Алп Тобок тууралуу тарыхый чындыктар

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында, санжыралык баяндарында жана дастандарында эскерилген каармандардын бир канчалары чындыгында эле жашап өткөн тарыхый инсандар экендигин тарыхчылар чекесинен аныкташууда. Ошол сыяктуу эле, алардын катарында Алп Тобок тууралуу жазылган дастандардагы, уламыштардагы айрым маалыматтар да бул адамды XVIII кылымда жашаган тарыхый инсан катары таанытууга мүмкүндүк берери анык. Алп Тобок тууралуу Ш. Бейшеналиев, Тоголок Молдо, Ж.Кенчиев, С. Закиров сыяктуу ж.б. авторлор өз китептеринде эскерип өтүшсө, Абдыкалык Чоробаев, Азирет Сыдыков ага арнап атайын «Алп Тобоок» дастандарын, Т.Чекиев менен Н.Жумалиев биргеликте «Касиеттүү алп баба» деген чыгарманы жарыялашкан.

Санжырада Алп Тобоктун урпактарынын тобу тезек уругу деп берилет жана анын санжырасынын эки түрдүү варианты бар. Тогуз-торолук санжырачы А.Абдылдаев, жазуучу С. Сарыгулов жана башка авторлор тезек уругу саяк уруусунан тарагандагына токтолушкан [6, 3-б.; 1, 69-б.]. Ал эми Алп Тобоктун урпагы А.Сыдыков өздөрүнүн теги кыпчак уруусуна барып такаларын белгилеген. Экинчи вариант боюнча, Фергана тараптагы Ботокара деген жерден келген түпкү ата Кудайберди болуп, андан Бабакайнар, андан Чордогой, андан Сарысакал, андан Батыян (Битиян), андан Калытакча, андан Тагайболот менен Турум, ал эми Турумдун эки уулу Жалгамыш менен Тобок болгондугу айтылат [2, 57-60-б.]. Тарыхка көз чаптырсак, XVII кылымда калмак жапырыгына чейин Ички Теңир-Тоо аймагында кыпчак уруусу жашап кеткендигин Курманбек баатыр, Хан Шырдакбек тууралуу айтылган дастандар, уламыштар ырастайт. Генеалогиялык эрежеге ылайык эсептей келгенде, болжол менен XVIII кылымдын экинчи жарымында жашаган Алп Тобоктун жетинчи атасы болгон Кудайбердинин жашаган доору XVI кылымдын акыркы чейрегинен XVII кылымдын биринчи чейрегине чейинки аралыкка туура келмекчи.

Тарыхта өзүнүн алп мүчөлүүлүгү жана баатырдык эрдиктери менен таанымал Алп Тобок өз кезегинде Тогуз-Торо чөлкөмүндө Нарын дарыясынын түндүк өйүзүндөгү Аскаалы деген жерди мекендеп өткөн. Фольклордогу маалыматтарга караганда, Тобок он тогуз жашында Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү кайсы бир жаштардын оюнуна туш болуп, Карабөрк деген кызга ашык болгон, бирок ал экөөнүн үйлөнүү боюнча убадалары аткарыла электе эле Карабөрк көз жумган [2, 29-35-б.]. Ал эми алптын артында калган төрт уулунун энеси ким болгондугу белгисиз бойдон калууда. Алп Тобоктун Ноокен, Нооруз, Абыла жана Карач деген төрт уулу болгондугу маалым [1, 69-б.].

