Добавить статью
17:23 9 Октября 2015
«Манас» эпосундагы тери иштетүү көркөм кол өнөрчүлүгү
«Манас» эпосундагы тери иштетүү көркөм кол өнөрчүлүгү

Жалпы түшүнүк. Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирген кыргыз эли өзүнүн көчмөн жашоо-тиричилигинде көбүнчө көчмөнчүлүккө ылайыктуу турак-жайларды, кийим-кечелерди, тамак-аштарды, чарбаны тутунуп жана аларга гана мүнөздүү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп келишкен.

Сунушталып жаткан макаланын автору кол өнөрчүлүктүн, анын ичинде тери иштетүү кол өнөрүнүн кыргыз элинин чарбасында негизги орундардын бирин ээлеп келгендигин «Манас» эпосундагы тарыхый булактар аркылуу далилдеп берүүгө аракет жасаган.

Көчмөн, жарым көчмөнчүлүк жашоо мүнөзү менен айырмаланып жана өзгөчөлөнүп келген кыргыз элинде колдо багылган малдын, жапайы жаныбарлардын жана аңдын терилеринен кийимдин түрлөрү, идиш-аяктар, ат жабдыктар, курал-жарактар жалпылап айтканда, турмуш-тиричилик буюмдары жасалып, алар көчмөндөрдүн жашоосунун ажырагыс бир бөлүгүнө айланган. Ал эми коомдун өнүгүшүнө жараша миңдеген жылдар бою колдонулуп келген тери буюмдар азыркы мезгилде пайдалануудан чыгып, өздөрүнүн баалуулуктарын жоготуп бара жаткандыгын автор белгилейт.

Өзөктүү сөздөр: кыргыз эли, көчмөнчүлүк, кол өнөрчүлүк, теричилик, тери иштетүү, териден жасалган буюмдар.

Кыргыз элинин тарыхын, материалдык жана материалдык эмес маданиятын жана жасалга-колдонмо өнөрүн чагылдырган, оозеки элдик чыгармалардын ичинен «Манас» эпосуна бир дагы чыгарма тең келе албайт. Жазуу, сызуу канчалык өнүккөнү менен адамдын жандуу айтып бергенине эч нерсе жетпейт. Жазылган окуя же заттык буюм канчалык көркөм сыпатталбасын, түркүн-түстүү кеп каражаттары менен шөкөттөлбөсүн угарманга манасчылардын, жомокчулардын, чечендердин, кызыл тилдүүлөрдүн айтып бергениндей таасир, жыйынтык алып келбейт. Манасчы жумуру башына, муштумдай жүрөгүнө океан сымал толкуп турган эпостун баарын батырып, анын чып-чыргасын кемитпей, көркөмдүү кеби калса, толуктап кошуп турса, кичинекей кызыл эттүү тили аркылуу кылымдан кылым көнөктөп жааган ак жаан сыяктуу урпактан урпакка, муундан муунга, атадан балага таберик мурас катары өткөрүп берип келе жатса, ал эми кыргыз эли манасчылыкка өзгөчө мамиле кылып, аны өнөрдүн туу башына коюп келген.

Канчалаган улуу дөөлөттөр, хандыктар мамлекеттик өнүгүүнүн бийик деңгээлине өсүп жеткенден кийин ич ара чыр-чатактардын, чыккынчылык кутумдардын, так талашуулардын азабынан кыйроого, туңгуюкка келип кептелген учурда улуттук баалуулуктарга, көөнөргүс дөөлөттөргө кайрылышкан. Бүгүн дагы биз, биз өңдөнгөн башка өлкөлөр улуттук баалуулуктар гана аркылуу кыйынчылыктан чыгып жатышат.

Бир эмес үч ирет төңкөрүштү, кандуу Апрель төңкөрүшүн башынан өткөргөн кыргыз эли, ар жолу Манастын, «Манас» эпосунун уңгусунан кайрат-кубат алып, эгемен жолун татыктуу улап келе жатат. Себеби «Манас» эпосу кыргыз элинин көөнө тарыхы, учуру жана келечеги. Ал эми «тарыхты тануу, улуттун өзөгүнө зыян алып келүү», – деп түшүнүү керек.

Кыргыз эли табиятынан жаратылышка жакын жашап, аларга тең ата мамиле кылып, коромжу, ысыраптан ыраак болуп, кийинки муунга: «чөптү кордосоң, көзгө зыян», – деп, тирүү жандыктар эле эмес, өсүмдүк же жансыз нерсе болобу бардык нерсеге аяр мамиле жасоо керек экендигин белгилеп кеткен. Ал тургай, урунган буюмдары, колдонгон курал-жарактары дагы миңдеген жылдар арасында эч өзгөрүүсүз сакталып келгендиги бизге маалым [Абрамзон, 1999 : 81].

Дүйнө элдерин таң калдырып келген «аттын кашкасындай» бир ууч элдин жасаган көн буюмдары (териден жасалган буюмдар) айтканга оңой, көрүнүшү өтө жөнөкөй болгону менен көптөгөн тажрыйбаны талап кылган өнөрлөрдүн катарына кирет. «Манас» эпосунда тери, кийсе кийими, ичсе идиши, коргонсо калканычы, чапса куралы, көтөрсө урааны, жазса каты, мактанса сыймыгы болуп, андан түрдүү буюмдар жасалгандыгы белгилүү.

Биздин максат, негизинен «Манас» эпосунда кездешкен териден жасалган буюмдардын түрлөрүн, аткарган кызматтарын жана жасалуу өзгөчөлүктөрүн алып чыгуу болгондуктан, аларды тизмектөө менен бирге талдоо иштерин дагы жүргүзө кетсек.

Иштетилген терилер негизинен экиге: түктүү жана түксүз тери деп бөлүнгөн [Акматалиев, 1996 : 222]. Манас эпосунда көн буюмдарынын ичинен кандагай өзгөчө сыпатталат. Мисалга ала турган болсок, Жусуп Мамайдын вариантында хан Кошойдун кандагай шымына берген сынын караңыз:

Күрөшкө чыксам киерге,

Күдөрү шымым жок эле [Манас

(Жусуп Мамай), 2012 : 146]

Саймалуу кара шым кийип,

Самсыган жорго ат минип,

Салып Көкчө келиптир.

Акеркеч ишмер катын, деп,

Абаң угуп жүрүүчү.

Шымын сурап ийиптир.

Керек болсо сизге, – деп,

Чечип Көкчө бериптир.

Алып көрүп, алп Кошой:

Бир-эки булкса айрылбас,

Үч булкканга чыдабас,

Ашы өтүп бул тери,

Кеткен экен көп жумшап...

...Ошол кезде кабылан,

Оюна алып жаргактан,

Баягы шым барбы?, – деп,

Сурап калды Ажыңдан.

Сууруп келди бир шымды,

Көрпөчөнүн астынан.

Алып Манас барбаңдап,

Көтөрүлө дардаңдап,

Алып барып Кошойго:

Абаке кийип көрчү, – деп,

Кандагайды сунду эле.

Кармап Кошой караса,

Көрүнүшү башкача.

Көз тайгылткан тамаша,

Эчтемеге окшобойт,

Байкап Кошой аңкараса,

Алда кандай буюм, деп,

Карап абаң таңданып,

Кийип жаткан кезеги,

Багалекке бут салып.

Кара санга барганда,

Жүрбөдү буту шыкалып,

Ошондо Манас кылчайып:

Каныкейди чакыр, – деп,

Ачуусу келип үн салып,

Каардуу Манас турган чак.

Көзүнөн жалын-от жанып,

Жетип келди Каныкей.

Акырын басып суйкайып,

Бетине жоолук бүркөнүп....

Берген күнү бул шымды,

Сен айткансың көп мактап.

Алып келе калыпмын,

Мындайын билбей далдактап... дегенде Каныкей эне:

Ушул аштын болоорун,

Болжолдоп мурун билгемин.

Ар качан абам киет деп,

Атайы арнап тиккемин...

... Сайган жерин билгизбей,

Ичине бүрө тиккемин.

Арстаным, керип тартып көр,

Андан кийин тилдегин [Манас

(Жусуп Мамай), 2012 : 146]

Ушул эле кандагай шым Сагынбай Оробаковдун вариантында төмөндөгүдөй сыпатталат:

Катыным чоркок киши эле,

Кылдыратып көтүмө,

Кылып берген иш эле.

Арык эчки териси,

Атасынын көрүсү,

Ашаткыга жатыптыр.

Чыгы менен катыптыр,

Ийи катып калыптыр,

Кылдыр ийлеп салыптыр.

Арбак урган дөө Жолой,

Ат көтөрбөс жөө Жолой.

Аласынан албасын,

Айра тартып салбасын,

Ал да болсо абаңкы

Абийири кетип калбасын!

[Манас (Сагынбай Орозбаков, III

китеп), 1981 : 200, 201]

... Кандагай маа таап берчи деп,

Чоюлса токтоп айрылбас,

Бош турганда жайылбас,

Тартып көрсө чоюлган,

Кое берсе жыйылган,

Кылдай өөнүн байласа,

Адамдын бели кыйылган,

Кандагай калкта барбы деп [Манас

(Сагынбай Орозбаков, III китеп),

1981 : 201]

... Сырты кара, зоо теке,

Абыкени баш кылып,

Алтымыш мерген аткарып,

Териге залал кылдырбай

Бир-бир көзгө аттырып,

Даңдун-Баштын текеси,

Териси калың деп угуп,

Даңдуң тоонун тоо теке,

Териси калың бир эли...

... Кургатканда терисин,

Күндүн көзүн чалдырбай,

Кургатканын кундуйтуп,

Ак сандыкка каттырып,

Ашаткысын эринбей,

Аярлык менен Каныкей,

Жез челекке жаткырып,

Алма кабык алдырып,

Алты ай малма салдырып [Манас

(Сагынбай Орозбаков, III китеп), 1981 : 208]

Ийи чала калат деп,

Алтымыш беш балбанды

Алым салып ийлетип [Манас

(Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982: 94]

Жеке башы бир шымдын

Жети тайлык баркы бар [Манас

(Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982: 95]

Бул жерден атайын эки манасчынын тең вариантын бердик. Анткени кандагай шымдын сүрөттөлүшү, жасалышы тууралуу эки манасчынын варианттарынан кызыктуу маалыматтарды кездештире алабыз. Мисалга алсак, Жусуп Мамайдын вариантында Кошой баатыр теринин ашатканда өткөрө ашатып койгондугун баса белгилеп жатат. Тагыраак айтканда, ашаткыда көп жаткан теринин сапаты начар болуп, тузга күйүп кетет [Автордун талаа материалы, 2008 : 4]. Ал эми Сагынбай Орозбаковдун вариантында Кошой баатыр өзүнүн кандагай шымы тууралуу айтып жатып, «арык эчкинин терисинен» шымдын жука болоорун, андан сырткары аялынын тери ашаткыга көп кармап койгондугун жана чала ийленгендигин өзгөчө белгилейт. Демек, эки вариантта тең көрүнүп тургандай тери ийлөө ой келди эле жасала бере турган иш эмес экендигин баамдоого болот. Терини ашатуунун дагы убакыт ченеми, эң негизгиси малдын арык, семизтиги дагы маанилүү экендиги эске алынган.

Сагынбай Орозбаковдун вариантынын түшүндүрмөсүндө кандагай тууралуу төмөндөгүдөй маалыматты келтирет. Кандагай (тунгус, манчжур, монгол тилдеринде хандагай – багыш) – тоо текенин, багыштын ж.б. терисинен жасалып, баатырлар, балбандар жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышына кийиш үчүн тигилген шалбар шым. Калың териден, булгаарыдан жасалып, жоо куралы өтпөй турган согуштук ат жабуу да кандагай деп аталат. Кээде калың тигилген жоо кийимдери, чарайна соот деп аталган [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV китеп), 1997 : 541]. Демек, жогоруда көрүнүп тургандай кандагай шымынын жаралышы Энесай кыргыздарынын маданиятына барып такалаарын божомолдоп айтса болот. Себеби багыш токойлуу, саздуу жерлерге байыр алган жаныбарлардын катарына кирип, Теңир-Тоонун тегерегинде болбосо керек. Балким, башка кошуна элдер менен болгон этномаданий байланыштардан негизинде дагы кириши толук ыктымал. Же болбосо кандагай шым деп атап олтурбастан багыш шым, тоо теке шым деп эле атап коюшмак. Мисалы: карышкыр, илбирс ичик, суусар, түлкү тебетей ж.б.

Эпостон ушул эле багытта, «күрөөкө тон» тууралуу да баалуу маалыматты жолуктурабыз. Күрөөкө тон – эпосто баатырлардын сырткы жоо кийими, ошондуктан көбүнчө соот менен катар айтылат. Профессор К.Карасаев: «Күрөөкө тон – (кыргызча эскиче, байыркы түрк тилдеринде күрөкө – ургаачы аюу) – асыл кездемеден жасалаган сый тон, кийим», – дейт. Жогоруда көрүнүп тургандай, күрөкө (ургаачы аюу) менен асыл кездемеден жасалган сый тондун байланышы ачылган эмес. Байыркы түрк элдеринин негизги сырт кийимдери үй жана аң жаныбарларынын терисинен турган. Жакшы иштетилген терилер ар кандай кездемеден бышыктыгы, жоо куралына көбүрөөк туруштук берген бекемдиги (ал турсун алгачкы учурларда калкан, туулга, чарайна ж.б.у.с. калканч куралдар, кийимдер териден жасалып, кийин гана темир менен алмашылган) жылуулугу (жүнү алынбаганы) менен айырмаланган. Экинчиден, айрым жаныбарлардын терилери жалаң практикалык жактан эмес, ошол кездеги элдердин көз карашында магиялык касиетке ээлиги менен да (тотемдик жаныбарлардын катарында) өзгөчөлөнгөн. Айталы, грек мифологиясында Геракл, «Шах-намедеги» Рустам ар кандай эрдиктерин жолборстун терисин кийип жүрүп аткарышат. Кошой кандагай шымды кийип (тунгус, манчжур, монгол тилдеринде багышты хандагай деп аташат, ал эми багыш кыргыздын бир катар урууларынын тотемдик жаныбарлардын атынан келип чыккан аталышы), чоң намыс талашып Жолойго күрөшкө түшүп, аны жеңип чыгат.

Байыркы Сибирь, Борбордук Азиядагы көпчүлүк элдерде аюу ыйык эсептелген. Демек, жогоруда келтирилген мисалдарга салыштырганда аюунун терисинен тигилген тон магиялык касиетке ээ болгон. Байыркы түрк тилинде күрк – түктүү тери, кийим, ичикти билдирген. Мындай тонду жасоо үчүн үч жыл талап кылынган. Бул сөздүн күрөөкө менен тамырлаш экенин далилдөө анча деле кыйынчылык туудурбайт. Семантикалык жактан төмөндөгүдөй өзгөргөн. А дегенде күрөкө аюунун терисинен жасалган тон аталса, кийин маанисин кеңитип, жалпы эле тондор ошол ат менен аталган [Манас (Сагынбай Орозбаков, II китеп), 1995 : 745]. Жогорудагы түшүндүрмөдөн көрүнүп тургандай теринин жакшы-жаманы, калыңы-жукасы, арыгы-семизи гана каралбастан диний, тотемдик ишеними дагы эске алынганы белгиленип жатат. Демек, кийип жүргөн кийим, өзгөчө сырт кийимдердин жылуулук, көркөмдүктөрүнөн сырткары «колдоочу», «пири» сыяктуу же «анын күчү кошо кирет» деген терең ишенимдери болгондугун байкайбыз. Же болбосо: – «Тон, эмне себептен аюунун ургаачысынын терисинен жасалышы керек? Эркек аюунун териси жараган эмеспи?, – деген табигый суроо жаралышы мүмкүн. Биздин оюубузча, кандай гана жаныбар болбосун анын ургаачысы, өзгөчө балалуу жаныбар кайраты, алгырлыгы, жүрөктүүлүгү айырмаланып, тукуму үчүн адамдын оюуна келбеген эрдиктерди көрсөтүп келгендиги бизге караганда, байыркы көчмөндөргө эң жакшы белгилүү болгон. Ушул себептерден улам аюу, анын ичинен ургаачы аюу айрым көчмөндөрдүн, мергенчилердин тотеми болгон. Муну профессор О.Каратаев дагы төмөндөгү изилдөөлөрү аркылуу ырастайт:

Аюу дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде эзелтеден тотемдик жаныбар катары белгилүү. Байыркы түрк тилдеринин диалектилеринде бул сөз «aziq», «adiq» формаларында айтылганы маалым. Азыркы тува жана хакас тилинин айрым диалектилеринде «адыг», «азыг» түрлөрүндө айтылат. Түштүк Сибирь түрк элдеринде, өзгөчө саха-якуттарда аюуга байланыштуу табу («тыюу салуу») сөздөрү кенен таралганы анык. Мындан сырткары, аюуга байланышкан бир топ эвфемизмдер белгилүү. Мисалы, саха-якуттар аюуну – «өхө» (чоң ата), хакастар – «аба» (ата), алтайлыктар – «абага» (таяке, ага), тувалар – «ава» (эне, апа) деп аташат. Тунгус-манчжур элдеринде (эвенктерде) «манги» аюу келбеттүү адамды элестетип, ата-бабалардын духунун мифологиялык символу, шамандардын башкы колдоочусу деген түшүнүктү билдирет. «Манги» сөзү «аюу», «ата-бабалардын духу» маанисин туюндурат. «Тайганын кожоюну» деген ат менен белгилүү болгон аюу бүгүнкү күндө да бугу, жолборс, бүркүт сыяктуу кайберендер менен бирге тотемдик ыйык жаныбар катары эсептелет. Изилдөөчүлөр адамзат коомунун өнүгүүсүнүн энелик доордогу коллективдүү чарба жүргүзүү (коллективдүү аң уулоо) менен байланышына токтолушат. Сибирдин көпчүлүк элдеринде аюуга байланыштуу жамааттык түлөө өткөрүү ритуал-майрамы сакталып келери маалым. Айрым изилдөөчүлөр Түштүк Сибирде тунгус-манжур урууларына чейин «манги» («аюу») аттуу уруу жашаганын далилдеп келишет [Каратаев, 2003 : 27].

Сырт кийимдеринин бири – ичик. Атайын иштетүүдөн (ашатуу, өңдөө, ийлөө) өткөн малдын, өзгөчө кара козунун же баалуу жаныбарлардын көбүнчө илбирс, карышкыр, түлкү, кашкулак терилеринен сыртын калың, бышык кездеме менен тыштап, ошол эле териден чоң жака салып тигилет. Ичикти аял же эркек киерине байланыштуу тышталган кездемеде, кээде ичтелүүчү териден да айырма болуусу мүмкүн. Ичиктер ичтелген теринин түрүнө жараша көрпө ичик, түлкү ичик, карышкыр ичик, илбирс ичик ж.б. аталат [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 425].

Тогуз ичик булгундан,

Топо жукпас кулпунган [Манас (Жусуп Мамай), 2012 : 143];

Ичин суусар ичтетип,

Тышын буулум тыштатып [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982 : 91], – дейт. Бул жерден көрүнүп тургандай, бүгүнкү күндө териси өтө баалуу болгон аң териси – булгундан, суусардан ошол кездерде эле ичик, сырт кийимдери жасалгандыгы маалым болуп жатат.

Кыш киериң бир бөлөк,

Түлкү байпак жоролуу [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982 : 97], – деп түлкүнүн терисинен кызыл ашыкка ченеп тигилген. Мында тери түктүү иштетилсе керек.

Эпосто жаргак шымдан сырткары чалбар шым дагы кездешет. Ал териден, көбүнчө эчки, текенин терисинен тигилген [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV китеп), 1997 : 578].

Бизге сүлөөсүндүн терисинен жасалган баш кийим, бөрк абдан кызыгууну туудурду. Себеби бул мезгилге чейин суусар, түлкү, булгун жана көрпөнүн терилеринен жасалган баш кийимдерди, тебетейлерди жолуктуруп келсек, «Манас» эпосунда сүлөөсүндүн терисинен дагы тебетей жасалгандыгы белгилүү болду. Ал тууралуу төмөндөгүдөй ыр саптар менен баяндалат:

Кырк чоронун мыктысы,

Көк сүлөөсүн бөрк кийип [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg]

Койкое кийип суусар бөрк,

Жыргап жаткан чоролор [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg], – бул жерде, булгундун терисинен жасалган бөрктү чоролордун мыктылары, ал эми катардагы чоролор суусардан тебетей кийгендиги баса айтылып жатат.

Киш – Сибирдин токойлорунда жашоочу, териси кара-күрөң түстөгү кичине жаныбар. Аны монголдор булгун деп аташат. «Манас» эпосунда «булгун-киштин» териси деген кош сөз түрүндө да учурайт. Кээ бир жерлерде: «Киш ичик», «Киш жака», «Киш телпек» деген туюнтмалар дагы колдонулат [Манас (Сагынбай Орозбаков, III китеп), 1995 : 637]. Карсак – түлкү, кээде бөрү, түлкү сыяктуу жойлоп жүрүүчү жырткыч айбандардын жалпы аты [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg]. Демек, башындагы бөрк аркылуу алардын коомдогу ээлеген даражалары аныкталган же коомдун башка өкүлдөрү алардын баш кийими аркылуу даража чинин таанышкан өңдөнөт.

Андан сырткары, «күлө» деп аталган думаналардын баш кийими дагы кездешет. Куу деп да аталган. Териден, төбөсү бийик шоңшогой жасалып, башка баса кийилет [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 489].

Эпосто жай турмушта жана коргонууга кийилген баш кийимдерден сырткары колго түшкөн туткундарды жана душмандарды жазалоо үчүн башка кийгизилген ширилер дагы берилген.

Башына шири салалык,

Үйгө алып барып кыйнайлык [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 205], – деген саптардан көрүнүп тургандай, шири салуу – кыйноонун өзгөчө түрү, чачты устара менен алып, жылаңач башка чылгый терини (көбүнчө жука, абыдан бышык жана кургаганда өтө тез, абыдан кичирейип жыйрылуу сапатына ээ деп эсептелген төө терисин) каптап кийгизип коюшкан. Тери кургаганда башты кысып, өтө катуу оорутуп, азапка салган. Мындай жаза башка шири кийгизүү, шири салуу, башына тери кийгизүү түрлөрүндө кездешкен. Мындай жазалоо эпос боюнча калмактарга мүнөздүү делип эсептелет (кыргыздар арасында муну колдонгондугу тууралуу эч жерде эскерилбейт) [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 520]. Дагы бир түрү «коок» деп аталган. Ал төөнүн ширисинен жасалган баш кийим. Туткундарды кыйнаш үчүн баштарына кийилген [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg]

Көчмөндөр үчүн өтө маанилүү болгон кемер, кур, бел курчоонун дээрлик бардыгы тери, булгаары, көндөн же ак кайыштан жасалган [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 482]. Муну биз төмөндөгү саптардан көрсөк болот:

Бото куру моюнда,

Эки колу боорунда [Манас (Сагынбай Орозбаков, II том), 1979 : 218].

Саймалуу калпак, сары шым,

Шалдыркан кисе, бото кур [Манас (Сагынбай Орозбаков, III китеп), 1981 : 76]

Кемерден сырткары «кисе» деп аталган, түрдүү майда буюмдар тагылган кайыш кур дагы кездешет. Ошол эле учурда анын экинчи түрү оттук жана милте салынуучу кайыш курдун милдетин аткарган [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg].

Дагы бир түрү «жекене» деп аталат. 1-түрү баатырлардын кемер куру. 2-түрү мылтыктын огун сологон кур [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg]. Атактуу баатырларга атайын арналып жасалган өңдөнөт.

Эпостон бут кийимдердин төмөндөгү түрлөрүн кездештиребиз:

Бутунда кош-кош өтүгү,

Келгири бар тепейген [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 323]. «Келгир» – калың булгаарыдан тигилген апкыттуу кепич [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 482].

«Накер» деп аталган бут кийимдин дагы бир түрү кездешет. Анын 1-мааниси, тумшугу шуштугуй келип, өйдө кайкалаган, оюу-чийүү менен кооздолгон азем өтүк, 2-мааниси, ошол эле өтүктүн баатырларга ылайыкталып иштетилген ок өтпөс үлгүсү [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 499]. Ал эми «өкчө» деп бут кийимдин апкыты аталыптыр [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg].

Кыргыз элинде: «Бирөөнүн элинин султаны болгончо, өзүңдүн элиңдин ултаңы бол» деген макалдын маанисин же «ултанды» көпчүлүк биле бербейт эмеспи. Көрсө «ултаң» деп өтүктүн таманы айтылат экен. Андан сырткары, «ултаң бет» түшүнүгү уятсыз, абийирсиз (бети өтүктүн, чокойдун таманы маанисинде) деген маанини билдирген.

Туюк өтүк, кончу кең,

Чобдор өтүк такасыз [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982 : 68]. Бул жерден көрүнгөндөй, такасыз өтүк бир эле учурда «мөкү» деп дагы аталган. Мөкү адамдарга ысым катары дагы берилген. Мисалы, Мөкүш, Мөкүбай, Мөкү деген аттар тарыхта көп кездешет.

Кыргыз элинин улуттук тамак-ашынын ичинен эң сыйлуу орунды ээлеген суусундугу катары белгилүү болгон кымызды жасоо, аны сактоо жана ичүү жөрөлгөлөрү дагы өтө маанилүү каада-салттардын ичине кирген. Жасалган идишинен тартып, саалган бээнин түсү, анын саалышы, кымыздын чаначка куюлушу, бышылышы, ачытылышы, адамга сунулушу дагы чоң салтанат менен коштолгон. Же өтө маани берилген [Автордун талаа материалы, 2012 : 6]. Эми «Манас» эпосундагы айрым сүрөттөөлөргө көңүлүңүздөрдү бурсак:

Жети саба кымыз бар,

Тилекбай сенин үйүңдө [Манас (Жусуп Мамай), 2012 : 27]

... Үч жылдан бери камданып,

Даярдаган Акбалта.

Үч өгүздүн терисин,

Кермегин жакшы кандырып,

Карагай менен төндүрүп,

Жел киргизбей көмдүрүп.

Орду менен тиктирип,

***********************

Жык толтура койдуруп,

Бишкек менен токмоктоп,

Талкуулатып урдуруп,

Эр жагында сабасы,

Баш көтөрүп Балта дөө,

Ал балдарды карады,

Сен экөөң жаш, мен каары,

Тартынбай ич, деп кымыздан,

Көрсөтүп койду сабаны [Манас

(Жусуп Мамай), 2012 : 28]

Алты жүз меште кымызды,

Аял кылбай таптырды [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1982 : 146].

Меш – серкенин терисинен жасалган чоң чанач. Кээде чоң чанач, жалпы эле чанач маанисинде да айтыла берет [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 496].

Көкөөргө куйган арактан,

Көкөөрү менен үчтү ичти [Манас (Жусуп Мамай), 2012 : 40], – бул жерден көрүнүп тургандай көкөөргө кымыз эмес, арак куюлгандыгы белгилүү болуп турат. Демек, көкөөр кымыз үчүн эмес, кымыздан тартылган арак үчүн кооздолуп жасалган идиш деп бүтүм чыгарсак туура болчудай.

Архыттагы аракты,

Ата уулулап таратты [Манас (Сагынбай Орозбаков, III китеп), 1995 : 29].

Архыт – суюктук куюлуучу териден жасалган идиш – саба, чанач, көнөк, көнөчөк ж.б. [Манас (Сагынбай Орозбаков, III китеп), 1995 : 629]. Дагы бир «куп» деп аталган идиш кездешет. Ал бодонун терисинен жасалган идиш [Манас (Каралаев Саякбай), bizdin.kg]

«Манас» эпосунда териден жасалган кийим-кечек, идиш-аяктардан сырткары Манастын курал-жарактарынын сүрөттөлүшү жана жасалышы тууралуу дагы кенен баяндалган.

Алсак сыр найзанын, көөрүктүн, камчынын жасалыштары тууралуу:

Жайдын күнү болгондо,

Колу тердеп кетпеске,

Коло менен чырматам.

Кыштын күнү болгондо,

Колу үшүп кетпеске,

Кой макмал менен каптатам

... Как ыргайга саптаймын,

Пил терисин каптаймын [Манас (Жусуп Мамай), 2012 : 46]

Төрт жерден тебет көөрүктү,

Төрт жердеги көөрүгү,

Сегиз өгүз териси,

Күнү түнгө чыдабайт,

Өгүздөрдүн териси [Манас (Жусуп Мамай), 2012 : 50]

Танда туруп Бөлөкбай,

Алтымыш эркеч сойдурду.

Жыдытып түгүн кердирди,

Алтымыш көктөн бердирди.

Өзөгүн толгоп бурдурган,

Өткөрө чапкан кишисин,

Саргартып кулак тундурган.

Чокусуна чок койду,

Түшкүнүн учуна,

Сомдоп карыш ок койду.

Алаканын бек кылды,

Душманды карай бек кылды.

Табылгыга саптады,

Бүлдүргө такчу жерине,

Чулгур салып көзөткөн,

Абышканын көк торпок,

Эки энеге тел торпок,

Күдөөрү кылган ак кайыш,

Чаян түйүп, терс байлап,

Бүлдүргөсүн тактырды [Манас (Жусуп Мамай), 2012 : 50]

Жогоруда келтириген ыр саптарынан пил терисин дагы колдонушкандыгы айтылып жатат. Эгерде, биз «Манас» эпосунун башында эле «жарымы төгүн, жарымы чын» деген сөздөрүнө ишене турган болсок, пил, кыргыздар байырлаган жерлерде жашаган эмес. Бирок соода-сатык байланыш жакшы өнүккөндүгүн жана усталардын изденүүсүн (төкөөр уста Бөлөкбайдын) эске алганда терини атайын алдырышкан өңдөнөт.

Дагы бир өтө кызыгууну туудурган буюм, көөрүктүн жасалышы. Себеби Манас баатырдын курал-жарактарын жасап жатканда сегиз өгүздүн териси бир күнгө чыдайбай, айрылып жарабай калып жатат. Мындай учурларда калың терилүү жаныбарларды издешкен. Тактоону талап кылган бир божомол бар, мүмкүн болсо ошону сунуш кылып көрсөк: «Жаныбарлардын ичинен териси калыңы, бул – керик (носорог). Көөрүк жасоого кериктин териси гана жарап, алгач ошонун терисин пайдаланып, «кериктин териси» деп жүрүп кийин көөрүк аталып кеткен», – деген. Бул ойдун дагы кайсыл бир деңгээлде чындыкка жакындыгы бар экендигин кандагай шымынын аталышы, пилдин терисинин пайдаланышы менен дагы далилдөөгө болчудай.

Чарайна – калың булгаарыдан, кээде металлдан жасалган, денеге кынапталган соот [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 517]

Төшкө найза шак этип,

Чарайнага шак этип [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 303]

Кыяк – согуштук жоо кийимдеринин бир түрү – калың, катуу териден, булгаарыдан жасалган төшкө тартылуучу калканч [Манас (Сагынбай Орозбаков, II китеп), 1995 : 749]

Саадак – жебе салынуучу кутуча. Кээде жаанын бардык турманы да саадак деп атала берет. Саадак алгач тери, кайыш, таардан, кийин металлдан жасалган. Кол башчылардын, баатырлардын, атактуу мергенчилердин саадагынын бети жана ооз жагы түрдүүчө асемделип четтери чычаланып кооздолгон. Саадакка айдалыга асына тургандай же курга илгендей кылып эки түрлүү боо тагылган [Манас (Сагынбай Орозбаков, III китеп), 1995 : 642].

Коломсок – калың булгаарыдан, же төөнүн терисинен түбү куушураак, ооз жагы кең кылып жасалган, ичи көңдөй, жаанын огун салуучу куту, баштыкча, саадак деп дагы айтылат [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV китеп), 1997 : 547].

Тарыхый булактар далилдеп тургандай эле темир дооруна чейин адамзаттын коргонуучу курал-жарактарынын көпчүлүк бөлүгү териден иштетилген. Албетте аларды иштетүү, тажрыйба топтоо, тери иштетүүнүн ыкмаларын жогорку деңгээлде өнүктүрүү бир эле доордо бүтүп калган эмес, ал бүгүнкү мезгилге чейин уланып келе жатат. Болгону айрым сынпоосту ыкмалар жок болуп кеткени менен жаңы ыкмалар аркылуу толуктанып жатат.

«Манас» эпосу канчалык ар тараптан изилдөөгө алынып жатканы менен анын изилденбей жаткан жактары дагы көп экендиги айгине болуп жатат. Улуу жана кенже эпостор кимдир бирөөлөр үчүн эбак эле эчак изилденип бүткөн тема болгондой көрүнгөнү менен кыргыз эли үчүн, кыргыз илими үчүн түгөнбөгөн, эч качан кемибеген кенч экенин баса белгилейбиз. Ошону менен бирге эле «Манас» эпосунда кездешкен жасалга-колдонмо өнөрүнө тиешелүү болгон буюм-тайымдардын бардык түрлөрүн, алардын жасалуу ыкмаларынын сөздүгүн түзүүнү сунуштайбыз.

Колдонулган адабияттар:

1. Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. – Б.: «Кыргызстан – Сорос» фонду, 1999. – 896 б.

2. Акматалиев А.С. Кыргыздардын кол өнөрчүлүгү: Колдонмо / Көркөмдөгөн сүрөтчү К.Коеналиев; Илим. проп. «Мурас» ишкер долбоору. – Б.: «Кыргызстан», 1996. – 328 б.: илл.

3. Автордун талаа материалы. Талас өрөөнү, Кырк-Казык айылы. Дептер №1, 2008. – Б. 4.

4. Автордун талаа материалы. Кетмен-Төбө өрөөнү, Торкент айылы. Дептер №3, 2006. – Б.6.

5. Манас. 1-китеп. С.Орозбаковдун варианты. Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Тил жана адабият институту. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1978. – 296 б.

6. Манас. 2-китеп. С.Орозбаковдун варианты. Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Тил жана адабият институту. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1979.

7. Манас. 3-китеп. С.Орозбаковдун варианты. Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Тил жана адабият институту. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1981. – 348 б.

8. Манас. 4-китеп. С.Орозбаковдун варианты. Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Тил жана адабият институту. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1982. – 360 б.

9. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 1-китеп. С.Орозбаковдун варианты / Сүрөтчүсү А.Акматов; Адаб. жана искусство ин-ту; Б.: Кыргызстан. 1995. – 568 б.

10. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 2-китеп. С.Орозбаковдун варианты / Сүрөтчүсү Б.Жайчыбеков. – Б.: Кыргызстан. 1995. – 800 б.

11. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 3-китеп. С.Орозбаковдун варианты / Сүрөтчүсү А.Акматов. – Б.: Кыргызстан. 1995. – 672 б.

12. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 4-китеп. С.Орозбаковдун варианты / Сүрөтчүсү А.Акматов. – Б.: Кыргызстан. 1997. – 612 б.

13. Манас: Баатырдык эпос. С.Каралаевдин варианты / Түзг.: А.Жайнакова, А.Акматалиев. – Б.: Турар, 2010. – 2016 б.; bizdin.kg

14. Манас: эпос. Сагымбай Орозбаковдун айтуусу б-ча IV том. – Б.: Шам, 1997. – 612 б.

15. Манас: Кыргыз элинин тарыхый эпосу. Жусуп Мамайдын варианты. Шинжаң басмасы. – 2012. – 1875 б.

16. Капалбаев О.Э. Кыргыздардын салттык жыгаччылыгы (тарыхый-этнографиялык изилдөөлөр XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башы). – Б.: 2014. – 208 б.

17. Капалбаев О.Э. Кыргыздардын салттык тери иштетүү кол өнөрчүлүгү (XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башы) // Кыргызстан жана Борбордук Азия – баарлашуунун мейкиндиги: Этностор аралык мамилелерди бекемдөөнүн өтмүшү, учуру жана келечеги: КР УИА мүчө кабарчысы, т.и.д., проф. А.А.Асанкановдун 60 жылдыгына арналган Кыргызстандын этнологдорунун жана антропологдорунун II конгрессинин баяндамалары жана макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.Чоротегин ж.б. – Б.: «Махпринт» басмасы, 2015. – Б. 340-344.

18. Тарых, тарыхчылар жана мезгил. Учкул ойлор / Түзгөн О.Капалбаев. – 2014. – 80 б.

19. Кыргыз элинин чечендик өнөрү / Түзгөн жана жазган О.Капалбаев. – 2015. – 354 б.

20. Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. – Б.: КТМУ, 2003. – 265 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Элдик даанышмандык

Жакшыдан жаман туулбашы керек

Сөздүн күчү, сындын сыры

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь