Добавить статью
10:12 21 Февраля 2017

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

– Байке, сиз Токтогулдун кайсыл жеринен болосуз?, – деген суроо берилгенде, чай кайнам убакыттан бери жаныбызда жаркылдап, ар нерсени айтып тамашалап, өткөн-кеткен окуялардан кеп салып, элди күлдүрүп, өзү дагы күлүп олтурган адамдын жүзү бир аз кумсара түшүп, күлкүнүн изи жоголуп, төбөгө катуу урулган соккуга туш келген абалда калгансып, алда-кайда нерселерге сүңгүп кирип кеткенсип, бир аз терезе жакты телмире карап: – Менин айылым көл астында жатат, – деп акырын гана, ошондо дагы жаш кыздын назарын сындырып албайын дегендей жооп узатты.

– Ай иий, анан айылыңызды сагынбайсызбы? Биз айылыбызга бир жылда бир жолу барып келбесек, өлүп кетчүдөй болуп кетебиз, – деп тигил кишинин жан дүйнөсүндө эмнелер болуп жатканы менен иши жок, өзүнүн суроосуна гана жооп алгысы келди. Акылдуу адамдарга кээде чындап эле ыраазы болбой коё албайсың. Жакшы отурушту бузгусу келбей, анын үстүнө жаш кыздын берген суроосу орунсуз болгону менен, пендечелик кылып, суроо беген кыз эле эмес, жанындагылардын бардыгы «кандай жооп болоор болду экен» дешип, сөз аңдып калышканын сезип, жооп берүүнү туура көрдү окшойт. Эки жагын комдонуп, карап алгандан кийин: – Айылын дагы сагынбаган адам болобу? Сагынбай анан, кичине кезимде эски Токтогулдун көчөлөрүндө, базарында, өң-дөңүндө, ой-чуңкурунда теңтуштарым менен тебишип, курбуларым менен эрчишип, таңдан кечке чейин чаң баскан көчөлөрдү чаңызгытып, курсактарыбызды чердейтип, жылаңбаш, жылаңайлак чуркап жүргөн күндөрүм, асыл уям өңүмдөн эле эмес, түшүмдөн дагы кетпейт. Адамзаттын эң сонун болгон балалык кези, балалык кыялдары, эрезеге жеткен, алгачкы жолу кыз жактырып, жакындап жанына баса албасаң дагы кыя карап, аны дагы «бирөө жарым көрүп койбодубу», – деп, элеңдеп эки жагын карап, кайра ошол өзүңдүн кылыгыңды өзүң шылдыңдап, бирде ыраазы, бирде нааразы болуп чоңойгон жерин кимдин көргүсү, ошол жерлерди кайра баскысы келбесин. Азыр кайсыл жерди, кайсыл айылды карайм? Асыл уямдын, менин айылымдын үстүндө телмирип көктү тиктеп, көкмөк болуп көл жатат. Ал дагы «көк беттигине» салгансып шарп-шурп этип, жээктеги ташка, кумга урунуп, сырын ичине катып, башка үн салбайт.

Менин азыр мүмкүнчүлүгүм жетсе, ошол жепирейип, үстү камыш, бутак менен жабылып, мештин көзүндөй терезеси, шыбынан тамчысы төгүлгөн үйүмдү Париж, Лондон, Нью-Йорк өңдүү шаарларга дагы алмашпас элем. Бирок ал күн гана карындашым, сагынбай анан, – деп кара күчкө жылмайгансыганы менен, жүрөгү сыздай түшкөнү байкап турган кишиге даана көрүндү. Ал тургай көзүнөн билинер-билинбес жаш кеткенин алыс олтурган адамдар байкабай калгансыды. Болгону көзүн ушалаган болуп, колунун сырты менен жашты эч кимге билгизбей аарчый коюп: – Жакшы отурушту бузбайлы. Айтмакчы, баягы..., – деп сөзүн башкага буруп кетти.

Бул бир адамдын гана жеке тарыхы. Ал эми суу астында калган 29 айылдан (18261 адам), райондун борборунан көчүрүлгөн 3947 [Караңыз: Чотурова Б. Суу алдында калган шаар: Көркөм-публицистикалык даректүү баян. – Б., 2009. – 59-б.] көчүп чыгышкан адамдардын тарыхы менен тагдыры эмне үчүн унутта калышы керек? Андан сырткары жети империянын маданиятын сактап келген чалдыбарлар, Хандардын Өрөөнү, ата-бабалардын сөөктөрү 33397 гектарды ээлеген суу астында качанкыга чейин ачылбай жата берет?