Алп Тобоктун Кытайга баруу маселеси боюнча туугандары менен кеңешкен окуясында алардын жашаган жерлери жөнүндө да маалыматтар кезигет. Андагы айтылгандарга караганда, Тобоктун кенже уулу Карач атасынын жанында Аскаалы деген жерде болсо, Алп Тобоктун берки уулдарынан Абыла Беш-Колдо, Нооке деген уулу Көңдүк деген жерде, Норус дегени Сасык-Кайың деген жерде жашаган. Тобоктун өзүнүн бир тууганы болгон Жалгамыштын уулдары Чымын менен Темир жашаган жерлер катары Шоро, Каргалык, Макмал деген жерлер эскерилет. Тобоктун атасынын бир тууганы болгон Тагайболоттун уулу Бөкөдөн тараган уулдар Кара-Булак, Чамынды, Бобон, Чийлүү-Коо деген жерлерде, Тагайболоттун Сарык деген уулу Кара-Мырза, Көтөрмө деген жерлерде жашаган. Алп Тобоктун бабасы болгон Сарысакалдын бир тууганы Карасакалдын эки уулу болгон: Маматек менен Койкелди. Маматектин уулу Дүйшөмбүдөн тараган уулдар: Калматай, Борбаш, Төлөк, Назаркул, Ноорузбай бешөө Чотуке деген жерде жашашкан. Карасакалдын Койкелдисинен Курман жана Сакы деген 2 уулу болуп, Курмандын уулдары болгон Мамырай менен Жылга Куртеректе жашашса, Сакынын уулдары болгон Айты менен Чомой жашаган жерлер катары Ак-Шыйрак, Чоң-Зындан жана Бакы деген жерлер эскерилет [2, 57-60-б.]. «Алп Тобоок» дастанында бир жолу анын Бөкө, Кенжебай, Сарык, Көкөнбай деген туугандары жана өзүнүн уулдары менен чогуу аңчылыкка чыккандыгы баяндалат [2, 36-42-б.]. Санжыра боюнча, Бөкө (Боко) менен Сарык анын аталаш туугандары болсо, Бөкөнүн төмөнкүдөй 4 уулу болгон: Токтор, Базар, Кенжебай жана Көкөнбай (Коконбай) [1, 66-б.].

Алп Тобок көбүнчө аңчылык кылуу жана соода-сатык иштеринде жүк ташуу кызматын көрсөтүү аркылуу күн көрүп, жашоосун өткөргөн. Жергиликтүү карапайым адамдар өздөрүнүн өндүргөн товарларын, мисалы ат жабдыктарын, боз үйдүн даярдалган материалдарын, идиш аяктарды, чий килемдерди, шырдак жана кийиздерди, кылдыроочторду, эшилген чылбыр жиптерди, камыш бойролорду, ошондой эле айбанаттардын терилерин Алп Тобокко тапшырып, ордуна керектүү буюмдарын алдырып турушкан. А. Сыдыковдун дастанында бир жолку окуяда жолдо калган 8 адамдын 5 үйүр жылкыны жана товарлар жүктөлгөн 2 төөнү кышында Алп Тобоктун жардамы менен ашуудан кантип айдап өтүшкөндүгү баяндалат [6, 15-23-б.]. Соода-сатык үчүн жөнөтүлгөн 8 адам аркалык кыргыздардын конфедеративдик мамлекеттинин соода иштери боюнча жооптуу кишилери, ар кайсы уруудан бириккен адамдар болгондугу талашсыз. Алар оң канаттын каба-саяк уруусунан Камбарбек, тынай-сарыбагыш уруусунан Арстанбек, чоро-саяк уруусунан Тойматбек, бугу уруусунан Күрүчбек, ал эми сол канаттын кушчу уруусунан Салкарбек, саруу уруусунан Төлөгөн деген адамдар болушса, ал эми уруусу айтылбаган Байтели менен Байсогур басыз уруусунан болушу мүмкүн [2, 37-б.].

Турум уулу Тобок коомдук иштердеги эмгектери менен да даңазаланып жүрөт. Анын дыйканчылык жана башка чарба иштерин уюштургандыгына далил катары Кичи Кемин, Кочкор, Ак-Талаанын Коргон деген жериндеги жана Тогуз-Тородогу «Тобок арык» деген арыктарды, Тогуз-Торонун Аскаалы деген жериндеги «Тобок терек», Чымынды деген жериндеги «Тобок үңкүр» деген жер аталыштарын, Ак-Талаадагы анын атындагы жайлоону мисал кылышат [2, 21-б.]. С. Сарыгулов Соң-Көлгө жакын жерде «Тобоктун тоосу» бар экендигин эскерет [6, 4-б.].

Алп Тобоктун тарыхта калышынын дагы бир себеби катары анын Кытайга туткундалып кеткен Жанболот баатырды куткаруу үчүн Бээжинге чейин барып келиши жөнүндөгү уламыштардын, аңыз-кептердин, дастандардын айтылып келгендигин эсептөөгө болот. Жанболоттун Цин империясы тарабынан туткундалып кетиши тууралуу кабарды кытай жазма булактары да жашырбайт. Императордун жарлыгында Жанболоттун туткундалыш себеби анын «Кашкарлык уйгурлар менен соода-сатык жүргүзүш үчүн келишкен анжияндык уйгурлардын миңден ашуун жылкысын тартып алуусу» болгондугу айтылат [3, 217-б.]. Ал эми «Алп Тобоок» дастанындагы баян боюнча, Анжияндан бери «кырк качыр менен кырк нар» уурдап айдап келе жаткан Чан-Чин баштаган 50 кытай жана алардын артынан келе жаткан Таажыбай деген куугунчунун адамдары Шырдакбектин чеби жайгашкан жерден бири-бири менен чабышып жатканда, алардын кабары Туткуй деген жерде жашаган Жанболотко жеткен. Жанболот баатыр калыстык кылып, аларды жараштырып, ортодо кыргыз-кытай келишими түзүлсө да, негедир, кийин жалган жалаа менен өзү туткундалып кеткендиги айтылат [2, 47-54-б.]. Мындан башка, анын аңчылык максатында кытайлардын чегине киргендиги үчүн же анын кытай башкаруучуларынын биринин уулун өлтүргөндүгү үчүн кармалгандыгы тууралуу да варианттар айтылып келген [7, 61-б.].

Окуянын атайын уюштурулушу мүмкүндүгүн болжолдой турган болсок, балким, Цин империясынын келишпес душманы болгон кожолордун тукумунан Сарымсак кожо менен Жанболот баатырдын жакын мамилеси астыртан байкалган чыгар. Анкени, ошондон отуз жыл өткөндөн кийин да Сарымсак кожонун уулу Жахангир менен Жанболот баатырдын уулу Байбагыш, небереси Тайлак баатырлар жакын санаалаш болушуп, Цин империясынын тынчын алышкандыгын маалым [4, 14-б.].

«Дай Цин Личао Шилу» эмгегинин 1356-бапында баяндалгандай, 1790-жылдын 1-айында, б.а. Цяньлундун башаруусунун 55-жылында, «чахарлардын си-я-кэ уруусунан (тагыраагы, саяктардын чоро уругунан – С.А.) акалакчы Жанболотко (Чжаныполатэ)» байланыштуу сот иши каралганы айтылган [3, 217-б.]. Андан ары сөз мындайча уланат: «Циньбобин Жанболотту жана анын уулу Боркэни, ошондой эле, буруттардын сарыбагыш уруусунан акалакчы Юматты (Юй-мо-тэ) камакка алып, ар бирине өзүнчө чара көрдү. Талаптагыдай жасалды. ...Минлян алардын камсыз жатканынан пайдаланып, жоокерлерди жиберип, Жанболотту кармап, камакка алды. Буга чындап кубануу керек» [3, 217-218-б.]. Тоголок Молдо менен А. Чоробаевдин айтуусу боюнча, Жанболот баатырдын өз уулу менен кошо камсыз жаткан жеринен туткундалган окуясы Тогуз-Тородо Нарын дарыясынын боюндагы Жанболоттун Жыртак-Үңкүр деген кыштоосунда болуп өткөн [2, 157-б.]. А. Чоробаевдин вариантында айтылгандай, Жанболоттун жанындагы уулу он бир жашар Берик болгондугун кытай жазма булагы да тастыктап турат [2, 158-б.]. Жанболот баатыр кармалган учурда атасы Тоймат бий да Арпа деген жерден кытай аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн деген имиштер бар [2, 56-б.]. Бул окуялар 1790-жылдын башына, кыш мезгилине туура келет.

Аталган эле тарыхый документте «Жанболоттун уулу Идиркул (балким Ырыскул) атасын кун төлөп куткарып алуу үчүн каракчыларды издеп табышка кайра-кайра көшөрүп уруксат сурап жатат. Минлян Жанболоттун ишин бир жаңсыл кылбай, маалкатып турганы дурус. Жанболот тийиштүү көзөмөл астында болууга тийиш. Качан уулу кесептерди кармап жеткиргенде, кайтадан чара көрөбүз. Балким борборго алып барып жайгаштырабыз. Эгер керек болсо, талаптагыдай чечебиз. Мына ошентип, аларды тамыры менен жулабыз; ар бир бурут эмнеден коркушту билгендей болсун. Албетте, талап-тонош иши чанда бир учурайт...» деп баяндалат [3, 218-б.]. Жанболотту бошотуп алуу боюнча бир канча аракеттер болгондугун «Алп Тобоок» дастаны да ырастайт. Анда баяндалгандай, Жанболоттун туугандары Аксу, Турпанга чейин барышып, тартуу-белектер аркылуу бошотууга ар жылы аракет кылышып, алтургай, Уулжан деген бир кызды да тартууга беришкен [2, 61-160-б.].

Арадан жети жыл же башка варианты боюнча он жыл өткөндөн кийин (1797 же 1800-жылы) Жанболоттун туугандары акыркы үмүт менен Алп Тобокту элчи катары жөнөтүп көрүүнү туура көрүп, натыйжа болбосо, күч колдонуп куткара турган болушкан [2, 61-б., 160-б.]. Керек болсо, саяк, сарыбагыш, бугу, солто, адыгине ж. б. уруулар 35-40 миң аскер топтоп, согуш ачууга даяр болушкандыгы да айтылат [6, 48-57-б.]. Алп Тобокту Кытайды көздөй жиберүү демилгесин Жанболоттун аялы Алма (же Акмарал) менен Жанболоттун иниси Артык көтөрүп чыккан. Ак-Талаадан Тогуз-Торого атайын келген адамдар Алп Тобокко Чоң-Дөбө деген жерден жолугушуп, акыбалды түшүндүрүшкөн дешет [2, 21-150-б.]. Алп Тобок туугандары менен кеңешип, коштошкон соң, аны Ак-Талаадан Жанболоттун туугандары узаткандыгы, ал Ат-Башыга жеткенде, черик уруусунан Максүт бийге же Сазан бийге жолуккандыгы жөнүндө да баяндар айтылып келет [2, 87-91-б.].

Элдик оозеки чыгармачылык Алп Тобоктун Түп Бээжинге чейин барып, Жанболотту уулу менен чогуу бошотуп келгендигине ынандырат. Жогоруда эскерилген кытай жазма булагындагы «...(Жанболотту) Балким борборго алып барып жайгаштырабыз...» деген саптар Жанболоттун Бээжиндин түрмөсүнө жайгаштырылгандыгын, демек, Алп Тобоктун ошол жакка чейин жеткендигин болжолдоого түрткү берүүдө [3, 218-б.]. Уламыштар боюнча, Алп Тобок Бээжинге чейин барып, кытайлардын Ача-Сан деген башкаруучусуна жолуккан жана ал менен кытайча сүйлөшкөн. Жанболот баатыр камалган учурда бийликте турган император Цянлунь (Хунли) 1796-жылы уулунун пайдасы үчүн хантактыдан баш тартып, бирок 1799-жылы өлгөнгө чейин мамлекеттик иштерге таасир берип турган. Демек, Алп Тобоктун элчилик сапарынын убактысы 1799-1800-жылдарга туура келиши мүмкүн. Бирок ал ошондо бийликте турган Цзяцин (Юньянь) деген императордун өзүнө жолукканбы же башка мамлекеттик кызматкергеби, азырынча айтуу кыйын. Кантсе да, ошол тушта бир нече оор көтөрүлүштөр менен алпурушуп жаткан Цин империясы кыргыздарды өзүнө жүк кылмак эместиги анык нерсе. Алп Тобок да өзүнүн элчилик сапарында туткундардан башка да бизге белгисиз саясий маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн чыгар.

Фольклордогу маалыматтарга караганда, кытайлар алптын күчүн сынагысы келип, бир нече оор сынактардан өткөргөндөн соң гана Жанболотту жана анын уулун бошотууга сөз беришкен. Биринчи шарт боюнча, алты качырдын күчү араң ача алган темир капканы Алп Тобок өз күчү менен ачып кирүүсү керек болгон. Экинчи сынактын шарты жөнүндө бир вариантта анын кырк кез бийиктиктеги чынарды секин кесип алуусу керектиги айтылса, башка вариант боюнча, Алп Тобок өзүндөй алптыгы бар Жың деген кытайлык балбан менен кармашкан. Кытай балбанынын секирип тепкен аракеттеринен анын кунг-фу (ушу) сыяктуу муш өнөрлөрү менен машыккандыгын баамдоого болот. Үчүнчү сынакта болсо, түрмөдө камалып жаткан адамдардын арасынан өзүнүн издегендерин таанып алуу, таап алуу талабы коюлган. Үчүнчү шартты аткарууда ага Канды деген кызматкер адамдын жардамчы болгондугу жөнүндө да сөз бар [2, 21-185; 7, 61-62]. Бул окуялардын жүрүшүн жана иретин ар кайсы авторлор ар кандайча сүрөттөшсө да, жыйынтыгында Алп Тобок максатына жетип, сынактардан толук өткөндүгүн жана Жанболот менен Берикти алып кеткендигин бардыгы бир ооздон айтышат. Ошондой эле, уламыштар боюнча, жолдон кайтып келе жатканда, Жанболоттун уулу Берик кытайлардын алдын ала берилген уусунан улам бул дүйнө менен кош айтышкан. Тобок анын этин шылып таштап, сөөгүн кыргыз жерине көтөрүп келгендиги жана элдик кеңеш менен сөөктү Чеш-Дөбөгө же Арстанбапка коюшкандыгы да айтылып келет [2, 152-185; 7, 61-62-б.].

Алп Тобоктун өзүнүн урпактары жана туугандарынын урпактары бүгүнкү күнгө чейин Тогуз-Тородо жашап келишет. Анын урпактары, мисалы Алтыбай, Бүргө ж.б. XIX кылымдын аягына же XX кылымдын башына чейин Тогуз-Торо чөлкөмүнүн түндүк бөлүгүн башкарып келишкен [5, 8-9-б.]. Урпактардын арасынан Сыдыков Азирет 1996-жылы ыр түрүндө жазылган «Алп Тобоок» аттуу китебин жарыяласа, Калдыбай деген урпагы Тогуз-Тородо эл үчүн Нарын дарыясына атайын узун карагайлардан мыксыз кыналган көпүрөнү жасагандыгы айтылып келет [1, 71-б.].

Демек, жогоруда сөз бологондой эле, Алп Тобок XVIII кылымда жашаган тарыхый инсан экендиги талашсыз. Ал өз кезегинде ыктыярдуу түрдө карапайым адамдарга социалдык кызмат көрсөтүп, кыргыз коомунун өнүгүшү үчүн элди дыйкан чарбасына үндөп, бир канча жерлерге арыктарды казган. 1790-жылы чоро уруусунун бийи Жанболот баатырды цин аскерлери туткундап кеткенден 10 жыл өткөндөн кийин анын туугандары Алп Тобокту элчи кылып жиберишкен. Алп Тобок Бээжинге чейин барып, Жанболоттун жана анын уулу Бериктин куткарылышына себеп болгон. Мындай инсандардын эрдиктери кагаз үстүндө гана кала бербестен, балким, тасмаларда да чагылыдырылып, кыргыз жаштарынын сыймыгына айлануусу зарыл деген ойдобуз.

Колдонулган адабияттар:

1. Абдылдаев А. Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006.

2. Алп Тобоок, Шабдан казалы, Жети эрдин өлүмү / түз.: А.Акматалиев, К.Кырбашев, Н.Өмүрзакова. «Эл адабияты» сериясынын 18-тому. – Бишкек: «Шам», 2002.

3. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч. II к. – XVII к. Кытай булактарынан үзүндүлөр) / Түз. К. Жусаев, А. Мокеев, Д. Сапаралиев. – II т. – Бишкек, 2003.

4. Молдожунусов К. Жанболот баатыр Тоймат уулу // Рух Кенчи. – Бишкек, 2014. - №4 (110) апрель. – 14-б.

5. Сарыгулов С., Эпеев М., Бектенов Б. Тогуз-Торо баяндары. – Бишкек, 2000.

6. Сыдыков А. Алп Тобоок. – Бишкек, 1996.

7. Тоголок Молдо. Тарых, түпкү аталар // Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1994.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2021
Абдыкерим Сатук буурахандын өмүр баяны боюнча тактоолор
740

03-12-2020
Салттуу кыргыз коомунда жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү чаралары
1276

04-05-2020
«Манас» эпосундагы «Бээжин» жөнүндө божомол
3901

07-04-2020
Көчмөн кыргыздарда жетимдерди, жесирлерди жана карыяларды социалдык жактан коргоо жана колдоо чаралары
5158

19-02-2020
Жанболот баатыр Тоймат уулу
8732

08-01-2020
Мурас: XVI-XVII кк. Чыгыш-кыргыз жана Батыш-кыргыз конфедерациялары
6065

30-12-2019
Мурас: Эралы менен Эдигенин Суусамырда болгон чабышы (XIX к. башы)
21488

13-05-2015
Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал
17019

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×