Ал эми элдин көчүрүлүшү, ошол учурду сүрөттөп жазуу өзү кыйынга турат. Себеби, согуш болбой, ааламат жүрбөй эле миңдеген жылдар бою мекендеп, уялап келген жериңден кубаланып чыгып, какыраган, үлп эткен жели, аккан суусу жок боз талааларга күчтөп-тондоп көчүрүп салуунун өзү трагедия эмеспи. Байкуш элдин ошол кезде эле тагдыры тайкы тура. Алар эч нерсесине карабай: – «Там-ташы менен курусун, жок дегенде ата-бабаларыбыздын сөөктөрүн көчүрүп кетели. Ата арбак кечирбейт. Акыретте аларга эмне деп жооп беребиз», – дешип, алы жеткендери мүрзөлөрүн эски-жаңысына карабай казышып, колдон келгенинче сөөктөрүн алып кетишип, суу жетпеген жерлерге эптеп жашырышты. Элди көчүрүүгө дайындалган аскерлер «башы оорубагандын Кудай менен иши жок» болуп, караламан элди боздотуп-сыздатып көчүрүп тынды. Эски жараны чукубай эле коёюн дегенибиз менен, жашоо шарт аргасыз кылып жатканын дагы туура түшүнүү керек.

Советтик идеологияны жайылтуу шумдуктуудай кулачын кенен жайып турган мезгил экен, радио, газета, теледен тынбай жаңылыктарды, ГЭСтин курулушу тууралуу дүйнөнү дүңгөрткөн, адамзаттын жеңиши катары бааланган маалыматтар байма-бай берилип туруп, зар-какшагандардын муң-кайгысы, азабы кокон эшпей калды. Анан оңойбу, жер каймактагандан бери албууттанып, күндүр-түндүр жандууга жай бербей, үйдөй таштарды камгактай көрбөй, түп орду менен тоголотуп агызып турган Нарын дарыясын заматтын ортосунда бууп салыш?

Жо-ок замандаш, бирөөнүн кайгысынан бакыт куруш, тайыздыктын белгиси. Көрсө, балээнин башы башка жакта экен. ГЭС элдин жерин бастырбай эле куш капчыгайларга курулса болмок. Болгону биз жогоруда кеп кылган Хандардын сөөгү жаткан, улуу империялардын калдыктары калган дөбөлөрдү каздырбоонун, бир гана империя бар ал СССР экендигин даңазалоого болгон тар түшүнүк, көрө албастык, адамзаттын (көчмөн кыргыздардын) тарыхына жасалган чыныгы кыянатчылык деп гана түшүнүүгө болот. Экинчиден, башка бир элдердин сугатын сууга толтурууга жасалган далалат тура.

Туура, бүгүнкү мезгилде Токтогул ГЭСи мүлдө кыргыз элине, кыргызстандыктарга эле эмес кошуна элдерге дагы сугатына суу болуп, суусаганып сугарып, үшүгөнүн жылытып, үйлөрүн жарык кылып, жашоолорун кызык кылып, кызмат кылып келе жатат. Биздин айталы деген ой, бир кезде убада кылынган: «Айылдын баарына суу жеткиребиз, 15786 гектар жерди сугат жерлерге айлантабыз...», – дегендери менен, бүгүнкү күндө анын 4,9 гектары гана өздөштүрүлгөн [Караңыз: Чотурова Б. ...]. Ал эми азуусу айды жалтанткан ураан-убадалары бүгүнкү мезгилге чейин аткарылбай, кайран өрөөн шам сыяктуу жарык берип турганы менен, аздап болсо да жок бара жатканын кантип жашырууга болот? Бир кездерде акындар ырга салып айтып келген «Кетмен-Төбө, Суусамыр, Суусаган эрге жолуксун...» деген, даңазалуу өрөөндүү айылдарда кышкысын ат-эшеги бары унаасы, темир тулпары бары машинасы, булары жоктору арабасы менен суу ташып ичип, кар эритип кийим-кечесин жууса, жайкысын мал коктогон, кечмелиги чылага айланган, кир-коктун баары агып келген же сугаттан келген майнап сууларды тундуруп, кайнатып ичип келе жаткандыгы элди кейитпей коебу?

«Суу – өмүрдүн булагы» демекчи, суу болсо, жашоо, өнүгүү болот. Айыл-кыштактардын тургундары: – Кокуй чуркагыла, бүгүн суу берилет. Эки-үч күн жок болот эмеспи, идиштин баарына толтуруп алгыла, бош идиш калбасын, – деп кол арага жараган бала-чакасынан, кемпир-кесегине чейин, үйдө болгон идиштерин колдоруна кармашып, кезек күтүп, кезерип турушканы турушкан. Анан «Кайран Ысык-Көлүм жаткан экен чалкайып», – дегендей, кең өрөөндү мелтиреп, кучактап жаткан көлдү карап, үшкүрүнүп, улутунуп аласың, анан эмне, арманыңды кимге айтасың? Себеби суу чыгарылсын деп мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчалар изин таптырбай кетип жатса, белгилүү кинорежиссёр, мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаев агайыбыз айткандай: «Кайран гана эл, кайран гана мамлекет, кайран гана мурдуна бок сүртүлгөн кыргыздар... Дагы тарткылыгың алдыда экен, өзүңдүн зөөкүр уул-кыздарыңа белиңди бекем бууп туруп чыдагын!..», – деп, жүлүн сыздата кейигениндей, бөлүнгөн акчаны башка жактан бирөөлөр келип «майкандап» жатыптырбы? Өзүңдүн бооруңду жара тээп чыккан уулдарың жеп жатат. Алардын тизгинин, тишин какшата ооздугун кагып кое турган эр, Хандар чыккан, хандар тараган өрөөндөн бир азамат чыкпаганына кантип анан армандабай коё аласың. Дагы да кеч эмес, кыргыздан өткөн Айкөл эл жок. Кыргыз, кечээ атасын өлтүргөн адамга, энесин алып берген. Ал эми бүгүн уясын сууга бастырганга тамак тартып, чепкен жаап, ат мингизип келген эл, калктын казынасына суук колун салгандарды деле кечирүүгө күчү жетет.

Эми сөздүн нугун башка өңүттө баштайлы. Кетмен-Төбө өрөөнү, эли тууралуу кептин кереметине, сөздүн сөлөтүнө, ойдун ооматына чыгара айткан улуу агайларыбыздын асылдуу жылуу пикирлерин укканда, муюбай коё албайсың. Бир жолу, кептин кезеги келип калган мезгилде Абдырахман агай: – Кыргызстандын борборун көчүрүү тууралуу саясий айдыңдарда, шайлоонун шарапатында аздыр-көптүр кеп болуп калып жатпайбы. Муну мен туура көрөм, көчүрүү керек. Себеби борбор дагы жеңилдебесе болбойт. Бирок Кыргызстандын кайсыл жери ылайыктуу? Бул өзөктүү маселе. Эң туурасы Токтогул району турган жер. Себеби өлкөбүздүн дал ортосунан орун алган. Муну дагы эске алуу керек. Экинчиден, эмнеге дегенде, мен дүйнөнү көп кыдырдым, алардын көп мүмкүнчүлүктөрүн байкадым. Негизи чоң шаарлар, борборлор кандай жерлерге курулган? Түздүгү кенен, климаты ыңгайлуу, эң негизгиси чоң дарыялардын жанына курулган. Бул боюнча бир канча шаарларды атап кете берсе болот. Бул дүйнөлүк практика..., – деп өзүнө суроо берип, жообун угузуп, биз ойлонбогон ойлорун бир темптүү, акырын чыккан үнү менен айтып берди эле.

Бул ойлор эмне себептен айтылды? Эсиңе ал тууганым. Кыргызстанга борбор боло ала турган аймактар көп. Бирок «борбор болууга толук мүмкүндүгү бар, ыңгайлуу» деп, аталып жаткан өрөөнүңдү өзүң өнүктүрүп-өстүрүп ал, суусу жогуна суу жеткир, жолу жогуна жол салып бер, сугат жериңди токойго айлантпай, какыраган боз талааларыңга бак-дарак тик. Өз айылына жакшылык кыла албаган адам, өз айылын эркин аралап баса алабы? Адам эмес чымчык уясына, жырткыч ийинине, коңуз коңулуна, аюу чээнине кам көрөт тура. Жарыктык, жырткычтарча боло албагандан кийин адаммын деп басып жүргөндөн не пайда? Бардык нерсени учурунда баалай билели, ата кошунуңду сатсаң айылыңдын айрыласың, кайрылып барып конууга, журт издеп, үйүндү эмес ордун сыйпалап, таппай калганда, аттигиң дейсиң, анда кеч болуп калат...

Капалбаев О.Э.

Ишенаалы Арабаев атындагы

Кыргыз мамлекеттик университетинин

профессорунун милдетин аткаруучу,

тарых илимдеринин кандидаты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Элдик даанышмандык

Жакшыдан жаман туулбашы керек

Сөздүн күчү, сындын сыры

Карга акенин миң санаты

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь